Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 2-июну N 404

                       КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
                     Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө
                   жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын
                    конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду
                                   бекитүү жөнүндө
                      (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы N 377,
                                2012-жылдын 31-январындагы №69
                               токтомдорунун редакциясына ылайык)

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясынын
негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында
жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө" 2006-жылдын 17-мартындагы N128
Жарлыгын ишке ашыруу жана жалпы республикалык тестирлөөнүн нормативдик
базасын билим берүү жагындагы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

                    токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди
окутуу үчүн мамлекеттик жалпы билим берүүчү гранттар жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №69 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги
бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы №377 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр                                                       Ф.Кулов