Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\536bd757-313f-45a3-8ff7-ef21ece39bc0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1994-жылдын 14-январы № 1422-XII

Суу жөнүндөгү

КР 1995-жылдын 28-июлунун жана 26-сентябрындагы № 21-1, 2012-жылдын 25-июлундагы № 132,
2012-жылдын 10-октябрындагы № 1702013-жылдын 30-июлундагы № 178,
2016-жылдын 7-майындагы № 57, 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 , 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы № 1423-XII  токтому
менен колдонууга киргизилген

 

I бөлүм.
 Жалпы жоболор

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын максаттары жана милдеттери

 

Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын максаты жана милдеттери болуп суу ресурстарын (сууларды) пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу, суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына чарбалык жана башка иш-аракеттердин экологиялык жактан зыяндуу таасирине жол бербөө жана аталган объектилер менен курулуштардын абалын жакшыртуу, суу мамилелери жагындагы мыйзамдуулукту чыңдоо саналат.

 

2-берене. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары

 

Кыргыз Республикасында суу мамилелери Кыргыз Республикасынын ушул «Суу жөнүндөгү» Мыйзамы жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана нормативдик актылары менен жөнгө салынат. Жер, токой, тоо, чарба жана мүлк жагынан мамилелер, ошондой эле жаратылышты коргоо менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

3-берене. Суу ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун негизги принциптери

 

Кыргыз Республикасынын уюмдары, ишканалары, мекемелери жана граждандары, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана граждандар жана граждандыгы жок адамдар суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө чарбалык жана башка иш-аракеттеринде төмөндөгүдөй негизги принциптерди жетекчиликке алышат:

- адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун артыкчылыгы, анын эмгектенүүсү жана эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу;

- сууларды сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо;

- суу мыйзамдарынын талаптарын сактоо, бул талаптардын бузулушу үчүн сөзсүз түрдө жоопкерчилик тартуу;

- сууларды пайдалануу жана коргоо боюнча милдеттерди чечүүдө маалымдуулук жана калк, коомдук уюмдар менен тыгыз байланыштуу;

- суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалангандык үчүн акы төлөө;

- суу мамилелери жагындагы эл аралык кызматташтык.

 

4-берене. Мамлекеттик суу фондусу

 

Бардык суу объектилеринин, алар жайгашкан жерлердин, анын ичинде сууну коргоо зоналарына жана тилкелерине бөлүнгөн жерлердин, андагы топтолгон суу ресурстарынын жыйындысы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суу фондусун түзөт.

Кыргыз Республикасынын суу объектилерине анын аймагындагы суулар, көлдөр, мөңгүлөр, карлар, саздар, саздар, жердин үстүнө чыккан булактар, ошондой эле жер астындагы суулар топтолгон зоналар, анын ичинде дарылык-минералдык жана жылуу суулар кирет.

Кыргыз Республикасынын суу ресурстарына суу объектилеринде топтолгон жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын бардык түрлөрү кирет.

 

5-берене. Мамлекеттик суу фондусуна менчик

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суу фондусу Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мамлекеттин бүткүл аймагындагы суу фондусун менчиктөө укугун чечет.

Суу объектилеринен белгиленген тартипте алынган суу ресурстары юридикалык жана физикалык жактардын жана граждандыгы жок жактардын менчигин түзүшү мүмкүн.

Суу объектилерине жана суу ресурстарына мамлекеттик менчик укугун ачык эле же жашыруун түрдө бузган аракеттерге тыюу салынат.

( КР   2012-жылдын 25-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

6-берене. Мамлекеттик суу фондусунун керектелиши

 

Мамлекеттик суу фондусу суу ресурстарынын сакталышын жана жаңыланып турушун камсыз кылуу, ичүү, чарбалык-тиричилик, өнөр жайлык, айыл чарбалык, энергетикалык, транспорттук, рекреациялык жана башка муктаждыктарды канааттандыруу, коруктардын, заказниктердин ишин жана жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жашоо жана өсүү чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн керектелет.

 

7-берене. Мамлекеттик суу фондусун коргоо

 

Мамлекеттик суу фондусун коргоо милдети сууну сактоо, суулардын булганышына жана азайып кетишине жол бербөө, чектөө жана чектетүүгө багытталган чаралардын комплексин пландаштыруу жана ишке ашыруу болуп саналат.

 

8-берене. Кыргыз Республикасынын суу чарба курулуштары

 

Кыргыз Республикасынын суу чарба курулуштарына жасалма жол менен салынган каналдар, суу жүргүзгүчтөр, суу сактагычтар, көлмөлөр, сууну жөнгө салуу, пайдалануу жана коргоо үчүн арналган жөнгө салууучу бириктирүүчү, өткөрүүчү, тазалоочу жака башка техникалык жасалгалардын комплекстери бар башка суу көлмөлөрү кирет.

 

9-берене. Суу чарба курулуштарын менчиктөө

 

Суу чарба курулуштары мамлекеттик менчик же юридикалык жана физикалык жактардын, ошондой эле суу ресурстарын пайдалануу укугуна ээ болуу үчүн белгиленген тартипте лицензия алышкан чет өлкөлүктөрдүн жана граждандыгы жок адамдардын менчиги болушу мүмкүн.

 

II бөлүм.
Суу мамилелерин башкаруу жана жөнгө салуу

 

10-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин суу мамилелери жагындагы компетенциясы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин суу мамилелери жагындагы компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан суу фондусун менчиктөө укугун ишке ашыруу;

- суу мыйзамдарын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү, алардын аткарылышына контролдук кылуу;

- сууларды пайдалануу жана коргоо жагынан мамлекеттик саясатты аныктоо;

- суу мамилелерин жөнгө салуунун укуктук негиздерин аныктоо;

- өзгөчө абалдын зоналары жана зкологиялык кырсык зоналары деп жарыяланган суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын укуктук режимин белгилөө;

- (жетинчи абзац КР 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- суу мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана жокко чыгаруу;

- суу объектилериндеги же алардын бөлүктөрүндөгү экологиялык өзгөчө абалдан же экологиялык кырсыктан улам өзгөчө абалды белгилөө же өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын бекитүү же алып салуу.

(КР 1995-жылдын 28-июлунун жана 26-сентябрындагы № 21-1, 2016-жылдын 7-майындагы № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суу мамилелери жагындагы компетенциясы

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү суу мамилелери жагынан:

- мамлекеттик суу чарба программаларын иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну, аларды инвестициялоону жана финансылоону камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын аймагында министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун, башка уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын суу мамилелери жагындагы иш-аракетин координациялайт;

- сууларды пайдаланууга лицензия берүүнүн жана суу объектилерин концессияга же арендага берүүнүн тартибин белгилейт;

- суу үчүн төлөнүүчү акынын негизги өлчөмүн иштеп чыгат;

- сууларды пайдалануунун, сууларды булгай турган калдыктарды жана анын зыяндуу таасиринин башка түрлөрүн жайгаштыруунун нормативдерин, сууларды пайдалануу үчүн төлөнүүчү акыны аныктоонун жана алуунун тартибин бекитет;

- өзгөчө кырдаалдын зонасында өзгөчө суу пайдалануу режимин белгилейт;

- суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында өзгөчө корголуучу аймактарды уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алат;

- сууларды пайдаланууну жана коргоону жөнгө салуу жагынан долбоорлоо, иликтөө, илимий-изилдөө жана конструктордук иштерди борбордоштуруп координациялоону жүзөгө ашырат;

- сууларды пайдалануу жана коргоо, сууларды мамлекеттик контролдоо жана каттоо тартибин, ошондой эле мамлекеттик суу кадастрын жана суу объекттеринин мониторингин белгилейт;

- суу фондунун жерлерин бөлүү тартибин белгилей жана аларды пайдаланууга берет;

- менчигинин түрүнө жана баш ийүүсүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар суу мыйзамдарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте алардын ишин токтото туруу, чектөө жана биротоло токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат;

- калкты суулардын, суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын абалы жөнүндө зарыл маалыматтар менен камсыз кылат;

Кыргыз Республикасынын суу мамилелери жагындагы тышкы байланыштарына жетекчилик кылат;

- чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана адамдардын суу мамилелери жагындагы ишин жөнгө салат.

(КР 1995-жылдын 28-июлунун жана 26-сентябрындагы № 21-1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-берене. Атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын суу мамилелери жагынан компетенциясы

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын полномочие берген мамлекеттик органдар:

- сууларды пайдаланууну жана коргоону уюштуруу жана жөнгө салуу боюнча башкаруу, суу фондусун пайдалануу жана аны булгануудан, азайып кетүүдөн коргоо концепцияларын жана программаларын иштеп чыгат;

- суу фондусунун пайдаланылышына жана корголушуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;

- сууларды пайдалануунун лимиттерин жана нормативдерин белгилейт;

- суу пайдалануу укугуна лицензия берет;

- суу объектилеринин мониторингин уюштурат;

- суу кадастрын жана суу чарба баланстарын жүргүзөт;

- суулардын жана анын пайдаланылышын мамлекеттик эсепке алууну жүргүзөт;

- суу ресурстарына контролдук кылууну жана эсепке алууну метрологиялык жактан камсыз кылат;

- суу мыйзамдарынын бузулушунан тарткан чыгымдын ордун толтуруу жөнүндө доомат жана доо коет;

- суу мамллелер жагындагы укук бузуулар жөнүндө документтерди толтуруу жана иштерди кароо;

- сууларды пайдалануу жана коргоо менен байланышкан долбоорлоо, иликтөө, илим изилдөө жана конструктордук иштерди жүргүзөт;

- суу чарба курулуштарынын жана жасалгаларынын курулушунун жана реконструкцияланышынын долбоорлорун мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрөт;

- суу мамилелери жагынан эл аралык кызматташууну ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын компетенциясын ажыратып бөлүүнү ишке ашырат.

Өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын суу мамилелери жагындагы чечимдери бардык юридикалык жактар жана адамдар үчүн, анын ичинде чет өлкөлүктөр жана граждандыгы жок адамдар үчүн милдеттүү жана административдик (сотко чейинки) тартипте же соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 6-апрелиндеги № 54 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

13-берене. Суу мамилелери жагынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын компетенциясы

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- менчигинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана суу мамилелери жагынан ведомстволук таандуулугуна карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин координациялайт;

- суу объектилеринин абалы жөнүндө калкты маалымат менен камсыз кылат;

- сууларды пайдалануучулардын укуктарын коргойт;

- суу объектилерин пайдалануу укугун чектейт;

- суу объектилерин сактоо жана калыбына келтирүү, суулардын зыяндуу таасирин жоюу жана анын алдын алуу, ошондой эле кыйроолордун жана табият кырсыгынын натыйжасында сууларды булгануудан сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;

- суу объектилеринин абалына таасир тийгизүүчү ишканаларды, курулуштарды жана техникалык жасалгаларды жайгаштырууну жана колдонууга киргизүүнү, ошондой эле суу объектилеринде жана жээктеги сууларды коргоочу тилкелерде иш жүргүзүү тартибин макулдашат;

- суу фондусуна жерлерди бөлүп берет.

 

III бөлүм.
Сууларды пайдалануу

 

14-берене. Сууларды пайдалануучулар

 

Кыргыз Республикасында менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жактар жана граждандар, ошондой эле чет өлкөлүк жактар жана адамдар, анын ичинде граждандыгы жок адамдар сууларды пайдалануучулар болуп саналат.

Суу объекттерин, суу ресурстарын жана суу чарба курулуштарын пайдалануу ушул Мыйзамдын 16-жана 17-беренелеринде белгиленген тартипте берилген лицензиянын же суу концессиясынын же аренда шартынын негизинде жана анда аныкталган максаттар үчүн гана жүргүзүлөт.

 

15-берене. Сууларды пайдалануунун түрлөрү

 

Суу объектилери калктын ичүүгө, турмуш-тиричиликке, дарыланууга, курорттук ден соолукту чыңдоо жагынан жана башка муктаждыктарын жана айыл чарбасы, өнөр жайы, энергетика курулуш, транспорт, балык чарбасы, рекреациялык жана башка мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн сууларды пайдаланууга укук берген лицензияда каралган талаптар жана шарттар сакталганда гана пайдаланууга берилет.

Суу объектилери калктын ичүү жана турмуш-тиричилик муктаждыктарын канааттандыруу үчүн артыкчылык менен пайдаланууга берилет.

Суулардын абалына таасир бербей турган курулуштарды жана техникалык жасалгаларды колдонбостон сууларды пайдаланууда атайын полномочиелүү органдар белгиленген талаптар сакталган шартта сууларды пайдалануу укугун алууга юридикалык жана физикалык жактардын лицензия алышы талап кылынбайт.

 

16-берене. Сууларды пайдаланууга укук берген лицензия

 

Сууларды пайдаланууга укук берген лицензия атайын полномочиелүү Мамлекеттик органдар тарабынан берилет.

Лицензияда, сууну шартташылган суу объектисине (суу чарба курулушунда) берилген нормативдик көлөмдө, белгилүү сапатта жана белгиленген мөөнөттө пайдалануунун тартиби жана шарты, ошондой эле агып чыкма сууларды агызуу шарттары белгиленет.

 

17-берене. Суу концессиясы жана аренда

 

Суу объектилери жана суу чарба курулуштары юридикалык жактарга жана граждандарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө аларды пайдалануу же лицензияда, аныкталган белгилүү мөөнөткө аларды пайдалануу үчүн концессияга же арендага берилиши мүмкүн. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын концессияга же арендага берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана чет өлкөлүк концессиялык ишканалар жөнүндөгү», «Аренда жана арендалык мамилелер жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык белгиленет.

 

18-берене. Сууларды пайдалануучулардын укуктары

 

Суу объектисин пайдаланууга берилген Лицензияда көрсөтүлгөн максаттуу багытына ылайык сууларды пайдалануучулар:

- иш аракеттерин координациялоо, өздөрүнүн укуктарын коргоону камсыз кылуу, тийиштүү мамлекеттик жана башка органдарда жалпы кызыкчылыктарды көздөө максатында ыктыярдуу негизде союздарга, ассоциацияларга, концерндерге жана башка бирикмелерге биригүүгө;

- пайдалануу үчүн сууларды чыгарып алууга;

- сууларды ушул мыйзамдын 15-беренесинде саналып өткөн муктаждыктар үчүн пайдаланууга;

- суу чарба курулуштарын жана жасалгаларын салууга, ошондой эле аларды модернизациялоого, реконструкциялоого жана жоюуга;

- суу объектилерин эс алуу, туризм, спорттук жана ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана бир калыпта кармап туруу үчүн пайдаланууга;

- атайын полномочиелүү Мамлекеттик органдардан суу фондусунун азайышына жана булганышына жол бербөө, суу ресурстары менен белгилүү санда жана сапатта камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылууга;

- өзүнө келтирилген чыгымды компенсациялоону мыйзамда белгиленген тартипте талап кылууга укуктуу.

Сууларды пайдалануучулардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, суу объектилерин жана ресурстарын пайдалануу боюнча башка аракеттерди да жасоого укуктуу.

 

19-берене. Сууларды пайдалануучулардын укуктарын чектөө

 

Суу аз болгон мезгилдерде, суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында кыйроо болуучу шарттарда, эпидемия жана эпизоотия коркунучу келген жагдайларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда калктын ден соолугун коргоо үчүн жана башка мамлекеттик кызыкчылыкты көздөп, ошондой эле башка суу пайдалануучулардын таламында сууларды пайдалануучулардын укугу чектелиши мүмкүн. Мында калктын сууларды ичүү жана тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануу шарттары начарлап кетүүгө тийиш эмес.

Суулардын зыяндуу таасиринен улам пайда болгон табият кырсыгынын алдын алуу жана аны жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүдө сууларды пайдалануучулардын укуктарын чектөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат.

 

20-берене. Сууларды пайдалануу укугун токтотуу

 

Төмөндөгү учурларда Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын жана адамдарынын сууларды пайдалануу укуктары токтотулат:

- сууларды пайдалануу зарылчылыгы жок болсо же андан баш тартуу;

- сууларды пайдаланууга укук берген лицензиянын мөөнөтүнүн бүтүшү;

- юридикалык жактын жоюлушу же гражданиндин өлүшү;

- суу объектилеринин булганышы же түгөнүшү;

- суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалануунун шартынын бузулушу;

- сууларды пайдалануучулардын тарткан зыяндарынын жана чыгашаларынын ордун толтуруу менен мамлекеттин пайдалануусунан суу объектилерин алып коюуга алып келүүчү жагдайлардын келип чыгышы;

- сууларды пайдалануучуларды - ишкананы, уюмду, мекемени жана гражданинди белгиленген тартипте банкрот деп жарыялоо жана жоюу.

Сууларды пайдалануу укугу (ичүү жана тиричилик муктаждыктары үчүн суу ресурстарын пайдалануу укугун кошпогондо) суу мыйзамдарын бузган учурда, же суу объектисин башка максатта пайдаланган учурда да токтотулушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сууларды пайдалануу укугун токтотуу учүн башка негиздер да каралышы мүмкүн.

 

21-берене. Сууларды пайдалануу укугун токтотуу тартиби

 

Сууларды пайдалануу укугун токтотуу лицензия берген атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдардын чечими боюнча ишке ашырылат.

Сууларды пайдалануу укугу аны пайдаланууга укук берген лицензияны жараксыз деп табуу жолу менен токтотулат.

Коруктардын пайдалануусунан суу объектилерин алып коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзгөчө зарыл учурда гана жүргүзүлөт.

 

22-берене. Сууларды пайдалануучулардын укугун коргоо

 

Сууларды пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен корголот. Эч ким ушул мыйзамда көрсөтүлгөн негиздерден башка учурларда сууларды пайдалануу укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

Сууларды пайдалануучулардын укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кайра калыбына келтирилүүгө тийиш.

 

23-берене. Суу чарба иш-чараларынын жүргүзүлүшүнөн улам келип чыккан зыяндын ордун толтуруу

 

Суу чарба иш-чараларын жүргүзүүгө, сууларды пайдаланууну токтотууга же пайдалануунун шарттарын өзгөртүүгө байланыштуу юридикалык жактарга жана адамдарга келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдө толтурулат.

 

24-берене. Сууларды пайдалануучулардын милдеттери

 

Сууларды пайдалануучулар:

- сууларды тиешелүү максатта жана шарттарда гана пайдаланууга;

- суу объектилерин сарамжалдуу пайдаланууга, суу ресурстарын үнөмдүү чыгымдоону камсыз кылууга, аларды калыбына келтирүүгө жана сапатын жакшыртууга;

- суу объектилерине коюлган талаптарга ылайык келбеген булганч суулардын агып түшүшүнө жол бербөөгө;

- башка сууларды пайдалануучуларга берилген укуктардын бузулушуна, ошондой эле чарбалык жана башка объектилерге чыгым тарттырууга жол бербөөгө;

- суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында экологиялык, балыктарды коргоо жана башка колдонулуп жаткан нормаларды канааттандыруучу суулардын минималдуу мүмкүн болгон деңгээлинин же чыгымдалышынын сакталышын камсыз кылууга;

- суулардын абалына таасир бере турган суу чарба жана тазалоочу жайларды оң абалында күтүүгө, алардын эксплуатациялык сапаттарын жакшыртууга;

- алынып жаткан суулардын баштапкы эсебин, суулардын сапатынын контролун өз алдынча же башка уюмдар менен бирдикте уюштурууга, ошондой эле суу объектилеринин, курулуштарынын жана андагы жасалгалардын тийиштүү санитардык-техникалык абалын камсыз кылууга;

- авариядан улам булгоочу заттардын кошулуусунан улам суу объектилери менен суу чарба курулуштарынын булганышына жол бербөө жана андай булгануунун кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүүгө;

- балык коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сууларды пайдаланууга берилген лицензияларда каралган башка талаптарды аткарат.

 

25-берене. Калктын ичүү, тирчилик жана башка муктаждыгы үчүн суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын пайдалануу

 

Калктын ичүү, тиричилик жана башка муктаждыгы үчүн суу объектилери жана суу чарба курулуштары белгиленген тартипте берилет, андагы суулардын сапаты белгиленген санитардык нормаларга ылайык келүүгө тийиш.

( КР   2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

26-берене. Суу объектилерин дарылоо, курорттук жана ден соолукту чыңдоо максатында пайдалануу

 

Дарылоо категориясына кирген суу объектилери негизинен курорттук жана дарылоо максаттары үчүн пайдаланылат. Атайын полномочиелүү мамлекеттик органдар дарылоо категориясына киргизилген суу объектилерин саламаттык сактоо органдары жана курорт башкармалары менен макулдашып туруп башка максаттар үчүн пайдаланууга уруксат бере алышат.

Дарылоо категориясына кирген суу объектилерине агып чыкма суулардын кошулушуна тыюу салынат.

Сууларды эс алуу, спорт, туризм жана ышкыбоздордун балык уулоосу үчүн пайдалануунун тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары тарабынан белгиленет, бирок буга айрым суу объектилери кирбейт, мындай объектилердин колдонулушуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чектөө же тыюу салынат.Суу чарба курулуштарын атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын уруксатысыз эс алуу, спорт, туризм жана ышкыбоздордун балык уулоосу үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

 

27-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдалануу

 

Айыл чарбасында сууларды пайдалануу суу чарба баланстарынын негизинде ишке ашырылат жана сууларды керектөө лимиттери менен чектелет.

Жерди агып чыкма суулар менен сугаруу атайын полномочиелүү мамлекеттик органдар, анын ичинде мамлекеттик санитардык жана ветеринардык көзөмөл органдары менен макулдашылып жүргүзүлөт.

Жайыттардын жана мал айдап өтүүчү жерлердин аймактарында жайгашкан суу объектилери жана суу чарба курулуштары калктын иче турган жана тиричилик үчүн муктаждыктары канааттандыргандан кийин гана мал чарбасынын муктаждыгы үчүн берилет.

 

28-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын өнөр жайлык максатта пайдалануу

 

Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын өнөр жайлык максатта пайдалангандар технологиялык нормаларды жана сууларды керектөө эрежелерин сактоого, сууларды керектөөнү кыскартуу чараларын көрүүгө жана коюлган талапка ылайык келбеген өнөр жайлык (техникалык) агып чыкма сууларды токтотууга милдеттүү.

Ичүүчү же дарылоочу категорияга кирген жер астындагы суулар айрым бир учурларда аларды сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо талаптары сакталганда техникалык максатта, андагы химиялык элементтерди алуу, жылуулук энергиясын алуу үчүн жана башка да өндүрүштүк муктаждыктар үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

Табигый кырсык, кыйроо жана башка күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда, ошондой эле өнөр жай ишканалары чектелген лимитин түгөткөндө калктын ичүү жана тиричилик муктаждыктарын биринчи кезекте канааттандыруу максатында сууларды өнөр жайлык максат үчүн кезектөө кыскартылышы же тыюу салынышы мүмкүн.

 

29-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын гидроэнергетиканын муктаждыктары үчүн пайдалануу

 

Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын энергетиканын муктаждыктары үчүн пайдалануу сууларды пайдалануучулардын бардыгынын таламдарын эске алуу менен комплекстүү суу чарба пландарынын негизинде электростанцияларды жана суу сактагычтарды колдонуу эрежелерин эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш.

 

30-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын суу транспортунун жана жыгач агызуу муктаждыктары үчүн пайдалануу

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы суу объектилери жана суу чарба курулуштары суу траиспортунун муктаждыктары үчүн пайдалуу болгон учурда суу жолдору катары пайдаланылышы мүмкүн. Суу жолдорун кеме жүргүзүүчү категорияга киргизүү, ошондой эле суу жолдорун пайдалануу эрежелерин белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Суу объектилери менен жыгач агызууга тыюу салынат.

 

31-берене. Суу объектилерин балык чарбасынын муктаждыктары үчүн пайдалануу

 

Балыктардын баалуу түрлөрүн сактап калуу жана толуктап туруу үчүн чоң мааниси болгон суу объектилеринде жана алардын айрым участкаларында, же балык промыслосунун башка объектилеринде сууларды пайдалануучулардын укуктары балык чарбасынын кызыкчылыгында чектелиши мүмкүн. Мындай объектилердин тизмеси жана сууларды пайдаланууга чек коюунун түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Суу чарба жана башка курулуштарды балык чарба көлмөлөрүндө эксплуатациялоодо балык запастарын коргоону жана аларды толуктап туруу үчүн шарттарды камсыз кылуучу иш-чаралар өз учурунда жүргүзүлүүгө тийиш.

 

32-берене. Суу объектилерин аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу

 

Сууда сүзүүчү жапайы канаттуулар жана териси баалуу айбанаттар жашаган суу объектилеринде, уюшкан аңчылык чарбаларда, ошондой эле өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн калыбына келтирүү жана коргоо боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылып жаткан участкаларда граждандардын жүрүшүнө, жээктеги зоналарга курулуштарды салууга жана аңчылык чарбасынын аракетин начарлаткан башка иштерге чек коюлушу мүмкүн.

 

33-берене. Суу объектилерин коруктардын муктаждыктары үчүн пайдалануу

 

Өзгөчө илимий же маданий жактан баалуу болгон суу объектилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корук деп жарыяланат жана жаратылышты коргоо, ошондой эле атайын ыйгарым укугу бар органдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берген атайын уруксаттын негизинде алар жаратылышты коргоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында мөөнөтсүз пайдаланууга берилет.

 

34-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын өрткө каршы муктаждыктар үчүн пайдалануу

 

Өрткө каршы муктаждыктар үчүн лицензия албастан эле ар кандай суу объектилеринен жана суу чарба курулуштарынан өрттү өчүрүү үчүн жетиштүү өлчөмдө суу алууга жол берилет.

Суу объектилеринен жана суу чарба курулуштарынан алынган сууларды өрткө каршы муктаждыктардан башка максатка пайдаланууга тыюу салынат.

 

35-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын жамааттык багбанчылыктын, огородчулуктун жана бак участкаларын сугаруу муктаждыктары үчүн пайдалануу

Айыл жеринде, калктуу пункттарда жашаган жана бак участкалары бар граждандарга, ошондой эле багбанчылык жана огородчулук шериктештерине жана башка жамааттык бирикмелерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте лимиттерге ылайык участкаларды, бак дарактарды же огороддорду сугаруу үчүн суу бөлүнөт.

(КР 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

36-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын агып чыкма сууларды агызуу үчүн пайдалануу

 

Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын агып чыкма сууларды агызуу үчүн пайдалануу санитардык көзөмөлдү, балык запастарын коргоону ишке ашырган органдар жана башка тиешеси бар органдар менен макулдашуу боюнча атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдардын уруксаты менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Агып чыкма сууларды агызуу суу объектисинде жана суу чарба курулуштарында белгиленген нормадан ашык булгоочу заттардын көбөйүшүнө алып келбесе жана сууларды пайдалануучулар агын сууларды белгиленген нормалардагы чектерге чейин тазалап турган шартта гана агып чыкма сууларды агызууга жол берилет. Белгиленген нормалар бузулган учурда булганч сууларды агызууга чектөө салынышы, токтотулушу же ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, цехтердин, айрым өнөр жай жасалгаларынын жана өндүрүштөрдүн иши токтотулганга чейин тыюу салынышы зарыл.

 

IV бөлүм. Сууларды пайдалануунун экономикалык механизми

 

37-берене. Сууларды пайдалануунун экономикалык механизминин милдеттери

 

Сууларды пайдалануунун зкономикалык механизми:

- сууларды пайдаланууну жана коргоону жөнгө салуу боюнча иш-чараларды финансылоонун тартибин;

- суу ресурстарын, суу объектилерин пайдалануу жана агып чыкма сууларды агызуу үчүн акы төлөөнүн нормативдерин;

- сууларды пайдалануучуларга салык жагынан жана кредиттик жеңилдиктерди белгилөөнүн тартибин;

- суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына келтирилген чыгымдын ордун толтуруу тартибин белгилейт.

 

38-берене. Мамлекеттин финансылык катышуусу

 

Мамлекет бюджеттик каражат, кредит инвестиция берүү түрүндө, кайтарылбас ссуда, проценти төмөн болгон узак мөөнөттүү карыз түрүндө, салыкты төмөндөтүү же салыктан бошотуу, башка мамлекеттердин инвестицияларын тартуу жолу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка түрлөрдө сууларды пайдаланууну жана коргоону жөнгө салуу боюнча иштерди финансылоого катышат.

 

39-берене. Сууларды пайдалануу акысы

Кыргыз Республикасында сууларды пайдаланууга ушул Мыйзамдын 15-беренесинин үчүнчү абзацында жана 41-беренесинде каралгандагыдан башка учурларда акы төлөнөт.

Суу үчүн акы ведомстволук баш ийүүсүнө, граждандыгына, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүүнүн формаларына карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, сууларды пайдалангандардын бардыгынан.

Суу акысы:

- белгиленген лимиттердин чегинде суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн (айыл чарба өндүрүшүндө, токой чарбасында, сугат үчүн пайдаланылган сууну кошпогондо);

- суу ресурстарын лимиттен ашык жана туура эмес пайдалангандыгы үчүн;

- суу сордуруп чыгаруу, ташуу, бөлүштүрүү, сууларды тазалоо менен байланышкан кызмат жана башка суу чарба иш-чаралары үчүн;

- белгиленген лимиттердин чегинде суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына булгай турган заттарды чыгаргандыгы жана агызгандыгы үчүн;

- суу объектилеринен пайдалануу укугун алгандыгы (айыл чарба өндүрүшүндө, токой чарбасында сугат үчүн пайдаланылган сууну кошпогондо) үчүн төлөнөт.

Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү аныктоонун жана алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы N 21-I, 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

40-берене. Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалануу үчүн төлөнгөн акыдан түшкөн каражатты пайдалануу

 

Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалануудан түшкөн каражаттар:

- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын абалын жакшыртуу жана реконструкциялоо, суулардын зыяндуу таасиринин алдын алуу жана аны жоюу боюнча иш-чараларды;

- калкты жана эл чарбасынын тармактарын суу менен жабдуу, суу чарба курулуштарын жана жабдууларды реконструкциялоо, модернизациялоо жана куруу боюнча иш-чараларды;

- атайын ыйгарым укугу бар органдардын суу сордуруп чыгаруу, ташуу жана аларды пайдалануучуларга берүү боюнча чыгымдардын толуктоо , суулардын коромжусун азайтуу максатында жана суу объектилери менен суу чарба курулуштарын пайдалануу жана сууларды коргоо менен байланышкан башка иш-чараларды аткаруу максатында атайын ыйгарым укуктуу органдарды финансылоонун булагы болуп саналат.

Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана аны пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

41-берене. Сууларды пайдалануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктер

Сууларды пайдалануу үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу, акы төлөөнү кийинкиге калтыруу, тарифтик ставкаларды төмөндөтүү же белгилүү мөөнөткө акы төлөөдөн бошотуу түрүндө берилет.

Суу объектилери жана суу чарба курулуштары өрт өчүрүү жана өзгөчө жагдайларды жоюу үчүн акысы берилет.

Суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер менен уюмдар бошотулат.

Суу пайдалануучулар жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн төлөмдөн бошотулат:

- кайра жаралуучу энергияны кошуп алганда, сууну электр энергиясын иштеп чыгаруу максатында пайдаланууда;

- сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды сугаруу, белгиленген лимиттин чектеринде балык көбөйтүү жана өстүрүү максатында пайдаланууда;

- сууну үй жаныбарларын жана короо-жай участогун сугаруу үчүн пайдаланууда;

- сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик керектөөлөр үчүн пайдаланууда;

- калктын ичүү муктаждыктары үчүн суу алууну жүзөгө ашырууда;

- сууну санитардык жана экологиялык коё берүүлөрдө;

- сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максатында, эс алуу жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланууда;

- суу объектилерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографикалык жана издөө-тартуу жумуштарында;

- гидроэнергетикалык, мелиорациялык, балык чарбалык, суу-транспорттук жана канализация багытындагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;

- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.

Сууларды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтыруу ремонт жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткан суу объектилери жана суу чарба курулуштары үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым учурларда берилет.

(КР 2019-жылдын 5-апрелиндеги N 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

42-берене. Сууларды акы төлөп пайдаланууда кеткен чыгымдарды компенсациялоо

 

Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактар жана адамдар жана суу ресурстарынан жана суу объектилеринен пайдаланышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте бул үчүн акы төлөгөн граждандыгы жок адамдар өздөрү чыгарган товарлардын жана көрсөткөн кызматынын тарифтерин, дүң жана чекене бааларын көбөйтүү жолу менен сууларды акы төлөп пайдалануу режими менен байланышкан өздөрүнүн чыгымдарын компенсациялоого укуктуу.

Сууларды акы төлөп пайдалануу режимине байланыштуу продукцияга жана кызмат көрсөтүүгө тарифтердин жана баалардын өзгөрүшүн мамлекеттик жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

43-берене. Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын коргоону камсыз кылуу боюнча экономикалык чаралар

Суу объектилерине жана суу чарба курулуштарын коргоону камсыз кылуунун экономикалык механизми төмөндөгүлөрдү карайт:

- сууларды пайдалануучулар суу объектилерине, суу чарба курулуштарына жана курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтурууну;

- суу үнөмдөөчү технологияларды колдонгондугу жана башка натыйжалуу жаратылышты коргоо чараларын ишке ашыргандыгы үчүн сууларды пайдалануучуларга салык жеңилдиктерин берүүнү;

- сууларды пайдалануу көлөмү боюнча пландуу көрсөткүчтөрдөн сууларды пайдалануучу ашып кеткен учурда сууларды пайдалангандыгы үчүн акынын тарифтеринин өлчөмүн көбөйтүүнү;

- (абзац КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын коргоо боюнча башка экономикалык чаралар да белгилениши мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

V бөлүм.
 Суу фондусун жана суу чарба курулуштарын коргоо

 

44-берене. Суу фондусун булгануудан, акыр-чикирден жана соолуп калуудан коргоо

 

Кыргыз Республикасынын аймагында суу фондусу калктын ден соолугуна зыян келтариши, ошондой эле балык запастарынын азайышына, суу менен жабдуу шарттарынын начарлашына алып келиши жана суулардын физикалык, химиялык жана биологиялык касиеттеринин өзгөрүшүнүн натыйжасында башка ыңгайсыз көрүнүштөрдү пайда кылышы, алардын табигый түрдө тазалануу жөндөмүнүн төмөндөп кетиши, суулардын гидрологиялык жана гидрогеологиялык режиминин бузулушу мүмкүн болсо булгануудан, акыр-чикирден жана соолуп калуудан корголот.

Суу фондусун коргоо суулардын булганышын, акыр-чикирге толушун жана соолушун, болтурбоого багытталган уюштуруу, экономикалык, укуктук системасын жана башка чараларды камтыйт.

 

45-берене. Суу чарба курулуштарын коргоо

 

Суу чарба курулуштарын жана аны менен байланышкан суу жэзктерин коргой турган жасалгаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу, өнөр жайлык жана коммуналдык булганч сууларды агызуу үчүн коллекторлорду салуу жана башка жумуштар сууларды пайдаланууга укук берген лицензияларды алгандан кийин жүргүзүлөт.

Суу чарба курулуштарын, анын ичинде юридикалык жактарга жана граждандарга таандык болгон жерлердеги жер астындагы булактардан суу тарттыруучу скважиналарды жана кудуктарды салууга сууларды пайдаланууга укук берүүчү лицензиялар болгондо жана коңшулаш жер ээлерине жана сууларды пайдалануучуларга зыян келтирилбеген жана суу объектисинин режими бузулбаган шартта уруксат берилет.

Мамлекеттин менчигинде турган суу объектилеринде курулган суу чарба курулуштарын эксплуатациялоо үчүн жоопкерчиликти суу объектисин же суу концессиясын пайдаланууга укук берген лицензиянын ээси, ошондой эле суу объектисинин же анын бир бөлүгүн арендалоочу тартат.

 

46-берене. Суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын булганышынын жана акыр-чикирленишинин алдын алуу

 

Суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына өндүрүштүк, тиричилик жана башка калыптарды жана ар кандай таштандыларды таштоого тыюу салынат. Суу объектилерине булганч суулардын агызылышына ушул Мыйзамдын 36-беренесинде каралган талаптар сакгалган учурда гана жол берилет.

Ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын жер семирткичтер жана уу химикаттар менен булганышына жана жыгачтардын чөгүшүнөн, суулардын сапатына таасир берүүчү химиялык нефть жана башка заттардын кошулушунун кесепетинен суу объектилеринин булганышына жол бербөөгө милдеттүү.

 

47-берене. Суу чогултуучу аянттын үстүңкү бетин, суу сайларынын нуктарын, көлмөлөрдүн муз катмарларын жана мөңгүлөрдү коргоо

 

Сууларды пайдалануучулар суу чогултуучу аянттын үстүңкү бетин, суу сайларынын, көлмөлөрдүн муз катмарын жана мөңгүлөр менен кар касабаларынын үстүнкү бетин турмуш-тиричиликтен чыккан жана башка калдыктардан, таштандылар жана ар кандай булганч заттардан, ошондой эле нефть жана химиялык заттар, жер семирткич жана уулуу химикаттар менен булганган жерин жууп кетирүү жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын сапатынын начарлашына алып келе тургандыктан алар менен булгануусуна жол бербөөгө милдеттүү.

 

48-берене. Санитардык коргоо округдары жана зоналары

 

Ичүү жана тиричиликте, дарылануу үчүн курорттук жана ден соолукту чың- доо максатында пайдаланыла турган суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында санитардык коргоо органдары менен зоналары түзүлөт.

Санитардык коргоо органдарын жана зоналарын белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

49-берене. Санитардык коргоо жээгиндеги зоналары

 

Ачык суу объектилеринин булганышына жана азайып кетишине жол бербөө максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын чечими менен атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдардын сунушу боюнча дарыялардын, көлдөрдүн жана башка көлмөлөрдүн жээктери боюнча санитардык коргоо зоналары түзүлөт.

 

50-берене. Сууларды коргоо зоналары жана тилкелери

 

Суу чарба курулуштарын коргоо жана авариялык жагдайларды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында суу алуучу курулуштардын, суу сактагычтардын, насостук станциялардын, каналдардын, тазалоочу жана башка курулуштар менен техникалык жасалгалардын айланасында суу коргоочу зоналар (тилкелер) түзүлөт.

Суу коргоо зоналарынын (тилкелеринин) аймагы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык суу фондусунун жерлерине кирет жана атайын ыйгарым укугу бар органдардын башкаруусуна берилет.

Суу коргоо зоналарына (тилкелерине) бөлүнгөн суу фондусунун жерин атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдардын макулдугусуз башка максатта жана башка муктаждыктар үчүн берүүгө жол берилбейт.

 

51-берене. Суулардын соолуп кетишинен коргоо боюнча иш-чаралар

 

Дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын, жер астындагы суулардын оптималдуу суу режимин кармап туруу максатында, кыртыштын суу эрозиясынын, көлмөлөрдүн балыр басышынын, суудагы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоо шарттарынын начарлашынын, суунун жогорулап же төмөндөп кетишинин жана сууга зыяндуу таасир тийгизүүнүн башка учурларынын алдын алуу үчүн сууларды сактай турган токой зоналары түзүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка токой мелиоративдик, эрозияга каршы, гидротехникалык жана башка иш-чаралар жүргүзүлөт.

 

52-берене. Жер астындагы сууларды азайып кетүүдөн коргоо чаралары

 

Пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо жака эксплуатациялоо менен байланышкан бургулоо жана башка кен издөө иштерин жүргүзүүдө, мындай иштерди жүргүзүп жаткан юридикалык жактар жана граждандар жер астындагы сууларды коргоо боюнча чара көрүүгө, жөнгө салыуучу жасалгалары жана көзөмөлдөөчү каражаттары бар өз алдынча агып түшө турган жана чалгындоо жүргүзүүчү скважиналарды жабдууга, жер астындагы суу горизонттору ачылган учурлар жөнүндө атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдарга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

Өз алдынча агып түшө турган жана чалгындоочу скважиналарды куруп жана эксплуатациялай турган ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар скважиналарды пайдалануу токтотулган учурда, сууларды керектөө убактылуу токтотулганда же скважиналар эксплуатацияга даяр болгондо, аларды консервациялоону камсыз кылууга, ал эми зарыл учурда - белгиленген тартипте аны жоюуга тийиш.

 

53-берене. Сууларды пайдалануучулардын суулардын зыяндуу таасиринин алдын алуу жана жоюу боюнча милдеттери

 

Суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын пайдалануучу ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар төмөндөгүлөрдү алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү:

- суулардын зыяндуу таасирин;

- суу ташкынын, суу каптоонун жана суу басып калуунун;

- жээктердин, коргой турган тосмолордун жана суу объектилериндеги башка курулуштардын бузулушунун;

- жердин сызга жаяа шорго айланышынын;

- кыртыштын эрозиясынын, коолордун, жер көчкүлөрүнүн, сел агымдарынын жана башка зыяндуу көрүнүштөрдүн түзүлүүшүнүн.

 

54-берене. Суу чарба долбоорлоруна мамлекеттик экологиялык экспертиза

 

Жаңы жана реконструкциялануучу ишканалар менен курулуштар курулганда жана пайдаланууга берилгенде, суу объектилеринде жана суу чарба курулуштарында суулардын абалына таасир берүүчү жаңы технологиялык процесстер колдонулганда Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш.

Мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлгөндө сууларды алууну жана агызууну эсепке алуу, булгануудан, акыр-чикирден жана соолуудан сууларды коргоо боюнча, сууга зыяндуу таасир берүүнүн алдын алуу, суу объектисинин жана курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалына чарбалык иш-аракеттердин алдын алуу боюнча иш-чараларды көзөмөлгө алуу камсыз кылынууга тийиш.

Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутунудусу болмоюнча суу объектилеринде курулуш иштерин финансылоого тыюу салынат.

 

VI бөлүм. Суулардын пайдаланылышын мамлекеттик контролдоо жана эсепке алуу

 

55-берене. Сууларды мамлекеттик контролдоонун жана эсепке алуунун милдеттери

 

Сууларды мамлекеттик контролдоо жана эсепке алуу ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, мамлекеттик органдарга жана граждандарга суу мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылат, ошондой эле суулардын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн нормативдик талаптарга ылайык келишин белгилейт.

 

56-берене. Мамлекеттик суу кадастры

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик суу кадастры суу объектилеринин абалы, аны пайдалануу жана коргоо жөнүндө системалаштырылган официалдуу маалыматтардын жыйындысы болуп саналат. Мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү , атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.

Мамлекеттик суу кадастрына киргизилген ар бир суу объектиси регистрациялык каттоо номерине, аталышына жана физикалык-географиялык, гидрологиялык, укуктук жана экономикалык көрсөткүчтөрдү камтыган комплекстүү мүнөздөмөгө ээ болууга тийиш.

 

57-берене. Суу чарба курулуштарынын мамлекеттик реестри

 

Суу чарба курулуштарынын мамлекеттик реестри суу чарба курулуштарын паспорттоштуруунун системага салынган маалыматтарынын жыйындысы болуп саналат.

Мамлекеттик реестр атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик реестрге киргизилген ар бир суу чарба курулушу чарбалык максаттуу багытталышын, укуктук-физикалык-географиялык, гидрологиялык, техникалык, экономикалык жана башка көрсөткүчтөрдү камтыган комплекстүү мүнөздөмөгө ээ болууга тийиш. Мамлекеттик реестрге жазуу сууларды пайдалануу укугун бере турган лицензияны берүү менен мезгилде жүргүзүлөт.

Суу чарба курулуштарынын мамлекеттик реестрине катталуу үчүн ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар белгиленген тариф боюнча акы төлөйт.

 

58-берене. Сууларды мамлекеттик контролдон жана эсепке алуудан өткөрүүнү ишке ашыруучу органдар

 

Сууларды пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдон жана каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Сууларды Мамлекеттик эсепке алуу жака контролдоо жөнүндө жобого ылайык атайын полномочиелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.

Атайын ыйгарым укугу бар органдар суу объектилеринин, суу чарба курулуштарынын абалына жана суу чөйрөсүнүн корголушуна мүнөздөмө бере турган сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды министерстволордон, администрациялык ведомстволордон, уюмдардан жана граждандардан чектөөсүз жана акысыз алып турууга укуктуу.

 

59-берене. Суу объектилеринин мониторинги

 

Суу объектилеринин мониторинги өзгөрүүлөрдү өз убагында табуу, аларга баа берүү, терс процесстерди алдын алуу жана жоюу үчүн суулардын абалына байкоо жүргүзүү системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын аймагында сууларды контролдоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик системасынын составдуу бөлүгү болуп саналат.

Суу объектилерине Мамлекеттик мониторингди жүргүзүүнүн структурасы, мазмуну жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

 

60-берене. Сууларды контролдоону жана эсепке алууну нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык жактан камсыздоо

 

Сууларды коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында суу ресурстарынын санынын жана сапатынын жол берилген көрсөткүчтөрүнө, суулардын көрсөткүчтөрүн өлчөөнүн тактык нормаларына талаптарды регламенттөөчү жана суу объектилерине өндүрүштүк жана башка иштердин таасиринин чектерин жөнгө салуучу нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык камсыз кылуунун бирдей системасы белгиленет.

Нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык жактан камсыздоо системасы өлчөөнү жүргүзүүнүн стандарттарын, эрежелерин, жоболорун, инструкцияларын, ыкмаларын жана башка нормативдик докуметтерди камтыйт.

Сууларды контролдоо жана каттоо жагындагы тараптар Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууларга ылайык келүүгө тийиш.

Сууларды контролдоо жана эсепке алуу жагындагы талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте иштелип чыгат, макулдашылат жана бекитилет.

 

VII бөлүм.
Суу талаштарын чечүү

 

61-берене. Юридикалык жактардын жана адамдардын ортосундагы суу боюнча талаштарды чечүү

 

Юридикалык жактардын жана адамдардын ортосундагы суу талаштары тиешелүү талаптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр менен жөнгө салынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын полномочиелүү ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар тарабынан чечилет.

Суу чарба курулуштарын менчиктөө укугуна, суу объектилерин концессиялоо жана арендалоо укугуна ээ болгон юридикалык жактар жана адамдар, ошондой эле чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар катышкан суу талаштары сот тартибинде чечилүүгө тийиш.

Суу объектисине же суу чарба курулушуна келтирилген чыгым ордун толтуруу менен байланышкан мүлктүк талаш-тартыш алардын кайсы сотко тиешелүү экендигине ылайык сотто чечилет.

( КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

VIII бөлүм.
Суу мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

62-берене. Суу мыйзамдарын бузуунун түрлөрү

 

Атайын полномочиелүү мамлекеттик органдар төмөндөгүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык юридикалык жактарды жана адамдарды дисциплинардык, административдик, граждандык кылмыш жоопкерчилигине тартат:

- суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын өз алдынча ээлеп алганда;

- сууларды өз алдынча пайдалаганда;

- суу пайдалануу укугун башка бирөөгө ыйгарганда жана суу объектилерине жана суу ресурстарына мамлекеттик менчик укугун бузган башка бүтүмдөрдө;

- сууларды пайдалануу укутуна берилген лицензияда көрсөтүлгөн шарттарды бузуу менен суу алганда;

- суу ресурстарын чарбасыздык менен пайдаланганда;

- гидротехникалык иштерди өз алдынча жүргүзгөндө;

- суу чарба курулуштарын жана жасалгаларын пайдалануу эрежелерин бузганда;

- атайын полномочиелүү мамлекеттик органдардын көрсөтмөлөрүн аткарбаганда;

- сууларды пайдаланууну контролдоону жана эсепке алуучу ишке ашыруунун нормативдик-техникалык, санитардык-гигиеналык жана метрологиялык тартибинин талаптарын бузганда;

- суу ресурстарынын абалы жана пайдаланылышы жөнүндө өз учурунда жана так маалыматтарды берүүдөн баш тартканда же бурмаланган маалыматтарды бергенде;

- тазалоочу курулуштар канааттандырарлыксыз иштегенде, суу объектилерине булгай турган заттар нормадагыдан ашык агып түшкөндө;

- суу тазалай турган курулуштары жок ишканаларды, курулуштарды жана жасалгаларды пайдаланууга бергенде;

- суу объектилеринин жана суу чарба курулуштарынын булганышын, кыртыштын суу эрозиясын жана башка зыяндуу көрүнүштөрдү пайда кылуучу суу чарба режими бузулганда;

- суу тартып алуучу жана сарыктыруучу скважиналар менен кудуктарды пайдаланууда жер астындагы суулардын булганышына алып келе турган нормалар жана санитардык талаптар бузулганда;

- агып чыкма сууларды жер астындагы суу топтолгон горизонтторго агызганда;

- экологиялык кыйроолордун кесепеттерин жана суулардын зыяндуу таасиринин башка кесепеттерин жоюу боюнча өз учурунда жана жетиштүү чаралар көрүлбөгөндө.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен суу мыйзамдарынын башка түрлөрүнүн бузулгандыгы үчүн да жоопкерчилик белгилениши мүмкүн.

 

63-берене. Өз алдынча ээлеп алынган суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын кайра кайтаруу

 

Өз алдынча ээлеп алынган суу объектилери жана суу чарба курулуштары мыйзамсыз пайдалануу учурунда жумшалган чыгымдардын ордун толтурбастан толугу менен кайра кайтарылып берилет.

Өз алдынча ээлеп алынган суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын кайра кайтаруу соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

 

64-берене. Суу мыйзамдарынын бузулушунан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу

 

Ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар суу мыйзамдарынын бузулушунан улам келтирилген чыгымдын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте толтурууга милдеттүү.

Кызмат адамдарынын жана башка кызматкерлердин күнөөсү менен ишканалар, уюмдар, мекемелер жана граждандар зыян тартса, күнөөкөрлөр белгиленген тартипте материалдык жана башка жоопкерчилик тартат.

Суу объектилерине, суу чарба курулуштарына жана жапа чеккен тарапка суу мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу ыктыярдуу түрдө же тарткан зыяндын өлчөмүн, анын ичинде алынбай калган пайданы эске алуу менен суу объектисинин же суу чарба курулушунун бузулган абалын калыбына келтирүүгө жумшалган иш жүзүндөгү чыгымдарга ылайык соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

Бир нече күнөөкөр болгондо чыгашаны өндүрүү ар бир жоопкердин белгилүү үлүшүнө ылайык жүргүзүлөт.

Тараптардын макулдугу менен соттун чечими боюнча чыгаша жоопкерге анын күчүнүн жана каражатынын эсебинен суу объектисин же суу чарба курулуштарын калыбына келтирүү боюнча милдеттерди жүктөө жолу менен өндүрүлүшү мүмкүн.

 ( КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

65-берене. Суу мыйзамдарын бузган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин токтотуу жөнүндө доо коюу талаптары

 

Ишканалар, мекемелер, уюмдар жана адамдар сотко суу мыйзамдарын бузган юридикалык жактардын ишин токтотуу жөнүндө доо талаптарын коюуга укуктуу.

Суу объектилерине же суу чарба курулуштарына зыяндуу таасир тийгизген юридикалык жактардын ишин токтотуу жөнүндө соттун чечими, эгерде чыгарылган чечимде башка жагдай каралбаса, тийиштүү банк мекемелери тарабынан аларды финансылоону токтотуу үчүн негиз болуп саналат.

 ( КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

 

IX бөлүм.
Суу мамилелери жагынан эл аралык кызматташтык

 

66-берене. Суу мамилелери жагынан эл аралык кызматташтыктын принциптери

 

Кыргыз Республикасы суу мамилелери жагынан өзүнүн саясатында чет мамлекеттер менен достук мамилелердин жана өз ара жардам көрсөтүүнүн, жалпы экологиялык коопсуздуктун, эл аралык жаратылышты коргоо кызматташтыгын ар тараптан өнүктүрүүнүн негизинде суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо иштерин камсыз кылуу зарылчылыгына таянат.

 

67-берене. Башка мамлекеттер менен суу боюнча мамилелер

 

Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун нормаларын жана мамлекеттер аралык макулдашууларды пайдалануу боюнча конвенциянын негизинде:

- калдык аз чыгуучу жана калдыксыз технологияларды колдонуу жолу менен чек ара сууларына булганч заттардын агып түшүшүнө алдын-ала жол бербөөнү, чектөөнү жана кыскартууну;

- суулардын сапатынын критерийлерин белгилөөнү;

- агып чыкма суулардын агып тушүшүнүн нормаларынын чегин аныктоону;

- транс чек ара жана чек ара суу объектилеринин абалынын мониторинг программасын иштеп чыгууну жана макулдашууну;

- чек ара суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын биргелешип пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана макулдашууну;

- зарыл учурда суу мамилелерин жагынан мамлекеттер аралык макулдашуулардын аткарылышына контролдук кылуу боюнча биргелешкен органдарды уюштурууну;

- чек арадагы суу объектилерин жана суу чарба курулуштарын биргелешип пайдаланууда маалымат алмашып турууну, оперативдүү кабарлашууну жана өз ара жардам көрсөтүүнү;

- чек арадагы суу объектилерине таасир тийгизүүнүн натыйжасында келтирилген зыян үчүн жалпы жана компенсациялык жоопкерчиликти белгилөөнү;

- суу талаштарын чечүү боюнча арбитраждык процессти ишке ашырат.

 

68-берене. Суу мамилелери жагындагы эл аралык келишимдер

 

Сууларды пайдалануу жана коргоо менен байланышкан мамилелер ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин жоболору менен жөнгө салынат.

Эгерде эл аралык келишимдерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

69-берене. Кыргыз Республикасы менен башка мамлексттердин ортосунда чек ара сууларын пайдалануу жөнүндө талаш-тартыштарды чечүү

 

Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттик сууларды пайдалануучуларынын ортосундагы талаш-тартыштар мамлекеттердин Өкмөтү теңдеш негизде түзгөн көз каранды эмес арбитраждык комиссия тарабынан каралат, же болбосо тиешелүү Конвенцияда же эки тараптуу же көп тараптуу келишимдерде башка жагдайлар каралбаса, мындай тартип бузуу орун алган мамлекеттин сотунда (арбитражда) каралат.

 

70-берене. Башка мамлекеттер менен суу мамилелеринин экономикалык укуктук механизми

 

Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен суу жагындагы мамилелеринин эл аралык укуктун нормаларынын жана мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде белгиленген экономикалык укуктук механизми төмөндөгүлөрдү карайт:

- юридикалык жактардын жана адамдардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн жана граждандыгы жок адамдардын таламында күнөөлүү тарап келтирген чыгымдын ордун өндүрүүнү;

- суу объектилерине жана суу чарба курулуштарына күнөөлүү тарап келтирген зыяндын ордун өндүрүүнү;

- башка мамлекеттердин суу чарба курулуштарын пайдалануу менен байланышкан суу ресурстары жөнгө салынган учурда суу объектилеринен сууну алуу, аны жөнгө салуу, ташуу, тазалоо жана башка суу чарба иш-чаралары менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну;

- эки жана андан ашык мамлекет пайдаланган транс чек ара жана чек ара суу объектилеринде сууларды кайтаруу, агымын жөнгө салуу жана башка суу чарба иш-чаралары менен байланышкан мамлекеттердин биринин бир тараптуу чыгымдарынын ордун толтурууну;

- мамлекеттердин бири тарабынан белгилүү акыга экинчи мамлекетке эл аралык макулдашуулардын негизинде белгиленген суу ресурстарындагы өз үлүшүн берүүнү;

- суу чарба жана сууну коргоо иш-чараларын финансылоо үчүн башка мамлекетке кредит жана инвестиция берүүнү;

- суу мамилелери жагынан чет өлкөлүк инвесторлорго ишенимдүү гарантияларды жана жеңилдиктерди камсыз кылууну жана алардын укуктары менен таламдарын коргоону;

- чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана адамдарга, анын ичинде граждандыгы жок адамдарга суу концессиясын беруу үчүн төлөнүүчү акыны белгилөөнү.

 

71-берене. Чет өлкөлүк юридикалык жактардын жана адамдардын жана граждандыгы жок адамдардын милдеттери

 

Чет өлкөлүк юридикалык жактар жана адамдар жана граждандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын талаптарын сактоого милдеттүү жана алардын бузулушу үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев