Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2017-жылдын 31-январы ПЖ № 17

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун көтөрүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызмат орундарынын категориясы болуп мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар ээлеген, кызматтык ыйгарым укуктардын көлөмүн жана мүнөзүн чагылдырган административдик кызмат орундарынын жыйындысынын классификациялык мүнөздөмөсү саналат. Административдик кызмат орундарынын жогорку, башкы, улук, кенже топтору Ж-А, Ж-Б, Б-А, Б-Б, У-А, У-Б, К-А, К-Б категорияларына бөлүнөт;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт;

- ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;

- ушул Жарлык күчүнө киргендигине байланыштуу кызмат ордунун тобу жана/же категориясы мурдагыдан кыйла жогоркуга өзгөргөн учурда жана ушул өтүү функциялык милдеттердин өзгөрүшү менен коштолбосо, мамлекеттик жарандык кызматчы же муниципалдык кызматчы конкурстук тандоодон өтпөстөн ээлеп турган кызмат ордун кайрадан ээлейт.

3. Мамлекеттик кызматтын кызмат орундарынын кош аталышына төмөнкү учурларда жол берилет:

- эгерде мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары ошол мамлекеттик органдын ведомстволук же түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси болуп эсептелсе;

- эгерде кызмат ордун ээлеген адамга контролдук функцияларды аткаруу жүктөлсө, кызмат ордунун аталышында иш чөйрөсү көрсөтүлөт.

4. "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик органдарда административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында вице-мэрдин, райондук администрация башчысынын, райондук администрация башчысынын орун басарынын, аппарат жетекчисинин административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды камтыган декларацияны мыйзамдарда белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн баштап:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн түзүмдөрүн жана штаттык расписаниелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 22-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 31-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 28-мартындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 24-июнундагы № 125 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 23-октябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 29-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 197 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы № 201 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө" Жарлыгынын 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 17-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-февралындагы № 31 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 24-августундагы № 169 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 9-сентябрындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 220 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 257 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президенти

 

А.Атамбаев

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын
РЕЕСТРИ

I БӨЛҮМ.

1-глава. Саясий мамлекеттик кызмат орундары

Кыргыз Республикасынын Президенти

Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары, депутаты, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр, Өкмөт мүчөсү

Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдын жетекчиси, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Өкмөткө караштуу административдик ведомствонун жетекчиси, Өкмөттүн карамагындагы башка органдын жетекчиси Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - райондун акими

2-глава. Атайын мамлекеттик кызмат орундары

Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары, судьясы

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, төраганын орун басары, судьясы

Коопсуздук кеңешинин катчысы

Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы

Башкы прокурор, Башкы прокурордун орун басары

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары Эсептөө палатасынын төрагасы, аудитору

Акыйкатчы (Омбудсмен), Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары Улуттук гвардиянын командачысы

Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусу, Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи

Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү

Башкы консул

Жергиликтүү соттун төрагасы, төраганын орун басары, судьясы

3-глава. Саясий муниципалдык кызмат орундары

Жергиликтүү кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, депутат

Шаардын мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы

II БӨЛҮМ.

4-глава. Административдик мамлекеттик кызмат орундары

4.1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараттары (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)

Категориялар

Президенттин Аппараты

Жогорку Кеңештин Аппараты

Өкмөттүн Аппараты

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары

Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары

Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары

Ж-Б

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү

Президенттин Жогорку соттун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү

Бөлүм башчысы

Бөлүм башчысынын орун басары

Комиссиянын жооптуу катчысы

Сектор башчысы

Бөлүмдүн, депутаттык фракциянын катчылыгынын башчысы

Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз-катчысы

Бөлүм башчысынын орун басары

Сектор башчысы

Өкмөттүн атайын өкүлү

Өкмөттүн туруктуу өкүлү

Бөлүм башчысы

Премьер-министрдин басма сөз-катчысы

Бөлүм башчысынын орун басары

Сектор башчысы

Башкы кызмат орду

Б-А

Инспектор

Эксперт

Эксперт

Улук консультант

Инспектор

Эксперт

Б-Б

 

Консультант Башкы адис

Референт

4.2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппараты, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын Аппараты, Сот департаменти, Жогорку сотко караштуу Судьяларды окутуу борбору, жергиликтүү соттордун аппараттары

Категориялар

Жогорку соттун Аппараты

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын Аппараты

Сот департаменти

Жогорку сотко караштуу Судьяларды окутуу борбору

Жергиликтүү соттордун аппараттары

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Аппараттын Жетекчиси(*)

Аппараттын Жетекчиси(*)

Мамлекеттик органдын жетекчиси(*)

Статс-катчы

 

 

Ж-Б

Аппараттын Жетекчисинин орун басары

 

Жетекчинин орун басары

 

 

Башкы кызмат орду

Б-А

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Жетекчи(*)

Бөлүм башчысы

Б-Б

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Басма сөз-катчысы

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Басма сөз-катчысы

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Облустагы жана Бишкек шаарындагы улук сот приставы

Басма сөз-катчысы

Бөлүм башчысы

 

Улук кызмат орду

У-А

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Улук консультант

Улук референт

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Улук консультант

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Улук сот аткаруучусу

Улук сот приставы

Сектор башчысы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Сектор башчысы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Улук консультант

Басма сөз-катчысы

У-Б

Консультант

Башкы адис

Референт

Консультант

Башкы адис

Башкы адис

Сот аткаруучусу

Сот приставы

Башкы адис

Судьянын жардамчысы

Консультант

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Сот отурумунун улук катчысы

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

Сот коллегиясынын катчысы

Соттун улук катчысы

К-Б

Адис

Сот отурумунун катчысы

Адис

Сот отурумунун катчысы

Адис

Адис

Адис

Сот отурумунун катчысы

4.3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)

Категориялар

Президенттин жана Өкмөттүн Иш башкармасы

Жогорку Кеңештин Иш башкармасы

Президенттин Архиви

Жогорку кызмат орду

Ж-Б

Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусунун орун басары

Жогорку Кеңештин иш башкаруучусунун орун басары

 

Башкы кызмат орду

Б-А

Бөлүм башчысы

Бөлүм башчысы

Архив башчысы

Б-Б

 

 

Архив башчысынын орун басары

Улук кызмат орду

У-А

Бөлүм башчысынын орун басары

Сектор башчысы

Бөлүм башчысынын орун басары

Сектор башчысы

Референт

У-Б

Референт

Башкы адис

Башкы адис

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

 

Жетектөөчү адис

4.4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппараты

Категориялар

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия

Эсептөө палатасы (борбордук аппарат)

Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрү

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппараты

Жогорку кызмат орду

Ж-Б

Аппараттын жетекчиси

Аппараттын жетекчисинин орун басары

Аппараттын жетекчиси

 

Аппараттын жетекчиси

Башкы кызмат орду

Б-А

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Башкы мамлекеттик инспектор

Аймактык бөлүмдүн жетекчиси

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Б-Б

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Борбордун жетекчиси

Атайын өкүл

Басма сөз-катчысы

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Талдоочу

Мамлекеттик инспектор

Басма сөз-катчысы

Бөлүм башчысы

Мамлекеттик инспектор

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү

Басма сөз-катчысы

Улук кызмат орду

У-А

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Эксперт

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Эксперт

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Эксперт

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Эксперт

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

У-Б

Башкы адис

Системалык администратор

Инспектор

Башкы адис

Инспектор

Башкы адис

Инспектор

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

 

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

 

Адис

4.5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдар

Категориялар

Президентке караштуу мамлекеттик органдар

Президентке караштуу мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Статс-катчы

Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары(*)

 

Ж-Б

Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси

 

Башкы кызмат орду

Б-А

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Борбордун жетекчиси

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, өкүлчүлүктүн жетекчиси

Б-Б

Жооптуу катчы

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Борбордун жетекчисинин орун басары

Басма сөз-катчысы

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары

Райондук, шаардык башкармалыктын, бөлүмдүн жетекчиси

Улук кызмат орду

У-А

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Эксперт

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Бөлүм, сектор, бөлүмдөгү сектор башчысы

У-Б

Башкы адис

Башкы адис

Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

4.6. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери

Категориялар

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук бөлүмдөрү

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин аймактык органдары

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ведомстволук органдарынын аймактык түзүмдөрү

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Статс-катчы

Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары(*)

 

 

 

Ж-Б

 

Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси(*)

 

 

Башкы кызмат орду

Б-А

Башкармалыктын начальниги Борбордук казыналыктын директорунун орун басары

Бөлүм башчысы

Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси

 

Б-Б

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Борбордук казыналыктагы бөлүм башчысы

Басма сөз-катчысы

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси

Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси

Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Улук кызмат орду

У-А

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Улук мамлекеттик нотариус

Бөлүм, сектор, бөлүмдөгү сектор башчысы

У-Б

Башкы инспектор

Башкы адис

Башкы инспектор

Башкы адис

Башкы инспектор

Башкы адис

Мамлекеттик нотариус

Башкы инспектор

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Улук инспектор

Жетектөөчү адис

Улук инспектор

Жетектөөчү адис

Улук инспектор

Жетектөөчү адис

Улук инспектор

Жетектөөчү адис

К-Б

Инспектор Адис

Инспектор Адис

Инспектор Адис

Инспектор Адис

4.7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

Категориялары

Тышкы иштер министрлиги

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Статс-катчы

Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары(*)

Башкы кызмат орду

Б-А

Өзгөчө тапшырмалары боюнча элчи - министрдин кеңешчиси

Департаменттин жетекчиси

Ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси

Бөлүм башчысы

Б-Б

Департаменттин жетекчисинин орун басары

Департаменттеги бөлүм башчысы

Кеңешчи-Кичи Элчи

Консул

Басма сөз-катчы

Улук кызмат орду

У-А

Ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары

Кеңешчи

Виза пунктунун жетекчиси

Сектор башчысы, департаменттеги, бөлүмдөгү сектор башчысы

Биринчи катчы

Экинчи катчы

Коррупциянын алдын апуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

У-Б

Вице-консул

Үчүнчү катчы

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Консулдук агент

Атташе

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

4.8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу административдик ведомстволор

Категориялар

Өкмөткө караштуу административдик ведомстволор, Өкмөттүн карамагындагы башка органдар

Өкмөткө караштуу административдик ведомстволордун чет өлкөдөгү ведомстволук бөлүмдөрү, өкүлчүлүктөрү

Өкмөткө караштуу административдик ведомстволордун аймактык органдары

Өкмөткө караштуу административдик ведомстволордун ведомстволук органдарынын аймактык түзүмдөрү

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Статс-катчы

Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары(*)

 

 

 

Ж-Б

 

Чет өлкөдөгү ведомстволук бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчиси(*)

 

 

Башкы кызмат орду

Б-А

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Чет өлкөлөрдөгү салык кызматынын өкүлдөрү

Жогорку аттестациялык комиссиянын башкы окумуштуу катчысы

Чет өлкөдөгү ведомстволук бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси

 

Б-Б

Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы

Басма сөз-катчысы

Бөлүм башчысы

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси

Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси

Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчиси

Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыгынын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Улук кызмат орду

У-А

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Сектор башчысы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Бөлүм, сектор, бөлүмдөгү сектор башчысы

Бөлүм, сектор, бөлүмдөгү сектор башчысы

У-Б

Башкы инспектор

Башкы адис

Башкы инспектор

Башкы адис

Башкы инспектор

Башкы адис

Башкы инспектор

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Улук инспектор

Жетектөөчү адис

Улук инспектор

Жетектөөчү адис

Улук инспектор

Жетектөөчү адис

Улук инспектор

Жетектөөчү адис

К-Б

Инспектор

Адис

Инспектор

Адис

Инспектор

Адис

Инспектор

Адис

4.9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

Категориялар

Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

Жогорку кызмат орду

Ж-Б

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары(*)

Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын орун басары - райондун акиминин орун басары(*)

Башкы кызмат орду

Б-А

Аппараттын жетекчиси

Аппараттын жетекчиси

Б-Б

Бөлүм башчысы

Басма сөз-катчысы

Бөлүм башчысы

Улук кызмат орду

У-А

Сектор башчысы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Сектор башчысы, бөлүмдөгү сектор башчысы

У-Б

Башкы адис

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

4.10. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, укук коргоо органдары

Категориялар

Куралдуу Күчтөр

Укук коргоо органдары

Башкы кызмат орду

Б-А

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Башкармалыктын начальниги

Бөлүм башчысы

Б-Б

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Башкармалыктагы бөлүм башчысы

Улук кызмат орду

У-А

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Басма сөз-катчысы

Сектор башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Басма сөз-катчысы

У-Б

Башкы адис

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

4.11. Патронаттык кызмат орундары (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)

Категориялар

Саясий мамлекеттик жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Президенттин кеңешчиси

Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчиси

Премьер-министрдин кеңешчиси

Ж-Б

Президенттин жардамчысы

Башкы кызмат орду

Б-А

Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын кеңешчиси

Б-Б

Биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрдин кеңешчиси

Жогорку Кеңештин парламенттик фракциясынын лидеринин кеңешчиси

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарынын кеңешчиси

Мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси

Улук кызмат орду

У-А

Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты

Жогорку Кеңештин Төрагасынын жардамчысы

Премьер-министрдин жардамчысы

Жогорку соттун төрагасынын жардамчысы

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын жардамчысы

Биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрдин жардамчысы

Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин жардамчысы

Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин жардамчысы

Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин-министрдин жардамчысы

У-Б

Жогорку Кеңештин депутатынын, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы

Эскертүү:

"Жетекчи", "жетекчинин орун басары" деген аталыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген, тиешелүү мамлекеттик органдын жетектөөчү кызмат ордунун унификацияланган аталыштары болуп эсептелет. Бул эреже мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмдөрүнө (түзүмдүк, аймактык ж.б.) колдонулат.

Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары кызмат орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын кызмат ордун камтыйт.

(*) - өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундары.

IV БӨЛҮМ.

6-глава. Административдик муниципалдык кызмат орундары

6.1. Республикалык маанидеги шаардын мэриясы жана кеңеши

Категориялар

Республикалык маанидеги шаардын мэриясы

Республикалык маанидеги шаардын кеңешинин аппараты

Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү

Жогорку кызмат орду

Ж-А

Вице-мэр(*)

 

 

Ж-Б

Аппараттын жетекчиси

Аппараттын жетекчиси

 

Башкы кызмат орду

Б-А

Бөлүм башчысы

Бөлүм башчысы

Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси

Б-Б

 

 

Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Улук кызмат орду

У-А

Сектор башчысы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Басма сөз-катчысы

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Сектор башчысы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Бөлүм, сектор башчысы

У-Б

Башкы адис

Башкы адис

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

Адис

6.2. Республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясы

Категориялар

Республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясы

Республикалык маанидеги шаардын райондук администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү

Жогорку кызмат орундары

Ж-Б

Райондук администрация башчысы(*)

 

Башкы кызмат орду

Б-А

Райондук администрация башчысынын орун басары

 

Б-Б

Аппарат жетекчиси

Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси

Улук кызмат орду

У-А

Бөлүм, сектор башчысы, бөлүмдөгү сектор башчысы

Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин орун басары

Бөлүм, сектор башчысы

У-Б

Башкы адис

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

6.3. Шаардын мэриясы жана кеңеши

Категориялар

Шаардын мэриясы

Шаардык кеңештин аппараты

Шаардын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү

Башкы кызмат орду

Б-А

Вице-мэр(*)

 

 

Б-Б

Аппарат жетекчиси

Жооптуу катчы

Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси

Улук кызмат орду

У-А

Бөлүм, сектор башчысы

Бөлүм, сектор башчысы

Бөлүм, сектор башчысы

У-Б

Башкы адис

Башкы адис

Башкы адис

Младшая должность

К-А

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

Жетектөөчү адис

К-Б

Адис

Адис

Адис

6.4. Айыл өкмөтү

Категориялар

Айыл өкмөтү

Башкы кызмат орду

Б-А

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Б-Б

Жооптуу катчы

Улук кызмат орду

У-А

Бөлүм, сектор башчысы

У-Б

Башкы адис

Кенже кызмат орду

К-А

Жетектөөчү адис

Староста(*)

К-Б

Адис

Инспектор

6.5. Патронаттык кызмат орду (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орду)

Категориялар

Саясий муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары

Башкы кызмат орду

Б-Б

Республикалык маанидеги шаардын мэринин кеңешчиси

Улук кызмат орду

У-Б

Республикалык маанидеги шаардын мэринин жардамчысы

Эскертүү:

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын вице-мэринин (жетекчисинин орун басарынын) кызмат орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын биринчи вице-мэринин (жетекчисинин биринчи орун басарынын) кызмат ордун камтыйт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда "башчы" деген кызмат орду ошондой эле "начальник" деген кызмат ордун, "жетекчи" деген кызмат орду "директор"/"башчы/"начальник" деген кызмат орундарын билдирет.

(*) - өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик муниципалдык кызмат орундары.