Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\e5109b32-f5fe-45f0-9a6c-670d8846f171\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 3-ноябры ПЖ № 220

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө

(КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин өркүндөтүү, дин маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо механизмдерин жакшыртуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдында Диний кырдаалды изилдөө борбору түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлүнүн кызмат орду республиканын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарында түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:

- 11-пунктта:

6-пунктча "Мамкомиссиянын башка кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Мамкомиссиянын облустардагы өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

7-пунктча "Мамкомиссиянын кызматкерлерин" деген сөздөрдөн кийин ", Мамкомиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директорун жана анын орун басарын" деген сөздөр менен толукталсын;

8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8) Мамкомиссиянын борбордук аппаратынын, Мамкомиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;";

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.

5. (КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн административдик имараттарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын облустардагы өкүлдөрүнө кызматтык жайларды бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин;

3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

7. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн 7 жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын

ТҮЗҮМҮ

 

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\TOKTOM\f89bcb0d-1196-422b-8558-971b6d324e08\document.files\image000.gif