КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2001-жылдын 12-октябры № 635
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Командировкалык чыгымдардын нормаларын
жана аларды кайтаруу тартибин
белгилөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 19-апрелиндеги N 235 токтомунун,
2005-жылдын 19-августундагы N 388 токтомунун,
2007-жылдын 14-сентябрындагы N 409 токтомунун,
2007-жылдын 3-декабрындагы N 567 токтомунун,
2008-жылдын 2-июнундагы N 266 токтомунун
редакцияларына ылайык)
Бул редакция 2008-жылдын 1-январынан күчүнө кирди
Командировкага жөнөтүлүүчү кызматчыларды социалдык жактан коргоо
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында командировкада болгон учурда
ар бир күн үчүн суткалык чыгымдары 200 сом өлчөмүндө белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы N
388 токтомунун, 2007-жылдын 14-сентябрындагы N 409 токтомунун редакция-
ларына ылайык)
2. Турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарды ордуна келтирүү бул чы-
гымдардын чындыгын ырастаган документтер менен, ал эми алар жок болгон-
до - суткалык чыгымдардын нормасынын 50 процент өлчөмүндө ишке ашырыл-
сын.
3. Чет өлкөдө кыска мөөнөттү командировкада жүргөн кызматкерлерге
чыгымдарын төлөп берүүнүн убактылуу нормалары N 1 тиркемеге ылайык бел-
гиленсин.
1-тиркеме орусча редакцияда берилген
4. Командировкага барып-келүү чыгамдарын каржылоо, транспорттогу
жүргүнчүлөрдүн милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү
кошуу менен иш жүзүндөгү чыгамдардын негизинде, бул чыгымдарды аныктоо-
чу документтер боюнча жүргүзүлөт.
Белети жок жол жүргөндөгү жол кире чыгымдары N 2 тиркемеге ылайык
жүргүзүлөт.
2-тиркеме орусча редакцияда берилген
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Чет өлкөгө жиберүлүүчү адамдарга чыгымдарды кайтаруу тартиби
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 29-октябрындагы N
528 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 29-октябрындагы N
528 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 23-ноябрындагы N 577 токтому;
- "Командировкалык чыгымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-июлундагы N 325 токтому;
- "Командировкалык чыгымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-мартындагы N 125 токтому;
- "Командировкалык чыгымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-мартындагы N 125 токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-майындагы N 254 токтому.
Премьер-министр К.Бакиев