Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫК КОДЕКСИ

II БӨЛҮК

1998-жылдын 5-январы № 1

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2000-жылдын 18-январындагы № 24, 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2004-жылдын 11-мартындагы № 20, 2005-жылдын 4-июлундагы № 94, 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2008-жылдын 8-майындагы № 80, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215, 2009-жылдын 30-мартындагы № 104, 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2011-жылдын 10-июнундагы № 35, 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2013-жылдын 30-майындагы № 85, 2013-жылдын 24-июлундагы № 162,
2013-жылдын 3-августундагы № 186,
2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2014-жылдын 3-июлундагы № 111, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 24-июлундагы № 191, 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 9-мартындагы № 42, 2017-жылдын 10-майындагы № 79, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2018-жылдын 21-июнундагы № 61, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 , 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100 , 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 49, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР 1998-жылдын 5-январындагы № 2 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)

КР Граждандык Кодексинин I БӨЛҮГҮН дагы караңыз

 

I БӨЛҮК

IV БӨЛҮМ
МИЛДЕТТЕНМЕНИН АЙРЫМ ТҮРЛӨРҮ

23-Глава
Соода-сатык

§1. Соода-сатык жөнүндө жалпы жоболор

 

415-статья. Соода-сатык келишими

 

1. Соода-сатык келишими боюнча тараптардын бири (сатуучу) товарды башка тараптын (сатып алуучунун) менчигине берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу ушул товарды кабыл алууга жана ал үчүн белгилүү акча суммасын (баасын) төлөөгө милдеттенет.

2. Эгерде мыйзамда баалуу кагаздарга жана валюта байлыктарына карата соода-сатыктын атайын эрежелери белгиленбесе, аларды сатууга ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

3. Ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган учурларда, товарлардын айрым түрлөрүн сатып алуунун жана сатуунун өзгөчөлүктөрү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

4. Эгерде мүлк укуктарынын мазмунунан же ушул укуктардын мүнөзүнөн башка эч нерсе келип чыкпаса, ал укуктарды сатууга карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

5. Эгерде ушул Кодекстин эрежелеринде соода-сатык келишиминин айрым түрлөрү (чекене соода-сатык, товар тапшыруу, энергия менен жабдуу, ишкананы сатуу) жөнүндө башка эч нерсе каралбаса, келишимдин ушул түрлөрүнө карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

 

416-статья. Соода-сатык келишиминин формасы

 

1. Кыймылсыз мүлк объекттеринин сатуу-сатып алуу келишими жазуу жүзүндө түзүлөт, мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.

2. Кыймылсыз мүлк объектилеринин соода-сатык келишими ушул Кодекстин 25-статьясына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

417-статья. Товар жөнүндө келишимдин шарты

 

1. Соода-сатык келишими боюнча ушул Кодекстин 23-статьясынын эрежелери алганда, сак ар кандай буюмдар товар болушу мүмкүн.

2. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе же товардын мүнөзүнөн башкача келип чыкпаса, келишим түзүү учурунда сатуучуда болгон товарды, ошондой эле келечекте сатуучу тарабынан түзүлүшү же сатып алынышы мүмкүн болгон товарга соода-сатык келишими түзүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде товар жөнүндө соода-сатык келишими товардын аталышын жана санын аныктоого мүмкүндүк берсе, ал келишимдин шарттары макулдашылды деп эсептелет.

 

418-статья. Сатуучунун товарды өткөрүп берүү боюнча милдеттери

 

1. Сатуучу соода-сатык келишиминде каралган товарды сатып алуучуга өткөрүп берүүгө тийиш.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатуучу сатып алуучуга буюмдарды берүү менен бир эле учурда, ага тиешелүү нерселерди, ошондой эле мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде каралган анын документтерин (техникалык паспортту, сапат сертификатын, пайдалануу боюнча нускоону жана башкаларды) өткөрүп берүүгө милдеттүү.

 

419-статья. Товарды өткөрүп берүү милдеттерин аткаруу мөөнөтү

 

1. Сатуучунун сатып алуучуга товарды өткөрүп берүү милдетинин аткарылышынын мөөнөтү соода-сатык келишими менен аныкталат, эгерде келишим ушул мөөнөттү аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда мөөнөт ушул Кодекстин 305-статьясында каралган эрежелерге ылайык аныкталат.

2. Эгерде келишимде анын аткарылышынын мөөнөтү бузулганда сатып алуучунун келишимге карата кызыкчылыгын жогото тургандыгы ачык көрүнүп турса, соода-сатык келишими аны так белгиленген мөөнөткө чейин аткаруу шарты менен түзүлдү деп табылат.

Мындай келишимде аныкталган мөөнөт жеткенге чейин же андан кийин жана сатып алуучу келишимди аткаруудан баш тартпаган учурда сатуучу ал келишимди аткарууга укуксуз.

 

420-статья. Сатуучунун товарды өткөрүп берүүгө милдеттерди аткаруу учуру

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучуга товарды берүү боюнча сатуучунун милдеттери төмөнкүдөй учурда:

эгерде келишимде товарды жеткирүү боюнча сатуучунун милдети каралса, сатып алуучуга же ал көрсөткөн жакка товар тапшырылганда;

эгерде сатып алуучуга же ал көрсөткөн жакка товар өзү турган жеринде берилүүгө тийиш болсо, товар сатып алуучунун карамагына өткөрүлгөндө аткарылды деп эсептелет.

Келишимде каралган мөөнөткө чейин товар тиешелүү жерде өткөрүп берүүгө даяр болгондо жана сатып алуучу келишимдин шарттарына ылайык товар өткөрүп берүүгө даяр экендиги жөнүндө билсе, ал сатып алуучунун карамагына берилди деп эсептелет. Эгерде товар марка коюу жолу менен же башкача түрдө келишимдин максатына шайкеш келтирилбесе, ал берүүгө даяр эмес деп табылат.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, соода-сатык келишиминен сатып алуучуга товарды жеткирүү же товарды ал турган жеринде өткөрүп берүү боюнча сатуучунун милдети келип чыкпаган учурда, сатып алуучуга товарды берүү боюнча сатуучунун милдети сатып алуучуга жеткирүү үчүн товарды ташуучуга же байланыш уюмуна тапшырылган учурда аткарылды деп эсептелет.

 

421-статья. Сатылган мүлктү сактоо боюнча сатуучунун милдети

 

1. Менчиктөө укугу (чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугу) мүлктү берүүдөн мурда сатып алуучуга өткөн учурда, сатуучу мүлктү бергенге чейин анын начарлашына жол бербестен мүлктү сактоого тийиш.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, сатып алуучу сатуучунун ушулар үчүн зарыл болгон сарптоолорунун ордун толтурууга милдеттүү.

 

422-статья. Товардын капыстан жок болуу тобокелинин башкача өтүшү

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, товардын капысынан жок болушунун же капысынан бузулушунун тобокели мыйзамга же келишимге ылайык сатуучу сатып алуучуга товарды берүү боюнча өз милдетин аткарды деп эсептелген учурдан тартып, сатып алуучуга өтөт.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде же иштиктүү карым-катнаштын каада-салтында башкача каралбаса, берилген товардын жолдо келатканда капысынан жок болушунун же капысынан бузулушунун тобокели мындай келишим түзүлгөн учурдан тартып сатып алуучуга өтөт.

3. Эгерде келишим түзүлгөн учурда сатуучу товар жок болгондугун же бузулгандыгын билсе же билүүгө тийиш болсо жана ушул жөнүндө сатып алуучуга кабарлабаса, товар алгачкы ташуучуга берилген учурдан тартып товардын капысынан жок болушунун же капысынан бузулушунун тобокели сатып алуучуга өтө тургандыгы жөнүндө келишим шарты сатып алуучунун талабы боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

 

423-статья. Сатуучунун товарды укуктан эркин болгон үчүнчү жактарга берүүгө милдети

 

1. Сатып алуучу үчүнчү жактардын укугу бар товарды сатып алууга макул болгондон башка учурларда, сатуучу товарды укуктан эркин болгон ар кандай үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү.

Эгерде сатып алуучу ушул товарга үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө билгендиги же билүүгө тийиш экендиги далилденбесе, жогорку эрежени аткарбай коюу сатып алуучуга сатып алуу баасын төмөндөтүүнү же соода-сатык келишимин бузууну талап кылуу укугун берет.

2. Эгерде төмөндөгүдөй дооматтар белгиленген тартипте кийинчерээк укукка ылайык деп табылса, ушул статьяда каралган эрежелер товар сатып алуучуга берилген учурга карата сатуучуга белгилүү болбогон үчүнчү жактардын дооматы бар болгон товарга карата да колдонулат.

 

424-статья. Товарды алып коюу жөнүндө доо коюлган учурда сатып алуучу менен сатуучунун милдеттери

 

1. Эгерде келишим аткарылганга чейин келип чыккан негиз боюнча үчүнчү жак сатып алуучуга товарды алып коюу жөнүндө доо койсо, сатып алуучу сатуучуну ишке катышууга тартууга, ал эми сатуучу ушул иште сатып алуучу тарапта болууга милдеттүү.

2. Эгерде сатуучу ишке катышса ал сатылган товар сатып алуучудан алып коюлушун четтете алмактыгын далилдесе, сатып алуучу сатуучуну ишке катышууга тартпашы сатуучуну сатып алуучунун алдындагы жоопкерчиликтен бошотот.

3. Сатып алуучу тарабынан ишке катышууга тартылган, бирок ага катышпаган сатуучу сатып алуучу ишти туура эмес жүргүзгөндүгүн далилдөө укугунан ажыратылат.

 

425-статья. Товар сатып алуучудан алып коюлган учурда сатуучунун жоопкерчилиги

 

Келишим аткарылганга чейин келип чыккан негиздер боюнча үчүнчү жактар сатып алуучудан товарды алып койгон учурда сатуучу сатып алуучуга ал тарткан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү, буга сатып алуучу андай негиздер бар экендиги жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон учурлар кирбейт.

 

426-статья. Сатуучу товарды берүүдөн баш тартышынын кесепеттери

 

Эгерде сатуучу сатылган товарды сатып алуучуга берүүдөн баш тартса, сатып алуучу сатылган товар ага берилишин жана соода-сатык келишиминин аткарылышын создуктуруудан улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга, же соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга жана чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

427-статья. Товарга тиешелүү нерселерди жана документтерди берүү милдетин аткарбай коюунун кесепеттери

 

Эгерде сатуучу мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же соода-сатык келишимине (418-статьянын 2-пункту) ылайык берүүгө тийиш болгон товарга тиешелүү нерселерди же документтерди сатып алуучуга бербесе же берүүдөн баш тартса, сатып алуучу алардын берилишинин ыңгайлуу мөөнөтүн дайындоого укуктуу.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучу товарга тиешелүү нерселерди же документтерди көрсөтүлгөн мөөнөттө бербеген учурда сатып алуучу товардан жана акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнүп калган учурда төлөнгөн акча суммасы кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

 

428-статья. Товардын саны

 

1. Сатып алуучуга тиешелүү товардын саны соода-сатык келишиминин чен өлчөмүндө же акча түрүндө белгиленет. Товардын саны жөнүндөгү шарт аны аныктоонун тартибин келишимде белгилөө жолу менен макулдашылышы мүмкүн.

2. Эгерде соода-сатык келишими берилүүчү товардын санын аныктоого мүмкүндүк бербесе, келишим түзүлгөн жок деп эсептелет.

 

429-статья. Товардын саны жөнүндө келишимдин шарттарын бузуунун кесепети

 

1. Эгерде сатуучу соода-сатык келишиминин шарттарын бузуу менен сатып алуучуга келишимде аныкталгандагыдан аз сандагы товарды берсе, эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу жетпеген сандагы товарды талап кылууга, же берилген товардан жана ага акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми товарга акы төлөнгөн болсо, төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде сатуучу сатып алуучуга соода-сатык келишиминде көрсөтүлгөндөн ашык сандагы товарды берсе, сатып алуучу ушул Кодекстин 446-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте ушул жөнүндө сатуучуга кабарлоого милдеттүү. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучу сатып алуучунун билдирүүсүн алгандан кийин шарты келген мөөнөттө товардын тиешелүү бөлүгүн тескебесе, сатып алуучу бүт товарды кабыл алууга укуктуу.

3. Сатып алуучу соода-сатык келишиминде көрсөтүлгөндөн ашык сандагы товарды кабыл алган учурда (ушул статьянын 2-пункту), эгерде тараптардын макулдашуусунда башка баа белгиленбесе, кошумча кабыл алынган товар келишимге ылайык кабыл алынган товар үчүн аныкталган баа боюнча төлөнөт.

 

430-статья. Товардын ассортименти

 

1. Эгерде соода-сатык келишими боюнча түрү, модели, өлчөмү, түсү же башка белгилери (ассортименти) боюнча белгилүү катыштыктагы товарлар берилүүгө тийиш болсо, сатуучу сатып алуучуга тараптар макулдашкан ассортименттеги товарларды берүүгө тийиш.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде ассортимент аныкталбаса жана келишимде аны аныктоо тартиби белгиленбесе, бирок милдеттенменин маңызынан сатып алуучуга товарлар ассортиментте берилүүгө тийиш экендиги келип чыкса, сатуучу келишим түзүлгөн учурда сатуучуга белгилүү болгон сатып алуучунун керектөөлөрүнө таянуу менен ассортименттеги товарларды сатып алуучуга берүүгө же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

431-статья. Товардын ассортименти жөнүндөгү келишимдин шарттарын бузуунун кесепеттери

 

1. Сатуучу соода-сатык келишиминде каралган товарларды келишимге ылайык келбеген ассортиментте берсе, сатып алуучу аларды кабыл алуудан жана акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнгөн учурда төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде сатуучу сатып алуучуга соода-сатык келишимине ылайык келген ассортименттеги товарлар менен катар, ассортимент жөнүндөгү шарттарды бузган товарларды берсе, сатып алуучу төмөнкүлөрдү тандап алууга укуктуу:

ассортимент жөнүндө шартка ылайык келген товарларды кабыл алууга жана калган товарлардан баш тартууга;

берилген бардык товарлардан баш тартууга;

ассортимент жөнүндө шартка ылайык келбеген товарлар келишимде каралган ассортименттеги товарлар менен алмаштырылышын талап кылууга;

берилген бардык товарларды кабыл алууга.

3. Ассортименти соода-сатык келишиминин шарттарына ылайык келбеген товарлардан баш тартылганда же ассортимент жөнүндө шартка ылайык келбеген товарларды алмаштыруу жөнүндө талап коюлганда, сатып алуучу ошондой эле ушул товарларга акы төлөөдөн баш тартууга, ал эми аларга акы төлөнгөн учурда төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде сатып алуучу соода-сатык келишиминин ассортимент жөнүндө шартына ылайык келбеген товарларды алгандан кийин өзү товардан баш тарткандыгы жөнүндө сатуучуга ылайыктуу мөөнөттө билдирбесе, алар кабыл алынды деп эсептелет.

5. Эгерде сатып алуучу ассортименти соода-сатык келишимине ылайык келбеген товарлардан баш тартпаса, ал ушуларга сатуучу менен макулдашылган баа боюнча акы төлөйт. Сатуучу ыңгайы келген мөөнөттө бааны макулдашуу боюнча зарыл чара көрбөсө, сатып алуучу келишим түзүлгөн учурда салыштырмалуу кырдаалдарда ушундай товарлар үчүн демейде алынган баа боюнча товарларга акы төлөйт.

6. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, ушул статьянын эрежелери колдонулат.

 

432-статья. Товардын сапаты

 

1. Сатуучу сатып алуучуга сапаты соода-сатык келишимине ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

2. Келишимде товардын сапаты жөнүндө шарт болбогон учурда сатуучу сатып алуучуга мындай товар демейде колдонулган максатка жарактуу товарды берет.

Эгерде сатуучу соода-сатык келишимин түзүү учурунда сатып алуучу тарабынан товарды сатып алуунун конкреттүү максаттары жөнүндө маалымдар болсо, сатуучу сатып алуучуга ошол максатка ылайык пайдаланууга жарактуу товарды берүүгө милдеттүү.

3. Товарды үлгүсү жана (же) сыпаттамасы боюнча сатууда сатуучу сатып алуучуга үлгүгө жана (же) сыпаттамага ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте сатылып жаткан товардын сапатына милдеттүү талаптар каралса, анда ишкердик кылган сатуучу сатып алуучуга ушул милдеттүү талаптарга ылайык товарларды берүүгө милдеттүү.

Сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзамда каралган тартипте белгиленген милдетүү талаптарга салыштырганда жогорку талаптарга ылайыктуу товар берилиши мүмкүн.

 

433-статья. Товардын сапатынын гарантиясы

 

1. Эгерде сатуучу сатып алуучуга берүүгө милдеттүү болгон товар аны берип жаткан учурда ушул Кодекстин 432-статьясында каралган талаптарга ылайык келишин аныктоонун башкача учуру соода-сатык келишиминде каралбаса, товар мындай талаптарга ылайык келүүгө тийиш жана ылайыгы келген мөөнөттө мындай түрдөгү товар демейде пайдаланылган максатка жарактуу болууга тийиш.

2. Соода-сатык келишиминде сатуучу товардын сапатынын гарантиясын бере тургандыгы каралган учурда, сатуучу сатып алуучуга келишимде белгиленген убакыттын (гарантия мөөнөтүнүн) ичинде ушул Кодекстин 432-статьясында каралган талапка ылайык келүүгө тийиш болгон товарды берүүгө милдеттүү.

3. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, товардын сапатынын гарантиясы анын бөлүгүн түзгөн бардык нерселерге (комплект буюмдарга) да жайылтылат.

 

434-статья. Гарантия мөөнөтүн эсептөө

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, гарантия мөөнөтү товар сатып алуучуга берилген учурдан тартып (420-статья) эсептелет.

2. Эгерде сатып алуучу сатуучуга байланыштуу болгон кырдаалдардан улам келишимде гарантия мөөнөтү белгиленген товарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса, анда сатуучу тиешелүү кырдаалдарды жойгонго чейин гарантия мөөнөтү башталбайт.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, гарантия мөөнөтү ушул Кодекстин 446-статьясында белгиленген тартипте сатуучуга товардын кемчиликтери жөнүндө кабарландырылган шартта товардан табылган кемчиликтердин айынан ал пайдаланылышы мүмкүн болбогон убакытка узартылат.

3. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, комплект буюмдарына гарантия мөөнөтү негизги буюмдун гарантия мөөнөтүнө барабар болот жана негизги буюмдун гарантия мөөнөтү менен бирдей учурда өтө баштайт.

4. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, гарантия мөөнөтүнүн ичинде кемчилиги табылган (439-статья) товардын (комплект буюмунун) ордуна сатуучу берген товарга (комплект буюмуна) алмаштырылган товарга белгиленгендей гарантия мөөнөтү белгиленет.

 

435-статья. Товардын жарактуулук мөөнөтү

 

1. Мыйзам, ченемдик укуктук актылар, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптары же башка милдеттүү эрежелер тарабынан мөөнөт аныкталышы мүмкүн, ал мөөнөт (жарактуулук мөөнөтү) өткөндөн кийин товар арналган багыты боюнча пайдаланууга жараксыз деп эсептелет.

2. Сатуучу жарактуулук мөөнөтү белгиленген товарды сатып алуучуга ал жарактуу мөөнөт аяктаганга чейин пайдалана алгыдай кылып берүүгө милдеттүү.

 

436-статья. Товардын жарактуулук мөөнөтүн эсептөө

 

Товардын жарактуулук мөөнөтү ал чыгарылган күндөн тартып товар пайдаланууга жарактуу болгон мезгил же убактысы жеткенге чейин товар жарактуу болгон дата менен аныкталат.

 

437-статья. Товардын сапатын текшерүү

 

1. Товардын сапатын текшерүү мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же соода-сатык келишиминде каралышы мүмкүн.

Товардын сапатын текшерүү тартиби мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарында же келишимде белгиленет. Текшерүү тартиби мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарында белгиленген учурда келишимде аныкталган товардын сапатын текшерүү тартиби ушул талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

2. Эгерде товардын сапатын текшерүү тартиби ушул статьянын 1-пунктуна ылайык белгиленбесе, товардын сапатын текшерүү ишкер карым-катнаштын каада-салтына же соода-сатык келишими боюнча берилүүчү товарды текшерүүнүн демейде колдонулуучу башка шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, мамлекеттик стандарттардын милдеттүү талаптарында же соода-сатык келишиминде сатып алуучуга берилип жаткан товардын сапатын текшерүүгө сатуучунун милдети (сыноо, талдоо, карап чыгуу жана башкалар) каралса, сатуучу сатып алуучуга товардын сапаты текшерилгендигинин далилдерин көрсөтүүгө тийиш.

4. Товардын сапатын сатуучу, ошондой эле сатып алуучу тарабынан текшерүү тартиби, ошондой эле башка шарттары бирдей болууга тийиш.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

438-статья. Сапаты начар товарды берүүнүн кесепеттери

 

1. Эгерде товардын кемчиликтерин сатуучу айтпаган болсо, сапаты начар товар берилген сатып алуучу өз каалоосу боюнча сатуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга акылуу:

сатып алуу баасын тиешелүү түрдө азайтууну;

товардын кемчиликтерин шарты келген мөөнөттө акысыз жоюуну;

товардын кемчиликтерин жоюуга өзүнүн кеткен чыгымдарынын ордун толтурууга.

2. Товардын сапатына талаптар олуттуу бузулган (жоюлбай турган кемчиликтер, ченемсиз чыгымга учурамайынча же убакыт коротмоюнча оңолбой турган кемчиликтер табылган же бир нече жолу табылган, же аларды жойгондон кийин кайра пайда болгон жана башка ушундай кемчиликтер чыккан) учурда сатып алуучу өз каалоосу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

соода-сатык келишиминен баш тартууга жана товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга;

сапаты начар товарды келишимге ылайык товарга алмаштырууну талап кылууга.

3. Товардын комплектине кирген бөлүгүнүн сапаты ойдогудай болбогон учурда (441-статья) сатып алуучу товардын ушул бөлүгүнө карата ушул статьянын 1- жана 2-статьяларында каралган укуктарды ишке ашырууга укуктуу.

4. Эгерде ушул Кодексте же башка мыйзамда башкача каралбаса, ушул статьяда каралган эрежелер колдонулат.

 

439-статья. Товардын сатуучу жооп бере турган кемчиликтери

 

1. Эгерде сатып алуучу товардын кемчиликтери ал сатып алуучуга берилгенге чейин келип чыккандыгын же ушул учурга чейин пайда болгон себептерден улам келип чыккандыгын далилдесе, товардын кемчиликтери үчүн сатуучу жооп берет.

2. Эгерде сатуучу товардын кемчиликтери ал сатып алуучуга берилгенден кийин сатып алуучу товарды пайдалануу же аны сактоо эрежелерин бузушунун же үчүнчү жактардын иш-аракетинин же колдон келбеген күч-аракеттин айынан келип чыккандыгын далилдебесе, сатуучу гарантия берген товар жагынан товардын кемчилиги үчүн сатуучу жооп берет.

 

440-статья. Берилген товардын кемчиликтерин табуу мөөнөтү

 

1. Эгерде мыйзамда же соода-сатык келишиминде башкача белгиленбесе, ушул статьяда белгиленген мөөнөттө товардын кемчиликтерин тапкан шартта, сатып алуучу алар менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

2. Эгерде товарга гарантия мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү коюлбаса, товардын кемчиликтери менен байланышкан талаптарды сатып алуучу сатылган товардын кемчиликтери ылайыктуу мөөнөттө, бирок товар сатып алуучуга берилген күндөн тартып эки жылдын ичинде же мыйзамда же соода-сатык келишиминде белгиленген кыйла узак мөөнөттүн ичинде табылган шартта коюшу мүмкүн. Почта аркылуу ташылуучу же жөнөтүлүүчү товардын кемчилигин табуу үчүн мөөнөт товар дайындалган жерине жеткирилген күндөн тартып эсептелет.

3. Эгерде товарга гарантия мөөнөтү коюлбаса, сатып алуучу гарантия мөөнөтүнүн ичинде товардын кемчилигин тапса, ал кемчилик менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

Соода-сатык келишиминде комплект буюмдарына негизги буюмдагыдан азыраак гарантия мөөнөтү коюлса, сатып алуучу негизги буюмга гарантия мөөнөтүнүн ичинде комплект буюмунун кемчиликтерин тапкан учурда алар менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

Эгерде келишимде комплект буюмуна негизги буюмдун гарантия мөөнөтүнөн узак гарантия мөөнөтү коюлуп, негизги буюмдун гарантия мөөнөтү бүткөн-бүтпөгөнүнө карабастан, комплект буюмунун гарантия мөөнөтүнүн ичинде анын кемчилиги табылса, сатып алуучу товардын кемчилиги менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

4. Эгерде товардын кемчилиги товардын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде табылса, сатып алуучу жарактуулук мөөнөтү коюлган товарга карата анын кемчилиги менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

5. Келишимде каралган гарантия мөөнөтү эки жылдан аз болгондо жана гарантия мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок товар сатып алуучуга берилген күндөн тартып эки жылдын ичинде сатып алуучу товардын кемчилигин таап, товардын кемчилиги сатып алуучуга берилгенге чейин келип чыккандыгын же ушул учурга чейин пайда болгон себептерден улам келип чыкандыгын сатып алуучу далилдесе, сатуучу жооп берет.

 

441-статья. Товардын комплектүүлүгү

 

1. Сатуучу сатып алуучуга соода-сатык келишиминин комплектүүлүк жөнүндө шарттарына ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

2. Соода-сатык келишиминде товардын комплектүүлүгү аныкталбаса, сатуучу сатып алуучуга комплектүүлүгү ишкер карым-катнаш каада-салты же демейде коюлуучу башка талаптар менен аныкталуучу товарды берүүгө милдеттүү.

 

442-статья. Товардын комплектиси

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде товарлардын белгилүү топтомун комплектиси (товардын комплектиси) менен берүүгө милдетүү экендиги каралса, комплектиге кирген бардык товарлар берилген учурдан тартып милдеттенме аткарылды деп эсептелет.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса жана милдеттенменин маңызынан келип чыкпаса, сатуучу сатып алуучуга комплектиге кирген бардык товарларды бир учурда берүүгө милдеттүү.

 

443-статья. Комплектелбеген товарды берүүнүн кесепеттери

 

1. Комплектелбеген товар берилген учурда сатып алуучу өз каалоосу боюнча сатуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

сатып алуу баасын тиешелүү түрдө азайтууну;

товарды шарты келген мөөнөттө жеткире комплектөөнү.

2. Эгерде сатуучу сатып алуучунун товарды жеткире комплектөө жөнүндө талабын учуру келген мөөнөттө аткарбаса, сатып алуучу өз каалоосу боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

комплектелбеген товарды комплектелген товарга алмаштырууну талап кылууга;

соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга жана төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарууну талап кылууга.

3. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса жана милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында каралган кесепеттер сатуучу сатып алуучуга товардын комплектисин берүү милдетин бузган (442-статья) учурда да колдонулат.

 

444-статья. Идиш жана таңгак

 

1. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса жана милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, өзүнүн мүнөзү боюнча идишке салууну жана (же) таңгактоону талап кылбаган товарларды кошпогондо, сатуучу сатып алуучуга товарды идишке салып жана (же) таңгактап берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде идишке жана таңгакка талаптар аныкталбаса, анда товар ушундай товар үчүн демейки ыкма менен, ал эми мындай болбогондо - ушундай товарды сактоонун жана ташуунун демейки шарттарында сакталышын камсыз кылган ыкма менен идишке салынууга жана (же) таңгакталууга тийиш.

3. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте идишке жана (же) таңгакка милдеттүү талап коюлса, анда ишкердик кылган сатуучу сатып алуучуга ушул талаптарга ылайыктуу идиштеги жана (же) таңгактагы товарды берүүгө милдеттүү.

 

445-статья. Товарды идишсиз жана (же) таңгаксыз же ойдогудай эмес идиште жана (же) таңгакта берүүнүн кесепеттери

 

1. Эгерде келишимден, милдеттенменин маңызынан же товардын мүнөзүнөн башкасы келип чыкпаса, идишке салынуучу жана (же) таңгакталуучу товар сатып алуучуга идишсиз жана (же) таңгаксыз же ойдогудай эмес идиште жана (же) таңгакта берилген учурда сатып алуучу сатуучудан товарды идишке салууну жана (же) таңгактоону талап кылууга же ойдогудай эмес идишти жана (же) таңгакты алмаштырууну талап кылууга укуктуу.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган учурларда сатып алуучу сатуучуга ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарды коюунун ордуна сапаты начар товарды берүүдөн (438-статья) келип чыккан талаптарды коюуга акылуу.

 

446-статья. Соода-сатык келишими ойдогудай эмес аткарылгандыгы жөнүндө сатуучуга кабарлоо

 

1. Соода-сатык келишиминин товардын саны, ассортименти, сапаты, комплектелиши, идиши жана (же) таңгагы жөнүндө шарттары бузулгандыгы тууралу сатып алуучу сатуучуга мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде каралган мөөнөттө, ал эми мындай мөөнөт белгиленбесе, келишимдин тиешелүү шартынын бузулгандыгы товардын санына, мүнөзүнө жана арналышына негизденүү менен табылууга тийиш болгондон кийин шарты келген мөөнөттө кабарлоого милдеттүү.

2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда каралган эреже аткарылбаса, сатып алуучунун эрежелерди аткарбай коюшу анын талаптарын канааттандыра албай калышына алып келе тургандыгын же сатуучу келишимдин шарттары бузулгандыгы жөнүндө өз учурунда кабардар болгондо тартышы мүмкүн болгонго салыштырганда ал өлчөмсүз чыгымга учурай тургандыгын далилдесе, сатуучу сатып алуучунун жетишпеген сандагы товарды ага берүү, соода-сатык келишиминин сапат же ассортимент тууралу шарттарына ылайык келбеген товарды алмаштыруу жөнүндө, товардын кемчиликтерин жоюу жөнүндө, товарды жеткире комплектөө жөнүндө же комплектелбеген товарды комплектүү товарга алмаштыруу жөнүндө, товарды идишке салуу жана (же) таңгактоо жөнүндө же товардын ойдогудай эмес идишин жана (же) таңгагын алмаштыруу жөнүндө талаптарын канааттандыруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартууга укуктуу.

3. Эгерде сатуучу сатып алуучуга берилген товарлар соода-сатык келишиминин шарттарына ылайык келбей тургандыгы жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, ал ушул статьянын 1-пунктунда каралган жоболорго таянууга укуксуз.

 

447-статья. Сатып алуучунун товарды кабыл алуу милдети

 

1. Сатып алуучу товарды алмаштырууну талап кылууга же соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу болгон учурларды кошпогондо, ал өзүнө берилген товарды кабыл алууга милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу тиешелүү товардын берилишин жана алынышын камсыз кылуу үчүн өзү тараптан демейде коюлуучу талаптарга ылайык иш-аракетти жасоого милдеттүү.

3. Сатып алуучу мыйзамды, башка ченемдик укуктук актыларды же соода-сатык келишимин бузуу менен товарды кабыл албаса же кабыл алуудан баш тартса, сатуучу товарды алууну сатып алуучудан талап кылууга же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

448-статья. Товардын баасын төлөөгө сатып алуучунун милдети

 

1. Сатып алуучу товарга соода-сатык келишиминде каралган баа боюнча, же эгерде келишимде баасы каралбаса же анын шарттарына таянуу менен аныкталышы мүмкүн болбосо, ушул Кодекстин 390-статьясындагы 3-пунктка ылайык аныкталган баа боюнча акы төлөөгө милдеттүү, ошондой эле мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга, келишимге же акы төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон демейде коюлучу талаптарга ылайык иш аракеттерди өз эсебинен жасоого милдеттүү.

2. Баа товардын салмагына жараша белгиленсе, эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, ал таза салмак боюнча аныкталат.

3. Эгерде соода-сатык келишими товардын баасы анын баасын шарттаган көрсөткүчтөргө (өзүнө турган наркы, чыгымдар жана башкалар) жараша өзгөрө тургандыгын, бирок мында бааны кайра карап чыгуу ыкмасы аныкталбагандыгын караса, анда баа ушул көрсөткүчтөрдүн келишим түзүү учурундагы жана товарды берүү учурундагы катышына таянуу менен аныкталат. Сатуучу товарды берүү боюнча милдеттердин аткаруу мөөнөтүн өткөрүп жиберсе, ушул көрсөткүчтөрдүн келишим түзүлгөн учурдагы жана келишимде каралган товарды берүү учурундагы, ал эми ал келишимде каралбаса, ушул Кодекстин 304-статьясына ылайык аныкталган учурдагы катышына таянуу менен аныкталат.

Эгерде ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде башкача белгиленбесе жана милдеттеменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул пунктта каралган эрежелер колдонулат.

 

449-статья. Товарга акы төлөө

 

1. Эгерде ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу товардын акысын сатуучу ага товарды түздөн-түз бергенге чейин же андан кийин төлөөгө милдеттүү.

2. Эгерде соода-сатык келишиминде товардын акысын төлөө мөөнөтүн узартуу каралбаса, сатуучуга сатып алуучу берилген товардын баасын толугу менен төлөөгө милдеттүү.

3. Эгерде сатып алуучу соода-сатык келишимине ылайык берилген товардын акысын өз учурунда төлөбөсө, сатуучу ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык товардын акысын жана процентти төлөөнү талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде сатып алуучу соода-сатык келишимин бузуу менен товарды кабыл алуудан же акысын төлөөдөн баш тартса, сатуучу өз каалоосу боюнча товардын акысынын төлөнүшүн талап кылууга же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

5. Эгерде ченемдик укуктук актыларда же келигимде башкача каралбаса, сатуучу соода-сатык келишимине ылайык сатып алуучуга ал акысын төлөбөгөн товарларды гана эмес, башка товарларды да берүүгө милдеттүү болгон учурларда сатуучу мурда берилген бардык товарлардын акысы толук төлөнгөнгө чейин ушул товарларды берүүнү токтото турууга акылуу.

 

450-статья. Товарга алдын ала акы төлөө

 

1. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды толугу менен же жарым-жартылай бергенге чейин сатып алуучу товарга акы төлөй тургандыгы (алдын ала акы төлөө) каралса, сатып алуучу келишимде каралган мөөнөттө, ал эми ал келишимде каралбаса, ушул Кодекстин 305-статьясына ылайык аныкталган мөөнөттө акы төлөөгө тийиш.

2. Сатып алуучу товарга алдын ала акы төлөө милдетин аткарбаган учурда, сатуучу соода-сатык келишимин аткарууну токтото турууга же аткаруудан баш тартууга жана чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Эгерде сатып алуучу жарым-жартылай акы төлөсө, анда сатуучу соода-сатык келишимин аткарууну токтото турууга же анын төлөнбөгөн тиешелүү бөлүгүн аткаруудан баш тартууга укуктуу.

3. Алдын ала акы суммасын алган сатуучу белгиленген мөөнөттө (419-статья) товарды берүү боюнча өз милдетин аткарбаса, сатып алуучу акы төлөнгөн товар берилишин же сатуучу бербеген товар үчүн алдын ала акы суммасы кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, алдын ала акы суммасына ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык товар берилүүгө тийиш болгон күндөн тартып товар сатып алуучуга берилген же ал төлөгөн сумма ага кайтарылып берилген күнгө чейин процент төлөнөт.

5. Соода-сатык келишиминде сатып алуучудан алдын ала акы суммасын алган күндөн тартып сатуучунун ушул суммага процент төлөө милдети каралышы мүмкүн.

 

451-статья. Кредитке сатылган товарга акы төлөө

 

1. Соода-сатык келишиминде товар сатып алуучуга берилгенден белгилүү убакыттан кийин ага акы төлөө каралса (товарды кредитке сатуу), сатып алуучу келишимде каралган мөөнөттө, ал эми келишимде ал каралбаса, ушул Кодекстин 305-статьясына ылайык аныкталган мөөнөттө акы төлөөгө тийиш.

2. Сатуучу товарды берүү боюнча милдетин аткарбаган учурда ушул Кодекстин 450-статьясынын 2-пунктунда каралган эрежелер колдонулат.

3. Товарды алган сатып алуучу ага акы төлөө боюнча соода-сатык келишиминде белгиленген мөөнөттө өз милдеттерин аткарбаса, сатуучу берилген товарга акы төлөнүшүн же акысы төлөнбөгөн товарлар кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде ушул Кодексте же соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу берилген товарга акы төлөө боюнча милдетин келишимде белгиленген мөөнөттө аткарбаса, убактысы өткөрүлгөн суммага ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык келишим боюнча товарга акы төлөнүүгө тийиш болгон күндөн тартып сатып алуучу товарга акы төлөгөн күнгө чейин процент төлөнүүгө тийиш.

5. Соода-сатык келишиминде сатуучу товарды берген күндөн тартып сатып алуучу товардын баасына ылайыктуу суммага процентти төлөө милдеттенмеси каралышы мүмкүн.

6. Эгерде соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, товар сатып алуучуга берилген учурдан тартып жана ага акы төлөнгөнгө чейин кредитке берилген товар сатып алуучунун товарга акы төлөө боюнча милдеттенмесин аткарышын камсыз кылуу үчүн сатуучунун күрөөсүндө турат деп табылат.

 

452-статья. Товарга мөөнөтүн узартуу менен акы төлөө

 

1. Товарды кредитке сатуу жөнүндө келишимде товарга мөөнөтүн узартуу менен акы төлөө каралышы мүмкүн.

Эгерде акы төлөөнү узартуу жөнүндө шарт менен товарды кредитке сатуу тууралу келишимде соода-сатык келишиминин башка олуттуу шарттары менен катар товардын баасы, төлөмдүн тартиби, мөөнөтү жана өлчөмү көрсөтүлсө, ал келишим түзүлдү деп эсептелет.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу мөөнөтүн узартуу менен сатылган жана өзүнө берилген товар үчүн кезектеги төлөмдү келишимде белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, сатуучу келишимди аткаруудан баш тартууга жана сатылган товардын кайра кайтарылышын талап кылууга укуктуу, буга сатып алуучудан алынган төлөмдөрдүн суммасы товардын жарым баасынан ашкан учурлар кирбейт.

3. Акы төлөөнү узартуу жөнүндө шарт менен товарды кредитке сатуу тууралу келишимге ушул Кодекстин 451-статьясындагы 2, 4, 5- жана 6-пункттарында каралган эрежелер колдонулат.

 

453-статья. Товарды камсыздандыруу

 

1. Соода-сатык келишиминде сатуучунун же сатып алуучунун товарды камсыздандыруу милдети каралышы мүмкүн.

2. Товарды камсыздандырууга милдеттүү тарап келишимдин шарттарына ылайык камсыздандырбаса, экинчи тарап товарды камсыздандырууга жана камсыздандырууга кеткен чыгымдан ордун толтурууну милдеткер тараптан талап кылууга же келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

454-статья. Сатуучунун менчик укугунун сакталышы

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, же товардын эмнеге арналышынан же касиетинен башкасы келип чыкпаса, соода-сатык келишиминде сатып алуучуга берилген товарга менчик укугу товарга акы төлөнгөнгө же башка кырдаал келип чыкканга чейин сатуучуда сактала тургандыгы каралган учурда, сатып алуучу менчик укугу өзүнө өткөнгө чейин товарды ээликтен ажыратууга же аны башкача түрдө тескөөгө укуксуз.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, берилген товарга келишимде каралган мөөнөттө акы төлөнбөсө же менчиктөө укугу сатып алуучуга өтө турган башка кырдаалдар келип чыкпаса, сатуучу товарды өзүнө кайтарып берүүнү сатып алуучудан талап кылууга акылуу.

 

2-§. Чекене соода-сатык

 

455-статья. Чекене соода-сатык келишими

 

1. Чекене соода-сатык келишими боюнча товарды чекене сатуу боюнча ишкердик кылган сатуучу ишкердик менен байланышпаган, демейде жеке, үй-бүлөдө, үйдө же башкача пайдаланууга арналган товарды сатып алуучуга берүүгө милдеттенет.

2. Чекене соода-сатык келишими ачык келишим болуп саналат (386-статья).

3. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган, граждан катышкан чекене соода-сатык келишими боюнча мамилелерге карата керектөөчүнүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдар же аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылар колдонулат.

 

456-статья. Чекене соода-сатык келишиминин формасы

 

Эгерде мыйзамда же чекене соода-сатык келишиминде, анын ичинде сатып алуучу кошулган формулярлардын же башка стандарттык формалардын шартында башкача каралбаса, сатуучу сатып алуучуга кассалык же товардык чекти же товарга акы төлөнгөндүгүн ырастаган башка документти берген учурдан тартып чекене соода-сатык келишими ойдогудай формада түзүлдү деп эсептелет. Сатып алуучуда көрсөтүлгөн документтердин болбой калышы аны келишим түзүлгөндүгүн жана анын шарттарын ырастаган күбө билдирмелерге таянуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт.

 

457-статья. Товардын ачык оферти

 

1. Эгерде товарды айрым чөйрөдөгү адамдарга кайрылуу менен рекламада, каталогдо жана товардын сыпаттамаларында сунуш кылуу чекене соода-сатык келишиминин бардык олуттуу шарттарын камтыса, ал ачык оферта деп табылат (398-статьянын 2-пункту).

2. Сатуучу тиешелүү товарлар сатууга арналбагандыгын ачык аныктаган учурларды кошпогондо, сатылуучу жерге (текчелерге, витринага жана башкаларга) коюу, товар сатылуучу жерге (текчелерге, витринага жана башкаларга) коюу, товар сатылуучу жерде алардын үлгүлөрүн көрсөтүү жана алар жөнүндө маалыматтарды (товарлардын сыпаттамалары, каталогдору, фотосүрөттөрү жана башкалар) сунуш кылуу баасы жана чекене соода-сатык келишиминин башка олуттуу шарттарына карабастан ачык оферта деп табылат.

 

458-статья. Сатып алуучуга товар жөнүндө маалымат берүү

 

1. Сатуучу сатып алуучуга мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген жана чекене соодада сатууга коюлган товар жөнүндөгү маалыматтын мазмунуна жана аны берүү ыкмасына коюлуучу талаптарга жооп берүүчү тийиштүү зарыл жана ишенимдүү маалыматты берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде төмөнкүлөр товардын мүнөзүнөн улам мүмкүн болбосо жана чекене соодада кабыл алынган эрежелерге карама-каршы келбесе, сатып алуучу чекене соода-сатык келишими түзүлгөнгө чейин аны карап чыгууга, өзүнүн катышуусунда товардын касиеттерин же анын пайдаланылышын текшерүү жүргүзүлүшүн талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде сатып алуучуга товар жөнүндө ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн товар жөнүндө маалыматты товар сатылган жерде тез арада алууга мүмкүн болбосо, ал чекене соода-сатык келишимин түзүүдөн негизсиз четтешинен улам (406-статьянын 4-пункту) келип чыккан зыяндын ордун толтурууну сатуучудан талап кылууга, ал эми келишим түзүлгөн болсо, келишимди аткаруудан ыңгайы келген мөөнөттө баш тартууга, товарга төлөнгөн сумма кайра кайтарылышын же башка зыяндын орду толтурулушун талап кылууга укуктуу.

4. Товар жөнүндө тиешелүү маалыматты алуу жагынан сатып алуучуга мүмкүндүк бербеген сатуучу сатып алуучуга товарды бергенден кийин кемчилик келип чыкса, сатып алуучу ушулар анда ушундай маалымат жок болгондугуна байланыштуу келип чыккандыгын далилдесе, сатуучу товардын кемчилиги үчүн да жоопкерчилик тартат.

 

459-статья. Сатып алуучу белгилүү мөөнөттө товарды кабыл ала тургандыгы жөнүндөгү шарт менен товарды сатуу

 

1. Чекене соода-сатык келишими сатып алуучу товарды келишимде белгиленген мөөнөттө кабыл алына тургандыгы жана ал мезгилде башка сатып алуучуга берилбей тургандыгы жөнүндөгү шарт менен түзүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде чекене соода-сатык келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучунун келишимде белгиленген мөөнөттө товарды кабыл алуу үчүн келбей коюшу же башка зарыл иш-аракетти аткарбай коюшу сатуучу тарабынан келишимди аткаруудан баш тарткандык катары каралат.

3. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде башкача каралбаса, келишимде белгиленген мөөнөттө сатып алуучуга товарды берүүнү камсыз кылуу боюнча сатуучунун кошумча чыгымдары товардын баасына кошулат.

 

460-статья. Товарларды үлгүлөр боюнча сатуу

 

1. Чекене соода-сатык келишими сатып алуучу сатуучу сунуш кылган товар үлгүлөрү (анын сыпаттамасы, каталогу жана башкалар) боюнча түзүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же чекене соода-сатык келишиминде үлгү боюнча башкача каралбаса, мындай келишим товар келишимде көрсөтүлгөн жерге жеткирилген учурдан тартып, эгерде товарды берүүчү жер аныкталбаса, товар граждан жашаган жерге же юридикалык жак турган жерге жеткирилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

3. Келишимди аткаруу боюнча иш-аракеттерди жасоого байланыштуу тарткан зарыл чыгымдардын ордун сатуучуга толтуруп берген шартта сатып алуучу товар берилгенге чейин чекене соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

461-статья. Автоматтарды пайдалануу менен товарларды сатуу

1. Товарлар автоматтарды пайдалануу менен сатылган учурда автоматтын ээси сатуучу жөнүндө маалыматты сатып алуучуларга жеткирүүгө милдеттүү, ал сатуучунун фирмалык аталышы, ал турган жер, ишинин режими, ошондой эле товарды алуу үчүн сатып алуучу жасашы зарыл болгон иш аракеттер жөнүндө маалыматтарды автоматка жайгаштыруу же сатып алуучуларга башкача ыкма аркылуу берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Автоматтарды пайдалануу менен чекене соода-сатык келишими сатып алуучу товарды алуу үчүн зарыл иш-аракеттерди жасаган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

3. Эгерде сатып алуучуга акысы төлөнгөн товар берилбесе, сатуучу сатып алуучунун талабы боюнча тез арада ага товарды берүүгө же ал төлөгөн сумманы кайра кайтарууга милдеттүү.

4. Эгерде милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, автомат акчаны майдалоо, акы төлөө белгилерин алуу же валютаны алмашуу үчүн пайдаланылган учурда чекене соода-сатык жөнүндө эрежелери колдонулат.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

462-статья. Товарларды сатып алуучуга жеткирүү шарты менен сатуу

1. Чекене соода-сатык келишими сатып алуучуга товарды жеткирүү шарты менен түзүлгөн учурда, сатуучу товарды келишимде белгиленген мөөнөттө сатып алуучу көрсөткөн жерге, ал эми сатып алуучу товар жеткирилчү жерди көрсөтпөсө, сатып алуучу болуп саналган граждан жашаган жерине же юридикалык жактын турган жерине жеткирүүгө милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде башкача каралбаса, же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, чекене соода-сатык келишими товар сатып алуучуга, ал эми ал жокто келишим түзүлгөндүгү жөнүндө же товар жеткирүүнүн жазылгандыгы жөнүндө күбөлөгөн квитанцияны же башка документти көрсөткөн ар кандай жакка тапшырылган учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

3. Келишимде сатып алуучуга товарды тапшыруу үчүн аны жеткирүү убактысы аныкталбаса, сатып алуучунун талабы алынгандан кийин товар шарты келген мөөнөттө жеткирилүүгө тийиш.

 

463-статья. Акысын кийин алуу менен сатуу келишими

 

Келишимде товарга менчик укугу сатып алуучуга өткөнгө чейин (454-статья) ал өзүнө берилген товарды жалдоочу (арендалоочу) болуп санала тургандыгы каралышы мүмкүн (жалдоо-сатуу келишими).

Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу товардын наркын толук төлөгөн учурдан тартып товардын менчик ээси болуп калат.

 

464-статья. Товардын баасы жана ага акы төлөө

 

1. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкача келип чыкпаса, сатып алуучу чекене соода-сатык келишими түзүлгөн учурда сатуучу жарыялаган баа боюнча товарга акы төлөөгө милдеттүү.

2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, чекене соода-сатык келишиминде товарга алдын ала акы төлөө каралса (450-статья), сатып алуучу келишимде белгиленген мөөнөттө товарга акы төлөбөй коюшу сатып алуучу келишимди аткаруудан баш тартты деп табылат.

3. Товарды кредит боюнча чекене соода-сатык келишимдерине, анын ичинде сатып алуучу товарларга мөөнөтүн узартуу менен акы төлөө шарты бар келишимдерге ушул Кодекстин 451-статьясындагы 4-пунктта каралган эрежелер колдонулбайт.

4. Сатып алуучу товардын акысын төлөө мөөнөтүн узартуу келишиминде белгиленген мезгил ичинде каалаган учурда товардын акысын толук төлөөгө укуктуу.

 

465-статья. Товар алмашуу

 

1. Сатып алуучу азык-түлүк эмес товар өзүнө берилген учурдан тартып, эгерде сатуучу кыйла узак мөөнөттү жарыялабаса, он төрт күндүн ичинде сатып алынган товарды сатып алынган жерде жана сатуучу жарыялаган башка жерде башка өлчөмдөгү, формадагы, габариттеги, фасондогу, түстөгү же комплектеги ушундай товарга алмашууга укуктуу, мында баасында айырма келип чыкса, сатуучу менен зарыл болгон кайра эсептөөнү жүргүзөт.

Сатуучуда алмаштыруу үчүн зарыл товар жок болгон учурда сатып алуучу сатып алган товарды сатуучуга кайра кайтарып берүүгө жана ал үчүн төлөнгөн акча суммасын алууга укуктуу.

Эгерде товар колдонулбаган болсо, анын керектөө сапаттары сакталса жана аны ошол сатуучудан сатып алгандыгынын далили бар болсо, сатып алуучунун товарды алмаштыруу жөнүндө же кайра кайтаруу жөнүндө талабы канааттандырылууга тийиш.

2. Ушул статьяда көрсөтүлгөн негиздер боюнча алмаштырылбаган же кайра кайтарылбаган товарлардын тизмеси мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте аныкталат.

 

466-статья. Сатып алуучунун ага сапаты начар товар сатылган учурдагы укуктары

 

1. Эгерде сатуучу кемчиликтерин айтпаган сапаты начар товар сатып алуучуга сатылса, ал өз каалоосу боюнча төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

сапаты начар товарды сапаты ойдогудай товарга алмаштырууну;

сатып алуу баасын тиешелүү өлчөмгө азайтууну;

товардын кемчиликтерин тез арада акысыз жоюуну;

товардын кемчиликтерин жоюуга кеткен чыгымдын ордун толтурууну.

2. Товардын касиети анын кемчиликтерин жоюуга мүмкүндүк бербеген товардын (азык-түлүк товарлары, турмуш-тиричилик химия товарлары ж.б. у.с.) кемчиликтери табылган учурда сатып алуучу өз каалоосу боюнча мындай товарды ойдогудай сапаттагы товар менен алмаштырууну же сатып алуу баасын тиешелүү өлчөмдө азайтууну талап кылууга укуктуу.

3. Ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарды коюунун ордуна сатып алуучу сапатты начар товарды сатуучуга кайтарып берип, чекене соода-сатык келишимин аткаруудан баш тартууга жана товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайра кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

Товар үчүн төлөнгөн акча суммасын сатып алуучуга кайра кайтарып берүүдө сатуучу андан товарды толугу менен же жарым жартылай пайдалануудан, ал товардык көрүнүшүн жоготуудан же башка ушундай кырдаалдардан улам товардын наркы азайган сумманы кармап калууга укуксуз.

 

467-статья. Товарды алмаштырууда, сатып алуу баасын азайтууда жана сапаты начар товарды кайра кайтарып берүүдө баадагы айырманын ордун толтуруу

 

1. Сапаты начар товарды чекене соода-сатык келишимине ылайык келген сапаттагы товарга алмаштырууда сатуучу келишимде белгиленген товардын баасы менен товарды алмаштыруу же сот тарабынан аны алмаштыруу жөнүндө чечим чыгарылган учурда товардын баасынын ортосундагы айырманын ордун толтурууну талап кылууга укуксуз.

2. Сапаты начар товарды ошого окшош, бирок өлчөмү, фасону, сорту же башка белгилери боюнча башкача ойдогудай сапаттагы товарга алмаштырууда алмаштырылып жаткан товардын алмаштыруу учурундагы баасы менен сапаты начар товардын ордуна берилүүчү товардын баасынын ортосундагы айырманын орду толтурулууга тийиш.

Эгерде сатуучу сатып алуучунун талабын канааттандырбаса, алмаштырылып жаткан товардын баасы жана анын ордуна берилип жаткан товардын баасы сот товарды алмаштыруу жөнүндө чечим чыгарган учурга карата аныкталат.

3. Сапаты начар товардын сатып алуу баасын тиешелүү өлчөмгө азайтуу жөнүндө талап коюлган учурда бааны азайтуу жөнүндө талап коюлган учурдагы товардын баасы, ал эми сатып алуучунун талабы канааттандырылбаса - сот бааны тиешелүү өлчөмгө азайтуу жөнүндө чечим чыгарган учурдагы баасы эске алынат.

4. Сатуучуга сапаты начар товарды кайтарып берүүдө сатып алуучу чекене соода-сатык келишиминде белгиленген товардын баасы менен анын талабы ыктыярдуу түрдө канаттандырылган учурдагы тиешелүү товардын баасынын, эгерде талап ыктыярдуу түрдө канааттандырылбаса, сот чечим чыгарган учурдагы баанын ортосундагы айырманын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

468-статья. Сатуучунун жоопкерчилиги жана милдетти иш жүзүндө аткаруу

 

Сатуучу чекене соода-сатык келишими боюнча милдеттенмени аткарбаган учурда чыгымдын ордун толтуруу жана неустойканы төлөө сатуучуну милдеттенмени иш жүзүндө аткаруудан бошотпойт.

 

3-§. Товарларды берүү

 

469-статья. Товарды берүү келишими

 

Товарды берүү келишими боюнча ишкердик кылган сатуучу-товар берүүчү ишкерликке пайдалануу үчүн же жеке, үй-бүлөлүк, үйдө жана башкача ушундай пайдалануу менен байланышпаган башка максат үчүн товарды шартташкан мөөнөттө же өзү чыгарган же сатып алган мөөнөттө сатып алуучуга берүүгө милдеттенет.

 

470-статья. Товарды берүү келишими күчүндө болгон мөөнөт

 

1. Товарды берүү келишими бир жылга, бир жылдан ашык мөөнөткө (узак мөөнөттүү келишим) же тараптардын макулдашуусунда каралган башка мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

Эгерде келишимде анын күчүндө болгон мөөнөтү аныкталбаса, келишим бир жылга түзүлдү деп табылат.

2. Эгерде товар берүүнүн узак мөөнөттүү келишиминде берилүүчү товардын саны же келишимдин башка шарттары бир жылга же андан аз мөөнөткө аныкталса, келишимде тараптар ушул шарттарды кийинки мезгилдерге келишим күчүнө болгон мөөнөтү аяктоочу мөөнөткө чейин макулдашуусунун тартиби белгиленүүгө тийиш. Мындай тартип келишимде жок учурда келишим тиешелүү түрдө бир жылга же келишимдин шарты макулдашылган мөөнөткө түзүлдү деп табылат.

3. Узак мөөнөттүү келишимдин тараптарынын бири берилүүчү товарлардын санын же келишимдин башка шарттарын келишимде белгиленген тартипте кийинки мезгилге макулдашуудан баш тартса же четтесе, экинчи тарап тиешелүү мезгилге товарды берүүнүн шарттарын аныктоо жөнүндө же товарды берүү келшимин бузуу жөнүндөгү талап менен сотко кайрылууга укуктуу.

 

471-статья. Товар берүү келишимин түзүүдө пикир келишпестиктерди жөнгө салуу

 

1. Товар берүү келишимин түзүүдө тараптардын ортосунда келишимдин айрым шарттары боюнча пикир келишпестиктер келип чыкса, келишим түзүүнү сунуш кылган жана экинчи тараптан ушул шарттарды макулдашуу жөнүндө сунуш алган тарап, эгерде мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе же тараптар аны макулдашпаса, ушул сунушту алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде келишимдин тиешелүү шарттарын макулдашуу боюнча чара көрүүгө же аны түзүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө экинчи тарапка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.

2. Келишимдин тиешелүү шарттары боюнча сунуш алган, бирок товар берүү келишиминин шарттарын макулдашуу боюнча чара көрбөгөн жана келишим түзүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө экинчи тарапка ушул статьянын 1-пунктунда каралган мөөнөттө билдирбеген тарап келишимдин шарттарын макулдашуудан четтөөдөн улам келип чыккан зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

 

472-статья. Товарды берүү мезгили

 

1. Эгерде мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан, милдеттенменин маңызынан же ишкер жүгүртүү салттарынан башкача келип чыкпаса жана тараптар товарларды келишим колдонулган мөөнөттүн ичинде айрым партиялар менен берүүнү караса жана айрым партияларды берүүнүн мөөнөтү (берүү мезгилдери) анда аныкталбаса, анда товарлар бирдей өлчөмдөгү партиялар менен ай сайын берилип турууга тийиш.

2. Товарды берүү мезгилин аныктоо менен катар товар берүү келишиминде товарды берүүнүн графиги (декадалык, суткалык, сааттык ж.б.) белгилениши мүмкүн.

3. Товарларды мөөнөтүнөн мурда берүү сатып алуучунун макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мөөнөтүнөн мурда берилген жана сатып алуучу тарабынан кабыл алынган товарлар кийинки мезгилде берилүүчү товарлардын санына кошуп эсептелет.

 

473-статья. Товарды берүү тартиби

 

1. Товарды берүү сатуучунун товар берүү келишиминин тарабы болуп саналган сатып алуучуга же ал келишимде сатып алуучу катары көрсөтүлгөн жакка товарды жүктөп берүүсү (өткөрүп берүүсү) аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Товарды берүү келишиминде алуучуларга товарды жүктөп берүү (өткөрүп берүү) жөнүндө көрсөтмө (жүктөп берүү разнарядкасы) берүүгө карата сатып алуучунун укугу каралса, сатуучу жүктөп берүү разнарядкасында көрсөтүлгөн алуучулар берилүүчү товарды жүктөп берет (өткөрүп берет).

Жүктөп берүү разнарядкасынын мазмуну жана товар алуучу аны берүүчүгө жиберишинин мөөнөтү келишимде белгиленет. Эгерде жүктөп берүү разнарядкасын жөнөтүү мөөнөтү келишимде каралбаса, ал товарды берүү мөөнөтү жеткенге чейин отуз күндөн кечиктирбестен товар берүүчүгө жиберилүүгө тийиш.

3. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, алуучунун жүктөп берүү разнарядкасын белгиленген мөөнөттө бербей коюушу товар берүүчүгө товар берүү келишимин аткаруудан баш тартуу укугун берет.

 

474-статья. Товарды жеткирүү

 

Товарды жеткирүү берүүчүнүн аларды товар берүү келишиминде каралган шарттарда жана келишимден аныкталган транспортко жүктөп берүүсү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Эгерде мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан, милдеттенменин маңызынан же ишкер жүгүртүү салттарынан башкача келип чыкпаса жана келишимде товарды жеткирүү кандай түрдөгү транспорт менен же кандай шарттарда жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленбесе, транспорттун түрүн тандоо же товарды жеткирүү шарттарын аныктоо укугу берүүчүгө таандык болот.

 

475-статья. Товарды кем берүүнүн ордун толтуруу

 

1. Эгерде келишимде башкача каралбаса, товар берүүнүн айрым мезгилинде товарды кем берүүгө жол берген берүүчү товар берүү келишими күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде кийинки мезгилде (мезгилдерде) кем берилген сандагы товардын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, узак мөөнөттүү келишим боюнча товар берүүнүн айрым мезгилинде товар берүүчү кем берген сандагы товардын орду товардын кем берилишине жол берилген ошол эле жылдын ичинде андан кийинки мезгилде (мезгилдерде) толтурулууга тийиш.

3. Эгерде келишимде башкача каралбаса, товар берүүчү товарларды товар берүү келишиминде же сатып алуучунун жүктөө разнарядкасында көрсөтүлгөн бир нече алуучуларга жөнөткөн учурда, бир алуучуга келишимде же жүктөө разнарядкасында каралгандан көп санда берилген товарлар башка алуучуларга кем берүүнүн ордун жабууга эсептелбейт.

4. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатып алуучу товар берүүчүгө билдирүү менен берүү убактысы өтүп кеткен товарларды кабыл алуудан баш тартууга укуктуу. Билдирүүнү товар берүүчү алганга чейин берилген товарларды сатып алуучу кабыл алып, акысын төлөп берүүгө тийиш.

 

476-статья. Товарды кем берүүнүн ордун толтуруудагы товардын ассортименти

 

1. Кем берилип калса орду толтурулууга тийиш болгон товарлардын ассортименти тараптардын макулдашуусу менен аныкталат. Мындай макулдашуу жок болсо, товар берүүчү кем берилген товарлардын ордун мындай кем берүү жол берилген мезгил үчүн белгиленген ассортиментте толтурууга тийиш.

2. Бир эле аталыштагы товарларды товар берүү келишиминде каралгандан көп санда берүү ошол эле ассортиментке кирген башка аталыштагы кем берилген товарлардын ордун толтурууга эсептелбейт жана анын орду толтурулууга тийиш, буга ушундайча берүү сатып алуучунун алдын ала кат жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлгөн учур кирбейт.

 

477-статья. Сатып алуучунун товарларды кабыл алышы

 

1. Сатып алуучу (алуучу) товар берүү келишимине ылайык берилген товарлардын кабыл алынышын камсыз кылуучу бардык зарыл иш-аракеттерди жасоого милдеттүү.

2. Сатып алуучу (алуучу) кабыл алган товарларды мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, товар берүү келишиминде же ишкер жүгүртүү салтында белгиленген мөөнөттө карап көрүүгө тийиш.

Сатып алуучу (алуучу) ушул эле мөөнөттө мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, товар берүү келишиминде же ишкер жүгүртүү салтында белгиленген тартипте товарлардын санын жана сапатын текшерүүгө жана байкалган төп келбестиктер же товарлардын кемчиликтери жөнүндө товар берүүчүгө тез арада кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

3. Берилген товарларды транспорт уюмунан алган учурда сатып алуучу (алуучу) товарлар транспорттук жана коштогон документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга төп келе тургандыгын же жоктугун текшерүүгө, ошондой эле мыйзамда каралган транспорттун ишин жөнгө салуучу эрежелерди сактоо менен ушул товарларды транспорт уюмунан кабыл алууга милдеттүү.

 

478-статья. Сатып алуучу кабыл албаган товарды жооптуу сактоо

 

1. Сатып алуучу (алуучу) мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же товар берүү келишимине ылайык товар берүүчү берип жиберген товардан баш тартканда, ал ушул товардын сакталышын (жооптуу сактоо) камсыз кылууга жана тез арада товар берүүчүгө маалымдоого милдеттүү.

2. Товар берүүчү сатып алуучу (алуучу) жооптуу сактоого кабыл алган товарды ташып кетүүгө же аны шарты келген мөөнөттө тескөөгө милдеттүү.

Эгерде товар берүүчү ушул мөөнөттө товарды тескебесе, сатып алуучу товарды сатууга же аны товар берүүчүгө кайра кайтарууга укуктуу.

3. Сатып алуучунун товарды жооптуу сактоого кабыл алууга, товарды сатууга же аны сатуучуга кайра кайтарууга байланыштуу тарткан зарыл чыгымдарынын ордун товар берүүчү толтурат.

Мында товарды сатуудан алынган каражат сатып алуучуга тиешелүү бөлүгүн алып коюу менен товар берүүчүгө берилет.

4. Сатып алуучу мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же келишимде белгиленген негиздер болбостон, товар берүүчүдөн товарды кабыл албаса, же аны кабыл алуудан баш тартса, товар берүүчү сатып алуучудан товардын акысын төлөөнү талап кылууга укуктуу.

 

479-статья. Товарларды тандоо

 

1. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса жана товар берүү келишиминде сатып алуучу (алуучу) товарларды товар берүүчү турган жерде ала тургандыгы (товарларды тандоо) каралса, сатып алуучу берилип жаткан товарларды алар берилген жеринде карап чыгууга милдеттүү.

2. Сатып алуучу (алуучу) товарды товар берүү келишиминде каралган мөөнөттө, ал эми андай мөөнөт жок болсо, товар даяр экендиги жөнүндө товар берүүчүнүн билдирүүсүн алгандан кийин шарты келген мөөнөттө тандоого тийиш.

3. Сатып алуучунун (алуучунун) товарларды товар берүү келишиминде белгиленген мөөнөттө, ал эми андай мөөнөт жокто товар даяр экендиги жөнүндө товар берүүчүнүн билдирүүсүн алгандан кийин шарты келген мөөнөттө тандабай коюшу товар берүүчүгө келишимди аткаруудан баш тартууга же сатып алуучудан (алуучудан) товардын акысын төлөөнү талап кылууга укук берет.

 

480-статья. Берилген товарлар үчүн эсептешүү

 

1. Сатып алуучу берилген товарлар үчүн товар берүү келишиминде каралган эсептешүү тартибин жана формасын сактоо менен акы төлөйт. Эгерде тараптардын макулдашуусунда эсептешүүнүн тартиби менен формасы аныкталбаса, анда эсептешүүлөр акы төлөө тапшырмалары аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде товар берүү келишиминде товарларга акыны товар алуучу (акы төлөөчү) төлөй тургандыгы каралса жана сатып алуучу акы төлөөдөн баш тартса же келишимде белгиленген мөөнөттө товарга акы төлөбөсө, товар берүүчү сатып алуучудан берилген товарлардын акысын төлөөнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде келишимде башкача белгиленбесе, товар берүү келишиминде товарларды комплектиге кирген айрым бөлүктөр менен берүү каралса, сатып алуучу товардын акысын комплектиге кирген акыркы бөлүк жүктөлүп жөнөтүлгөндөн (тандалып алынгандан) кийин төлөйт.

 

481-статья. Идиштер жана таңгактар

 

1. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, сатып алуучу (алуучу) товар берүүчүгө товар салынып келген көп жолу пайдаланылуучу идишти жана таңгактоо каражаттарын мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, аларга ылайык кабыл алынган милдеттүү эрежелерде же келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө кайра кайтарууга милдеттүү.

2. Башка идиштер менен таңгактар келишимде каралган учурларда гана товар берүүчүгө кайра кайтарылат.

 

482-статья. Сапаты начар товарларды берүүнүн кесепети

 

1. Сапаты начар товар берилген сатып алуучу (алуучу) товар берүүчүгө ушул Кодекстин 438-статьясында каралган талаптарды коюуга укуктуу, буга берилген товарлардын кемчиликтери жөнүндө сатып алуучунун билдирүүсүн алган товар берүүчү берилген товарларды кечиктирбестен сапаты жакшы товар менен алмаштырган учурлар кирбейт.

2. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, өзүнө берилген товарларды чекене соодада саткан сатып алуучу (алуучу) керектөөчү кайтарып берген сапаты начар товарды ылайыгы келген мөөнөттө алмаштырууну талап кылууга укуктуу.

 

483-статья. Комплектелбеген товарларды берүүнүн кесепети

 

1. Товар берүү келишиминин шарттарын, мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын же комплектиге демейде коюлуучу талаптарды бузуу менен товар берилген сатып алуучу (алуучу) товар берүүчүгө ушул Кодекстин 443-статьясында каралган талаптарды коюуга укуктуу, буга берилген товарлар комплектелбегендиги жөнүндө сатып алуучунун билдирүүсүн алган товар берүүчү товарларды кечиктирбестен жеткире комплектеген же аларды комплектелген товар менен алмаштырган учурлар кирбейт.

2. Эгерде товар берүү келишиминде башкача каралбаса, товарларды чекене соодада саткан сатып алуучу (алуучу) керектөөчү кайра кайтарган комлпекттелбеген товарды ылайыгы келген мөөнөттө алмаштырууну талап кылууга укуктуу.

 

484-статья. Товарлар кем берилген, товардын кемчиликтерин жоюу жөнүндө же товарларды жеткире комплектөө жөнүндө талап аткарылбаган учурда сатып алуучунун укуктары

 

1. Эгерде товар берүүчү товар берүү келишиминде каралган сандагы товарларды бербесе же сапатсыз товарларды алмаштыруу жөнүндө же товарларды жеткире комплектөө жөнүндө сатып алуучунун талаптарын белгиленген мөөнөттө аткарбаса, сатып алуучу кем берилген товарларды башка жактан сатып алып, аларды алуу менен байланышкан бардык зарыл жана ылайыгы келген чыгымдарды товар берүүчүгө жүктөөгө укуктуу.

2. Сатып алуучу (алуучу) сапаты начар товарга жана комплектелбеген товарга акы төлөөдөн баш тартууга укуктуу, ал эми мындай товарларга акы төлөнүп калган болсо, төлөнгөн сумманы товарлардын кемчиликтери жоюлганга жана жеткире комплектелгенге же алмаштырылганга чейин кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу.

 

485-статья. Товарларды кем бергендиги же берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн айып төлөм

 

Эгерде мыйзамда же келишимде айып төлөмдү төлөөнүн башкача тартиби белгиленбесе, товарларды кем бергендиги же берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн мыйзамда же келишимде белгиленген айып төлөм товар берүүнүн кийинки мезгилинде кем берилген сандагы товарлардын ордун толтурууга карата товар берүүчүнүн милдетинин чектеринде милдеттенмени иш жүзүндө аткарганга чейин андан өндүрүлөт.

 

486-статья. Товар берүү келишимин аткаруудан бир жактуу баш тартуу. Товар берүү келишиминин шарттарын өзгөртүү

 

1. Товар берүү келишимин аткаруудан (толугу менен же жарым жартылай) бир тараптуу баш тартууга тараптардын бири келишимди олуттуу бузган учурда жол берилет (411-статьянын 2-пунктундагы 4-абзац).

2. Төмөнкүдөй учурларда товар берүүчү товар берүү келишимин олуттуу бузду деп табылат:

сатып алуучу үчүн алгылыктуу мөөнөттө жоюлушу мүмкүн болбогон кемчиликтери бар сапаты начар товарларды берүү;

товар берүү мөөнөтүн бир нече жолу бузуу.

3. Төмөнкүдөй учурларда сатып алуучу товар берүү келишимин олуттуу бузду деп табылат:

товарга акы төлөө мөөнөтүн бир нече жолу бузуу;

товарларды тандоого бир нече жолу келбей коюшу.

4. Тараптардын макулдашуусунда товар берүү келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартуунун башка негиздери каралышы мүмкүн.

5. Эгерде билдирүүдө келишимди бузуунун башка мөөнөтү каралбаса же тараптардын макулдашуусунда башка мөөнөт аныкталбаса, келишимди аткаруудан толугу менен же жарым жартылай бир тараптуу баш тартуу жөнүндө бир тараптын билдирүүсүн экинчи тарап алган учурдан тартып товар берүү келишими бузулду деп эсептелет.

6. Товар берүү келишиминин шарттарын өзгөртүүгө тараптардын макулдашуусу боюнча, ал эми макулдашууга жетише албаган учурда - ушул Кодекстин 413-статьясында белгиленген тартипте жол берилет.

 

4-§. Энергия менен жабдуу

 

487-статья. Энергия менен жабдуу келишими

 

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча энергия менен жабдыган уюм кошулган тармак аркылуу абонентке (керектөөчүгө) келишимди бузуунун жана тиешелүү эмес сапаттагы энергия берүүнүн натыйжасында топтолгон анык зыянды компенсациялоо жана белгиленген талаптарга ылайыктуу энергия сатууга милдеттенет, ал эми абонент кабыл алган энергияга акы төлөөгө, ошондой эле анын керектөө келишиминде каралган режимин сактоого, өзүнүн карамагындагы электр тармактарынын коопсуз пайдаланылышын жана өзү пайдаланган буюмдардын жана энергияны керектөө менен байланышкан жабдуулардын оң болушун камсыз кылууга милдеттенет.

2. Энергия менен жабдуу келишими абонентте белгиленген техникалык талаптарга жооп берген, энергия менен жабдуучу уюмдун тармактарына кошулган энергияны кабыл алуучу түзүлүш, башка зарыл жабдуулар жана энергия керектөөнү эсепке алуучу приборлор болгон шартта аны менен түзүлөт.

3. Энергия менен жабдуу келишими боюнча ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган мамилелерге карата энергия менен жабдуу жөнүндөгү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган милдеттүү эрежелер колдонулат.

(КР 2011-жылдын 10-июнундагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

488-статья. Энергия менен жабдуу келишимин түзүү жана узартуу

 

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катарын энергияны турмуш-тиричиликте керектөө үчүн пайдаланган граждан болгондо, кошулган тармакка абонентти белгиленген тартипте биринчи жолу иш жүзүндө кошкон учурдан тартып келишим түзүлдү деп эсептелет.

2. Эгерде келишим колдонулуп жаткан мөөнөт аяктаганга чейин тараптардын бири да аны токтотуу же өзгөртүү жөнүндө же жаңы келишим түзүү жөнүндө билдирбесе, белгилүү мөөнөткө түзүлгөн энергия менен жабдуу келишими ошол эле мөөнөткө ошол эле шарттарда узартылды деп эсептелет. Келишимди жаңы мөөнөткө узартууда анын шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Эгерде келишимдин колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири жаңы келишим түзүү жөнүндө сунуш киргизсе, анда жаңы келишим түзүлгөнгө чейин тараптардын мамилелери мурда түзүлгөн келишим боюнча жөнгө салынат.

 

489-статья. Энергиянын саны

 

1. Энергия менен жабдыган уюм абонентке энергияны кошулган тармак аркылуу энергия менен жабдуу келишиминде каралган санда жана энергия берүүнүн тараптар макулдашкан режимин сактоо менен берүүгө милдеттүү. Энергия менен жабдуучу уюм берген жана абонент пайдаланган энергиянын саны анын иш жүзүндө керектелгендигин эсептөө маалыматтарына ылайык аныкталат.

2. Келишим шартында белгиленбеген сандагы энергияны берүүнү камсыз кылууга байланыштуу энергия менен жабдуучу уюмдун тарткан чыгымдарынын ордун абонент толтурган шартта, энергия менен жабдуу келишиминде аныкталбаган, абоненттин кабыл алган энергиянын санын өзгөртүүгө карата укугу каралышы мүмкүн.

3. Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент энергияны турмуш-тиричиликте пайдаланган граждан болгондо, ал энергияны өзүнө зарыл болгон санда пайдаланууга укуктуу.

 

490-статья. Энергиянын сапаты

 

1. Энергия менен жабдуучу уюм берген энергиянын сапаты мамлекеттик стандарттарда жана башка милдеттүү эрежелерде белгиленген же энергия менен жабдуу келишиминде каралган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

2. Энергия менен жабдуучу уюм энергиянын сапатына коюлуучу талаптарды бузса, абонент мындай энергияга акы төлөөдөн баш тартууга укуктуу.

 

491-статья. Тармактарды, приборлорду жана жабдууларды күтүү жана пайдалануу боюнча абоненттин милдеттери

 

1. Абонент пайдаланып жаткан энергетикалык тармактардын, приборлордун жана жабдуулардын ойдогудай техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылууга, энергияны керектөөнүн белгиленген режимин сактоого, ошондой эле кырсыктар, өрт, энергияны эсептөө приборлору бузулгандыгы жөнүндө жана энергияны пайдаланууда келип чыккан башка эреже бузуулар жөнүндө энергия менен жабдуучу уюмга тез арада билдирүүгө милдеттүү.

2. Энергия менен жабдуу келишими боюнча энергияны турмуш-тиричилик үчүн пайдаланган граждан абонент болгон учурларда, эгерде колдонуудагы мыйзамда башкача каралбаса, керектөө точкасына чейинки энергетика тармактарынын, эсептөө приборлорунун талаптагыдай техникалык абалда болуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу милдети энергия менен жабдуу уюмуна жүктөлөт.

3. Энергетика тармактарынын, приборлорунун жана жабдууларынын техникалык абалына жана аларды пайдаланууга карата талаптар, ошондой эле алардын сакталышын контролдук кылуу тартиби мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар жана аларга ылайык кабыл алынган милдеттүү эрежелер менен аныкталат.

(КР 2004-жылдын 11-мартындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

492-статья. Энергияга акы төлөө

 

1. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, абонент иш жүзүндө кабыл алган сандагы энергия үчүн акы энергияны эсептөө маалыматтарына ылайык төлөнөт.

2. Энергия үчүн эсептешүү тартиби мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар же тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

 

493-статья. Субабонент

 

Кошулган тармак аркылуу энергия менен жабдуучу уюмдан өзү кабыл алган энергияны абонент башка жакка (субабонентке) энергия менен жабдуучу уюмдун макулдугу менен гана бере алат.

 

494-статья. Келишимди өзгөртүү жана бузуу

 

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катарында энергияны турмуш-тиричиликте керектөө үчүн пайдаланган граждан болгон учурда, ал келишимди бузуу жөнүндө энергия менен жабдуучу уюмга билдирген жана пайдаланган энергиянын акысын толугу менен төлөгөн шартта келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.

Энергия менен жабдуу келишими боюнча абонент катарында юридикалык жак болгон учурда, энергия менен жабдуучу уюм ушул Кодекстин 486-статьясында каралган негиздер боюнча бир тараптуу тартипте келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу, буга ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурлар кирбейт.

2. Мамлекеттик энергетикалык көзөмөл органы абоненттин энергетикалык түзүлүштөрүнүн канааттандырарлыксыз абалы аварияга алып келсе же граждандардын өмүрү менен коопсуздугуна коркунуч түзө тургандыгын күбөлөндүргөн учурлардан тышкары, энергияны үзгүлтүктүү берүүгө, аны токтотууга же чектөөгө тараптардын макулдашуусу боюнча жол берилет. Энергияны үзгүлтүктүү берүү, аны токтотуу же чектөө жөнүндө энергия менен жабдуучу уюм абонентке эскертүүгө тийиш.

3. Абонент менен макулдашпастан жана аны тиешелүү түрдө эскертпестен энергия берүүдөгү үзгүлтүккө, аны токтотууга же чектөөгө энергия менен жабдуучу уюмдун системасындагы аварияны четтетүү же жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү зарылчылыгы келип чыкканда ушул жөнүндө абонентке тез арада билдирилген шартта жол берилет.

 

495-статья. Энергия менен жабдуу келишими боюнча жоопкерчилик

 

1. Энергия менен жабдуу келишими боюнча милдеттенмени аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда милдеттенмени бузган тарап мунун айынан келтирилген анык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү (14-статьянын 2-пунктундагы 1-абзац).

2. Эгерде ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырылган энергия керектөөнүн режимин жөнгө салуунун натыйжасында абонентке энергия берүүдө үзгүлтүккө жол берилсе, энергия менен жабдыган уюм өзүнүн күнөөсү болгон учурда келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

496-статья. Энергия менен жабдуу жөнүндөгү эрежелердин башка келишимдерге карата колдонулушу

 

1. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе, ушул параграфтын эрежелери кошулган тармак аркылуу жылуулук энергиясы менен жабдууга байланышкан мамилелерге карата колдонулат.

2. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, кошулган тармак аркылуу газ, нефть жана нефть продуктулары, суу жана башка товарлар менен жабдууга байланышкан мамилелерге карата ушул параграфтын эрежелери колдонулат.

 

5-§. Ишкананы сатуу

 

497-статья. Ишкананы сатуу келишими

 

1. Ишкананы сатуу келишими боюнча сатуучу сатып алуучунун менчигине мүлктүк комплекс катары бүтүндөй алганда ишкананы берүүгө милдеттенет (33-статья), буга сатуучу башка жактарга берүүгө укуксуз болгон укуктар менен милдеттер кирбейт.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, сатуучунун өзүнчөлүгүнүн жана анын продукциясынын, ал аткарган иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн фирмалык аталышына, товардык белгисине, тейлөө белгисине жана башка каражаттарына укуктар сатып алуучуга өтөт.

3. Эгерде ченемдик укуктук актыларда башкача белгиленбесе, тиешелүү ишти жасоого уруксаттын, лицензиянын негизинде сатуучу алган укуктар ишкананы сатып алуучуга берилбейт. Сатып алуучунун өзүндө мындай уруксат (лицензия) жоктугунан улам аткарылбай турган милдеттерди ишканын курамында сатып алуучуга өткөрүп берүү сатуучуну кредиторлордун алдындагы тиешелүү милдеттенмелерден бошотпойт. Мындай милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн сатуучу менен сатып алуучу кредиторлордун алдында биргелешип жоопкерчилик тартат.

 

498-статья. Ишкананын сатуу келишиминин формасы жана аны мамлекеттик каттоо

 

1. Ишкананы сатуу келишими тараптар кол койгон соода-сатык келишимин (395-статьянын 2-пункту) түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт, ага ушул Кодекстин 499-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтер милдеттүү түрдө тиркелет.

2. Ишкананы сатуу келишиминин формасын сактабай коюу анын жараксыз болуп калышына алып келет.

3. Ишкананы сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана ушундай катталган учурдан тартып ал түзүлдү деп эсептелет.

 

499-статья. Сатылып жаткан ишкананын курамын белгилөө жана наркын баалоо

 

1. Сатылып жаткан ишкананын курамы жана анын наркын баалоо ишкананы сатуу келишиминде ишкананы толугу менен тизмелеп чыгуунун инвентаризациялоонун негизинде аныкталат, ал мындай тизмелөөнүн белгиленген эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.

2. Ишкананы сатуу келишимине кол коюлганга чейин тараптар: тизмелөө актысын, ишкананын курамы жана наркы жөнүндөгү бухгалтердик балансты, ошондой эле ишкананын курамына кирген бардык карыздардын (милдеттенмелердин) тизмелерин түзүүгө жана карап чыгууга тийиш, мында кредиторлор, алардын талаптарынын мүнөзү, өлчөмү жана мөөнөтү көрсөтүлөт.

Эгерде ушул Кодекстин 497-статьясынан башкасы келип чыкпаса жана тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, сатуучу сатып алуучуга аталган документтерде көрсөтүлгөн мүлктү, укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүүгө тийиш.

 

500-статья. Ишкананы сатууда кредиторлордун укуктары

 

1. Сатылып жаткан ишкананын курамына кирген милдеттенмелер боюнча кредиторлор ишкана сатып алуучуга өткөрүп берилгенге чейин кеминде 21 күн мурда анын сатылгандыгы жөнүндө сатуучу тарабынан милдеттүү түрдө кат жүзүндө билдирилүүгө тийиш.

2. Ишкананы сатуу жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин кредитор карызды которууга өзүнүн макулдугу же макул эместиги жөнүндө сатуучуга 45 күндүн ичинде кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кредитордон анын макул эместиги жөнүндө билдирүү келип түшпөсө, анда ушул карызды которууга кредитордун макулдугу катары кабыл алынат. Карызды которууга өзүнүн макул эместиги жөнүндө билдирген кредитор милдеттенмелердин токтотулушун же мөөнөтүнөн мурда аткарылышын жана сатуучу зыяндын ордун толтурушун же ишкананы сатуу келишими толугу менен же анын тиешелүү бөлүгү жараксыз деп табылышын тез арада талап кылууга тийиш.

3. Ишкана сатылгандыгы жөнүндө ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте маалымдар болбогон кредитор сатуучу сатып алуучуга ишкананы бергендиги жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир жылдын ичинде ушул статьянын 2-пунктунда каралган талаптарды канааттандыруу жөнүндө доо коюуга укуктуу.

4. Ишкана сатып алуучуга өткөрүп берилгенден кийин сатуучу менен сатып алуучу берилген ишкананын курамына киргизилген, кредитордун макулдугу болбостон сатып алуучуга которулган карыздар боюнча биргелешкен жоопкерчиликти тартат.

 

501-статья. Ишкананы өткөрүп берүү

 

Сатуучу сатып алуучуга ишкананы бериши өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берет, актыда ишкананын курамы жана ишкананын сатылгандыгы тууралу кредиторлорго билдирүү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле берилген мүлктүн айкын болгон кемчиликтери жөнүндө маалыматтар, андан ажырагандыгынан улам өткөрүп берүү боюнча милдеттер көрсөтүлөт.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, ишкананы өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде өткөрүп берүү актысын түзүү жана аны кол коюуга сунуш кылуу сатуучунун милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүргүзүлөт.

2. Эки тарап тең өткөрүп берүү актысына кол койгон күндөн тартып ишкана сатып алуучуга өткөрүп берилди деп эсептелет.

Ушул учурдан тартып ишкананын курамында берилген мүлктүн капысынан жараксыз болуп калышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги сатып алуучуга өтөт.

 

502-статья. Ишканага менчик укугунун өтүшү

 

1. Ишканага менчик укугу мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып ушул укук сатып алуучуга өтөт.

2. Ишканага сатып алуучунун менчик укугун мамлекеттик каттоо ишкана сатып алуучуга түздөн-түз өткөрүп берилгенден кийин жүргүзүлөт (501-статья).

3. Келишимде сатып алуучуга өткөрүп берилген ишканага менчик укугу ишканага акы төлөнгөнгө чейин же башка кырдаалдар келип чыкканга чейин сатуучуда сактала тургандыгы каралган учурларда, сатып алуучу менчик укугу өзүнө өткөнгө чейин берилген ишкананын курамына кирген мүлктү жана укуктарды мүлктүк комплекс катары ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон өлчөмдө тескөөгө укуктуу.

 

503-статья. Кемчиликтери бар ишкананы өткөрүп берүүнүн жана кабыл алуунун натыйжалары

 

1. Эгерде келишимден башкасы келип чыкпаса жана ушул статьянын 2-4-пункттарында башкача каралбаса, курамы ишкананы сатуу келишиминде каралгандарга, анын ичинде берилген ишкананын сапатына ылайык келбеген ишкананы өткөрүп берүү актысы боюнча сатуучунун өткөрүп беришинин жана сатып алуучунун кабыл алышынын натыйжалары ушул Кодекстин 423-425, 429-, 432-, 438-, 442-статьяларында каралган эрежелердин негизинде аныкталат.

2. Эгерде төмөнкүдөй учурларда башка талаптарды коюу укугу ишкананы сатуу келишиминде каралбаса, ишкана өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп жана кабыл алынып, анда ишкананын айкын болгон кемчиликтери жөнүндө же жоготулган мүлкү жөнүндө маалыматтар (501-статьянын 1-пункту) көрсөтүлсө сатып алуучу ишкананын сатып алынуучу баасын тиешелүү түрдө азайтууну талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде сатуучу келишимди түзүү жана ишкананы өткөрүп берүү учурунда сатып алуучу төмөнкүдөй карыздар (милдеттенмелер) жөнүндө билгендигин далилдей албаса, сатып алуучу өзүнө ишкананын курамында сатуучунун ишкананы сатуу келишиминде же өткөрүп берүү актысында көрсөтүлбөгөн карыздары (милдеттенмелери) берилген учурда сатып алуу баасын азайтууну талап кылууга укуктуу.

4. Сатуучу ишкананын курамында берилген мүлктүн кемчиликтери же ушул курамда берилүүгө тийиш болгон мүлктүн айрым түрлөрү жоктугу жөнүндө сатып алуучунун билдирүүсүн алса, сапаты начар мүлктү кечиктирбестен алмаштыра алат же сатып алуучуга жетишпеген мүлктү бере алат.

5. Эгерде ишкана сатуучу жооп бере турган кемчиликтердин айынан сатуу келишиминде аталган максаттарга жарабай тургандыгы аныкталса жана ушул кемчиликтерди сатуучу ушул Кодекске, башка ченемдик укуктук актыларга же келишимге ылайык белгиленген шартта, тартипте жана мөөнөттө жойбосо, же мындай кемчиликтерди жоюу мүмкүн болбосо, сатып алуучу ишкананы сатуу келишимин бузууну же өзгөртүүнү жана келишим боюнча тараптар аткаргандарды кайра кайтарууну сот тартибинде талап кылууга укуктуу.

 

504-статья. Ишкананы сатуу келишимине карата бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттери жөнүндө жана келишимди өзгөртүү же бузуу жөнүндө эрежелерди колдонуу

 

Эгерде төмөнкүдөй натыйжа сатуучу менен сатып алуучунун кредиторлорунун, башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын олуттуу бузбаса жана коомдук таламдарга карама-каршы келбесе, ушул Кодекстин келишим боюнча бир же эки тараптан алынгандарды кайра кайтарып берүүнү же накталай өндүрүүнү караган соода-сатык келишимине карата бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттери жана келишимди өзгөртүү же бузуу тууралу эрежелери ишкананы сатуу келишимине карата колдонулат.

 

24-Глава
Алмашуу

 

505-статья. Алмашуу келишими

 

1. Алмашуу келишими боюнча ар бир тарап экинчи тараптын менчигине бир товардын ордуна башкасын берүүгө милдеттенет.

Эгерде соода-сатык жөнүндөгү эреже ушул главанын эрежелерине жана алмашуунун маңызына карама-каршы келбесе, анда ал тиешелүү түрдө алмашуу келишимине карата колдонулат (23-глава). Мында тараптардын ар бири өзү бере турган товардын сатуучусу жана өзү ордуна кабыл алууга милдеттенген товардын сатып алуучусу деп табылат.

2. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген юридикалык жактар ушул юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээсинин макулдугу менен гана кыймылсыз мүлктү алмашуу келишиминин тарабы болууга укуктуу (230-ст. 3-пункту).

3. Утурумдук башкаруу укугуна негизденген юридикалык жактар ушул юридикалык жактын мүлкүнүн менчик ээсинин макулдугу менен гана өзүлөрүнө бекитилип берилген мүлктү өткөрүп берүү боюнча алмашуу келишиминин бир тарабы катары чыгууга укуктуу (231-ст. 3-пункту).

 

506-статья. Алмашуу келишими боюнча баа жана чыгым

 

1. Эгерде Алмашуу келишиминен башкасы келип чыкпаса, алмашылуучу товарлар бирдей баада деп каралат, ал эми аларды өткөрүп берүү же кабыл алуу боюнча чыгымдарды ар бир учурда тиешелүү милдетти тарткан тарап көтөрөт.

2. Эгерде келишимде акы төлөөнүн башка тартиби каралбаса, келишимге ылайык алмаштырылуучу товарлар бирдей баада эмес деп табылган учурда, баасы ордуна берилип жаткан товардын баасынан төмөн болгон товарды берүүгө милдеттүү тарап товарды же товар тескөө документтерин түздөн-түз бергенге чейин же берген учурда баадагы айырманы төлөөгө тийиш.

 

507-статья. Алмаштырылуучу товарларга менчик укугунун өтүшү

 

Эгерде мыйзамда же алмашуу келишиминде башкача каралбаса, алмаштырылуучу товарларга менчик укугу эки тарап тиешелүү товарларды берүү милдеттенмелерин аткаргандан кийин бир эле учурда алмашуу келишими боюнча сатып алуучу болгон тараптарга өтөт.

 

508-статья. Алмашуу келишими боюнча ээ болгон товарды алып коюу үчүн жоопкерчилик

 

Алмашуу келишими боюнча ээ болгон товарын үчүнчү жак алып койгон тарап ушул Кодекстин 425-статьясында каралган негиздер бар болгон учурда өзү алмашып алган товарды кайтарып берүүнү жана (же) зыяндын ордун толтурууну ал тараптан талап кылууга укуктуу.

 

25-Глава
Тартуулоо

 

509-статья. Тартуулоо келишими

 

1. Тартуулоо келишими боюнча бир тарап (тартуулоочу) көзү тирүү кезинде экинчи тарапка (тартууну алуучуга) буюмду менчикке акысыз берет же берүүгө милдеттенет, же ага өзүнө карата же үчүнчү жакка карата мүлк укугун (талабын) берет же берүүгө милдеттенет, же аны өз алдындагы же үчүнчү жактын алдындагы мүлк милдеттенмесинен бошотот же бошотууга милдеттенет.

2. Буюмду же укукту утурлап берүү же утурлаган милдеттенме бар болгон учурда келишим тартуулоо деп табылбайт. Мындай келишимге карата ушул Кодекстин 188-статьясынын 2-пунктунун эрежеси колдонулат.

3. Эгерде тартуулоо келишими ойдогудай формада (510-статьянын 2-пункту) түзүлсө жана келечекте буюмду же укукту конкреттүү жакка акысыз берүүгө же аны мүлктүк милдеттен бошотууга ачык ниетин билдирип турса, буюмду же мүлктүк укукту акысыз берүү же кимдир бирөөнү мүлктүк милдеттен бошотуу убадасы (тартуулоо убадасы) тартуулоо келишими деп табылат жана убада берген жакты өзүнө байлайт.

Өзүнүн бүткүл мүлкүн же бүткүл мүлкүнүн бир бөлүгүн тартуулоонун конкреттүү буюмуна буюм, укук же милдеттен бошотуу түрүндө көрсөтпөстөн тартуулоо убадасы жараксыз.

 

510-статья. Тартуулоо келишиминин формасы

 

1. Ушул статьянын 2- жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, тартууну алуучуга берүү менен коштолгон тартуу оозеки жасалышы мүмкүн.

Тартууну берүү аны тапшыруу, символдуу түрдө берүү (ачкычты тапшыруу жана башкача), же укукту ырастоочу документтерди тапшыруу жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кыймылсыз мүлктү тартуулоо келишими жөнөкөй жазуу жүзүндө:

1) тартуулоочу юридикалык жак болуп саналган жана тартуунун наркы эсептик көрсөткүчтөрдүн он өлчөмүнөн ашкан;

2) келишим келечекте тартуулоого убаданы камтыган учурларда түзүлүүгө тийиш.

Ушул пунктта каралган учурларда оозеки түзүлгөн тартуулоо келишими тартуулоочунун доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн.

3. Кыймылсыз мүлктү белекке берүү жөнүндө келишим мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.

(КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2009-жылдын 30-мартындагы № 104 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

511-статья. Тартуулоого тыюу салуу

 

Наркы эсептик көрсөткүчтөрдүн он өлчөмүнөн ашпаган демейки белектерди кошпогондо, төмөнкүчө тартуулоого жол берилбейт:

1) юридикалык жактар чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугундагы өзүнө таандык мүлктү;

2) жаш балдардын жана эмгекке жараксыз деп табылган граждандардын атынан - алардын мыйзамдуу өкүлдөрү;

3) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мамлекеттик кызматчыларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларына;

4) дарылоо, тарбиялоо мекемелеринин, социалдык жактан коргоо мекемелеринин жана башка ушундай мекемелердин кызматкерлерине алардын дарылоосундагы, багуусундагы же тарбиясындагы граждандар, ушул граждандардын жубайлары жана тууган-туушкандары беришине;

5) коммерциялык уюмдардын ортосундагы мамилелерде.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

512-статья. Тартуулоону чектөө

 

1. Биргелешкен жалпы менчиктеги мүлктү тартуулоого ушул Кодекстин 272-статьясында каралган эрежелерди сактоо менен биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын макулдугу боюнча жол берилет.

2. Тартуулоочуга таандык болгон талап укугун үчүнчү жакка тартуулоо ушул Кодекстин 314-317-статьяларында каралган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

3. Тартуу алуучунун үчүнчү жакка карата милдеттерин ал үчүн аткаруу аркылуу тартуулоо ушул Кодекстин 303-статьясындагы 1-пунктта каралган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

Тартуу алуучунун үчүнчү жакка карата карызын тартуулоочу өзүнө которуу аркылуу тартуулоо ушул Кодекстин 318-статьясында каралган эрежелерди сактоо менен жүзөгө ашырылат.

4. Тартуулоону жүзөгө ашыруу үчүн өкүл тарабынан берилген ишеним катта тартуу алуучу аталбаса жана тартуу буюму көрсөтүлбөсө, ал жокко эсе.

 

513-статья. Тартуулоо келишимин аткаруудан баш тартуу

 

1. Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин тартуулоочунун мүлктүк абалы олуттуу начарласа, анда ал келечекте тартуу алуучуга буюмду же укукту берүү же тартуу алуучуну мүлктүк милдеттен бошотуу убадасын камтыган келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

2. Тартуулоону алып салууга тартуулоочуга укук берген негиздер боюнча ал келечекте тартуу алуучуга буюмду же укукту берүү же тартуу алуучуну мүлктүк милдеттен бошотуу убадасын камтыган келишимди аткаруудан баш тартууга укуктуу (514-статьянын 1-пункту).

3. Ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында каралган негиздер боюнча тартуулоочу тартуулоо келишимин аткаруудан баш тартышы тартуу алуучуга чыгымдардын ордун толтуруу талап укугун бербейт.

 

514-статья. Тартуулоону алып салуу

 

1. Тартуу алуучу тартуулоочунун, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаган учурда тартуулоону сот тартибинде алып салууга жол берилет.

Тартуу алуучу тартуулоочунун өмүрүн атайылап кыйган учурда тартууну сотто алып салуу талабын коюу укугу анын мураскорлоруна таандык.

2. Эгерде тартуулоочу тартуу алуучудан узак жашаса, тартуулоо келишиминде тартуулоочунун тартуулоону алып салуу укугу шартталышы мүмкүн.

3. Эгерде тартууланган буюм тартуулоону алып салган учурга чейин натуралай сакталса, тартуулоону алып салган учурда тартуу алуучу ал буюмду кайра кайтарууга милдеттүү.

 

515-статья. Тартуулоо келишимин аткаруудан баш тартуу жана тартуулоону алып салуу мүмкүн болбогон учурлар

 

Тартуу келишимин аткаруудан баш тартуу жөнүндө (513-статья) жана тартуулоону алып салуу жөнүндө (514-статья) эрежелер наркы анча чоң болбогон демейки белектерге колдонулбайт.

 

516-статья. Кемчиликтери бар мүлктү тартуулоонун натыйжасы

 

Эгерде тартууланган буюмдун кемчилиги буюм тартуу алуучуга берилгенге чейин келип чыккандыгы, ал көзгө көрүнүктүү болбогондугу жана тартуулоочу аны билсе да ушул жөнүндө тартуу алуучуга эскертпегендиги далилденсе, тартууланган буюмдун кемчиликтеринин кесепетинен тартуу алуучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун тартуулоочу толтурат.

 

517-статья. Тартуулоо убадасындагы укук өтүүчүлүк

 

1. Эгерде тартуулоо келишиминде башкача каралбаса, тартуулоо келишими боюнча тартуу убада кылынган тартуу алуучунун укугу анын мураскорлоруна (укугун мурастоочуларга) өтпөйт.

2. Эгерде тартуулоо келишиминде башкача каралбаса, тартуулоо келишими боюнча тартуу убада кылган тартуулоочунун милдеттери анын мураскорлоруна (укугун мурастоочуларга) өтөт.

 

518-статья. Кайрымдуулук

 

1. Жалпыга рента келтирүү максатында буюмду же мүлктүк укукту тартуулоо кайрымдуулук деп аталат.

Кайрымдуулук граждандарга, социалдык жактан коргоо мекемелерине, дарылоо, тарбиялоо, илимий, окуу, кайрымдуулук жана башка ушундай мекемелерге, музейлерге жана башка маданият мекемелерине, фонддорго, коомдук жана диний уюмдарга, ошондой эле мамлекетке жана административдик-аймактык бирдиктерге берилиши мүмкүн.

2. Кайрымдуулук кабыл алууга кимдир-бирөөнүн макулдугу же чечими талап кылынбайт.

3. Мүлк гражданга кайрымдуулук катары берилүүгө тийиш, ал эми юридикалык жактарга кайрымдуулук берүүчү бул мүлктү тиешелүү багытта ренталануу шартын коюушу мүмкүн.

Мындай шарт жок болгон учурда гражданга берилген кайрымдуулук мүлкү демейдеги тартуу деп эсептелет, ал эми калган учурларда тартуу алуучу кайрымдуулукка берилген мүлктү анын багытына ылайык ренталанат.

4. Эгерде кайрымдуулукка берилген мүлктү кайрымдуулук берүүчү көрсөткөн багытка ылайык ренталануу кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу мүмкүн болбосо, ал кайрымдуулук берүүчүнүн макулдугу менен, ал эми мүлктү кайрымдуулукка берген граждандын көзү өтүп кеткен же мүлктү кайрымдуулукка берген юридикалык жак жоюлган учурда - соттун чечими боюнча башка багытта ренталанылышы мүмкүн.

5. Кайрымдуулукка берилген мүлктү кайрымдуулук берүүчү көрсөткөндөн башка багытта колдонуу же ушул багытты ушул статьянын 4-пунктуна ылайык келбегендей өзгөртүү кайрымдуулук берүүчүгө, анын мураскорлоруна же башка укугун мурастоочуларга кайрымдуулукту алып салуу талабын коюуга укук берет.

6. Ушул Кодекстин 513- жана 514-статьяларынын жоболору кайрымдуулуктарга карата колдонулбайт.

 

26-Глава
Рента жана өмүр бою багуу

 

1-§. Рента жана өмүр бою багуу жөнүндө жалпы жоболор

 

519-статья. Рента келишими

 

1. Рента келишими боюнча бир тарап (рента алуучу) кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү экинчи тараптын (рента төлөөчүнүн) менчигине берет, ал эми рента төлөөчү алган мүлктүн ордуна рента алуучуга белгилүү акча суммасы же башка формада анын карамагына каражат берүү түрүндө мезгил-мезгили менен рента төлөөгө милдеттенет.

2. Рента келишими боюнча рентаны мөөнөтсүз (туруктуу рента) же рента алуучу жашаган мөөнөттө (өмүрлүк рента) төлөө милдеттенмесин белгилөөгө жол берилет. Өмүрлүк рента гражданды өмүр боюуу багуу шартында белгилениши мүмкүн.

 

520-статья. Рента келишиминин формасы

 

Рента келишими нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө, ал эми кыймылсыз мүлктү рента алуу үчүн коюуну караган келишим мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

 

521-статья. Мүлктү рента алуу үчүн коюу

 

1. Рента алуу үчүн коюлган мүлктү рента алуучу рента төлөөчүнүн менчигине акы үчүн же акысыз бериши мүмкүн.

2. Эгерде ушул главанын эрежелеринде башкача белгиленбесе жана рента келишиминин маңызына каршы келбесе, рента келишиминде мүлктү акы үчүн берүү каралса, тараптардын өткөрүп берүү жана акы төлөө мамилелерине карата - ушул Кодекстин соода-сатык жөнүндө эрежелери (23-глава), ал эми мындай мүлк акысыз берилген учурда тартуулоо келишими жөнүндө эрежелер (25-глава) колдонулат.

 

522-статья. Кыймылсыз мүлктүн рентага таандык болушу

 

1. Рента алуу үчүн берилген ишкана, имарат, курулуш же башка кыймылсыз мүлк рентага таандык болот. Акы төлөөчү мындай мүлктү башка тарапка өткөргөн учурда рента келишими боюнча анын милдеттенмелери мүлктү ауучуга өтөт.

2. Эгерде ушул Кодексте, башка мыйзамдарда же келишимде төмөнкү милдеттенме боюнча биргелешкен жоопкерчилик каралбаса (364-статья), рентага таандык болгон мүлктү башка жактын менчигине өткөрүп берген жак, рента алуучунун талабы боюнча анын менен аны менен субсидиардык жоопкерчилик тартат.

 

523-статья. Рента төлөнүшүн камсыз кылуу

 

1. Рентаны алуу үчүн кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүүдө рента алуучу рента төлөөчүнүн милдеттенмелери камсыз болушу үчүн ушул мүлккө күрөө укугуна ээ болот.

2. Рента алуу үчүн акча суммасын же башка кыймылдуу мүлктү берүүнү караган рента келишиминин олуттуу шарты болуп рента төлөөчүнүн өз милдеттенмелерин камсыз кылууга (319-статья) же ушул милдеттенмелерди аткарбагандыгы же ойдогудай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тобокелдигин рента алуучунун пайдасына камсыздандыруу милдетин белгилеген шарт саналат.

3. Рента төлөөчү ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттерди аткарбаган учурда, ошондой эле рента алуучу жооп бербей турган кырдаалдар боюнча рента төлөөчү камсыз кылышын жоготкон же шарттары начарлаган учурларда рента алуучу рента келишимин бузууга жана келишимди бузуудан келип чыккан зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

524-статья. Рентаны төлөө мөөнөтүн өткөргөндүгү үчүн жоопкерчилик

 

Эгерде рента келишиминде проценттин башкача өлчөмү белгиленбесе, рентаны төлөө мөөнөтүн өткөргөндүгү үчүн рента төлөөчү рента алуучуга ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди төлөйт.

 

2-§. Туруктуу рента

 

525-статья. Туруктуу рента алуучу

 

1. Эгерде мыйзамдарга карама-каршы келбесе жана алардын ишинин максатына ылайык келсе, жалаң граждандар, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдар гана туруктуу рента алуучу боло алышат.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, туруктуу рента келишими боюнча рента алуучунун укугу ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактарга талапты берүү жолу менен берилиши жана юридикалык жак кайра уюштурулган учурда мурас боюнча же укугун мурастоо тартибинде өтүшү мүмкүн.

 

526-статья. Туруктуу рентанын түрү жана өлчөмү

 

1. Туруктуу рента келишимде белгиленген өлчөмдө акчалай төлөнөт.

2. Туруктуу рента келишиминде наркы боюнча рентанын суммасына төп келген буюмдарды берүү, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү жолу менен рента төлөө каралышы мүмкүн.

3. Эгерде туруктуу рента келишиминде башкача каралбаса, төлөнүүчү рентанын көлөмү мүлктү ренталангандыгы үчүн акынын тиешелүү өлчөмү же банк процентинин өлчөмүнүн өзгөрүшүнө жараша өзгөрүлөт.

 

527-статья. Туруктуу рентаны төлөө мөөнөтү

 

Эгерде туруктуу рента келишиминде башкача каралбаса, туруктуу рента ар бир календарлык квартал аяктаганда төлөнөт.

 

528-статья. Төлөөчүнүн туруктуу рентаны сатып алуу укугу

 

1. Туруктуу рентаны төлөөчү андан ары төлөөдөн рентаны сатып алуу жолу менен баш тартууга укуктуу.

2. Рента төлөөчү мындай баш тартууну рента төлөө токтогондон үч ай мурда же туруктуу рента келишиминде каралган андан узак мөөнөттөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирген шартта мындай баш тартуу жарактуу. Эгерде келишимде сатып алуунун башка тартиби каралбаса, рента төлөө боюнча милдеттенме рента алуучу сатып алуунун бүткүл суммасын алганга чейин токтотулбайт.

3. Туруктуу рента келишиминдеги туруктуу рента төлөөчү аны сатып алуудан баш тартышы жөнүндөгү шарты жокко эсе.

Келишимде туруктуу рентаны сатып алууга укук рента алуучунун көзү тирүүсүндө же келишим түзүлгөндөн баштап отуз жылдан кем эмес мөөнөтүнүн ичинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

 

529-статья. Рента алуучунун талабы боюнча туруктуу рентаны сатып алуу

 

1. Туруктуу рента алуучу рентаны сатып алышын төмөнкүдөй учурларда төлөөчүдөн талап кылууга укуктуу:

эгерде туруктуу рента келишиминде башкача каралбаса, рента төлөөчү аны төлөөнүн мөөнөтүн бир жылдан ашыкка өткөрүп жибергенде;

рента төлөөчү рента төлөөнү камсыздоо боюнча өз милдеттенмесин бузганда (523-статья);

рента төлөөчү акы төлөөгө кудуретсиз деп табылганда же ал рентаны келишимде белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө төлөй албай тургандыгын ачык-айкын күбөлөгөн башка кырдаалдар келип чыкканда;

рента алуу үчүн берилген кыймылсыз мүлк жалпы менчикке же чачыранды болуп бир нече жактардын ортосуна түшкөндө;

келишимде каралган башка учурларда рентаны толук өлчөмдө сатып алышын талап кылууга укуктуу.

 

530-статья. Туруктуу рентанын сатып алуу баасы

 

1. Ушул Кодекстин 528- жана 529-статьяларында каралган учурларда туруктуу рентаны сатып алуу туруктуу рента келишиминде аныкталган баада жүзөгө ашырылат.

2. Мүлктү туруктуу рента төлөөгө өткөрүп берүүдөгү туруктуу рента келишиминде сатып алуу баасы жөнүндө шарт жок болгон учурда, сатып алуу төлөнүүгө тийиш болгон рентанын жылдык суммасына ылайык келген баа боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Мүлк акысыз берилген туруктуу рента келишиминде сатып алуу баасы жөнүндө шарт жок болгон учурда сатып алуу баасына рента төлөмдөрүнүн жылдык суммасы менен катар берилген мүлктүн баасы кошулат, ал ушул Кодекстин 390-статьясынын 3-пунктунда каралган эрежелер боюнча аныкталат.

 

531-статья. Туруктуу рентаны төлөөгө берилген мүлктүн капысынан иштен чыгышынын же бузулушунун тобокелдиги

 

1. Туруктуу рентаны төлөөгө акысыз берилген мүлктүн капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин рента төлөөчү тартат.

2. Туруктуу рентаны төлөөгө берилген мүлк капысынан иштен чыккан же капысынан бузулган учурда төлөөчү тиешелүү түрдө төлөө боюнча милдеттенме токтотулушун же аны төлөө шарттары өзгөртүлүшүн талап кылууга укуктуу.

 

3-§. Өмүрлүк рента

 

532-статья. Өмүрлүк рентаны алуучу

 

1. Өмүрлүк рента мүлктү рента төлөөгө берип жаткан граждан жашаган мезгилге же ал көрсөткөн башка граждан жашаган мезгилге белгилениши мүмкүн.

2. Эгерде өмүрлүк рента келишиминде башкача каралбаса, рента алуу укугуна үлүшү теңдеш болуп саналган бир нече граждандын рентасына өмүрлүк рента белгилөөгө жол берилет.

Эгерде өмүрлүк рента келишиминде башкача каралбаса, рента алуучулардын биринин көзү өтүп кетсе, рента алуу укугундагы анын үлүшү андан узак жашаган рента алуучуларга өтөт, ал эми акыркы рента алуучунун көзү өткөндө рента төлөө милдеттенмеси токтотулат.

3. Келишим түзгөн учурда дүйнөдөн кайткан граждандын пайдасына өмүрлүк рентаны белгилеген келишим жокко эсе.

 

533-статья. Өмүрлүк рентанын өлчөмү

 

1. Өмүрлүк рента келишимде ал рента алуучу ал жашаган мезгилдин ичинде кезеги менен төлөнүп турган акчалай сумма катары аныкталат.

2. Келишимде аныкталган өмүрлүк рента өлчөмү бир айга эсептегенде бир эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого тийиш, ал эми ушул Кодекстин 308-статьясында каралган учурларда көбөйтүлүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

534-статья. Өмүрлүк рентаны төлөө мөөнөтү

 

Эгерде өмүрлүк рента келишиминде башкача каралбаса, өмүрлүк рента ар бир календерлык ай аяктагандан кийин төлөнөт.

 

535-статья. Рента алуучунун талабы боюнча өмүрлүк рента келишимин бузуу

 

1. Рента төлөөчү өмүрлүк рента келишимин олуттуу бузган учурда рента алуучу рента төлөөчүдөн ушул Кодекстин 530-статьясында каралган шарттарда рентаны сатып алышын же келишимди бузууну жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

Эгерде өмүрлүк рентаны төлөөгө квартира, турак үй же башка мүлк акысыз коюлса, рента төлөөчү келишимди олуттуу бузганда рента алуучу наркын рентаны сатып алуу баасынын эсебине кошуу менен мүлктү кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

 

536-статья. Өмүрлүк рентаны төлөөгө берилген мүлктүн капысынан иштен чыгышынын же бузулушунун тобокелдиги

 

1. Өмүрлүк рентаны төлөөгө берилген капысынан мүлктүн иштен чыгышы же бузулушу рента төлөөчүнү аны өмүрлүк рента келишиминде каралган шарттарда төлөө милдетинен бошотпойт.

 

4-§. Өмүр боюуу күтүү

 

537-статья. Өмүр боюуу багуу келишими

 

1. Өмүр боюуу багуу келишими боюнча граждан өзүнө таандык болгон турак үйдү, квартираны же башка кыймылсыз мүлктү рента төлөөчүнүн менчигине берет, ал ушул гражданды жана (же) ал көрсөткөн үчүнчү адамды (адамдарды) өмүр боюуу багууга милдеттенет.

2. Эгерде ушул нуктаманын эрежелеринде башкача каралбаса, өмүр боюуу багуу келишимине өмүрлүк рента жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

 

538-статья. Багуу боюнча милдеттер

 

1. Багуу жагынан рента төлөөчүнүн милдеттери турак-жайга, тамак-ашка жана кийимге талаптарды канааттандырууну, ал эми граждандын ден соолук абалы талап кылса, аны кароону да камтышы мүмкүн. Өмүр боюу багуу келишиминде ошондой эле рента төлөөчү ырасым кызматтарын төлөшү каралышы мүмкүн.

2. Өмүр боюу багуу келишиминде багуунун бүткүл көлөмүнүн наркы аныкталышы мүмкүн. Мында багуунун жалпы көлөмүнүн наркы кеминде эки эсептик көрсөткүчтөн аз болушу мүмкүн эмес.

3. Гражданга көрсөтүлгөн же көрсөтүлүүгө тийиш болгон багуу көлөмү жөнүндө тараптардын ортосундагы талашты чечүүдө сот ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк талаптарын жетекчиликке алууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

539-статья. Өмүр боюу багууну мезгилдүү төлөмдөр менен алмаштыруу

 

Өмүр боюу багуу келишиминде накта багууну граждан жашаган мезгилдин ичинде кезектүү төлөмдөрдү акчалай төлөө менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.

 

540-статья. Өмүр боюу багууну камсыз кылуу үчүн берилген мүлктү ээликтен ажыратуу жана ренталануу

 

Рента төлөөчү өмүр боюу багууну камсыз кылуу үчүн өзүнө берилген кыймылсыз мүлктү рента алуучунун алдын ала макулдугу менен гана ээликтен ажыратууга, күрөөгө коюуга же башкача ренталанууга укуктуу.

Рента төлөөчү өмүр боюу багуу мезгилинде аталган мүлктү ренталануу ушул мүлктүн наркы төмөндөшүнө алып келбеши үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

 

541-статья. Өмүр боюу багууну токтотуу

 

1. Өмүр боюу багуу милдеттенмеси рента алуучу дүйнөдөн кайтканда токтотулат.

2. Рента төлөөчү өз милдеттенмелерин олуттуу бузган учурда рента алуучу өмүр боюу багууну камсыз кылуу үчүн берилген кыймылсыз мүлктү кайра кайтарууну же ага ушул Кодекстин 530-статьясында белгиленген шарттарда сатып алуу баасын төлөөнү талап кылууга укуктуу. Мында пайда төлөөчү баккандыгына байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууну рента алуучудан талап кылууга акысы жок.

 

27-Глава
Мүлктү жалдоо (арендалоо)

 

1-§. Жалпы жоболор

 

542-статья. Мүлктүк жалдоо келишими

 

Мүлктүк жалдоо (арендалоо) келишими боюнча жалдоого берүүчү жалдоочуга убактылуу ээлик кылуу жана ренталануу же убактылуу ренталануу үчүн акыга мүлктү берүүгө милдеттенет.

 

543-статья. Мүлктүк жалдоо объекттери

 

1. Мүлктүк жалдоого жер участкалары, кен байлык участкалары жана башка обочолонгон жаратылыш объекттери, ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулуштар, жабдуулар, транспорт каражаттары жана ренталануу процессинде өздөрүнүн натуралык сапатын жоготпогон башка буюмдар берилиши мүмкүн.

Мыйзамда мүлктүк жалдоого тапшырууга жол берилбеген же чектелген мүлктүн түрлөрү белгилениши мүмкүн.

2. Мыйзамда жер участкаларын жана башка обочолонгон жаратылыш объекттерин мүлктүк жалдоого тапшыруунун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

 

544-статья. Жалданган мүлктөн алынган продукцияга, түшүмгө жана кирешеге менчик укугу

 

Эгерде келишимде башкача каралбаса, жалдоочу жалданган мүлктү ренталануунун натыйжасында алган түшүм, продукция жана киреше анын менчиги болуп саналат.

 

545-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин формасы

 

1. Мүлктүк жалдоо келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

2. Мүлккө менчик укугу кийинчерээк жалдоочуга өтүшүн караган мүлктүк жалдоо келишими мындай мүлктүн соода-сатык келишими үчүн каралган формада түзүлөт.

3. Эгерде кыймылсыз мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминин колдонулушунун мөөнөтү үч жылды жана андан ашыкты түзсө, келишим милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.

Эгерде келишим үч жылдан азыраак мөөнөткө түзүлгөн болсо, анда ал тараптардын биринин талабы боюнча милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

4. Кыймылдуу мүлктүн мүлктүк жалдоо келишими мыйзамда каралган учурларда катталат.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

546-статья. Жалдоого берүүчү

 

Мүлктү жалдоого берүү укугу анын ээсине, ошондой эле мыйзам же мүлктүн ээси тараптан башкарууга укуктуу жактарга таандык.

 

547-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү

 

1. Мүлктүк жалдоо келишими келишимде аныкталган мөөнөткө түзүлөт.

2. Эгерде келишимде мүлктүк жалдоо мөөнөтү аныкталбаса, келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет. Мында тараптардын ар бири келишимден баш тарта тургандыгы жөнүндө экинчи тарапка бир ай мурда, ал эми кыйылсыз мүлктү жалдаган учурда - үч ай мурда эскертип, келишимден каалаган учурда баш тартууга укуктуу. Келишимде белгисиз мөөнөткө түзүлгөн мүлктүк жалдоо келишимин токтотуу жөнүндө эскертүү үчүн башка мөөнөт белгилениши мүмкүн.

3. Мүлктүк жалдоонун айрым түрлөрү үчүн, ошондой эле мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоо үчүн мыйзамда келишимдин максималдуу (эң жогорку) мөөнөтү белгилениши мүмкүн. Мындай учурларда, эгерде келишимде жалдоо мөөнөтү аныкталбаса жана тараптардын бири да мыйзамда белгиленген эң жогоку мөөнөт аяктаганга чейин келишимден баш тартпаса, эң жогорку мөөнөт аяктагандан кийин келишим токтотулат.

Мыйзамда белгиленген эң жогорку мөөнөттөн ашык мөөнөткө түзүлгөн мындай мүлктү жалдоо келишими эң жогорку мөөнөткө барабар болгон мөөнөткө түзүлдү деп эсептелет.

 

548-статья. Жалдоочуга мүлктү берүү

 

1. Жалдоого берүүчү мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык абалдагы жана багыттагы мүлктү жалдоочуга берүүгө милдеттүү.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, мүлк жалдоого өзүнө таандык болгон бардык буюмдары жана өзүнө тиешелүү документтери (техникалык паспорту, сапат сертификаты жана башкалары) менен бирдикте тапшырылат.

Эгерде мындай буюдмар жана документтер берилбесе, бирок жалдоочу ансыз мүлктү анын багытына ылайык пайдалана албаса же келишим түзгөндө ниеттенүүгө укуктуу болгонунан кыйла өлчөмдө ажыраса, ал өзүнө жалдоого берүүчү мындай буюмдарды жана документтерди беришин, ошондой эле тиешелүү буюмдарды жана документтерди бербей коюунун натыйжасында келип чыккан зыяндын ордун толтурууну талап кыла алат.

3. Эгерде жалдоого берүүчү жалдоочуга мүлктү жалдоого келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө акылга сыярлык мөөнөттө бербесе, жалдоочу анда ушул мүлктү ушул Кодекстин 363-статьясына ылайык талап кылып алууга же келишимди бузууну жана аны аткарбай коюудан улам келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

549-статья. Жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтери үчүн жалдоого берүүчүнүн жоопкерчилиги

 

1. Жалдоого берүүчү мүлктүк жалдоо келишимин түзүп жатканда мүлктүн кемчилиги бар экендиги жөнүндө билбеген күндө да, жалдоого тапшырылган мүлктүн аны пайдаланууга толугу менен же жарым-жартылай тоскоолдук кылган кемчиликтери үчүн жооп берет.

Мындай кемчиликтер табылган учурда жалдоочу өз каалоосу боюнча:

жалдоого берүүчүдөн мүлктүн кемчиликтерин акысыз жоюуну, же жалдоо акысын тиешелүү өлчөмдө азайтууну, же мүлктүн кемчиликтерин жоюуга өз чыгымдарынын ордун толтурууну талап кылууга;

төмөнкү жөнүндө алдын ала жалдоочуга билдирип, мүлктүн кемчиликтерин жоюуга өзү тарткан чыгымдардын суммасын мүлктү пайдалангандыгы үчүн акыдан түздөн-түз кармап калууга;

келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.

2. Жалдоочунун талаптары жөнүндө жана мүлктүн кемчиликтерин жалдоого берүүчүнүн эсебинен жоюуга анын ниети жөнүндө кабарландырылган жалдоого берүүчү жалдоого берилген мүлктү ойдогудай абалдагы, ошондой башка мүлккө кечиктирбестен алмаштыра алат.

3. Эгерде жалдоочунун талаптарын канааттандыруу же ал кемчиликтерди жоюуга мүлктү пайдалануу үчүн акыдан чыгымдарды кармап калышы жалдоочуга келтирилген чыгымдардын ордун толтурбаса, ал зыяндын орду толбой калган бөлүгүнүн ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

4. Жалдоого берүүчү келишимди түзүүдө айткан же жалдоочуга мурунтан белгилүү болгон же ал мүлктү карап чыгуу учурунда же келишим түзүүдө же мүлктү жалдоого берүүдө анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалууга тийиш болгон жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтери үчүн жалдоого берүүчү жооп бербейт.

 

550-статья. Жалдоого тапшырылып жаткан мүлккө үчүнчү жактардын укугу

 

Мүлктү жалдоого өткөрүп берүү ушул мүлккө үчүнчү жактын укуктарын токтотуу же өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.

Мүлктүк жалдоо келишимин түзүүдө жалдоого берүүчү жалдоого тапшырылып жаткан мүлккө үчүнчү жактардын бардык укуктары (сервитут, укук, күрөө ж.б.) жөнүндө жалдоочуга эскертүүгө милдеттүү. Жалдоого берүүчү ушул милдеттерди аткарбай коюшу жалдоочуга аренда акысын азайтууну же келишимди бузууну талап кылууга укук берет.

 

551-статья. Мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы

 

1. Жалдоочу мүлктү пайдалангандыгы үчүн өз учурунда акы төлөөгө милдеттүү.

Аренда акысын төлөө тартиби, шарты жана мөөнөтү мүлктүк жалдоо келишиминде аныкталат.

2. Жалдоо акысы жалданган бүткүл мүлк үчүн бүтүндөй же анын ар бир курамдык бөлүгү үчүн өзүнчө:

1) туруктуу суммада аныкталган мезгил-мезгили менен же бир жолу төлөнүүчү төлөмдөр;

2) жалданган мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган продукциянын, түшүмдүн же кирешелердин белгиленген үлүшү;

3) жалдоочу айрым кызматтарды көрсөтүшү;

4) жалдоочу жалдоого берүүчүгө келишимде шартталган буюмдарды менчикке же жалдоого бериши;

5) жалданган мүлктү жакшыртуу боюнча келишимде шартталган чыгымарды жалдоочуга жүктөө түрүндө белгиленет.

Мүлктүк жалдоо келишиминде тараптар мүлктү пайдалануу үчүн акынын көрсөтүлгөн формаларын же акы төлөөнүн башка формаларын карай алышат.

3. Мүлктү пайдалануу үчүн акынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча келишимде каралган мөөнөттөрдө өзгөртүлүшү, бирок бир жылда бир жолудан ашык эмес өзгөртүлүшү мүмкүн. Мүлктүк жалдоонун айрым түрлөрү үчүн, ошондой эле мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоо үчүн мыйзамда башка минималдуу мөөнөттөр каралышы мүмкүн.

4. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жалдоочу жооп бербей турган кырдаалдардан улам келишимде каралган пайдалануу шарттары же мүлктүн абалы олуттуу начарласа, жалдоочу акыны тиешелүү түрдө азайтууну талап кылууга укуктуу.

5. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы төлөө мөөнөтүн олуттуу бузган учурда жалдоого берүүчү андан жалдоо акысын мөөнөтүнөн мурда жалдоого берүүчү белгилеген мөөнөттө төлөшүн талап кылууга укуктуу. Мында жалдоого берүүчү акыны экиден ашык мөөнөт үчүн катары менен мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуксуз.

 

552-статья. Жалданган мүлктү пайдалануу

 

1. Жалдоочу мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык, ал эми келишимде мындай шарттар аныкталбаса, мүлктүн багытына ылайык пайдаланууга милдеттүү.

2. Эгерде жалдоочу жалдоого берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө карабастан мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына же мүлктүн багытына ылайыксыз пайдаланса, жалдоого берүүчү келишимди бузууну талап кылууга укуктуу.

 

553-статья. Жалданган мүлктү тескөө. Жалданган мүлктү кошумча жалдоо жана кайра жалдоо

 

Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, жалдоочу жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен жалданган мүлктү кошумча жалдоого (субарендага) тапшырууга, мүлктүк жалдоо келишими боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка берүүгө (кайра жалдоо), ошондой эле өзүнүн жалдоочу укуктарын күрөөгө коюуга жана мындай жак катары чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына каражат же өндүрүштүк кооперативдерге пайлык взнос кошууга укуктуу. Кайра жалдоону кошпогондо, көрсөтүлгөн учурларда келишим боюнча жалдоого берүүчүгө карата жалдоочу жооптуу бойдон калат.

Кошумча жалдоо келишими мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтүнөн ашык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн эмес.

Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, кошумча жалдоо келишимине карата мүлктүк жалдоо келишими жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

 

554-статья. Мүлктү күтүү боюнча жалдоого берүүчүнүн милдеттенмелери

 

1. Эгерде мыйзамда же мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоого берүүчү жалдоого берилген мүлктү өз эсебинен баштан-аяк оңдоого милдеттүү.

Баштан-аяк оңдоо келишимде белгиленген мөөнөттө, ал эми ал келишимде аныкталбаса же кечиктирилгис зарылчылыктан келип чыкса - акылга сыярлык мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Жалдоого берүүчү баштан-аяк оңдоо боюнча милдеттерин бузушу жалдоочуга өз каалоосу боюнча:

келишимде каралган же кечиктирилгис зарылчылыктан келип чыккан баштан аяк оңдоону жүргүзүүгө жана оңдоонун наркын жалдоого берүүчүдөн өндүрүп алууга же аны жалдоо акысынын эсебине кошууга;

жалдоо акысын тиешелүү түрдө азайтууну талап кылууга;

келишимди бузууну же зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укук берет.

 

555-статья. Жалданган мүлктү күтүү боюнча жалдоочунун милдеттери

 

Эгерде мыйзамда же мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу мүлктү оң абалда кармоого, өз эсебинен учурдагы оңдоолорду жүргүзүүгө жана мүлктү күтүү боюнча чыгымдарды тартууга милдеттүү.

 

556-статья. Тараптар өзгөргөндө мүлктүк жалдоо келишиминин күчүндө болушу

 

1. Жалдоого тапшырылган мүлккө менчик (чарба жүргүзүү, оперативдүү башкаруу) укугу башка жакка өтүшү мүлктүк жалдоо келишимин өзгөртүү же бузуу үчүн негиз болуп саналбайт.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, кыймылсыз мүлктү жалдоочу болуп саналган граждан дүйнөдөн кайткан учурда ушул мүлктү жалдоо келишими боюнча анын укуктары менен милдеттери мураскорго өтөт.

Келишим түзүү жалдоочунун жеке сапаттары менен шартталган учурларды кошпогондо, жалдоого берүүчү мындай мураскорго келишим колдонулушунун калган мөөнөтүнө ага киришинен баш тартууга укуксуз.

 

557-статья. Мүлктүк жалдоо келишимин жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда токтоткондо кошумча жалдоо келишиминин токтотулушу

 

1. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, мүлктүк жалдоо келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу ага ылайык түзүлгөн кошумча жалдоо келишиминин токтотулушуна алып келет. Мындай учурда кошумча жалдоочу токтотулган мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарына ылайык шарттарда кошумча жалдоонун калган мөөнөтүнүн чектеринде кошумча жалдоо келишимине ылайык өзүнүн пайдалануусундагы мүлктү жалдоого келишим түзүшү мүмкүн.

2. Эгерде ушул Кодексте каралган негиздер боюнча мүлктүк жалдоо келишими жараксыз болуп саналса, ага ылайык түзүлгөн кошумча жалдоо келишимдери да жараксыз болуп саналат.

 

558-статья. Жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча мүлктүк жалдоо келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу

 

Эгерде жалдоочу:

1) мүлктү келишимдин шарттарын же мүлктүн багытын олуттуу бузуу же бир нече жолу бузуу менен пайдаланса;

2) мүлктү олуттуу начарлатса;

3) мүлктү пайдалангандыгы үчүн акыны келишимде белгиленген төлөм мөөнөтү аяктагандан кийин экиден ашык жолу катары менен төлөбөсө;

4) мыйзамга же келишимге ылайык баштан-аяк оңдоо милдети жалдоочуда болгон учурда, мүлктү мүлктүк жалдоо келишиминде белгиленген мөөнөттө, ал эми андай мөөнөт алардын келишиминде жок болсо акылга сыярлык мөөнөттө баштан-аяк оңдобосо, - жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча мүлктүк жалдоо келишими сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.

Ушул Кодекстин 411-статьясындагы 2-пунктка ылайык мүлктүк жалдоо келишиминде жалдоого берүүчүнүн талабы боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунун башка негиздери да белгилениши мүмкүн.

2. Жалдоого берүүчү ал милдеттенмелерди акылга сыярлык мөөнөттө аткарышынын зарылчылыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүнү жибергенден кийин гана келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.

 

559-статья. Жалдоочунун талабы боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу

 

Жалдоочунун талабы боюнча мүлктүк жалдоо келишими төмөнкүдөй учурларда сот табынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн:

1) жалдоого берүүчү жалдоочунун пайдалануусуна мүлктү бербегенде же мүлктү келишимдин шарттарына же мүлктү багытына ылайык пайдаланууга тоскоолдук кылганда;

2) жалдоочуга берилген мүлктө аны пайдаланууга тоскоолдук кылган, келишим түзүү учурунда жалдоого берүүчү тарабынан айтылбаган, жалдоочуга мурдатан белгисиз болгон жана ал мүлктү карап чыгуу же келишим түзүүдө анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалышы мүмкүн болбогон кемчиликтер бар болсо;

3) мыйзамга, башка ченемдик укуктук актыларга же келишимге ылайык мүлктү баштан-аяк оңдоо жалдоого берүүчүнүн милдети болуп саналган учурда жалдоого берүүчү келишимде белгиленген мөөнөттө, ал эми мындай мөөнөт келишимде жок болсо - акылга сыярлык мөөнөттө мүлктү баштан-аяк оңдобосо;

4) жалдоочу жооп бербей турган кырдаалдардан улам мүлк пайдаланууга жараксыз абалда калса.

Ушул Кодекстин 411-статьясынын 2-пунктуна ылайык мүлктүк жалдоо келишиминде жалдоочунун талабы боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунун башка негиздери да белгилениши мүмкүн.

 

560-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин мүлктү пайдаланууну улантуу

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, өз милдеттерин ойдогудай аткарган жалдоочу келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башка теңдеш шарттарда башка жактарга караганда жаңы мөөнөткө жалдоо келишимин түзүүгө артыкчылыктуу укукка ээ.

Жалдоочу жалдоо келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, келишимдин күчү аяктаганга чейин акылга сыярлык мөөнөттө мындай келишимди түзүүнү каалай тургандыгы жөнүндө жалдоого берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

Жаңы мөөнөткө жалдоо келишимин түзүүдө келишимдин шарттары тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

Эгерде жалдоого берүүчү жалдоочуга жаңы мөөнөткө келишим түзүүдөн баш тартса, бирок аны менен келишимдин мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир жылдын ичинде башка жак менен жалдоо келишимин түзсө, өз каалоосу боюнча жалдоочу түзүлгөн келишим боюнча укуктар менен милдеттерди өзүнө которууну жана жалдоо келишимин аны менен кайрадан жаңылоодон баш тартуудан келтирилген зыяндын ордун толтурууну же мындай зыяндын ордун гана толтурууну сотто талап кылууга укуктуу.

2. Ушул Кодекстин 547-статьясындагы 3-пунктта каралган учурларды кошпогондо, эгерде жалдоочу мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагадан кийин жалдоого берүүчү тараптан каршы пикир болбостон мүлктү пайдаланууну улантса, келишим мурдагы эле шарттарда белгисиз мөөнөткө жаңыртылды деп эсептелет.

 

561-статья. Жалдоочуга мүлктү кайра кайтаруу

 

1. Мүлктүк жалдоо келишими токтогондо жалдоочу жалдоого берүүчүгө мүлктү ойдогудай урунулушун эске алуу менен өзү алгандай абалда же келишимде шартталгандай абалда кайра кайтарууга милдеттүү.

2. Эгерде жалдоочу жалданган мүлктү кайра кайтарбаса же аны өз учурунда кайтарбаса, жалдоого берүүчү мүлктүн пайдаланылышы үчүн мөөнөтү өткөрүлгөн бардык убакыт үчүн акы төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн акы жалдоого берүүчүгө келтирилген зыяндын ордун толтурбаса, ал анын ордун толтурууну талап кыла алат.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, жалданган мүлктү өз учуранда кайра кайтарбагандыгы үчүн келишимде неустойка каралган учурда, зыяндын орду неустойкадан ашкан толук суммада толтурулууга тийиш.

 

562-статья. Жалданган мүлктүн жакшырышы

 

1. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу мүлктү айрым жакшыртышы анын менчиги болуп саналат.

2. Эгерде мүлктүк жалдоо келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу өз каражаттарынын эсебинен жана жалдоого берүүчүнүн макулдугу менен жалданган мүлктү ага зыян келтирбестен андан ажырагыс жакшыртууларды жасаганда, жалдоочу келишим токтотулгандан кийин ушул жакшыртуулардын наркынын орду толтурулушуна укуктуу.

3. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жалданган мүлктү жалдоочу жалдоого берүүчүнүн макулдугусуз аны ажырагыс жакшыртышынын наркынын орду толтурулбайт.

4. Жалданган мүлктөн алынган амортизациялык чегерүүлөрдүн эсебинен жалданган мүлктөгү ажыроочу жана ажыралгыс жакшыртуулар жалдоого берүүчүнүн менчиги болуп саналат.

 

563-статья. Жалданган мүлктү сатып алуу

 

1. Мүлктүк жалдоо келишиминде мүлктүк жалдоонун мөөнөтү аяктагандан кийин же жалдоочу келишимде шартталган бүткүл сатып алуу баасын төлөгөн шартта ушул мөөнөт аяктаганга чейин жалданган мүлк жалдоочунун менчигине өтө тургандыгы каралышы мүмкүн.

2. Эгерде келишимде жалданган мүлктү сатып алуу жөнүндө шарт каралбаса, ал тараптардын кошумча макулдашуусунда белгилениши мүмкүн, мында тараптар мүлк пайдаланылгандыгы үчүн мурда төлөнгөн акыны сатып алуу баасына кошуу жөнүндө макулдашууга укуктуу.

3. Кийинчерээк сатып алуу менен мүлктүк жалдоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурда катталууга тийиш.

4. Мыйзамда жалданган мүлктү сатып алууга тыюу салуу учурлары белгилениши мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

564-статья. Мүлктүк жалдоо келишиминин айрым түрлөрүнүн жана мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоонун өзгөчөлүктөрү

 

Ушул Кодекстин төмөнкүдөй келишимдер жөнүндөгү эрежелеринде башкача белгиленбесе, мүлктүк жалдоо келишиминин айрым түрлөрүнө жана мүлктүн айрым түрлөрүн жалдоо (прокатка, транспорт каражаттарын арендалоого, ишканаларды арендалоого, имараттарды жана курулуштарды арендалоого, финансы арендасына) келишимине ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

 

2-§. Прокат

 

565-статья. Прокат келишими

 

1. Мүлктү туруктуу ишкерлик кылуу катарында тапшырган жалдоого берүүчү прокат келишими боюнча акысы үчүн кыймылдуу мүлктү убактылуу элик кылууга жана пайдаланууга жалдоочуга берүүгө милдеттенет.

Эгерде келишимде башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, прокат келишими боюнча берилген мүлк керектөө максатында пайдаланылат.

2. Прокат келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

3. Прокат келишими ачык келишим болуп саналат (386-статья).

 

566-статья. Прокат келишиминин мөөнөөтү

 

1. Прокат келишими бир жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.

2. Мүлктүк жалдоо келишимин белгисиз мөөнөткө кайрадан жаңыртуу жөнүндө жана мүлктүк жалдоо келишимин кайрадан жаңыртууга жалдоочунун артыкчылыктуу укугу жөнүндө эрежелер (ушул Кодекстин 560-статьясы) прокат келишимине карата колдонулбайт.

3. Эгерде прокат келишиминде башкача каралбаса, жалдоочу прокат келишиминен каалаган учурда баш тартууга укуктуу.

 

567-статья. Жалдоочуга мүлктү берүү

 

Прокат келишимин түзгөн жалдоого берүүчү жалдоочунун катышуусунда жалдоого тапшырылып жаткан мүлктүн оң экендигин текшерүүгө, ошондой эле жалдоочуну мүлктү пайдалануунун эрежелери менен тааныштырууга же ага ушул мүлктү пайдалануу жөнүндө жазуу жүзүндөгү нускоону берүүгө милдеттүү.

 

568-статья. Жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтерин жоюу

 

1. Жалдоочу жалдоого тапшырылган мүлктү пайдаланууга толугу менен же жарым-жартылай тоскоолдук кылган анын кемчиликтерин тапканда, жалдоого берүүчү, эгерде прокат келишиминде кыйла кыска мөөнөт белгиленбесе, жалдоочу кемчиликтер жөнүндө билдирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттө мүлктү кемчилигин жеринде акысыз жоюуга же ушул мүлктү ойдогудай абалдагы ушундай башка мүлк менен алмаштырууга милдеттүү.

2. Эгерде жалдоого тапшырылган мүлктүн кемчиликтери жалдоочу мүлктү пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузушунун натыйжасы болуп саналса, жалдоочу жалдоого берүүчүгө мүлктү оңдоонун жана ташуунун наркын төлөйт.

 

569-статья. Мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы

 

1. Прокат келишими боюнча мүлктү пайдалануу үчүн акы туруктуу суммада аныкталган мезгил-мезгили менен же бир учурда төлөнүүчү төлөм түрүндө белгиленет.

2. Жалдоочу мүлктү мөөнөтүнөн мурда кайра кайтарган учурда жалдоого берүүчү ага мүлктү пайдалангандыгы үчүн алган акынын тиешелүү бөлүгүн кайра кайтарат, ушул акы мүлк иш жүзүндө кайра кайтарылган күндүн кийинки күндөн тартып эсептелет.

3. Мүлктү пайдалангандыгы үчүн акы төлөө боюнча карызды жалдоочудан өндүрүп алуу нотариустун жазуусунун негизинде талашсыз тартипте жүргүзүлөт.

 

570-статья. Жалданган мүлктү пайдалануу

 

1. Прокат келишими боюнча жалдоого тапшырылган мүлктү баштан-аяк жана учурдагы оңдоо жалдоого берүүчүнүн милдети болуп саналат.

2. Прокат келишими боюнча жалдоочуга берилген мүлктү кошумча жалдоого берүүгө, жалдоочу прокат келишими боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка беришине, жалдоочунун укуктарын күрөөгө коюуга жана аларды мүлктүк салым катары чарбалык шериктештиктерге жана коомдорго, пайлык взнос катары өндүрүштүк кооперативдерге кошууга жол берилбейт.

 

3-§. Транспорт каражаттарын арендалоо

 

1. Башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча кызматтарды көрсөтүү менен транспорт каражаттарын арендалоо

 

571-статья. Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишими

 

1. Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо (убакытка жалдоо) келишими боюнча арендага берүүчү арендаторго транспорт каражатын акы үчүн убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө жана аны башкаруу боюнча жана аны техникалык жактан пайдалануу боюнча кызматтарды өз күчү менен көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Аренда келишимин белгисиз мөөнөткө кайрадан жаңыртуу жөнүндө жана аренда келишимин жаңы мөөнөткө кайрадан жаңыртууга арендатордун артыкчылыктуу укугу жөнүндө эрежелер (ушул Кодекстин 560-статьясы) экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишимине карата колдонулбайт.

 

572-статья. Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминин формасы

 

Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишими мөөнөтүнө карабастан жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Мындай келишимге ушул Кодекстин 545-статьясындагы 4-пунктта каралган аренда келишимин каттоо жөнүндө эрежелер колдонулбайт.

 

573-статья. Транспорт каражатын күтүү боюнча арендага берүүчүнүн милдети

 

Арендага берүүчү келишим күчүндө болгон бүткүл мөөнөттүн ичинде арендага берилген транспорт каражатын ойдогудай абалда кармоого, анын ичинде учурдагы жана баштан-аяк оңдоону жүргүзүүгө жана зарыл тетиктерди берүүгө милдеттүү.

 

574-статья. Транспорт каражатын башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча арендага берүүчүнүн милдети

 

1. Транспорт каражатын башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча арендага берүүчүнүн арендаторго көсөткөн кызматтары келишимде көрсөтүлгөн аренда максаттарына ылайык анын ойдогудай жана коопсуз пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш. Экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминде арендаторго көрсөтүлүүчү кыйла кеңири чөйрөдөгү кызматтар каралышы мүмкүн.

2. Транспорт каражатынын экипажынын курамы жана анын квалификациясы тараптар үчүн милдеттүү болуп саналган келишим эрежелерине жана шарттарына жооп берүүгө, ал эми тараптар үчүн милдеттүү болуп мындай талаптар белгиленбесе, мындай түрдөгү транспорт каражатын пайдалануунун демейки практикасынын талаптарына жана келишимдин шарттарына жооп берүүгө тийиш.

3. Экипаждын мүчөлөрү арендага берүүчүнүн кызматкери болуп саналат. Алар башкарууга жана техникалык жактан пайдаланууга тиешелүү арендага берүүчүнүн буйруктарына жана транспорт каражатын коммерциялык жактан пайдаланууга тиешелүү арендатордун буйруктарына баш иет.

4. Эгерде аренда келишиминде башкача каралбаса, экипаждын мүчөлөрүнүн кызматына акы төлөө боюнча чыгымдарды, ошондой эле аларды күтүүгө чыгымдарды арендага берүүчү көтөрөт.

 

575-статья. Транспорт каражатын коммерциялык жактан пайдалануу менен байланышкан чыгымдарга акы төлөө боюнча арендатордун милдети

 

Эгерде экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор транспорт каражатын коммерциялык жактан пайдалануу менен байланышкан чыгымдарды, анын ичинде пайдалануу процессинде отунга жана чыгымдалуучу башка материалдарга төлөөгө жана жыйымдарга төлөөгө чыгымдарды көтөрөт.

 

576-статья. Транспорт каражатын камсыздандыруу

 

Эгерде экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминде башкача каралбаса, транспорт каражатын камсыздандыруу жана ага же аны пайдаланууга байланыштуу келтирилиши мүмкүн болгон зыян үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу милдети мындай камсыздандыруу мыйзамдан же келишимден улам милдеттүү болуп саналган учурларда арендага берүүчүгө жүктөлөт.

 

577-статья. Транспорт каражатын пайдалануу жөнүндө үчүнчү жактар менен келишимдер

 

1. Эгерде экипажы бар транспорт каражатын арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендага берүүчүнүн макулдугусуз эле транспорт каражатын субарендага берүүгө укуктуу.

2. Эгерде арендатор арендаланган транспорт каражатын коммерциялык пайдалануу жагынан арендега берүүчүнүн макулдугусуз өзүнүн атынан үчүнчү жактар менен ташууларга келишим жана башка келишим түзүшү аренда келишиминде көрсөтүлгөн транспорт каражатын пайдалануу максаттарына карама-каршы келбесе, ал эми мындай максаттар транспорт каражатынын эмнеге арналгандыгында белгиленбесе, арендатор жогоркудай клишимдерди түзүүгө укуктуу.

 

578-статья. Транспорт каражатына келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

Арендаланган транспорт каражаты иштен чыккан же бузулган учурда, эгерде арендага берүүчү транспорт каражатынын иштен чыгышы же бузулушу мыйзамга же аренда келишимине ылайык арендатор жооп бере турган кырдаалдардан улам келип чыккандыгын далилдесе, арендатор келтирилген зыяндын ордун арендага берүүчүгө толтурууга милдеттүү.

 

579-статья. Транспорт каражаты тарабынан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

Арендаланган транспорт каражаты, анын механизмдери, түзүлүштөрү, жабдуулары тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти ушул Кодекстин 51-главасында каралган эрежелерге ылайык арендага берүүчү тартат. Эгерде ал мындай зыян арендатордун айынан келип чыккандыгын далилдесе, үчүнчү жактарга төлөнгөн суммалардын ордун толтуруу жөнүндө кайра кайтаруу талабын арендаторго коюуга укуктуу.

 

580-статья. Транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн арендалоонун өзгөчөлүктөрү

 

Ушул параграфта каралгандардан тышкары, транспорт уставдарында жана кодекстеринде башкаруу жана техникалык пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүү жагынан транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн арендалоонун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

 

2. Башкаруу жана техникалык пайдалануу боюнча кызмат көрсөтпөстөн транспорт каражаттарын арендалоо

 

581-статья. Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишими

 

Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишими боюнча арендага берүүчү арендаторго акы үчүн транспорт каражатын башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу боюнча кызмат көрсөтпөстөн убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берет.

Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишимин белгисиз мөөнөткө кайрадан жаңыртуу жөнүндө жана жаңы мөөнөткө аренда келишимин түзүүгө арендатордун артыкчылыктуу укугу жөнүндө эрежелер (ушул Кодекстин 560-статьясы) экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишимине карата колдонулбайт.

 

582-статья. Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишиминин формасы

 

Экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

 

583-статья. Транспорт каражатын күтүү боюнча арендатордун милдети

 

Арендатор транспорт каражатын арендалоо келишиминин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде арендаланган транспорт каражатын ойдогудай абалда кармоого, анын ичинде учурдагы жана баштан-аяк оңдоону жүргүзүүгө милдеттүү.

 

584-статья. Транспорт каражатын башкаруу жана аны техникалык жактан пайдалануу боюнча арендатордун милдеттери

 

Арендатор арендаланган транспорт каражатын өз күчү менен башкарат, ошондой эле аны коммерциялык жана техникалык жактан пайдаланат.

 

585-статья. Транспорт каражатын күтүүгө кеткен чыгымдын акысын төлөө боюнча арендатордун милдети

 

Эгерде келишимде башкача каралбаса, арендатор арендаланган транспорт каражатын күтүүгө, аны камсыздандырууга, анын ичинде өз жоопкерчилигин камсыздандырууга чыгымдарды, ошондой эле аны пайдаланууга байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрөт.

 

586-статья. Транспорт каражатын пайдалануу жөнүндө үчүнчү жактардын келишимдери

 

1. Эгерде экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендага берүүчүнүн макулдугусуз арендаланган транспорт каражатын экипажы бар же экипажы жок транспорт каражатын арендалоо келишиминин шарттарында субарендага тапшырууга укуктуу.

2. Эгерде арендатор арендага берүүчүнүн макулдугусуз өз атынан үчүнчү жактар менен ташуу келишимдерин жана башка келишимдерди түзүшү аренда келишиминде көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын пайдалануу максаттарына карама каршы келбесе, ал эми мындай максаттар транспорт каражатынын эмнеге пайдаланылышында белгиленбесе, арендатор жогоркудай келишимдерди түзүүгө укуктуу.

 

587-статья. Транспорт каражаты тарабынан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

Транспорт каражаты, анын механизмдери, түзүлүштөрү, жабдуулары тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти ушул Кодекстин 51-главасында каралган эрежелерге ылайык арендатор тартат.

 

588-статья. Транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн арендалоонун өзгөчөлүктөрү

 

Ушул параграфта каралгандардан тышкары, транспорт уставдарында жана кодекстеринде башкаруу жана техникалык пайдалануу боюнча кызмат көрсөтпөстөн транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн арендалоонун өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн.

 

4-§. Имараттарды жана курулуштарды арендалоо

 

589-статья. Имаратты же курулушту арендалоо келишими

 

1. Имаратты же курулушту арендалоо келишими боюнча арендага берүүчү акы төлөгөндүгү үчүн арендаторго имаратты же курулушту убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет.

2. Эгерде ушул Кодекстин ишкананы арендалоо жөнүндө эрежелеринде башкача каралбаса, ишканаларды арендалоого ушул параграфтын эрежелери колдонулат.

 

590-статья. Имаратты же курулушту арендалоо келишиминин формасы жана аны мамлекеттик каттоо

 

Имаратты же курулушту арендалоо келишими тараптар кол койгон бир документти түзүү жолу менен (395-статьянын 2-пункту) жазуу жүзүндө түзүлөт, ал нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Имаратты же курулушту арендалоо келишиминин формасын сактабай коюу анын жараксыз болушуна алып келет.

 

591-статья. Жер участогунда турган имаратты же курулушту арендалоодо жер участкасына укук

 

1. Имаратты же курулушту арендалоо келишими боюнча мындай кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу жана аны пайдалануу укуктарын берүү менен бир эле учурда ушул кыймылсыз мүлк ээлеген жана аны пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бөлүгүнө укук берилет.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, арендага тапшырылып жаткан имарат же курулуш ээлеген же аны максатына ылайык пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бөлүгүн пайдалануу укугу арендаторго берилет.

3. Эгерде менчик укугунда арендага берүүчүгө таандык болбогон жер участкасындагы имаратты же курулушту ушул участоктун менчик ээсинин макулдугусуз арендалоо мындай участокту пайдалануунун мыйзамда белгилеген шарттарына карама-каршы келбесе, ага жол берилет.

 

592-статья. Аренда акысынын өлчөмү

 

1. Имаратты же курулушту арендалоо келишиминде аренда акысынын өлчөмү каралууга тийиш. Аренда акысынын өлчөмү жөнүндө тараптар макулдашкан жазуу жүзүндөгү шарттар жок болгон учурда имаратты же курулушту арендалоо келишими түзүлгөн жок деп эсептелет.

Мында ушул Кодекстин 390-статьясындагы 3-пунктта каралган бааны аныктоо эрежелери колдонулбайт.

2. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, имаратты же курулушту арендалоо келишиминде имаратты же курулушту пайдалангандыгы үчүн белгиленген акы ал жайгашкан жер участкасын же аны менен бирге берилүүчү тиешелүү участоктун бөлүгүн пайдалангандыгы үчүн акыны камтыйт.

3. Имаратты же курулушту арендалоо үчүн акы келишимде имараттын (курулуштун) аянт бирдигине же анын өлчөмүнүн башка көрсөткүчүнө белгиленген учурда, аренда акысы арендаторго берилген имаратын же курулуштун иш жүзүндөгү өлчөмүнө таянуу менен аныкталат.

 

593-статья. Имаратты же курулушту өткөрүп берүү

 

1. Арендага берүүчү имаратты же курулушту өткөрүп бериши жана аны арендатор кабыл алышы өткөрүп берүү актысы боюнча же тараптар кол кое турган берүү жөнүндөгү башка документ боюнча жүзөгө ашырылат.

Эгерде мыйзамда же имаратты же курулушту арендалоо келишиминде башкача каралбаса, имаратты же курулушту өткөрүп берүүгө арендага берүүчүнүн милдеттенмеси аны арендатордун ээлигине же пайдалануусуна бергенден жана өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү документке тараптар кол койгондон кийин аткарылды деп эсептелет.

Тараптардын бири келишимде каралган шарттарда имаратты же курулушту өткөрүп берүү жөнүндөгү документке кол коюудан баш тартышы тиешелүү түрдө арендага берүүчү мүлктү өткөрүп берүү боюнча милдетти аткаруудан, ал эми арендатор мүлктү кабыл алуудан баш тарткандыгы катары каралат.

2. Эгерде имаратты же курулушту арендалоо келишиминде башкача каралбаса, имаратты же курулушту өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде өткөрүп берүү актысын же берүү жөнүндө башка документти түзүү жана аны кол коюуга сунуш кылуу арендага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Имаратты же курулушту арендалоо келишими токтотулганда арендаланган имарат же курулуш ушул статьянын 1-пунктунда каралган эрежелерди сактоо менен арендага берүүчүгө кайтарылууга тийиш.

 

5-§. Ишканаларды арендалоо

 

594-статья. Ишкананы арендалоо келишими

 

1. Ишкерликти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу мүлктүк комплекс катары бүтүндөй алганда ишкананы арендалоо келишими боюнча, арендага берүүчү арендаторго акы төлөтүү менен жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, жабдууларды жана ишкананын курамына кирген башка негизги каражаттарды убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө, чийки зат запастарын, отунду, материалдарды жана башка жүгүртүү каражаттарын: жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын, имараттарды, курулуштарды жана жабдууларды пайдалануу укугун, ишкана менен байланышкан башка мүлктүк укуктарды, ишкананын ишин өзгөчөлөп турган белгилерге укукту жана башка өзгөчө укуктарды келишимде аныкталган тартипте, шартта жана өлчөмдө берүүгө, ошондой эле талап коюу укугун ага берүүгө жана ишканага тиешелүү карыздарды ага которууга милдеттенет, буга арендага берүүчү башка жактарга берүүгө укуксуз болгон укуктар менен милдеттер кирбейт.

2. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, арендага берүүчү тиешелүү ишти аткарууга уруксаттын (лицензиянын) негизинде алган анын укуктары арендаторго берилбейт. Арендатордо мындай уруксат (лицензия) жок туруп арендатор аткара албаган милдеттенмелерди келишим боюнча берилүүчү ишкананын курамына кошуу арендага берүүчүнү кредиторлорго карата тиешелүү милдеттенмелерден бошотпойт.

 

595-статья. Ишкананы арендалоодо кредиторлордун укуктары

 

1. Ишкананын курамына кирген милдеттенмелер боюнча кредиторлор ал арендаторго берилгенге чейин ишкана арендага берилгендиги жөнүндө арендага берүүчү тарабынан маалымдар болууга тийиш.

2. Ишкана арендага берилгендиги жөнүндө маалымдар болгон күндөн тартып бир айдын ичинде кредитор арендага берүүчүдөн тиешелүү милдеттенмелерди токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылууга укуктуу. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө ушул талаптардын кайсы-бирлери коюлбаса, тиешелүү карыздарды арендаторго которууга кредитор макулдугун берди деп табылат.

3. Арендага берүүчүдөн анын милдеттенмелерин токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылган кредиторлор менен эсептешүү аяктагандан кийин гана ишкана арендаторго берилиши мүмкүн.

4. Ишкананы арендага берүү жөнүндө ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте маалымдалбаган кредитор ушул статьянын 2-пунктунда каралган талаптарды канааттандыруу жөнүндө, ошондой эле арендага берүүчү ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун аткарбай коюшунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доону ишкана арендага берилиши жөнүндө ал билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир жылдын ичинде кое алат.

5. Ишкананын кызматкерлери жагынан укуктар менен милдеттер юридикалык жак жоюлган учурда мындай укуктар менен милдеттер өтүшү үчүн эмгек жөнүндөгү мыйзамда каралган тартипте арендага берүүчүдөн арендаторго өтөт.

 

596-статья. Ишкананы арендалоо келишиминин формасы жана аны мамлекеттик каттоо

 

1. Ишкананы арендалоо келишими тараптар кол койгон бир документти түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Ишкананы арендалоо келишими нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана мындайча катталган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

3. Ишкананы арендалоо келишиминин формасын сактабай коюу анын жараксыз болушуна алып келет.

 

597-статья. Арендаланган ишкананы өткөрүп берүү

 

Ишкана арендаторго өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берилет.

Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, ишкананы өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде өткөрүп берүү актысын түзүү жана аны кол коюуга сунуш кылуу арендага берүүчүнүн милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

598-статья. Ишкананы күтүү жана аны пайдалануу жагынан чыгымдарга акы төлөө боюнча арендатордун милдеттери

 

1. Ишкананын арендатору ишкананы арендалоо келишими күчүндө болгон бүткүл мөөнөттүн ичинде ишкананы ойдогудай техникалык абалда кармоого, анын ичинде учурдагы жана баштан-аяк оңдоону жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, арендаланган ишкананы пайдалануу менен, ошондой эле арендаланган мүлктү камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү төлөө менен байланышкан чыгымдар арендаторго жүктөлөт.

 

599-статья. Арендаланган ишкананын мүлкүн пайдалануу

 

1. Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендаланган ишкананын мүлкүнүн курамына кирген материалдык байлыктарды арендага берүүчүнүн макулдугусуз сатууга, алмашууга, убактылуу пайдаланууга же карызга берүүгө, аларды субарендага тапшырууга жана мындай байлыктарды башка жакка берүү жагынан аренда келишими боюнча өзүнүн укуктары менен милдеттерин бериши ишкананын наркынын төмөндөшүнө жана ишкананы арендалоо келишиминин башка жоболору бузулушуна алып келбесе, аларды берүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн тартип жерге жана башка жаратылыш ресурстарына карата, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда колдонулбайт.

2. Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, арендатор арендаланган ишкананын мүлкүнүн курамына анын наркын жогорулата турган өзгөртүүлөрдү арендага берүүчүнүн макулдугусуз эле киргизүүгө, аны реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык жактан кайра жабдууга укуктуу.

 

600-статья. Арендатор арендаланган ишканага жакшыртууларды киргизиши

 

Эгерде ишкананы арендалоо келишиминде башкача каралбаса, ишкананын арендатору арендаланган мүлктүн ажыралгыс жакшыртууларына арендага берүүчүнүн уруксатына карабастан мындай жакшыртуунун наркы өзүнө кайра кайтарылышына укуктуу.

Эгерде арендага берүүчү ушул жакшыртууларга арендатордун короткон чыгымдары арендаланган мүлктүн наркынан анын сапатын жана пайдалануу касиеттерин жакшыртуудан өлчөмсүз түрдө ашкандыгын жана мындай жакшыртууларды жүзөгө ашырууда ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк принциптери бузулгандыгын далилдесе, ал мындай жакшыртуулардын наркын арендаторго кайтаруу милдетинен сот тарабынан бошотулушу мүмкүн.

 

601-статья. Бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын натыйжалары жөнүндө, келишимди өзгөртүү жана бузуу жөнүндө эрежелердин ишкананы арендалоо келишимине карата колдонулушу

 

Эгерде келишим боюнча бир же эки тараптан тең алынгандарды натуралай кайра кайтарууну же өндүрүүнү караган бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын натыйжасы, келишимди бузуу жана өзгөртүү кредиторлордун, арендага берүүчүнүн жана арендатордун, башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын олуттуу бузбаса жана коомдук таламдарга карама-каршы келбесе, ушул Кодекстин мындай натыйжалар жөнүндөгү эрежелери ишкананы арендалоо келишимине карата колдонулат.

 

602-статья. Арендаланган ишкананы кайра кайтаруу

 

Ишкананы арендалоо келишими токтотулган учурда арендаланган мүлк комплекси ушул Кодекстин 594- жана 596-статьяларынын эрежелерин сактоо менен арендага берүүчүгө кайра кайтарылууга тийиш. Эгерде келишимде башкача каралбаса, арендага берүүчүгө ишкананы өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде өткөрүп берүү актысын түзүү мында арендатордун милдети болуп саналат жана анын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

6-§. Финансы арендасы (лизинг)

 

603-статья. Финансы арендасынын келишими

 

Финансы арендасынын келишими (лизинг келишими) боюнча арендага берүүчү арендатор белгилеген сатуучудан ал көрсөткөн мүлктү менчикке сатып алууга жана ушул мүлктү төлөгөн акысы үчүн арендаторго ишкерлик максатка убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенет. Мында арендага берүүчү аренда предметин жана сатуучуну тандоо үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Финансы арендасынын келишиминде сатуучуну жана сатып алынган мүлктү арендага берүүчү тандай тургандыгы каралышы мүмкүн.

Финансы арендасынын (лизингисинин) айрым белгилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгилениши мүмкүн.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

604-статья. Финансылык ижара келишиминин предмети

 

1. Ишкердик үчүн пайдаланылуучу бардык керектелбеген буюмдар, анын ичинде ишкана жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорт каражаттары жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк финансылык ижара келишиминин предмети болушу мүмкүн.

2. Жер участокторунан, ошондой эле эркин жүгүртүү үчүн мыйзамдар менен тыюу салынган же ал үчүн жүгүртүүнүн өзгөчө тартиби белгиленген мүлктөн тышкары, жаратылыш объекттери лизингдин предмети болушу мүмкүн эмес.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

605-статья. Мүлктү арендага тапшыруу жөнүндө сатуучуга билдирүү

 

Арендага берүүчү арендатор үчүн мүлктү сатып алуу менен мүлк белгилүү жакка арендага берүүгө арналгандыгы жөнүндө сатуучуга билдирүүгө тийиш.

 

606-статья. Финансы арендасынын келишиминин предметин арендаторго берүү

 

1. Эгерде финансы арендасынын келишиминде башкача каралбаса, сатуучу өзү турган жерде ушул келишимдин предмети болуп саналган мүлктү түздөн-түз арендаторго берет.

2. Финансы арендасынын келишиминин предмети болуп саналган мүлк ушул келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө арендаторго берилбесе, ал эми келишимде мындай мөөнөт көрсөтүлбөсө, эгерде арендага берүүчү жооп бере турган кырдаалдардан улам мөөнөтү өтүп кетсе, акылга сыярлык мөөнөттө арендатор келишимди бузууну жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

607-статья. Мүлк капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги арендаторго өтүшү

 

Эгерде финансы арендасынын келишиминде башкача каралбаса, мүлк капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги арендаланган мүлк арендаторго берилген учурдан тартып ага өтөт.

 

608-статья. Сатуучунун жоопкерчилиги

 

1. Арендатор финансы арендасынын келишиминин предмети болуп саналган мүлктү сатуучуга сатуучу менен арендага берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн соода-сатык келишиминен, атап айтканда, мүлктүн сапаты жана комплекти, аны берүү мөөнөтү жагынан жана сатуучу келишимди ойдогудай аткарбаган башка учурларда келип чыккан талаптарды түздөн-түз коюуга укуктуу. Мында арендатор ушул Кодексте сатуучу үчүн каралган укуктарга ээ жана милдеттүү, буга ал көрсөтүлгөн мүлктүн соода-сатык келишиминин тарабы болгондо алынган мүлккө акы төлөө милдети кирбейт. Бирок арендатор арендага берүүчүнүн макулдугу болмоюнча сатуучу менен соода-сатык келишимин буза албайт.

Сатуучу менен мамилелерде арендатор жана арендага берүүчү шериктеш кредитор болушат (312-статья).

2. Эгерде финансы арендасынын келишиминде башкача каралбаса, арендага берүүчү соода-сатык келишиминен келип чыккан талаптарды сатуучу аткарышы үчүн арендатордун алдында жооп бербейт, буга сатуучуну тандоо жоопкерчилиги арендага берүүчүгө жүктөлгөн учур кирбейт. Мындай учурда арендатор соода-сатык келишиминен келип чыккан талаптарды өз каалоосу боюнча түздөн-түз мүлк сатуучуга, ошондой эле арендага берүүчүгө коюуга укуктуу, ушулар бирдей жоопкерчилик тартат.

 

28-Глава
Турак-жайды жалдоо

 

609-статья. Турак-жайды жалдоо келишими

 

1. Турак-жайды жалдоо келишими боюнча турак-жайдын менчик ээси же ал дайындаган башкарууга укуктуу жак (жалдоого берүүчү) төлөнгөн акы үчүн турак-жайды граждандын (жалдоочуга) же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ээлигине жана пайдалануусуна берүүгө милдеттенет.

2. Турак-жайды жалдоо келишими боюнча мамилелер Турак-жай кодекси менен жөнгө салынат.

 

29-Глава
Акысыз пайдалануу (ссуда)

 

610-статья. Акысыз пайдалануу келишими

 

1. Акысыз пайдалануу келишими (ссуда келишими) боюнча ссуда берүүчү ссуда алуучуга буюмду убактылуу акысыз берүүгө милдеттенет же берет, ал эми ссуда алуучу ал буюмдун ойдогудай иштетилишин эске алуу менен аны кандай абалда алса дал ошондой абалда же келишимде шартталган абалда кайра кайтарууга милдеттенет.

2. Ссуда берүүчү буюмду аны акысыз пайдалануу келишиминин шарттарына ылайык абалда жана анын максатына ылайык берүүгө милдеттенет.

3. Акысыз пайдалануу келишимине карата тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 543-статьясында, 547-статьясынын 1- жана 2-пункттарында, 548-статьянын 2-пунктунда, 552-статьяда, 560-статьянын 2-пунктунда, 562-статьясынын 1- жана 3-пункттарында каралган эрежелер колдонулат.

 

611-статья. Ссуда берүүчү

 

1. Буюмду акысыз пайдаланууга берүү укугу анын менчик ээсине жана ага мыйзам же менчик ээси тарабынан башкаруу укугу берилген башка жакка таандык.

2. Коммерциялык уюм анын уюштуруучусу, катышуучусу, акционери, жетекчиси, анын башкаруу же контролдоо органдарынын мүчөсү болуп саналган жакка буюмду акысыз пайдаланууга берүүгө укуксуз.

 

612-статья. Буюмду акысыз пайдаланууга берүүнүн натыйжасы

 

Эгерде ссуда берүүчү ссуда алуучуга буюмду бербесе, ссуда алуучу акысыз берүү келишимин бузууну жана ал тарткан реалдуу зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

613-статья. Акысыз пайдаланууга берилген буюмдун кемчиликтери үчүн жоопкерчилик

 

1. Ссуда берүүчү акысыз пайдалануу келишимин түзүүдө атайылап же ашкере байкабастыктан айтпай койгон буюмдун кемчиликтери үчүн жооп берет.

Мындай кемчиликтерди тапканда ссуда алуучу өз каалоосу боюнча ссуда берүүчүдөн буюмдун кемчиликтерин акысыз жоюуну же ссуда берүүчү буюмдун кемчиликтерин жоюуга өз ниети жөнүндө билдирген учурда, буюмдун кемчиликтерин жоюуга өз чыгымдарынын ордун толтурууну талап кылууга, же келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну жана өзү тарткан реалдуу чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

2. Ссуда алуучунун талаптары жөнүндө же буюмдун кемчиликтерин ссуда берүүчүнүн эсебинен жоюуга анын ниети жөнүндө маалымдар болгон ссуда берүүчү тез арада бузук буюмду ойдогудай абалдагы ошондой башка буюм менен алмаштыра алат.

3. Келишим түзүүдө ссуда берүүчү айткан же ссуда алуучуга мурдатан белгилүү болгон же келишим түзүүдө же буюмду өткөрүп берүүдө буюмду карап чыгуу же анын оң экендиги текшерүү учурунда ссуда алуучу көрүүгө тийиш болгон буюмдун кемчиликтери үчүн ссуда берүүчү жооп бербейт.

 

614-статья. Акысыз пайдаланууга берилүүчү буюмга үчүнчү жактардын укуктары

 

1. Буюмду акысыз пайдаланууга берүү үчүнчү жактардын ушул буюмга укуктарынын өзгөрүшү же токтотулушу үчүн негиз болуп саналбайт.

2. Акысыз пайдалануу келишимин түзүүдө ссуда берүүчү ушул буюмга үчүнчү жактардын бардык укуктары (сервитут, күрөө укугу ж.б.) жөнүндө ссуда алуучуга эскертүүгө милдеттүү. Ушул милдеттин аткарылбай калышы ссуда алуучуга келишимди бузууну жана тарткан зыяндын ордун толтурууну талап кылуу укугун берет.

 

615-статья. Буюмду күтүү боюнча ссуда алуучунун милдеттери

 

Ссуда алуучу акысыз пайдаланууга алган буюмду оң абалда кармоого милдеттүү. Эгерде келишимде башкача каралбаса, ссуда алуучу буюмду учурдагы жана баштан-аяк оңдоолорду жүргүзүүгө жана аны күтүү боюнча бардык чыгымдарды көтөрүүгө милдеттүү.

 

616-статья. Буюмдун капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги

 

Эгерде ссуда алуучу буюмду келишимге же багытына ылайыксыз пайдаланышына же ссуда берүүчүнүн макулдугусуз аны үчүнчү жакка беришине байланыштуу буюм иштен чыкса же бузулса, акысыз пайдаланууга алган буюмдун капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин ссуда алуучу тартат.

Эгерде ссуда алуучу иш жүзүндөгү кырдаалды эске алып буюмдун иштен чыгышын же бузулушун өз буюмунан кечүү менен четтете ала турган болсо, бирок өз буюмун сактап калууну артык көрсө, ал буюмдун капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин да тартат.

 

617-статья. Буюмду үчүнчү жак пайдаланышынан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

Эгерде ссуда алуучу буюмду пайдалануунун натыйжасында үчүнчү жакка келтирилген зыян ссуда алуучунун же ушул буюм ссуда берүүчүнүн макулдугу менен колунда болгон жактын жаман оюнан же ашкере энөөлүгүнөн улам келип чыккандыгын, же эгерде зыян ссуда алуучунун карамагынан чыккан буюмду ссуда берүүчүнүн макулдугусуз пайдалануудан улам келтирилгендигин далилдебесе, мындай зыян үчүн ссуда берүүчү жооп берет.

 

618-статья. Акысыз пайдаланууга алынган буюмду үчүнчү жакка берүү

 

Ссуда алуучу акысыз пайдаланууга алынган буюмду ссуда берүүчүгө карата жооптуу болуп калуу менен, анын макулдугу боюнча гана үчүнчү жактын пайдалануусуна берүүгө укуктуу.

 

619-статья. Акысыз пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу

 

1. Эгерде ссуда алуучу:

1) буюмду келишимге же буюмдун арналышына ылайык пайдаланбаса;

2) буюмду оң абалда кармоо же аны күтүү боюнча милдеттерди аткарбаса;

3) буюмдун абалын олуттуу начарлатса;

4) буюмду ссуда берүүчүнүн макулдугусуз үчүнчү жакка берсе,

- ссуда берүүчү акысыз пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.

2. Ссуда алуучу төмөнкүдөй учурларда акысыз пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу:

1) буюмду ойдогудай пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербеген же зыяндуу болгон кемчиликтери бар экендигин келишим түзүп жаткан учурда билбесе же билиши мүмкүн болбосо, ушул кемчиликтерди тапканда;

2) эгерде ал жооп бербей турган кырдаалдардан улам буюм пайдаланууга жараксыз абалга келсе;

3) эгерде келишим түзүү учурунда ссуда берүүчү берилип жаткан буюмга үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө эскертпесе.

 

620-статья. Акысыз пайдалануу келишиминен баш тартуу

 

1. Тараптардын ар бири мөөнөтү көрсөтүлбөстөн түзүлгөн акысыз пайдалануу келишиминен ар кандай убакта баш тартууга укуктуу, мында эгерде келишимде экинчи тарапка ушул жөнүндө кабарлоонун башка мөөнөтү көрсөтүлбөсө, бир ай мурда кабарландырат.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, ссуда алуучу мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлгөн акысыз пайдалануу келишиминен ар кандай убакта ушул статьянын 1-пунктунда каралган тартипте баш тартууга укуктуу.

 

621-статья. Акысыз пайдалануу келишиминде тараптын өзгөрүшү

 

1. Ссуда берүүчү буюмду оолактатууга жана аны үчүнчү жактын акысыз пайдалануусуна берүүгө укуктуу. Мында жаңы менчиктөөчүгө же пайдалануучуга мурда түзүлгөн акысыз пайдалануу келишими боюнча укукта өтөт, ал эми буюмга карата анын укуктарына ссуда алуучунун укуктары кошулат.

2. Ссуда алуучу граждандын көзү өткөндө же ссуда алуучу юридикалык жак өзгөртүп уюштурулганда же жоюлганда акысыз пайдалануу келишими боюнча алардын укуктары менен милдеттери мураскоруна (укугун мурастоочуга) же менчик укугу же буюмду акысыз пайдаланышына берген башка укук өткөн башка жакка өтөт.

Эгерде келишимде башкача каралбаса, ссуда алуучу юридикалык жак өзгөртүп уюштурулганда же жоюлганда акысыз пайдалануу келишими боюнча анын укуктары менен милдеттери укугун мурастоочуга өтөт.

 

622-статья. Акысыз пайдалануу келишимин токтотуу

 

Эгерде келишимде башкача каралбаса, ссуда алуучу граждандын көзү өткөндө же ссуда алуучу юридикалык жак жоюлганда акысыз пайдалануу келишими токтотулат.

 

30-Глава
Подряд

1-§. Подряд жөнүндө жалпы жоболор

 

623-статья. Подряд келишими

 

1. Подряд келишими боюнча тараптардын бири (подрядчы) экинчи тараптын (буюртмачынын) тапшырмасы боюнча айрым ишти аткарууга жана анын натыйжасын белгиленген мөөнөттө буюртмачыга тапшырууга, ал эми буюртмачы иштин натыйжасын кабыл алууга жана ага акы төлөөгө милдеттенет. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, иш подрядчынын тобокелдиги менен аткарылат.

2. Эгерде ушул Кодекстин келишимдин башка түрлөрү жөнүндөгү эрежелеринде башкача белгиленбесе, подряд келишиминин айрым түрлөрүнө (турмуш-тиричилик подряды, курулуш подряды, долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд) карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.

 

624-статья. Подряд келишими боюнча аткарылуучу иштер

 

1. Подряд келишими буюртмачыга иштин натыйжасын өткөрүп берүү же башкача түрдө тапшыруу менен буюмду даярдоого же кайра иштетүүгө (иштетүүгө) же башка ишти аткарууга түзүлөт.

2. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, буюртмачынын тапшырмасын аткаруу ыкмасын подрядчы өз алдынча аныктайт.

 

625-статья. Ишти подрядчынын эсебинен аткаруу

 

1. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, иштер подрядчынын эсебинен - анын материалдары, анын күчү жана каражаты менен аткарылат.

2. Подрядчы өзү берген сапаты начар материалдар жана жабдуулар үчүн, ошондой эле үчүнчү жактардын укугу бар болгон материалдар менен жабдууларды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.

 

626-статья. Тобокелдикти тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

 

1. Эгерде ушул Кодексте, башка мыйзамдарда же подряд келишиминде башкача каралбаса:

буюмду кайра иштетүү (иштетүү) үчүн берилген материалдардын, жабдуулардын же мүлк келишимин аткаруу үчүн пайдаланылган башка мүлктүн капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин аларды берген тарап тартат;

аткарылган иштин натыйжасын кабыл алганга чейин ал капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин подрядчы тартат.

2. Иштин натыйжасын өткөрүп берүү же кабыл алуу мөөнөтү өтүп кетсе, ушул статьянын 1-пунктунда каралган тобокелдиктерди мөөнөттүн өтүшүнө жол берген тарап тартат.

 

627-статья. Башкы подрядчы жана субподрядчы

 

1. Эгерде мыйзамдан же подряд келишиминен подрядчы келишимде каралган ишти жеке аткарууга милдети келип чыкпаса, подрядчы өз милдеттеринин бир бөлүгүн аткарууга башка жактарды (субподрядчыны) тартууга укуктуу. Мындай учурда подрядчы башкы подрядчынын ролунда болот.

2. Башкы подрядчы ушул Кодекстин 303-статьясындагы 1-пункттун жана 367-статьянын эрежелерине ылайык субподрядчы милдеттерди аткарбай коюшунун же ойдогудай аткарбай коюшунун натыйжасы үчүн буюртмачынын алдында жоопкерчилик, ал эми буюртмачы подряд келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбай койгондугу же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн субподрядчынын алдында жоопкерчилик тартат.

Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, буюртмачы менен субподрядчынын ар бири башкы подрядчы менен түзгөн подряд келишиминин бузулушу менен байланышкан талаптарды бири-бирине коюуга укуксуз.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун эрежелерин же келишимди бузуу менен подряд келишимин аткарууга субподрядчыны тарткан подрядчы келишимди аткарууга субподрядчынын катышуусу менен келтирилген зыян үчүн буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартат.

4. Башкы подрядчынын макулдугу менен буюртмачы айрым иштерди аткарууга башка жактар менен келишим түзүүгө укуктуу. Мындай учурда көрсөтүлгөн жактар иштин аткарылбай калышы же ойдогудай эмес аткарылышы үчүн түздөн-түз буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартышат.

 

628-статья. Ишти аткарууга бир нече жактардын катышуусу

 

1. Эгерде подрядчы тарапта бир эле учурда эки же андан көп жактар болсо, милдеттенме предмети бөлүнбөгөн учурда алар буюртмачыга карата бирдей карызкор жана тиешелүү түрдө бирдей кредитор деп табылат.

2. Милдеттенме предмети бөлүнө турган, ошондой эле мыйзамда же келишимде каралган башка учурларда ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын ар бири буюртмачыга карата өз үлүшүнүн чектеринде укуктарга ээ болот жана милдеттерди тартат.

 

629-статья. Ишти аткаруу мөөнөтү

 

1. Подряд келишиминде ишти аткаруунун баштапкы жана акыркы мөөнөтү көрсөтүлөт. Тараптардын ортосундагы макулдашуу боюнча келишимде ошондой эле иштин айрым этаптарын аяктоо мөөнөтү (аралык мөөнөт) каралышы мүмкүн.

Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, подрядчы ишти аткаруунун баштапкы жана акыркы мөөнөтү, ошондой эле аралык мөөнөтү бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Подряд келишиминде көрсөтүлгөн ишти аткаруунун баштапкы, акыркы жана аралык мөөнөттөрү келишимде каралган учурларда жана тартипте өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Ушул Кодекстин 368-статьясындагы 2-пунктта көрсөтүлгөн аткаруу мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн натыйжасы ишти аткаруунун акыркы мөөнөтү бузулганда келип чыгат.

 

630-статья. Иштин баасы

 

1. Подряд келишиминде аткарылуучу иштин баасы жана аны аныктоо ыкмасы аныкталат. Келишимде мындай көрсөтмө жок болгон учурда баа ушул Кодекстин 390-статьясындагы 3-пунктка ылайык аныкталат.

2. Подряд келишиминдеги баа подрядчынын короткон чыгымдарын компенсациялоону жана ага таандык болгон сыйлык акыны камтыйт.

3. Иштин баасы сметаны түзүү жолу менен аныкталышы мүмкүн.

Иш подрядчы түзгөн сметага ылайык аткарылган учурда сметаны буюртмачы бекиткен учурдан тартып ал күчүнө кирет жана подряд келишиминин бир бөлүгү болуп калат.

4. Иштин баасы (смета) болжолдуу же так болушу мүмкүн. Подряд келишиминде башка көрсөткүчтөр жок болсо, иштин баасы так деп эсептелет.

5. Эгерде кошумча иштерди жүргүзүү зарылчылыгы жана ушул себептен улам болжолдуу аныкталган бааны кыйла жогорулатуу зарылчылыгы келип чыкса, подрядчы ушул жөнүндө буюртмачыга өз учурунда эскертүүгө милдеттүү. Подряд келишиминде көрсөтүлгөн иштин баасын жогорулатууга макул болбогон буюртмачы келишимден баш тартууга укуктуу. Мындай учурда подрядчы иштин аткарылган бөлүгү үчүн бааны өзүнө төлөп берүүнү буюртмачыдан талап кыла алат.

Келишимде көрсөтүлгөн иштин баасын жогорулатуу жөнүндө буюртмачыга өз учурунда эскерткен подрядчы келишимде аныкталган баа боюнча ишке акы төлөнүшүнө укукту сактоо менен келишимди аткарууга милдеттүү.

6. Эгерде келишим түзүү учурунда аткарылууга тийиш болгон иштин толук көлөмүн же ушул үчүн зарыл чыгымдарды болжолдоо мүмкүн болбосо, подрядчы так бааны жогорулатууну, ал эми буюртмачы аны азайтууну талап кылууга укуксуз.

Подряд келишими түзүлгөндөн кийин подрядчы бере турган материалдар менен жабдуулардын, ошондой эле ага үчүнчү жактар көрсөтө турган кызматтардын наркы кыйла өсүп кетсе, подрядчы белгиленген бааны (сметаны) жогорулатууну талап кылууга, ал эми буюртмачы ушул талапты аткаруудан баш тартканда - ушул Кодекстин 412-статьясына ылайык келишимди бузууну талап кылууга укуктуу.

 

631-статья. Подрядчынын үнөмү

 

1. Эгерде подрядчы алган үнөм аткарылган иштин сапатына таасир эткендигин буюртмачы далилдей албаса, подрядчынын иш жүзүндөгү чыгымдары иштин баасын аныктоодо эске алынгандан аз болуп чыккан учурда подрядчы ишке подряд келишиминде каралган баа боюнча акы төлөтүү укугун сактап калат.

2. Подряд келишиминде подрядчы алган үнөмдү тараптардын ортосунда бөлүштүрүү каралышы мүмкүн.

 

632-статья. Ишке акы төлөө тартиби

 

1. Эгерде подряд келишиминде аткарылган ишке же анын айрым этаптарына алдын ала акы төлөө каралбаса, иш ойдогудай түрдө жана макулдашылган мөөнөттө же буюртмачынын макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда аткарылган шартта, буюртмачы подрядчыга шартталган бааны иштин натыйжасы биротоло тапшырылгандан кийин төлөөгө милдеттүү.

2. Подрядчы мыйзамда же подряд келишиминде көрсөтүлгөн учурларда жана өлчөмдө гана ага аванс же алдын ала күрөө төлөнүшүн талап кылууга укуктуу.

 

633-статья. Кармап калууга подрядчынын укугу

 

Буюртмачы белгиленген бааны же подряд келишимин аткарууга байланыштуу подрядчыга тиешелүү башка сумманы төлөө милдетин аткаруудан баш тарткан учурда, подрядчы ушул Кодекстин 342-статьясына ылайык иштин натыйжасын, ошондой эле буюртмачыга тиешелүү жабдууну, кайра иштетүү (иштетүү) үчүн берилген буюмду, пайдаланылбай калган материалды жана буюртмачынын анда калган башка мүлкүн буюртмачы тиешелүү сумманы төлөгөнгө чейин кармап калууга укуктуу.

 

634-статья. Ишти буюртмачынын материалын пайдалануу менен аткаруу

 

1. Подрядчы буюртмачы берген материалды үнөмдүү жана эсеби менен пайдаланууга, иш аяктагандан кийин буюртмачыга материалдын чыгымдалышы жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле анын калганын кайра кайтарууга же порядчыда калган пайдаланылбаган материалдын наркын эске алып, буюртмачынын макулдугу менен иштин баасын төмөндөтүүгө милдеттүү.

2. Эгерде подрядчы буюртмачы берген материалдарды ойдогудай кабыл алууда ал кемчиликтерди табышы мүмкүн болбогондугун далилдебесе, подряды ушул материалдардын кемчиликтеринен улам келип чыккан иштин ойдогудай эмес аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

635-статья. Буюртмачы берген мүлктү сактай албагандыгы үчүн подрядчынын жоопкерчилиги

 

Подряд келишимин аткарууга байланыштуу подрядчынын карамагына түшкөн, буюртмачы берген материалды, жабдууну, кайра иштетүү (иштетүү) үчүн берген буюмду же башка мүлктү сактай албагандыгы үчүн подрядчы жоопкерчилик тартат.

 

636-статья. Подрядчы ишти аткарып жаткан учурда буюртмачынын укуктары

 

1. Буюртмачы подрядчынын ишине кийлигишпестен, ал аткарган иштин жүрүшүн жана сапатын каалаган учурда текшерүүгө укуктуу.

2. Эгерде подрядчы подряд келишимин аткарууга өз учурунда киришпесе же ишти өтө жай жүргүзгөндүктөн аны мөөнөтүндө бүтүрүү таптакыр мүмкүн болбосо, буюртмачы келишимди аткаруудан баш тартууга жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде иш аткарылышынын жүрүшүндө ал ойдогудай аткарылбай тургандыгы айкын болсо, буюртмачы кемчиликтерди жоюу үчүн подрядчыга акылга сыярлык мөөнөттү дайындоого укуктуу жана подрядчы ушул талапты дайындалган мөөнөттө аткарбаса, подряд келишиминен баш тартууга же ишти подрядчынын эсебинен оңдоону башка жакка тапшырууга, ошондой эле зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, келишимди аткарудан баш тарткандыгы жөнүндө буюртмачынын билдирүүсүн алганга чейин аткарылган иштин бөлүгүнө пропорциялуу белгиленген баанын бөлүгүн подрядчыга төлөгөндөн кийин буюртмачы өзүнө иштин натыйжасы тапшырылганга чейин эле келишимди аткаруудан каалаган учурда баш тарта алат. Буюртмачы ошондой эле подряд келишимин токтотуудан улам подрядчыга келтирилген зыяндын ордун бүткүл иш үчүн аныкталган баа менен аткарылган иш үчүн төлөнгөн баанын бир бөлүгүнүн ортосундагы айырманын өлчөмүндө толтурууга милдеттүү.

 

637-статья. Подрядчы буюртмачыга эскертүүгө милдеттүү болгон кырдаалдар

 

1. Подрядчы:

буюртмачы берген материалдардын, жабдуулардын, техникалык документациянын же кайра иштетүүгө (иштетүүгө) берилген буюмдун жараксыздыгын же сапаты начар экендигин;

ишти аткаруу ыкмасы жөнүндө буюртмачынын көрсөтмөлөрүн аткаруунун ал үчүн мүмкүн болгон жагымсыз натыйжаларын;

аткарылып жаткан иштин жарактуулугуна же бекемдигине коркунуч келтирген же аны мөөнөтүндө аяктоого мүмкүндүк бербеген, подрядчыга байланыштуу болбогон башка кырдаалдарды; -

байкаганда буюртмачыга тез арада эскертүүгө жана андан көрсөтмө алганга чейин ишти токтотууга милдеттүү.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар жөнүндө буюртмачы эскертпеген же келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганча, ал эми андай мөөнөт жокто эскертүүгө жооп алуу үчүн акылга сыярлык мөөнөт аяктаганга чейин күтпөстөн же ишти токтотуу жөнүндө буюртмачынын өз учурундагы көрсөтмөсүнө карабастан ишти уланткан подрядчы тиешелүү талаптар ага карата же ал тарабынан буюртмачыга карата коюлганда көрсөтүлгөн кырдаалдарга таянууга укуксуз.

3. Эгерде буюртмачы ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар жөнүндө подрядчынын өз учурундагы жана негиздүү эскертүүсүнө карабастан, акылга сыярлык мөөнөттө жараксыз же сапаты начар материалды, жабдууну, техникалык документацияны же кайра иштетүүгө (иштетүүгө) берилген буюмду алмаштырбаса, ишти аткаруу ыкмасы жөнүндө көрсөтмөнү өзгөртпөсө же анын жараксыз болушуна алып келүүчү кырдаалдарды жоюу үчүн башка зарыл чараларды көрбөсө, подрядчы подряд келишимин аткаруудан баш тартууга жана аны токтотуудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруунун талап кылууга укуктуу.

 

638-статья. Буюртмачынын көмөктөшүүсү

 

1. Буюртмачы подряд келишиминде каралган учурларда, көлөмдө жана тартипте ишти аткарууга подрядчыга көмөктөшүүгө милдеттүү.

Буюртмачы мындай милдетти аткарбаган учурда подрядчы келтирилген чыгымдардын, анын ичинде бош туруп калуудан улам келип чыккан кошумча чыгымдардын ордун толтурууну же ишти аткаруу мөөнөтүн которууну же келишимде көрсөтүлгөн иштин баасын көбөйтүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Буюртмачынын иш-аракетинин же каталыктарынын айынан подряд келишими боюнча ишти аткаруу мүмкүн болбогон учурда подрядчы иштин аткарылган бөлүгүн эске алуу менен ага келишимде көрсөтүлгөн баа төлөнүшүнүн укугун сактап калат, мында подрядчы алган же алышы мүмкүн болгон сумма келишимди аткарбагандыгына байланыштуу алып салынат.

 

639-статья. Подряд келишими боюнча буюртмачы утурлама милдеттерди аткарбай коюшу

 

1. Буюртмачы подряд келишими боюнча өз милдеттерин бузушу, атап айтканда, материалды, жабдууну, техникалык документацияны же кайра иштетилүүчү (иштетилүүчү) буюмду бербей коюшу подрядчы келишимди аткарышына тоскоолдук кылса, ошондой эле көрсөтүлгөн милдеттер белгиленген мөөнөттө аткарылбай тургандыгын ачык-айкын айгинелеген кырдаалдар болсо, подрядчы ишке киришпөөгө, ал эми башталган ишти токтотуп коюуга укуктуу.

Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдар бар болгон учурда подрядчы келишимди аткаруудан баш тартууга жана зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

640-статья. Подрядчы аткарган ишти буюртмачынын кабыл алышы

 

1. Буюртмачы аткарылган ишти (анын натыйжасын) подряд келишиминде каралган мөөнөттө жана тартипте подрядчынын катышуусу менен карап чыгууга жана кабыл алууга, ал эми иштин натыйжасын начарлаткан келишимден четтөөлөрдү же иштеги башка кемчиликтерди тапкан учурда тез арада ушул жөнүндө подрядчыга билдирүүгө милдеттүү.

2. Ишти кабыл алууда анын кемчиликтерин тапкан буюртмачы кабыл алууну күбөлөндүргөн актыда же башка документте ушул кемчиликтер айтылган же кийинчерээк аларды жоюу талабын коюу мүмкүнчүлүгү айтылган учурда гана ушул кемчиликтерге таянууга укуктуу.

3. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, ишти текшерүүсүз кабыл алган буюртмачы ишти демейки ыкма менен кабыл алганда белгилениши мүмкүн болгон (ачык көрүнгөн кемчиликтер) иштин кемчиликтерине таяна албайт.

4. Ишти кабыл алгандан кийин анда келишимден четтөөлөрдү же демейки ыкма менен кабыл алганда белгилениши мүмкүн болбогон кемчиликтерди (көрүнбөгөн кемчиликтерди), анын ичинде подрядчы атайлап жашырган кемчиликтерди тапкан буюртмачы аларды тапкандан кийин акылга сыярлык мөөнөттө ушулар жөнүндө подрядчыга кабарлоого милдеттүү.

5. Аткарылган иштин кемчиликтери же алардын себептери жагынан буюртмачы менен подрядчынын ортосунда талаш-тартыш келип чыкканда тараптардын биринин талабы боюнча экспертиза дайындалууга тийиш. Подряд келишимин подрядчынын иш-аракети менен табылган кемчиликтердин ортосунда себептүү байланыш жоктугун экспертиза аныктаган учурларды кошпогондо, экспертизага чыгымдарды подрядчы көтөрөт. Көрсөтүлгөн учурларда экспертизага чыгымдарды экспертиза дайындоону талап кылган тарап тартат, ал эми ал тараптардын ортосундагы макулдашуу боюнча дайындалса эки тарап бирдей тартат.

6. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, буюртмачы аткарылган ишти кабыл алуудан баш тарткан учурда подрядчы келишимге ылайык иштин натыйжасы буюртмачыга берилүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин жана буюртмачы кийинчерээк эки жолу жазуу жүзүндө эскертилген шартта иштин натыйжасын акылга сыярлык баага сатууга андан соң подрядчыга тиешелүү бардык төлөмдөрдү алып салуу менен алынган сумманы ушул Кодекстин 310-статьясында каралган тартипте буюртмачынын атына кошууга тийиш.

7. Эгерде буюртмачы аткарылган ишти кабыл алуудан баш тартышы ишти тапшыруу мөөнөтүнүн өтүп кетишине алып келсе, чыгарылган (кайра иштетилген же иштетилген) буюмга менчик укугу ишти өткөрүү болгон учурда буюртмачыга өттү деп табылат.

 

641-статья. Иштин сапаты

 

1. Подрядчы аткарган иштин сапаты подряд келишиминин шарттарына, ал эми келишимдин шарты болбосо же толук болбосо - тиешелүү түрдөгү ишке демейде коюлуучу талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Буюртмачыга өткөрүп берүү учурунда аткарылган иштин натыйжасы келишимде көрсөтүлгөн же демейде коюлуучу талаптарда аныкталган касиеттерге ээ болууга тийиш. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же подряд келишиминде башкача каралбаса, аткарылган иштин натыйжасы келишимде белгиленген акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде пайдалануу үчүн, ал эми келишимде мындай пайдалануу каралбаса - мындай түрдөгү ишти демейкидей пайдалануу үчүн жарактуу болууга тийиш.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда же алар тарабынан белгиленген тартипте подряд келишими боюнча аткарылуучу ишке карата милдеттүү талаптар каралса, ишкер катарында иштеген подрядчы ушул милдеттүү талаптарды сактоо менен ишти аткарууга милдеттүү.

Подрядчы өзүнө келишим боюнча сапат талаптарына жооп берген ишти тараптар үчүн белгиленген талаптарга салыштырганда алда канча жогорку сапатта аткаруу милдетин кабыл ала алат.

 

642-статья. Иштин сапатынын гарантиясы

 

1. Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, подряд келишиминде же ишкер жүгүртүү салттарында иштин натыйжасы үчүн гарантия мөөнөтү каралса, иштин натыйжасы бүткүл гарантия мөөнөтүнүн ичинде келишимдин сапат жөнүндөгү шарттарына ылайык келүүгө тийиш (ушул Кодекстин 640-статьясындагы 1-пункт).

2. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, иштин натыйжасынын сапат гарантиясы иштин натыйжасын түзгөндөрдүн бардыгына жайылтылат.

 

643-статья. Гарантия мөөнөтүн эсептөө тартиби

 

1. Эгерде подряд келишиминде башкача каралбаса, аткарылган ишти буюртмачы кабыл алган же кабыл алууга тийиш болгон учурдан тартып гарантия мөөнөтү (641-статьянын 1-пункту) өтө баштайт.

2. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда, тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса же подряд келишиминин өзгөчөлүктөрүнөн башкасы келип чыкпаса, подряд келишими боюнча гарантия мөөнөтүн эсептөөгө тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 434-статьясындагы 2-4-пункттарда камтылган эрежелер колдонулат.

 

644-статья. Иштин ойдогудай эмес сапаты үчүн подрядчынын жоопкерчилиги

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, подрядчы ишти подряд келишиминен иштин натыйжасын начарлатуучу четтөөлөр менен же аны келишимде каралгандай пайдаланууга жараксыз кылган же келишимде тиешелүү шарттар жок болгондо демейкидей пайдаланууга жараксыз кылган башка кемчиликтер менен аткарылган учурда, буюртмачы өз каалоосу боюнча подрядчыдан төмөнкүнү талап кылууга укуктуу:

кемчиликтерди акылга сыярлык мөөнөттө акысыз жоюуну;

иш үчүн белгиленген бааны тиешелүү өлчөмдө азайтууну;

кемчиликтерди четтетүүгө буюртмачынын укугу подряд келишиминде каралган учурда (362-статья) аларды жоюуга өз чыгымдарынын ордун толтурууну.

2. Подрядчы өзү жооп бере турган кемчиликтерди жоюунун ордуна ишти аткаруу мөөнөтү өтүп кетиши менен буюртмачыга келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен ишти кайра баштан акысыз аткарууга укуктуу. Мындай учурда эгерде буюртмачы мурда ага берилген иштин натыйжасын подрядчыга кайра кайтарышы иштин мүнөзү боюнча мүмкүн болсо, буюртмачы аны кайра кайтарууга милдеттүү.

3. Эгерде иште подряд келишиминин шарттарынан четтөөлөр же иштин натыйжасынын башкача кемчиликтери буюртмачы белгилеген акылга сыярлык мөөнөттө жоюлбаса же олуттуу жана жоюлбай турган кемчилик болуп саналса, буюртмачы келишимден баш тартууга жана келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

4. Ишти аткаруу үчүн материал берген подрядчы анын сапаты үчүн сатуучунун ойдогудай эмес сапаттагы товарлар үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эрежелер боюнча жооп берет.

 

645-статья. Иштин натыйжасынын ойдогудай эмес сапатын табуу мөөнөтү

 

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, иштин натыйжасынын ойдогудай эмес сапаты ушул статьяда белгиленген мөөнөттө табылган шартта, буюртмачы аны менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

2. Эгерде мыйзамда, келишимде же иштиктүү карым-катнаштардын каада-салттарында башка мөөнөт белгиленбесе, иштин натыйжасына гарантия мөөнөтү белгиленбеген учурда буюртмачы иштин натыйжасынын кемчиликтери менен байланышкан талаптарды ушул кемчиликтер акылга сыярлык мөөнөттө, бирок иштин натыйжасы өткөрүп берилген күндөн тартып эки жылдын ичинде коюшу мүмкүн.

3. Буюртмачы гарантия мөөнөтүнүн ичинде табылган иштин натыйжасынын кемчиликтери менен байланышкан талаптарды коюуга укуктуу.

4. Эгерде буюртмачы кемчиликтер иштин натыйжасы буюртмачыга өткөрүп берилгенге чейин келип чыккандыгын же ушул учурга чейин пайда болгон себептерден улам келип чыккандыгын далилдесе, подряд келишиминде каралган гарантия мөөнөтү эки жылдан азды түзгөн жана иштин натыйжасынын кемчиликтерин буюртмачы гарантия мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок ушул Кодекстин 642-статьясындагы 1-пунктта каралган учурдан тартып эки жылдын ичинде тапкан учурда, жоопкерчиликти подрядчы тартат.

 

646-статья. Иштин ойдогудай эмес сапаты жөнүндө доонун эскириши

 

1. Подряд келишими боюнча аткарылган иштин ойдогудай эмес сапатына байланыштуу коюлуучу талаптар үчүн доонун эскиришинин мөөнөтү бир жылды түзөт, ал эми имараттар менен курулуштар жагынан ушул Кодекстин 212-статьясынын эрежелери боюнча аныкталат.

2. Эгерде подряд келишимине ылайык буюртмачы иштин натыйжасын бөлүк-бөлүктөр боюнча кабыл алса, доонун эскиришинин мөөнөтү иштин натыйжасы бүтүндөй кабыл алынган күндөн тартып өтө баштайт.

3. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук ченемдик актыларда же подряд келишиминде гарантия мөөнөтү белгиленсе жана иштин натыйжасынын кемчилиги жагынан билдирүү гарантия мөөнөтүнүн ичинде жасалса, ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн доонун эскиришинин мөөнөтү кемчиликтер жөнүндө билдирилген күндөн тартып өтө баштайт.

 

647-статья. Буюртмачыга маалымат берүүгө подрядчынын милдети

 

Эгерде подрядчы подряд келишиминин предметинин колдонушуна же башкача пайдаланышына тиешелүү маалыматты бериши келишимде каралса же малыматтын мүнөзү ансыз иштин натыйжасын келишимде көрсөтүлгөн максаттар үчүн мүмкүн эместей мүнөздө болсо, подрядчы мындай маалыматты буюртмачыга иштин натыйжасы менен бирдикте берүүгө милдеттүү.

 

648-статья. Тараптар алган маалыматтын купуялыгы

 

Эгерде тарап подряд келишими боюнча өз милдетин аткарышынын аркасында экинчи тараптан жаңы, анын ичинде мыйзам тарабынан корголбогон чечимдер жана техникалык тапшырмалар жөнүндө маалыматты, ошондой эле коммерциялык сыр катары каралуучу маалыматтарды (34-статья) алса, мындай маалыматты алган тарап аны экинчи тараптын макулдугу болмоюнча үчүнчү жактарга билдирүүгө укуксуз.

 

649-статья. Буюртмачы берген мүлктү подрядчы кайра кайтарышы

 

Буюртмачы ушул Кодекстин 635-статьясындагы 2-пункттун же 643-статьясындагы 3-пункттун негизинде подряд келишимин бузган учурда подрядчы буюртмачы берген материалдарды, жабдууларды, кайра иштетүү (иштетүү) үчүн берилген буюмду же башка мүлктү кайра кайтарууга же аларды буюртмачы көрсөткөн жакка берүүгө, ал эми ушулар мүмкүн болбосо - материалдардын, жабдуулардын жана башка мүлктүн ордун толтурууга милдеттүү.

 

650-статья. Иштин натыйжасы кабыл алынганга чейин подряд келишимин токтотуунун натыйжасы

 

Подрядчы аткарган иштин натыйжасын буюртмачы кабыл алганга чейин (639-статьянын 1-пункту) мыйзамда же келишимде каралган негиздер боюнча подряд келишими токтотулган учурда буюртмачы жумшалган чыгымдарды подрядчыга компенсациялоо менен бүтпөгөн иштин натыйжасы өзүнө берилишин талап кылууга укуктуу.

 

2-§. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими

 

651-статья. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими

 

1. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча тиешелүү ишкерликти жүзөгө ашырып жаткан подрядчы граждандын (буюртмачынын) тапшырмасы боюнча буюртмачынын турмуш-тиричилик же башка жеке муктаждыктарын канааттандырууга арналган айрым ишти аткарууга, ал эми буюртмачы ишти кабыл алууга жана акы төлөөгө милдеттенет.

2. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими ачык келишим (386-статья) болуп саналат.

3. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча мамилелерге карата керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдар жана аларга ылайык кабыл алынган башка укуктук ченемдик актылар колдонулат.

 

652-статья. Турмуш-тиричилик подрядынын келишиминин формасы

 

Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук ченемдик актыларда же келишимде, анын ичинде буюртмачы кошулган (387-статья) формулярлардын же башка стандарттуу формалардын шарттарында башкача каралбаса, турмуш-тиричилик подрядынын келишими подрядчы келишим түзүлгөндүгүн ырастаган квитанцияны же башка документти буюртмачы берген учурдан тартып ойдогудай формада түзүлдү деп эсептелет.

Буюртмачыда көрсөтүлгөн документтердин жок болушу аны келишим түзүлгөндүгүнүн жана анын шарттарынын фактысын ырастоо үчүн күбө көрсөтмөлөрүнө таянуу укугунан ажыратпайт.

 

653-статья. Буюртмачынын укуктарынын гарантиясы

 

1. Подрядчы турмуш-тиричилик подрядынын келишимине кошумча иштерди же кызмат көрсөтүүлөрдү кошууну буюртмачыга таңуулоого укуксуз. Буюртмачы келишимде каралбаган иштер менен кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн баш тартууга укуктуу.

2. Буюртмачы келишимди аткаруудан баш тартуу жөнүндө билдирилгенге чейин аткарылган иштин бөлүгүнө пропорциялуу белгиленген баанын бир бөлүгүн подрядчыга төлөп жана, эгерде келишимди аткаруу максатында ушул учурга чейин жумшалган чыгымдар иштин баасынын көрсөтүлгөн бөлүгүнө кирбесе, алардын ордун подрядчыга толтуруп бергенден кийин буюртмачы иш өзүнө тапшырылганга чейин каалаган учурда турмуш-тиричилик подрядынын келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу. Келишимдин буюртмачыны ушул укуктан ажыраткан шарттары жокко эсе.

 

654-статья. Сунуш кылынуучу иш жөнүндө маалыматты буюртмачыга берүү

 

1. Подрядчы турмуш-тиричилик подрядынын келишимин түзгөнгө чейин сунуш кылынуучу иш, анын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө, баасы жана акы төлөө формасы жөнүндө зарыл жана ишенимдүү маалыматты буюртмачыга берүүгө, ошондой эле буюртмачынын өтүнүчү боюнча ага келишимге тиешелүү жана ишке ылайыктуу башка маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү. Эгерде иштин мүнөзү боюнча мунун мааниси болбосо, подрядчы аны аткара турган конкреттүү жакты буюртмачыга көрсөтүүгө тийиш.

2. Подрядчыдан алган маалымат толук эместигинен жана ишенимсиздигинен улам буюртмачы ойлогондой касиетке ээ болбогон ишти аткарууга келишим түзүлүп калса, буюртмачы түзүлгөн турмуш-тиричилик подрядынын келишимин бузууну, ошондой эле зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

 

655-статья. Ишти подрядчынын материалы менен жасоо

 

1. Эгерде турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча иш подрядчынын материалы менен жасалса, буюртмачы келишим түзүүдө материалга акыны толугу менен же келишимде көрсөтүлгөн бөлүгүн төлөйт, андан соң буюртмачы подрядчыдан аткарылган ишти алган учурда биротоло эсептешет.

Турмуш-тиричилик подрядынын келишимине ылайык материал подрядчы тарабынан кредитке, анын ичинде буюртмачы материалга акыны мөөнөтүн узартып төлөшүнүн шарты менен берилиши мүмкүн.

2. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими түзүлгөндөн кийин подрядчы берген материалдын баасынын өзгөрүшү кайра эсептөөгө алып келбейт.

 

656-статья. Ишти буюртмачынын материалы менен жасоо

 

Эгерде турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча иш буюртмачынын материалы менен жасалса, келишим түзүүдө подрядчы буюртмачыга бере турган квитанцияда же башка документте келишим боюнча тараптар аныктаган материалдын так аталышы, сыпаттамасы жана баасы көрсөтүлүүгө тийиш. Материалдын квитанциядагы же ушундай башка документтеги баасы кийинчерээк буюртмачы тарабынан сотто талашып-тартылышы мүмкүн.

 

657-статья. Иштин баасы жана ага акы төлөө

 

Турмуш-тиричилик подрядынын келишиминде иштин баасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталат жана подрядчы жарыялаган прейскурантта көрсөтүлгөн баадан ашык болушу мүмкүн эмес. Буюртмачы иштин акысын подрядчы ишти биротоло тапшыргандан кийин төлөйт.

Буюртмачынын макулдугу менен иштин акысын ал келишим түзүүдө толугу менен же аванс берүү жолу менен төлөшү мүмкүн.

 

658-статья. Аткарылган ишти пайдалануунун шарттары жөнүндө буюртмачыга эскертүү

 

Буюртмачыга ишти тапшырууда подрядчы ага иштин натыйжасын иштиктүү жана коопсуз пайдалануу үчүн сактоо зарыл болгон талаптар жөнүндө, ошондой эле тиешелүү талаптарды сактабай коюунун буюртмачы жана башка жактар үчүн мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

 

659-статья. Аткарылган иштен кемчиликтерди табуунун натыйжасы

 

1. Иштин натыйжасын кабыл алуу учурунда же аны пайдалануу учурунда кемчиликтерин тапканда буюртмачы ушул Кодекстин 645-статьясында каралган жалпы мөөнөттүн ичинде, ал эми гарантия мөөнөтү бар болгон учурда өз каалоосу боюнча ушул мөөнөттөрдүн ичинде ушул Кодекстин 644-статьясында каралган укуктардын бирин жүзөгө ашыра алат же ишти акысыз кайталап аткарууну же кемчиликтерди өзү же үчүнчү жактар жумшаган чыгымдардын ордун толтурууну талап кыла алат.

2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте кыйла узак мөөнөт (кызмат кылуу мөөнөтү) каралбаса, турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча аткарылган иштин натыйжасынын буюртмачынын өзүнүн жана башка жактардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон мындай кемчиликтерин акысыз жоюу жөнүндө талапты буюртмачы же анын укугун мурастоочу иштин натыйжасы кабыл алынган учурдан тартып он жылдын ичинде коюшу мүмкүн. Мындай талап ушундай кемчиликтер качан табылгандыгына карабастан, анын ичинде алар гарантия мөөнөтү аяктагандан кийин да коюлушу мүмкүн.

3. Подрядчы ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган учурда буюртмачы кемчиликтерди өз күчү менен же үчүнчү жактардын жардамы менен жоюуга байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууну буюртмачы ошол эле мөөнөттө талап кылууга укуктуу.

 

660-статья. Иштин натыйжасын алууга буюртмачынын келбей коюшунун натыйжасы

 

Аткарылган иштин натыйжасын алууга буюртмачы келбей койгон же заказчы аны кабыл алуудан башкача баш тартканда подрядчы буюртмачыга жазуу жүзүндө эскертип, мындай эскертилген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин иштин натыйжасын акылга сыярлык баада сатууга, ал эми андан алынган сумманы, подрядчыга тиешелүү бардык төлөмдөрдү чыгарып алуу менен, ушул Кодекстин 310-статьясында каралган тартипте депозитке кошууга тийиш.

 

661-статья. Турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча иш ойдогудай эмес аткарылган же аткарылбаган учурда буюртмачынын укуктары

 

Турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча иш ойдогудай эмес аткарылган же аткарылбаган учурда буюртмачы ушул Кодекстин 466-468-статьяларына ылайык сатып алуучуга берилген укуктардан пайдалана алат.

 

3-§. Курулуш подряды

 

662-статья. Курулуш подрядынын келишими

 

1. Курулуш подрядынын келишими боюнча подрядчы келишимде белгиленген мөөнөттө айрым объектти курууга же башка курулуш иштерин аткарууга милдеттенет, ал эми буюртмачы подрядчыга ишти аткаруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, алардын натыйжасын кабыл алууга жана шартташкан бааны төлөөгө милдеттенет.

2. Курулуш подрядынын келишими ишкананы, имаратты (анын ичинде турак үйдү), курулуштарды же башка объекттерди курууга же реконструкциялоого, ошондой эле курулуп жаткан объект менен ажыралгыс байланышкан монтаждоо, ишке киргизип-жөнгө салуу жана башка иштерин аткарууга түзүлөт. Эгерде келишимде башкача каралбаса, курулуш подрядынын келишими жөнүндөгү эрежелер имараттарды жана курулуштарды баштан аяк оңдоо боюнча иштерге карата да колдонулат.

Келишимде каралган учурларда подрядчы объектти буюртмачы кабыл алгандан кийин аны келишимде каралган мөөнөттүн ичинде пайдаланууну камсыз кылат.

3. Курулуш подрядынын келишими боюнча граждандын (буюртмачынын) турмуш-тиричилик же башка жекече муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иштер аткарылган учурда мындай келишимге карата тиешелүү түрдө ушул главанын 2-параграфындагы турмуш-тиричилик подрядынын келишими боюнча буюртмачынын укуктары жөнүндөгү эрежелер колдонулат.

 

663-статья. Тобокелдикти тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

 

1. Курулуш подрядынын келишиминин предметин түзгөн курулуш объектисинин капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдигин объектти буюртмачы кабыл алганга чейин подрядчы тартат.

2. Эгерде объект буюртмачы берген материалдын (тетиктин, конструкциянын) же жабдуунун сапатсыздыгынын же буюртмачынын ката көрсөтмөлөрүн аткаруунун айынан аны буюртмачы кабыл алганга чейин иштен чыкса же бузулса, подрядчы ушул Кодекстин 636-статьясындагы 1-пунктта каралган милдеттерди аткарган шартта ал сметада каралган иштин бүткүл наркын төлөөнү талап кыла алат.

 

664-статья. Курулуш объектисин камсыздандыруу

 

1. Курулуш подрядынын келишиминде курулуш объекти, материал, жабдуу жана курууда пайдаланылуучу башка мүлк капысынан иштен чыгышынын же капысынан бузулушунун тобокелдиги же курулушту жүзөгө ашырууда башка жактарга келтирген зыяны үчүн жоопкерчилик мойнунда болгон тараптын тиешелүү тобокелдикти камсыздандыруу милдети каралышы мүмкүн.

Камсыздандыруу боюнча милдет жүктөлгөн тарап курулуш подрядынын келишиминде каралган шарттарда ал камсыздандыруу келишимин түзгөндүгүнүн далилин, анын ичинде камсыздандыруучу, камсыздандыруу суммасынын өлчөмү жана камсыздандырылган тобокелдиктер жөнүндө маалыматтарды экинчи тарапка берүүгө тийиш.

2. Камсыздандыруу тиешелүү тарапты камсыздандыруу учуру келишин четтетүү үчүн зарыл чараларды көрүү милдетинен бошотпойт.

 

665-статья. Долбоорлоо-смета документтери

 

1. Подрядчы курулушту жана аны менен байланышкан иштерди анын көлөмүн, маңызын аныктаган долбоорлоо документтерине, аларга коюлуучу башка талаптарга жана иштин баасын аныктаган сметага ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.

Курулуш подрядынын келишиминде башка көрсөтмөлөрдүн жок болушу подрядчы долбоорлоо документтеринде жана сметада (долбоорлоо-смета документтеринде) көрсөтүлгөн бардык иштерди аткарууга милдеттүү экендигин билдирет.

2. Курулуш подрядынын келишиминде долбоорлоо-смета документтеринин курамы жана мазмуну аныкталууга тийиш, ошондой эле тиешелүү документтерди тараптардын кимиси жана кандай мөөнөттө берүүгө тийиш экендиги каралууга тийиш.

3. Курулуштун жүрүшүндө долбоорлоо-смета документтеринде эске алынбаган иштерди жана буга байланыштуу кошумча иштерди жүргүзүү жана курулуштун сметалык наркын көбөйтүү зарылчылыгын байкаган подрядчы ушул жөнүндө буюртмачыга билдирүүгө милдеттүү.

Эгерде мыйзамда же курулуш подрядынын келишиминде башкача мөөнөт каралбаса, өз билдирүүсүнө он күндүн ичинде буюртмачыдан жооп ала албаса, подрядчы бош туруп калуудан келип чыккан зыянды буюртмачынын эсебине жүктөө менен тиешелүү иштерди токтотууга милдеттүү. Эгерде буюртмачы кошумча иштерди жүргүзүү зарылчылыгы жок экендиги далилдесе, ал мындай зыяндын ордун толтуруудан бошотулат.

4. Эгерде буюртмачынын таламында тез иш-аракеттерди, атап айтканда, ишти токтотуу курулуш объектисинин иштен чыгышына же бузулушуна алып келиши мүмкүн экендигине байланыштуу тез иш-аракеттерди жасоо зарылчылыгын далилдебесе, ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген милдеттерди аткарбаган подрядчы өзү аткарган кошумча иштерге акы төлөөнү жана ушундан улам келип чыккан зыяндын ордун толтурууну буюртмачыдан талап кылуу укугунан ажырайт.

5. Кошумча иштерди жүргүзүүгө жана акы төлөөгө буюртмачынын макулдугу болгон учурда подрядчы мындай иштер подрядчынын кесиптик ишинин чөйрөсүнө кирбеген же подрядчыга байланышпаган себептерден улам ал тарабынан аткарылышы мүмкүн болбогон учурларда гана аларды аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

666-статья. Долбоорлоо-смета документтерине өзгөртүү киргизүү

 

1. Буюртмачы долбоорлоо-смета документтерине подрядчы үчүн кошумча чыгымдар менен байланышпаган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Долбоорлоо-смета документтериндеги подрядчы үчүн кошумча чыгымдарды талап кылган өзгөртүүлөр тараптар макулдашкан кошумча сметанын негизинде жүргүзүлөт.

3. Эгерде подрядчыга байланышпаган себептерден улам иштердин наркы сметадан кеминде он процентке ашып кетсе, ал ушул Кодекстин 441-статьясына ылайык сметаны кайра карап чыгууну талап кылууга укуктуу.

 

667-статья. Курулушту материалдар жана жабдуу менен камсыз кылуу

 

1. Эгерде курулуш подрядынын келишиминде курулушту бүтүндөй же айрым бөлүгүн буюртмачы камсыз кыла тургандыгы каралбаса, курулушту материалдар, анын ичинде тетиктер жана конструкциялар, же жабдуу менен камсыз кылуу боюнча милдетти подрядчы тартат.

2. Курулушту материалдык жактан камсыз кылууга милдеттүү тарап өзү берген материалдарды же жабдууну аткарылып жаткан иштин сапатын начарлатпастан пайдалануу мүмкүн эместигин байкаса, эгерде пайдалануу мүмкүн эместиги экинчи тарап жооп бере турган кырдаалдардан улам келип чыккандыгын далилдебесе, ал үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Буюртмачы берген материалдарды же жабдууларды аткарылып жаткан иштердин сапатын начарлатпастан пайдалануу мүмкүн эместиги айкын болгон жана буюртмачы аларды алмаштыруудан баш тарткан учурда подрядчы курулуш подрядынын келишиминен баш тартууга жана иштин аткарылган бөлүгүнө пропорциялуу келишим баасын төлөөнү, ошондой эле ушул сумма менен жабылбаган чыгымдардын ордун толтурууну буюртмачыдан талап кылууга укуктуу.

 

668-статья. Иштерге акы төлөө

 

1. Подрядчы аткарган иштерге сметада каралган өлчөмдө, мыйзамда же курулуш подрядынын келишиминде белгиленген мөөнөттө жана тартипте акы төлөнөт. Мыйзамда же келишимде тиешелүү көрсөтмө жок болгон учурда эмгек акы ушул Кодекстин 631-статьясына ылайык төлөнөт.

2. Курулуш подрядынын келишиминде буюртмачы объектти кабыл алгандан кийин бир эле учурда жана толук көлөмдө ишке акы төлөө каралышы мүмкүн.

 

669-статья. Курулуш подрядынын келишими боюнча буюртмачынын кошумча милдеттери

 

1. Буюртмачы курулуш үчүн жер участкасын өз учурунда берүүгө милдеттүү. Берилген жер участкасынын аянты жана абалы курулуш подрядынын келишиминде камтылган шарттарга төп келүүгө, ал эми мындай шарт жок болсо иштердин өз учурунда башталышын, аларды ойдогудай жүргүзүүнү жана мөөнөтүндө аяктоону камсыз кылууга тийиш.

2. Буюртмачы курулуш подрядынын келишиминде каралган учурларда жана тартипте иштерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттар менен курулуштарды подрядчынын пайдалануусуна берүүгө, анын дарегине жүктөрдү жеткирүүнү, энергия менен жабдууну, суу жана буу проводдорун өткөрүүнү камсыз кылууга жана башка кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Буюртмачы ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды бергендиги үчүн акы курулуш подрядынын келишиминде каралган учурларда жана шарттарда төлөнөт.

 

670-статья. Курулуш подрядынын келишими боюнча иштердин аткарылышына буюртмачынын контролдугу жана көзөмөлү

 

1. Буюртмачы аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө жана сапатына, аларды аткаруу мөөнөтүнүн (графигинин) сакталышына, подрядчы берген материалдардын сапатына, ошондой эле подрядчы буюртмачынын материалдарын туура пайдаланышына контролдук кылууга жана көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу, мында подрядчынын оперативдүү-чарбалык ишине кийлигишпейт.

2. Иштердин аткарылышына контролдук кылууда жана көзөмөл жүргүзүүдө иштин сапатын начарлатышы мүмкүн болгон курулуш подрядынын келишиминин шарттарынан четтөөлөрдү же алардын башка кемчиликтерин тапкан буюртмачы ушул жөнүндө тез арада подрядчыга билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү жасабаган буюртмачы өзү тапкан кемчиликтерге андан ары таянуу укугунан ажырайт.

3. Эгерде курулуштун жүрүшүндө буюртмачыдан алынган көрсөтмөлөр курулуш подрядынын келишиминин шарттарына карама-каршы келбесе жана подрядчынын оперативдүү-чарбалык ишине кийлигишүүнү билдирбесе, подрядчы мындай көрсөтмөлөрдү аткарууга милдеттүү.

4. Ишти ойдогудай аткарбаган подрядчы алардын аткарылышына буюртмачы контролдукту жана көзөмөлдү жүзөгө ашырган жок деп шылтоого укуксуз, буга мындай контролдукту жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдети мыйзам тарабынан буюртмачыга жүктөлгөн учурлар кирбейт.

 

671-статья. Курулуш подрядынын келишиминде тараптардын кызматташуусу

 

1. Эгерде курулушту жана аны менен байланышкан иштерди аткарууда курулуш подрядынын келишимин ойдогудай аткарууга тоскоолдуктар келип чыкса, тараптардын ар бири мындай тоскоолдуктарды четтетүү үчүн өзүнө байланыштуу болгон бардык акылга сыярлык чараларды көрүүгө милдеттүү. Мындай милдетти аткарбаган тарап тиешелүү тоскоолдуктар четтетилбегендиги менен келтирилген зыяндын орду толтурулушуна укуктан ажырайт.

2. Тараптын ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдетти аткаруу менен байланышкан чыгымдарын ушул курулуш подрядынын келишиминде каралган учурларда экинчи тарап ордун толтурууга тийиш.

 

672-статья. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана курулуш иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча подрядчынын милдеттери

 

1. Курулушту жана аны менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууда подрядчы курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө жана курулуш иштеринин коопсуздугу жөнүндө мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого милдеттүү.

Подрядчы көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде иштерди жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө буюртмачы берген материалдарды жана жабдууну пайдалануу же анын көрсөтмөлөрүн аткаруу курчап турган чөйрөнү коргоо жана курулуш иштеринин коопсуздугу жагынан тараптар үчүн милдеттүү болгон талаптардын бузулушуна алып келиши мүмкүн болсо, подрядчы аларды пайдаланууга жана аткарууга укуксуз.

 

673-статья. Курулушту консервациялоонун натыйжасы

 

Эгерде тараптарга байланышпаган себептерден улам курулуш подрядынын келишими боюнча иштер токтоп калса жана курулуш объектиси консервацияланса, буюртмачы подрядчыга иш консервацияланганга чейин аткарылган иш үчүн акыны толук көлөмдө төлөөгө, ошондой эле иштерди токтотуу жана курулушту консервациялоо зарылчылыгына байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

 

674-статья. Ишти тапшыруу жана кабыл алуу

 

1. Курулуш подрядынын келишими боюнча аткарылган иштердин же, эгерде ушул келишимде каралса, иштин аткарылган этабынын натыйжасы тапшырууга даяр экендиги жөнүндө подрядчынын билдирүүсүн алган буюртмачы тез арада аны кабыл алууга киришүүгө милдеттүү.

2. Эгерде курулуш подрядынын келишиминде башкача каралбаса, буюртмачы өз эсебинен ишти кабыл алууну уюштурат жана кабыл алат.

Мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда иштин натыйжасын кабыл алууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууга тийиш.

3. Иштин айрым этабын алдын ала кабыл алган буюртмачы иштердин натыйжасынын подрядчынын күнөөсүнөн улам болбогон иштен чыгышынын же бузулушунун кесепетинин тобокелдигин тартат.

4. Подрядчы иштин натыйжасын тапшырышы жана аны буюртмачы кабыл алышы акт менен толтурулат, ага эки тарап тең кол коет. Тараптардын бири актыга кол коюудан баш тарткан учурда анда ушул жөнүндө белги коюлат жана актыга башка тарап кол коет.

Эгерде актыга кол коюудан баш тартуунун жүйөөсүн сот негиздүү деп тапкан учурда ал иштин натыйжасын тапшыруунун же кабыл алуунун бир тараптуу актысын жараксыз деп табышы мүмкүн.

5. Ушул мыйзамда же курулуш подрядынын келишиминде каралган учурда же келишим боюнча аткарылган иштердин мүнөзүнөн келип чыкканда иштин натыйжасын кабыл алуудан мурда ал алдын ала сыноодон өтүүгө тийиш. Мындай учурларда алдын ала сыноо оң натыйжа бергенде гана ал кабыл алынышы мүмкүн.

6. Иштин натыйжасын курулуш подрядынын келишиминде көрсөтүлгөн максатта пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жана подрядчы же буюртмачы жое албай турган кемчиликтерди тапкан учурда буюртмачы аны кабыл алуудан баш тартууга укуктуу.

 

675-статья. Иштин сапаты үчүн подрядчынын жоопкерчилиги

 

1. Долбоорлоо-смета документтеринде жана тараптар аткарууга курулуш жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптардан четтөөгө жол берилгендиги үчүн, ошондой эле курулуш объектисинин долбоорлоо-смета документтеринде көрсөтүлгөн, анын ичинде ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу сыяктуу көрсөткүчтөрүнө жетише албагандыгы үчүн подрядчы буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартат.

Имаратты же курулушту реконструкциялоодо (жаңылоодо, кайра курууда, реставрациялоодо ж.б.) подрядчыга имараттын, курулуштун же анын бөлүгүнүн бекемдигин, туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн төмөндөткөндүгү же жоготкондугу үчүн жоопкерчилик жүктөлөт.

2. Эгерде подрядчы буюртмачынын макулдугусуз долбоорлоо-смета документтеринен майдабарат четтөөгө жол бергендиги курулуш объектисинин сапатына таасир этпегендигин далилдесе, ал четтөө үчүн жоопкерчилик тартпайт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

676-статья. Курулуш подрядынын келишиминде сапаттын гарантияланышы

 

1. Эгерде курулуш подрядынын келишиминде башкача каралбаса, подрядчы курулуш объектиси долбоорлоо-смета документтеринде белгиленген көрсөткүчтөргө жете тургандыгын жана гарантия мөөнөтүнүн ичинде объектти курулуш подрядынын келишимине ылайык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн гарантиялайт. Эгерде мыйзамда башка гарантия мөөнөтү каралбаса, гарантия мөөнөтү объектти буюртмачы кабыл алган күндөн тартып он жылды түзөт. Ушул Кодексте же башка мыйзамда белгиленген гарантия мөөнөтү тараптардын макулдашуусу менен көбөйтүлүшү мүмкүн.

2. Эгерде подрядчы гарантия мөөнөтүнүн ичинде табылган кемчиликтер (каталыктар) объекттин же анын бөлүктөрүнүн ойдогудай иштешинен, аны туура эмес пайдалануудан же аны пайдалануу жагынан буюртмачы өзү же ал тарткан үчүнчү жак иштеп чыккан нускоонун туура эместигинен, объектти буюртмачынын өзү же ал тарткан үчүнчү жак туура эмес оңдошунан улам келип чыккандыгын далилдесе, подрядчы ушул кемчиликтер үчүн жооп бербейт.

3. Гарантия мөөнөтүнүн өтүшү подрядчы жооп бере турган кемчиликтин айынан объект пайдаланылбаган убакытка токтотулат.

4. Гарантия мөөнөтүнүн ичинде ушул Кодекстин 674-статьясынын 1-пуктунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди тапкан учурда буюртмачы аларды тапкан учурдан тартып акылга сыярлык мөөнөттө алар жөнүндө подрядчыга билдирүүгө тийиш.

 

677-статья. Кемчиликтерди буюртмачынын эсебинен жоюу

 

1. Курулуш подрядынын келишиминде подрядчы жоопкерчилик тартпай турган кемчиликтерди буюртмачынын талабы боюнча жана анын эсебинен жоюуга подрядчынын милдети каралышы мүмкүн.

2. Кемчиликтерди жоюу келишимдин предмети менен түздөн-түз байланышпаган же подрядчыга тиешесиз себептер боюнча ал тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн болбогон учурларда подрядчы ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

4-§. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд

 

678-статья. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими

 

Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча подрядчы (долбоорлоочу, иликтөөчү) буюртмачынын тапшырмасы боюнча долбоорлоо-смета документтерин иштеп чыгууга жана (же) иликтөө иштерин аткарууга милдеттенет, ал эми буюртмачы алардын натыйжасын кабыл алууга жана акы төлөөгө милдеттенет.

 

679-статья. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткаруу үчүн баштапкы маалыматтар

 

1. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча буюртмачы подрядчыга долбоорлоого имаратты, ошондой эле долбоорлоо-смета документтерин түзүү үчүн зарыл болгон баштапкы маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Долбоорлоо иштерин аткарууга тапшырманы буюртмачынын тапшыруусу боюнча подрядчы даярдашы мүмкүн. Мындай учурда буюртмачы тапшырманы бекиткен учурдан тартып эки тарап тең аны аткарууга милдеттүү болуп саналат.

2. Подрядчы долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткаруу үчүн тапшырмада жана башка баштапкы маалыматтарда камтылган талаптарды сактоого милдеттүү жана буюртмачынын макулдугу менен гана алардан четтөөгө укуктуу.

 

680-статья. Буюртмачынын милдеттери

 

Эгерде келишимде башкача каралбаса, долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча буюртмачы:

белгиленген бааны подрядчыга бардык иштер аяктагандан кийин толугу менен төлөөгө же аны иштин айрым этаптары аяктагандан кийин бөлүк-бөлүгү менен төлөөгө;

подрядчыдан алган долбоорлоо-смета документтерин келишимде каралган максаттарда гана пайдаланууга долбоорлоо-смета документтерин үчүнчү жактарга бербөөгө жана анда камтылган маалыматтарды подрядчынын макулдугусуз жарыя кылбоого;

келишимде каралган көлөмдө жана шарттарда долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууда подрядчыга көмөк көрсөтүүгө;

даяр долбоорлоо-смета документтерин тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашууга подрядчы менен бирдикте катышууга;

подрядчыга байланыштуу болбогон кырдаалдан улам долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткаруу үчүн баштапкы маалыматтар өзгөрүшүнөн келип чыккан кошумча чыгымдардын ордун подрядчыга толтуруп берүүгө;

түзүлгөн долбоорлоо-смета документтеринин же аткарылган иликтөө иштеринин кемчиликтерине байланыштуу үчүнчү жак буюртмачыга койгон доо боюнча ишке катышууга подрядчыны тартууга милдеттүү.

 

681-статья. Подрядчынын милдеттери

 

Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча подрядчы:

иштерди тапшырмага жана долбоорлоого башка баштапкы маалыматтарга, келишимге ылайык аткарууга;

даяр долбоорлоо-смета документтерин буюртмачы менен, ал эми зарыл учурда буюртмачы менен бирдикте компетенттүү мамлекеттик органдар менен макулдашууга;

буюртмачыга даяр долбоорлоо-смета документтерин жана иликтөө иштеринин натыйжасын берүүгө;

буюртмачынын макулдугусуз долбоорлоо-смета документтерин үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттүү.

 

682-статья. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин ойдогудай аткарбагандыгы үчүн подрядчынын жоопкерчилиги

 

1. Долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишими боюнча подрядчы долбоорлоо-смета документтерин ойдогудай түзбөгөндүгү жана иликтөө иштерин ойдогудай аткарбагандыгы үчүн, анын ичинде курулуштун жүрүшүндө, ошондой эле долбоорлоо-смета документтеринин жана иликтөө иштеринин маалыматтарынын негизинде түзүлгөн объектти пайдалануу процессинде табылган кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде мыйзамда же долбоорлоо жана иликтөө иштерин аткарууга подряд келишиминде башкача белгиленбесе, долбоорлоо-смета документтеринен же иликтөө иштеринен кемчиликтер табылган учурда подрядчы долбоорлоо-смета документтерин акысыз кайра жасоого жана тиешелүү түрдө зарыл кошумча иликтөө иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле буюртмачыга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

 

683-статья. Долбоорлоо жана иликтөө иштерине подрядды укуктук жактан жөнгө салуу

 

Долбоорлоо жана иликтөө иштерине подряд келишими боюнча мамилелер ушул Кодекс менен катар жана ага ылайык долбоорлоо жана иликтөө иштерине подряд жөнүндө мыйзамдар менен да жөнгө салынышы мүмкүн.

 

5-§. Илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга подряд

 

684-статья. Илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишим

 

1. Илим-изилдөө иштерин аткарууга келишим боюнча подрядчы (аткаруучу) буюртмачынын тапшырмасы менен шартталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ал эми тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишим боюнча жаңы буюмдун үлгүсүн, ага конструктордук документтерди же жаңы технологияны иштеп чыгууга милдеттенет, ал эми буюртмачы ишти кабыл алууга жана ага акы төлөөгө милдеттенет.

2. Подрядчы (аткаруучу) менен түзүлгөн келишим изилдөө жүргүзүүнүн, үлгүлөрдү иштеп чыгуунун жана даярдоонун бүткүл циклин, ошондой эле анын айрым этаптарын (элементтерин) камтышы мүмкүн.

3. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимди аткаруу капысынан мүмкүн болбой калышынын тобокелдигин буюртмачы тартат.

4. Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимдин шарттары өзгөчөлүү укуктар (интеллектуалдык менчик) жөнүндөгү мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш.

 

685-статья. Иштерди аткаруу

 

1. Подрядчы (аткаруучу) илимий изилдөөлөрдү жеке жүргүзүүгө милдеттүү. Эгерде келишимде башкача каралбаса, ал илим-изилдөө иштерин аткарууга келишимди аткарууга үчүнчү жактарды буюртмачынын макулдугу менен гана тартууга укуктуу.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, подрядчы (аткаруучу) тажрыйба-конструктордук же технологиялык иштерди аткарууда ага үчүнчү жактарды тартууга укуктуу. Подрядчынын (аткаруучунун) үчүнчү жактар менен мамилелерине башкы подрядчы жана субподрядчы жөнүндөгү эрежелер (626-статья) колдонулат.

 

686-статья. Келишимдин предметин түзгөн маалыматтардын купуялыгы

 

1. Эгерде илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимде башкача каралбаса, тараптар келишимдин предметине, аны аткаруунун жүрүшүнө жана алынган натыйжага тиешелүү маалыматтардын купуялыгын камсыз кылууга милдеттүү. Купуялуу болуп табылган маалыматтардын көлөмү келишимде аныкталат.

2. Ар бир тарап ишти аткарууда алынган, купуялуу болуп табылган маалыматтарды экинчи тараптын макулдугу менен гана жарыялоого милдеттенет.

 

687-статья. Иштин натыйжасына тараптардын укугу

 

1. Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишиминдеги тараптар иштердин натыйжасын, анын ичинде укуктук коргоонун предмети болуп саналган натыйжаларды келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда пайдаланууга укуктуу.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, буюртмачы өзүнө подрядчы (аткаруучу) тарабынан берилген иштердин натыйжасын, анын ичинде укуктук коргоонун предмети болуп саналган натыйжаларды пайдаланууга укуктуу, ал эми подрядчы (аткаруучу) өзү алган иштин натыйжасын өз муктаждыктары үчүн пайдаланууга укуктуу.

 

688-статья. Буюртмачынын милдеттери

 

1. Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишим боюнча буюртмачы:

аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты подрядчыга (аткаруучуга) берүүгө;

аткарылган иштин натыйжасын кабыл алууга жана ага акы төлөөгө милдеттүү.

2. Келишимде ошондой эле подрядчыга (аткаруучуга) техникалык тапшырманы берүүгө жана программаны (техникалык-экономикалык параметрлерди) же иштин тематикасын аны менен макулдашууга буюртмачынын милдети каралышы мүмкүн.

 

689-статья. Подрядчынын (аткаруучунун) милдеттери

 

Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишим боюнча подрядчы (аткаруучу):

ишти буюртмачы менен макулдашылган программага (техникалык-экономикалык параметрлерге) же тематикага ылайык аткарууга жана натыйжаны келишимде каралган мөөнөттө буюртмачыга берүүгө;

үчүнчү жактарга таандык болгон интеллектуалдык ишмердүүлүктүн кайтарылуучу натыйжаларын пайдалануу зарылчылыгын жана аларды пайдалануу укугун сатып алууну буюртмачы менен макулдашууга;

аткарылган иштеги өз күнөөсүнөн улам кетирилген, буюртмачынын техникалык тапшырмасында же келишимде каралган техникалык-экономикалык параметрлерден четтөөгө алып келиши мүмкүн болгон кемчиликтерди өз күчү менен жана өзүнүн эсебинен жоюуга;

күтүлгөн натыйжаларды алуу мүмкүн болбой калгандыгы байкалгандыгы жөнүндө же ишти улантуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө буюртмачыга тез арада маалымдоого;

келишим боюнча алынган, башка жактардын өзгөчө укуктарын бузбаган натыйжаны буюртмачыга берүүнү гарантиялоого милдеттүү.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

 

690-статья. Илим-изилдөө иштеринин натыйжасына жетишүү мүмкүн болбой калышынын натыйжасы

 

Эгерде илим-изилдөө иштеринин жүрүшүндө подрядчыга (аткаруучуга) байланышпаган кырдаалдардан улам иштин натыйжасына жетишүү мүмкүн эместиги байкалса, буюртмачы келишимде каралган натыйжаны алуу мүмкүн болбой калгандыгы байкалганга чейин жүргүзүлгөн иштин наркын, бирок келишимде көрсөтүлгөн иштин тиешелүү бөлүгүнүн баасынан ашпаган наркты төлөөгө милдеттүү.

 

691-статья. Тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштердин натыйжасына жетишүү мүмкүн болбой калышынын натыйжасы

 

Эгерде тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткаруунун жүрүшүндө подрядчынын (аткаруучунун) күнөөсү болбой туруп ишти аткаруу мүмкүн эместиги же улантуу максатка ылайыксыздыгы байкалса, буюртмачы подрядчы (аткаруучу) тарткан чыгымдарды төлөөгө милдеттүү.

 

692-статья. Келишимди бузгандыгы үчүн подрядчынын (аткаруучунун) жоопкерчилиги

 

1. Эгерде подрядчы (аткаруучу) илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимдин бузулушунда өзүнүн күнөөсү жок экендигин далилдей албаса (356-статьянын 1-пункту), подрядчы (аткаруучу) мындай эреже бузуу үчүн буюртмачынын алдында жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде келишимде подрядчы (аткаруучу) тарабынан буюртмачыга келтирилген зыяндын ордун келишим боюнча иштердин жалпы наркынын чектеринде толтурууга тийиш экендиги каралса, анда анын ордун кемчилик табылган иштин наркынын чектеринде толтурууга милдеттүү.

 

693-статья. Илим-изилдөө иштерин, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди аткарууга келишимди укуктук жактан жөнгө салуу

 

Ишти аткаруунун мөөнөттөрүнө жана анын баасына карата, ошондой эле иштин натыйжасын алууга буюртмачынын келбей коюшунун натыйжасына карата тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 628-, 629- жана 659-статьяларынын эрежелери колдонулат.

 

31-Глава
Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү

 

694-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишими

 

Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишими боюнча аткаруучу буюртмачынын тапшырмасы боюнча мүлктүк формада болбогон кызматтарды көрсөтүүгө (айрым иш-аракеттерди жасоого же айрым ишти жүзөгө ашырууга) милдеттенет, ал эми буюртмачы ушул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө милдеттенет.

 

695-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминин предмети

 

Байланыш кызматтары, медициналык, ветеринардык, аудитордук, консультациялык, маалыматтык кызматтар, окутуу, техникалык жактан тейлөө боюнча жана башка кызматтар акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминин предмети болуп саналат.

 

696-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин аткаруу

 

Эгерде акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминде башкача каралбаса, аткаруучу жеке өзү кызмат көрсөтүүгө милдеттүү.

 

697-статья. Кызмат көрсөтүүнүн баасы

 

1. Буюртмачы өзүнө көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана тартипте акы төлөөгө милдеттүү.

2. Эгерде мыйзамда же акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминде башкача каралбаса, буюртмачынын айынан аткаруу мүмкүн болбосо, көрсөтүлгөн кызмат толук көлөмдө төлөнөт.

3. Эгерде мыйзамда же акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминде башкача каралбаса, аткаруу мүмкүн эместиги тараптардын бири да жооп бербей турган кырдаалдан улам келип чыккан учурда буюртмачы аткаруучуга ал иш жүзүндө тарткан чыгымдардын ордун толтурат.

 

698-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин бузгандыгы үчүн аткаруучунун жоопкерчилиги

 

1. Аткаруучу акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда буюртмачыга келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө, бирок кызмат көрсөтүүнүн келишимде каралган баасынын эки эселенген өлчөмүнөн ашпаган көлөмдө толтурууга милдеттүү.

2. Аткаруучу ишкерликти жүзөгө ашырууда милдеттенмени аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда келишимде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөндөн ашып түшкөн жоопкерчилик каралышы мүмкүн.

 

699-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартуу

 

1. Аткаруучуга иш жүзүндө тарткан чыгымдарын төлөгөн шартта буюртмачы акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин аткаруудан баш тартууга укуктуу.

2. Буюртмачыга зыяндын ордун толугу менен толтурган шартта аткаруучу акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартууга укуктуу.

 

700-статья. Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимин укуктук жактан жөнгө салуу

 

Эгерде акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишимине карата подряд жөнүндө жалпы жоболорду (622-649-статьялар) жана турмуш-тиричилик подряды жөнүндө жоболорду (650-660-статьялар) колдонуу ушул главанын эрежелерине, ошондой эле акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишиминин предметинин өзгөчөлүктөрүнө карама-каршы келбесе, ал жоболор колдонулат.

 

32-Глава
Ташуу

 

701-статья. Ташуу жөнүндө жалпы жоболор

 

1. Жүктөр, жүргүнчүлөр жана багаж ташуу келишиминин негизинде ташылат.

2. Ташуунун жалпы шарттары транспорт уставдары жана кодекстери, башка мыйзамдар жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелер менен аныкталат.

Эгерде ушул Кодексте, транспорт уставдарында жана кодекстеринде, башка мыйзамдарда жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелерде башкача каралбаса, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун шарттары, ошондой эле ушул ташуулар боюнча тараптардын жоопкерчилиги тараптардын макулдушуусу менен аныкталат.

 

702-статья. Жүк ташуу келишими

 

1. Жүк ташуу келишими боюнча ташуучу жөнөтүүчү тарабынан ага ишенип берилген жүктү тиешелүү пунктка жеткирүүгө жана аны жүктү алууга ыйгарым укуктуу жакка (алуучуга) берүүгө милдеттенет, ал эми жөнөтүүчү жүк ташылгандыгы үчүн белгиленген акыны төлөөгө милдеттенет.

2. Жүк ташуу келишими түзүлгөндүгү транспорттук накладнойду (транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган коносаментти же башка документти) түзүү менен бекитилет.

 

703-статья. Жүргүнчүлөрдү ташуу келишими

 

1. Жүргүнчүлөрдү ташуу келишими боюнча ташуучу жүргүнчүлөрдү баруучу жерине жеткирүүгө, ал эми жүргүнчү багажын тапшырган учурда - багажды да баруучу жерине жеткирүүгө жана аны алууга ыйгарым укуктуу жакка берүүгө милдеттенет, жүргүнчү белгиленген жол кирени төлөөгө, ал эми багажды тапшырган учурда - багаж ташылгандыгы үчүн да акы төлөөгө милдеттенет.

2. Жүргүнчүнү жана багажды ташуу келишими тиешелүү түрдө билет жана багаж квитанциясы менен күбөлөндүрүлөт.

Билеттин жана багаж квитанциясынын формасы транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган тартипте белгиленет.

3. Жүргүнчү транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган тартипте:

өзү менен бирге балдарды акысыз же башкача жеңилдетилген шарттарда ала жүрүүгө;

белгиленген нормадагы өлчөмдө кол жүгүн өзү менен бирге акысыз ташууга;

белгиленген нормадагы өлчөмдө багажын бекер ташууга, ал эми нормадан ашканда - тариф боюнча акы төлөө менен ташууга тапшырууга укуктуу.

 

704-статья. Чартер (фрахттоо) келишими

 

Чартер (фрахттоо) келишими боюнча бир тарап (фрахттоочу) экинчи тарапка (фрахттаган жакка) жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн бир же бир нече рейске бир же бир нече транспорт каражатын бүт бойдон же анын бир бөлүгүн берүүгө милдеттенет.

Чартер (фрахттоо) келишимин түзүүнүн тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн келишимдин формасы транспорт уставдары жана кодекстери менен белгиленет.

 

705-статья. Түз аралаш билдирүү

 

Жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды бирдиктүү транспорт документи боюнча ар кандай түрдөгү транспорт менен ташууда транспорт уюмдарынын өз ара мамилелери, ошондой эле ушул ташууларды уюштуруу тартиби тиешелүү түрдөгү транспорт уюмдарынын ортосундагы макулдашуулар менен аныкталат, алар түз аралаш ташуулар жөнүндө макулдашууга ылайык түзүлөт.

 

706-статья. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу

 

1. Эгерде мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан же коммерциялык уюмга берилген уруксаттан (лицензиядан) ушул уюм ар кандай граждандын же юридикалык жактын кайрылуусу боюнча жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташууга милдеттүү экендиги келип чыкса, мындай уюм ташууну жүзөгө ашырышы жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу деп табылат.

2. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу келишими ачык келишим (386-статья) болуп саналат.

 

707-статья. Ташуу акысы

 

1. Эгерде мыйзамда же башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн тараптардын макулдашуусу менен белгиленген акы алынат.

2. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуу үчүн акы транспорт уставдарында жана кодекстеринде белгиленген тартипте бекитилүүчү тарифтердин негизинде аныкталат.

3. Жүк ээлеринин талабы боюнча аткарылуучу жана тарифтерде каралбаган иштер менен кызмат көрсөтүүлөргө акы тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнөт.

4. Эгерде мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда башкача каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ташуучу ага таандык болгон ташуу акысын жана ташуу боюнча башка төлөмдөрдү (342-статья) камсыз кылуу үчүн ташууга өзүнө берилген жүктөрдү кармап калууга укуктуу.

5. Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуу үчүн акы жагынан жеңилдиктер же артыкчылыктар белгиленген учурларда буга байланыштуу транспорт уюму тарткан чыгымдардын орду тиешелүү бюджеттин эсебинен толтурулат.

 

708-статья. Транспорт каражаттарын берүү, жүктү жүктөө (түшүрүү)

 

1. Ташуучу кабыл алынган арызда (заказда), ташуу келишиминде же ташууну уюштуруу жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттө тиешелүү жүктү ташуу үчүн жарактуу абалдагы оң транспорт каражатын жүк жүктөөгө берүүгө милдеттүү.

Жүктү жөнөтүүчү тиешелүү жүктү ташуу үчүн жараксыз болгон берилген транспорт каражатынан баш тартууга укуктуу.

2. Транспорт уюму же жүктү жөнөтүүчү (алуучу) жүк жүктөөнү (түшүрүүнү) транспорт уставдарында жана кодекстеринде жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелерде белгиленген эрежелерди сактоо менен келишимде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде транспорт уставдарында жана кодекстеринде жана аларга ылайык чыгарылуучу эрежелерде жүк жүктөөнүн мөөнөтү белгиленбесе, жүктү жөнөтүүчүнүн (алуучунун) күчү жана каражаты менен жүзөгө ашырылуучу жүк жүктөө (түшүрүү) келишимде каралган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

 

709-статья. Жүктү, жүргүнчүнү жана багажды жеткирүү мөөнөтү

 

Ташуучу жүктү, жүргүнчүнү жана багажды бара турган жерине транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган тартипте аныкталган мөөнөттө, ал эми мындай мөөнөт жок болсо - акылга сыярлык мөөнөттө жеткирүүгө милдеттүү.

 

710-статья. Ташуудан келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик

 

1. Ташуудан келип чыккан милдеттенмени аткарбаган же ойдогудай эмес аткарган учурда тараптар ушул Кодексте, транспорт уставдарында жана кодекстеринде, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

2. Мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти чектөө же жоюу жөнүндө транспорт уюмдарынын жүргүнчүлөр жана жүк ээлери менен макулдашуусу жараксыз, буга мындай макулдашуу мүмкүнчүлүгү жүк ташууда транспорт уставдарында жана кодекстеринде каралган учурлар кирбейт.

 

711-статья. Транспорт каражаттарын бербегендиги үчүн ташуучунун жана берилген транспорт каражаттарын пайдаланбагандыгы үчүн жөнөтүүчүнүн жоопкерчилиги

 

1. Ташуучу кабыл алынган арызга (заказга) же башка келишимге ылайык жүктү ташууга транспорт каражаттарын бербегендиги үчүн, ал эми жөнөтүүчү жүктү көрсөтпөгөндүгү же берилген транспорт каражаттарын башка себептерден улам пайдаланбагандыгы үчүн транспорт уставдарында жана кодекстеринде, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда белгиленген жоопкерчиликти тартат.

2. Эгерде:

арылууга мүмкүн болбогон күчтөн, ошондой эле табыгый мүнөздөгү көрүнүштөн (өрттөн, көчкүдөн, суу каптап кетүүдөн) жана аскер аракеттеринен;

транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган тартипте белгиленген айрым багыттарда жүк ташууну токтотуудан же чектөөдөн;

транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган башка учурлардан, -

улам транспорт каражаттары берилбей же берилген транспорт каражаты пайдаланылбай калган учурларда жүк ташуучу жана жөнөтүүчү жоопкерчиликтен бошотулат.

 

712-статья. Жүргүнчүнү жөнөтүүнү кармагандыгы үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

 

1. Шаар ичинде жана шаар четинде каттаган ташууларды кошпогондо, эгерде ташуучу ташууларды кармагандыгы же кечиктириши арылууга мүмкүн болбогон күчтөн, транспорт каражатынын жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген бузуктарын оңдоодон жана ташуучуга байланышпаган башка кырдаалдардан улам болгондугун далилдебесе, жүргүнчүнү ташыган транспорт каражатын жиберүүнү кармагандыгы же мындай транспорт баруучу жерине жетүүдөн кечиккендиги үчүн ташуучу тиешелүү транспорт уставында жана кодексинде белгиленген өлчөмдө айып акы төлөйт.

2. Транспорт каражатын жиберүү кармалгандыгынан улам ташуудан жүргүнчү баш тарткан учурда ташуучу жүргүнчүгө ташуу акысын кайра кайтарууга милдеттүү.

 

713-статья. Жүктү же багажды жоготкондугу, ал кемип калгандыгы жана зыянга учурагандыгы (бузулгандыгы) үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

 

1. Эгерде ташуучу жүктүн жоголушу, кемип калышы же зыянга учурашы ал четтете албаган же четтетүү ага байланышпаган кырдаалдардан улам болгондугун далилдебесе, ташуучу жүктү ташууга кабыл алган учурдан тартып жүк алуучуга, ал ыйгарым укук берген жакка же багажды кабыл алууга ыйгарым укуктуу жакка бергенге чейин жүктүн же багаждын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Жүктү же багажды ташууда келтирилген зыяндын ордун ташуучу төмөнкүдөй өлчөмдө толтурат:

жүк же багаж жоголгон же кемип калган учурда - жоголгон же кемип калган жүктүн же багаждын өлчөмүндө;

жүк же багаж зыянга учураганда - анын наркы төмөндөгөн сумманын өлчөмүндө, ал эми бузулган жүктү же багажды кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн болбосо - анын наркынын өлчөмүндө;

баалуулугу жарыялануу менен ташууга тапшырылган жүк же багаж жоголгон же кемип калган учурда - жүктүн же багаждын жарыяланган наркынын өлчөмүндө.

Жүктүн же багаждын наркы сатуучунун эсебинде көрсөтүлгөн же келишимде каралган анын баасына таянуу менен, ал эми эсеп жок болсо же келишимде баа көрсөтүлбөсө - салыштырмалуу кырдаалдарда демейде ушундай товарлар үчүн алынган баага таянуу менен аныкталат.

3. Эгерде жоголгон, кемиген, бузулган же зыянга учураган жүктү же багажды ташуу үчүн өндүрүлгөн ташуу акысы жүктүн наркына кирбесе, ташуучу ушул акыны жүктүн жоголушу, кемип калышы, бузулушу же зыянга учурашы менен байланышкан белгиленген зыяндын ордун толтуруу менен катар жүк жөнөтүүчүгө (алуучуга) кайра кайтарат.

4. Жүк же багаж сакталбай калышынын себептери жөнүндө ташуучу бир тараптуу тартипте түзгөн документтер (коммерциялык акт, жалпы формадагы акт жана башкалар) жүктү же багажды ташуучунун, жөнөтүүчүнүн же алуучунун жоопкерчилиги үчүн негиз боло турган кырдаалды күбөлөгөн башка документтер менен катар бааланууга тийиш.

 

714-статья. Жүк ташуулар боюнча дооматтар жана доолор

 

1. Ташуучуга жүк ташуудан келип чыккан доо коюлганга чейин ага транспорт уставдарында же кодекстеринде каралган тартипте милдеттүү түрдө доомат коюлууга тийиш.

2. Ташуучу дооматты канааттандыруудан толугу менен же жарым-жартылай баш тарткан же ташуучудан отуз күндүк мөөнөттө жооп албаган учурда жүк жөнөтүүчү же жүк алуучу ташуучуга доомат кое алат.

3. Жүк ташуудан келип чыккан талаптар боюнча мөөнөттүн эскириши ушул Кодекстин 208-статьясына ылайык аныкталган учурдан тартып бир жылга белгиленет.

 

715-статья. Ташууларды уюштуруу жөнүндө келишимдер

 

Ташууларды дайыма жүзөгө ашыруу зарылчылыгы келип чыкканда ташуучу менен жүк ээси ташууларды уюштуруу жөнүндө узак мөөнөттүү келишимдерди түзө алышат.

Жүктөрдү ташууну уюштуруу жөнүндө келишим боюнча ташуучу шартташкан көлөмдөгү жүктөрдү белгиленген мөөнөттө кабыл алууга, ал эми жүк ээси ташууга берүүгө милдеттенет. Жүктөрдү ташууну уюштуруу жөнүндө келишимде транспорт каражаттарын берүүнүн жана ташууга жүктөрдү көрсөтүүнүн көлөмү, мөөнөтү жана башка шарттары, эсептешүүнүн тартиби, ошондой эле ташууну уюштуруунун башка шарттары аныкталат.

 

716-статья. Транспорт уюмдарынын ортосундагы келишим

 

Ар кандай түрдөгү транспорт уюмдарынын ортосунда жүк ташууларды камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө келишимдер (жүктөрдү борбордоштуруп ташып келүүгө (ташып чыгууга) түйүндүү макулдашуулар, келишимдер жана башкалар) түзүлүшү мүмкүн.

Мындай келишимдерди түзүү тартиби транспорт уставдары жана кодекстери, башка мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.

 

717-статья. Жүргүнчүнү өлүмгө учураткандыгы же ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн ташуучунун жоопкерчилиги

 

Эгерде мыйзамда же ташуу келишиминде ташуучунун жогорулатылган жоопкерчилиги каралбаса, жүргүнчүнүн өмүрүнө же ден соолугуна келтирген зыян үчүн ташуучунун жоопкерчилиги ушул Кодекстин 51-главасындагы эрежелер боюнча аныкталат.

 

33-Глава
Транспорт экспедициясы

 

718-статья. Транспорт экспедициясынын келишими

 

1. Транспорт экспедициясынын келишими боюнча экспедитор кардардын - жүк жөнөтүүчүнүн же жүк алуучунун сыйлык акысы үчүн же анын эсебинен келишимде аныкталган, жүк ташуу менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга же аткарууну уюштурууга милдеттенет.

Транспорт экспедициясынын келишиминде экспедитордун жүктү транспорт менен жана экспедитор же кардар тандаган маршрут боюнча ташууну уюштурууга милдети, экспедитордун жүк ташуу келишимин (келишимдерин) кардардын атынан же өзүнүн атынан түзүүгө, жүктү жөнөтүүнү жана кабыл алууну камсыз кылуу милдети, ошондой эле ташуу менен байланышкан башка милдеттери каралышы мүмкүн.

Кошумча кызмат көрсөтүү катарында транспорт экспедициясынын келишиминде жүктү жеткирүү үчүн зарыл болгон экспорт же импорт үчүн талап кылынган документтерди алуу, бажылык жана башка иш-чараларды аткаруу, жүктүн санын жана сапатын текшерүү, аны жүктөө жана түшүрүү, пошлиналарды, жыйымдарды жана кардарга жүктөлүүчү башка чыгымдарды төлөө, жүктү сактоо, аны барган жеринде кабыл алуу сыяктуу операцияларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле келишимде каралган башка операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу каралышы мүмкүн.

2. Ушул главанын эрежелери келишимге ылайык экспедитордун милдетин ташуучу аткарган учурларга да жайылтылат.

3. Эгерде транспорт-экспедиция иши жөнүндө мыйзамда башкача белгиленбесе, транспорт экспедициясынын келишимин аткаруу шарттары тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

 

719-статья. Келишимдин формасы

 

1. Транспорт экспедициясынын келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Эгерде экспедитор өз милдеттерин аткарышы үчүн ага ишеним кат зарыл болсо, кардар аны экспедиторго берүүгө тийиш.

 

720-статья. Транспорт экспедициясынын келишими боюнча экспедитордун жоопкерчилиги

 

Транспорт экспедициясынын келишимин аткарбагандыгы же ойдогудай эмес аткаргандыгы үчүн экспедитор ушул Кодекстин 20-главасынын эрежелерине ылайык аныкталган негиздер боюнча жана өлчөмдө жоопкерчилик тартат.

Эгерде экспедитор милдеттенменин бузулушу ташуу келишимдери ойдогудай эмес аткарылышынан улам келип чыккандыгын далилдесе, кардарга карата экспедитордун жоопкерчилиги экспедиторго карата тиешелүү ташуучу жооп берген эрежелер менен аныкталат.

 

721-статья. Экспедиторго берилүүчү документтер жана башка маалыматтар

 

1. Кардар экспедиторго жүктүн касиеттери, аны ташуунун шарттары жөнүндө документтерди жана башка маалыматты, ошондой эле экспедитор транспорт экспедициясынын келишиминде каралган милдеттерди аткарышы үчүн зарыл болгон башка маалыматты берүүгө милдеттүү.

2. Экспедитор алынган маалыматтын табылган кемчиликтери жөнүндө кардарга билдирүүгө, ал эми маалымат толук болбосо зарыл болгон кошумча маалыматтарды кардардан сурап алууга милдеттүү.

3. Кардар зарыл маалыматты бербей койгон учурда мындай маалымат берилгенге чейин экспедитор тиешелүү милдеттерди аткарууга киришпөөгө укуктуу.

4. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү боюнча милдеттер бузулушуна байланыштуу экспедиторго келтирилген зыян үчүн кардар жоопкерчилик тартат.

 

722-статья. Экспедитордун милдетин үчүнчү жак аткарышы

 

Эгерде транспорт экспедициясынын келишиминде экспедитор өз милдеттерин жеке аткарууга тийиш экендиги айтылбаса, экспедитор өз милдеттерин аткарууга башка жактарды тартууга укуктуу.

Милдеттенменин аткарылышын үчүнчү жакка жүктөө экспедиторду келишимдин аткарылышы үчүн кардарга карата жоопкерчиликтен бошотпойт.

 

723-статья. Транспорт экспедициясынын келишиминен баш тартуу

 

Тараптардын ар бири транспорт экспедициясынын келишимин аткаруудан баш тарта тургандыгы жөнүндө экинчи тарапка акылга сыярлык мөөнөттө эскертүү менен андан баш тартууга укуктуу.

Келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартылганда баш тартууну билдирген тарап экинчи тарапка келишимдин токтотулушу менен келтирилген зыяндын ордун толтурат.

 

34-Глава
Заем жана кредит

1-§. Заем

 

724-статья. Заем келишими

 

1. Заем келишими боюнча бир тарап (заем берүүчү) экинчи тарапка (заем алуучуга ) акча же түрдүк белгилери аныкталган буюмду берет, ал эми заем алуучу ошол эле суммадагы акчаны (заем суммасын) же ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы буюмдарды кайтарып берүүгө милдеттенет.

2. Заем келишими акчаны же буюмду берген учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

3. Акчалай формадагы заемдорду берүү боюнча иш төмөнкү шарттардын бирине шайкеш келгенде кесиптик болуп таанылат:

- адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө заемдорду берүү боюнча сунуштардын жарнамасы (ачык оферта);

- бир ай (отуз күн) ичинде үзгүлтүксүз негизде (эки же андан көп жолу) заемдорду берүү;

- заемдорду берүү юридикалык жактын/жеке ишкердин, жеке жактын ишинин негизги же жалгыз түрү болуп саналат.

4. Заемдорду берүү боюнча төмөнкүлөр кесиптик болуп саналбайт:

- иш берүүчүнүн кызматкерге заемдорду берүүсү;

- төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк жана кайра кайтарымдуулук шарттарында акча каражаттарын берүү боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) же аффилирленген жактары болуп саналган жеке адамдарга заемдорду берүү;

- баалуу кагаздардын соода-сатык бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруу үчүн кардарга брокер тарабынан заемдорду берүү;

- мыйзамда каралган башка учурлар.

5. Ушул статьянын 3-пунктунда каралган шарттарга туура келген адамдардын иши ушул главанын 2-параграфынын жоболору жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен кредиттерди берүү түрүндө жөнгө салынат.

6. Акча каражаттарын кард келишими боюнча заемго берүү боюнча ишке ушул статьянын ченемдери колдонулат.

(КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

725-статья. Заем келишиминин формасы

 

1. Заем келишими, эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн он эседен кем эмес ашса, ал эми келишимде тараптардын бири юридикалык жак болгон учурларда - суммасына карабастан, жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Заем келишимин жазуу жүзүндө түзүлбөгөндүгү ушул Кодекстин 178-статьясында каралган натыйжаларга алып келет.

3. Заем алуучунун ага заем берүүчү белгилүү бир суммадагы акча же белгилүү сандагы буюмдарды бергендигин күбөлөндүргөн тилкаты же башка документи болгон учурда заем келишими жазуу жүзүндө түзүлдү деп таанылат.

4. Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш.

5. Заем келишиминин нотариаттык түрүн сактабагандык анын анык эместигине алып келет. Кредит берүүчү ал боюнча нотариаттык түр сакталбаган заем келишими боюнча пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуксуз.

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2013-жылдын 24-июлундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

726-статья. Заем келишими боюнча проценттер же болбосо башка төлөмдөр

 

1. Мыйзамда же заем келишиминде башка белгиленбесе, заем берүүчү заем алуучудан келишимде аныкталган өлчөмдө жана тартипте заем суммасынан процент же болбосо башка төлөм алууга укуктуу.

2. Граждандардын ортосунда түзүлгөн жана жок дегенде тараптардын биринин ээлик кылуу ишкердигин ишке ашыруусуна байланышпаган заем келишими, эгерде анда түздөн-түз башкасы каралбаса, карыздын суммасы төлөнбөстөн процентсиз деп эсептелинет.

3. Эгерде заем келишими боюнча заем алуучуга түрдүк белгилери аныкталган буюмдар берилген болсо, алардын өлчөмү жана формасы (акчалай же натуралай) келишимде каралган учурда процент же башка төлөм төлөнүүгө тийиш.

4. (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Ушул Кодекстин 727-статьясынын 2-пунктуна ылайык, пайызга берилген заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилген учурда, пайыздар заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай кайтарылып берилген күндү кошуп алганга чейин кошулуп эсептелет.

6. Эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзам менен белгиленген тартипте аныкталган чектик жол берилген пайыздын алкагында карайт.

(КР 2008-жылдын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2013-жылдын 30-майындагы № 85 , 2013-жылдын 24-июлундагы № 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

727-статья. Заем алуучунун заем суммасын кайтарып берүү милдети

 

1. Заем алуучу алынган сумманы заем берүүчүгө заем келишиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү. Кайтаруу мөөнөтү келишимде аныкталбаган же талап кылынган убакыты менен аныкталган учурда, эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, заем суммасы заем алуучу тарабынан заем берүүчү кайтарып берүүнү талап кылган учурдан тартып бир айдын ичинде кайтарып берилүүгө милдеттүү.

2. Эгерде заем келишиминде башкача каралбаса, пайызсыз заемдун суммасы заем алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтарылып бериши мүмкүн.

Жеке жана юридикалык жактарга процентти кошо алганда төлөм үчүн берилген заемдун суммасы, финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларын кошпогондо, бул тууралуу мындай кайтарып берүү күнүнө чейин отуз күндөн кем эмес мурда заем берүүчүгө кабарландырылган шартта жеке жана юридикалык жактар тарабынан мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп кайтарылып берилиши мүмкүн. Заем келишиминде заемчунун акчалай каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү ниети жөнүндө заем берүүчүгө кабарлоосунун бир топ кыска мөөнөтү белгилениши мүмкүн.

Процентти кошо алганда төлөм үчүн берилген заемдун суммасы, башка учурларда заем берүүчүнүн макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилиши мүмкүн.

3. Эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, анда заем суммасы заем берүүчүгө өткөрүп берилген же тийиштүү каражаттар анын банктагы эсеп-кысабына чегерилген учурдан тартып кайтарып берилди деп эсептелинет.

(КР 2013-жылдын 30-майындагы №85, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

728-статья. Заем алуучунун келишимди бузгандыгынын натыйжасы

 

1. Эгерде мыйзамда же заем келишиминде башкасы каралбаса, заем алуучу заем суммасын өз мөөнөтүндө кайтарбаган учурда ушул Кодекстин 725-статьясынын 1-пунктунда каралган проценттер төлөнгөндүгүнө карабастан заем суммасы кайтарылууга тийиш болгон учурдан тартып ал кайтарып берилгенге чейин ушул Кодекстин 360-статьясынын 1-пунктунда каралган проценттер төлөнүүгө тийиш.

2. Эгерде заем келишиминде заемду бөлүп-бөлүп (мөөнөтүн узартып) кайтаруу белгиленген болсо, анда заем алуучу заемду кайтаруунун кезектеги мөөнөтүн бузган учурда заем берүүчү төлөнүүгө тийиш болгон проценттери менен кошо бардык заем суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылууга укуктуу.

 

729-статья. Заем келишимин талашуу

 

1. Заем алуучу акчаны же буюмду заем берүүчүдөн чындыгында албагандыгын же келишимде көрсөтүлгөндөн аз алгандыгын далилдөө менен өзүнүн акчасыздыгы боюнча заем келишимин талашууга укуктуу.

2. Заем келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек болгон учурда (724-cтатья) келишим алдамчылыктын, күч көрсөтүүнүн, коркутуунун, заем алуучунун өкүлүнүн заем берүүчү менен арам ойдо макулдашуусунун негизинде түзүлгөндөн тышкары учурларда, акчасыздык боюнча күбөлөрдү тартуу менен талашууга жол берилбейт.

3. Эгерде акчасыздык боюнча заем алуучунун заем келишимин талашуусунда анын заем берүүчүдөн акчаны же башка буюмду чындыгында албагандыгы аныкталган учурда заем келишими түзүлгөн жок деп эсептелет. Акча же башка буюм заем алуучу тарабынан заем берүүчүдөн келишимде көрсөтүлгөндөн аз санда алынган учурда келишим ошол сандагы акчага жана буюмга түзүлгөн деп эсептелет.

 

730-cтатья. Заем алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу

 

Заем келишиминде белгиленген заем суммасынын кайтарылышын камсыз кылуу боюнча милдеттерин заем алуучу аткарбаган, ошондой эле заем берүүчү жооптуу болбогон кырдаалдардан улам анын камсыз кылынышы жоготулган же анын шарттары начарлаган учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, заем берүүчү заем алуучудан заем суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү жана тийиштүү проценттерди төлөөнү талап кылууга укуктуу.

 

731-статья. Максаттуу заем

 

1. Эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, заем берүүчү заем келишими боюнча алынган каражатты каалагандай пайдаланат.

2. Эгерде заем келишиминде заем алуучу алган каражатты белгилүү бир максатта пайдаланары айтылган болсо (максаттуу заем), анда заем алуучу заем суммасынын максатына ылайык пайдаланылышын заем берүүчүнүн контролдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

3. Заем алуучу келишимдин заем суммасын максаттуу пайдалануу жөнүндөгү шартын аткарбаган, ошондой эле ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттенмелер бузулган учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, заем берүүчү заем алуучудан заем суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү жана тийиштүү проценттерди төлөөнү талап кылууга укуктуу.

 

732-статья. Карызды заем милдеттенмесине жаңыртуу (новация)

 

1. Тараптардын макулдашуусу боюнча соода-сатыктан, мүлктү ижарага алуудан же башка негизде келип чыккан карыз заем милдеттенмесине алмашылышы мүмкүн.

2. Карызды заем милдеттенмесине алмаштыруу милдеттенмени жаңыртуу жөнүндөгү талаптардын сакталышы менен (375-cтатья) жана заем келишимин түзүү үчүн белгиленген формада (724-cтатья) жүргүзүлөт.

 

733-статья. Мамлекеттик заем келишими

 

1. Мамлекеттик заем келишими боюнча заем алуучу болуп Кыргыз Республикасы, ал эми заем берүүчү болуп - гражданин же юридикалык жак чыгат.

2. Мамлекеттик заем - ыктыярдуу.

3. Мамлекеттик заем келишими чыгарылган мамлекеттик облигацияларды же башка мамлекеттик баалуу кагаздарды заем берүүчүнүн сатып алуусу аркылуу түзүлөт. Мамлекеттик облигациялар же башка баалуу кагаздар заем берүүчүнүн карыз берген акча каражатын же болбосо заемдун шартына ылайык башка мүлктү, белгиленген проценттерди же башка мүлктүк укукту заемду жүгүртүүгө чыгаруунун шартында белгиленген мөөнөттө заем алуучудан алууга карата укугун күбөлөндүрөт.

4. Жүгүртүүгө чыгарылган заемдун шартын өзгөртүүгө жол берилбейт.

 

2-§. Кредит

 

(Параграф КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

734-статья. Кредиттик келишим

Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм (мындан ары - банк) карыз алуучуга акча каражаттарын (кредитти) кредиттик келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми карыз алуучу өзү алган акчалай сумманы кайтарып берүүгө жана ал боюнча проценттерди төлөөгө милдеттенет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

735-статья. Кредиттик келишимдин формасы

Кредиттик келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Жазуу жүзүндөгү форманы колдонбоо кредиттик келишимдин жараксыз болушуна алып келет. Мындай кредиттик келишим арзыбас деп саналат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

736-статья. Кредит берүү күнүн аныктоо

Кредиттин суммасы карыз алуучунун эсебине, анын көрсөтмөсү боюнча башка эсепке түшкөн же болбосо карыз алуучуга накталай акча каражаттары берилген күн кредит берилген күн болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7361-статья. Кредит берүүдөн же алуудан баш тартуу

1. Карыз алуучуга берилген сумма мөөнөтүндө кайра төлөнбөй тургандыгын айкын күбөлөөчү жагдайлар болгондо, кредит берүүчү карыз алуучуга келишимде каралган кредитти толугу менен берүүдөн же анын айрым бөлүгүн берүүдөн баш тартууга укуктуу.

2. Карыз алуучу өзүнүн кредиттик келишимде каралган, кредитти максаттуу пайдалануу милдеттенмесин бузган учурда, кредит берүүчү кредиттик келишим боюнча карыз алуучуга андан ары кредит берүүдөн баш тартууга, ошондой эле ушул Кодекстин 7362-статьясынын 3-пунктунда каралган чараларды көрүүгө укуктуу.

3. Карыз алуучу кредиттик келишим түзүлгөндөн кийинки жана акчалай каражаттарды алганга чейинки мезгил ичинде кредитти алуудан же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашыруудан акысыз негизде баш тартууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7362-статья. Кредитти максаттуу пайдалануу

1. Эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, карыз алуучу кредиттик келишим боюнча алган каражатты өз ыктыярына жараша пайдаланат.

2. Эгерде кредиттик келишим карыз алуучу алган каражатты белгилүү бир максатта пайдалануу шарты менен түзүлсө (максаттуу кредит), карыз алуучу кредиттин суммасынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүндүгүн кредит берүүчүгө камсыз кылууга милдеттүү.

3. Эгерде карыз алуучу кредиттин суммасын максаттуу пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарын аткарбаса, ошондой эле ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттүүлүктөр бузулганда, кредит берүүчү, эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7363-статья. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттер жана төлөм

1. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзгөнгө чейин проценттердин өлчөмү жана, эгерде кредитти пайдалангандык үчүн төлөмдү (комиссиялык сыйакыны) төлөө милдеттүүлүгү кредиттик келишимде каралса, бул төлөмдүн өлчөмү тууралуу маалымат менен ар бир карыз алуучунун таанышуусуна мүмкүндүктү камсыз кылууга милдеттүү. Проценттер жана комиссиялык сыйакы тууралуу маалымат ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана ыктымалдуу карыз алуучуларга банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши керек.

2. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүү учурунда ар бир конкреттүү карыз алуучу менен проценттердин, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сыйакы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сыйакынын өлчөмдөрүн, аларды чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөөнүн мөөнөтүн өз алдынча аныктайт.

Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди жана кредиттин негизги суммасын төлөөнүн тартиби тараптардын макулдашуусу боюнча кредиттик келишимде каралат.

Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди кредит берилген күнү төлөөгө жол берилбейт.

Проценттерди, эгерде кредиттик келишимде кредитти пайдалангандык үчүн төлөм каралса, бул төлөмдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн карыз алуучунун жоопкерчилиги кредиттик келишимде каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7364-статья. Карыз алуучунун кредиттин суммасын кайтарып берүү боюнча милдети

1. Карыз алуучу өзү алган кредиттин суммасын кредит берүүчүгө кредиттик келишимде каралган мөөнөттө жана тартипте кайтарып берүүгө милдеттүү.

2. Карыз алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, отуз календардык күн мурда алдын ала билдирген шартта, кредитти кайсы убакта болбосун мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу.

3. Эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредиттин суммасы кредит берүүчүгө өткөрүлүп берилген же тиешелүү акча каражаттары кредит берүүчүнүн банктык эсебине түшкөн учурда кайра кайтарылган деп эсептелет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7365-статья. Карыз алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу

1. Карыз алуучунун кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышы күрөө, кепилдөө, кепилдиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар аркылуу камсыз кылынышы мүмкүн.

Улуттук банк банктардын кредиттери боюнча камсыз кылууга карата минималдуу талаптарды белгилейт.

2. Карыз алуучу өзүнүн кредиттик келишимде каралган, кредиттин суммасын кайтарууну камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаганда, ошондой эле кредит берүүчү жооптуу болбогон жагдайлардан улам камсыз кылуу жоготулганда же анын шарттары начарлаганда, эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредит берүүчү карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§3. Товардык жана коммерциялык кредит

737-статья. Товардык кредит

Тараптар алардын бирин түрдүк белгилери аныкталган буюмдарды экинчи тарапка беришин милдеттендирген келишимди түзүшү мүмкүн (товардык кредит келишими). Мындай келишимге карата, эгерде товардык кредит келишиминде башкасы каралбаса же милдеттенменин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул главанын 2-параграфынын эрежелери колдонулат.

Эгерде товардык кредит келишиминде башкасы каралбаса, берилип жаткан буюмдардын саны, ассортименти, комплекттүүлүгү, сапаты, идиши жана (же) таңгакталышы жөнүндөгү шарттар товардык соода-сатык келишиминин (428-448) эрежелерине ылайык аткарылууга тийиш.

 

738-статья. Коммерциялык кредит

1. Аткарылышы тараптардын биринин менчигине акча суммасын же түрдүк белгилери аныкталган башка буюмдарды берүү менен байланышкан келишимдерде, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, ал тарапка же ал тараптын кредит берүүсү, анын ичинде аванс, алдын ала төлөө, товар үчүн төлөөнүн мөөнөтүн узартуу же кийинкиге калтыруу, жумуш аткаруу же кызмат көрсөтүү (коммерциялык кредит) түрүндө кредит берүү каралышы мүмкүн.

2. Эгерде тийиштүү милдеттенме келип чыккан келишим жөнүндөгү эрежелерде башкасы каралбаса жана мындай милдеттенменин маңызына карама-каршы келбесе, коммерциялык кредиттерге тийиштүү түрдө ушул главанын эрежелери колдонулат.

 

341-глава. Финансылоонун ислам принциптерине ылайык бүтүмдөр жана келишимдер

(Глава КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

§ 1. Мудараба келишими

7381-статья. Жалпы шарттар

1. Мудараба келишими боюнча бир тарап (инвестор) экинчи тарапка (мударибге - акча каражатты алуучу жеке же юридикалык жакка) акча каражаттарын тараптар белгилеген максаттарда андан ары инвестициялоо үчүн же мударибдин ыктыяры боюнча мудараба келишиминин шарттарына ылайык тараптардын ортосунда пропорциялуу негизде бөлүштүрүлүүчү пайданы алуу максатында берет.

2. Мудараба келишими акча каражаттарын тартуу (салымдарды тартуу) максатында да, мудараба келишими боюнча тартылган акча каражаттарын жайгаштыруу максатында да колдонулат.

3. Мудараба келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

4. Тиешелүү лицензиясы/күбөлүгү бар банк мудараба келишиминин тарабы болушу мүмкүн. Мында ал үчүн милдеттүү шарттар жана талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралышы мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7382-статья. Мудараба келишиминин түрлөрү

1. Мудараба келишими төмөнкүдөй түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн:

1) чектелген (атайын) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мударибдин инвестициялоосу үчүн активдердин же объекттердин түрлөрүн белгилейт. Мында, инвестициялоонун ар бир активи/объекти үчүн мударибдин жана инвестордун ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт;

2) чектелбеген (жалпы) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб өзүнө инвестор берген каражаттарды өз ыктыяры боюнча пайдаланууга укуктуу;

3) ачык мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор өзү берген акча каражаттарын мударибден мөөнөтүнөн мурда (алгачкы талап кылуусу боюнча) алууга укуктуу. Мындай учурда банк (эгерде ал мудариб катары чыгып жатса) акыркы толук мезгил (ай, жыл) үчүн пайданы инвесторго төлөп берет.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишиминин башка түрлөрү каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7383-статья. Акча каражаттарын пайдалануудагы чектөөлөр

Мудараба келишими боюнча акча каражаттары Шарият стандарттарына ылайык келген иш-аракет түрлөрүнө гана инвестицияланышы мүмкүн.

Чектелген (атайын) мудараба келишими боюнча инвестор келишимдин шарттарына акча каражаттарын максаттуу эмес пайдаланууга, акча каражаттарын үчүнчү жактарга кайсы формада болбосун тике же кыйыр жайгаштырууга тыюу салууну киргизүүгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7384-статья. Мудараба келишими боюнча инвестордун укуктары жана милдеттери

1. Мудараба келишими боюнча инвестор келишимдин шарттарына ылайык аракет жүргүзүүгө, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө акча каражаттарын мударибге берүүгө, өзү берген акча каражаттарынын пайдаланылышын жана мудараба келишиминин башка шарттарынын сакталышын контролдоого, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө пайданы алууга укуктуу.

2. Мудараба келишиминин шарттары аткарылбаган же болбосо талаптагыдай эмес аткарылган учурда инвестор мудараба келишими боюнча берилген сумманы мөөнөтүнөн мурда төлөөнү, анын ичинде мудариб койгон камсыз кылуунун эсебинен төлөөнү мударибден талап кылууга укуктуу. Мудараба келишиминде инвестордун башка укуктары да каралышы мүмкүн.

Инвестор келишимди аткаруу боюнча мударибдин учурдук иш-аракетине кийлигишүүгө укугу жок.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7385-статья. Мудараба келишими боюнча мударибдин укуктары жана милдеттери

1. Мудараба келишими боюнча мудариб бардык отчетторду жана инвестор үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды инвесторго берет, Шариат стандарттарынын зарыл талаптарын жана мудараба келишиминин шарттарын сактоо максатында, ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатын толук контролдоого жана инвестордон алынган, ошондой эле келишимди аткаруу процессинде алына турган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзүүгө милдеттүү болот.

2. Мудариб инвестордон алынган акча каражаттарын мудараба келишиминде каралган максаттарга гана пайдаланууга укуктуу.

3. Мудариб инвестордон алган капиталды мудараба келишимине ылайык пайда алуу максатында башкарууга жана сый акы алууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7386-статья. Мудараба келишими боюнча милдеттенмелерди камсыздоо ыгы

Инвестор мудариб алган акча каражаттарын камсыз кылууну анын күрөө, кепилдөө, кепилдиктер жана башка түрлөрү таризинде берүүнү, ошондой эле мударибдин укук ченемсиз иш-аракетинен улам учураган чыгашаларын, мудараба келишиминин шарттарына мударибдин кайдыгер мамиле жасоосунун же аларды бузушунун натыйжасында келген чыгашаларын күрөөнүн эсебинен жабууну мударибден талап кылууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7387-статья. Пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүү

1. Мудараба келишиминин алкагында алынуучу пайда мудараба келишиминде каралган тартипте, алынган пайдадагы үлүштүк проценттик катышка жараша бөлүштүрүлөт.

2. Мудараба келишимин аткаруунун жүрүшүндө чыгаша чыккан учурда, инвестор мударибге берген акча каражаттарынын суммасынын өлчөмүндө чыгаша тартат, ал эми мудариб мындай учурда өзүнүн эмгеги үчүн сыйакы албайт. Чыгашаларды бөлүштүрүүнүн бул эрежеси чыгаша мударибдин күнөөсү боюнча келип чыкпаган учурда колдонулат.

3. Мударибдин күнөөсү боюнча же анын укук ченемсиз аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында чыгаша келип чыккан учурда инвестордун чыгашасы мударибдин эсебинен төлөнөт. Мында инвестор мудараба келишими боюнча берген акча каражаттарын мудариб койгон камсыз кылуунун эсебинен, ал жетишсиз болсо - мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7388-статья. Мудараба келишимин бузууга тыюу салуу

Эгерде мудариб мудараба келишимин аткарууга киришкен болсо жана ишкердик иш-аракетинин жүрүшүндө каражаттарды пайдаланып жатса, ошондой эле келишимдин мөөнөтү бүтө элек болсо, мудараба келишимин бир тараптуу тартипте бузууга мүмкүн эмес.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 2. Мурабаха келишими

7389-статья. Мурабаха келишиминин жалпы шарттары

1. Мурабаха келишими боюнча тиешелүү лицензиясы бар банк кардардын табыштамасы боюнча өзү сатып алган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды бөлүп төлөп берүү шартында кардарга сатууга милдеттенет.

2. Мурабаха келишиминин предметин кардарга мурабаха келишими боюнча сатууда банк мурабаха келишиминин предметине карата менчик укугуна ээ болууга тийиш.

3. Мурабаха келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мурабаха келишимине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73810-статья. Менчик укугунун өтүшү

1. Эгерде мурабаха келишиминин шарттарында башкача белгиленбесе, мурабаха келишиминин предметине карата менчик укугу кардар мурабаха келишиминин предметинин баасын толук төлөгөндөн кийин ага өтөт.

2. Сатуу-сатып алуу келишимин банк өз алдынча да, агент аркылуу да түзүшү мүмкүн. Банк агент катары кардарды дайындашы мүмкүн, кардар банктын атынан жана банктын эсебинен иш жүргүзөт. Агентти дайындоодо банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү сактоого тийиш.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73811-статья. Мурабаха келишими боюнча түзүлүүчү бүтүмдөр

1. Мурабаха келишиминин предметин мурабаха келишими боюнча сатып алуу жагындагы бардык бүтүмдөр банктын атынан түзүлөт.

2. Банк мурабаха келишими боюнча төмөнкүдөй жагдайларда бүтүм түзүүгө укуксуз:

1) баалуу металлдар (алтын жана күмүш) жана чет өлкөлүк валюта менен байланышкан, мөөнөтү жылдырылган милдеттенмелер боюнча;

2) активдерди камсыз кылуу болуп дебитордук карыз эсептелген жүгүртмө капитал боюнча;

3) бүтүмдү кайра финансылоодо.

3. Эгерде кардар төлөмдү мурабаха келишиминде белгиленген мөөнөттөн кечиктирсе, банк мурабаха келишиминин предметин сатууга укуктуу.

Мурабаха келишиминин предметин саткан учурда банк кардардан алган төлөмдөрдү кардарга төлөп берет.

4. Эгерде мурабаха келишиминин предмети күрөө менен камсыз кылынса, банк карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле күрөөнү кардардын макулдугу менен сатууга укуктуу.

5. Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишимине катышууга же тараптардын биринин шарика/мушарака келишиминдеги башка тараптын катышуусун (үлүшүн) мубараха бүтүмүнүн жардамы менен накталай акчага же мөөнөтү кийинкиге жылдырылган милдеттенмелердин эсебинен сатып алуу милдеттенмеси камтылган бүтүмгө катышууга тыюу салынат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73812-статья. Мурабаха келишимин камсыз кылуу

1. Мурабаха келишими боюнча милдеттенмелерди кардардын талаптагыдай аткаруусун камсыз кылуу максатында банк кардардан акча каражаттарын күрөөгө коюу же камсыз кылуунун башка түрү жөнүндө келишим түзүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде мурабаха келишиминде башкача каралбаса, күрөө катары берилген акчалай сумманы банктын инвестициялашы мүмкүн эмес.

Күрөө катары берилген акчалай сумма мурабаха келишимине ылайык, мурабаха келишиминин предметин төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн.

2. Кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмесин аткаргандан кийин банк күрөөнү кайра берүүгө милдеттүү.

3. Банк мурабаха келишиминин предметин ташууда же сактоодо анын бузулушуна, жок кылынышына же жоголушуна байланышкан бардык тобокелдиктерди өзүнө алат жана алардын орду күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73813-статья. Мурабаха келишиминин предмети боюнча жоопкерчилик

1. Эгерде мыйзамда же мурабаха келишиминин предметин банктын атынан сатып алуу тууралуу келишимде башкача белгиленбесе, товар кардардын менчигине өткөндөн кийин мурабаха келишиминин предметиндеги кандайдыр бир мүчүлүштүктөр үчүн банк жоопкерчилик тартпайт.

2. Мурабаха келишиминин колдонулушу күчүнө киргенден кийин кардар мурабаха келишиминин предметин сатып алуудан баш тарткан учурда, банктын мурабаха келишиминин предметин сатып алууга байланышкан, сатылган товардын наркы менен жабылбай калган чыгымдарын төлөө, анын ичинде кардар койгон камсыз кылуунун эсебинен төлөө милдетин кардарга жүктөө менен, банк мурабаха келишиминин предметин үчүнчү жакка сатууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73814-статья. Мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы

1. Кардарга мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы товарды сатып алуу баасынын, банктын үстөк баасынын, үчүнчү тарапка төлөмдөрдүн (транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр жана үчүнчү жактардын пайдасына башка милдеттүү төлөмдөр) суммаларынан турат.

2. (КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа төмөнкүдөй түрлөрдө белгилениши мүмкүн:

1) туруктуу белгиленген, бир жолу төлөнүүчү сумма;

2) мурабаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү.

4. Мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасынын келечекте белгилүү боло турган кандайдыр бир көрсөткүчтөргө көз каранды болушун шарт кылуу менен, мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасын күмөндүү таризде аныктоого жол берилбейт. Мурабаха келишимин түзүү учурунда сатуу баасын жана үстөк бааны кардарга мурдатан белгилүү көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убакыттык факторлорго көз каранды болушу мүмкүн эмес.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73815-статья. Эсептешүү тартиби

1. Мурабаха келишиминин предмети үчүн банктын төлөмдөрү кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде дайыма төлөнүүчү төгүмдөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин кардардын төлөө мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги же төлөөнүн мөөнөтү узартылгандыгы үчүн андан кошумча төлөмдү талап кылууга банктын укугу жок.

2. Банк мурабаха келишими боюнча төлөнүүгө тийиш төлөмдөрдүн эсебине аванс төгүүнү кардардан талап кылууга укуктуу.

3. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган мурабаха келишиминин предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда ага үстөк төлөмдү төлөө милдети жүктөлүшү мүмкүн. Үстөк төлөмдүн өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби мурабаха келишиминде аныкталат.

Үстөк катары алынган сумма банктын кирешеси катары эсепке алынышы мүмкүн эмес жана аны банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарына багыттайт.

4. Эгерде кардар мурабаха келишими боюнча сатып алган товар үчүн кезектеги төлөмдү негизсиз кечиктирсе, кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын ала билдирген шартта, банк кардардан мурабаха келишиминин предмети үчүн төлөмдү мөөнөтүнөн мурда толук төлөөнү талап кылууга укуктуу.

5. Эгерде кардар кезектеги төлөмдү жүргүзбөсө, ошондой эле, эгерде кардар мурабаха келишиминин предмети үчүн толук төлөмдү мөөнөтүнөн мурда төлөбөсө, банк төмөнкүлөргө укуктуу болот:

1) эгерде мурабаха келишиминин предметин бир аздап төлөөнүн эсебинен кардардан акча каражаттары алынган болсо, кардарга бул каражаттарды төлөп берүү менен товарды үчүнчү жактарга сатууга;

2) мурабаха келишиминин предметине төлөм толук көлөмдө төлөнгөнгө чейин кардардын товарга карата менчик укугун тариздебей турууга.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 3. Шарика/мушарака келишими

(Параграфтын аталышы КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73816-статья. Шарика/мушарака келишиминин жалпы жоболору

1. Шарика/мушарака келишими - эки же андан көп тараптардын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөктөш тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика/мушарака келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш-аракет жүргүзүүгө укук берет, ал эми чыгашаларды ар бир өнөктөш бул компаниянын жалпы капиталындагы өз салымына ылайык тартат.

2. Шарика/мушарака келишиминин катышуучулары (өнөктөштөр) өздөрүнүн алдына койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн өз активдерин бириктирүүгө жана юридикалык жакты түзүү менен да, түзбөстөн да иш-аракет жүргүзүүгө укуктуу. Юридикалык жак түзүлгөн учурда мындай уюм оператордук функцияларга жана процесстерди башкаруу функцияларына ээ болушу мүмкүн. Өнөктөштөр оператордук функцияларды жана процесстерди башкаруу функцияларын өнөктөштөрдүн бирине жүктөөгө укуктуу. Мындай учурда юридикалык жак түзүлбөйт.

3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында шарика/мушарака келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73817-статья. Шарика/мушарака келишимин түзүүгө карата талаптар

1. Шарика/мушарака келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Эгерде шарика/мушарака келишиминин негизинде юридикалык жак түзүлсө, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.

2. Эгерде өнөктөштүк иш-аракетти жүргүзүү максатында тараптар берген финансылык каражаттар же мүлк жол берилген булактардан алынса, банк өнөктөш болууга укуктуу. Эгерде шарика/мушарака келишиминде юридикалык жакты түзүү каралса, анын иш-аракетин жүргүзүүдө Шариат эрежелери жана принциптери сакталышы керек.

3. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк шарика/мушарака келишиминин тарабы болуп саналса, ал үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73818-статья. Капиталды түзүү

1. Өнөктөштөр жалпы капиталга өз салымдарын салууну шарика/мушарака келишиминин шарттарына ылайык жүзөгө ашырат.

2. Өнөктөштөр жалпы капиталга салым катары акча каражаттарын да, башка материалдык жана материалдык эмес активдерди да салууга укуктуу. Оператордук функцияларды жана процесстерди башкаруу боюнча функцияларды аткарууга байланышкан сарптоолор жана эмгектер да салым катары эсепке алынышы мүмкүн.

3. Эгерде жалпы капиталга материалдык активдер (товарлар) салынса, мындай активдердин наркы көз каранды эмес эксперттер тарабынан аныкталууга тийиш.

4. Капиталга төгүм түрүндө салынган башка активдерден ажырагыс болуп калган учурларды кошпогондо, карыздык милдеттенмелерди (дебитордук карыздарды) капиталга төгүм катары салууга жол берилбейт. Мында таза активдердин наркы көз каранды эмес аудиторлор тарабынан ырасталууга тийиш.

5. Шарика/мушарака келишиминин алкагында юридикалык жакты түзгөндө ар бир өнөктөштүн шарика/мушарака келишиминин алкагында жана компаниянын кызыкчылыгында иш жүргүзүүгө, ошондой эле Шариат эрежелерин жана принциптерин кынтыксыз сактоого милдеттенмеси каралууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73819-статья. Пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүү

1. Шарика/мушарака келишиминде алынган пайданы ар бир өнөктөштүн өнөктөштүк капиталга кошкон салымына жараша пропорциялуу түрдө тараптардын ортосунда үлүш түрүндө бөлүштүрүүнүн тартиби каралууга тийиш. Пайда белгилүү бир акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес. Ар бир өнөктөш капиталга салган үлүшүнө жараша чыгаша тартат.

2. Пайда компаниянын иш-аракетинен күтүлүүчү пайданы эсепке албастан, иш жүзүндөгү натыйжаларга жараша бөлүштүрүлүүгө тийиш.

3. Тараптар шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү түрүндө өз салымын кошкон же өз кызматтарын кандайдыр бир башка формада көрсөткөн, мисалы, бухгалтердик эсеп жагында кызматтарды көрсөткөн өнөктөшкө белгиленген сыйакыларды карашы мүмкүн. Мында шарика/мушарака келишиминин тараптары мындай өнөктөшкө анын өнөктөштүк капиталдагы өз үлүшүнө ылайык ага тиешелүү боло турган пайданын бөлүгүнө караганда көбүрөөк бөлүгүн белгилеши мүмкүн.

4. Пайдадагы үлүш катары бир жолку сумманы пайдадан алууга же шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталынан процент алууга жол берилбейт.

5. Өнөктөштөр каражаттардын бөлүгүн кайсы болбосун тарапка аванс катары бөлүштүрүүгө укуктуу, аванс биротоло эсептешкенде эсепке алынууга тийиш. Эгерде берилген аванстын өлчөмү пайданын тиешелүү үлүшүнөн жогору болсо, мындай сумманы алган тарап айырманы төлөп берүүгө милдеттүү.

6. Эгерде шарика/мушарака келишиминин предмети болуп ижарага (лизингге) берүү үчүн сатып алынган активдер саналса же келишимдин предмети кызмат көрсөтүүлөр болсо, мындай бүтүмдөрдөн алынган сумма ар жыл сайын өнөктөштөрдүн ортосунда аванс катары бөлүштүрүлөт жана шарика/мушарака келишиминин мөөнөтүнүн акырында жөнгө салынууга жана орду толтурулууга жатат.

7. Тараптар алынган пайданы толук бойдон же анын бөлүгүн бөлүштүрбөөгө жана мындай сумманы төлөөгө жарамдуулук резервине же капиталдын жоготууларын жабуу үчүн резервге (инвестициялык тобокелдин резервине) багыттоого, ошондой эле кайрымдуулук көрсөтүүлөр катары жумшоого укуктуу.

8. Пайданы бөлүштүрүү принцибин бузууга алып келүүчү шарттарды шарика/мушарака келишимине киргизүүгө тыюу салынат.

9. Өнөктөштүктүн мөөнөтү аяктаганда же ал жоюлганда компаниянын бар болгон бүткүл активдерин сатуудан түшкөн пайда шарика/мушарака келишиминин негизинде, алардын рыноктук наркы боюнча биротоло бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73820-статья. Өнөктөштүктөгү үлүштү өзгөртүү

1. Өнөктөштөр шарика/мушарака келишиминде пайданы бөлүштүрүү датасына карата аны бөлүштүрүүдөгү өнөктөштөрдүн үлүшүн өзгөртүүнүн мүмкүндүгүн кароого же пайданы бөлүштүрүү күнүндө өнөктөштүн ага тиешелүү пайданын бөлүгүн башка өнөктөштүн пайдасына өткөрүп берүү укугун кароого укуктуу.

2. Банк башка өнөктөштөрдүн чыгашаларын ыктыярдуу түрдө өзүнө алууга укугу жок. Бирок, башка өнөктөштөрдүн чыгаша келип чыккан учурда ал үчүн жоопкерчиликти эч кандай алдын ала шарттарсыз ыктыярдуу түрдө өзүнө алуу укугу шарика/мушарака келишиминде каралышы мүмкүн.

3. Пайданын туруктуулугуна же туруктуу эместигине карабастан, өнөктөштөр аны бөлүштүрүүнүн методун пайдалануу тууралуу жобону шарика/мушарака келишиминде кароого укуктуу. Пайданы бөлүштүрүүнүн кайсы бир методун колдонуу пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна же катышуучуну пайдага катышуудан чыгарууга алып келбөөгө тийиш. Пайда бөлүштүрүүнүн мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон кайсы болбосун шарты же методу жараксыз болуп саналат.

4. Шарика/мушарака келишиминин катышуучуларынын салымдар үлүшүн өзгөртүү пайда бөлүштүрүүнүн жана чыгашалардын өлчөмүнүн ар бир өнөктөшкө тийиштүү боло турган коэффициентин алардын өнөктөштүк капиталындагы салымынын өзгөрүүсүн эсепке алуу менен өзгөртүүгө алып келет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73821-статья. Шарика/мушарака келишими боюнча өнөктөштөрдүн жоопкерчилиги

1. Өнөктөштөр/өнөктөш укук ченемсиз аракеттерди жасаган, шарика/мушарака келишимине карата шалаакылыкты, кайдыгер мамилени көрсөткөн же аны бузган учурда чыгашаларды жабууну камсыз кылууга өнөктөштөрдүн жоопкерчилиги шарика/мушарака келишиминде каралууга тийиш.

2. Эгерде айрым же бардык өнөктөштөр тарткан чыгашалардын ордун толтуруунун кепилдигин үчүнчү тарап берсе, мындай кепилдик төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1) кепил катары чыгуучу үчүнчү тараптын укукка жарамдуулугу жана финансылык милдеттенмеси шарика/мушарака келишимине көз карандысыз болушу керек;

2) кепилдик белгилүү бир компенсация үчүн берилиши жана шарика/мушарака келишими менен байланышта болушу мүмкүн эмес;

3) кепил катары чыгуучу үчүнчү тарап кепилдик берген компаниядагы капиталдын суммасынын жарымынан көбү бул тарапка таандык болбошу керек;

4) компанияга кепилдик берүүчү компаниянын капиталынын суммасынын жарымынан көбү кепилдик алган компанияга таандык болбошу керек;

5) пайдасына үчүнчү тараптын кепилдиги берилген өнөктөш, эгерде кепил кепилдиктин шарттарын аткарбаса, шарика/мушарака келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укуктуу болбойт.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73822-статья. Шарика/мушарака келишиминин колдонуу мөөнөтү. Түзүлгөн юридикалык жактын ишин токтотуу

1. Тараптар шарика/мушарака келишимин белгилүү бир мөөнөткө, ошондой эле мөөнөтүн көрсөтпөстөн түзө алат же болбосо жокко чыгаруучу шартты (шарика/мушарака келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналган шартты) шарика/мушарака келишимин токтотуу үчүн негиз катары белгилей алат.

Шарика/мушарака келишими ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөктөштөр тарабынан түзүлгөн юридикалык жак жоюлган учурда токтотулат.

2. Ар бир өнөктөш шарика/мушарака келишиминин шарттарында өнөктөштүктөн чыгууга укуктуу.

3. Эгерде шарика/мушарака келишими белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн болсо, шарика/мушарака келишиминин өнөктөштөрү тараптардын макулдашуусу боюнча өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу. Бардык ушундай учурларда шарика/мушарака келишими токтотулганга чейин өнөктөштөр ишке ашыра турган милдеттенмелер жана иш-аракеттер өзгөрүүсүз бойдон калат жана алардын колдонулушу улантылат.

4. Шарика/мушарака келкшиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жак өз ишин шарика/мушарака келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө же тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотот.

5. Өнөктөштөр түзгөн юридикалык жак жоюлган учурда тараптар юридикалык жакты иш жүзүндө жоюунун жүрүшүндө сакталып калган активдердин негизинде жаңы шарика/мушарака келишимин түзүүгө укуктуу.

6. Эгерде жоюу шарика/мушарака келишиминин мөөнөтүнүн аяктаганына байланыштуу болсо, анда колдо болгон бардык активдер рыноктук баада сатылат, ал эми сатуудан түшкөн кирешелер төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:

1) жоюуга кеткен чыгымдарды жабууга;

2) финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөгө;

3) калган активдерди өнөктөштөрдүн ортосунда алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар өздөрү салган капиталын толук кайтарып ала албаса, активдер алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө жараша пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

(КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 4. Кемүүчү мушарака келишими

(Параграф КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73823-статья. Кемүүчү мушарака келишими боюнча жалпы жоболор

1. Кемүүчү мушарака келишими - бул шарика/мушарака келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири экинчи өнөктөштүн үлүшүн ушул үлүшкө менчик укугу толугу менен ага өтмөйүнчө акырындап сатып алууну убада кылат.

2. Кемүүчү мушарака келишими, ошондой эле үлүштүн өзүн сатып алуу жөнүндө келишим шарика/мушарака келишиминде мындай келишимдерди түзүү каралгандыгына же жоктугуна карабастан түзүлүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн келишимдердин бири башка келишимди түзүү шартында түзүлүшүнө жол берилбейт.

3. Кемүүчү мушарака келишимине кайсы болбосун тарапка өнөктөштүктүн капиталынан өз үлүшүн артка кайтарып алуу укугун бере турган кандайдыр бир жобону киргизүүгө тыюу салынат.

4. Ушул главанын 3-параграфында каралган эрежелер кемүүчү мушарака келишими боюнча мамилелерге карата колдонулат.

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кемүүчү мушарака келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 5. Иджара келишими

73824-статья. Иджара келишими боюнча жалпы жоболор

1. Иджара келишими - бул ижарага берүүчүнүн кардардын табыштамасы боюнча мүлктү, же болбосо ижарачы кайрылган учурда ижарага берүүчүнүн менчигинде турган мүлктү өз менчигине сатып алуусун же болбосо ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы төлөө негизинде жалдоого ижарага сунушталуучу, ижарачынын табыштамасы боюнча ижарага берүүчү мүлктү пайдалануу укугуна ээ кылуусун караган келишим.

Ошондой эле иджара келишиминде кызмат көрсөтүүлөрдү финансылоо каралышы мүмкүн, ага ылайык мындай укукту ижарачыга макулдашылган мөөнөткө белгилүү бир акы үчүн андан ары ижарага сунуштоо менен ижара берүүчү ижарачынын табыштамасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугуна ээлик кылат.

2. Иджара мунтахийя биттамлик келишими - бул иджара келишиминин шарттарын камтыган келишим, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү келишимдин шарттарына ылайык сатып алууга милдеттенет.

3. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк иджара же иджара мунтахийя биттамлик келишиминин тарабы болсо, анда ал үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

4. Ушул параграфтын жоболору иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата да колдонулат.

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында иджара келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73825-статья. Иджара келишиминин предмети

1. (КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Иджара келишиминин предмети катары кыймылдуу (акчаны, баалуу кагаздарды жана керектелүүчү мүлктү кошпогондо) жана кыймылсыз мүлк же болбосо андан алынуучу пайда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Шариаттын стандарттарына каршы келбеген учурда колдонулуучу кызмат көрсөтүүлөр болушу мүмкүн.

3. Ижарачы менен бирге кармап турган айрым активдердеги үлүш, ижарачынын ижара берүүчүгө өнөктөш экендигине же өнөктөш эместигине карабастан иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн. Бул учурда ижарачы ижарага алган үлүштөн ижарага берүүчү колдонгон ык менен, башкача айтканда убакытты бөлүштүрүү жолу же менчиктин кайсы бир бөлүгүн аныктоо жолу менен пайда көрүшү мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73826-статья. Иджара келишиминин тараптары

1. (КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Ижарачы - иджара келишимине ылайык келишимдин предметин белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир төлөмдү төлөө шартында жана белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга алган жеке же юридикалык жак.

Өзүнүн жана (же) карызга алынган каражаттардын эсебинен мүлктү менчигине же кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун сатып алган жана аны келишимдин предметине карата менчик укугун ижарачыга өткөрүү менен же өткөрбөстөн иджара келишиминин предмети катары ижарачыга белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир төлөмдү төлөө шартында жана белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга/пайдаланууга берген жеке же юридикалык жак (анын ичинде тиешелүү лицензиясы бар банк) ижарага берүүчү болушу мүмкүн.

3. Иджара келишими ар бир ижарачынын укуктарына доо кетирбөө шартында, белгилүү бир жак үчүн кандайдыр бир мезгил аралыгын аныктабастан, кайсы бир мүлккө жана аны ижарага алуу мезгилине карата бирдей эле пайда алуу укугуна ээ болгон бир нече ижарачы менен түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда ар бир ижарачы ижарачылардын ортосундагы келишимге ылайык ага бөлүнүп берилген мезгил ичинде мүлктөн түшкөн пайдага ээ болушу мүмкүн.

4. Ижарага берүүчү өзүнчөлүштө (спецификацияда) сыпатталган мүлктү ижарачынын табыштамасына ылайык сатып алышы же даярдашы мүмкүн. Ижарачы өзүнчөлөнүшкө ылайык келбеген мүлктөн баш тартууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73827-статья. Иджара келишимин түзүү тартиби

1. Иджара келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө жана нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жатат.

2. Иджара келишими боюнча мүлк иджара келишими түзүлгөндөн кийин өткөрүлүп берилет.

3. Ижарачы тараптардын макулдашуусу боюнча мүлктү ижарага алуу убадасын - милдеттенмелеринин аткаруусунун кепилдиги катары белгилүү өлчөмдөгү сумманы салат. Салынган сумма ижарачы убадасын бузган учурда, келтирилген зыяндын ордун жабууга, ошондой эле ижарачынын макулдугу боюнча сатылып алына турган мүлктү соода-сатык келишими боюнча сатып алуу үчүн же ижара төлөмдөрү үчүн алдын ала төлөм катары пайдаланылат. Ижарачы менен макулдашуу боюнча ижарачы менен ижарага берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде ижара берүүчү көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасын инвестиция үчүн пайдаланышы мүмкүн.

Ижарага берүүчү менен ижарачынын ортосунда алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдашуулар, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишиминин бардык же айрым олуттуу шарттарын камтыган ижарачынын табыштамасы, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлктү сатып алууга ижарага берүүчүнүн убадасы - ижарачынын жана ижарага берүүчүнүн ортосунда лизингдик укуктук мамилелеринин жыйындысын түзөт жана иджара мунтахийя биттамлик келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73828-статья. Иджара келишими боюнча тараптардын жоопкерчилиги

1. Эгерде иджара келишими боюнча башкача каралбаса, ижарага берүүчү ижарачынын табыштамасы боюнча сатып алган мүлктүн кайсы болбосун мүчүлүштүктөрү үчүн жоопкерчилик ижара берүүчүгө жүктөлөт.

Эгерде иджара келишиминде башкасы каралбаса, сатуучу ижарачы катары тандалган учурда, сатуучунун мүлктү берүү жана ага байланыштуу чыгымдары боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калуу тобокелдигин ижарачы тартат.

2. Ижарачы анын өз аракеттеринин натыйжасында же болбосо иджара келишими боюнча алуу болжолдонгон пайдага таасир этүүчү, анын контролдугунан тышкары турган кандайдыр бир жагдайлардын таасиринин натыйжасында ушул ижарага алынган мүлктүн кайсы болбосун начарлоосу үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Эгерде ижарага алынган мүлктөн пайда ижарага алуу учурунда ижарачынын укук ченемсиз аракеттеринин натыйжасында толугу менен же бөлүгүндө азайса, ижарачы ижарага берүүчүнүн пайда алышына тоскоолдуктарды жоюуга милдеттүү. Бул учурда ижара мөөнөтү ижарага берүүчү ижарага алынган мүлктөн пайда ала албай калган мөөнөткө узартылат, ал эми ижарачы пайда алынбаган мезгил ичинде ижарадан баш тарта албайт.

4. Эгерде иджара келишиминде башкача каралбаса, ижарага берүүчү жак мүлктү негизги техникалык тейлөөнү жүзөгө ашырат, ал эми ижарачы учурдук же мезгилдүү (адаттагы) техникалык тейлөөнү жүзөгө ашырат.

5. Ижарачы өзүнүн күнөөсү боюнча мүлккө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73829-статья. Иджара келишиминин предметин камсыздандыруу

1. Иджара келишиминин предмети камсыздандырылышы мүмкүн.

2. Ижарачы ижарага берүүчүгө ордун толтурууга тийиш болгон мүлктү камсыздандырууда камсыздандыруу боюнча чыгымдарды ижарага берүүчү көтөрөт.

(КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73830-статья. Иджара келишиминин олуттуу шарттары

Иджара келишиминин олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) иджара келишиминин предметинин аталышы, ошондой эле аны идентификациялоо үчүн жетиштүү болгон сыпаттамасы;

2) тараптардын иджара келишиминин предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө/берүүгө байланышкан укуктары жана милдеттери;

3) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөнүшүнүн тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү;

4) (КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) башка шарттар.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73831-статья. Иджара келишими боюнча эсептешүүлөр (төлөмдөр)

1. Иджара келишими боюнча ижара төлөмү милдеттүү болуп саналат жана ижарага берүүчүнүн ижара төлөмүн алууга карата укугу ижарачы иджара келишиминин предметин ижарага алуудан пайда ала баштаган учурдан тартып же ижарага берүүчү иджара келишиминин предметинен пайда алуу укугу менен ижарачыны камсыз кылган учурдан тартып башталат.

2. Ижара төлөмү кандайдыр бир өзгөртүүлөргө жаткан учурда, иджара келишими колдонула баштаган алгачкы мезгилге ижара төлөмүнүн суммасын кароо зарыл. Кийинки мезгилдерге ижара төлөмүн белгилүү бир салыштыруу базасына ылайык аныктоого жол берилет. Калган мезгилдерге карата ижара төлөмүнүн өлчөмү үчүн аныктоочу фактор болуп саналуучу так тартип мындай салыштыруу базасынын негизинде турушу керек.

3. Эгерде ижарага берүүчү иджара келишиминде каралган мөөнөттө мүлктү ижарачыга бербесе, келишим күчүнө кирген күндүн жана мүлк ижарачыга иш жүзүндө өткөрүлүп берилген күндүн аралыгындагы мезгил үчүн ижара төлөмү төлөнбөйт. Эгерде тараптар иджара келишиминин мөөнөтү бүткөн алгачкы күндөн кийин, ижара мөөнөтүн мүлк берилбеген мезгилге эквиваленттүү болгон мезгилге узартуу тууралуу келишимге жетишпесе, ижара төлөмү тийиштүү түрдө кыскартылат.

4. Ижара төлөмү акча каражаттары, натуралай (товар менен) же кандайдыр бир артыкчылыктар (кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

Ижара төлөмү иджара келишими колдонулуучу мезгилди камтыган бир жолку төлөм катары же болбосо иджара келишими колдонулуучу белгилүү бир мезгилдер үчүн бөлүп төлөө түрүндө белгиленет жана алдын ала төлөө катары толук төлөнүшү же иджара келишими колдонулуучу мезгилге барабар, андан ашкан же ага жетпеген мезгил ичинде бөлүп төлөө менен ишке ашырылышы мүмкүн. Ижара төлөмү тараптардын макулдашуусу боюнча так аныкталган суммада же өзгөрүлмө суммада болушу мүмкүн.

5. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара төлөмүнүн бөлүгү ижарага берүүчүгө төлөнүшү, башка бөлүгү ижарага берүүчү тарабынан бекитилген, негизги техникалык тейлөөнүн, камсыздандыруунун наркы дагы ушул сыяктуу чыгымдарды жабууга багытталышы мүмкүн.

6. Тараптар ижара акысынын өлчөмүн ижараны келерки мезгилдерге, башкача айтканда ижарачы ижарадан кандайдыр бир пайда ала элек мезгилдерге ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу.

7. Мурдагы кайсы бир мезгилдер үчүн төлөнбөгөн ижара төлөмү ижарачы ижарага берүүчүгө төлөп берүүгө тийиш карыз болуп саналат. Карыздын өлчөмү көбөйтүлбөйт.

8. Ижарачы берген кепилденген камсыз кылууну алуу укугун жоготкон учурда ижарага алуучу мындай суммалардан, ижарачынын ижарага алынган менчиктен пайда ала элек мезгилдер үчүн төлөө милдеттүүлүгү баштала элек төлөмдөрдү кошо алгандагы бөлүп төлөнүүчү ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгилдер үчүн ижара төлөмү катары ага төлөнүүгө тиешелүү болгон сумманы гана эсептен чыгарат. Ижарага берүүчү кепилдик камсыз кылуунун суммасынан ижарачы иджара келишимин бузгандыгы үчүн төлөөгө тийиш болгон бардык мыйзамдуу компенсацияларды да эсептен чыгарышы мүмкүн.

9. Ижарага берүүчү, төлөө мөөнөттөрү жөнүндө ижарачыга алдын ала маалымдаган шартта, ижара төлөмдөрүн кезектеги төлөө негизсиз кечиктирилген учурда ижара төлөмүн мөөнөтүнөн мурда төлөөнү кардардан талап кылууга укуктуу. Бирок, бул жагдай ижара төлөмүнүн өлчөмүн көбөйтүүгө негиз болушу мүмкүн эмес.

10. Иджара келишиминде иджара келишими боюнча төлөмдү төлөөнү негизсиз кечиктиргендиги үчүн ижарачыга финансылык санкция салуу каралышы мүмкүн.

Ижарага берүүчү төлөнгөн финансылык санкцияларды киреше катары өз эсебине чегериши мүмкүн эмес, алар кайрымдуулук максаттарына багытталууга жатат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73832-статья. Иджара келишимин токтотуу, бузуу жана анын кесепеттери

1. Иджара келишими төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:

1) өз ара макулдашуу боюнча;

2) иджара келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;

3) мүлк ижарачыга сатылганда;

4) тараптарга байланыштуу болбогон башка себептерден улам.

2. Ижарага берүүчү ижарага өткөрүлүп берилген мүлктү, иджара келишими бар экендигин билдирүү менен, үчүнчү жакка сата алат. Мында иджара келишими боюнча бардык укуктар жана милдеттер жаңы менчик ээсине өтөт.

3. Иджара келишиминин предмети кокустан жараксыз болуп калгандыгына же бузулуп калгандыгына жана андан ары аны пайдалануунун мүмкүн эместигине байланыштуу иджара келишими бузулганда ижара төлөмдөрү жүзөгө ашырылбайт.

4. Мүлктүн бөлүгү бузулууга учураган жана бул пландаштырылган кирешелердин азайышына алып келген учурда ижарачы иджара келишимин ажыратууга же ижарага берүүчүнүн макулдугу боюнча ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу. Мында пайда алынбаган мөөнөт үчүн төлөм алынбайт.

5. Эгерде ижарачы ижарага алынган мүлктү пайдаланууну токтотсо же аны ээсине анын макулдугусуз кайтарып берсе, иджара келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн калган мезгили үчүн ижара төлөмү мүлк ээсине төлөнүүгө тийиш бойдон калат, ал эми ижарага берүүчү иджара келишимин колдонуунун ушул мезгили ичинде ал мүлктү башка ижарачыга ижарага бере албайт, бирок мүлктү жаңы ижарачынын тескөөсүндө сактоосу керек.

6. Менчик укугунун өтүшү үчүн негиз болуп иджара келишиминде же төмөнкүдөй убадалар камтылган башка документте бул тууралуу көрсөтүү саналат:

1) ижара төлөмүнүн калган бөлүгүн сүйлөшүлгөн баага же прогрессивдүү төлөөнүн жардамы менен же ижарага берилген мүлктүн рыноктук наркын төлөө жолу менен сатуу;

2) себептерин көрсөтүүсүз аны белекке берүү;

3) калган төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүү.

7. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминде менчик укугун өткөрүп берүү убадасы, ижарачы келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарган шартта, ижарага берүүчү тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.

8. Менчик укугун өткөрүп берүү белекке берүү же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат, ал иджара келишиминен жана берилген убададан өзүнчө түзүлөт.

9. Иджара келишими шарттардын аткарылышын кийинкиге жылдыруу шарты менен түзүлгөн учурда, менчик укугун өткөрүп берүүгө жаңы иджара келишими түзүлбөйт.

10. Эгерде иджара келишимин ишке ашыруунун жүрүшүндө эч болбогондо бир төлөм төлөнбөсө же мөөнөттү бузуу менен төлөнсө, мүлккө менчик укугу өткөрүлүп берилбеши мүмкүн.

11. Иджара келишими төмөнкүдөй учурларда бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн:

1) иджара келишиминин шарттары бузулган учурда;

2) ижара төлөмдөрүнүн мөөнөттөрү бузулган же токтотулган учурда;

3) келишимде көрсөтүлгөн башка себептер боюнча.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

§ 6. Кард келишими

(Параграф КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73833-статья. Жалпы жоболор

1. Кард келишими боюнча бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тарапка (карыз алуучуга) акча каражаттарын кайтарымдуулук шарттарында жана бул үчүн төлөм алуусуз карызга берет. Мында, эгерде каражаттарды кайтаруу мөөнөтү белгиленбесе, акча каражаттарды кабыл алган тарап экинчи тараптын биринчи эле талабы боюнча каражаттарын кайтарып берүүгө кепилдик берет.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кард келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73834-статья. Кард келишимин түзүү тартиби

1. Кард келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Кард келишиминин олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) берилүүчү сумманын өлчөмү;

2) келишимдин колдонулуу мөөнөтү, сумманы кайтарып берүү датасы;

3) тараптардын укуктары жана милдеттери.

3. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк кард келишиминде тараптардын бири катары чыкса, банктын учурдук эсепти жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдүн суммасы да кард хасан келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

§ 7. Истиснаа келишими жана жарыш истиснаа келишими

73835-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин жалпы жоболору

1. Истиснаа келишими - бул анын шарттарына ылайык бир тарап (подрядчы) экинчи тараптын (тапшырыкчы) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга жана анын натыйжасын тапшырыкчыга белгиленген мөөнөттө тапшырууга милдеттенген, ал эми тапшырыкчы аткарылган ишти кабыл алып, алдын ала макулдашылган наркты төлөө милдеттенмесин өзүнө алган келишим.

2. Истиснаа келишиминин предмети болуп объектти даярдоо боюнча, объектти иштеп чыгуу (объекттин сапатын жакшыртуу же касиетин өзгөртүү) боюнча же кайра иштетүү (колдо болгондорду жок кылуудан улам жаңы объектти түзүү) боюнча баштапкы материалдарды (чийки заттарды) милдеттүү түрдө пайдалануу менен подрядчынын ишинин натыйжасы, же болбосо башка ишти аткаруу жана анын натыйжаларын белгилүү бир өзгөчөлүктөргө ылайык өткөрүү саналат.

3. Жарыш истиснаа келишими эки өзүнчө истиснаа келишиминин негизинде колдонулат, аларга ылайык, бир эле жак биринчи учурда - берүүчү катары катыша алат, тапшырыкчы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзө алат, экинчи учурда - сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи истиснаа келишиминин алкагында өзүнүн тапшырыкчыга карата конкреттүү милдеттенмелерин аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчиги менен башка келишимди түзө алат.

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында истиснаа келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73836-статъя. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин тараптары

1. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин тараптары болуп тапшырыкчы/сатып алуучу, берүүчү жана өндүрүүчү (курулуш уюму) саналат.

2. Тараптар катары кайсы болбосун юридикалык же жеке жак чыга алат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73837-статъя. Истиснаа келишими жана жарыш истиснаа келишими боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө карата талаптар

1. Истиснаа жана жарыш истиснаа келишимдери жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Истиснаа келишими тапшырыкчынын табыштамасынын негизинде түзүлөт. Товар берүүчү берилген финансылык документтердин негизинде мүлктүн тапшырыкчысынын төлөөгө жарамдуулугун баалоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Истиснаа келишиминде анын башка тарабы болуп саналган тапшырыкчыга кийин сатуу үчүн истиснаа келишиминин предметин ушул келишимдин тарабынын менчигине сатып алуу каралууга тийиш.

Истиснаа келишиминин предмети сатуучунун иш жүзүндөгү ээлигине өткөнгө чейин аны тапшырыкчыга сатууга жол берилбейт. Истиснаа келишиминин тарабы мүлктү тапшырыкчынын табыштамасы боюнча сатып алууда өзүнүн агенти катары катышууга ыйгарым укукту тапшырыкчыга бере алат. Мында агенттик келишим истиснаа келишиминен өзүнчө түзүлөт.

4. Истиснаа келишиминде келишимдин предметинин баасы, аны берүүнүн датасы жана ыктары, колдонулуучу ресурстар (эгерде келишимде башкача каралбаса, өздүк ресурстар же келишимди түзгөнгө чейин иштеген башка жактар өндүргөн товарларды тартуу менен), ошондой эле башка шарттар көрсөтүлөт.

5. Истиснаа келишими түзүлгөндөн кийин тараптардын келишүүсү боюнча өндүрүш же курулуш үчүн мурда макулдашылган өзүнчөлөнтүшкө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле баасы тийиштүү түрдө коррекциялана турган жана жаңы талаптардын аткарылышы үчүн негизделген тийиштүү убакыт бериле турган шартта кошумча талаптарды киргизүүгө жол берилет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73838-статья. Истиснаа келишиминин баасы жана эсептешүү тартиби

1. Истиснаа келишими түзүлгөнгө чейин бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар каралат.

Истиснаа келишиминин предметинин баасы ушул келишим түзүлгөн учурга карата аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.

2. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр мөөнөттү кийинкиге жылдыруунун негизинде же келишимде каралган мөөнөттүн ичинде бөлүп төлөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн же болбосо, эгерде келишимдин предметин берүү этап менен жүргүзүлсө, сумманын бөлүгү токтоосуз төлөнүшү мүмкүн, ал эми калган бөлүгү берүүнүн же жумуштарды аткаруунун этаптарына жараша бөлүп төлөнөт.

3. Төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн төлөм алууга тыюу салынат. Истиснаа келишиминде каралбаса да, алдын ала төлөм үчүн жеңилдик берүүгө жол коюлат.

4. Истиснаа келишиминин предметин сатуу боюнча чыгымдарды тапшырыкчы тартат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73839-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин өзгөчөлүктөрү

1. Өндүрүүчү банкрот болгон учурда, сатып алуучу сарпталган материалдардын наркынын бөлүгүн төлөп берген шартта, сатып алуучу бүткөрүлө элек өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот.

2. Истиснаа келишиминде анын предмети болуп саналган курулмалардын кайсы болбосун мүчүлүштүгү же аларды техникалык тейлөө үчүн өндүрүүчү жоопкерчилик тарта турган мөөнөт белгилениши мүмкүн.

3. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу истиснаа келишиминин предмети болуп саналган учурда тараптар түпкү сатып алуучуга же подрядчыга таандык болушу мүмкүн объекттин курулушу жүзөгө ашырыла турган жер тилкесин аныктоого тийиш.

4. Тапшырыкчыга таандык жерде имараттар же коммуналдык курулмалар курулган учурда, эгерде өндүрүүчү истиснаа келишиминин шарттарын аткарбаса же белгиленген убакыт ичинде жумушту бүткөрө албаса, курулушту финансылоо өндүрүүчүгө жүктөлөт, бул жобо өндүрүүчү ишти токтоткон учурдан баштап күчүнө кирет.

5. Эгерде подрядчы өз милдеттенмесин аткарууну уланта албаган абалда болсо, тапшырыкчы (жер ээси) дээрлик даяр болуп калган бүткөрүлбөгөн курулушту же коммуналдык курулманы подрядчыга төлөп бербестен өз менчигине алууга укуксуз болот.

Эгерде истиснаа келишиминин талаптары подрядчынын күнөөсү боюнча аткарылбаса, ташпырыкчы курулган курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана курулуштук подрядчы түпкү сатып алуучу тарткан иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын ага төлөп бериши керек.

Эгерде истиснаа келишиминин аткарылбоосу тапшырыкчынын укук ченемсиз аракеттерине байланышса, подрядчы бүткөрүлгөн жумуштун наркына барабар сумманы жана кайсы бир чыгашалар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу болот.

Эгерде истиснаа келишиминин аткарылбоосу ушул келишимдин тараптарынын бирине да тиешеси болбогон себептерге байланышса, түпкү сатып алуучу тийиштүү жерде турган курулган курулмага гана укуктуу болот жана тараптардын бири да башка тарап тарткан чыгашаларды жана зыяндарды компенсациялоо үчүн жоопкерчилик тартпайт.

6. Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүү истиснаа келишиминин предметинин наркынын көбөйүүсүнө алып келгенде, кошумча сарптоолорду ташпырыкчы тартат.

7. Истиснаа келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча чыгымдар, эгерде бул келишимде башкача каралбаса, тапшырыкчыга жүктөлөт.

8. Эгерде истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучуга же болбосо ал дайындаган жакка өткөрүлүп берилсе жана түпкү сатып алуучу истиснаа келишиминин предметин толук контролдоону жүзөгө ашыра алса, өндүрүүчү милдеттенмеден бошотулат.

9. Банк катышкан истиснаа келишими жана жарыш истиснаа келишими боюнча бүтүмдөрдүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилениши мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73840-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин предметин тапшыруунун жана кабыл алуунун шарттары

1. Истиснаа келишими боюнча мүлк мөөнөтүндө даярдалууга жана келишимде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Даярдалган жана жеткирилген мүлк даярдоочу тарабынан тапшырылышы керек, ал эми тапшырыкчы аны кабыл алууга милдеттүү.

Эгерде истиснаа келишиминин предметинин абалы келишимде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбесе, тапшырыкчы аны кабыл алуудан баш тартууга же бааны өзгөртүү мүмкүндүгү менен аны кабыл алууга укуктуу, бул болсо истиснаа келишими канааттандырарлык түрдө аткарылгандыгын билдирет.

2. Тапшырыкчы даярдалган мүлктөн негизсиз түрдө баш тарткан учурда бул мүлк өндүрүүчүнүн ээлигинде калат жана өндүрүүчү мындай учурда, эгерде истиснаа келишиминин предметине тийиштүү чыгашалар жана зыяндар өндүрүүчүнүн кайдыгер мамилесинин же укук ченемсиз аракеттеринин натыйжасы болуп саналбаса, өндүрүүчү мындай чыгашалар жана зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Тапшырыкчы истиснаа келишиминин предметинин сакталышы боюнча чыгымдарды тартат.

3. Истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучунун иш жүзүндөгү ээлигине өткөрүлүп берилген учурдан тартып аны берүү жүзөгө ашырылды деп эсептелет. Истиснаа келишиминин предмети сатып алуучуга өткөрүлүп берилген учурдан тартып, өндүрүүчүнүн кайдыгер мамилеси же укук ченемсиз аракеттери болгондугун далилдөөсүз эле, истиснаа келишиминин предмети кийин дуушар болуучу кайсы болбосун чыгашаларга же зыян тартууларга сатып алуучу жоопкерчилик тартат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 8. Кепилдик жөнүндө келишим

73841-статья. Кепилдик жөнүндө келишимдин жалпы жоболору

1. Кепилдик жөнүндө келишим (милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө бүтүмдөр) боюнча бир тарап башка тараптын алдында үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча кепил катары чыгат. Милдеттенмелердин аткарылышы бир эле убакта бир нече ыкма менен камсыз кылынышы мүмкүн.

2. Төлөөгө жарамдуулугуна шек жаратпаган кынтыксыз аброю бар кайсы болбосун жеке же юридикалык жак кепил катары чыга алат.

Банк кардардын негизги карыздын суммасындагы финансылык милдеттенмелери боюнча кепилдикти кардардын негизги карызды банкка төлөп беришинин шарты менен берүүгө укуктуу. Банк тендерге катышууга кепилдиктерди берүүгө укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кепилдик жөнүндө келишимдерге карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73842-статья. Кепилдик жөнүндө келишимди түзүүгө карата талаптар

1. Кепилдик жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариаттык күбөлөндүрүлүүгө жатат.

2. Кепилдик жөнүндө келишимде анын колдонуу мөөнөтү, кепилдик бериле турган сумма белгиленет.

3. Кепилдик жөнүндө келишимдин жараксыздыгы негизги милдеттенменин жараксыздыгына алып келбейт. Негизги милдеттенменин жараксыздыгы кепилдик жөнүндө келишимдин жараксыздыгына алып келет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73843-статья. Кепилдик жөнүндө келишимдин шарттары

1. Кепил, эгерде келишимде башкача каралбаса, кардардын негизги карыздын суммасындагы финансылык милдеттенмелери боюнча кепилдикти кардардын негизги карызды банкка төлөп беришинин шарты менен берет.

2. Кредит берүүчү карыздын суммасын карызкордон да, кепилден да талап кылууга укуктуу. Эгерде кредит берүүчү карызкорду карызды төлөөдөн бошотсо, кепил да карызды төлөө боюнча милдеттенмеден бошотулган болот.

Кепилди финансылык жоопкерчиликтен бошотуу карыз алуучунун карызды төлөөдөн бошотулушуна алып келбейт.

3. Кепил карызды төлөгөн учурда, карызкор төлөнгөн сумманы, банктык кепилдикти бергендиги үчүн сыйакыны жана тараптардын макулдашуусунда каралган шарттарга ылайык, кепилдин башка комиссияларын кепилге төлөп берет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73844-статья. Кепилдик жөнүндө келишим боюнча чектөөлөр

1. Мудараба келишиминин же мушарака келишиминин катышуучусу болуп саналган банк чет өлкөлүк валюталардын курсунун өзгөрүүсүн кепилдөөгө укугу жок.

2. Кепилдик каттарды проценттик карызды же тыюу салынган бүтүмдөрдү түзүү үчүн пайдалана турган арыз ээсинин пайдасына кепилдик каттарды берүүгө уруксат берилбейт.

3. Үчүнчү тарапка (мударибден же инвестициялык агенттен башка) ыктыярчылык милдеттенме алууга уруксат берилет, бул милдеттенмеде, кепилдик мудараба финансылык контрактына же инвестициялык агенттиктин контрактына эч кандай байланышпаган шартта, милдеттенме берилген тараптын инвестициялык жоготууларын төлөп берүү милдети тастыкталат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73845-статья. Милдеттенмелерди аткаруудан бошотуу

Бүтүмдүн тараптарынын биринин келишимдин үчүнчү жактан кепилдик формасындагы камсыз кылууну берүү жөнүндө шарттарын аткарбоосу башка тарапка келишимди бузуу укугун берет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73846-статья. Мүлктү күрөөгө коюу кепилдиктин ыкмасы катары

1. Мүлктү күрөөгө коюу милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиги болуп саналат. Күрөө коюучунун менчигинде турган мүлк күрөө боло алат, эгерде тараптар ортосундагы келишимде башкача каралбаса, күрөө коюучу аны тескөөгө укуктуу болот. Мүлктү күрөөгө коюуда күрөө жөнүндө тиешелүү келишим түзүлөт. Күрөө жөнүндө келишимдин шарттары, күрөөгө коюлган актив кредит берүүчүнүн ээлигинде турбаса да, күрөө коюучу үчүн милдеттүү болуп саналат.

2. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган суммадан зарыл сумманы кредит берүүчүнүн алуусу үчүн (эгерде карызкор карызын төлөй албаса же карызды төлөөдөн баш тартса), күрөөгө коюлган мүлктү сотко кайрылуусуз эле сатууга кредит берүүчүнүн укугу күрөө жөнүндө келишимде каралышы мүмкүн.

3. Күрөө жөнүндө келишимди бир тараптуу ажыратууга жол берилбейт. Күрөө коюучунун же күрөө кармоочунун каза болушу же жоюлушу күрөө келишимин ажыратуу үчүн негиз болуп саналбайт.

4. Мүлк буга чейин күрөөгө коюлгандыгы тууралуу кийинки күрөө кармоочуну талаптагыдай кабардар кылуу шартында, бир эле мүлк бирден көп милдеттенмени камсыздоо үчүн күрөө катары берилиши мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73847-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү карызды төлөө максатында сатуу

1. Карызкор карызды төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга жарамсыз болгон учурда күрөөнүн предмети сатылышы мүмкүн.

2. Күрөө коюучу күрөөгө коюлган мүлктү карызкордун карызын төлөө жолу менен өзүнө кайтарып алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ болот.

3. Күрөө коюучу (карызкор) күрөөгө коюлган мүлктүн документтерине, сакталышына жана сатылышына байланышкан бардык чыгымдардын төлөнүшү үчүн толук жоопкерчилик тартат.

4. Калган төлөмдөрдүн бөлүп төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн, сатуучу сатып алуучудан сатылган мүлктү күрөө катары сактоо укугун ала алат. Бир жолку төлөөнүн негизинде сатылган мүлктү бул мүлк үчүн төлөмдү сатуучу алганга чейин аны өз ээлигинде калтырууга да сатуучуга уруксат берилет.

5. Кредит берүүчү (күрөө кармоочу) карызкорду төлөөдөн бошотуу шарты менен бөлүп төлөөгө макул болгон учурларды кошпогондо, карыз толук төлөнгөнгө чейин анын коюлган күрөөгө карата укугу болот. Эгерде келишимде бул тууралуу каралбаса, кредит берүүчү карыз төлөнүп бүткөндөн кийин күрөөнү башка камсыз кылынбаган карыздарды камсыз кылуу катары кармап турууга укуктуу эмес.

6. Күрөөгө коюлган мүлктү пайдаланууга күрөө коюучуга күрөө кармоочунун макулдугу менен уруксат берилет.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73848-статья. Кепилдик бергендик үчүн төлөм

1. Кепилдик катты берүү үчүн комиссиялык жыйымдар алынбайт. Мындай чыгымдар адатта ушул сыяктуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу жыйымдардан ашпаса, банк арыз ээсинен кепилдик катты берүүгө байланыштуу административдик чыгымдарды төлөп берүүнү өтүнүүгө укуктуу.

2. Документтүү аккредитивди бергендик үчүн чыгымдарды кардар төлөйт. Банк да көрсөткөн кызматтары үчүн төлөм ала алат.

3. (КР 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

§ 9. Салам келишими

73849-статья. Салам келишими боюнча жалпы жоболор

1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте белгиленген мөөнөттө экинчи тарапка (сатып алуучуга) товарды өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишимин түзүү учурунда ошол товар үчүн төлөөгө милдеттенет.

2. Жарыш салам келишими - бул, өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу катары чыгат жана белгилүү бир товарды сатып алуу, андан кийин аны берүү жана келишимге кол койгондо төлөмдү жүзөгө ашыруу жөнүндө тапшырыкчы менен келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн ошол эле товарды, ошондой эле санда жана ошол эле датада, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөгөн башка тапшырыкчыга сатат.

3. Ушул параграфтын жоболору жарыш салам келишимине карата да колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында салам келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73850-статья. Салам келишиминин предмети

1. Баалуу металлдарды (алтын жана күмүш) кошпогондо, таразага тартууга, ченөөгө же эсептөөгө боло турган товарлар жана башка мүлк салам келишиминин предмети боло алат.

2. Товарлар кайсы бир бүдөмүктүктү четке каккан өзүнчөлөнүштү түзүүгө мүмкүндүк берген түрдө болушу керек, алардын өзүнчөлөнүшкө туура келиши үчүн жоопкерчилик сатуучуга жүктөлөт.

3. Товарлар кабыл алынган практикага жана эксперттердин корутундуларына ылайык конкреттүү аныкталууга тийиш.

4. Салам келишимин түзүп жатканда товарлар рынокто болууга тийиш.

5. Берүүчү болуп саналган кардардын карызын салам келишими боюнча капитал катары колдонууга жол берилбейт.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73851-статья. Салам келишимин түзүүгө карата талаптар

1. Салам келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жатат.

2. Салам келишими боюнча бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн алдын алуучу келишимдер түзүлүшү мүмкүн, алардын алкагында колдонуудагы мөөнөттөрүн көрсөтүү менен өзүнчө келишимдер түзүлүшү ыктымал.

3. Алдын алуучу келишимдерде салам келишиминин алкагы жана тараптардын товарларды сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу ниеттери, ошондой эле товарлардын саны жана өзүнчөлөнүшү, аларды жеткирүү ыктары, баасын аныктоо үчүн негиздер жана төлөө методу, милдеттенмелердин (кепилдиктердин) аткарылышын камсыз кылуу жана башка шарттар аныкталат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73852-статья. Салам келишими боюнча төлөө

1. Товарды төлөө токтоосуз түрдө, салам келишимин түзүү учурунда төлөнөт. Өзгөчө учурларда, төлөө үч күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. Кийинкиге жылдыруу, кечиктирүүнүн мезгили түрдүк белгилер менен аныкталган товарларды жеткирүүнүн мезгилине барабар болбогон же андан ашпаган шартта, салам келишиминин аткарылышына таасирин тийгизүүгө тийиш эмес.

2. Салам келишими боюнча товардын баасын төлөөнүн ордуна аны түрдүк белгилер менен аныкталган башка товарга алмаштырууга жол берилет. Бул учурда, алмаштырылуучу товардын сорту, түрү, өзүнчөлөнүшү жана саны белгилениши керек.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73853-статья. Салам келишими боюнча беримдер (поставкалар)

1. Салам келишиминде беримдин мөөнөтү, ыкмасы жана орду аныкталат.

2. Сатуучу белгиленген күндө, салам келишиминин шарттарына жараша, товардын сүйлөшүлгөн өзүнчөлөнүштөрүнө ылайык жана сүйлөшүлгөн санда сатып алуучуга жеткирүүгө милдеттүү. Сатып алуучу, экинчи тараптан, эгерде товар келишимде каралган талаптарга жооп берсе, товарды кабыл алууга тийиш.

3. Товарлар тараптардын макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда жеткирилиши мүмкүн.

4. Эгерде сатуучу келишимдик өзүнчөлөнүштөргө ылайык талап кылынган товарга караганда жогорку сапаттагы товарды сунуштаса жана жогорку сапат үчүн жогорураак бааны талап кылбаса, сатып алуучу товарды кабыл алууга тийиш. Бул эреже салам келишиминде каралган товардык сыпаттама (кыйла төмөн сапаттык өзүнчөлөнүштөр менен) олуттуу шарт болуп саналбаган учурда гана колдонулат.

5. Эгерде жеткирилген товардын сапаты келишимдик өзүнчөлөнүштөргө ылайык талап кылынган товардыкына караганда төмөн болсо, сатып алуучу бул товардан баш тартууга же болбосо аны ошол абалында кабыл алууга укуктуу. Товар кабыл алынган учурда тараптар мындай товарды баасын төмөндөтүү менен кабыл алуу тууралуу келишимге келе алат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

73854-статья. Салам келишимин өзгөртүү жана бузуу

1. Сатуучу өз милдеттенмесин аткара албаган же белгиленген күндө сатуучуда товардын баары же бөлүгү бар болбосо, сатып алуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) товарды берүүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана товарды берүүнүн башка датасын белгилөөгө;

2) келишимди бузууга жана төлөнгөн каражаттарды өндүрүп алууга.

2. Тараптар товарды башка товарга алмаштырууну макулдашууга укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73855-статья. Салам келишими боюнча чектөөлөр

1. Товарларды жеткирүүнү кечиктиргендик үчүн финансылык санкциялар каралган эскертмелерди салам келишимине кошууга жол берилбейт.

2. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмесин аткаруу жана товарларды жеткирүү үчүн сатуучу ушул салам келишиминде каралгандай өзүнчөлөнүштөгү товарларды сатып алууга үчүнчү жак менен өзүнчө салам келишимин түзүүгө укуктуу.

3. Салам келишиминин негизинде сатылып алынган, сыпаттамасы биринчи салам келишиминин жардамы менен сатып алуу болжолдонгон товарлардын сыпаттамасына туура келген товарларды сатуу максатында, сатып алуучу үчүнчү жак менен өзүнчө жарыш салам келишимин түзүүгө укуктуу.

4. Тараптарга салам келишими боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн милдеттенмелерге байланыштырууга жол берилбейт.

Эки салам келишими боюнча милдеттенмелер жана укуктар өз-өзүнчө болууга тийиш. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелер бузулган учурда башка тараптын (жабырлануучу тараптын) бул зыянды же чыгашаларды биринчи тарап жарыш салам келишимин түзгөн тарапка байланыштырууга укугу жок.

5. Салам келишиминен келип чыгуучу карыздык милдеттенмелер боюнча облигацияларды чыгарууга тыюу салынат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

§ 10. Ишенилген (вади'айад аманат) жана кепилденген (вади'айад дамана) сактоо келишимдери

73856-статья. Ишенилген сактоо келишими

1. Ишенилген сактоо келишиминде бир тарап (сактоочу) ага башка тарап (кардар) берген акча каражаттарын же башка баалуулуктарды сактоого, тескебей туруп кардардын ушул баалуулуктарларга карата тапшырмаларын бул баалуулуктарды тескебестен аткарууга милдеттенет.

2. Ишенилген сактоо келишими акы төлөнмө болуп саналат.

3. Тиешелүү лицензиясы бар банк ишенилген сактоо келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү акча каражаттарын же баалуулуктарды банктык сейфтерде (уюкчаларда) сактоо түрүндө жүргүзөт.

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ишенилген (вади'айад аманат) жана кепилденген (вади'айад дамана) сактоо келишимдерине карата милдеттүү жана кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

73857-статья. Кепилденген сактоо келишими

1. Кепилденген сактоо келишими боюнча тиешелүү лицензиясы бар банк кардардан акча каражаттарын кабыл алат жана аларды пайда алуу максатында тескейт.

2. Кепилденген сактоо келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү банк салымдар боюнча эсептерди ачуу жана аларды тейлөө аркылуу жүргүзөт.

3. Кепилденген сактоо келишими боюнча тартылган каражаттарды жайгаштыруудан алынган пайдадан банк өз ыктыяры боюнча кардарга сый акы (хиба) төлөшү мүмкүн.

4. Банк кардарга берилүүчү сый акыларды төлөөнүн тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин белгилөөгө укуктуу.

5. Банк кардарга сый акыны акчалай да, мыйзамда тыюу салынбаган башка формада да төлөөгө укуктуу.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

35-Глава
Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо

 

739-статья. Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишими

 

1. Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишими боюнча бир тарап (финансы агенти) экинчи тарапка (клиентке) клиенттин үчүнчү тарапка (карызкорго) товар бергендигинен, жумуш аткаргандыгынан же кызмат көрсөткөндүгүнөн улам андан алууга тийиш болгон акчаны талап кылуу укугунун эсебинен акчаны берет же берүүгө милдеттенет, ал эми клиент ал акчаны талап кылуу укугун финансы агентине берет же берүүгө милдеттенет.

Карызкордон акчаны талап кылуу укугун клиент өзүнүн финансы агентинин алдындагы милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу максатында да финансы агентине бериши мүмкүн.

2. Акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишими боюнча финансы агентинин милдети клиент үчүн бухгалтериялык эсеп жүргүзүүнү, ошондой эле талап кылуу укугунун предмети болуп эсептелген акчалай талаптарга байланыштуу башка финансы кызматтарын клиентке көрсөтүүнү камтышы мүмкүн.

 

740-статья. Финансы агенти

 

Финансы агенти катары акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишимин банктар жана башка кредиттик уюмдар, ошондой эле ушундай түрдөгү иш-аракет жүргүзүүгө уруксаты (лицензиясы) бар башка коммерциялык уюмдар түзө алат.

 

741-статья. Финансылоого жетишүү үчүн акчаны талап кылуу укугун берүү

 

1. Финансылоого негиз болуучу укук берүүнүн предмети төлөө мөөнөтү келген акчалай талап (учурдагы талап), ошондой эле келечекте пайда болуучу акчаны алуу укугу (келерки талап) да болушу мүмкүн.

Укук берүүнүн предмети болгон акчалай талап клиент менен финансы агентинин келишиминде учурдагы талапты келишим түзүлүп жаткан учурдагы талап деп жана келерки талапты - андай талап келип чыккан учурдан кеч эмес пайда болуучу талап деп билүүгө мүмкүндүк бергидей аныкталууга тийиш.

2. Келерки талап кылуу укугун берүүдө келишимде көрсөтүлгөн талап кылуу укугунун предмети болгон акчалай каражатты карызкордон алуу укугу пайда болгон учурдан тартып акчаны талап кылуунун келерки укугу ал финансы агентине өттү деп эсептелет.

Эгерде акчаны талап кылуу укугунун берилиши кандайдыр бир окуя менен шартталса, анда ал ошол окуя болгондон кийин күчүнө кирет.

Акчаны талап кылуу укугунун берилишин кошумча түрдө жазуу мындай учурда талап кылынбайт.

 

742-статья. Клиенттин финансы агентинин алдындагы жоопкерчилиги

 

1. Эгерде, акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминде башкасы каралбаса, клиент финансы агентинин алдында талап кылуу укугун берүүнүн предмети болгон акчалай талап кылуунун аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Эгерде, клиент талап кылууну берүү укугуна ээ болуп жана бул талап кылуу укугун берип жаткан учурда карызкордун аны аткарбоого укугу бар экендигинин кырдаалы ага белгисиз болсо, талап кылуу укугун берүүнүн предмети болгон акчалай талап кылуу анык деп таанылат.

3. Клиент менен финансы агентинин ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, талап кылуу укугун берүүнүн предмети болгон акчалай талап кылууну финансы агенти аткарууну талап кылган учурда карызкордун аны аткарбагандыгы же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн клиент жооп бербейт.

 

743-статья. Акчаны талап кылуу укугун берүүгө тыюу салуунун анык эместиги

 

Финансы агентине акчаны талап кылуу укугунун берилиши, клиент менен анын карызкорунун ортосунда ага тыюу салуу же чектөө жөнүндө макулдашуу болгон учурда да анык деп эсептелет.

 

744-статья. Акчаны талап кылуу укугунун кийинки берилиши

 

Эгерде акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминде башкасы каралбаса, финансы агентинин акчаны талап кылуу укугун андан кийин да башкага беришине жол берилбейт.

Акчаны талап кылуу укугунун кийинки берилишине жол берилген учурда ага карата тийиштүү түрдө ушул главанын жоболору колдонулат.

 

745-статья. Карызкордун акчалай талапты финансы агентине аткарышы

 

1. Карызкор акчаны талап кылуу укугунун ушул финансы агентине берилгендиги жөнүндө клиенттен же финансы агентинен билдирүү алган жана ал билдирүүдө акчалай талаптын тийиштүү түрдө аткарылышы аныкталган жана, ошондой эле төлөнүп берилүүгө тийиш болгон финансы агенти көрсөтүлгөн шартта финансы агентине төлөп берүүгө милдеттүү.

2. Карызкордун өтүнүчү боюнча финансы агенти акылга сыярлык мезгил ичинде акчаны талап кылуу укугунун ушул финансы агентине берилгендигинин далилин берүүгө тийиш. Эгерде финансы агенти бул милдетин аткарбаса, анда карызкор бул талап боюнча карызын клиентке анын алдындагы милдетинен кутулуу үчүн төлөп берүүгө акылуу.

3. Ушул статьянын эрежелерине ылайык карызкордун акчалай талапты финансы агентине аткарып бериши карызкорду клиенттин алдындагы тийиштүү милдетинен кутултат.

 

746-статья. Карызкордон алган суммага карата финансы агентинин укуктары

 

1. Эгерде акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминин шарты боюнча клиентти финансылоо финансы агентинин ушул талапты сатып алышы менен жүргүзүлсө, анда ал финансы агентинин ушул талапты аткаруу боюнча карызкордон алынуучу бардык суммага карата укугу болот, ал эми клиент агенттин талап боюнча алган суммасы талапты сатып алган суммадан аз болуп калгандыгы үчүн финансы агентинин алдында жоопкерчилик тартпайт.

2. Эгерде акчаны талап кылуу укугу финансы агентине клиенттин милдетинин аткарылышын камсыз кылуу максатында берилсе жана акчаны талап кылуу укугун берүү менен финансылоо келишиминде башкасы каралбаса, финансы агенти клиенттин алдында отчет берүүгө жана акчаны талап кылуу укугунун берилиши менен камсыз кылынган клиенттин карызынан ашкан сумманы ага берүүгө милдеттүү. Эгерде финансы агентинин карызкордон алган суммасы клиенттин финансы агентине талап кылуу укугу менен камсыз кылынган карызынан аз болуп калса, анда клиент карыздын калган бөлүгү үчүн финансы агентинин алдында милдеттүү болот.

 

747-статья. Карызкордун кайчы талаптары

 

1. Финансы агенти карызкорго карызды төлөп берүү талабы менен кайрылганда карызкор ушул Кодекстин 373-статьясына ылайык талап кылуу укугунун финансы агентине берилгендиги жөнүндө билдирүү алган учурга карата клиент менен келишимине негизделген өзүнүн акчалай талаптарын эске алууну талап кылууга укуктуу.

2. Талап кылуу укугун берүү же чектөө жөнүндөгү макулдашууну клиенттин бузгандыгына байланыштуу карызкордун клиентке карата талабы финансы агентине карата күчүндө болбойт.

 

748-статья. Финансы агенти алган сумманы карызкорго кайтарып берүү

 

1. Карызкор менен келишим боюнча милдеттенмесин клиент бузган учурда карызкор финансы агентине өткөн талап кылуу укугуна ылайык ага төлөп берген сумманы, эгерде ал сумманы түздөн-түз клиенттен алууга акысы бар болсо, финансы агентинен кайра талап кылууга укугу жок.

2. Карызкордун финансы агентине өткөн талап кылуу укугуна ылайык ага төлөп берген сумманы түздөн-түз клиенттен алууга укугу болгон учурда, эгерде финансы агенти талап кылуу укугу берилгендигине байланыштуу клиентке убада кылган төлөмүн төлөбөй койгондугу же клиенттин карызкор алдындагы милдеттенмесин бузгандыгын билип туруп төлөп бергендиги далилденсе, анда карызкор финансы агентинен ал сумманы кайра талап кылууга укуктуу.

 

36-Глава
Банк салымы

 

(Глава КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

749-статья. Банктык салым түшүнүгү

1. Банктык салым (депозит) - бул, белгилүү бир мөөнөткө же болбосо талап кылганга чейин же болбосо түзүлгөн келишимде аныкталган белгилүү бир жагдай (учур) келип чыкканга (келип чыкпаганга) чейин сактоо жана киреше алуу максатында жеке же юридикалык жактар банкка салган улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары.

2. Банктык салым келишимин түзүп жатканда банк кардардын акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн ага банктык эсеп ачууга милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, салымдар менен иштөөнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды чыгарат.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

750-статья. Акча каражаттарын салымдарга тартуу укугу

1. Салымдарды тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын негизинде иштөөчү жана банктардагы салымдарды коргоо системасына катышуучу банктарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, анын тиешелүү лицензиясын алган банктык эмес башка финансы-кредиттик уюмдарга гана таандык. Банктар салымдардын сакталышын жана салым салуучулардын алдында өздөрүнүн милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылат.

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу жактарга кирбеген кайсы болбосун башка юридикалык жана жеке жактар кайсы формада болбосун туруктуу негизде, анын ичинде ачык түрдө тартуу жолу менен, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында акча каражаттарын тартууга укуксуз болот.

Бул тыюу салууну бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.

2. Салымдарга акча каражаттарын тартуу банктык салым келишими менен жол-жоболоштурулат.

3. Салым салуучудан салым салымдарды кабыл алууга укугу жок жак тарабынан же белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынган учурда, салым салуучу салымдын суммасын токтоосуз кайра берүүнү, ошондой эле салымга карата ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди төлөөнү жана салым салуучуга келтирилген бардык чыгашаларды проценттердин суммасынан тышкары төлөөнү талап кыла алат. Эгерде мындай жак салым салуучунун акча каражаттарын банктык салым келишиминин шарттарында кабыл алса, бул келишим жараксыз болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ушул статьянын 3-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкүдөй учурларда да колдонулат:

1) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын салымга вексель же салым кармоочулардын алгачкы эле талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка баалуу кагаздарга алмаштыруу иретинде тартууда жана салым салуучунун ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарын жүзөгө ашырууда;

2) чыгарылышы мыйзамсыз деп таанылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды граждандарга жана юридикалык жактарга сатуу жолу менен алардын акча каражаттарын тартууда.

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)