Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 16-октябры № 471

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

          М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма
           театрына "академиялык" деген статус берүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын  театралдык искусствосун өнүктүрүүгө кошкон
зор салымы үчүн жана М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма
театрынын 70 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
     1. М.Рыскулов  атындагы  Нарын  облустук  музыкалык-драма театрына
"академиялык" деген  статус  берилсин  жана  мындан  ары ал "М.Рыскулов
атындагы Нарын  облустук  академиялык музыкалык-драма театры" деп атал-
сын.
     2. "Өзгөчө коомдук мааниси бар маданият жана искусство мекемелери-
нин алдыњкы  чыгармачыл  жамааттарынын кызматкерлеринин эмгек маянасына
үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жыл-
дын 14-февралындагы № 62 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
     - көрсөтүлгөн  токтом  менен бекитилген Өзгөчө коомдук мааниси бар
маданият жана  искусство  мекемелеринин алдыњкы чыгармачыл жамааттардын
тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
     "12. М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-дра-
ма театры.".
     3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

       Премьер-министр                                   А.Атамбаев