|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 22-августу №596
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн
реестрин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 13-декабрындагы №848,
2007-жылдын 27-августундагы N№377,
2008-жылдын 27-декабрындагы №277, 2009-жылдын 4-июлундагы №430, 2009-жылдын 12-августундагы №515,
2009-жылдын 17-сентябрындагы №586, 2010-жылдын 9-февралындагы №85,
2010-жылдын 7-сентябрындагы №193,
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы "Ат-
каруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан
берилүүчү уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" №
103 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн тиркелген
реестри (мындан ары - Реестр) бекитилсин.
Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тара-
бынан Реестрге киргизилбеген мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүгө жол
берилбейт. Реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жылына
бир жолу жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүп, Кыргыз Республикасынын ыйгарым
укуктуу мамлекеттик монополияга каршы органы менен макулдашылгандан ки-
йин белгиленген тартипте бекитиле тургандыгы белгиленсин.
Бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу
жыйнактардын наркы көбөйүү жагына карай бааны бир сомго чейин теге-
ректөө менен иш жүзүндөгү сарптоолор аркылуу аныкталат.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ве-
домстволор Реестрге ылайык мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүлөр
жөнүндө коомчулукка кењири тааныштыруу иштерин камсыз кылышсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы алып кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтому;
- "Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту ме-
нен ташууну уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 217 токтомунун 5-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233 токтомунун
25-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын Борборлоштурул-
ган банкына ченемдик-укуктук актыларды тариздөөнүн жана берүүнүн Тарти-
бин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын
28-июнундагы № 302 токтомунун 5 жана 6-пункттары;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 15-январындагы № 26 токтомунун 2-пункту;
- "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы алып кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтомуна өзгөртүүлөрдү жа-
на толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 13-февралындагы № 72 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы № 523 токтомунун 10-пункту;
- "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы алып кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтомуна өзгөртүүлөрдү жа-
на толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2002-жылдын 10-декабрындагы № 841 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-сентябрындагы № 598 токтомунун 3-пункту;
- "Бањги заттарды контролдоо маселелери боюнча Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-
гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октяб-
рындагы № 661 токтомунун 3-пункту;
- "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы алып кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-де-
кабрындагы № 801 токтому;
- "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы алып кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтомуна өзгөртүүлөрдү жа-
на толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2004-жылдын 19-январындагы № 27 токтому;
- "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы алып кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-де-
кабрындагы № 801 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-январындагы № 37 токтому;
- "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы алып кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтомуна толуктоо киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-июлундагы № 506
токтому;
- "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик акысыз жана акы алып кызмат
көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-декабрындагы № 759 токтомуна толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-мар-
тындагы № 129 токтому;
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мо-
нополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук
агенттигине (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 22-августундагы № 596
токтому менен бекитилген
Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык
бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик
акы алып кызмат көрсөтүүнүн
РЕЕСТРИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 13-декабрындагы №848,
2007-жылдын 27-августундагы N№377,
2008-жылдын 27-декабрындагы №277, 2009-жылдын 4-июлундагы №430, 2009-жылдын 17-сентябрындагы №586,
2010-жылдын 7-сентябрындагы №193
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгы (МАИБ) II. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги III. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаменти IV. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги V. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги VI. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги VII. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги VIII. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги IX. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги X. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги XI. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги XII. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги XIII. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик XIV. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жана алардын структуралык бөлүктөрү XV. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги XVI. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттик XVII. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги XVIII. Кыргыз Республикасынын Байланыш Улуттук агенттиги XIX. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети XX. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы XXI. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду I. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгы (МАИБ) 1. Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча МАИнин патрулдук автомобилдери менен коштоп жүрүү. 2. Бузулган, техникалык жактан оњдолбогон жана жол эрежесин буз- гандыгы үчүн кармалган автомототранспорт каражаттарын МАИнин жардамы менен автотурукка буксирлөө же жеткирүү үчүн акы төлөө. 3. Айдоочулук күбөлүктү алуу укугуна сынактарды алуу. Автомобилди диагностикалоо станциясы 1. Автомототранспорттук каражаттарды текшерүү жана диагностикалык актты берүү. 2. Кармалган машиналарды сактоо. Аба транспортундагы ички иштер бөлүмү Келишимдик негизде акча каражаттарын инкасациялоо. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу бөлүктөр (ички аскерлер, борбордук аппарат, ички иштер башкармалыгы, шаардык ички иштер бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү) 1. Газ куралын сактоо, алып жүрүү жана колдонуу боюнча анын ээле- рин окутуу. 2. Табылга столунун справкаларын берүү. 3. Табылган документтерди сактоо. 4. Келишим боюнча коргоо, кайтаруу. 5. Жүктөрдү коштоп жүрүү жана коргоо. 6. Маданий-массалык иш чараларды аскер оркестри жана ансамбли ме- нен камсыздоо. II. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 1. Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин архивинен документтер- ди издөө жана берүү. 2. Эл аралык, медициналык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ж.б.у.с. заказы менен максаттуу изилдөөлөрдү жүргүзүү. 3. Изилдөөлөрдүн методологиясы жана жасалгаланышы боюнча кењеш берүү. 4. Саламаттык сактоо тармагында бизнес-долбоорлорду даярдоо жана алар боюнча кењеш берүү. 5. Компьютердик технологияларды пайдалануу: маалыматтардын элект- рондук базасы менен иштөө. 6. Окутуу программаларын, курстарды, семинарларды, конференциялар- ды ж.б.у.с. уюштуруу жана өткөрүү. 7. Веб-сайтта жайгаштыруу үчүн жарнамалык тейлөө кызматы. 8. Сайттын жабык материалдарына жазылуу. 9. Интернет-тейлөө кызматы (медициналык адабиятты издөө). Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 1. Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча дезин- фекция, дезинсекциялоо жана дератизациялоо иштерин жүргүзүү. 2. Дарылоо-профилактикалык жана диагностикалык дары-дармектерди, диагностикумдарды, реактивдерди, дезинфекциялоочу каражаттарды жана өндүрүш ачытмаларын даярдоо. 3. Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча ыкты- ярдуу негизде адамдар жашаган чөйрөнүн объекттерин, товар продукциясын экспертизалоо. III. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаменти 1. Паспортту жана башка жолдо жүрүүчү документтерди даярдоо жана берүү. 2. Визалык колдоо көрсөтүү. 3. Документтерди легализациялоо. 4. Документтерди суратып алуу. 5. Нотариалдык иштерди жүргүзүү (чет өлкөдө гана). 6. Жарандык маселелер, чет мамлекетте биротоло жашоого калтыруу, консулдук учетко туруу боюнча документтерди тариздөө. 7. Жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча документ- терди даярдоо. Жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүк берүү (чет өлкөдө гана). 8. Камкорчулук, мураскорлук жана башка мүлктүк иштерди жүргүзүү (чет гана). 9. Аба жана дењиз сотторуна консулдук тейлөө жүргүзүү (чет өлкөдө гана). 10. Чет мамлекеттин сот жана административдик органдарында өкүлдүк милдеттерди ишке ашыруу. 11. Чет өлкөдө сот жана административдик органдардын тапшырмасын аткаруу. 12. Бизнес-контакттарын түзүү боюнча тейлөө кызматын жүргүзүү, чарба иштериндеги талаштарды чечүүгө жардам берүү. 13. Кыргыз Республикасынын атуулунун 1994-жылдагы жана 2004-жылда- гы үлгүлөрүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу. IV. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги 1. Драмалык, музыкалык чыгармалардын, сценарийлердин (концерттер, спектаклдер ж.б.у.с.) көчүрмөсүн бергендиги үчүн акы. 2. Музейлик, китепканалык фондуларды берүү үчүн акы. V. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 1. Документтерди тариздөө жана берүү: - офицерлердин (прапорщиктердин) инсандыгын күбөлөндүргөн күбөлүгү; - запастагы офицердин, катардагы жоокердин жана сержанттык курам- дын аскердик билеттери; - жоголуп кеткен, жараксыз болуп калган, же чет мамлекетке кетип жаткандарга аскерге чакырылуу күбөлүгү. 2. Документтердин көчүрмөсүн берүү. 3. Архивден документтерди издөө жана берүү. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу бөлүктөр (бирикмелер, бөлүктөр, мекемелер) 1. Автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташуу. 2. Автомобиль техникасын оњдоо. 3. Авиациялык тейлөө кызматы. 4. Күйүүчү-майлоочу майларды сактоо, ташуу. 5. Типографиялык тейлөө кызматы. VI. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги Жалпы билим берүүчү мектептин бүтүрүүчүлөрдү - өзгөчө үлгүдөгү до- кументти алууга талапкер жалпы билим берүүчү мектептерде окуган окуучу- ларды - тестирлөө. VII. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Мамлекеттик үрөн инспекциясы 1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана отургузуу материалдарын ла- бораториялык аныктоо. 2. Талаа текшерүүлөрүн жана үрөн себүүнү жана отургузууну апроба- циялоо, үрөн партияларына кыртыштык көзөмөл кылуу. Айыл чарба өсүмдүктөрүн сорттук сыноо боюнча мамлекеттик комиссия Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жањы сортторунун чарбалык пайдалуулугу- на, технологиялык касиетине, сапатына, химиялык көрсөткүчтөрүнө сыноо, тажрыйба жүргүзүү. Суу чарба департаменти Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча механизм- дер жана транспорттук каражаттар менен кызмат көрсөтүү. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча мамлекеттик департаменти 1. Өсүмдүктөрдөгү, бакчанын жашылча продукциясындагы, жер кырты- шындагы, сугат суусундагы пестицид жана агрохимикаттардын калдыктардын санына, ошондой эле стандартка жана техникалык шарттарга туура келүүсүнө химиялык талдоо жүргүзүү. 2. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун зыянкечтер, оорулар жана отоо чөптөрү болгон учурда текшерүү жүргүзүү жана жеке адамдардын жана юридикалык жактардын арызы боюнча химиялык жана башка ыкмалар менен күрөшүү чараларын көрүү. 3. Карантинде турган продукцияны (жүктү) зыянсыздандыруу. 4. Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча тек- шерүү иштерин жүргүзүү. Мамлекеттик ветеринария департаменти 1. Чек аралык-ветеринардык пункттун карантин изоляторунда жаныбар- лардын ооруга шектүүлөрүн кармоо жана алардын абалына клиникалык байкоо жүргүзүү. 2. Темир жол вагондорун, авто жана авиатранспорттук каражаттарды дүйнөлүк ташууларда жүктөө алдында жана жүктү түшүрүү алдында ветери- нардык-санитардык тазалоо. 3. Жаныбар жана өсүмдүктөн даярдалган чийки заттардын жана про- дукттарын сапатын баалоо максатында лабораториялык изилдөө. 4. Жаныбарларды клиникалык кароодон өткөрүү, диагностика жана да- рылоо жардамын көрсөтүү. 5. Жаныбарларды кремациялоо жана эфтанациялоо. Өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүү боюнча республикалык борбор Өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүп чыгаруу жа- на сатуу. Өсүмдүктөрдү коргоочу биологиялык каражаттарды берүү боюнча тейлөө кызматы. VIII. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз транспорт инспекциясы 1. Автотранспорттук каражаттарды экспертизалоо. 2. Соттордун автотуруктары үчүн базалардын (курулмалардын) жарак- туулугун экспертизалоо. 3. Жүргүнчү транспортторунун кыймылынын багытынын схемасын түзүү боюнча тейлөө кызматын көрсөтүү. Бишкек-Ош автожолунун башкы дирекциясы Бишкек - Ош авто жолдорунда туннель аркылуу өтүүчү автомототранс- порттук каражаттар үчүн акы алуу. Мамлекеттик фельдъегердик кызматы 1. Атайын корреспонденцияны жеткирүү. 2. Жөнөтүүчүнүн арызы боюнча корреспонденциянын өткөндүгү жөнүндө маалымат берүү.
IX. Кыргыз Республикасынын Эмгек,
ишке орноштуруу жана миграция министрлиги
(Бөлүмдүн аталышы КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын
9-февралындагы №85 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
эмгек инспекциясыЭмгек майыптыгы, профессионалдык оорулардан улам
келип чыккан чыгашаны жабуу боюнча жумуш берүүчүлөргө эсептерди
жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдөишке орноштуруу борбору
1. Чет өлкөлүк өнөктөр үчүн кызматкерлерди тандоого жана жиберүүгө
көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.2. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн алыскы чет өлкөлөрдө жумуш
издегендерге ишке орношууга көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №85
X. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кымбат баалуу металлдар башкармалыгы 1. Кымбат баалуу металлдардан жасалган зергердик турмуш-тиричилик буюмдарын апробирлөө жана тамга салуу. 2. Кымбат баалуу металлдардан жасалган буюмдарды, куймаларды, эри- тиндилерди техникалык экспертизалоо. 3. Пробирдик аралашмаларды даярдоо жана сатуу. 4. Именниктердин оттисктерин каттоо.
токтомунун редакциясына ылайык)XI. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлиги
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-сентябрындагы №193 токтомунун
редакциясына ылайык)Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча гидрометеоро-
логиялык маалыматтарды берүү, анын ичинде:- метеорологиялык;
- агрометеорологиялык;
- дарыя гидрологиялык;
- гидрологиялык.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды
даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борбору:- менчигинин формасына карабастан кызыкдар баардык мекемелер, жеке
жана юридикалык жактар (жеке ишкерлер) үчүн 1, 2 жана 3 - топтордогу
адистештирүү менен "суучулдук иш", "сууда сактоо иши", "дайвинг" боюнча
адистерди окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуужана аттестациялоо менен билим алганы жөнүндө аныкталган үлгүдөгү
күбөлүктөрдү жана "суучул адистин", "3, 2 жана 1-класстардагы суучулдардын"
жана суучулдук жумуштардын 1, 2 жана 3-топтору боюнча адистешүүнүн, "сууда
сактоочу" адистин -1, 2 жана 3-класстагы мастердин, "дайвинг боюнча адистин"
китепчесин берүү;- Кыргыз Республикасынын бардык суу объекттеринде кеңири спектрдеги суу
алдындагы-техникалык, авариялык-техникалык, илимий-изилдөө, издөө-куткаруу
иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, сууга түшүүгө коркунучтуу жерлерди, көлмө-
-суулардын бөлүктөрүн жана участокторун көрсөтүп туруучу буй тосмолорду жана
башка белгилерди орнотуу жана алуу;- суучулдук иштин бардык түрлөрүн медициналык камсыздоону жана коштоону
уюштуруу, суучулдук иштин адистерин реабилитациялоо.(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-сентябрындагы №193
Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция (Мамткентехкөзөмөл) 1. Кооптуу өндүрүш объектилерин курууга, кењейтүүгө, реконструкци- ялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга долбоордук документациялардын өнөр жайлык коопсуздугун экспертизалоо. 2. Кооптуу өндүрүш объектилеринде колдонулуучу техникалык түзүлмөлөрдүн өнөр жайлык коопсуздугун экспертизалоо. 3. Кооптуу өндүрүш объектилериндеги имараттардын жана курулмалар- дын өнөр жайлык коопсуздугун экспертизалоо. 4. Өнөр жайлык коопсуздук декларациясын жана кооптуу өндүрүш объ- ектилерин иштетүүгө байланышкан башка документтердин өнөр жайлык кооп- суздугун экспертизалоо. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы № 848 токтомунун редакциясына ылайык) XII. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 29-майындагы №327,
2009-жылдын 4-июлундагы №430,
2011-жылдын 19-апрелиндеги №168
токтомдорунун редакцияларына ылайык)1. Кыргыз Республикасынын жана КМШ катышуучу-өлкөлөрүнүн, мамлекеттик
органдардан башкалары, суроолору боюнча укуктук-ченемдик актыларын тандоо
жана берүү, ошондой эле компьютердик тармак аркылуу маалыматтык - укуктук
тейлөө кызматын көрсөтүү, компакт- дисктердин жана башка маалыматты
(оптикалык, магниттик ж.б.) алып жүрүүчүлөрдүн жардамы, ошондой эле кагаз
жүзүндө маалыматтарды таркатуу.2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, облустардын жана
Бишкек шаарынын юстиция башкармалыктарынан, Ош шаарынын юстиция бөлүмүнүн
архивдеринен юридикалык жактардын каттоо документтерин издөө.3. Жеке нотариус жана адвокаттар үчүн квалификациясын жогорулатуу
курстарын уюштуруу.3-1. Жеке нотариустук иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга
талапкер адамдын иш тажрыйбадан өтүүсүнүн тартибин уюштуруу.4. Мамлекеттик органдарды кошпогондо юридикалык жактарды, филиалдарды
(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо).5. Мамлекеттик органдарды кошпогондо юридикалык жактардын, филиалдардын
(өкүлчүлүктөрдүн) иштеринин токтотулушун каттоо.6. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо
(кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү.7. Мамлекеттик органдарды кошпогондо Юридикалык жактардын, филиалдардын
Сот экспертизасынын мамлекеттик борбору Сот-тергөө органдарынын тапшырмасы (жазык иштеринен башкасы) жана жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арыздары боюнча криминал- дык, инженердик-техникалык, экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү. Мамлекеттик нотариалдык конторалар 1. Справкаларды, документтердин көчүрмөсүн алуу үчүн нотариалдык документтерди жана суроолорду жөнөтүү. 2. Нотариалдык конторалардын архивдеринен документтерди издөө жана справкаларды, документтердин көчүрмөсүн жана жуп нускасын берүү. 3. Нотариалдык иштерди жүргүзүү үчүн жеке адамдардын жана юридика- лык тараптардын нотариусту чакыруусу. 4. Нотариалдык күбөлөндүрүүгө кирген документтерди компьютердик техникада даярдоо. Күрөөнү каттоо конторалары 1. Күрөөнү каттоо күбөлүгүн даярдоо жана тариздөө. 2. Күрөө жөнүндө формалдык кабарлоону даярдоо жана тариздөө. 3. Күрөө бүтүмдөрүнүн Бирдиктүү реестринен көчүрмө бланкты даярдоо жана тариздөө. 4. Күрөө жөнүндө кошумча кабарлоону даярдоо жана тариздөө. Атуулдук абалдын актыларын каттоо органдары 1. Атуулдук абалды каттоо убагы жана жери боюнча так маалыматтар жок болгон учурда актылык жазууларды издөө. 2. Атуулдук абалдын актыларын каттоо органдарынын жайларынан башка жерлерде жеке салтанаттарды уюштуруу жана жүргүзүү. 3. Арыз берүүчүнүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин атуулдук абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүндө жана Биш- кек шаарындагы никени кыюу Сарайында никелешүү боюнча салтанаттуу ырым-жырымдарды өткөрүү. 4. Никенин катталышы жок экендиги жөнүндөгү справканы берүү. XIII. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик 1. Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү жана жерге жайгаштыруу иштерин тариздөө. 2. Кыймылсыз мүлккө болгон укукту жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоо (ошол каттоо зонада жергиликтүү каттоо органы ачылганга чейин болуп келген кыймылсыз мүлккө укугунун алгачкы каттоодон сырткары) жана справкалык документтерин берүү. 3. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык паспортизациялоо. 4. Жер участоктору боюнча түзүлгөн бүтүмдөрдү тариздөө. Картографиялык-геодезиялык мамлекеттик кызмат Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча топограф- тык-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштерин жүргүзүү. "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институту Жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча жерге жайгаштыруу, жер кадастрасы боюнча долбоордук-изилдөө иштери. XIV. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жана алардын структуралык бөлүктөрү 1. Архитектуралык-пландоо жана инженердик-пландоо тапшырмаларын камсыздоо тармагында архитектуранын жана шаар куруунун областтык, шаар- дык, райондук органдарынын иштери. 2. Кезметчилик пландын схемасын аткаруу жана ага объект боюнча графикалык материалдарды түшүрүү иштери. 3. Көтөрмө курулуш уюмдарынын арызы боюнча курулуш уюмдарын жана өндүрүш жумуштарын проекттер менен камсыз кылуу. 4. Тышкы жарнаманы жайгаштыруу үчүн зарыл болгон документтерди да- ярдоого байланышкан иштер. 5. Илимий-техникалык, ченемдик, шаар куруу жана долбоордук-смета- лык документацияны экспертизалоо жана макулдашуу. 6. Жањы курулуштун, мурдагы курулган имараттардын реконструкцияла- нышына жана кайра профилденишинин сапатына мамлекеттик архитектуралык курулуштук көзөмөл жүргүзүү. 7. Курулуп бүткөн объекттерди эксплуатациялоо боюнча мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын ишин уюштуруу. XV. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттиги 1. Документтерди илимий-техникалык иштеп чыгуу. 2. Тематикалык суроолорду жана социалдык-укуктук мүнөздөгү суроо- лорду аткаруу. 3. Документтердин көчүрмөсүн берүү. 4. Жогорку мамлекеттик бийлик башкармалыгынын органдарынан сыртка- ры жеке курам боюнча документтерди сактоо. 5. Архив иштери жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча практикалык са- бактарды өткөрүү. 6. Убактылуу пайдаланууга документтерди берүү. 7. Мекемелер, уюмдар жана ишканалар үчүн иштин тармактык жана жеке номенклатурасын даярдоо. XVI. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттик 1. Улуттук музейлерде, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында болгондугу үчүн жана туристтерди, альпинисттерди, спортсмендерди алар- дын арыздары боюнча тейлөө акысы. 2. Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү. 3. Курчап турган чөйрөнүн объекттеринин абалына жана арыздар боюн- ча булгануунун булактарына лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү. 4. Келишимдик негизде экология боюнча илимий-изилдөө иштерин атка- руу. XVII. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги Персондоштурулган жана агенттиктин иштеринде каралган башка доку- менттерди (паспорт, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк, орто билими жөнүндө аттестат, жогорку билим жөнүндө диплом) даярдоо боюнча тейлөө кызматы. XVIII. Кыргыз Республикасынын Байланыш Улуттук агенттиги 1. Лицензиялоо боюнча көзөмөл иштерин жүргүзүү үчүн жылдык акы. 2. Бир жыштыкты менчиктөө үчүн радио жыштыктын спектрин колдонууда көзөмөл иштерин жүргүзүү үчүн жылдык акы. 3. Техникалык каражаттарды жана байланыш боюнча тейлөө кызматын стандартташтыруу. XIX. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 1. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органда- рына, министрликтерге, мекемелерге статистикалык, жылдык жыйнактарды бюллетендерди, докладдарды, экспресс-маалыматтарды, экономикалык сереп- терди, жазуулар жана башка билдирүүлөрдү бирден ашык экземплярдан берүү, ошондой эле жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын арызы боюнча статистикалык жана маалыматтык-эсептик иштерди аткаруу. 2. Колдонуучулардын арызы боюнча маалыматтык-справкалык тейлөө жа- на коддорду ыйгаруу. 3. Полиграфиялык иштерди жасоо. XX. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы Илимий-изилдөө иштери менен алектенген коомдук жана илимий-изилдөө жактардын жана уюмдардын суроолору боюнча архивдик материалдарды үйрөнүү, иштеп чыгуу, даярдоо (көчүрмө жасоо). XXI. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Социалдык коргоо күбөлүктөрүн кайталап берүү.
(өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалымат берүү.
XXII. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-февралындагы №85 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)