|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789
токтому менен киргизилген
өзгөртүүлөр 2017-жылдын
12-февралынан тартып күчүнө кирет
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 789 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул тартип “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-пунктуна ылайык социалдык жактан маанилүү товарлардын (мындан ары - товарлар) бааларынын өсүү темпин токтотуп туруу, калктын социалдык аялуу катмары үчүн экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.
1. Бул Тартиптин жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Тизмедеги товарларга колдонулат.
2. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизген күндөн баштап аны колдонуу мөөнөтү аяктаганча чейин колдонулат.
Бул Тартипте кийинки аныктамалар колдонулат:
- импортчу – социалдык маанилүү товарларды чет өлкөдөн сатып алып андан ары сатуу үчүн Кыргыз Республикасына ташып келген чарбакер субъект же жеке ишкер;
- калькуляция - товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар статьясында көрсөтүлгөн товар бирдигинин наркы жана экономикалык негизделген бааларды аныктоо үчүн болжолдонгон киреше;
- азык-түлүк товарларына болгон өткөрүү-дүң баасы - ишкердикте колдонуу максатында өндүрүлгөн же импорттолгон товарга өндүрүүчү же дүң берүүчү белгилеген баа;
- дүң соода үстөгү – андан ары сатуу үчүн алынган товардын мурдагы баасына ортомчунун кошкон кошумчасы;
ортомчу – максаты соода операцияларын ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү болуп эсептелген, товарды сатуу системасында өндүрүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда турган чарбакер субъект же жеке ишкер;
- толук өздүк нарк – коммерциялык сарптоолорду кошуу менен бардык чыгымдардын жыйындысы;
- өнөр жай товарларынын дүң-өткөрүү баасынын чектик деңгээли - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өнөр жай товарларынын өткөрүү-дүң баасынын максималдуу чоңдугу;
- өнөр жай товарларынын чекене баасынын чектик деңгээли – чекене тармактан сатуу үчүн өнөр жай товарларынын бааларынын максималдуу чоңдугу;
өндүрүүчү - социалдык жактан маанилүү товарларды түзгөн чарбакер субъект же жеке ишкер;
- товарлардын чекене баасы - чекене тармактан сатуу үчүн арналган товарларга коюлган баа;
- чекене соода үстөгү - чекене соода жүргүзүүдө мурдагы баага кошумча;
- товарды-коштоочу документтер – товардын кыймылынын бүтүндөй жолунда товардын партияларын идентификациялоо үчүн зарыл жана жетишээрлик маалыматты камтыган документтер;
- ыйгарым укуктуу органдар – текшерүүнү ишке ашырууга ыйгарым укук алган аткаруу бийлигинин органдары.
5. Азык- түлүк товарларынын дүң-өткөрүү баалары даярдалган жана/же сатылуучу товардын ар бирине өз алдынча өндүрүүчү же импортер тарабынан белгиленет.
6. Ата мекендик азык-түлүк товарларынын дүң-өткөрүү баалары төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибине ылайык эсептелген товардын толук өздүк наркы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген рентабелдүүлүктүн чектик деңгээли;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык салыктар.
7. Импорттук азык-түлүк товарларынын дүң-өткөрүү баалары төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын келишим түзүлгөн күнгө карата курсу боюнча улуттук валюта менен сатып алуу баасы;
- продукцияны бажылык тариздөө үчүн импорттук бажы алымына (импорттук алымдарды алууга жаткан товарлар боюнча) белгиленген жыйымдар (төлөмдөр);
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык салыктар;
- азык-түлүк товарларын ташуу боюнча чыгымдар.
8. Ортомчу аркылуу жеткирилген азык-түлүк товарларынын дүң-өткөрүү бааларын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген соода үстөгүнөн башка кошумча дүң соода үстөгүн колдонууга жол берилбейт.
9. Ортомчулар аркылуу жеткирилген товардын дүң-өткөрүү баасы жана дүң-өткөрүү баасынын чектик деңгээли Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өндүрүүчүнүн азык-түлүк товарларынын дүң-өткөрүү баасынын жана дүң соода үстөгүнүн негизинде түзүлөт.
10. Ортомчулар аркылуу жеткирилген азык-түлүк товарларынын дүң-өткөрүү бааларын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленгенден артыкча кошумча дүң соода үстөгүн кошууга жол берилбейт.
11. Өндүрүүчү же импортердун азык-түлүк товарларынын дүң-өткөрүү баасы товарды жеткирүү келишиминде жана товарды-коштоочу документтерде көрсөтүлөт.
12. Ортомчу аркылуу азык-түлүк товарларын жеткирүүдө товарды-коштоочу документтерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өндүрүүчү же импортердун, дүң соода үстөгүнүн көлөмү жана ортомчунун дүң-өткөрүү баасы көрсөтүлүшү керек.
13. Өнөр жай товарларынын чектик дүң-өткөрүү баасы өндүрүүчү тарабынан берилген эсептердин негизинде республиканын ар бир аймагын бөлүп көрсөтүү менен өнөр жай товарларынын ар бир түрүнө мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан белгиленет.
14. Өнөр жай товарларынын товарларынын дүң-өткөрүү баалары төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибине ылайык эсептелген өнөр жай товарларынын толук өздүк наркы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген рентабелдүүлүктүн чектик деңгээли;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык салыктар.
15. Ортомчу аркылуу жеткирилген өнөр жай товарларынын дүң-өткөрүү баалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өнөр жай товарларынын дүң-өткөрүү бааларынын чектик деңгээлинин жана дүң соода үстөгүнүн негизинде түзүлөт.
16. Ортомчулар аркылуу жеткирилген өнөр жай товарларынын дүң-өткөрүү бааларын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленгенден артыкча кошумча дүң соода үстөгүн кошууга жол берилбейт.
17. Өндүрүүчү же импортердун өнөр жай товарларынын дүң-өткөрүү баасы товарды жеткирүү келишиминде жана товарды-коштоочу документтерде көрсөтүлөт.
18. Ортомчу аркылуу өнөр жай товарларын жеткирүүдө товарды-коштоочу документтерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү өнөр жай товарларынын дүң-өткөрүү баасынын чектик деңгээли жана дүң соода үстөгү жана ортомчунун дүң-өткөрүү баасы көрсөтүлүшү керек.
19. Азык-түлүк товарларына чекене баалар керектөөчүгө товарларды саткан чарбакер субъект же жеке ишкер тарабынан азык-түлүк товарларынын өндүрүүчүсү же импортердун дүң-өткөрүү баасынын же болбосо ортомчунун дүң-өткөрүү баасынын жана чекене соода үстөгүнүн негизинде белгиленет.
20. Чекене соода үстөгүнүн көлөмү товарларды саткан чарбакер субъект же жеке ишкер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү соода үстөгүнүн көлөмүнөн ашпаган товарды сатуу менен байланышкан чыгымдардын негизинде аныкталат.
21. Азык-түлүк товарларынын чекене баалары керектөөчүгө товарларды саткан чарбакер субъекттин же жеке ишкердин чекене баалар боюнча эсеп китебинде ушул Тартиптин тиркемесине ылайык катталат.
22. Өнөр жай товарларынын чектик чекене баасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү керектөөчүгө товарларды саткан чарбакер субъекттер же жеке ишкерлер үчүн өндүрүүчү же импортердун дүң-өткөрүү баасынын же болбосо ортомчунун дүң-өткөрүү баасынын, транспорттук чыгымдардын жана чекене соода үстөгүнүн негизинде республиканын ар бир аймагын бөлүп көрсөтүү менен өнөр жай товарларынын ар бир түрүнө мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан белгиленет.
23. Өнөр жай товарларынын чекене баасынын чектик деңгээли ченемдик укуктук актылар аркылуу керектөөчүлөрдүн өзүнчө категориясы үчүн жеңилдиктер берилген учурлардан сырткары, бардык керектөөчүлөр үчүн бирдей болуп эсептелет.
24. Өнөр жай товарларынын чекене баалары керектөөчүгө товарларды саткан чарбакер субъекттин же жеке ишкердин чекене баалар боюнча эсеп китебинде ушул Тартиптин тиркемесине ылайык катталат.
25. Ушул Тартипти аткарбаган учурда, товарды өндүргөн, жеткирген, же саткан чарбакер субъект же жеке ишкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте административдик жоопкерчиликке тартылышат.
|
|
|
Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына дүң- өткөрүү
жана чекене бааларды түзүү жана колдонуу тартибине |
|
|
|
20__-жылдын "____" _________ N _______ |
__________________________________________________________________
(Чекене
бааларды каттоочу чарбакер субъекттин же жеке ишкердин аталышы)
Чекене
баалар
китеби
_____________________________________
(товардын
аталышы)
|
N |
Товардын аталышы жана кыскача мүнөздөмөсү |
Партиянын көлөмү |
Макулдашылган дүң (өткөрүү) баасы (сом) |
Ортомчунун дүң соода үстөгү (%) |
Ортомчунун өткөрүү баасы (сом) |
Соода үстөгүнүн өлчөмү (%) |
Продукция бирдиги үчүн чекене баа, сом |
|
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
8 |
|
Сатуучу |
|
Колу |
|
|
|
Күнү-айы |