Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском
 
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 10-апрели № 143

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

                 Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" 
                        улуттук борбору жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-июнундагы № 287 "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборуна "улут- тук" статусун ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык жана мектептен тышкар- кы, кошумча билим берүүнү андан ары өнүктүрүү жана өсүп бараткан муунду тарбиялоодо балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунун ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы- лат: 1. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин. 2.(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык

күчүн жоготту)

3.(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык

күчүн жоготту)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк- мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл- сүн. Премьер-министр И.Чудинов