Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\80072bd3-d63e-48a7-9181-30efe8ba2040\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1994-жылдын 11-январы № 1360-XII

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө

(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 61, 1996-жылдын 19-декабрындагы № 65, 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82,
2004-жылдын 19-августундагы № 157, 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143,
2008-жылдын 21-июлундагы № 161, 2008-жылдын 8-октябрындагы № 208, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231,
2008-жылдын 20-ноябрындагы № 245, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2010-жылдын 25-январындагы № 9,
2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94,
2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 51, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55,
2013-жылдын 3-августундагы № 182, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 11-январындагы № 5,
2014-жылдын 14-ноябрындагы 152, 2015-жылдын 3-мартындагы № 46,
2015-жылдын 18-майындагы № 104, 2015-жылдын 21-июлундагы № 183, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207,
2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 ,
2019-жылдын 24-апрелиндеги N 55 , 2019-жылдын 3-июнундагы N 69 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 , 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 11-январындагы № 1361-XII токтому менен колдонууга киргизилген)

Бул Мыйзам аткаруу бийлигинин системасындагы ички иштер органдарынын ордун жана ролун аныктап, алардын негизги милдеттерин, укуктарын жана жоопкерчилигин, укуктук жана социалдык жактан корголушунун кепилдиктерин, аларды каржылоонун жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартибин белгилейт.

I бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары - коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик куралдуу укук коргоо органы.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги, ага баш ийген облустардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалары, ички иштер органдарынын транспорттук кичи бөлүмдөрү, шаардык, райондук, шаарлардагы райондук, айылдык кичи бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдүү объектилердеги кичи бөлүмдөрү, окуу жайлары, мекемелери, уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бирдиктүү системасын түзөт.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине баш ийет жана өзүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчилик тартат.

 (КР 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82, 2008-жылдын 8-октябрындагы № 208, 2012-жылдын 23-майындагы №63, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 2014-жылдын 11-январындагы № 5 , 2019-жылдын 3-июнундагы N 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-статья. Ички иштер органдарынын негизги милдеттери

Төмөндөгүлөр:

- коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу;

- кылмыштуулукка каршы күрөшүү;

- компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу жана жазаларды аткаруу;

- компетенциясынын чегинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана ушул чөйрөдөгү контролдоо-уруксат берүү чараларын жүзөгө ашыруу.

Ички иштер органдарын мыйзамдарда аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткарууга тартууга тыюу салынат. Мыйзам тарабынан түздөн-түз бийлик-укук берилген органдардан жана кызмат адамдарынан башка эч ким ички иштер органдарынын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

 (КР 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-статья. Ички иштер органдарынын иши жана жарандардын укуктары

Ички иштер органдары өз ишинде жарандардын укугун урматтоого негизденишет жана алардын жарандыгына, социалдык, мүлктүк жана башка абалына, расалык жана улуттук таандуулугуна, жынысына, курагына, билимине жана тилине, динге болгон мамилесине, саясий жана башка ишенимдерине, иштеген ишинин түрүнө жана мүнөзүнө карабастан ар бирин коргоонун кепили болуп саналат.

Жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине ар кандай чек коюуга мыйзамдарда каралган негиздерде жана тартипте гана жол берилет.

Жарандар өздөрүнүн укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелиши жаатында ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түшүнүк алууга укуктуу.

Ички иштер органынын кызматкеринин аракети менен өзүнүн укугуна, эркиндигине жана мыйзамдуу таламдарына шек келтирилди деп эсептелген адамдар бул аракеттерге ички иштер органынын жогору турган органына же кызмат адамына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.

Ички иштер органдары кармалгандарга, камакка алынгандарга жана соттолгон адамдарга юридикалык жактан коргонуу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, алардын турган жери жөнүндө туугандарына, иштеген же окуган жериндеги администрацияга билдиришет.

Зарыл болгон учурда ички иштер органдары аларга токтоосуз түрдө медициналык жана башка жардам көрсөтүүгө, ошондой эле аталган адамдарды кармоонун, камакка алуунун, соттоонун натыйжасында жарандардын өмүрүнө, саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген коркунучту четтетүүгө карата чараларды көрүшөт.

 

4-статья. Мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин, эмгек жамааттарынын жана жарандардын ички иштер органдарынын милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшү

Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.

Мамлекеттик органдар, эмгек жамааттары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер ички иштер органдарына алардын милдеттерин аткарууда жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

Ички иштер органдарынын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын парзы.

Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу башталыштарда ички иштер органдарында штаттан тышкаркы кызматкерлер катарында иштей алышат. Штаттан тышкаркы кызматкерлердин милдеттери жана укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.

 

5-статья. Кыргыз Республикасынын ички аскерлерине жетекчилик кылуу жана алардын өз ара аракеттенүүсү

(КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5-1-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерине жетекчилик кылуу жана алар менен өз ара аракеттенүү

Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери менен өз ара аракетте аткарат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин курамы жана ишин уюштуруу "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

Аскерлерге жетекчилик кылууну Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, ал эми түздөн-түз башкарууну Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы жүзөгө ашырат.

Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын башчылары өз компетенциясынын чегинде ведомстволук аймакта жайгаштырылган жана коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин бөлүмдөрүнө жана бөлүктөрүнө карата улук ыкчам башчылар болуп саналат.

(КР 2019-жылдын 3-июнундагы N 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II бөлүм
Ички иштер органдарынын укуктук статусу

 

6-статья. Ички иштер органдарынын ишинин укуктук негизи

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана ченемдик актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер ички иштер органдарынын ишинин укуктук негизин түзөт.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

7-статья. Ички иштер органдарында кызмат өтөө

Ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу кылуучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо тарабынан регламенттештирилет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги жана аларга дем берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставы менен жөнгө салынат.

Башка мамлекеттин жараны болбогон, соттуулугу алынганына же жоюлгандыгына карабастан кылмыш иши үчүн соттолбогон, 19 жашка толгон (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларында билим алган жана башка мамлекеттердин ушуга теңдеш окуу жайларында окуган адамдарды кошпогондо), Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өткөн, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн ички иштер органдарындагы кызматка жарактуу, ички иштер органдарынын кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык билимдерге ээ Кыргыз Республикасынын жараны ички иштер органдарынын кызматкери боло алат.

Ички иштер органдарынын кызматкерине коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо менен аныкталат.

Ички иштер органдарында кызмат өтөөгө адамдын жарактуулугу аскер кызматы үчүн белгиленген эрежелер боюнча өткөрүлүүчү медициналык текшерүүлөрдүн негизинде аныкталат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери республиканын башка региондорунда коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу үчүн, өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылууга жана өзгөчө жагдайлардын кесепеттерин жоюуга катышуу үчүн тартылышы мүмкүн. Мында кызмат өтөөнүн мөөнөтүнүн бир күнү үч күн катары эсептелип, үч эселенген акчалай каражат төлөнүп берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине иш таштоолорду уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга, тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда анын катышуучусу катары тынч чогулуштарга катышууга, ишкердикти жүргүзүүгө тыюу салынат. Ички иштер органдарынын системасында саясий максаттарды көздөгөн коомдук бирикмелерди түзүүгө жол берилбейт.

(КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 161, 2008-жылдын 8-октябрындагы № 208, 2010-жылдын 25-январындагы № 9, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 51, 2013-жылдын 3-августундагы № 182, 2015-жылдын 21-июлундагы № 183 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 7-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

7-1-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:

- катардагы курамга: катардагы милиционер; ички кызматтын катардагы кызматчысы;

- кенже башкаруучу курамга: милициянын кенже сержанты, ички кызматтын кенже сержанты, милициянын сержанты, ички кызматтын сержанты, милициянын улук сержанты, ички кызматтын улук сержанты, милициянын старшинасы, ички кызматтын старшинасы, милициянын прапорщиги, ички кызматтын прапорщиги, милициянын улук прапорщиги, ички кызматтын улук прапорщиги;

- орто башкаруучу курамга: милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, милициянын лейтенанты, ички кызматтын лейтенанты, милициянын улук лейтенанты, ички кызматтын улук лейтенанты, милициянын капитаны, ички кызматтын капитаны;

- улук башкаруучу курамга: милициянын майору, ички кызматтын майору, милициянын подполковниги, ички кызматтын подполковниги, милициянын полковниги, ички кызматтын полковниги;

- жогорку башкаруучу курамга: милициянын генерал-майору, ички кызматтын генерал-майору, милициянын генерал-лейтенанты, ички кызматтын генерал-лейтенанты, милициянын генерал-полковниги, ички кызматтын генерал-полковниги.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин офицердик курамынын атайын наамдарында төмөнкүдөй кызмат өтөө мөөнөтү белгиленет:

милициянын (ички кызматтын) кенже лейтенанты - 1 жыл;

милициянын (ички кызматтын) лейтенанты - 2 жыл;

милициянын (ички кызматтын) улук лейтенанты - 3 жыл;

милициянын (ички кызматтын) капитаны - 4 жыл;

милициянын (ички кызматтын) майору - 5 жыл;

милициянын (ички кызматтын) подполковниги - 6 жыл;

милициянын (ички кызматтын) полковниги - ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары белгиленбейт.

"Милициянын (ички кызматтын) генерал-майору" - жогорку атайын наамы ички иштер министринин кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат.

"Милициянын (ички кызматтын) полковниги" атайын наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "милициянын (ички кызматтын) генерал-майору" жогорку атайын наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.

(КР 2010-жылдын 25-январындагы № 9, 2014-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 7-1-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

7-2-статья. Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын жеткен чеги

1. Ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында төмөндөгү куракка чейин кызмат өтөй алышат:

1) катардагы жана кенже башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

- 50 жашында отставкага бошотулат;

- 45 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

2) орто жана улук башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

- 55 жашында отставкага бошотулат;

- 50 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

3) жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

- 60 жашында отставкага бошотулат;

- 55 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

4) ички иштер органдарынын окуу жайларындагы окутуучулук кызмат орундарын ээлеп турган, илимий даражасы же илимий наамы барлар:

- 60 жашка чейин кызматта болууга укуктуу.

Аларды ички иштер органдарынан кызматтан бошотуу жалпы негизде ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарына ылайык жүргүзүлөт;

5) катардагы жана жетекчи курамдагы атайын наамы бар аялдар:

- 45 жаштан запаска бошонууга укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ички иштер органдарында кызмат өтөө мөөнөтүнүн жеткен чеги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү Жобосунда белгиленген тартипте 5 жылга узартылышы мүмкүн.

Ички иштер органдарынын штаттык саны кыскарганда же түзүмдөрү жоюлганда кыскарып же жоюлуп жаткан кызматты ээлеген ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында 4 айдан ашпаган мөөнөткө калтырылуу менен кызматтарынан бошотулат.

Ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдө 4 ай бою акча төлөмдөрү төлөнөт.

Бош штаттык кызмат орду пайда болгондо дайындоо ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдардын ичинен алардын мурдагы кызмат ордун жана атайын наамын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мындай учурда ротация жолу менен да кызматка дайындаса болот.

Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын чегине жеткен кызматкерлер, ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылгандарды кошкондо, ички иштер органдарынын кызматынан бошотулууга тийиш.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 14-майындагы N 31-р чечими

 (КР 2010-жылдын 25-январындагы № 9, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2015-жылдын 21-июлундагы № 183 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 7-2-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

7-3-статья. Ички иштер органдарынын кызматкеринин анты

Ички иштер органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан кызматкер төмөнкүдөй ант берет:

"Мен (фамилиясы, аты, атасынын аты), Кыргыз Республикасынын жараны, ички иштер органдарына кызматка киришип жатып, элиме берилгендигиме ишендирүү менен:

Конституциянын талаптарын кыйшаюсуз аткарууга, мыйзамдуулукту сактоого;

жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан өз өмүрүмдү аябастан коргоого;

ак ниет, кыраакы кызматкер болууга, инсанга сый-урмат менен мамиле жасоого, мамлекеттик жана кызматтык жашыруун сырды сактоого;

кызматтык парзымды жана мага жүктөлгөн милдеттерди ак ниет аткарууга;

иштин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөөгө салтанаттуу ант беремин.

Антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын.".

Ант берген адам анттын текстине кол коёт жана ант берилген датаны көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин өздүк ишинде сакталат.

Ант берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аныктайт.

(КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 7-3-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

8-статья. Ички иштер органдарынын милдеттери

Ички иштер органдары (кызматкерлери) өз компетенциясынын чегинде төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) инсандын жана коомдун коопсуздугун жана коргоону, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылууга;

2) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды табууга, алдын алууга, бөгөт коюуга жана бетин ачууга, алар жөнүндө келип түшкөн маалыматтарды кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоого;

3) жазык иштери боюнча жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;

4) кылмыштарды жана жоруктарды жасаган, сотко чейинки өндүрүш органдарынан жана соттон жашырынып жүргөн, жазыктык жазаны өтөөдөн качып жүргөн, дайынсыз жоголгон адамдарды, ошондой эле издеп табуу ички иштер органдарына жүктөлгөн башка адамдарды издеп табууга;

5) кылмыштардан, жоруктардан жана кырсыктардан жапа чеккен, ошондой эле жардамга муктаж болгон адамдарга кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө;

6) соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чараларын жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга колдонууга;

7) Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлерде өзгөчө же согуштук абал киргизилген учурда ал жерлерде укуктук режимди камсыз кылууга жана сактоого, ошондой эле кризистик кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга мыйзамдарга ылайык катышууга;

8) компетенциясынын чектеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, бул чөйрөдөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга;

9) жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уу жана башка заттарды, нерселерди жана материалдарды, куралдарды, ок-дарыларды сатып алуунун, сактоонун, бир жерден экинчи жерге жеткирүүнүн эрежелеринин сакталышына контролдук жүргүзүүгө; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизмелер боюнча объектилерди ачууга жана аларды иштетүүгө;

9-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жазык иштери, жоруктар жөнүндө иштер жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин сактоону, ташууну жана жок кылууну жүзөгө ашырууга;

10) чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, анын ичинде качкындардын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сакташын контролдоого;

11) жарандык, миграция, келүү жана кетүү жөнүндө, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга;

12) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, улуттук коопсуздук органдарынын жана жазык-аткаруу тутумунун объектилерин кошпогондо, объектилерди, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн кайтарууну, ошондой эле объектилердеги ведомстволук кайтаруу ишинин уюштурулушун контролдоону келишимдик негизде жүзөгө ашырууга;

13) (КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

14) Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароону жүзөгө ашырууга;

15) жаза чараларын аткарууга;

16) кармалган жана камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү;

17) атайын ташууларды уюштурууга жана аскердик ташууларга көмөк көрсөтүүгө;

18) карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө катышууга, айлана-чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоодо жаратылышты коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү;

19) ички иштер органдарынын тиешелүү маалымат базаларынан жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды камтыбаган маалыматтарды келишимдик негизде берүүгө;

20) тынч чогулуштардын катышуучуларына сый мамиле кылууга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылууга, ошондой эле тынч чогулуштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга жана чектөөлөрдү сактоого;

21) белгиленген талаптарды аныктоого жана алардын андан ары сакталышына контролдук кылууга, анын ичинде сырткы видеобайкоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иштерди координациялоого, ошондой эле сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдылган объекттердин реестрин жүргүзүүгө;

22) сырткы видеобайкоо тутумун орнотууда ракурс жана көрүнүп туруу бурчун макулдашууга;

23) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашырууга, коргоо ордерин берүүгө, узартууга жана анын шарттарынын аткарылышына контролдук кылууга.

Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларды албаганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран ички иштер органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш жасаган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат.

 (КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 61, 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94, 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 51, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2015-жылдын 3-мартындагы № 46, 2015-жылдын 18-майындагы № 104, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

9-статья. Ички иштер органдарынын укуктары

Ички иштер органдарына (кызматкерлерине) өздөрүнө жүктөлгөн тапшырмаларды жана милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктар берилет:

1) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, кылмыштарды, жоруктарды, бузууларды жана ички иштер органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуучу аракеттерди токтотууну талап кылуу; мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда мыйзамдарда каралган мажбурлоо чараларын колдонуу;

2) эгерде жарандар кылмыш, жорук же бузуу жасады деп шектенүүгө жетиштүү негиздер бар болсо, алардын ким экендигин тастыктоочу документтерин, ошондой эле аткарылышын контролдоо ички иштер органдарына жүктөлгөн эрежелердин сакталышын текшерүү үчүн зарыл болгон башка документтерин текшерүү;

3) бузуулар жөнүндө протоколдорду толтуруу, компетенциясынын чегинде жаза чараларын салуу, бузуучуларды кармоо жана ички иштер органдарына жеткирүү, буюмдарды жана транспорттук каражаттарды жеке карап чыгуу, буюмдарды жана башка нерселерди алып коюу, бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамда каралган башка чараларын колдонуу;

4) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда, шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана соттолгондорду, ошондой эле кылмыштарды, жоруктарды жасагандыгы боюнча шектүү катары кармалган же болбосо селсаяктык жана кайырчылык кылгандыгы үчүн кармалган адамдарды фотосүрөткө тартуу, үнүн жана видеого жаздыруу, дактилоскопиялоо жана каттоо;

5) жекече-алдын алуу каттоосунда турган адамдардын эсебин жүргүзүү, аларды контролдоону жүзөгө ашыруу, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү колдонуу;

6) эгерде аларды токтоосуз бөлүп кармоо зарыл болсо, 18 жашка толбогон жашы жете элек адамдардын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборлорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеткирүү жана кармоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын окутуу-тарбиялоо мекемелерине жиберүү;

7) бузууну жасаган аскер кызматчыларын кармоо жана аларды аскер коменданттарына, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине же аскер комиссарларына өткөрүп берүү;

8) кылмыштарды жана жоруктарды жасады деп шектелген жана айыпталып жаткан адамдарды мыйзамда белгиленген тартипке ылайык кармоо жана камакка алуу;

9) кылмыш, жорук жана бузуу жасаган адамдарды алкоголду, баңгизаттарды, токсиндүү жана башка психотроптук каражаттарды пайдалангандыгы жагынан мыйзамдарда белгиленген тартипте текшерүүдөн өткөрүү же болбосо аларды мындай текшерүүдөн өткөрүү үчүн медициналык мекемелерге жиберүү же жеткирүү;

10) өз өндүрүшүндө турган жазык иштери, жоруктар жөнүндө иштер, бузуулар жөнүндө иштер жана материалдар боюнча жарандарды ички иштер органдарына чакыруу, жарандардан көрсөтмөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү, маалымдамаларды, документтерди алуу жана алардын көчүрмөлөрүн алуу, жарандарды мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте мажбурлап алып келүү;

11) жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча экспертизаларды жана изилдөөлөрдү, териштирүүлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү, тергөө аракеттерине, атайын тергөө аракеттерине жана ыкчам иш-чараларга катышуу үчүн адистерди, эксперттерди тартуу;

12) кылмыштарга бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам издөө иш-чараларын жүзөгө ашыруу, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен жүзөгө ашыруу;

13) соттун чечимине ылайык сайттарды блокадалоо боюнча чараларды колдонуу менен, Интернет желесинде экстремисттик жана террористтик идеологияны пропагандалаган жана тараткан адамдарды, адамдардын топторун жана уюмдарды табуу боюнча иш-чараларды өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруу;

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бажы органдары менен өз ара аракетте кол жүктөрдү, багажды карап чыгуу жана жарандык аба кемелеринин жүргүнчүлөрүн карап чыгуу;

15) мыйзамдарда каралган негиздер бар болгондо жарандарга таандык турак жайларга жана башка жайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн тышкары) аймактарына жана имараттарына тоскоолдуксуз кирүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактоо максатында аларды карап чыгуу. Жарандардын эркине каршы алар жашап жаткан турак жайга жана жеке менчикте же башка укукта турган башка объекттерге кирүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү тергөө судьясы тарабынан 24 сааттын ичинде каралууга тийиш. Ушул пунктта белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;

16) мыйзамда каралган негиздер бар болгондо кимге баш ийгендигине жана менчигинин формасына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагына жана имараттарына (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан тышкары), ошондой эле жарандар жекече же эмгектик ишмердик үчүн пайдалануучу жайларга тоскоолдуксуз кирүү, менчик ээсинин же болбосо анын өкүлүнүн, ал ыйгарым укук берген жактын катышуусу менен өндүрүштүк, кампалык, соодалык, кызматтык жайларды, транспорттук каражаттарды, товарлар жана мүлктөр сакталуучу жана пайдаланылуучу башка жерлерди карап чыгуу; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен, ошондой эле жарандардан текшерилип жаткан ишке тиешеси бар зарыл маалыматтарды, маалымдамаларды, документтерди, жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү алуу;

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болгондо жазык сот өндүрүшүнө катышуучу күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алуу;

18) жарандардын жеке коопсуздугун, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, ошондой эле тергөө аракеттерин, атайын тергөө аракеттерин жана ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жарандардын айрым участокторго, объекттерге жана аймактарга баруусун чектөө же баруусуна убактылуу тыюу салуу;

19) камактан качкан адамдарды издөө боюнча иш-чараларды, ошондой эле баңгизаттарын камтыган жапайы өсүмдүктөр калың өскөн, балыктардын баалуу породалары урук чачкан жерлерде карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө, улуттук парктардын, мамлекеттик коруктардын жана заказниктердин аймагында башка мамлекеттик органдар менен биргеликте контролдоо-өткөрүү пункттарын орнотуу;

20) жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер, текшерүүлөрдүн колдо болгон материалдары боюнча менчигинин формасына карабастан банктардагы, финансылык-кредиттик мекемелердеги ыкчам жана отчеттук маалыматтарды, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын кредиттик-акчалай операциялары жөнүндө компьютердик маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алуу; кассаларды, акча, товардык-материалдык баалуулуктар жана документтер сакталуучу башка жерлерди мөөр басып бекитүү, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүү; контролдук сатып алууларды жүргүзүү; чийки заттардын, жарым фабрикаттардын жана продукциянын үлгүлөрүн алып коюу;

21) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасоого түрткү болуучу себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды тиешелүү мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге же кызмат адамдарына, ошондой эле жекече жана башка эмгектик ишмердик менен жана ишкердиктин башка түрлөрү менен алектенген жактарга киргизүү;

22) шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү жол каттамдардагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүн (жеңил таксиден тышкары), ал эми айыл жеринде - ошондой эле багыты бир транспортту акысыз пайдалануу; кызматтык максаттарда транспорттун бардык түрлөрүндө жол жүрүү документтерин брондоо же кезексиз сатып алуу;

23) окуялар жана чукул кырдаалдар болгон жерлерге баруу, шашылыш медициналык жардамга муктаж жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш жасаган адамдардын изине түшүү жана аларды ички иштер органдарына жеткирүү үчүн, ошондой эле кийинкиге калтырууга болбогон башка учурларда транспорттук каражаттарды (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын транспорттук каражаттарынан жана атайын багыттагы транспорттук каражаттарынан тышкары) тоскоолдуксуз пайдалануу;

24) юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон байланыш каражаттарын кызматтык максаттарда тоскоолдуксуз пайдалануу;

25) кылмыштардын, жоруктардын жана бузуулардын алдын алуу, кылмыштардын жана жоруктардын жагдайларын жана аларды жасаган адамдарды аныктоо, таанылбаган өлүктөрдүн ким экенин аныктоо, тергөөдөн, жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштөн жана соттон качып жүргөн адамдарды, дайынсыз жоголгондорду, автотранспортторду издөө максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын акысыз пайдалануу;

26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тизмектер боюнча жарандык жана кызматтык куралды, ок-дарыларды, жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уулуу жана башка заттарды, буюмдарды жана материалдарды сатып алуу, сактоо, ташуу, курал сатуучу дүкөндөрдү, ок ата турган тирлерди жана стенддерди ачуу боюнча контролдоо-уруксат берүү жана чектөө чараларын компетенциянын алкагында жүзөгө ашыруу;

27) жол кыймылынын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыздоо, автомобиль жолдорун жана башка жол курулмаларын куруу жана пайдалануу, жаңы автотранспорт техникасынын үлгүлөрүн иштеп чыгуу жагынан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин контролдоо жана сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма эскертүүлөрүн берүү; иштин ушул чөйрөлөрүнө тиешеси бар эрежелердин, ченемдердин, стандарттардын жана окуу программаларынын долбоорлорун макулдашуу; зарыл болгон учурда көчөлөрдө жана жолдордо транспорттун жана жөө адамдардын кыймылын, аларда жүргүзүлүп жаткан жумуштарды, техникалык жактан бузук транспорттук каражаттарды пайдаланууну чектөө жана тыюу салуу, транспорттук каражаттарды токтотуу жана айдоочулардын аларды пайдалануу жана башкаруу укугуна документтерин, жолдомо барактарын жана ташып бара жаткан жүктөрдүн товардык-транспорттук документтерге ылайык келишин текшерүү; мас абалдагы адамдарды, ошого тете эле транспорттук каражаттарды башкаруу же пайдалануу укугуна документтери болбогон адамдарды транспорттук каражаттарды башкаруудан четтетүү; Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бузууларга карата кошумча укуктук чараларды көрүү, транспорттук каражаттарды кармоо жана убактылуу сактоо үчүн атайын токтотмолорго жеткирүү;

28) чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш жана жорук үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү;

29) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия берүү;

30) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке детективдердин жана детективдик, ошондой эле күзөттүк ишканалардын ишин контролдоо;

31) Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте документтерди кабыл алуунун жана каттоонун электрондук формаларын колдонуу;

32) кылмыштар, жоруктар, бузуулар жана окуялар жасалган жагдайларды документтештирүүдө, анын ичинде коомдук жерлерде, ошондой эле өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттерин жазып алуу үчүн техникалык каражаттарды, анын ичинде аудио, фото жана видео жазып алууну пайдалануу;

33) алынган маалыматтарды кийин жарандар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалымат базасына киргизүү менен жарандар жөнүндө маалыматтарды иштетүү;

34) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар менен иштөө, ошондой эле электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү.

 (КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 61, 1996-жылдын 19-декабрындагы № 65, 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 55 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

 

10-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин укуктук абалы жана алардын ишинин кепилдиктери

Белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган, ички иштер органдарында кызмат өтөгөн адам ички иштер органынын кызматкери болуп саналат жана ага ушул Мыйзамдын жоболору жайылтылат.

(Экинчи бөлүк КР 2014-жылдын 14-ноябрындагы 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Атайын наамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленет.

Ички иштер органынын кызматкери бийлик өкүлү болуп эсептелип, мамлекеттин коргоосу астында болот жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кол тийгис укугуна ээ. Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптары жарандар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, аны маскаралоо, ага каршылык көрсөтүү, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же анын өмүрүнө, саламаттыгына, ар-намысына жана кадыр-баркына кол салуу, ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка аракеттерди жасоо, ошондой эле ички иштер органдарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына анын кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу ар кандай кол салуулар Мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

Кылмыш же административдик укук бузуу жөнүндө иш боюнча ички иштер органдарынын кызматкеринин көрсөтмөсү Мыйзамда белгиленген тартипте алынган башка далилдер менен бирдей бааланат.

(7-бөлүк КР 2010-жылдын 25-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(8-бөлүк КР 2010-жылдын 25-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР (КР 2008-жылдын 8-октябрындагы № 208, 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 245, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2010-жылдын 25-январындагы № 9, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 10-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

11-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги

Ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн бийлик-укугунун чектеринде өз алдынча чечимдерди кабыл алышат жана Мыйзамга ылайык өздөрүнүн укукка жат аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартышат.

Эгерде ички иштер органынын кызматкерине Мыйзамга карама-каршы келген буйрук же көрсөтмө берилсе, ал Мыйзамды жетекчиликке алат.

Эгерде алар акталган кесиптик тобокелдик абалында жасалса, ички иштер органдарынын кызматчысынын сыртынан караганда укукка каршы жосундун белгилерине туш келүүчү аракеттери мыйзам бузуу деп табылышы мүмкүн эмес. Эгерде жасалган аракет түзүлгөн жагдайлардан объективдүү келип чыкса, ал эми мыйзамдуулук максатка мындай аракетти жасабастан жетишүүгө мүмкүн болбосо жана тобокелдикке жол берген ички иштер органдарынын кызматчысы түзүлгөн жагдайда келтирилген зыянды болтурбоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын көрсө, тобокелдик акталган деп табылат.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102 Мыйзамына ылайык 11-берене берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

III бөлүм
Ички иштер органдары (кызматкерлери) тарабынан күч колдонуу, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102
Мыйзамына ылайык III бөлүм берилген
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

12-статья. Ички иштер органдарынын (кызматкерлеринин), күч колдонуу, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуу укугу

Ички иштер органдарына (кызматкерлерине) ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте күч колдонууга, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонууга укук берилет.

 

13-статья. Күч колдонуу

Ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштарды жана башка укук бузууларды болтурбай коюу жана аларга бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо, өзүн-өзү коргоо, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу таламдарына каршы жасалган аракеттерди жокко чыгаруу үчүн, эгерде күч колдонбой турган ыкмалар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаса, күч колдонушат, анын ичинде мушташтын атайын аскердик ыкмаларын жана колдо болгон каражаттарды колдонушат.

 

14-статья. Атайын каражаттарды колдонуу

Ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдырынын куралдануусунда болгон атайын каражаттарды төмөндөгүдөй учурларда:

1) жарандар ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга кол салганда;

2) барымтага кармалгандарды бошотуу үчүн;

3) массалык тартипсиздиктерге жана коомдук тартипти тобу менен бузууларга бөгөт коюу үчүн;

4) кимге таандык экендигине карабастан имараттарга, курулуштарга, жайларга, транспорт каражаттарына, жер тилкелерине кол салынганда же болбосо аларды бошотуу үчүн;

5) эгерде укук бузуулар ички иштер органдарынын кызматкерлерине, коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жүргөн башка адамдарга баш ийбесе же каршылык көрсөтсө, аларды кармоо, ички иштер органдарына жеткирүү, кармалгандарды, камакка алынгандарды, административдик камакка алынгандарды коштоп жүрүү жана кайтаруу үчүн же болбосо алардын качып кетиши же тегерегиндегилерге же өзүнө зыян келтириши мүмкүн деп ойлоого негиздер болсо, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлерине өздөрүнө Мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууга атайылап тоскоолдук кылган адамдарга карата колдонулат.

Өмүргө коркунуч келтирип кол салгандан, тобу менен кол салгандан же болбосо куралдуу каршылык көрсөткөндөн башка учурларда аялдарга, жаш балдарга, майып экендиги ачык көрүнүп турган адамдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

Атайын каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-статья. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине табелдик ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө укук берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал төмөндөгүдөй учурларда:

1) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан жарандарды жана өзүн-өзү коргоо, ошого тете барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;

2) ички иштер органдарынын кызматкерлерине же коомдук тартипти сактоо жана кылмыштылуулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук милдетин аткарып жүргөн адамдарга топтошуп же куралдуу кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген башка кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

3) маанилүү жана кайтаруудагы объектилерге, жарандардын турак үйлөрүнө, мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин имараттарына топтошуп же куралдуу кол салуунун, ички иштер органдарынын кызматтык тобуна кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды же кылмыш кылып жаткандарды, камактан качкандарды (администрациялык камактагылардан башкаларды) кармоо үчүн, ошондой эле куралын таштоо жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткандарды кармоо үчүн колдонулат.

Куралды колдонуунун алдында, эреже катары, аны колдоно тургандыгы тууралу эскертилүүгө тийиш.

Капыстан же куралдуу кол салууда, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды, деңиз (дарыя) кемелерин пайдаланып кол салууда, барымтадагыларды куткарууда, камактан курал менен же транспорт каражаттарын пайдаланып качууда, ошондой эле камактагы адамдар транспорт каражатынан ал жүрүп баратканда качкан учурда курал эскертүүсүз колдонулат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери куралды төмөндөгүдөй учурларда:

1) эгер айдоочу жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирип жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбесе, транспорт каражатын бузуп токтотуу үчүн;

2) жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн;

3) коогалаң белгисин же жардам чакыруу белгисин берүү үчүн, ошондой эле эскертип ок чыгаруу үчүн пайдаланууга укуктуу.

Аялдарга же жашы жете электерге карата курал колдонууга алар куралдуу кол салгандан, куралдуу каршылык көрсөткөндөн, кишилерди, транспорт каражаттарын барымталагандан же өмүргө коркунуч келтирип топтошуп кол салгандан башка учурларда тыюу салынат.

Эгерде ички иштер органдарынын кызматкерлери түзүлгөн жагдайда курал колдонуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептесе, куралды кабынан чыгарып, даярдап коюуга укуктуу. Кармалган адамдардын ички иштер органынын кызматкерлерине кол салуусу же башка капыстан жасалган атайын аракеттери, кызматкерге ал көрсөткөн аралыктан жакын келүүгө, анын буйругусуз өз кийиминен бир нерсе алып чыгууга, куралына тийүүгө аракеттениши жана башка кооптуу аракеттери менен кыймылдары ички иштер органынын кызматкери тарабынан күч колдонуу коркунучу катары бааланышы мүмкүн жана ага ушул Мыйзамга ылайык ок атуучу куралды колдонууга укук берет.

Курал колдонулган жана пайдаланылган ар бир учурда ички иштер органдарынын кызматкери айланасындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, жабыр тарткандарга медициналык тез жардам көрсөтүлүшү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ички иштер органынын кызматкери ок атуучу куралды колдонгон ар бир учур жөнүндө ал колдонулган учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзү кызмат өтөгөн жердеги, ок атуучу курал колдонулган жердеги ички иштер органынын башчысына рапорт берүүгө милдеттүү.

(КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV бөлүм
Ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
КР 2019-жылдын 25-июлундагы N 102
Мыйзамына ылайык VI бөлүм берилген
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.

 

16-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык укуктарынын кепилдиги

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине алардын балдарына мектепке чейинки балдар мекемелеринен, кызматтык командировкада жүргөндө мейманканадан орун берүү, үй телефону менен камсыздоо, жеке менчик үй-куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү ички иштер органдарынын эсебинен батирине кайтаруу сигналын койдуруу кепилденет.

(2-бөлүк КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ички иштер органдарынын объектилерди кайтарган кызматкерлери ошол ишкананын же уюмдун кызматкерлери үчүн каралган социалдык кепилдиктердин баарынан пайдаланышат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзам тарабынан Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн аныкталган ченем боюнча азык-түлүк үлүшү же үлүштүн акчалай компенсациясы менен камсыздалышат.

Ички иштер органдарынын менчик транспортун кызмат үчүн пайдаланган кызматкерлерине белгиленген өлчөмдө акчалай компенсация төлөнүп берилет.

Башка кызмат (окуган) ордуна которулгандыгына байланыштуу көчкөндө, ички иштер органынын кызматкеринин жубайынын ишинин эмгек стажы мурдагы иштеген жеринен бошотулгандан баштап 6 ай боюу үзгүлтүккө учурабайт.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

17-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо

Ички иштер органдарынын кызматкерлерин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же турак-жай курулуш кооперативдердин турак жай фондуларынын эсебинен (өз тандоосу боюнча) биринчи кезекте турак-жай аянты менен камсыздоо кепилденет.

Ички иштер органдары колдо болгон каражаттарынын эсебинен өз кызматкерлери үчүн турак-жай сатып алууга укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана кызматтан курагына, ден-соолугуна, штаттарды кыскартууга байланыштуу бошотулган жана 20 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдарга, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон же каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жана ведомстволук турак-жай фондусунан ээлеп турган турак-жайлары менчикке акысыз берилет.

Ички иштер органдарынын кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон (каза болгон) кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрү башка турак-жай берилмейинче кызматтык турак жайдан чыгарылбайт.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине жеке, кооперативдик жана дачалык үй-куруу үчүн пайызсыз же жеңилдетилген ссуда берилет жана ал мыйзамда белгиленген тартипте жоюлат.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон (каза болгон) учурда, курман болгон (каза болгон) кызматкерлердин үй-бүлөсүнө, эгер зарыл болсо, турак-жай аянтын кезексиз алууга же турак-жай шартын жакшыртууга укук берилет.

Ички иштер органдарынын жарандардын менчигине таандык турак үйлөрдү келишим боюнча жалдап турушкан кызматкерлерине ички иштер органдарынын тийиштүү сметаларынын эсебинен тийиштүү өлчөмдөгү компенсация төлөнүп берилет.

Офицердик курамдагы, полковник же андан жогорку наамдагы кызматта турган же запаска бошотулган адамдарга мыйзамда белгиленген өлчөмдө кошумча турак-жай аянты берилет.

(КР 2004-жылдын 19-августундагы № 157, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

18-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерин мамлекеттик камсыздандыруу жана ал курман болгон же мертинген учурда зыяндын ордун толтуруу

Ички иштер органдарынын кызматкерлери республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле келишимдердин негизинде министрликтерден жана ведомстволордон, ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан түшкөн каражаттардын эсебинен милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандырууга алынышат, мындай камсыздандыруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык милдетин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгондо же кызмат өтөө учурунда алган жараатка, мертинүүгө, оорусуна байланыштуу кызматтан бошотулгандан кийин каза болгон учурда, курман болгон адамдын үй-бүлөсүнө жана багуусундагы адамдарга курман болгон (каза болгон) адамдын акыркы иштеген кызмат ордундагы жыйырма жылдык маянасынын өлчөмүндөгү бир жолку жардам милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандыруунун каражатынан төлөнүп берилет. Курман болгон (каза болгон) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон (каза болгон) учурда мындай кызматкердин үй-бүлөсүнө же багуусундагыларга баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия чектелип берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу мертинсе, денесине залал келтирилсе же ден-соолугуна башка бир зыян келтирилсе, майыптык боюнча чектелген пенсиянын суммасынан ашык өлчөмүндөгү акчалай компенсация ички иштер органдарынын каражатынын эсебинен төлөнүп берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу денесине зыян келтирилгендигине байланыштуу андан ары кызмат өтөөгө жараксыз болуп калса, ага милдеттүү жекече мамлекеттик камсыздандыруунун каражатынын эсебинен он жылдык айлык акысынын өлчөмүндөгү бир жолку жардам төлөнүп берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкери кызмат өтөө учурунда алган жараттын, денесине залал келүүнүн, оорунун айынан кызматынан төмөндөгөн учурда кызматынан төмөндөй элек учурдагы акчалай каражаты (компенсация) ички иштер органдарынын каражатынын эсебинен төлөнүп берилет.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2015-жылдын 21-июлундагы № 183 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

19-статья. Ички иштер органдарынын кызматкеринин мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын мүлкүнө анын кызматтык ишти аткаруусуна байланыштуу келтирилген зыяндын орду толугу менен мамлекеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулат.

 

20-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин медициналык жана санаториялык-курорттук тейлөө

Ички иштер органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү акысыз медициналык жана санаториялык-курорттук тейлөөдөн пайдаланышат.

Кепилдиктүү медициналык жардам, ошондой эле санаториялык-курорттук, дарылоочу-алдын алуучу тейлөө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын кайсы гана болбосун медициналык, дарылоочу-алдын алуучу мекемесинде көрсөтүлөт.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери ошондой эле жеңилдетилген медициналык-социалдык, дары-дармектик жана протездик-ортопедиялык тейлөөдөн пайдаланышат.

 

21-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш убактысы жана эмгек акысы

Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн иш убактысынын жалпы узактыгы жумасына 40 сааттан ашык эмес белгиленет.

Зарыл болгондо кызматтык милдетти аткарууга кызматкерлер белгиленген убакыттан сырткары, ошондой эле түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрү да тартылышы мүмкүн.

Түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрдө иштегени үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген иш убакыттан ашык иштегени үчүн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте компенсация берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

(КР 2012-жылдын 23-майындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо

Ички иштер органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мамлекет тарабынан кепилденген пенсиялык камсыздалууга укуктуу.

 

23-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык коргоонун кошумча кепилдиктери

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, аткаруучу бийликтин жергиликтүү органдары ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык коргоонун кошумча кепилдиктерин аныктоого укуктуу.

V бөлүм
Ички иштер органдарын каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

 

24-статья. Ички иштер органдарын каржылоо

Ички иштер органдарын каржылоо Өкмөт тарабынан борборлоштурулган тартипте республикалык бюджеттен, министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана административдик ведомстволордон, ишканалардан, башка юридикалык жактардан жана жеке адамдардан келип түшкөн каражаттарынын, башка булактардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Ички иштер органдары тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте алынып, мамлекеттик кирешеге айландырылган мүлктү жана башка баалуулуктарды сатуудан түшкөн акчалай каражаттардын, анын ичинде валютанын 30 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте алууга ички иштер органдарына укук берилет.

Ички иштер органдары юридикалык жактардан жана жеке адамдардан мыйзамдуу түрдө алынып коюлган жана конфискацияланган мүлктү иште пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте сатып алууга артыкчылык укугуна ээ.

(КР 2014-жылдын 11-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-статья. Ички иштер органдарын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

Ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүнө жана мекемелерине кызматтык имараттарды, ал эми аймактык тескөөчүлөргө тейленген жерлеринде иш жүргүзүү үчүн жабдылган жайларды, автомототранспорт жана байланыш каражаттарын акысыз беришет.

Келишимдердин негизинде түшкөн каражаттардын эсебинен күтүлүүчү ички иштер органдарынын кичи бөлүмдөрүнө тиешелүү министрликтер, ишканалар, уюмдар, мекемелер кызматтык имараттарды, транспортту, байланыш каражаттарын жана алардын талаптагыдай иштеши үчүн зарыл мүлктөрдү акысыз беришет.

Темир жол, аба, суу транспортторунда, атайын объектилерде ички иштер органдары акысыз жабдылган кызматтык жайлар, байланыш каражаттарды, автомототранспорт менен тиешелүү тармактардын эсебинен акысыз камсыз кылынат жана ал тармактар ал каражаттарды пайдалануу боюнча чыгымдарды да төлөшөт.

Коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана мекемелерине кызматтык телефондорду коюп берүүдө жана АТСтен номер бөлүп берүүдө акыркылар байланыш түйүндөрдүн өнүктүрүү боюнча үлүштүк катышууга каражат төлөөдөн бошотулушат.

Алынып коюлган, ошондой эле соттун чечими боюнча конфискацияланган автомототранспорт, үн жазма жана видеотехника, компьютерлер, оргтехникалык каражаттар жана башка мүлктөр ички иштер органдарына материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлүп берилет.

(КР 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2014-жылдын 11-январындагы № 5 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI бөлүм
Ички иштер органдарында мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл

 

26-статья. Ички иштер органдарында мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл

Ички иштер органдарынын ишинде мыйзамдардын так жана бир түрдүү сакталышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүзөгө ашырат.

(КР 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А. Акаев