|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 19-декабры №848
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 22-августундагы № 596 «Аткаруу бийлик органдары
жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы
алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна
толуктоолорду киргизүү тууралуу
«Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 15-мартындагы № 166 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен
көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери жөнүндө» токтомуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы №
596 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү
тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү
жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары
жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып
кызмат көрсөтүүнүн реестриндеги «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлиги» деген XI бөлүм төмөнкү мазмундагы бөлүмчө
менен толукталсын:
«Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик
инспекция (Мамткентехкөзөмөл)
1. Кооптуу өндүрүш объектилерин курууга, кењейтүүгө,
реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, консервациялоого
жана жоюуга долбоордук документациялардын өнөр жайлык коопсуздугун
экспертизалоо.
2. Кооптуу өндүрүш объектилеринде колдонулуучу техникалык
түзүлмөлөрдүн өнөр жайлык коопсуздугун экспертизалоо.
3. Кооптуу өндүрүш объектилериндеги имараттардын жана курулмалардын
өнөр жайлык коопсуздугун экспертизалоо.
4. Өнөр жайлык коопсуздук декларациясын жана кооптуу өндүрүш
объектилерин иштетүүгө байланышкан башка документтердин өнөр жайлык
коопсуздугун экспертизалоо.».
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук
агенттигине жүктөлсүн (макулдашуу боюнча).
Премьер-министр Ф.Кулов