Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\99485071-0ad5-4eba-99e3-4e71b2194a95\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 12-июлу ПЖ № 162

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын

окутуу системасын өркүндөтүү маселелери жөнүндө

 

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" жана 2011-жылдын 20-июнундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоо Концепциясы жөнүндө" жарлыктарына ылайык, окутуу системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик башкаруу системасын жогорку квалификациядагы кадрлар менен камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кесиптик өсүшүнүн туруктуу жана натыйжалуу системасын түзүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Тиркелген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системаны өнүктүрүү Программасы (мындан ары - Программа) жана аны жүзөгө ашыруу боюнча Иш-чаралардын планы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Программаны жүзөгө ашыруу Планын өз убагында аткарылышын камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл иш-чараларды кабыл алсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

А. Атамбаев

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2013-жылдын 12-июлундагы

№ 162 Жарлыгы менен бекитилген

 

 

2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системаны өнүктүрүү Программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын
ПЛАНЫ

 

Милдеттер

Иш-чаралар

Күтүлгөн натыйжалар

Аткаруучулар

Мөөнөтү

1. Башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү

1

Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын окутууга болгон суроо-талаптарын аныктоо боюнча методология менен камсыз кылуу

Методиканы иштеп чыгуу

Бекитилген методика

МКК, КРПМБА

2013-жылдын III кварталы

2

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ар кандай категорияларынын окутууга болгон суроо-талаптарын аныктоо

Окутууга болгон суроо-талаптарды талдоо жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну пландаштыруу Табыштамаларды түзүү жана кезектеги жылдын Мамзаказына киргизүү үчүн МККга тапшыруу

Окутууга табыштамалар, окутууга болгон талаптар жөнүндө жыйынды отчет

Маморгандардын статс-катчылары жана аппарат жетекчилери, ЖӨБ органдарындагы жооптуу адамдар, КРПМБА МКК, КРПМБА

Жыл сайын 1-апрелге чейин Жыл сайын 1-майга чейин

3

Окутууга Мамзаказды түзүү, жайгаштыруу жана аткарууну контролдоо

Мамзаказды ишке ашырууну жөнгө салган салган Жобонун долбоорун иштеп чыгуу жана кароого киргизүү

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жөнүндө Жобо

МКК, КРПМБА

2013-жылдын II кварталы

Кийинки жылга карата Мамзаказдын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүү

Бекитилген Мамзаказ

Жыл сайын 1-июнга чейин

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга Мамзаказды жайгаштыруу үчүн техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу

Билим берүү уюмдар үчүн техникалык тапшырмалар

Жыл сайын 1-сентябрга чейин

Конкурстук тандоо жолу менен Мамзаказды билим берүү мекемелеринин ортосунда жайгаштыруу

Билим берүү уюмдар - конкурстун жеңүүчүлөрү

Жыл сайын 1-декабрга чейин

Мамзаказды аткарууну контролдоо

Мамзаказды аткаруу жөнүндө отчет

Окутуунун өткөрүлүшүнө жараша

4

Мамзаказга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууну жүзөгө ашыруу

Окутуунун багыттары боюнча тийиштүү программаларды жана окуу пландарын иштеп чыгуу

Программалар- дын жана окуу пландарынын бар болушу

КРПМБА, билим берүү уюмдары

Иштелип чыккан графикке ылайык, жыл сайын

Окутууну өткөрүү графигин иштеп чыгуу жана МКК менен макулдашуу

Окутуу графиги

Окутууну уюштуруу жана өткөрүү

Окутулган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар

5

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жалпы жана ведомстволук багыт боюнча окутуу процессин уюштуруу

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын окутууга катышуусун камсыз кылуу

Окутулган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар

Маморгандары- нын статс-катчылары жана аппарат жетекчилери, ЖӨБ органдарындагы жооптуу адамдар

Окуу графигине ылайык

6

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо

Донордук жардамды координациялоо механизмдерин иштеп чыгуу

Координациялоо механизмдери

МКК

2013-жылдын IV кварталы

7

Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу боюнча бардык чет өлкөлүк программаларды жүзөгө ашырууга катышуу

Чет өлкөлүк программаларды жүзөгө ашырууну жөнгө салган ЧУАларды иштеп чыгуу

Бекитилген ЧУАлар

МКК

2013-жылдын IV кварталы

8

Керектүү окутуу-методикалык база менен камсыз кылуу

Окутуу жана методикалык материалдарынын тематикасын аныктоо

Тематикалар

КРПМБА, МКК

Дайыма

Иштеп чыгуу, анын ичинде каржылоо үчүн керектүү шарттарды түзүү

Иштеп чыгуу үчүн шарттар

Окутуу-методикалык материалдарын иштеп чыгуу

Окутуу-методикалык материалдар

9

Илимий изилдөө жана талдоо базаларын түзүү

Илимий, изилдөө жана талдоо иштеринин тематикасын аныктоо

Тематикалар

КРПМБА, МКК

Дайыма

Аткаруу, анын ичинде каржылоо үчүн керектүү шарттарды түзүү

Аткаруу үчүн шарттар

Илимий, изилдөө жана талдоо иштерин аткаруу

Илимий, изилдөө жана талдоо иштери

10

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасынын кадрдык потенциалын жогорулатуу

Окутуучуларды жана эксперттерди окутуу боюнча тийиштүү программаларды жапа окуу пландарын иштеп чыгуу

Программалар жана окуу пландары

КРПМБА

Иштелип чыккан графикке ылайык, жыл сайын

Окутууну уюштуруу жана өткөрүү

Окутулган окутуучулар жана эксперттер

2. Окутуу системасынын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө

11

Билим берүү уюмдарынын потенциалын керектүү талаптардын деңгээлине жеткирүү

Региондук ЖОЖдорду, ведомстволук окуу борборлорун ж.б. окутуу процессине тартуу

Региондук ЖОЖдордун окуу процессине катышуусу

МКК, БИМ

Дайыма

3. Окутуу ыкмаларын жаңыртуу

12

Окутуу системасынын жаңы инновациялык ыкмаларын ишке киргизүү

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуудан өткөрүү тартиби жөнүндө Жобонун долбоорун иштеп чыгуу

Бекитилген Жобо

МКК, БИМ

2013-жылдын IV кварталы

Мамлекеттик үлгүдөгү документтин формасын иштеп чыгуу

Бекитилген формасы

БИМ, КРПМБА, МКК

4. Адекваттуу ресурстук камсыз кылуунун туруктуу механизмин түзүү

13

Окутуу системасын каржылоону камсыз кылуу

Окуу акысынын нормативдерин иштеп чыгуу

Нарктын бекитилген нормативдери

МКК, ФМ, БИМ, ЭМжЖМ

2013-жылдын IV кварталы

Мамзаказды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды өзүнчө сап менен МККнын бюджетине киргизүү

ММКнын бюджетинде окутууга өзүнчө саптын бөлүнүшү

ФМ, МКК

2013-жылдын III кварталы

Окутуунун ведомстволук багытын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды өзүнчө сап менен маморгандардын жана ЖӨБ органдарынын бюджетине киргизүү

Маморгандар- дын бюджетинде окутууга өзүнчө саптын бөлүнүшү

ФМ, МКК

2013-жылдын III кварталы

14

Окутуучуларга жана эксперттерге дем берүүнү жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга тартылган окутуучулардын жана эксперттердин эмгегине акы төлөө системасын өзгөртүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу

Окутуучулардын эмгегине адекваттуу акы төлөө

МКК, ФМ

2013-жылдын III кварталы

5. Окутуу системасын ченемдик укуктук жактан камсыз кылуу

15

Окутуу чөйрөсүндөгү азыркы ЧУАларды ушул Программага ылайык келтирүү жана ЧУАлардын жаңы долбоорлорун иштеп чыгуу

Актуалдуулук жаатында ЧУАларды инвентаризациялоо, тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, ЧУАлардын жаңы долбоорлорун иштеп чыгуу

Окутуу чөйрөсүн жөнгө салган таасирдүү ЧУАлардын бар болушу

МКК, ЮМ, БИМ, КРПМБА

2014-жыл

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системаны өнүктүрүү Программасын жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баа берүү

16

Программаны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү

Индикаторлорго жетүү мөөнөттөрүн контролдоо

Программаны жүзөгө ашырууга жүргүзүлгөн талдоо

Маморгандар жана ЖӨБ органдары

Дайыма

17

Программаны жүзөгө ашырууга баа берүү

Программанын иш-чараларын аткарууга баа берүү

Программанын иш-чараларын аткаруу жөнүндө отчет

Маморгандар жана ЖӨБ органдары, ӨЭУ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча)

Дайыма

18

Окутуунун ведомстволук багыттарын, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын окутуунун чет өлкөлүк программаларын кошкондо, окутуу системасына мониторинг жүргүзүү

Окутуу системасына мониторинг жүргүзүү методикасын иштеп чыгуу жана бекитүү
Окутуу системасына мониторинг жүргүзүү

Окутуу системасына жүргүзүлгөн талдоо

МКК

2013-жылдын III кварталы
Дайыма

19

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун натыйжалуулугуна баа берүү

Окутуунун натыйжалуулугуна баа берүү методикасын иштеп чыгуу Окутуунун натыйжалуулугуна баа берүү

Окутуунун натыйжалуулугу жөнүндө отчет

МКК, маморгандарынын статс-катчылары жана аппарат жетекчилери, ЖӨБ органдарынын жооптуу адамдары

2013-жылдын VI кварталы Дайыма

20

Окутуудан өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, билим берүү уюмдарынын, окутуу чөйрөсүндөгү эл аралык донордук уюмдардын маалыматтык базасын түзүү

Маалыматтык базаны түзүү жака тийиштүү маалымат алуу үчүн маморгандар тарабынан маалыматтык базадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу

Маалыматтык базанын бар болушу

МКК

Дайыма

21

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу чөйрөсүндөгү отчеттордун формаларын иштеп чыгуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук статистикалык отчеттуулукту жыл сайын жүргүзүү

Отчеттордун формаларын иштеп чыгуу, мезгилдүү отчеттуулукту жүргүзүү

Отчеттордун формалары жана отчеттуулук

МКК, Улутстатком

2013-жылдын VI кварталы

 

Эскертүү: колдонулуучу кыскартуулар

БИМ

-

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги

ЖӨБ

-

жергиликтүү өз алдынча башкаруу

КРПМБА

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу

Мамзаказ

-

мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказ

МКК

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы

ФМ

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

Улутстатком

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети

ЧУА

-

ченемдик укуктук актылар

ӨЭУ

-

өкмөттүк эмес уюмдар

ЭМжЖМ

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги

ЮМ

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги