Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 10-февралы №100

Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-марты № 105 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-майындагы №164 "Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана курулуш маселелеринде уруксат берүүчү жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-декабрындагы №676 "Дүйнөлүк банктын "Бизнес жүргүзүү - 2010" отчету боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркынын индикаторлорун жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" токтомунун 9-пунктуна ылайык, курулуш чөйрөсүндө уруксат берүү системасын андан ары оптималдаштырууга жана курулуш чөйрөсүнө инвестицияларды тартууга багытталган техникалык шарттарды берүү жол-жоболорун тартипке келтирүү жана жаңы курулуш, реконструкция жана кыймылсыз мүлктүн башка өзгөрүүлөрүн инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин тиркелген эрежеси бекитилсин.

2. Техникалык шарттарды алууга жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга тарифтер Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык аныкталаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бир айлык мөөнөттө:

- ведомстволук нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- техникалык шарттарды алуу жол-жоболору жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартиби маселелери боюнча ушул токтомго ылайык калк жана ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын ичинде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги энергетикалык компаниялар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана шаарлардын мэриялары менен бирдикте:

- эң эле көйгөйлүү участокторду (зоналарды, региондорду) аныктоо максатында инженердик тармактарды; аймагында жаны керектөөчүүлөрдү кошуу мүмкүн болбогон участокторду; бош кубаттуулуктары бар участокторду инвентаризациялоону жүргүзсүн жана 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө ар бир региондо инженердик инфратүзүм тармактарынын башкы схемасын иштеп чыксын:

- 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө инженердик тармактарды өнүктүрүү пландарын иштеп чыксын жана бекитсин.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-марты № 105 токтомдун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги:

- 2015-жылдын 31-июнуна чейинки мөөнөттө Отун-энергетикалык комплекстин тармактарынын мисалында объекттердин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына технологиялык кошулуусу үчүн төлөөнү аныктоонун тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө ай сайын отчет берсин.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-марты № 105 токтомдун редакциясына ылайык)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 10-марты № 105 токтомдун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министр

И.Чудинов