Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83
Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
берилген
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\1533e36c-d766-4475-a074-226722d7a660\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1996-жылдын 1-июлу № 35

Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө

(КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41, 2006-жылдын 13-февралындагы № 55, 2006-жылдын 8-августундагы № 163,
2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180,
2015-жылдын 25-июнундагы № 137 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын
редакцияларына ылайык)

I Бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья. Жекече детективдик ишмердик

Ушул Мыйзам боюнча жекече детективдик ишмердик катары жекече детективдердин жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн келишимдик негизде акы алынуучу кызмат көрсөтүүсү аныкталат.

Жекече детективдик иш жүргүзгөн граждандарга укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мыйзамдардын негизинде берилүүчү укуктук статус берилбейт.

Жекече детективдик иш жүргүзгөн адамдардын мыйзам боюнча алгачкы иликтөө органдарынын гана компетенциясына кирүүчү оперативдүү-издөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө укугу жок.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Жекече детективдик ишмердиктин укуктук негизи

Жекече детективдик ишмердиктин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен кээ бир укуктук актылары түзөт.

3-статья. Жекече детективдик жана күзөт ишмердигинин түрлөрү

Жекече детективдик ишмердик иликтөө иштерин аткаруу үчүн жүргүзүлөт.

Иликтөө максатында төмөндөгүдөй кызматтарды көрсөтүүгө уруксат берилет:

1) процесстин катышуучулары менен болгон келишимдин негизинде граждандык иштер боюнча маалымат топтоо;

2) рынокту изилдөө, ишкер сүйлөшүүлөр үчүн маалымат чогултуу, төлөө жөндөмү жок же ишенчиликсиз ишкер өнөктөрдү аныктоо;

3) ишкердик жумуштарда фирмалык белгилер менен наамдарды мыйзамсыз пайдаланган учурларды, карасанатай атаандаштыкты, ошондой эле коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды жарыя кылган учурларды аныктоо;

4) эмгектик жана башка келишимдерди түзүп жаткан айрым граждандардын өмүр баяны боюнча жана алар жөнүндө мүнөздөмө берүүчү башка маалыматтарды аныктоо (алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен);

5) дайынсыз жоголгон граждандарды издөө:

6) граждандардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жоготкон мүлкүн издөө;

7) процесстин катышуучулары мерген болгон келишимдин негизинде кылмыш иши боюнча маалыматтарды топтоо. Мындай маалыматтарды топтоо жөнүндө кардар менен келишим түзгөндөн кийин жекече детектив алгачкы иликтөө жүргүзүп жаткан адамга, кылмыш иши боюнча өндүрүш жүргүзүп жаткан тергөөчүгө, прокурорго же сотко бир сутканын ичинде бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлашка милдеттүү.

Күзөтүү максатында кызмат көрсөтүүнүн төмөнкүдөй түрлөрүнө уруксат берилет:

1) жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо;

2) менчик ээлеринин мүлкүн кайтаруу, анын ичинде аны ташыган учурда;

3) күзөт-өрт сигналынын каражаттарын долбоорлоо, монтаждоо жана пайдалануу жагынан тейлөө;

4) укукка каршы кол салуулардан укук ченемдүү коргонуу маселелери боюнча кардарларга консультацияларды берүү жана аларга сунуштарды даярдоо;

5) массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жерлерде тартипти камсыз кылуу.

Жекече детективдик жана күзөт ишмердигин жүргүзгөн ишканаларга укук тартибин камсыз кылууда укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде келишимдик негизде көмөк көрсөтүүгө укук берилет.

Жекече детективдин, жекече детективдик ишкананын же бирикменин, жекече күзөт ишканасынын, болбосо күзөт-иликтөө бөлүкчөлөрүнүн укуктук статусуна ээ болбогон жеке жана юридикалык жактарга ушул статьяда саналып өткөн кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.

(КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

II Бөлүм
Жекече детективдик (иликтөөчү) ишмердик

 

4-статья. Жекече детектив

Жекече детектив деп ушул Мыйзамдын _3-статьясынын 2-бөлүгүндө айтылган кызматтарды аткарган Кыргыз Республикасынын гражданы таанылат.

Иликтөө иши жекече детективдин негизги иши болот, аны мамлекеттик кызмат же коомдук бирикмелерде эмгек акы төлөнүүчү шайланма кызмат менен кошуп аткарууга уруксат берилбейт.

Жекече детективдик ишмердик менен иштөөгө төмөнкү жаран укуксуз:

1) юридикалык билими жок же жекече тыңчы катарында иштөө үчүн атайын даярдыктан өтпөгөн же болбосо оперативдик жана тергөө бөлүкчөлөрүндө үч жылдан кем иш стажы болгон;

2) психикалык оорусу, алкоголизм же баңгилик боюнча саламаттык сактоо органдарынын эсебинде турган;

3) соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан соттуулугу бар.

Жекече детективдик ишмердик менен иштөөгө талапкер жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарында жекече ишкер катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү.

 (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! Ушул Мыйзамдын 4-статьясынын 4-бөлүгүндө "бекитилген" деген сөз жок болгондуктан, КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.

 

4-1-статья. Жекече детективдик ишкана

Жекече детективдер юридикалык жактын статусуна ээ болгон жекече детективдик ишканаларды түзө алышат. Алардын жетекчилери үчүн жогорку юридикалык билимдин, укук коргоо органдарынын оперативдүү жана тергөө бөлүкчөлөрүндө үч жылдан кем эмес иш стажынын болушу милдеттүү талап болуп саналат. Жетекчилердин категорияларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан, соттуулугу бар адам жекече детективдик ишкананын жетекчиси боло албайт.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын укуктары жана иштөө аракеттери

Жекече иликтөөчүлүк иштин жүрүшүндө жекече детективдер жана алардын ишканалары төмөндөгүлөргө укуктуу:

- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан өздөрүнүн суроо-талабы боюнча маалыматтарды жана документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

- тийиштүү маселелер боюнча сурамжылоого;

- буюмдарга жана документтерге (алардын ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен) байкоо жүргүзүүгө;

- граждандарга, кызмат адамдарына (алардын макулдугу менен) оозеки суроо жүргүзүүгө;

- менчиктин ээсинин же анын өкүлүнүн макулдугу менен имараттардын, башка жайлардын аймагын карап чыгууга;

- атайын билимди талап кылган маселелерди чечүү үчүн адистердин пикирин суратууга;

- граждандардын жана уюмдардын мыйзамдуу мүдөөлөрүнө жана укуктарына шек келтирген адамдарды кармоого жана токтоосуз түрдө ИИМдин органдарына жеткирүүгө;

- (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык тогузунчу абзац күчүн жоготту)

Жекече иликтөө ишин жүргүзүүдө видео- жана үн жазмаларды, кинофото сүрөттөрдү, граждандардын өмүрүнө, саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө зыянсыз техникалык жана башка каражаттарды, ошондой эле оперативдүү радио жана телефон байланышын пайдаланууга болот.

Жекече детективдерге өз өмүрү менен саламаттыгына опурталдуу кызматтарды аткаруу зарыл болгон учурларда, аларга атайын каражаттарды пайдаланууга уруксат берилет. Ал каражаттардын түрлөрү, аларды сатып алуунун, каттоонун, сактоонун жана алып жүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

өртүнчү бөлүк КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бешинчи бөлүк КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 55, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-статья. Жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын милдеттери

Жекече детективдер жана алардын ишканалары:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана алардын ишмердигин регламенттөөчү башка нормативдик актыларды кыйшаюсуз аткарууга;

- түзүлгөн келишимдердин шарттарын ак ниеттүүлүк менен жана кесиптик жогорку деңгээлде аткарууга;

- алынган маалыматтарды башка бирөөгө айтпоого, аны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланбоого жана аларды үчүнчү жактарга бербөөгө милдеттүү.

7-статья. Эл аралык уюмдар жана мамлекеттик укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү

Укук коргоо органдары жекече детективдерге жана жекече детективдик ишканаларга ушул Мыйзамга ылайык алардын маселелерин чечүү ишинде көмөк көрсөтүшөт, атап айтканда:

- аткарып жаткан жекече детективдик кызматына байланыштуу түзүлгөн келишимге ылайык мамлекеттик купуя сырларды камтыбаган ИИБнын тийиштүү картотекаларынан пайдалануу укугу берилиши мүмкүн;

- укукту бузган адам кармалганда жана жеткирилген учурларда Кыргыз Республикасынын Уголовный жана Уголовно-процессуалдык кодекстерине ылайык чара көрүүгө.

Калган учурларда алардын өз ара аракеттенүүсү түзүлгөн келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.

Эл аралык укук коргоо уюмдары менен болгон иш мамилелери өзүнчө макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо аркылуу жүргүзүлөт.

8-статья. Жекече детективдердин бирикмелери

Жекече детективдердин укуктарын жана мыйзамдуу мүдөөлөрүн коргоо максатында алар өз ыктыярлары менен ассоциацияларга жана союздарга биригүүгө акылуу.

Ассоциациялар жана союздар өздөрүнүн уставдарына ылайык мүчөлүктү, мүчөлүк акынын көлөмүн, алардын укуктарын жана милдеттерин аныктоого, башкаруу органдарын түзүүгө, ошондой эле ишмердиктин негизги багыттарын белгилөөгө акылуу.

Ассоциациялардын же жекече детективдердин союздарынын жана алардын ишканаларынын уставдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталат.

9-статья. Жекече детективдик ишмердикти лицензиялоо

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10-статья. Жекече детективдик иш чөйрөсүндөгү чектөөлөр

Жекече детективдерге тыюу салынат:

1) даярдалып жаткан же жасалган кылмыштар өзүнө белгилүү болгон учурда аларды укук коргоо органдарынан жашырууга;

2) өзүн укук коргоо органынын кызматкеримин деп көрсөтүүгө;

3) айрым адамдардын жеке турмушуна, саясий же диний ишенимдерине байланыштуу маалыматтарды чогултууга;

4) тийиштүү кызмат адамдарынын же жеке адамдардын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз кызматтык же башка жайларда видео- жана үн жазууга, фотого жана киного тартууга;

5) граждандардын укугу менен эркиндигине шек келтирүүчү аракеттерди колдонууга;

6) граждандардын өмүрүн, саламаттыгын, абийирин, беделин жана мүлкүн коркунучка дуушар кылуучу аракеттерди жасоого;

7) материалдарды бурмалоого же кардарды адаштырууга;

8) чогултулган материалдарды жарыя кылууга, аларды кардардын кызыкчылыгына каршы келген кандайдыр бир максат үчүн же үчүнчү бир башка адамдардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга;

9) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кат жазышуунун, телефондо сүйлөшүүнүн же телеграфтык байланыштын жашыруундуулугун бузган, же инсандын, же турак жайдын кол тийбестигин бузууга байланышкан иликтөө аракеттери мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180  Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Жекече детективдик ишканаларды түзүүгө лицензия берүү

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12-статья. Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) менен клиенттин ортосундагы келишим

Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) өзүнүн ар бир кардары менен кызмат көрсөтүүлөргө жазуу жүзүндө келишим түзүүгө милдеттүү, анда келишим түзүүчү тараптар жөнүндө маалыматтар, тапшырманын мазмуну, анын аткаруунун мөөнөтү, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акчалай чыгымдардын жана гонорарлардын болжолдуу суммасы, тараптардын жоопкерчилигинин чаралары, келишимдин түзүлгөн датасы чагылдырылууга тийиш.

Эгерде тараптар келишимдин бардык пункттары боюнча жашыруун негизде макулдашса жана ал ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталган шарттарды сактоо менен түзүлгөн болсо, анда келишим түзүлдү деп эсептелет.

Келишимде жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө кардарга жазуу жүзүндө отчет берүү милдеттүүлүгү каралат. Отчетто келишимдеги кардарды кызыктырган негизги маселелерге жооп берилиши керек.

Отчетко жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) гонорарынын жана чыгымдарынын такталган эсеби тиркелет. Отчеттун көчүрмөсү жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) архивинде үч жылга чейин сакталуусу тийиш.

Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) менен анын кызматынан пайдаланган клиенттин ортосундагы келишимде көрсөтүлгөн кызматтар жана башка негиздер боюнча талаштар сотто каралат.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Жекече детективдик ишмердигине берилген лицензиянын мөөнөтүн узартуу жана жокко чыгаруу

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

III Бөлүм
Жекече күзөт ишмердиги

 

өлүм КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-статья. Күзөт чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр

Ушул Мыйзамдын 3-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө саналган кызмат көрсөтүүлөр, аларды аткаруу үчүн атайын уюшулган ишканаларга гана уруксат берилет.

Жекече күзөт ишканасынын укуктук статусуна ээ болгон юридикалык жактар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар болуп саналат.

Ишканалардын күзөт ишмердиги тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик күзөткө жаткан объекттерге жайылтылбайт. Күзөт ишканаларына менчик ээлеринин мүлкүн кайтаруу түрүндө кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген техникалык жана башка каражаттарды, оперативдүү радио жана телефон байланыш каражаттарын пайдаланууга уруксат берилет.

Кызмат өтөөдө табелдик ок атуучу куралды алып жүрүүгө жана сактоого укук берилген, жогорку билими, адистештирилген күзөт кызматтарында, укук коргоо органдарынын оперативдүү, тергөө жана алдын алуу бөлүкчөлөрүндө беш жылдан кем эмес иш стажы бар адам күзөт ишканасынын жетекчиси боло алат. Жетекчилердин категорияларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".

Күзөт ишканаларынын жетекчилерине, ошондой эле ушул Мыйзамдын 3-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө саналган кызматтарды көрсөтүүчү күзөтчүлөргө күзөт ишин мамлекеттик кызмат же болбосо коомдук уюмдардагы акы төлөнүүчү шайлануучу кызмат орду менен айкаштырууга уруксат берилбейт.

Соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан соттуулугу бар адам күзөт ишканасынын жетекчиси боло албайт.

Күзөтчүлөрдүн куралдарынын түрлөрү, сатып алуунун, эсепке алуунун, сактоонун жана алардын курал алып жүрүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат.

Күзөт ишмердигине ушул Мыйзамдын 10-статьясы менен белгиленген чектөөлөр жайылтылат.

Кайтаруудагы менчикке укукка каршы кол салуу жасаган адам укук бузган жеринде күзөтчү тарабынан кармалат жана ички иштер органына өткөрүлүп берилет.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-1-статья. Жекече күзөт ишканаларынын ишмердигин лицензиялоо

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

14-2-статья. Жекече күзөтчү

Жекече күзөтчү күзөт уюму менен эмгек келишими боюнча иштейт жана анын эмгектик иши эмгек мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Жекече күзөтчү эмгек иш-милдетин аткарат жана күзөт ишканасы тарабынан берилген жекече күзөтчүнүн күбөлүгү болсо, ушул Мыйзамда каралган укуктардан пайдаланат.

Жекече күзөтчүнүн укуктук статусун алууга төмөндөгү адамдар талапкер болууга укуксуз:

1) он сегиз жашка чыккандар, эгерде жекече күзөтчүнүн ишмердиги атайын каражаттарды жана куралды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу менен байланыштуу болгон учурда - жыйырма бир жашка чыккандар;

2) сот чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендер деп табылгандар;

3) жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган ооруга чалдыккандар;

4) соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан соттуулугу барлар;

5) кылмыш жасагандыгы жагынан айып коюлгандар (мыйзамда белгиленген тартипте алардын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселе чечилгенге чейин);

6) күзөтчү катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өтпөгөндөр же болбосо укук коргоо органдарында үч жылдан кем иш стажы барлар;

7) коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка же болбосо сот адилеттүүлүгүнө шек келтирген административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн бир жылдын ичинде кайталап административдик жоопкерчиликке тартылгандар.

Жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган ооруга чалдыккандарды тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2006-жылдын 8-августундагы № 163, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180, 2015-жылдын 25-июнундагы № 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV Бөлүм
Детективдик жана күзөт ишмердигинин аралаш түрлөрү

(Бөлүм КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Аралаш күзөт-иликтөө ишмердиги

Жекече күзөт ишканаларына жана жекече детективдердин ишканаларына (бирикмелерине) күзөт-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн өзүнүн өз алдынчалуулуктарын жана юридикалык жактардын укуктарын сактоо менен келишимдик негизде ассоциацияларды түзүүгө уруксат берилет.

15-1-статья. Ишканалардагы күзөт-иликтөө бөлүкчөлөрү

Уюштуруучулук-укуктук түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканалар уюмдаштыруучунун өзгөчөлөнгөн коопсуздугунун таламдарында күзөт-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн күндөлүк жана эсеп-кысаптык эсептерин ачуу укугу менен өзүнчө бөлүкчөлөрдү (мындан ары - коопсуздук кызматты) уюштурууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык экинчи бөлүгү күчүн жоготту)

Коопсуздук кызматына өзүнүн ишканасынын коопсуздугун камсыз кылууга байланышпаган кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-2-статья. Детективдерди жана күзөтчүлөрдү даярдоо

Детективдик жана күзөт ишмердигин жүргүзүүчү кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн юридикалык жактын укугуна зэ болгон мамлекеттик эмес билим берүү мекемелери түзүлүшү мүмкүн.

Детективдик жана күзөт ишмердигин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдоодон өткөрүүнүн, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун, ошондой эле окутуунун программасын иштеп чыгуунун, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерди лицензиялоонун тартиби жана алардын ишмердигин контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

V Бөлүм
Жекече детективдик жана күзөт ишмердигин жүзөгө ашыруу учурунда атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу

 

(Бөлүм КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуунун шарттары

Жекече детективдик ишмердикти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө атайын каражаттарды колдонууга уруксат берилет, ал эми жекече күзөт ишмердигин ишке ашырууда - атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды ушул Мыйзамда каралган шарттарда жана тартипте гана жана колдонууга уруксат берилет.

Күзөтчү атайын каражаттарды же ок атуучу куралдарды колдонгондо, болбосо жекече детектив атайын каражаттарды колдонгон учурда:

аларды пайдаланууга ниеттенгендиги жөнүндө эскертүүгө, бул учурда өзүнүн койгон талаптарынын аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө, атайын каражаттарды же ок атуучу куралдарды колдонууну создуктуруу анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган же болбосо дагы башка оор кесепеттерге кириптер кылышы мүмкүн болгон учурларды кошпогондо;

укук бузуунун мүнөзүнө жана даражасына жана аны жасаган адамдарга, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жоюуда эң аз залал келтирүүгө умтулууга;

тулку боюнан жаракат алган адамдарга врачка чейинки жардамдарды көрсөтүүгө жана болгон окуя тууралу мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө саламаттык сактоо жана лицензиарга билдирүүгө;

өлүм болгондогу же тулку боюнан жаракат алгандагы бардык учурлар тууралу прокурорго ошол замат билдирүүгө милдеттүү.

Жекече детективдер атайын каражаттарды, ал эми күзөтчүлөр - атайын каражаттар менен ок атуучу куралды колдонууга байланышкан шарттарда аракет жасоо жарамдуулугу жагынан мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүп турууга милдеттүү. Мындай текшерүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктай турган тартипте жүзөгө ашырылат.

Жекече детективдин же күзөтчүнүн аргасыздан муктаж болуп, же коргонууга аргасыз болгондо ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен атайын каражаттарды же ок атуучу куралды колдонуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-1-статья. Атайын каражаттарды колдонуу

Жекече детективдик жана күзөт ишмердигине Кыргыз Республикасынын лицензиар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген атайын каражаттарды колдонуу эрежелери жайылтылат.

Жекече детективдер жана күзөтчүлөр төмөнкүдөй учурларда:

1) өздөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган кол салууга сокку берүү үчүн;

2) укук бузуучу күч колдонуу менен каршылык көрсөткөндө алар кайтарган мүлккө каршы жасалган кылмышка бөгөт коюу үчүн атайын каражаттарды колдонууга укуктуу болушат.

Куралдуу каршылык көрсөткөн, тобу менен болбосо жекече детективдин жана күзөтчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна же кайтарылуучу мүлккө коркунуч туудургандан башка кол салган учурлардан тышкары кош бойлуу экендиги кадимкидей билинип калган аялдарга, майыптыгы шек туудурбаган адамдарга жана жаш курагы бир караганда эле билинген же жекече детективге жана күзөтчүгө белгилүү болгон жашы жетпегендерге карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

16-2-статья. Ок атуучу куралды колдонуу

Күзөтчүлөр төмөнкү учурларда:

1) анын өз өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулганда кол салууга сокку берүү үчүн;

2) кайтарып турган менчикке тобу менен же куралдуу кол салууга сскку берүү үчүн;

3) курал колдонуу ниети тууралу эскертүү үчүн (асманга атуу менен), ошондой эле айгай салууга сигнал берүү, же жардам чакыруу үчүн ок атуучу куралды колдонууга укуктуу.

Аларга куралдуу каршылык көрсөткөн, же күзөтчүнүн өмүрүнө же кайтарып турган менчикке коркунуч туудуруп куралдуу же тобу менен кол салган, ошондой эле бир топ адамдар топтолгондо курал колдонуудан бөлөк аламдар жабыр тартышы мүмкүн болгон учурлардан тышкары ок атуучу куралды аялдарга, бир караганда эле майыптыгы билинген адамдарга жана жашы жетелектерге, алардын курагы билинип турганда же күзөтчүгө белгилүү болсо колдонууга тыюу салынат.

Ок атуучу курал колдонулган ар бир учурда күзөтчү курал колдонулган жердеги лицензиарга токтоосуз билдирүүгө милдетүү.

VI Бөлүм
Жекече детективдик жана күзөт ишмердигин жүргүзгөн адамдарды социалдык жактан коргоонун кепилдиктери

 

17-статья. Жекече детективдерди жана күзөтчүлөрдү социалдык жана укуктук жактан коргоо

Жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жалпы эмгек стажына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Социалдык Фондуна мүчө акы төлөгөн учурларда пособие төлөө стажына кошулат.

Жекече детективдик жана күзөт ишмердигин аткарган граждандар, жалданып иштегендер, иликтөө аракеттерине байланыштуу өлүмгө кабылуу, майып болуу же саламаттыгына башка залал алуу учурлары мүмкүн экендигине байланыштуу тиешелүү ишкананын (бирикменин) эсебинен милдеттүү түрдө камсыздандырылышы зарыл.

Детективдик жана күзөт кызмат көрсөтүүнү аткарып жаткан адамдарга өз милдеттерин аткарып жаткан учурда коркутуу, каршылык же зомбулук көрсөтүү мыйзамга ылайык жоопкерчилик тарттырат.

(КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VII Бөлүм
Жекече детективдик жана күзөт ишмердигин контролго жана көзөмөлгө алуу

 

18-статья. Жекече детективдик жана күзөт ишмердикти контролго жана көзөмөлгө алуу

Кыргыз Республикасынын аймагындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердикке контролдукту ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен кайсы бир укуктук актыларында белгиленген чекте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, ага баш ийген органдар жана кээ бир башка мамлекеттик башкаруу органдары жүргүзүшөт.

Жекече детективдердин жана күзөтчүлөрдүн (жеке детективдик жана күзөттүк ишканалардын) ишмердигин контролго алууга дайындалган кызмат адамдары өз компетенцияларынын чегинде алардан тиешелүү документтерди талап кылууга жана контролдоо милдеттерин аткаруу үчүн жазуу жүзүндөгү же оозеки маалыматтарды алууга укуктуу.

Бул Мыйзамдын аткарылышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүргүзүшөт.

VIII Бөлүм
Мыйзамсыз детективдик жана күзөт ишканаларын түзүү үчүн жоопкерчилик

 

19-статья. Мыйзамсыз детективдик жана күзөт ишканаларын түзүү үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамда каралбаган жекече детективдик жана күзөт ишканаларын (бирикмелерин, ассоциацияларын), билим берүү мекемелерин жана коопсуздук кызматтарын түзүү же алардын иштөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

(КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 1996-жылдын 31-июлунда № 100-102 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Акаев