Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a80d0432-7bb6-423c-98cd-c04187c62545\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 27-августу ПЖ № 146

Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүү боюнча
биринчи кезектеги чаралар жөнүндө

 (КР Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы ПЖ № 9 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Мамлекеттик кызматка заманбап жана коррупцияга чалдыкпаган кадрларды тартуу жана кабыл алуу, мамлекеттик органдарда коррупциялык кубулуштардын жаралуу себептерин жана шарттарын жоюу жана алдын алуу бөлүгүндө мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМЫН:

1. Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.

2. Төмөнкүлөрдө полиграфта тестирлөө системасын колдонууга киришилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык полиция кызматында;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында;

- мамлекеттик органдардын статс-катчыларын конкурстук тандоодо жана аттестациялоодо.

3. Тиркелгендер бекитилсин:

- полиграфта тестирлөөгө жаткан мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеси;

- полиграфта тестирлөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо.

4. Полиграфта тестирлөө системасы жогоруда аталган тизмеге ылайык, төмөнкү учурларда колдонулары белгиленсин:

- саясий мамлекеттик кызмат ордун ээлерде (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте);

- бош администрациялык мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүүдө;

- мамлекеттик кызматкерлерди аттестациялоодо;

- мамлекеттик кызматкерлерди орун которуштурууда жана кызматтык териштирүү жүргүзүүдө (мамлекеттик органдын жетекчисинин каалоосу боюнча).

5. Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфты киргизүүнү жана борборлоштуруп колдонууну камсыз кылуу маселелери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына кирери аныкталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте:

эл аралык донордук коомчулук менен мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын киргизүү жана колдонуу үчүн техникалык жардамдарды бөлүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана алардын жыйынтыктары боюнча техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу жана полиграфта иштөө үчүн тийешелүү кызматкерлерди окутуу тууралуу келишимдерди түзсүн;

мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфты колдонууга байланыштуу зарыл финансылык жана башка эсептөөлөрдү даярдасын;

эл аралык коомчулук менен техникалык жардамдарды бөлүү жөнүндө тийешелүү макулдашуу түзүлгөнгө чейин, полиграфта тестирлөө системасын колдонуу боюнча иш чараларды каржылоонун булактары тууралуу чечимдин долбоорун эки жумалык мөөнөттө, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;

- ушул Жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, эл аралык тажырыйбанын негизинде полиграфта тестирлөөнүн усулун аныктасын;

- полиграфта тестирлөөгө жаткан мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик кызмат орундарынын тизмегин кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сунуштарды киргизүү менен, көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарда полиграфта тестирлөө системасын киргизүүнүн, колдонуунун жүрүмүнө туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жүзөгө ашырылсын;

- ушул Жарлыктан улам келип чыгуучу мыйзам актыларынын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте, белгиленген тартипте киргизсин;

- ушул Жарлыктан улам келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин аттестациялоо тууралуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын бош администрациялык мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө жоболорго киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- полиграфты киргизүү менен байланышкан уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

8. Ушул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

9. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р. Отунбаева

 

 

2010-жылдын 27-августундагы ПЖ № 146 жарлыгы менен бекитилди

 

Полиграфта тестирлөөгө жаткан мамлекеттик кызмат орундарынын
ТИЗМЕСИ

1. Мамлекеттик органдын жетекчиси; мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте).

2. Мамлекеттик органдын статс-катчысы.

3. Мамлекеттик органдын Аппарат жетекчиси.

4. Мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын департаментинин, башкы башкармалыгынын, башкармалыгынын, бөлүмүнүн, кызматынын жетекчиси.

5. Мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын департаментинин, башкы башкармалыгынын, башкармалыгынын, бөлүмүнүн, кызматынын жетекчисинин орун басары.

6. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси.

7. Мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

8. Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмчөсүнүн жетекчиси.

9. Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмчөсүнүн жетекчисинин орун басары.

Эскертүү:

Ушул Тизменин негизинде мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу боюнча, мамлекеттик органдын уюмдаштыруу түзүмүнө ылайык, полиграфта тестирлөөгө жаткан мамлекеттик кызмат орундарынын ички ведомстволук тизмесин бекитет.

 

 

 

2010-жылдын 27-августундагы ПЖ № 146 жарлыгы менен бекитилди

 Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта

тестирлөө өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

ЖОБО

 (КР Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы ПЖ № 9 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

2. Полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн негиздери

3. Укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

4. Полиграфта тестирлөөнү өткөрүүнүн түзүмү

5. Полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн натыйжаларын жол-жоболоштуруу, сактоо жана пайдалануу

1-тиркемеси. Полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө өз ыктыяры менен макулдук берүү жөнүндө арыз

2-тиркемеси. Полиграфта тестирлөө жүргүзүүнүн тапшырмасы

3-тиркемеси. Полиграфологдун кесиптик иш-аракетинин негизги принциптери жана ченемдери

 

Ушул "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Жобо (мындан ары - Жобо) кызматтык кыянаттыктардын, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, табуу, бетин ачуу, билими жана адистиги жөнүндөгү билдирилген маалыматтардын тактыгын, кызматтык милдеттерин аткаруудагы жекече жоопкерчилигин жана кызматкердин ээлеген кызмат орунуна жана аткарган милдеттерине туура келишин тактоо, ошондой эле мамлекеттик кызматка кирүүдө, аттестация өткөрүүдө жана кызматтык териштирүүдө полиграфты колдонуунун негизги багыттарын, принциптерин жана шарттарын аныктоо максатында иштелип чыккан.

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Негизги түшүнүктөр жана терминдер:

а) полиграф - сурамжылоо учурунда адамдын физиологиялык ченемдерин бир эле учурда каттай турган (анын ичинде дем алышынын ченемдерин, жүрөк кан тамырларынын активдүүлүгүн, терисинин каршылыгын жана башка физиологиялык процесстерди) жана каттоолордун натыйжасын аналогиялык жана (же) сандык түрдө бере турган техникалык курал (жабдуу);

б) полиграфты колдонуп сурамжылоо жүргүзүүчү адис (мындан ары полиграфолог) - сертификаты бар окуу борборлорунда атайын даярдыктан өткөн, тиешелүү мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк (диплом) менен тастыкталган жана тиешелүү формада полиграф менен иштөөгө уруксаты бар адис;

в) полиграфта тестирлөө - адамдын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтирбеген, сурамжыланып жаткан адам билдирген маалыматтардын полиграфолог баалай турган иш-аракеттердин (анын ичинде полиграфта тестирлөөнү кошкондо) жыйындысы;

г) сурамжылануучу адам - өз ыктыяры менен (жазуу жүзүндөгү) өзүнө карата полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө макулдук берген акыл-эси ордундагы адам;

д) полиграфты колдонуу менен сурамжылоонун демилгечиси - полиграфта тестирлөө өткөрүүгө демилгечиси болгон мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу адамы;

е) полиграфты колдонуу менен сурамжылоодон өтүүдөн баш тартуу сурамжылануучунун полиграфта тестирлөөдөн өтүүдөн баш тарткандыгы жазуу жүзүндө тастыкталган чечими;

ж) полиграфты колдонуу менен сурамжылоонун натыйжасы - сурамжылоо өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн сурамжылануучу билдирген маалыматтардын тууралыгы жөнүндөгү полиграфологдун жазуу жүзүндөгү корутундусу;

з) полиграфты колдонуу менен сурамжылоонун материалдары - полиграфта тестирлөөнүн жүрүшүндө сурамжылануучуга полиграфты колдонуу менен берилген суроолор жана ошол учурдагы катталган анын физиологиялык кыймыл-аракеттеринин натыйжасы, ошондой эле полиграфта тестирлөө алдындагы аңгемелешүүлөрдү, тестирлөөдөн кийинки алынган тестирлөөнүн аудио- жана (же) видеожазуулары;

и) тобокелдик фактору - адамдын мамлекеттик кызматка (ишке) кирүүсүнө же кызмат адамынын мамлекеттик органдардагы кызматтык милдеттерин аткаруусун улантууга тоскоолдук болуучу төмөнкүдөй белгилер:

- мамлекеттик кызматка (ишке) кирүүдө жолтоо болчу терс жүйөөлөрдүн болушу;

- анкетадагы маалыматтардын бурмаланышы жана мамлекеттик органдардагы кызматка кирүүгө жолтоо болчу маалыматтардын жашырылышы;

- мурунку иштеген жеринен өзүн жаманатты кылуу же терс жагдайлар боюнча иштен бошотулушу;

- мурунку кылмыштуу иштерин, кылмыштуу топтор же кылмышка шектүү жамааттар менен байланыштарын жашыруу;

- экстремисттик уюмдарга, диний же коомдук бузугу типтеги бирикмелерге катышуусу.

2. Полиграфты колдонуу менен тестирлөө өткөрүүнүн принциптери:

а) полиграфты колдонуу менен тестирлөө ушул Жободо каралган учурларда сурамжылануучу адамдын полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо, сурамжылоонун демилгечиси тарабынан сунушталган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн адамдын жана жарандардын укугу менен эркиндигин сактоо жолу менен, мыйзамдуулук, гумандуулук, илимге негизделгендик жана купуялыкты сактоо принциптерине ылайык өткөрүлөт (полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун 1-тиркемеси);

б) полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө макулдук алыш үчүн адамды коркутуу, күч колдонуу же башка мыйзамсыз чараларды колдонуу жолдору менен мажбурлоого жол берилбейт. Тестирлөө өткөрүп жатканда сурамжыланып жаткан адамдын беделин жана ар-намысын басмырлоого да жол берилбейт;

в) тестирлөөдөн өтүүдөн баш тартуу сурамжылануучу адам тарабынан жүрүм-турумдун ченемдерин бузгандыкка жатпайт жана тестирлөө учурунда ачыкка чыгып калчу маалыматтарды жашыргандык катары каралбайт;

г) тестирлөөнүн жүрүшүндөгү материалдарда камтылган, ошондой эле сурамжылоонун жүрүшүндө анын катышуучуларынан алынган маалыматтар купуя болуп саналат жана ачыкка чыгарылбайт.

 

2. Полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн негиздери

 

3. Полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн уюштуруусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары - Кадр кызматы) тарабынан ишке ашырылат.

4. Тестирлөө өткөрүүнүн демилгечилери болуп мамлекеттик органдын жетекчиси жана статс-катчысы эсептелет.

5. Тестирлөө өткөрүүнүн демилгечисинин өкүлү болуп мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү саналат.

6. Демилгечинин же демилгечинин өкүлүнүн колу коюлган, сурамжылануучу адамды текшерүүнүн максаты сурамжылоо учурунда такталуучу суроолор көрсөтүлгөн тапшырма тестирлөө өткөрүүдө негиз болуп эсептелет (Полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси).

7. Полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө тизмеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 27-августундагы № 146 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө тутумун киргизүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен аныкталган мамлекеттик администрациялык кызматтарды ээлеген адамдар жатат.

 

3. Укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

 

8. Полиграфта тестирлөөнүн демилгечиси (демилгечинин өкүлү) төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

а) полиграфологго полиграфты колдонуу менен сурамжылоо өткөрүү үчүн сурамжылануучу жөнүндө колдо бар керектүү материалдарды берүү;

б) полиграфологго тобокелдик факторлордун тизмесин берүү;

в) полиграфологго полиграфты колдонуу менен сурамжылоо өткөрүлө турган жайларга коюлган талаптарга ылайык сурамжылоо өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;

г) сурамжылануучуга кеминде бир күн мурун полиграфты колдонуу менен ага тестирлөө өткөрүлө тургандыгын кабарлоо;

д) полиграфта тестирлөөдөн өтө турган сурамжылануучу адамдан жазуу жүзүндөгү макулдугун же негиздемеси менен жазуу жүзүндөгү баш тартуусун алуу;

е) сурамжылоо өткөрүүнүн, полиграфологдун жана сурамжылоонун катышуучуларынын коопсуздугун сурамжылоонун бардык этаптарында камсыз кылуу;

ж) полиграфологдон алган нускамаларды так сактоо жана тестирлөө өткөрүп жатканда анын ишине кийлигишпөө, анын ичинде эч кандай эскертүү же билдирүү жасоого да болбойт.

9. Демилгечи (демилгечинин өкүлү) төмөнкүлөргө укуктуу:

а) полиграфта тестирлөө өткөрүү технологиясы жана аны уюштуруу боюнча полиграфологдон түшүндүрмө алуу;

б) полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө толук отчетту алуу.

10. Демилгечи (демилгечинин өкүлү) төмөнкүдөй жоопкерчилик тартат:

а) ушул Жобонун ченемдерин бузганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;

б) сурамжылоо өткөрүүдө өзүнө маалым болгон маалыматтарды ачыкка чыгарганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык.

11. Кесиптик иш-аракетинин негизги принциптерине жана ченемдерине ылайык (Полиграфта тестирлөө өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси) полиграфолог төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

а) сурамжылоодон өтүүгө сурамжылануучунун үчүнчү жактын кысымысыз берген жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана сурамжылоону өткөрүү;

б) полиграфта тестирлөөдө берилүүчү суроолор менен сурамжылануучу тааныштыруу, сурамжылануучу менен тестирлөө алдындагы аңгемелешүүнү өткөрүү;

в) сурамжылоонун демилгечисинин талабы боюнча тестирлөө өткөрүүнүн технологиясы жана уюштурулушу боюнча түшүндүрмө берүү;

г) "Кызматтык пайдалануу үчүн" деген грифтүү документтер үчүн белгиленген тартипте сурамжылоонун демилгечисине тестирлөөнүн натыйжасын берүү;

д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андай маалыматтарды берүү каралган учурларды эске албаганда тестирлөө өткөрүүгө байланыштуу өзүнө маалым болгон маалыматтар тууралуу сырды сактоо;

е) төмөнкү учурларда полиграфта тестирлөө токтотулат:

- тестирлөө учурунда сурамжылануучунун абалы начарлап кеткенде;

- сурамжылануучу тестирлөөнү улантуудан баш тартканда;

- полиграфта тестирлөөнүн усулдук талаптары менен шартталган полиграфологдун көрсөтмөлөрүн сурамжылануучу атайылап сактабай койгондо.

12. Полиграфолог төмөнкүлөргө укуктуу:

а) сурамжылоо өткөрүүнүн демилгечисинде же демилгечинин өкүлүндөгү тестирленүүгө алынган адамды тестирлөөгө даярдап, аны менен иштешүү үчүн керектүү материалдар менен таанышууга, анын негизинде ал тестирлөө мүмкүнчүлүгү жана максаттуу экендиги жөнүндө корутунду берет жана аны сапаттуу өткөрүү үчүн шарттарды аныктайт;

б) полиграфта тестирлөө өткөрүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:

- полиграфта сапаттуу тестирлөө өткөрүү үчүн сурамжылоонун демилгечиси тарабынан керектүү материалдар берилбегенде жана шарттар түзүлбөгөндө;

- полиграфта тестирлөө өткөрүү мүмкүнчүлүгү болбосо жана (же) максатка ылайыксыз болсо.

13. Полиграфологго төмөнкүлөргө тыюу салынат:

а) полиграфта тестирлөө өтүп жатканда мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды алуу максатындагы сурамжылануучуга суроолорду берүүгө;

б) тестирлөө өткөрүүдө сурамжылануучудан алынган кайсы бир маалыматтарды сурамжылоонун демөөрчүсүнөн жашырып коюуга;

в) эгерде полиграфолог юридикалык, медициналык, психологиялык жана башка багыттардагы билими боюнча кесипкөй адис болбосо өзүнүн корутундусунда сурамжылануучуга карата ошол жактарда ой-пикирлерин же тыянактарын айтууга;

г) тестирлөө өткөрүүдө ага белгилүү болгон жарандардын жеке турмушуна, жеке жана үй-бүлөлүк жашырын сырына, ар-намысына шек келтире турган тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, сурамжылануучу адамдын макулдугусуз ачыкка чыгарууга.

14. Полиграфолог Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Жобонун ченемдерин бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

15. Сурамжылануучу адам төмөнкүлөргө укуктуу:

а) полиграфты колдонуу менен сурамжылоонун алдында ошол сурамжылоонун себептери менен таанышууга;

б) полиграфта тестирлөө өткөрүүдө:

- тестирлөө алдындагы аңгемелешүүдө жана полиграфта тестирлөө өткөрүлүп жатканда, себебин билдирип же билдирбей туруп эле ага андан ары катышуудан баш тартууга;

- өзүнө берилүүчү суроолордун мазмуну менен таанышууга;

- эгер, тестирлөө тууралуу кабар ага бир суткадан кеч берилсе, полиграфта тестирлөөдөн өтүүдөн баш тарууга;

- полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө мүмкүн эместигин тастыктаган жазуу жүзүндөгү медициналык корутундуну тапшырууга;

- полиграфты колдонуу менен сурамжылоодон өтүүнүн мөөнөттөрүн өзгөртүү тууралуу арыз берүүгө.

16. Полиграфта тестирлөөдөн өтүп жаткан учурда сурамжылануучу полиграфологдун нускамаларын так аткарууга милдеттүү.

17. Сурамжылануучу тестирлөө алдындагы аңгемелешүүдөн баш тартышы, сурамжылануучу полиграфта тестирлөөнү мөөнөтүнөн мурда токтотушу (ден соолук абалынын начарлашын эсепке албаганда) же анын полиграфологдун талаптарын атайылап аткарбай коюушу полиграфта тестирлөөдөн өтүүдөн баш тарткандык катары саналат.

 

4. Полиграфта тестирлөөнү өткөрүүнүн түзүмү

 

18. Полиграфта тестирлөөнү өткөрүүдө полиграфолог төмөнкү негизги иш-аракеттерди аткарат:

а) сурамжылануучу адам менен иштөөгө даярдык көрүү;

б) сурамжылануучу адам менен иштөө (тестирлөө алдындагы аңгемелешүүнү өткөрүү, полиграфта тестирлөөнү аткаруу, полиграфологдун талабына ылайык тестирлөөдөн кийинки алдындагы аңгемелешүүнү өткөрүү);

в) катталган физиологиялык реакцияларды талдоо жана аларга баа берүү;

г) полиграфты колдонуу менен өткөрүлгөн сурамжылоонун натыйжаларын жол-жоболоштуруу.

19. Полиграфта тестирлөө өткөрүү үчүн медициналык техникаларга талап кылынуучу электр коопсуздугу, санитарлык эрежелер жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдер боюнча мамлекеттик талаптарга ылайык техникалык каражаттар колдонулат.

20. Полиграфта тестирлөөнү төмөнкү учурларда өткөрүүгө тыюу салынат:

а) эгер полиграфолог:

- сурамжылануучу адамга кызматтык же башкача кыяздагы көз каранды абалда болсо же мурда ошондой абалда болгон болсо;

- сурамжылануучу адам менен жакын тууган же никеде болсо;

- өткөрүлүп жаткан сурамжылоонун натыйжасына жеке, түздөн-түз же кыйыр түрдө кызыкчылыгы бар болсо;

б) сурамжылануучу адамдын дене бой же психикалык абалынын алсыздыгы байкалса;

в) сурамжылануучунун психикалык абалы бузулуп же жүрөк кан-тамырларынын, же дем алуу органдарынын бузулушуна байланышкан оорусу күчөп кетсе;

г) сурамжылануучу адам алкоголдук же баңги зат колдонгон мас абалында болсо;

д) сурамжылануучу аял киши кош бойлуу абалында болсо.

 

5. Полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн натыйжаларын жол-жоболоштуруу, сактоо жана пайдалануу

 

21. Полиграфта тестирлөөнүн натыйжасы боюнча тыянактарды полиграфолог корутунду түрүндө түзөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

а) полиграфта тестирлөөнүн демилгечиси жана аны өткөрүүнүн негиздери;

б) полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн күнү жана өткөрүлгөн жайы;

в) полиграфта тестирлөө өткөрүүдө колдонулган техникалык каражаттар;

г) сурамжылануучу адамдын аты-жөнү, туулган жылы;

д) сурамжылануучу адамдын полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө берген жазуу жүзүндөгү макулдугун алуу фактысы;

е) адистин аты-жөнү, ээлеген кызмат ордунун аталышы;

ж) полиграфта өткөрүлгөн тестирлөөнүн тыянактары.

22. Корутундуда полиграфта тестирлөөдө аны өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана сурамжылануучу адамдын жүрүм-туруму катталган физиологиялык абалынын маалыматтары, ошондон улам адистин чыгарган тыянактары берилет.

23. Полиграфта тестирлөөнүн натыйжалары мамлекеттик органдын аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан адамды кызматка дайындоого сунуштоодо, мамлекеттик кызматкерлерди аттестациядан өткөрүүдө, мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүүдө эске алынат.

24. Полиграфта тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндөгү корутундулар ошол замат Кадр кызматы тарабынан "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифиндеги документтер үчүн аныкталган тартип боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын тестирлөө өткөрүүнүн демилгечисине (демилгечинин өкүлүнө) жөнөтүлөт.

25. Эгер сурамжылоо өткөрүүнүн демилгечиси тарабынан сактоонун башка мөөнөтү белгиленбесе, полиграфты колдонуу менен алынган сурамжылоонун материалдары "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифиндеги документтер үчүн аныкталган мөөнөттүн ичинде сөзсүз түрдө сакталат.

26. Полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн материалдары (тапшырмалар, макулдук берүү жөнүндө арыздар, кагазга түшүрүлгөн жана электрондук түрүндөгү физиологиялык маалыматтардын жазылмалары, аудио- жана видеожазылмалар, жумушчу журналдар, суроолордун тизмеси, полиграфологдун корутундуларынын көчүрмөлөрү) полиграфологдо кулпуланган жана мөөр басылып чапталган шкаф-сейфтерде сакталат.

27. Полиграфты колдонуу менен алынган сурамжылоонун материалдарын сактоонун шарттары, жана керек болгондо, алардын андан кийинки пайдалануусу, алардын жоголуп кетишине, бурмаланышына же аларды уруксатсыз алуу мүмкүнчүлүгүнө жол берилбегидей болушу керек.

28. Полиграфта тестирлөөнүн материалдарын аларда сурамжылануучунун анкеталык маалыматтары өзгөртүлгөндөн кийин гана илимий-изилдөө жана окуу-усулдук эмгектерде пайдаланса болот.

29. Кызматтык муктаждык болгон учурда полиграфта тестирлөө өткөрүүнүн материалдары (тапшырмалар, макулдук берүү жөнүндөгү арыздар, кагазга түшүрүлгөн жана электрондук түрүндөгү физиологиялык маалыматтардын жазылмалары, аудио- жана видеожазылмалар, жумушчу журналдар, суроолордун тизмеси, адистин корутундусунун көчүрмөсү ж.б.) "Кызматтык пайдалануу үчүн" грифиндеги документтер үчүн аныкталган тартипте Кадр кызматында сакталат.

30. Кадр кызматынын жана тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчилери менен кызматкерлери купуя маалыматтарды ачыкка чыгаргандыктары үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жеке жоопкерчилик тартышат.

 

 

Полиграфта тестирлөө тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси

 

Полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө өз

ыктыяры менен макулдук берүү жөнүндө

АРЫЗ

 

Мен, _____________________________________________________________ _______________________________________________________________________

(аты-жөнү)

_____________________________________________________________ жетекчиси тарабынан мага түшкөн улам төмөнкү шарттарга байланыштуу полиграфта тестирлөөдөн өтүүгө өз ыктыярым менен макулдугумду берем. _____________ _______________________________________________________________________

Мага тестирлөөдөн өтүүнүн тартибин түшүндүрүштү, андан өтүүнүн тартибине менин каршылыгым жок.

Мага тестирлөөнүн жыйынтыктары купуя мүнөздө болот, ал ачыкка чыгарылбай тургандыгын түшүндүрүштү.

Сурамжылоо учурундагы менин төмөнкү укуктарым түшүндүрүлдү:

1) полиграфта тестирлөөдөн өтүү ыктыярдуу болоору;

2) мага берилүүчү суроолор менен алдын ала таанышаарымды, алардын мазмунун редакциялоого жана оңдоп-түзөөгө катышуу мүмкүнчүлүгүм болоорун;

3) тигил же бул суроого жооп берүүдөн баш тартуу же бул иштин жүрүшүнө андан ары катышпай коюу.

Ошол эле учурда, мен бул тестирлөөдөн өтүүгө тоскоол болоор эч кандай ооруу-сыркоом жок экенин маалымдайм. Полиграфта тестирлөөдөн өтүү боюнча чечимимди эч кимдин мажбурлоосу жана кысымы жок өз ыктыярым менен кабыл алдым.

 

Датасы ___________________________________________________________

Убактысы _________________________________________________________

Аты-жөнү _________________________________________________________

Колтамгасы _______________________________________________________

 

Полиграфта текшерүүдөн өткөндөн кийин, сурамжылоо жүргүзгөн адиске эч кандай дооматым жок экенин билдирем. Сурамжылоо учурунда менин укугума же ар-намысыма шек келтирген эч кандай кыйнап-кыстоо чаралары көрүлбөгөндүгүн тастыктайм.

 

Датасы __________________________ Убактысы _______________________

Аты-жөнү _________________________________________________________

Колтамгасы _______________________________________________________

 

 

Полиграфта тестирлөө тартиби жөнүндө жобонун 2-тиркемеси

 

__________________________

__________________________

__________________________

жетекчиси

 

Полиграфта тестирлөө жүргүзүүнүн

№___ ТАПШЫРМАСЫ

 

__________________________________________________________________ _______________________________________________________________________

жетекчиси (аты-жөнү)

 

_______________________________________________________________________ ______________________________________________________________ке карата

(аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери)

полиграфта тестирлөөдөн өткөрүүнү суранам.

Негиздер: ________________________________________________________ _______________________________________________________________________

Тестирлөө өткөрүүдө тастыктоочу суроолор _________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________

Полиграфта тестирлөөнүн корутундусу ______________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________

(мамлекеттик органдын аталышы)

 

_______________________________________________________________________ _____________________________________________________________ берилсин.

 

_____________________________

_____________________________

_____________________________ ___________ ___________________

(бланкты толтургандын кызмат колтамгасы) (аты-жөнү)

оруну

 

"____" _______________ 20_-ж.

 

 

Полиграфта тестирлөө тартиби жөнүндө жобонун 3-тиркемеси

 

Полиграфологдун кесиптик иш-аракетинин негизги
ПРИНЦИПТЕРИ ЖАНА ЧЕНЕМДЕРИ

 

Полиграфолог өз ыктыяры менен төмөнкү кесиптик иш-аракетинин төмөнкүдөй негизги принциптери менен ченемдерин бекем кармануу боюнча милдеттенме алат:

1. Полиграфолог полиграфты колдонуу менен сурамжылоо өткөрүүгө өз ыктыяры менен макулдугун берген адамдын алдында, анын бул ишке тартылгандыгынын шарттарына, анын социалдык жана экономикалык мартабасына, саясий, диний көз караштарына, расалык же этникалык таандыктыгына, дене боюнун абалына карабай ак ниеттүү, калыс жана акыйкат болууга жоопкерчилигин түшүнөт.

2. Полиграфолог адамдын эркине каршы полиграфты колдонуу менен сурамжылоо өткөрүү мүмкүн эместигин мойнуна алат. Полиграфолог сурамжылануучу адам үчүнчү жактын кыстоосуз өз ыктыяры менен жазуу жүзүндөгү макулдугун бергендигине ынанбай туруп сурамжылоону өткөрбөйт.

3. Полиграфолог өз милдеттерин аткарышы көз карандысыз (ар-намыстуулук, өзүн-өзү сыйлагандык жана көз карандысыздык менен) аткарышы керек, анын полиграфты колдонуу менен сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча чыгарган корутундулары жеке жана юридикалык жактардын финансылык, саясий, кызматтык жана башка кысымдарынан эркин болушу керек.

4. Полиграфолог сурамжылоо өткөрүп жатканда сурамжылануучунун ден соолутуна залал келтирбей турган зыянсыз, эч болбосо үч физиологиялык процессти - дем алышын, жүрөк-кан тамыр тутумун жана тери-гальваникалык рефлекстерин көзөмөлдөй турган полиграфты колдонушу керек. Мунун өзү башка физиологиялык жүрүмдөрдү жана алардын тиешелүү каттоо мүмкүнчүлүгүн четке какпайт.

5. Полиграфолог полиграфты колдонуу менен сурамжылоо өткөрүүдө, укук коргоо органдарынын көрсөтмөсү боюнча жана алардын кызыкчылыгында жүргүзүлүп жаткан атайын териштирүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, диний ишенимине, саясий көз карашына жана расалык маанайдагы суроолорду колдонбошу керек.

6. Полиграфолог полиграфты колдонуу менен сурамжылоо өткөрүүдө сурамжылануучуга мыйзамдар менен корголгон мамлекеттик же башка сырларды түзгөн купуялык мүнөздөгү маалыматтарды алууга багытталган суроолорду бербеши керек.

7. Полиграфологдун ою боюнча сурамжыланоочунун ден бой же психикалык жактан абалы начар болсо, полиграфолог аны полиграфты колдонуу менен сурамжылоодон өткөрбөйт.

8. Полиграфолог полиграфты колдонуу менен сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча корутундусун колдонулган тесттеги суроолордун ар бирин сурамжылануучуга үч жолудан кем эмес кайталанып берилгенден кийин гана чыгарууга укуктуу.

9. Полиграфолог, эгер ал кесипкөй адис болбосо, өзүнүн жазуу түрүндөгү корутундусуна медицинага, юридикага, психиатрияга же башка кесиптеги адистердин билим тармактарына мүнөздүү тыянактарын кошпошу керек. Керек болгон учурда полиграфолог, эгер сүрөттөмө полиграфты колдонуу менен сурамжылоонун өткөрүүсүнө тиешелүү болсо, анда сурамжылануучунун аракеттерин жана тышкы көрүнүшүн сүрөттөп жазууга укуктуу, бирок кандайдыр бир чечим чыгаруудан полиграфолог кармана турушу керек.

10. Полиграфолог тиешелүү суроолор боюнча полиграфта катталган организмдин жообуна сурамжылануучу түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек, аны кайрадан текшерип чыгып жана мүмкүн болушунча ал түшүндүрмөлөрдү сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча корутундусун жазуу түрүндө даярдоодо эсепке алышы керек.

11. Полиграфологго полиграфты колдонуу менен сурамжылоодо ага каршы чараларды үйрөтүүгө тыюу салынат.