Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2008-жылдын 15-январы № 7

Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 37, 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537,
2012-жылдын 12-январындагы № 30, 2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, 2015-жылдын 7-апрели № 200, 2015-жылдын 6-июлу № 451, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-декабрындагы № 528 "Кыргыз Республикасынын жарандарын кошумча социалдык колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2008-жылдын 1-январынан тартып социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын эсептик акчалай нормалары тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруу процессинде каражат болгон учурда чекене баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен тамак-ашка сарптоолордун акчалай нормаларын индексациялоого укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2008-жылга республикалык бюджетте тамак-аштын акчалай нормаларынын өзгөрүшүнө байланыштуу кошумча сарптоолорду карасын.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2008-жылдын 1-февралына чейин белгиленген тартипте төмөнкүлөр жөнүндө нускамаларды иштеп чыксын жана бекитсин:

- республикалык бюджеттен каржылануучу мектепке чейинки мекемелерде балдарды күтүүгө ата-энелерден төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө;

- интернат мекемелеринде балдарды күтүүгө ата-энелерден төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартиби жөнүндө.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда балдарды күтүү үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июлундагы № 310 токтомунун 3 жана 4-пункттары;

- "Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда балдарды күтүү үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-июлундагы № 310 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 9-октябрындагы № 419 токтомунун 1-пунктунун үчүнчү-төртүнчү абзацтары;

- "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31 -июлундагы № 510 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун 1-пункту;

- "Социалдык-маданий мекемелерде тамактануунун нормалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-июлундагы № 510 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-октябрындагы № 528 токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

И.Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
15-январындагы № 7 токтомуна
тиркеме

 

Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай
НОРМАЛАРЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537, 2012-жылдын 12-январындагы № 30,
2013-жылдын 10-июнундагы № 331, 2014-жылдын 21-июлундагы № 404, 2015-жылдын 7-апрели № 200, 2015-жылдын 6-июлу № 451, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 701 токтомдорунун редакциясына ылайык)

бир күнгө сом менен

┌───┬────────────────────────────────────────────────┬────────────────┐

│1. │ Балдардын тамак-ашына эсептөө нормалары:       │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│а) │балдар яслилеринде жана бакчаларда төмөнкү      │                │

│   │курактагылар үчүн:                              │                │

│   │- үч жашка чейин                                │                │

│   │9-10 саат болуучуларга                          │       13       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │12-24 саат болуучуларга;                        │       18       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │- үчтөн жети жашка чейин:                       │                │

│   │9-10,5 саат болуучуларга                        │       18       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │12 саат болуучуларга                            │       20       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │24 саат болуучуларга                            │       22       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│б) │санаторияларда, мектепке чейинки мекемелерде    │                │

│   │төмөнкү курактагы балдар үчүн:                  │                │

│   │үч жашка чейин                                  │       22       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │үчтөн жети жашка чейин                          │       28       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

2

Жалпы типтеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттарда  (санаториядан тышкары)

60

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-апрели № 200 токтомдун редакциясына ылайык)

21

Кесиптик-техникалык окуу жайларда (камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) алынган окуучуларды кошкондо)

30

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-апрели № 200 токтомдун редакциясына ылайык)

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│3. │Атайын интернаттарда жана мектептерде           │      110       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│4. │Санаториялык типтеги мектеп-интернаттарда:      │                │

│   │- мектепке чейинки курактагы балдар үчүн        │       29       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │- мектеп курагындагы балдар үчүн                │      110       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│5. │Атайын орто музыкалык жана көркөм-өнөр          │       110       │

│   │мектептеринин алдындагы мектеп-интернаттарда    │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │- Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын   │       150      │

│   │  орто музыкалык мектеп - интернаты үчүн        │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│6. │Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн         │       65       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │- бардык типтеги                                │      110       │

│   │  мектеп-интернаттардагы багуусуз (камкордуксуз)│                │

│   │  жетим балдар үчүн                             │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

7

Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуган жетим балдар үчүн;

50

 

Башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана реабилитациялык топтордогу окуучулары үчүн;

110

 

 

Жайкы ден соолукту чыңдоочу, эс алуу мезгилинде Ош шаарындагы "Барчын" санаторий-профилакторийинде жана Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейинин базасында башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетим балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана башка социалдык жактан аялуу категориялардагы окуучулары үчүн.

200

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-июлу № 451 токтомдун редакциясына ылайык)

 

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│8. │Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу │      160       │

│   │жайы үчүн                                       │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┴────────────────┤

│   │(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 537 токтомунун       │

│   │ редакциясына ылайык күчүн жоготту)                              │

├───┼────────────────────────────────────────────────┬────────────────┤

│   │Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиялык окуу│       213      │

│   │жайы үчүн                                       │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│9. │Багууда (камкордукта) турган студенттер жана    │       18       │

│   │окуучулар үчүн (окуу процессинин мезгилинде)    │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│10.│Олимпиадаларды, слетторду, жыйындарды,          │                │

│   │кароолорду, конкурстарды жана башка иш-чараларды│                │

│   │өткөрүүдө спортсмендер жана катышуучулар үчүн:  │                │

│   │- спортсмендер үчүн (орточо)                    │       83       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │- башка катышуучулар жана калыстар үчүн         │       55       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│11.│Мелдештердин жана мелдештерге даярдануу боюнча  │                │

│   │окутуу-машыктыруучу жыйындардын катышуучулары   │                │

│   │жана спортсмендер үчүн:                         │                │

│   │- райондук спорттук мелдештер (бардык           │       68       │

│   │  катышуучулар жана калыстар үчүн)              │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │- облустук спорттук иш-чаралар (бардык          │       90       │

│   │  катышуучулар жана калыстар үчүн)              │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │- республикалык спорттук иш-чаралар, мамлекеттер│                │

│   │  аралык мелдештерге даярдоого байланыштуу      │                │

│   │  атайын жыйындар, мамлекеттик спорттук         │                │

│   │  иш-чаралар:                                   │                │

│   │спортсмендер үчүн                               │      109       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │башка катышуучулар үчүн                         │       83       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │- эл аралык мелдештерге, эл аралык спорттук     │                │

│   │  иш-чараларга даярдоо боюнча окутуу-машыктыруу │                │

│   │  жыйындар:                                     │                │

│   │спортсмендер үчүн                               │      250       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │башка катышуучулар жана калыстар үчүн           │      210       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │- мамлекеттик жана эл аралык спорттук           │                │

│   │  мелдештерге баруучу окутуу-машыктыруу         │                │

│   │  жыйындарга катышуучу-спортсмендер төмөнкүлөр  │                │

│   │  менен камсыздалат:                            │                │

│   │фармакологиялык калыбына келтирүү каражаттары   │      120       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │витаминдер жана белок-глюкоза препараттары      │      145       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│12.│Саламаттык сактоо мекемелери үчүн               │  41ден аз эмес │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│13.│Балдар үйү үчүн                                 │       50       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│14.│Тамак-аштын эсептик нормалары:                  │                │

│   │улгайган майыптар үчүн жалпы типтеги            │       55       │

│   │үй-интернаттарында                              │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │чоң кишилер үчүн психоневрологиялык             │       55       │

│   │үй-интернаттарында                              │                │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │балдар үчүн                                     │       65       │

├───┼────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤

│   │Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо  │       45       │

│   │жана реабилитациялоо борборунун стационарынын   │                │

│   │майыптары үчүн                                  │                │

└───┴────────────────────────────────────────────────┴────────────────┘

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

М.Исмаилов