Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\098de25a-0907-417c-b646-62589ca9c92c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 30-декабры ПЖ № 308

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын уланмалуулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка квалификациялуу кадрларды тартуу, кесиптик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган "мамлекеттик кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чендердин түшүнүгү "мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген түшүнүккө окшош экендиги;

- башкы административдик кызмат орундарын ээлеген жана 2012-2014-жылдары аттестациядан өткөн муниципалдык кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу ушул Жарлыктын 1-пунктунда бекитилген жобого ылайык баа берилбестен жүргүзүлөөрү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун экинчи, төртүнчү абзацтары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-сентябрындагы № 409 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы № 257 "2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 17-июнундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгынын 1-пунктунун 3, 5-пунктчалары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 10-сентябрындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

 

А.Атамбаев

 

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын
КУРАМЫ

Комиссиянын төрагасы

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүгүнөн депутат (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик оппозициясынан депутат (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн кадрлар секторунун башчысы, Комиссиянын катчысы.