Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\d86e3e99-2219-4bbf-8973-ebd5b11e5b31\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2008-жылдын 23-январындагы № 22

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз
 алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө

 (КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617, 2009-жылдын 29-декабрындагы № 814,
2012-жылдын 16-августундагы № 5682013-жылдын 2-октябрындагы № 543, 2014-жылдын 22-октябры № 609
 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттарын андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жана иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кенже персоналдын (ТКП) кызмат маяналары № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлерге төмөнкүлөр төлөнө тургандыгы белгиленсин:

- календардык жылдын аягында - эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;

3-пункттун экинчи абзацына карата КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы N 543 токтомунун 2-пунктун караңыз

- отпускага чыкканда - эмгек акынын эки айлык фонду өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого пособие.

31. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлерге ишинин сапаты жана натыйжасы үчүн дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин.

Аталган дем берүүчү төлөөлөр кызматкердин эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө ишинин жарым жылдык жана жылдык жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.

 (КР Өкмөтүнүн  2014-жылдын 22-октябры № 609 токтомунун редакциясына ылайык)

4. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акы шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 839 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүн жана укук коргоо органдарын тейлөөдө иштеген кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизишсин.

6. Бул токтом 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И. Чудинов

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-январындагы № 22
токтомуна № 1 тиркеме

 

 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз аллынча башкаруу
 органдарын техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары

 

 (КР Өкмөтүнүн
      2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617, 2009-жылдын 29-декабрындагы № 814,
2012-жылдын 16-августундагы № 5682013-жылдын 2-октябрындагы № 543
токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Инженерлердин, инженер-программисттердин жана администрациялык-чарба бөлүмүнүн башчысынын кызмат маянасы адистин кызмат маянасынын деңгээлинде белгиленет.

2. Секретарь-жетекчинин, чарба башчысынын, машина бюросунун башчысынын жана көчүрүп-көбөйтүүчү бюро башчысынын кызмат маяналары адистин кызмат маянасынан 10 процентке төмөн белгиленет.

3. Иш кагаздарын жүргүзүүчүнүн, архивариустун, коменданттын, кампа башчысынын, секретарь-машинистканын, стенографисттин, диктофон кызматынын машинисткасынын, көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөөчү машинанын (ЭЭМ), жеке эсептөөчү машинанын (ЖЭМ) оператору, телефонисттин жана лаборанттын кызмат маяналары адистин кызмат маянасынан 15 процентке төмөн белгиленет.

 (КР Өкмөтүнүн  2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617, 2009-жылдын 29-декабрындагы № 814,
2012-жылдын 16-августундагы № 568  токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Эскертүү: Адистин кызматтык маянасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

КР Өкмөтүнүн 2008.10.11 № 617 токтомуна ылайык 4-пункт менен толукталган

КР Өкмөтүнүн 2013.02.10. № 543 токтомуна ылайык 4-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караныз)

4. Башкы бухгалтерлердин кызмат маянасы сектор башчынын деңгээлинде, ал эми бир эле мезгилде ведомстволук мекемелердин эсеби жана отчеттуулугу менен иштеген башкы бухгалтерлердики - башкарманын курамындагы бөлүм башчынын (начальниктин), башкармалык жок учурунда - өз алдынча бөлүмдөрдүн башчыларынын деңгээлинде белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн  2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617, 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543
токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4-1. Бухгалтерлердин кызматтык маяналары жетектөөчү адистердин деңгээлинде белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн  2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Кассирлердин кызмат маянасы адистин кызмат маянасынын деңгээлинде белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн  2008-жылдын 10-ноябрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

М. Исмаилов

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-январындагы № 22
токтомуна № 2 тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз
 алдынча башкаруу органдарын  техникалык тейлөөчү кызматкерлерге
иштеген жылдары үчүн үстөк

 

Иш стажы

Проценттер

Бирден үч жылга чейин

5

Үчтөн беш жылга чейин

10

Бештен он жылга чейин

15

Ондон он беш жылга чейин

20

Он бештен жыйырма жылга чейин

25

Жыйырмадан жыйырма беш жылга чейин

30

Жыйырма беш жылдан жогору

40

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

М. Исмаилов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-январындагы № 22
токтомуна № 3 тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
 органдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары

 

 (КР Өкмөтүнүн
       2009-жылдын 29-декабрындагы № 8142013-жылдын 2-октябрындагы № 543
токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

Кызматтардын аталышы

Кызматтык маянасы (сом менен)

1.

Автобустун, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу

4200

2.

Транспорттук-жыйноочу унаалардын, электр жана автоарабанын айдоочусу

3000

3.

Уста, сантехник, слесарь, электрик

3000

4.

Документтерди мукабалоочу

2700

5.

Короо тазалоочу, бакчы

2700

6.

Гардеробчу, кароолчу (вахтер), лифтер, от жагуучу, кастелянша, курьер, кампачы

2500

7.

Имараттарды тейлөө жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн жумушчу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, кызматтык жайларды, аймактарды тазалагыч

2500

 

Эскертүү:

1. Автоунаалардын айдоочуларына ченемге салынбаган жумушчу күн үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянасынын өлчөмүнөн 25 пайыз өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.

2. Кароолчуга түнкү убакта иштегендиги үчүн сааттык тарифтик коюм өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндө кошумча акы төлөө белгиленет.

3. Тиешелүү кызматтык маянасынын өлчөмүнөн кесиптик чеберчилиги үчүн 4-разряддагы жумушчуларга - 15 пайыз, 5-разряддагыларга - 20 пайыз жана 6-разряддагыларга - 25 пайыз дифференцияланган үстөк акы белгиленет.

4. Жеңил автоунаанын айдоочусунун кызматтык маянасы адистин кызматтык маянасынан 15 пайызга кем белгиленет.

5. Кызматтык имараттарды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маяналарына 25 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк акы белгиленет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

М. Исмаилов