Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a2a2ae41-1f0b-4247-9b3b-2fba1086e0b6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 21-декабры ПЖ № 365

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө

(КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119, 2017-жылдын 24-майындагы ПЖ № 98 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө" Декретине ылайык, кыргыз тилин андан ары өнүктүрүү, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук турмушунун чөйрөсүндө аны ишке киргизүү боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү, мамлекеттик тил маселелери боюнча мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишин координациялоо максатында токтом кылам:

1. Төмөнкү тиркемелер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкаруу схемасы;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы кеңешме органдын курамы.

2. (КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мамлекеттик мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия бир айлык мөөнөттө бекитсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-6-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 268 "2000-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ишмердигин өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 12-февралындагы № 42 "Кыргыз энциклопедиянын" Башкы редакциясын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборуна кайра түзүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 7-майындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте бир айлык мөөнөттө:

- бардык уюштуруу, финансы, башка маселелерди чечсин жана ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын
          Президенти

 

А.Атамбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
Президентинин2010-жылдын
21-декабрындагы № 365 Жарлыгы
менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкаруу
СХЕМАСЫ

 

Описание: 115016.png

 

 

 

Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы кеңешме органдын
КУРАМЫ

(КР Президентинин 2017-жылдын 24-майындагы ПЖ № 98 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Ишекеев Назаркул Ишекеевич

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, төрага;

Абдысадыр уулу Азат

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы;

Акматалиев Абдылдажан Амантурович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик (макулдашуу боюнча);

Биялиев Кутман Абакович

-

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Дербишева Замира Касымбековна

-

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун директорунун орун басары, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);

Дюйшеева Гульмира

-

"Тил Клаб" кыргыз тили борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Исаев Айбек Назарбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Кадыров Эрлан Ысмайылович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;

Казаков Түгөлбай Токтогулович

-

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Карыпбеков Илим Майрамбекович

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Курбанов Райымжан

-

"Кыргыз тили" республикалык коомунун президенти (макулдашуу боюнча);

Мусаев Айбек

-

"ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Мусаев Сыртбай Жолдошевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы, профессор;

Рысбаев Сулайман Казыбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор;

Сааданбеков Чоробек Идирисович

 

"Биздин мурас" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).