Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2017-жылдын 6-майындагы № 77 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр
2017-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\096aad71-243c-42f4-948e-12e0a5ebaf92\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1997-жылдын 21-июлу № 57

Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө 

(КР 1998-жылдын 25-июнундагы № 81, 1998-жылдын 23-июлундагы № 97, 1998-жылдын 12-сентябрындагы № 120,
1999-жылдын 19-октябрындагы № 113, 2000-жылдын 18-январындагы № 26, 2000-жылдын 19-январындагы № 29,
КР Конституциялык Сотунун 2000-жылдын 24-октябрындагы Чечими,
2001-жылдын 4-майындагы № 37, 2001-жылдын 30-декабрындагы № 115, 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144,
2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2004-жылдын 12-февралындагы № 11, 2004-жылдын 11-августундагы № 112,
2005-жылдын 5-мартындагы № 44, 2005-жылдын 4-июлундагы № 91, 2005-жылдын 18-июлундагы № 108,
2006-жылдын 27-январындагы № 23, 2006-жылдын 13-мартындагы № 76, 2006-жылдын 16-августундагы № 173,
2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2007-жылдын 18-апрелиндеги № 43, 2007-жылдын 31-июлундагы № 113,
2008-жылдын 20-мартындагы № 29, 2008-жылдын 20-мартындагы № 34, 2008-жылдын 18-июлундагы № 152,
2009-жылдын 12-февралындагы № 47, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2010-жылдын 19-январындагы № 7,
2011-жылдын 26-июлундагы № 128, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 211, 2012-жылдын 15-июнундагы № 84,
2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2013-жылдын 6-нобрындагы № 200,
2015-жылдын 24-июлундагы № 190,
2016-жылдын 12-июлундагы № 112, 2016-жылдын 2-августундагы № 162, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178,
2017-жылдын 6-майындагы № 76, 2017-жылдын 6-майындагы № 77,
2018-жылдын 27-апрелиндеги N 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам граждандарды милдеттүү түрдө мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруудагы камсыздандыруу принциптерин белгилейт жана камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылган адамдарды пенсия менен камсыздоону кепилдикке алат.

Ушул Мыйзамда "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген терминдер менен аныктамалар колдонулат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

I бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия алуу укугу

Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган граждандары, республикада жашаган, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерде жана шарттарда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга салым кошкон чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия (мындан ары-пенсия) алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер каралган учурларда, ошол эл аралык келишимдер менен белгиленген эрежелер колдонулат.

(КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды жөнгө салуунун тартиби

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында граждандарды мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп эсептелет.

2. Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелерин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.

(КР 2010-жылдын 19-январындагы № 7 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Пенсиялардын түрлөрү

Ушул Мыйзам боюнча пенсиялардын төмөндөгүдөй түрлөрү:

а) курагы боюнча;

б) майыптыгы боюнча;

в) баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялар белгиленет.

4-статья. Пенсияны тандап алуу укугу

Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга укугу бар адамдарга алардын тандап алуусу боюнча бир пенсия белгиленет.

5-статья. Пенсияларды төлөө каражаттары

1. Пенсияларды төлөө каражаттары төлөөчүлөрдүн камсыздандыруу салымдарынан, ошондой эле "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарда жана тартипте мамлекеттик бюджеттен ассигнациялоолордон Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд (мындан ары-Социалдык фонд) тарабынан чогултулат жана пайдаланылат.

2. Жумуш берүүчүлөрдүн каражаттары кызматкерлерди - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызматтардын жана көрсөткүчтөрдүн 2 Тизмеси (мындан ары - 2 Тизме) боюнча, текстиль өндүрүшүнүн жана авиация кызматкерлерин, артисттерди, регресстик доолорду жеңилдик берүүчү пенсиялык камсыздандырууга пайдаланылат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-статья. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу органдары

1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун каттоодон пенсия төлөгөнгө чейинки бүткүл циклин жүзөгө ашыруучу органдар Социалдык фонд жана анын аймактык органдары - райондук жана шаардык бөлүмдөрү болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушуна коомдук контролдук кесиптик бирликтер тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Пенсиялардын деңгээли

1. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча жалпы пенсия бириктирилген (базалык жана камсыздандыруу пенсиялары) жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат, багуучусунан айрылган учур боюнча пенсияны кошпогондо, ал базалык жана камсыздандыруу пенсияларынан турат.

2. Пенсиянын базалык бөлүгү - ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу стажы бар жана ушул Мыйзамда каралган башка шарттарга жооп берген адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү. Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Пенсиянын базалык бөлүгү пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү пенсия дайындалган датага карата пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган адамдарга дайындалат жана төлөнөт.

3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу стажын жана орточо айлык акыны же топтолгон камсыздандыруу салымдарын эске алуу менен белгиленген жана ушул Мыйзамдын 22-статьянын 3-пунктуна ылайык эсептелген пенсиянын бир бөлүгү пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгү болуп эсептелет.

3-1. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү - жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынган жана 22-статьяга ылайык эсептелүүчү пенсиялык топтоолордун суммасынан камсыздандырылган адамга белгиленүүчү пенсиянын бөлүгү.

4. Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт. Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Эгерде пенсиянын жаппы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. Орточо эмгек акынын чоңдугунун жана индексациянын алдындагы календарлык жылы калыптанган керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо шарты болуп саналат.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун коэффициенти керектөө бааларынын индексинин суммасынын жана мурдагы календардык жылы калыптанган орточо айлык эмгек акынын өсүшүнүн орточо маанисинен кем эмес чоңдугун түзөт. Мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт.

Пенсияларды индексациялоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жыл сайын жүргүзүлөт. Пенсияларды индексациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2011-жылдын 26-июлундагы № 128, 2017-жылдын 6-майындагы № 76, 2017-жылдын 6-майындагы № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

8-статья. Камсыздандыруу стажы

1. Пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына камсыздандырылган адам тарабынан (же ал үчүн) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча салымдар төлөнгөн мезгил, ошондой эле камсыздандыруу салымдарын төлөгөн учурда кесиптик башталгыч, кесиптик орто жана кесиптик жогорку окуу жайларында үзгүлтүксүз окуган убакыт гана эсепке алынат.

Кесиптик жана орто атайын окуу жайларында, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча курстарда, жогорку окуу жайларында, ординатурада, аспирантурада жана докторантурада 1999-жылдын 19-февралына чейин күндүз окуган мезгили ушул учурга камсыздандыруу акыларын төлөө жөнүндө документтерди талап кылбастан камсыздандыруу стажына кошулат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган мезгилдер менен катар төмөнкүдөй учурлар да камсыздандыруу стажына эсептелет:

а) аскердик жана ага теңештирилген кызматты өтөө, улуттук коопсуздук, ички иштер, аскерлештирилген күзөт, атайын байланыш органдарында, Мамлекеттик өрткө каршы кызматында жарандык коргонуу бөлүктөрүндө, ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан, бажы инспекциясында жана финансы полициясында кызмат өтөө;

б) бала үч жашка толгонго чейин аны багуу, бирок жалпысынан алганда алты жылдан ашпаган;

в) убактылуу эмгекке жарамсыз, кош бойлуу жана төрөт мезгилинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул алып турган;

г) жумушсуздук боюнча жөлөкпул алып турган жана акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышкан;

д) эмгекке жарамдуу адамдын I топтогу майыпты, майып баланы 18 жашка толгонго чейин же 80 жашка толгон улгайган адамды баккан;

ж) жазык жоопкерчилигине негизсиз тартылган адамдардын, негизсиз куугунтукка алынган жана кийин акталган адамдардын камакта отурган мезгили жана ушул адамдардын эркиндигинен ажыратуу жайларында жана сүргүндө жүргөн мезгили.

3. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенден кийин (1996-жылдын 1-январынан тартып) алынган мезгилдер, эгерде алардын алдында жана (же) андан кийин (узактыгына карабастан) ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мезгилдер болсо, камсыздандыруу стажына эсептелет.

4. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стажын эсептөө ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган бардык негиздер боюнча календардык мезгилде жүргүзүлөт.

Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенге чейин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жумуш берүүчүлөр же компетенттүү органдар тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү документтердин негизинде эсептелинет.

Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенден кийин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жеке камсыздандыруу эсептеринин негизинде эсептелинет.

Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу иш стажын тастыктоочу негизги документ болуп эмгек китепчеси эсептелет.

Эмгек китепчесинде жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин так эмес жазуулар байкалган учурда, Социалдык фонд жана анын аймактык органдары жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан тактоо мүнөзүндөгү маалыматтарды суратып алууга милдеттүү.

Эмгек китепчесиндеги жазуулардын так эместигине төмөнкүлөр кирет:

- эмгек китепчесинде жана паспортунда фамилиясынын, атынын, атасынын атынын (эгерде мындайлар болсо) жазылышындагы жана туулган датасындагы айырмачылыктар;

- эмгек китепчесинде жумуш берүүчүнүн мөөрүнүн (штампынын) жана жооптуу адамдын кол тамгасынын, кабыл алынган жана иштен бошотулган датанын жоктугу;

- эмгек китепчесиндеги жазууларда жумуш берүүчү уюмдун аталышынын жана аны күбөлөндүрүүчү мөөрдүн (штамптын) бири-бирине дал келбеши;

- эмгек китепчесиндеги жазууларда арыздануучу ээлеген кызмат ордунун аталышынын жоктугу.

Эмгек китепчесинде жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки эмгек ишмердигинин айрым мезгилдери жөнүндө жазуулар жок болгондо, камсыздандыруу стажын эсептөө үчүн камсыздандырылган адамдан архивдик маалымкаттар же камсыздандыруучулардан же компетенттүү органдардан камсыздандыруу стажын тастыктоочу документтер кабыл алынат.

Эгерде эмгек ишмердиги эмгек келишиминин, контракттын же жумуш берүүчү менен башка макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылган учурда, камсыздандыруу стажына, камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн шарттарда, мындай ишмердүүлүктүн бүтүндөй мезгили эсептелинет.

Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин, жеке камсыздандыруу эсебинде эмгек ишмердигинин айрым мезгилдери тууралуу маалыматтар жок болгон учурда, Социалдык фонд жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөнү тууралуу маалыматтарды суратып алат, андан кийин аны жеке камсыздандыруу эсебине киргизет.

Камсыздандыруу стажын тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

5. Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларын төлөгөн болсо, эгерде эларалык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей пенсия дайындалат.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттерден Кыргыз Республикасына келишкен адамдардын иштегенине бул мамлекеттердин кайсынысынын аймагында болбосун 1995-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги эмгек стажы эсептелинет, эгерде мурдагы жашаган жеринде камсыздандыруу акысын төлөгөн болсо.

6. Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген мезгили үчүн камсыздандыруу стажы бир жарым эселеген өлчөмдө эсептелет.

 (КР 1999-жылдын 11-февралындагы № 22, 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2005-жылдын 18-июлундагы № 108, 2006-жылдын 13-мартындагы № 76, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2018-жылдын 27-апрелиндеги N 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II бөлүм
Курагы боюнча пенсия

9-статья. Пенсия алуу үчүн зарыл курак жана стаж

1. Курагы боюнча пенсияга 63 жашка толгон эркектер, 58 жашка толгон аялдар укуктуу.

Жалпы негиздерде курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн эсептик камсыздандыруу иш стажы: эркектер үчүн - 25 жылды, аялдар үчүн - 20 жылды түзөт.

Толук эсептик камсыздандыруу иш стажы жок адамдарга пенсия ушул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык дайындалат.

2. Курагы боюнча пенсияга, акыркы иштеген ордуна көзкарандысыз түрдө, жеңилдик берилүүчү шарттарда төмөнкү кызматкерлер укуктуу:

а) жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, жеңилдетилген шарттарда курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга чыгууга укук берүүчү, жер алдындагы жумуштарга, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарга тиешелүү өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 1 Тизмеси боюнча (мындан ары - № 1 Тизме):

эркектер - 53 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кеминде 20 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер;

аялдар - 48 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы 15 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер.

Иш стажы № 1 Тизме боюнча талап кылынуучу камсыздандыруу стажынын теңинен аз болгондо ушул берененин 1-пунктунда каралган жаш курак көрсөтүлгөн иштин ар бир толук жылы үчүн бир жылга кыскартылат.

№ 1 Тизме боюнча пенсия дайындоо жана төлөп берүү социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебинен Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт;

б) эмгек шарттары зыяндуу жана оор болгон башка жумуштарда толук жумуш күнүндө иштегендер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, жеңилдетилген шарттарда жаш курагы боюнча (карылыгы боюнча) пенсияга чыгууга укук берүүчү, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин, кызмат орундарынын жана көрсөткүчтөрдүн № 2 Тизмеси (мындан ары - № 2 Тизме) боюнча:

эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кеминде 25 жыл болгон. анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер;

аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы камсыздандыруу иш стажы кеминде 20 жыл болгон, анын ичинде талап кылынган камсыздандыруу стажынын кеминде жарымын көрсөтүлгөн жумуштарда иштегендер;

текстиль өндүрүштөрүнүн станоктордо жана машиналарда иштеген аял кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү өндүрүштөрдүн жана кесиптердин тизмеси боюнча, - 53 жашка толгондо жана көрсөтүлгөн жумуштардагы камсыздандыруу стажы кеминде 20 жыл болгондо.

№ 2 Тизме боюнча жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлерине пенсия дайындоо жана төлөө иши жеңилдиктүү иш стажынын көпчүлүк бөлүгүн иштеп кеткен жердеги жумуш берүүчү тарабынан жана ушул берененин 1-пунктуна ылайык, кызматкер жалпыга белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Ишкана жоюлган, кайра уюштурулган учурда № 2 Тизме боюнча зарыл болгон иш стажын иштеген адамдарга жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлерине пенсия төлөө, ал пенсияны төлөөгө арналган каражаттар капиталдаштырылган жана өткөрүлүп берилген шартта Социалдык фонддун органдары тарабынан жүргүзүлөт.

3. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга калк көчүрүлүп чыгарылган аймакта катышкан же болбосо ошол мезгилде Чернобыль АЭСин иштетүүдө же андагы башка жумуштарда иштеген адамдар (анын ичинде убактылуу жиберилген же иш сапарына жөнөтүлгөн), ошондой эле, жайгаштырылган жерине жана аткарган ишине көз карандысыз түрдө, ошол мезгилде атайын аскердик жыйындарга чакырылган жана аталган авариянын кесепеттерин жоюуга байланышкан жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле, ички иштер органдарынын, өрткө каршы мамлекеттик кызматтын калк көчүрүлүп чыгарылган аймакта кызмат өтөгөн жетекчи жана катардагы курамындагы адамдар курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу:

а) 1986-1987-жылдардагы катышуучулар:

эркектер - 53 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу стажы 20 жыл болгондор;

аялдар - 48 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш стажы 15 жыл болгондор;

б) 1988-1989-жылдардагы катышуучулар:

эркектер - 58 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш стажы 25 жыл болгондор;

аялдар - 53 жашка толгон жана калк көчүрүлүп чыгарылган аймактагы жумуш иштөөсүнүн узактыгына көз карандысыз түрдө камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгондор.

4. Гипофиздик нанизм дартына чалдыккан адамдарга (лилипуттарга) жана диспропорциялуу эргежээлдерге курагы боюнча пенсия мындайча белгиленет:

эркектерге - 45 жашка толгон жана 20 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондорго;

аялдарга - 40 жашка толгон жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондорго.

5. Бийик тоо шартында жашаган жана иштеген адамдарга (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү бийик тоо шартында жайгашкан калктуу конуштардын Тизмегине ылайык) курагы боюнча пенсия төмөнкүдөй учурларда белгиленет:

а) 55 жашка толгон эркектерге, 50 жашка толгон аялдарга, эгерде алар бийик тоо шартында кеминде 20 календардык жыл иштесе жана жалпы камсыздандыруу иш стажы тийиштүү түрдө 25 жана 20 жыл болсо;

б) үч жана андан ашык бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдарга - алар 45 жашка толгондо жана алардын 20 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо, эгерде алар бийик тоо шартында кеминде 15 календардык жыл иштесе.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.

6. Алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдарга (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү алыскы жана барууга кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштардын Тизмесине ылайык) курагы боюнча пенсия 60 жашка толгон эркектерге, 55 жашка толгон аялдарга белгиленет, эгерде алар алыскы жана барууга кыйын аймактарда кеминде тиешелүү түрдө 25 жана 20 календардык жыл иштесе.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.

7. Беш жана андан көп бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдар 53 жашка толгондо жана 15 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу.

Төрөлгөндөн тубаса майып балдары бар, аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдар 53 жашка толгондо жана камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгондо курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын пенсияга мөөнөтүнөн мурда, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейин чыгуусуна байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.

8. Ишканаларды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштуруудан, жоюудан улам, алардын штатынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруудан улам жумуштан бошотулуп калган кызматкерлер пенсияга чыгууга укуктуу:

эркектер - камсыздандыруу иш стажы 25 жыл болгон, жумуштан бошотулган күнгө карата 61 жашка толгондор;

аялдар - камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгон, жумуштан бошотулган күнгө карата 56 жашка толгондор.

Бул пенсияларды дайындоо пенсияга чыгуунун жалпыга белгиленген курагына жеткенге чейин жумуш берүүчү тарабынан пенсия үчүн Социалдык фондго каражат чегерилген шартта жүргүзүлөт.

(КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 152, 2012-жылдын 15-июнундагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-1-статья. Курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия

1. 9-статьянын 1-пунктунда каралган пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажга караганда дагы 15 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар адамдар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - 60 жаштан, аялдар - 55 жаштан.

Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажга караганда дагы 10 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымы 9-статьянын 2-пунктунун "а-" пунктчасында, 3-пунктунун "а" пунктчасында каралган жеңилдик шарттарга туура келген адамдар курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - 50 жаштан, аялдар - 45 жаштан.

Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажга караганда дагы 10 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымы 9-статьянын 2-пунктунун "б" пунктчасында, 3-пунктунун "б" пунктчасында жана 7-пунктунда каралган жеңилдик шарттарга туура келген адамдар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - 55 жаштан, аялдар - 50 жаштан.

2. 9-статьянын 1-пунктунда каралган пенсия чектөө үчүн талап кылынган стаждан дагы 10 жылдан ашкан камсыздандыруу иш стажы бар адамдар курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу, бирок жалпыга белгиленген пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес.

Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стаждан дагы 5 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымы 9-статьянын 2-, 3- жана 7-пункттарында каралган жеңилдетилген шарттарга туура келген адамдар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу, бирок жеңилдетилген шарттарда пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес.

Ушул пунктта каралган, курагы боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсия ушул Мыйзамдын 22-статьясында белгиленген тартипте, ошол адамдын пенсияга чыгуусуна укук берген курагына чейин жетпеген ар бир ай үчүн пенсиянын өлчөмүн 1,5 пайызга азайтуу менен, тиешелүү негиздер боюнча эсептелип чыгарылат.

Пенсияларды дайындалган өлчөмдөрдө төлөп берүү тийиштүү негиздер боюнча каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин жүргүзүлөт.

Мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындалган адам тийиштүү негиздер боюнча каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенде анын пенсиясынын өлчөмү ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык, мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сумма толук төлөнүп бүткөнгө чейин азайтылуу менен кайра каралат. Сумманы жоюу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Камсыздандыруу стажы толук болбогондогу пенсиянын өлчөмү

1. Курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стажы болбогон адамдардын пенсиясынын базалык бөлүгү пенсиянын базалык бөлүгүн ал адамдын болгон стажына көбөйтүү жана зарыл болгон стажга бөлүү жолу менен болгон стажга теңдемелүү эсептелет.

Иш стажы толук болбогон пенсионерге пенсия дайындалып, эгерде кеминде 12 ай иштесе, кайра эсептөө жүргүзүлгөн мезгилдеги камсыздандыруу стажына таянып, пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөө менен бир эле учурда пенсиянын базалык бөлүгү кайрадан эсептелинет.

2. Пенсиянын камсыздандыруу жана топтолуучу бөлүктөрү ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык эсептелет.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар

(КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12-статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсиялар

1. Эмгектин өзгөчө шарттарына байланыштуу курагы боюнча пенсияга төмөнкүлөр укуктуу:

а) учуу жана учуу-сыноо курамынын ушул кызматтарда иштөө узактыгы төмөндөгүдөй кызматкерлер:

эркектер үчүн - аталган мөөнөт 25 жылдан кем болбосо, аялдар үчүн - 20 жылдан кем болбосо, муну аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, учуу, учуу-сыноо, инженердик-техникалык курамдын кызмат орундарынын жана аба кыймылын башкаруу жагындагы жумушу анын иштеген жылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү кызматкерлердин Тизмегине жана учуу, учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарынын мөөнөтүн эсептөөнүн Тартибине ылайык жүзөгө ашырылат;

б) абада учуу кыймылын башкарууну жүзөгө ашырган жана диспетчердин күбөлүгү бар кызматкерлер:

эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын ичинде камсыздандыруу иш стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учууларын тикелей башкарууга туура келгендер;

аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын ичинде камсыздандыруу иш стажынын кеминде жарымы аба кемелеринин учууларын тикелей башкарууга туура келгендер;

в) жарандык авиациянын инженердик-техникалык курамынын кызматкерлери, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, учуу, учуу-сыноо, инженердик-техникалык курамдын кызмат орундарынын жана аба кыймылын башкаруу жагындагы жумушу анын иштеген жылдары үчүн пенсия дайындоого укук берүүчү кызматкерлердин Тизмегине жана учуу, учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарынын мөөнөтүн эсептөөнүн Тартибине ылайык:

эркектер - 58 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 25 жыл, анын кеминде 20 жылы көрсөтүлгөн кызмат орундарына туура келгендер;

аялдар - 53 жашка толгон жана жалпы иш стажы кеминде 20 жыл, анын ичинде кеминде 15 жылы көрсөтүлгөн кызмат орундарына туура келгендер;

г) театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканалары менен жамааттардын артистери, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, театрлардын жана башка театралдык оюн-зоок ишканалардын жана жамааттардын эмгектин өзгөчө шарты үчүн пенсияга чыгууга укуктуу артисттеринин айрым категорияларынын Тизмегине ылайык пенсия алууга укук берген чыгармачылык иштер боюнча 20 жыл стажы болсо.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда саналып кеткен кызматкерлерге пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү алар жалпыга белгиленген пенсияга чыгуу курагына чыкканга чейин, иштеген жеңилдик стажына пропорцианалдуу түрдө жумуш берүүчү тарабынан анын өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Мыйзамдарга ылайык ишканалар жоюлган, кайра түзүлгөн учурларда эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияга укуктуу адамдарга пенсия төлөө Социалдык фонддун органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-1-статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсия

1. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия дайындоо үчүн талап кылынган иш стажынан дагы 10 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымынан көбү 12-статьянын "б" жана "в" пункттарында каралган жеңилдетилген шарттарга туура келген адамдар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - 55 жаштан, аялдар - 50 жаштан.

2. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия дайындоо үчүн талап кылынган иш стажынан дагы 5 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымынан көбү 12-статьянын "б" жана "в" пункттарында каралган жеңилдетилген шарттарга туура келген адамдар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу, бирок жеңилдетилген шарттарда пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жылдан эрте эмес.

Ушул пунктта каралган, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсиянын көлөмү ушул Мыйзамдын 22-статьясында белгиленген тартипте, ошол адамдын пенсияга чыгуусуна укук берген курагына чейин жетпеген ар бир ай үчүн пенсиянын өлчөмүн 1,5 пайызга азайтуу менен, тиешелүү негиздер боюнча эсептелип чыгарылат.

Пенсияларды дайындалган өлчөмдөрдө төлөп берүү тийиштүү негиздер боюнча каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин жүргүзүлөт.

Мөөнөтүнөн мурда пенсия дайындалган адам тийиштүү негиздер боюнча каралган пенсияга чыгуу курагына жеткенде анын пенсиясынын өлчөмү ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык, мөөнөтүнөн мурда пенсияга төлөнгөн сумма толук төлөнүп бүткөнгө чейин азайтылуу менен кайра каралат. Сумманы жоюу тартиби мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Улуттук кеңештин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында саналган кызматкерлерге пенсияларды дайындоо жана төлөп берүү иштелген жеңилдик стажына пропорцианалдуу түрдө иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

(КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Пенсияларга кошумча төлөө

1. Жаш курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга эсептешүү көрсөткүчүнө карата пайыз менен алынган төмөндөгүдөй кошумча төлөөлөр белгиленет:

а) согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга:

I топтогуларга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 175 пайызы өлчөмүндө;

II топтогуларга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 150 пайызы өлчөмүндө;

III топтогуларга жана согуштун катышуучуларына - эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 пайызы өлчөмүндө;

б) 1930-1950-жылдарда саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, негизсиз түрдө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана кийин акталган жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 150 пайызы өлчөмүндө;

в) азиз болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө;

г) 1986-1989-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга калк көчүрүлгөн зонанын чектеринде катышкан (анын ичинде убактылуу жиберилгендерге же иш сапарына жиберилгендерге) же ушул мезгилде Чернобыль АЭСин иштетүүдө жарандык жана аскердик багыттагы башка атомдук объектилерде жабыр тарткан же башка жумуштарда иштеген адамдарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 пайызы өлчөмүндө;

д) курагы боюнча жана майыптыгы боюнча пенсия алган 80 жашка толгон пенсионерлерге; "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" же "СССРдин Ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйланган адамдарга; 1 топтогу майыптарга, ошондой эле бирөөнүн жардамына муктаж болгон II топтогу жалгыз бой пенсионерлерге - эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 пайызы өлчөмүндө;

е) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө;

ж) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө;

з) "Мать-героиня" же "Баатыр эне" ордендери менен сыйланган энелерге - эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайызы өлчөмүндө.

2. Курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга белгиленген кошумча төлөөлөрдүн өлчөмдөрү адамдардын төмөндөгү категорияларына 300 сомго жогорулатылат:

- Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга, анын ичинде интернационалдык милдетин аткарган, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына катышкан жана майып деп табылган аскер кызматчыларына;

- Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына;

- Чернобыль АЭСиндеги жана башка граждандык же аскердик багыттагы атом объекттериндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкандарга.

2-1. Конституциялык мыйзам менен ушул статьяда каралгандан башка кошумча акылар каралышы мүмкүн.

3. Аталган кошумча төлөөлөрдү толук өлчөмдө төлөп берүү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт жана пенсия менен чогуу төлөнөт.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2004-жылдын 12-февралындагы № 11, 2008-жылдын 20-мартындагы № 29, 2009-жылдын 12-февралындагы № 47, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2010-жылдын 19-январындагы № 7, 2011-жылдын 26-июлундагы № 128, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Пенсияны пайдалануу кийинкиге калтырылгандыгына байланыштуу курагы боюнча пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамына ылайык алынды)

14-1-статья. Ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу

Кыргыз Республикасынын граждандары милдеттүү мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу менен катар ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууга укуктуу.

Ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жеке (жекече) же юридикалык (корпоративдүү - жеке жактардын пайдасына) жактар тарабынан (жеке жактардын макулдугу менен) ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылуучу жана камсыздандыруу учуру (карылык, майыптык, баккан адамынан айрылуу) учурлар келгенде камсыздандыруу кирешесине жараша кошумча материалдык камсыз болууну камсыз кылуучу милдеттүү мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун тутумунун кошумча түрү болуп саналат.

Ыктыярдуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун шарттары, ченемдери, тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.

(КР 1998-жылдын 25-июнундагы № 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III бөлүм
Майыптыгы боюнча пенсиялар

15-статья. Пенсия дайындоонун шарттары

1. Майыптыгы боюнча пенсия майып болуунун себептерине карабастан адам эмгекке жарактуулугун толук жоготкон жана майып деп табылган учурда белгиленет жана эмгекке жарактуулугу калыбына келгенге чейин же өмүрү өткөнчө белгиленет.

2. Камсыздандырылган, майып деп табылган адамдар майып болгон мезгилге карата:

23 жашка толо элек, камсыздандыруу стажы 1 жыл болсо;

23 жаштан 26 жашка чейин, камсыздандыруу стажы 2 жыл болсо;

26 жаштан 31 жашка чейин, камсыздандыруу стажы 3 жыл болсо;

31 жаштан жогору, камсыздандыруу стажы 5 жыл болсо, майыптыгы боюнча пенсия алууга укуктуу болот.

3. Эгерде майыпка пенсия төлөө текшерүүдөн өтүүгө келбегендигине, же болбосо эмгекке жарактуулугу калыбына келгендигине байланыштуу токтотулса, анда ал кийин майып деп табылган учурда пенсия майыптыгы кайрадан белгиленген күндөн тартып, пенсия төлөө токтотулгандан кийин 5 жылдан ашпаган убакыт өткөн шартта төлөнө баштайт. 5 жыл өтүп кеткенден кийин пенсия жаңыдан жалпы негиздерде дайындалат.

16-статья. Майыптуулуктун топтору

1. Эмгекке жарактуулугун жоготкондугунун даражасына жараша пенсия дайындоо үчүн майыптуулуктун үч тобу белгиленет.

2. Майыптуулуктун себептери жана топтору, ошондой эле майып болуунун мезгили медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (МСЭК) тарабынан белгиленет, ал комиссиялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзөт.

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Майыптыгы боюнча пенсиянын өлчөмү

1. Майыптыгы боюнча пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү I жана II топтордогу майыптар үчүн жаш курагы боюнча пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү толук өлчөмдө жана III топтогу майыптар үчүн ушул Мыйзамдын 7, 13, 15 жана 22-статьяларына ылайык эсептелген пенсиянын 50 пайызы өлчөмүндө дайындалат.

2. Майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажы болбогон адамдарга (ушул Мыйзамдын 15-статьясынын 2-пункту) пенсиянын базалык бөлүгү ушул Мыйзамдын 10-статьясында аныкталган тартипте болгон камсыздандыруу стажына теңдештирилип белгиленет.

3. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү ушул Мыйзамдын 22-статьясына ылайык майыптыктын топторуна карабастан толук өлчөмдө эсептелет.

4. I топтогу майыптын пенсиясынын жалпы өлчөмү өткөн календардык жылы иш жүзүндө калыптанган пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн эмес белгиленет.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2017-жылдын 6-майындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV бөлүм
Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсиялар

18-статья. Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алуу укугу

1. Эгерде баккан адамдын өлгөн күнгө карата ага майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон стажы болсо (ушул Мыйзамдын 15-статьясы), өлгөн адамдын багуусунда болгон эмгекке жараксыз үй-бүлө мүчөлөрү баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алууга укуктуу.

Эгерде баккан адамдын дайынсыз жок болгондугу белгиленген тартипте тастыкталса, дайынсыз жок болгондордун үй-бүлөлөрү өлгөн адамдардын үй-бүлөлөрүнө теңештирилет.

Пенсия алуу үчүн зарыл болгон стажы пенсия бага турган адамга дайындалат, анын пенсиянын базалык бөлүгү ушул Мыйзамдын 10-статьясында аныкталган тартипте, болгон камсыздандыруу стажына теңдештирилип белгиленет.

2. Төмөндөгүлөр:

а) 16 жашка толо элек балдар же андан чоңураак курактагы 18 жашка толгонго чейин майып болуп калган балдар (анын ичинде асырап алынгандар, өгөй балдар жана өгөй кыздар);

б) эгерде алардын эмгекке жарактуу ата-энеси жок болсо, 16 жашка толо элек карындаштары, бир туугандары, неберелери;

в) эгерде алар баккан адам өлгөн учурга карата пенсиялык куракка жетсе же майып болуп эсептелсе, ата-энеси, күйөөсү, аялы үй-бүлөнүн эмгекке жараксыз мүчөлөрү деп эсептелет.

3. Балдарга пенсиялар алардын баккан адамдын багуусунда болгон же болбогондугуна карабастан дайындалат.

4. Күндүзгү окуу формасы боюнча окуган бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын окуучулары багар-көрөрүнөн ажырап калса, окуусун бүткөнгө чейин, бирок 23 жаштан ашпаган куракка чейин пенсия алууга укугу бар.

5. Эгерде баккан адамы өлүп калган үй -бүлөнү ал толугу менен багып турса, анын үй-бүлө мүчөлөрү анын багуусунда болгон деп таанылат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 13-мартындагы № 76, 2006-жылдын 16-августундагы № 173, 2008-жылдын 20-мартындагы № 34 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

19-статья. Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсиялардын өлчөмү

Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия ушул Мыйзамдын 15-статьясынын 2-пунктуна ылайык баккан адамдын II топтогу майыптыгы боюнча пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн ыктымалдуу суммасы катары эсептелет жана төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:

багуусунда бир адам болгондо - 50 проценти;

багуусунда эки адам болгондо - 90 проценти;

багуусунда үч адам болгондо - 120 проценти;

багуусунда төрт жана андан ашык адам болгондо - 150 проценти өлчөмүндө дайындалат.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Тоголок жетимдерге пенсия

Ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдарга баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсиянын өлчөмү ушул Мыйзамдын 19-статьясына ылайык өлгөн ар бир ата-энеге өзүнчө эсептелген пенсиялардын суммасынан турат.

21-статья. Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө бир пенсия дайындоо

1. Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алууга укуктуу бардык адамдарга жалпы бир пенсия белгиленет.

2. Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алууга укуктуу адамдардын ар биринин каалоосу боюнча анын пенсиядагы үлүшү бөлүнүп берилиши мүмкүн.

V бөлүм
Пенсияларды эсептөө

22-статья. Пенсиянын өлчөмүн эсептөө

1. Жалпы пенсия (ЖП) бардык учурларда камсыздандырылгандардын жекече эсеби (ЖЭ1) киргизилгенге чейинки стажын жана иштеп тапканын жана жекече эсеби (ЖЭ2) киргизилгенден кийин камсыздандыруу эсептеринде топтолгон салымдардын суммасын эске алуучу пенсиянын базалык (Б) жана камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн суммасы катары:

 

ЖП=Б+ЖЭ1+ЖЭ2

 

формуласы боюнча эсептелет, мында: ЖП - жалпы бир айлык пенсия;

Б - пенсиянын базалык бөлүгү;

ЖЭ1 - жекече эсеп киргизилгенге чейинки камсыздандыруучу бөлүктүн бир айлык өлчөмү;

ЖЭ2 - жекече эсеп киргизилгенден кийинки камсыздандыруучу бөлүктүн бир айлык өлчөмү:

2. Пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлерди социалдык коргоонун негизги куралы болуп эсептелет.

Пенсиянын базалык бөлүгү (өткөн жыл үчүн республикада иш жүзүндө түзүлгөн) орточо айлык акынын 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармалып турат.

«Пенсиялардын базалык бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө» КР Президентинин 2003.31.12. № 427 Жарлыгын караңыз

«2005-жылдагы пенсиялардын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө» КР Президентинин 2004.24.12. № 449 Жарлыгын караңыз

«2006-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө» КР Президентинин 2005.22.12. № 640 Жарлыгын караңыз

«2007-жылы пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө» КР Президентинин 2006.28.12. № 642 Жарлыгын караңыз

«2007-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө» КР Президентинин 2007.12.09. № 402 Жарлыгын караңыз

«2008-жылы пенсиялардын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө» КР Президентинин 2007.21.12. № 556 Жарлыгын караңыз

3. Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрү эки формула боюнча эсептелет:

а) жекече эсеп киргизилгенге чейин:

 

ЖЭ1=С х А, мында:

 

С - жекече эсепке чейин ар бир толук жыл үчүн 1 пайыз өлчөмүндө эсептелген камсыздандыруу стажы;

А - ушул Мыйзамдын 23-статьясына ылайык эсептелген жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин орточо айлык акы (киреше);

б) жекече эсеп киргизилгенден кийин жана камсыздандыруу салымдарынын суммалары жеке эсептерде топтолгондон кийин:

 

ЖЭ2=С х К, мында:

 

С - ай сайын төлөөгө эсептегенде (С:12 ай) салымдардын камсыздандыруу эсебинде топтолгон сумма;

К - курагы боюнча пенсияга чыгуу жашына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы беш жылдын ичинде эркектердин жана аялдардын өмүрүнүн орточо узактыгы жөнүндө анык демографиялык маалыматтары боюнча жыл сайын белгиленүүчү актуардык коэффициент.

«К» актуардык коэффициенти жыл сайын эсептелинет. Ал мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоо кеңешинде каралат жана бекитилет.

3-1. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар алуучуларга дайындалат жана төлөнөт.

Пенсиянын топтолуучу бөлүгүн эсептөөнү жана төлөөнү Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик эмес топтолуучу пенсиялык фонддун каражаттарынан жүргүзөт.

3-2. Каза болгон баккан адамдын пенсиялык топтоолору ушул Мыйзамдын 32-статьясына ылайык төлөнөт.

4. Текстиль өндүрүшүндө иштеген кызматкерлерге жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, № 2 тизме боюнча дайындала турган жана жумуш берүүчүнүн каражаттарынан төлөнө турган пенсиялар ушул статьянын 2- пунктуна жана 3-пунктунун «а» пунктчасына ылайык ЖП=Б+ЖЭ1 формуласы боюнча жүргүзүлөт.

Топтолгон камсыздандыруу акыларынан камсыздандыруунун экинчи бөлүгүн (ЖЭ2) эсептөө жана аны төлөп берүү жумуш берүүчү тарабынан пенсия дайындалган учурда пенсионердин жашаган жериндеги Социалдык фонддун органдары тарабынан жүргүзүлөт;

Текстиль өндүрүшүнүн жумушчуларына жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн жумуш берүүчүнүн каражаттарынан дайындалуучу жана төлөнүүчү № 2 тизме боюнча пенсиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү кайра эсептөөдөн өтүүгө тийиш.

5. Жеке камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүндө эсепке алынган бардык төлөнгөн мезгил үчүн топтолгон төгүмдөрдүн суммасы өткөн календардык жылы иш жүзүндө калыптанган керектөө бааларынын индексинин чоңдугуна жараша жыл сайын индексацияланат.

(КР 1998-жылдын 25-июнундагы № 81, 1998-жылдын 12-сентябрындагы № 120, 1999-жылдын 11-февралындагы № 22, 1999-жылдын 19-октябрындагы № 113, 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2011-жылдын 26-июлундагы № 128, 2013-жылдын 3-августундагы № 186 , 2017-жылдын 6-майындагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

22-1-статья. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөөнүн шарттары жана мөөнөтү

1. Жекече (индивидуалдык) эсепте турган жана камсыздандыруу акыларын төлөп турган пенсионерлерге жыл сайын 1-январга карата пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү, пенсия дайындалган күндөн кийинки же болбосо ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү акыркы жолу кайра эсептелген күндөн тартып өткөн мезгил үчүн топтолгон камсыздандыруунун төгүмдөрүнөн кайра эсептелет.

2. Пенсионердин эмгек ишмердүүлүгү бүткөн учурда пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүн кайра эсептөө эмгек ишмердүүлүгү токтотулган айдан кийинки айдан тартып жүргүзүлөт.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Орточо айлык акыны аныктоо

Пенсияны эсептөө үчүн иш жүзүндөгү орточо айлык акы (киреше) катары менен алынган ар кандай 60 айдын ичиндеги ишинин белгиленген түзөтмө коэффициенттерин эске алуу менен пенсия дайындоо үчүн кайрылган адамдын тандоосу боюнча аныкталат. Пенсия сурап кайрылган адам 5 жылдан аз иштеген учурларда орточо айлык акы иштеген календарлык айлардын ичиндеги айлык акынын жалпы суммасын ушул айлардын санына бөлүү аркылуу аныкталат.

Пенсия эсептеле турган айлык акынын (кирешенин) курамында камсыздандыруу салымдары эсептеле турган төлөмдөрдүн бардык түрлөрү эсепке алынат. Убактылуу эмгекке жараксыз болгон жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыгуу, жумушсуздук мезгилинде төлөнгөн пособие эсепке алынат.

Автордук гонорар камсыздандыруу салымдары төлөнгөн шартта башка жумуш үчүн айлык акы менен бирдей эсепке алынат.

Окуган мезгилде төлөнгөн стипендия айлык акыга теңештирилет.

Пенсияны эсептөө үчүн иш жүзүндөгү орточо айлык эмгек акы болбогон же белгиленген эң аз эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн болгон учурларда, эсептөө үчүн эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмү камсыздандыруу стажына жараша пайыздарда алынат: 15 жылга чейин - 200 пайыз, 15 жылдан 20 жылга чейин - 250 пайыз, 20 жыл жана андан жогору - 300 пайыз.

Жеке эсепке алууга чейин (ушул Мыйзамдын 22-статьясынын 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык) пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгүн эсепке алуу үчүн орточо айлык акы эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн 150дөн ашпаган өлчөмүндө эсепке алынат.

Пенсионер эмгек акыга райондук коэффициент белгиленбеген же аз өлчөмдө белгиленген калктуу конушка туруктуу жашоого көчүп келгенде анын эмгек акысына райондук коэффициентти эске алуу менен аныкталуучу пенсия дайындоо үчүн орточо айлык иштеп тапканы кайра эсептелүүгө тийиш эмес.

Айлык акыга карата райондук коэффициент белгиленген шарттарда жашаган граждандар үчүн пенсияны эсептеп чыгаруу үчүн орточо айлык акы ага кошулган райондук коэффициентти эсепке алуу менен аныкталат.

Ушул статьяда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте пенсия дайындала турган арыз ээсине жүктөлөт.

 (КР 1998-жылдын 25-июнундагы № 81, 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2005-жылдын 5-мартындагы № 44, 2006-жылдын 27-январындагы № 23, 2007-жылдын 31-июлундагы № 113, 2011-жылдын 26-июлундагы № 128, 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 200, 2016-жылдын 12-июлундагы № 112, 2017-жылдын 6-майындагы № 76, 2018-жылдын 27-апрелиндеги N 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI бөлүм
Пенсияларды дайындоо жана төлөө

24-статья. Пенсия дайындоонун жана кайра эсептөөнүн тартиби

1. Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө Кыргыз Республикасында мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.

2. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси, пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ащыруучу орган юридикалык жана жеке жактардан пенсияларды дайындоо жана кайра эсептөө үчүн зарыл болгон документтерди берүүнү талап кылууга, ошондой эле тиешелүү учурларда алардын берилишинин негиздүүлүгүн жана аныктыгын текшерүүгө укуктуу.

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы № 10 "Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө үчүн кайрылуунун, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтому

25-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды дайындоочу органдар

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды дайындоо жана кайра эсептөө Социалдык фонд жана анын аймактык органдары тарабынан жүргүзүлөт.

2. Текстиль өндүрүшүндө иштеген кызматкерлерге жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, № 2-тизме боюнча курагы боюнча пенсиялар мындай пенсияларды алуучулар ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда белги-

ленген пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына жеткенге чейин жумуш берүүчү тарабынан дайындалат жана төлөнөт.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-1-статья. Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү

1. Пенсия камсыздандырылган адам пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат, бирок ал камсыздандырылган адамдын пенсияга чыгуу укугу пайда болгон күндөн мурда болушу мүмкүн эмес.

2. Камсыздандырылган адам пенсия алам деп кайрылган күн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдын пенсия дайындоого арызды керек болуучу бардык документтер менен кабыл алган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана керек болуучу бардык документтер тиркелсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп ал арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет.

3. Эгерде берилген документтерде жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жекече (индивидуалдык) эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоого керек болгон маалыматтар жок болсо, мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган кайрылган камсыздандырылган адамга анын кандай документтерди кошумча бериши керектигин түшүндүрөт. Эгерде мындай документтер тиешелүү түшүнүк алынган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп пенсия дайындоо жөнүндө арыз кабыл алынган күн же ушул арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет.

Социалдык фонддун аймактык органдары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоого керек болгон документтерди алууда жана жол-жоболоштурууда консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Пенсия алам деп кайрылган камсыздандырылган адамга ушул статьянын 2-пунктунда аныкталган күндөн мурдараак пенсиялар төмөндөгүдөй дайындалат:

а) майыптыгы боюнча пенсия - камсыздандырылган адам майып деп табылган күндөн тартып, эгерде пенсия алам деп ошол күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен кайрылса, ал эми бул мөөнөттү өткөрүп жибергенде пенсия алам деп кайрылган күндөн үч ай мурун;

б) багар-көрөрүнөн айрылгандыгына байланыштуу - баккан адамы өлгөн күндөн тартып, эгерде ал адам өлгөн күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен кайрылса дайындалат, ал эми бул мөөнөт өтүп кеткенде - пенсия алам деп кайрылган күндөн алты ай мурда.

5. Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндөгү арыз ал кабыл алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен же ушул статьянын 3-пунктуна ылайык кошумча документтер берилген күндөн тартып каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен бул тууралу арыздануучуга кабарлайт, анда баш тартуунун себептери жана ал боюнча даттануунун тартиби көрсөтүлөт жана ошол эле мезгилде кайрылган адамга документтерди кайтарып берет.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

25-2-статья. Дайындалган пенсия тууралуу маалыматтарды берүү

1. Социалдык фонд пенсия дайындалгандан кийин бир айдын ичинде пенсия алуучуга эсепке алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдерин жана орточо айлык эмгек акысын эсепке алуу менен, пенсиянын өлчөмү чыгарылган эсептөөлөр менен таанышуусу үчүн пенсия дайындалганы тууралуу протоколду берет.

Пенсиянын өлчөмүнө макул болбогон учурда, пенсия алуучу пенсия дайындоо үчүн документтерге баа берүү боюнча Социалдык фонддун комиссиясына же сот органдарына кайрылууга укуктуу.

2. Ошону менен бир эле убакта пенсия алуучу бир айдын ичинде Социалдык фонддун сайтында жайгаштырылган электрондук жеке кабинетинде жүргүзүлгөн эсептөө (кайра эсептөө) менен таанышууга укуктуу.

(КР 2018-жылдын 27-апрелиндеги N 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2018-жылдын 27-апрелиндеги N 43 Мыйзамына ылайык берилген Мыйзамдын 25-2-беренесинин 2-п. 2019-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

26-статья. Пенсияларды берүүнүн мөөнөттөрү

1. Курагы боюнча пенсия өмүрү өткөнчө берилет.

2. Майыптыгы боюнча пенсия медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан белгиленген мөөнөткө берилет.

3. Баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия ушул Мыйзамдын 18-статьясына ылайык өлгөн адамдын үй-бүлө мүчөсүнүн эмгекке жараксыз болгон мөөнөтүнө берилет.

4. Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо ал үчүн кайрылгандан кийинки айдын биринен тартып жүргүзүлөт.

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

261-статья. Пенсияларды кайра эсептөө жана анын мөөнөттөрү

1. Пенсияларды кайра эсептөө пенсиялар жогорулаганда, индексацияланганда же пенсияны кайра эсептегенде, пенсионер 80 жашка толгондо, майыптыгынын тобу, үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны өзгөргөндө же багар-көрөрүнөн айрылгандыгына байланыштуу пенсия алуучулардын категориялары өзгөргөндө, ошондой эле иш стажы жөнүндө кошумча документтерди бергенде жүргүзүлөт.

2. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, пенсияны кайра эсептөө:

пенсияны жогорулатуу, индексациялоо жана кайра эсептөө жөнүндө көрсөтүлгөн күндөн тартып;

пенсияларды кайра эсептөөдөн келип чыккан жагдайлардан улам андан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.

3. Майыптыгынын тобу өзгөргөндүгүнө байланыштуу пенсияны кайра эсептөө төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:

а) майыптыктын алда канча жогорку тобу белгиленгенде - медициналык-социалдык эксперттик комиссия тарабынан тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып;

б) майыптыктын алда канча төмөнкү тобу белгиленгенде - майыптыгынын мурдагы тобу алынган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.

4. Пенсионерлердин пенсияны кайра эсептөө жөнүндөгү арызы керек болгон бардык документтер менен кабыл алынган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен каралат. Пенсияны кайра эсептөөдөн баш тарткан учурда мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралу арыз ээсине кабарлайт жана андан баш тартуунун себептери жана даттануунун тартиби көрсөтүлөт жана ошол эле мезгилде кайрылган адамга документтерди кайтарып берет.

5. Пенсионердин арызы боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ1) эсептөө үчүн эмгек акынын башка өлчөмүнөн пенсияны кайра эсептөө пенсия дайындалган күндөн тартып үч жылдын ичинде бир жолу жүргүзүлөт, мында мурда жүргүзүлгөн кайра эсептөөлөр сакталат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2017-жылдын 6-майындагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

26-2-статья. Пенсия төлөөнү токтото туруу жана кайтадан баштоо

1. Пенсияларды берүү төмөндөгүдөй учурларда токтотула турат:

а) пенсионер дайындалган пенсиясын удаасы менен үч ай бою албаса мөөнөтү өткөн айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып пенсия алынбай калган бүткүл мезгилге;

б) майып-пенсионер медициналык-социалдык эксперттик комиссия кайтадан күбөлөндүрүү дайындаган мөөнөткө келбей койгондо - кайтадан күбөлөндүрүүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтү өтүп кеткен айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып үч айга;

в) кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окугандыгын тастыктаган документтер берилбегенде - ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 4-пунктуна ылайык багар-көрөрүнөн айрылганына байланыштуу пенсия алган окуучу же студент төрөлгөн айдан кийинки айдан тартып үч айга.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилгенде пенсияларды төлөө ал токтотула турган күнгө карата кандай өлчөмдө төлөнүп келсе, ошол өлчөмдө кайтадан башталат. Пенсияны төлөө кайтадан башталганда ал 26-статьяда каралган негиздерде жана тартипте кайра эсептелүүгө тийиш.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-3-статья. Пенсия төлөөнү токтотуу жана кайтадан баштоо

1. Пенсияларды төлөө төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:

а) пенсионер каза болгондо, ошондой эле белгиленген тартипте ал өлдү же дайынсыз жок болду деп табылган учурда - пенсионер каза болгон, же болбосо аны өлдү же дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндөгү тиешелүү чечим күчүнө кирген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

б) ушул Мыйзамдын 26-2-статьясынын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык төлөө токтотула турган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин аталган мөөнөт аяктаган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

в) пенсионер өзүнө дайындалган пенсияга болгон укугун жоготкондо (пенсияга болгон укугун тастыктаган маалыматтардын аныктыгын төгүндөгөн жагдайлар же документтер табылганда; адамды майып деп табуунун мөөнөтү аяктаганда; багар-көрөрүнөн айрылган адам эмгекке жарамдуу болуп калганда) - аталган жагдайлар же документтер табылган, же болбосо майыптыктын мөөнөтү аяктаган, же тиешелүү адам эмгекке жарамдуу болуп калган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.

2. Пенсия төмөндөгүдөй учурларда кайтадан төлөнө баштайт:

а) пенсионерди өлдү же дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндөгү чечим жокко чыгарылган учурда - пенсионерди өлдү же дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралу чечим күчүнө кирген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

б) пенсия дайындоого укук берген жаңы жагдайлар келип чыккан учурда пенсионердин арызы боюнча, эгерде пенсияны төлөө токтотулган күндөн тартып 5 жылдан ашпаган убакыт өтсө - пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан пенсияны төлөөнү калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана бардык зарыл документтер алынган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып.

3. Пенсия төлөөнү калыбына келтиргенде пенсияга болгон укук кайра каралбайт, бирок калыбына келтирилген пенсиянын өлчөмү ушул Мыйзамдын 26-1-статьясын эске алуу менен кайрадан аныкталат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-статья. Пенсияларды төлөө

1. Пенсионерлердин каалоосу боюнча пенсиялар өткөн ай үчүн же болбосо алардын банк же башка кредиттик уюмдардагы эсептерине чегерүү, же болбосо почта кызматынын уюмдары же Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан алар жашаган жерге жеткирүү жолу менен төлөнөт.

2. Пенсияларды төлөөнү кечиктирүү "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

(КР 1998-жылдын 25-июнундагы № 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Иштеген пенсионерлерге пенсия төлөө

Иштеген пенсионерлерге пенсия алган айлык акысын эсепке албастан толук өлчөмдө төлөнөт.

(КР 1998-жылдын 25-июнундагы № 81, 1998-жылдын 12-сентябрындагы № 120, 1999-жылдын 11-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

28-1-статья. Пенсионерлердин жана администрациялардын аларды ишке

кабыл алгандык жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун органдарына маалымдоо милдети

(КР 1999-жылдын 11-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынды)

29-статья. Пенсияларды ишеним кат боюнча төлөө

Пенсионердин каалоосу боюнча пенсия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү ишеним кат боюнча төлөнүшү мүмкүн.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте берилген ишеним каттын жарактуулугу жыл сайын тастыкталып турса, аталган пенсияны жарактуу мөөнөтү бир жылдан ашып кеткен ишеним кат боюнча төлөп берүү ишеним каттын бүткүл жарактуу мөөнөтүнүн ичинде жүргүзүлөт.

(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-статья. Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөө

1. Пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок эсептелген пенсияны алуу үчүн кайрылган учурдан мурдагы 3 жылдан ашпаган убакыттагысына төлөнүп берилет.

2. Пенсияны төлөгөн органдын күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган пенсиялардын суммасы өткөн мезгил үчүн мөөнөтү чектелбестен төлөнүп берилет.

(30-статьянын 1-пункту КР Конституциялык Сотунун 2000-жылдын 24-октябрындагы Чечимине ылайык аракетин жоготту)

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө жүргөн жана эркиндигинен ажыратуу жайларындагы адамдарга пенсия төлөө

1. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашап жаткан, тергөө изоляторлорундагы жана түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруучу жана топтолуучу бөлүктөрү төлөнөт.

2. (КР 2000-жылдын 18-январындагы № 26 Мыйзамына ылайык алынды)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, жазасын өтөөдөн бошотууга чейин пенсия чектөөгө жана төлөөгө, ошондой эле ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат.

(КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

32-статья. Пенсионердин өлүмүнө байланыштуу алынбай калган пенсияны жана пенсиялык топтоолорду жана көмүү пособиесин төлөө

1. Пенсионердин өлгөндүгүнө байланыштуу алынбай калган пенсияны ата-энеси, жубайы, балдары бирдей үлүштөрдө алууга, ал эми алар жок болгондо мураска укуктуу үй-бүлө мүчөлөрү алууга укуктуу.

Пенсионердин өлгөндүгүнө байланыштуу алынбай калган пенсияны төлөө жагындагы доонун эскиргендиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.

1-1. Камсыздандырылган адам каза болгон учурда жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолору Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык мураскорлорго төлөнөт.

Ката болгон камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолорунан мураскорлорго пенсиялык төлөмдөрдү берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Каза болгон камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорун алууга укуктуу мураскорлору болбогондо мураскорлук ачылган күндөн тартып бир жыл бүткөндөн кийин ал каражаттар Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунда калат.

2. Пенсионер өлгөн учурда кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде анын үй-бүлөсүнө пенсиянын базалык бөлүгүнөн он эселенген өлчөмдө көмүү жөлөкпулу төлөнөт. Бул жөлөкпулдун доосунун эскиргендиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык аныкталат. 

3. Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, ырастоочу документтер берилгенде көмүү пособиеси ошол адамдарга төлөнөт.

(КР 2004-жылдын 11-августундагы № 112, 2005-жылдын 4-июлундагы № 91, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218,  2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

33-статья. Чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткен граждандарга пенсия төлөө

1. Граждандарга алар чет өлкөгө туруктуу жашаганга кетип жатышына байланыштуу каттоодон чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына арыз берген айдан тартып Кыргыз Республикасында дайындалган пенсиялар алар пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуулар (келишимдер) түзүлбөгөн мамлекеттерге кеткенде 3 айлык пенсиясы төлөнөт. Бул граждандар чет өлкөдө жашаган мезгилде эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун натыйжасында дайындалган пенсиялар гана төлөнөт.

Пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө эларалык келишим түзүлгөн мамлекетке туруктуу жашаганга кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына дайындалган пенсия, эгерде эларалык келишимде башкача каралбаса, чет мамлекетке туруктуу жашаганга кетип жаткандыгына байланыштуу каттоодон чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына арыз берген ай боюнча төлөнөт.

2. Эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун натыйжасында дайындалган пенсияларды башка өлкөлөргө которуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Республиканын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоого кетип жаткан жарандын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоочу бөлүгүндө чагылдырылган пенсиялык топтоолордун суммалары анын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык төлөнөт.

4. Пенсионер Кыргыз Республикасына туруктуу жашоого кайтып келген учурда пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн төлөө кайрадан башталат. Пенсионерге пенсиянын топтолуучу бөлүгүн төлөө жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүнө каражат түшкөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

33-1-статья. Пенсия курагын жогорлатууга байланыштуу компенсациялык төлөмдөр жөнүндө

Пенсия курагын жыл сайын жогорулатуу пенсияны дайындоо жылындагы анын республика боюнча жана инфляцияны эске алуу менен компенсацияны төлөөнүн жылындагы орточо өлчөмүнүн ортосундагы өлчөмдө төрт ай үчүн компенсацияланууга тийиш.

Эсептелген компенсацияларды төлөп берүү:

2005-жылда 1999-жылы дайындалган пенсиялар үчүн;

2006-жылда 2000-2001-жылдарда дайындалган пенсиялар үчүн;

2007-жылда 2002-2005-жылдарда дайындалган пенсиялар үчүн

жүргүзүлөт.

2006-2007-жылдары дайындалган пенсиялар үчүн 2008-жылы.

Компенсацияны төлөп берүү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилген республиканын келечектүү ишканаларынын акцияларынын же акциялары боюнча дивиденддерден алынган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт;

бул каражаттар жетишсиз болгон учурда компенсацияны төлөп берүү Пенсиялык фонддун каражаттарынын жана республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Пенсионер каза болгон учурда компенсация мыйзам тарабынан белгиленген тартипте мураскорлоруна төлөнөт.

(КР 1999-жылдын 11-февралындагы № 22, 2007-жылдын 18-апрелиндеги № 43, 2008-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-мартындагы № 145 "Пенсиялык курактын жогорулашына байланыштуу компенсацияны эсептөө жана төлөө тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому

33-2-статья. Пенсияларды дайындаганга жана төлөгөнгө керектелүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик

1. Пенсияларды дайындаганга жана төлөгөнгө керектелүүчү документтерди берген камсыздандырылган адамдар, жумуш берүүчүлөр жана компетенттүү органдар ошол документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарбоо же тиешелүү түрдө аткарбоо пенсия дайындаганга жана төлөгөнгө документтерди берген жумуш берүүчү жана компетенттүү орган мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашырган органга келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтуруп берет.

3. Камсыздандырылган адамдарга пенсияларды туура эмес дайындоого жана төлөөгө алып келген анык эмес документтер кызмат адамдары тарабынан атайылап берилсе, эгерде бул маалыматтар ири зыян алып келсе, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жазык же администрациялык жоопкерчиликке кириптер кылат.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-статья. Пенсиялардан кармап калуу

1. Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана:

а) аткарылышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук чечимдерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлө турган соттук чечимдердин, аныктамалардын, токтомдордун жана өкүмдөрдүн (мүлктүк жаза-чаралары жагында), нотариалдык конторалардын аткаруучу жазууларынын жана башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде;

б) Социалдык фонддун аймактык органдарынын пенсионер тарабынан кыянаттык кылуунун натыйжасында (атайылап анык эмес жазылган маалыматтары бар документтерди берүүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды бербөөнүн натыйжасында) ага ашык төлөнгөн пенсиялардын суммасын өндүрүп алуу үчүн чыгарылган чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.

2. Пенсиядан кармап калуунун өлчөмү пенсионерге төлөнүүгө тийиш болгон суммадан эсептелет, бирок ал айлык пенсиянын 50 процентинен жогору болбоого тийиш.

Кармап калуу Социалдык фонддун аймактык органдарынын чечиминин негизинде айлык пенсиянын 20 проценттен ашпаган өлчөмүндө жүргүзүлөт.

3. Бардык учурларда пенсиялардан кармап калуу табылган карыз толук тындырылганга чейин жүргүзүлөт.

Пенсия төлөө карыз толук тындырылганга чейин токтотулган учурда (мисалы, эмгекке жарактуулугу калыбына келишинин натыйжасында) калган карыз сот тартибинде өндүрүлөт.

(КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья. Өткөөл мезгилде пенсия дайындоо жана кайра эсептөө

1. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин адамдарга курагы боюнча, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу дайындалган пенсиялар пенсиялык иште болгон документтердин негизинде кайра эсептелүүгө тийиш.

Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин пенсиялык иште кабыл алынган пенсияларды кайра эсептөөдө эмгек стажы камсыздандыруу стажы катары эсепке алынат.

Эгерде пенсияны кайра эсептегенден кийин анын өлчөмү азайып калса, анын мурдагы өлчөмү сакталат.

2. Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга тийиш болгон адамдар жекече (индивидуалдык) эсепке турууга жана жумуш берүүчү аркылуу же жеке өзү камсыздандыруу акыларын төлөгөндүгү жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Маалыматтарды берүүнүн шарттары жана тартиби "Милдеттүү мамлекеттик социаддык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан жөнгө салынат.

3. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин дайындалган иштөө мөөнөтүн аяктагандыгы боюнча жана 2 Тизме боюнча жеңилдик берүүчү пенсиялар ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык курагы боюнча пенсия катары кайра эсептелет.

4. Бийик тоолуу шарттарда эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө карата кошумча төлөөлөрдүн коэффициенти белгиленген жерлерде жашаган адамдар үчүн өткөөл мезгилдеги пенсиянын жалпы өлчөмү өндүрүштүк эмес тармактардын кызматкерлери үчүн белгиленген айлык акыга карата райондук коэффициентти эсепке алган пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болбоого тийиш.

(КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

36-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

1. Ушул Мыйзам 1997-жылдын 1-октябрынан тартып колдонууга киргизилсин.

2. Төмөндөгүлөр:

- 1994-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасында граждандарды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 5, 149-ст.);

- 1996-жылдын 6-майындагы "Кыргыз Республикасында граждандарды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 5, 77-ст.);

- 1991-жылдын 20-апрелиндеги "Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-статьясынын экинчи бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 266-ст.), 1994-жылдын 14-январында киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 2, 66-ст.);

- "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 6-мартындагы № 856-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1992-жыл, № 4/2, 192-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

а) 1998-жылдын 1-январынан тартып юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн камсыздандыруу принциптерине ылайык келген камсыздандыруу салымдарынын тарифтерин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин;

б) инфляция боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылуучу суммалардын чектеринде Социалдык фонддун жалпы тартыштыгын жабууга республикалык бюджеттен жыл сайын дотацияларды карасын;

в) эки айдын ичинде өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев