КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 21-июнундагы № 431 токтомуна ылайык
күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 15-марты № 128
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз
Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын
сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелерди
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаш-
тыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 15-статьясынын жана
Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө"
Мыйзамынын негизинде жана экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз
Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик
көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын
монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча тиркелген
эрежелер бекитилсин.
2. Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын
монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эрежелер-
дин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын монополияга каршы
мамлекеттик органына жүктөлсүн.
3. Аталган эрежелердин аракетине тийиштүү юридикалык жактарды мам-
лекеттик каттоону, ошондой эле андай юридикалык жактардын мамлекеттик
реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-
нистрлиги Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы-
нын корутундусунун негизинде жүргүзөөрү белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 18-августундагы №
550 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптары
сакталышына экспертиза жүргүзүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-
малыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев