Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\f96e51f3-e03b-448e-ba7e-ff57eac59280\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 1-октябры ПЖ № 222

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө

(КР Президентинин

2010-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 250 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

 

Кесиптик жогорку даярдыктагы кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу жана кармап калуу, мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик даярдыктарын жогорулатуу жана окутуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле аларды материалдык жактан коргоо максаттарында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду (мындан ары - Фонд) түзүлсүн.

2. Бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө Жобо - 1-тиркемеге ылайык;

- Фонддун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобо - 1-тиркемеге ылайык.

3. Байкоочу кеңештин ишин усулдук, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жүктөлсүн.

4. Фонддун каражаттарын пайдалануу Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча жүзөгө ашырылары аныкталсын.

5. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 514 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Кызмат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фондунун Байкоочу кеңешинин ишин камсыз кылат.";

(КР Президентинин 2010-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 250 Жарлыгына ылайык төртүнчү абзац күчүн жоготту);

(КР Президентинин 2010-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 250 Жарлыгына ылайык бешинчи абзац күчүн жоготту).

(КР Президентинин 2010-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 250 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

7. Ушул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчисине жүктөлсүн.

8. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р. Отунбаева