Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c505e9bc-9a93-4784-b1f7-999f4378b372\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1998-жылдын 18-майы № 65

Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2005-жылдын 14-мартындагы № 51,
2006-жылдын 31-июлундагы № 138 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 16,
2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2016-жылдын 30-июнундагы № 94,
2016-жылдын 6-июлундагы № 99 ,
2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

(Преамбула КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

I бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

бактерия таратуучулар - айлана-чөйрөгө оору козгоочуларды таратуучу оорулуулар;

(абзац КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

вакциналар - күчсүздөтүлгөн тирүү же өлтүрүлгөн микроорганизмдерден, алардын жашоо-тиричиликтик продуктуларынан, ошондой эле микробдук клеткадан алынган дарылык заттар. Вакциналар адамдардын жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларга өзгөчө туруштук берүүсүн жогорулатуу үчүн жана бул оорулардын кээ бирлеринен дарылоо үчүн колдонулат;

вакциналаштыруу - жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында активдүү иммунитетти түзүү ыкмасы;

кургак учукка каршы жардам - кургак учук менен ооругандарды аныктоого, изилдөөгө, дарылоого, байкоого жана реабилитациялоого багытталган жана амбулатордук же стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүдө жүргүзүлүүчү социалдык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын жыйындысы;

кургак учуктун микобактериялары - кургак учукту козгоочу-микроорганизмдер;

кургак учукту туберкулиндик табуу - кургак учукту табуу үчүн колдонулган дары заттын - туберкулиндин жардамы менен ооруну аныктоо үчүн оорулууну изилдөө ыкмасы;

кургак учук - кургак учуктун микобактериясы козгоочу жугуштуу оору.

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Кургак учукка каршы иш-чаралар жана аларды жүргүзүү талаптары

Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чаралар (санитардык-жакшыртуу, эпидемияга каршы, алдын алуучу, диагноздук, дарылоо жана реабилитациялык) ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген негизде жана тартипте жүргүзүлөт.

Мамлекеттик бийлик органдары өз компетенциясынын алкактарында жүргүзгөн кургак учукка каршы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык граждандар жана граждандыгы жок адамдар үчүн акысыздыктын, жалпыга жеткиликтүүлүктүн жана теңдиктүү мүмкүнчүлүктөрдүн талаптарында жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы уюмдарына пландуу медициналык жардам сурап кайрылган чет өлкөлүк жарандарды изилдөө жана дарылоо жарандардын ден соолугун сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2016-жылдын 6-июлундагы N 99, 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ошондой эле ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын жарандардын ден соолугун сактоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-статья. Жөнгө салуу чөйрөсү

Ушул Мыйзам кургак учук менен ооруганда жарандардын укуктарын, милдеттерин жана социалдык кепилдиктерин регламенттейт, Кыргыз Республикасында калкты кургак учуктан сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана укуктук жөнгө салуунун тартибин аныктайт.

(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II бөлүм
Кургак учукка каршы жардамдын жана социалдык камсыздоонун мамлекет кепилдикке алган түрлөрү

 

4-статья. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдиктер жана иш-чаралар

Мамлекет тарабынан төмөнкүлөр кепилденет:

- кургак учукка каршы кечиктирилгис жардам;

- кургак учукту адистештирилген алдын алуу, кургак учукка каршы мамлекеттик уюмдарда (мындан ары - кургак учукка каршы уюмдар) амбулатордук жана стационардык шарттарда консультациялык-диагностикалык, дарылоо, реабилитациялык жардам;

- кургак учук менен ооруган адамдын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат берүү;

- кургак учук менен оорунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө анын ден соолугуна зыян келтирилген учурда, кургак учук менен ооруганга жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте залалдын ордун толтуруу;

- кургак учук менен оорунун кесепетинен майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарын жана кепилдиктерин коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумушчу орундарын квоталоо аркылуу ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга ишке орноштуруу.

Кургак учукка каршы жардам төмөнкүдөй камсыз кылынат:

- кургак учукка каршы амбулатордук, стационардык жардам көрсөткөн уюмдар аркылуу;

- кургак учук менен ооруган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Медициналык-санитардык жардамды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз дары-дармектер менен жардам көрсөтүү аркылуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адамдарды, анын ичинде кургак учук менен ооругандарды кургак учукка каршы жардамдын жана социалдык сактоонун бардык түрлөрү менен камсыз кылууну берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берилген каражаттардын эсебинен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашырышат.

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүчү мекемелер жана адамдар

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6-статья. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү боюнча дарыгерлик ишке укук

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7-статья. Кургак учукка каршы жардамдын түрлөрү жана аны көрсөтүү тартиби

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

III бөлүм
Кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу, укуктук жактан жөнгө салуу жана каржылоо

 

8-статья. Кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

Кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча уюмдарды аныктайт;

- калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарын бекитет;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын жайылышына эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү тартибин жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эпидемиологиялык кырдаалдын оорлошуусуна таасир этүү тутумун аныктайт;

- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө карата аларга кургак учук жуккан-жукпаганына дайыма көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырууну камсыз кылат.

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Каттоо жана эсебин алуу

Активдүү кургак учуктун бардык жаңы табылган учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, милдеттүү түрдө мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга жатат.

Кургак учук менен ооругандар-бактерия таратуучулар кургак учуктун микобактерияларын аныктоонун ыкмасына карабай жугуштуу деп табылат. Кургак учуктун микобактериялары биринчи жолу табылган адамдарга карата, аларды кургак учукка каршы диспансерде каттоодон тышкары, санитардык-эпидемиялык көзөмөл органдарына жугуштуу оорулуулар катары чукул маалымдоо жиберилет.

Санитардык-эпидемиялык көзөмөл органдарына чукул маалымдоо, ошондой эле адам өлгөндө, сөөктү союуда өлгөн адам тирүүсүндө кургак учук менен ооругандыгы, бирок эсепке алынбагандыгы аныкталган ар бир учурда да берилет.

(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Кургак учукка каршы иш-чараларды каржылоо

Кургак учукка каршы иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекет төмөнкүлөрдү каржылоону камсыз кылат:

- алдын алуучу иш-чараларды, анын ичинде вакциналарды сатып алууну;

- диагноздук иш-чараларды (бактериялогиялык, флюорографиялык, рентгендик изилдөөлөрдү, кургак учукту туберкулиндик табууну жана башка зарыл изилдөөлөрдү);

- бардык кургак учук менен ооругандарды стационардык жана амбулаториялык шарттарда дарылоону;

- кургак учукка каршы дары заттарын сатып алууну;

- кургак учукка каршы уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү.

Кургак учукка каршы иш-чараларды кошумча каржылоо:

менчиктин жана баш ийүүнүн бардык түрлөрүндөгү ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен биргелешип кургак учукка каршы иш-чараларды өткөрүү боюнча келишимдердин натыйжасында алынган каражаттардын;

калкка кепилдикке алынган базалык медициналык жардамдын көлөмүнөн ашыкча акы үчүн көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн;

кургак учукка каршы уюм кургак учук боюнча эпидемияга каршы тартипти бузууда күнөөлүү болгон ишканалардан жана граждандардан доо талаптарын канааттандыруунун натыйжасында өндүрүлгөн материалдык компенсациянын;

милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын;

ишканалардын, мекемелердин, соопчулук коомдорунун, Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана чет өлкөлүк граждандардын ыктыярдуу кошумча салымдарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Кургак учукка каршы иш-чараларды каржылоого багытталган каражаттар биринчи кезекте өзгөчөлүктүү диагноздук иш-чараларды жүргүзүү, кургак учукка каршы дары-дармектерди толук көлөмдө сатып алуу жана оорулууларды тамак-аш менен камсыздоо үчүн пайдаланылат.

(КР 2005-жылдын 14-мартындагы № 51, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 , 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV бөлүм
Калкты кургак учуктан сактоо жана кургак учуктун таралышын чектөө боюнча чаралар

 

11-статья. Калкты кургак учуктан сактоо

Айлана-тегеректегилерге кургак учукту жуктурууга коркунуч туудурган адамдарга тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен иштерде иштөөгө жол берилбейт.

Рентгендик-флюорографиялык изилдөөдөн өтпөгөн адамдарга ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тизмекке кирген жумуштарга жол берүүгө тыюу салынат.

Айлана-тегеректегилерге кургак учукту жуктурууга коркунуч туудурган адамдарды айкындоо үчүн кургак учуктун микобактерияларынын бар-жогун билүү үчүн көрсөтүлгөн адамдардын какырыгын милдеттүү бактериоскопиялык изилдөө, ошондой эле, аларды Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" аныктаган мезгилдерде рентгендик-флюорографиялык изилдөө жүзөгө ашырылат.

(Бөлүк КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бөлүк КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кургак учук менен ооругандар жашаган жерлерде эпидемияга каршы жана алдын алуу иш-чаралары коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

Коргонуу, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук органдарынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери аскер кызматчыларынан кургак учук табылган учурда, алардын жашаган жери боюнча кургак учукка каршы уюмдарга маалымдоого милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жаза аткаруу тутумунун медициналык кызматтарынын кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кармалган же эркиндигинен ажыратылган жерлердеги адамдардын жашаган жерлери боюнча кургак учукка каршы уюмдарга төмөнкүлөрдү маалымдоого милдеттүү:

- кургак учук менен ооруунун биринчи жолу айкындалган ар бир учур жөнүндө;

- жазык-түзөтүү тутумунан бошонуп жаткан кургак учук менен ооруган адамдар жөнүндө;

- адамдардын кургак учуктан өлгөн учурлары жөнүндө.

Жаза аткаруу тутумунун администрациясы бошотуу жөнүндө маалымдамаларда жазасын өтөгөн адамдарда кургак учук бар-жогу тууралуу белги коюуга милдеттүү.

(Бөлүк КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 (КР 2005-жылдын 14-мартындагы № 51, 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 16, 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 , 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-статья. Жугуштуу кургак учуктун алдын алуу

Жаңы төрөлгөндөрдү кургак учукка каршы эмдөө жана туберкулинодиагностикалоо милдеттүү болуп саналат. Кургак учукка каршы эмдөө жана туберкулинодиагностикалоо иммуно алдын алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык алдын ала эмдөөлөрдүн боюнча Улуттук календарында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Мал чарбачылыгындагы ветеринардык-санитардык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар

Айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө көрсөтүлгөн жаныбарларга кургак учук жуккан-жукпаганына дайыма көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Менчиктин бардык түрлөрүндөгү жана ведомстволук башкаруудагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын мал чарбалык фермалары учурдагы ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына жооп берген абалда кармалууга тийиш.

Айыл чарба жаныбарларын клиникалык текшерүү жана кургак учукту туберкулиндин жардамы менен табуу ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

Кургак учукка чалдыккан чарбалардан сүт иштетүүчү ишканаларга сүт сатуу, аны милдеттүү түрдө пастерлештирүүдөн же кайнатуудан кийин гана жүргүзүлөт. Чарбаларга кайтарылып берилүүчү тартылган сүт да терең пастерлештирилүүгө же кайнатылууга тийиш.

Кургак учукка чалдыккан чарбалардын мал чарбалык продукцияларын эркин сатып-өткөрүүгө тыюу салынат.

Кургак учукка чалдыккан чарбалардын малын союу мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан аныкталган мал союучу аянттарында гана жүргүзүлөт.

Ар бир калктуу пунктта өлгөн малды жок кылуу үчүн атайын жай түзүлөт.

Мал чарбаларынын жетекчилери жана мал ээлери азык багытындагы малды кармоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузганы үчүн администрациялык мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.

Адамдарга кургак учуктун жугушунун алдын алуу, ошондой эле адамдардын жана айыл чарба жаныбарларынын кургак учук менен ооруп калган учурлары жөнүндө маалымдоону камсыз кылуу боюнча иш-чаралар коомдук саламаттык сактоо жана ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

 (КР 2005-жылдын 14-мартындагы № 51, 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 16, 2016-жылдын 30-июнундагы № 94, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 , 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Алмаштырылууга жаткан текстин жоктугуна байланыштуу, КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 13-беренеге киргизилген жок.

14-статья. Физиатрия жагындагы илимий-изилдөөлөрдү каржылоо

Физиатрия жагында илимий-изилдөөлөрдү каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана анын өлчөмү калкты кургак учуктан сактоого жумшалган каражаттардын көлөмүнүн 1 процентинен кем эмес белгиленет.

Мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кургак учуктун алдын алуу, табуу жана дарылоо боюнча илимий изилдөөлөрдү келишимдик шарттарда каржылай алышат.

V бөлүм
Кургак учук менен ооруган адамдардын укуктары жана милдеттери

 

15-статья. Кургак учук менен ооруган адамдардын укуктары

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамы менен 15-статьянын расмий тилдеги аталышына өзгөртүүлөр киргизилди)

Кургак учук менен ооруган адамдар:

- адамдын кадыр-баркын кордоону жокко чыгарган, сыйлуу жана гумандуу мамилеге;

- өзүнүн укуктары жана өзүнүн оорусунун мүнөзү жана колдонулган дарылоо ыкмалары тууралу маалымат алууга;

- изилдөө жана дарылоо үчүн зарыл болгон мезгилде стационарда болууга;

- адистештирилген санаторийлерде жана күндүзгү стационарларда дарыланууга укуктуу;

- оорунун терминалдык стадиясында врачтын байкоосу астында саламаттык сактоо уюмдарында же амбулаториялык жардам формасында паллиативдик жардам алууга.

Кургак учук менен биринчи жолу ооруган же өнөкөт кургак учуктуу адамдар, узактыгы медициналык, социалдык жана эпидемиологиялык себептери боюнча ишке жарамсыздыгы башталган мезгилден тартып 12 айга чейинки чектерде аныкталган оорулук баракчасын алууга укуктуу болушат. Бейтап баракчасын көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча узартуу же эмгекке туруктуу жарамсыздыгын белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

Кургак учук менен ооруунун кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготкон кызматкерлердин майыптык тобу белгиленгенге же болбосо клиникалык айыкканга чейин жумуш орду же ээлеген кызмат орду эмгек мыйзамдарына ылайык сакталат.

(Бөлүк КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бөлүк КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Кургак учукка каршы уюмда дарыланууда жүргөн балдарга орто (толук) билим берүү программасы боюнча окуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Кургак учук менен ооруган, расмий жумушсуз болуп саналган адамдар жумуш издеген мезгилде, убактылуу эмгекке жөндөмсүз мезгилин кошуп алганда, калктын жумуштуулугуна көмөк көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жумушсуздук боюнча жөлөкпул менен камсыз кылынат.

16 жашка чыга элек, кургак учук менен ооруган жана буга байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар деп таанылган балдардын ата-энелери же иш жүзүндө аларды багууну жүзөгө ашырган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

- оорусу катуу жана кичине балдар менен кургак учукка каршы уюмда чогуу болууга;

- эмгек мыйзамдарына ылайык аларга ыңгайлуу кандай болбосун убакта же белгилүү бир мезгилде ар жылдык эмгектик өргүү алууга.

Кургак учукка каршы мекемеге консультацияга жана дарыланууга чакырылган же жөнөтүлгөн кургак учук менен ооруган адамдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен акысыз жүрүүгө (барып-келүүгө) укуктуу.

 (КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 , 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Кургак учук менен ооруган адамдардын милдеттери

Кургак учук менен ооруган адамдар:

- (абзац КР 2011-жылдын 21-апрелиндеги N 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- медицина кызматкеринин дарылануу тартиби, турмуш-тиричиликте жана өндүрүштөгү жүрүм-туруму боюнча сунуш-кеңештерин аткарууга;

- медициналык кызматкердин чакыруусу боюнча кургак учукка каршы уюмга келүүгө;

- айлана-тегерегиндеги адамдарды кургак учуктун жугушунан сактоого, алар туруктуу жашаган жерлерде эпидемияга каршы жана санитардык-ден соолук чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүүгө тоскоолдук келтирбөөгө;

- туруктуу жашаган жерин алмаштырганда 10 күндүк мөөнөттө иш жүзүндө жашаган жери боюнча кургак учукка каршы уюмда каттоого турууга милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 21-апрелиндеги N 16, 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI бөлүм
Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

17-статья. Кургак учук менен ооруган адамдардын жоопкерчилиги

Дарылоодон качкан кургак учук менен ооруган адамдар соттун чечими боюнча кургак учукка каршы атайын түзүлгөн дарылоо уюмдарына мажбурлап жаткырылат.

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин жоопкерчилиги

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

19-статья. Медициналык кызматкерлердин жоопкерчилиги

Медициналык кызматкерлер кесиптик милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигин тартышат.

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-статья. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү боюнча ишке көзөмөлдүк жүргүзүү

(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Берене күчүн жоготкондугуна байланыштуу, КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.

21-статья. Ушул Мыйзамды бузган адамдардын укукка жат аракеттерине даттануу тартиби

Медициналык кызматкерлердин, жооптуу кызмат адамдарынын, социалдык коргоо органдарынын, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (МСЭК) кызмат адамдарынын, кызматкерлеринин граждандарды кургак учуктан сактоо чөйрөсүндө жана аларга кургак учукка каршы жардам көрсөтүүдө алардын укуктарын бузган укукка жат аракеттери Кыргыз Республикасынын администрациялык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык же сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы N 144, 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VII бөлүм
Кургак учукка каршы мекемелердин кызматкерлерине социалдык камкордук

 

22-статья. Кургак учук ооруусун кесиптик ооруларга таандык кылуу

Кургак учукка каршы уюмдардын медициналык жана башка кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууда кургак учук жуктуруп алуулары кесиптик оорулар категориясына таандык кылынат.

(КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүгө катышкан кызматкерлер үчүн мамлекеттик кепилдиктер

Кургак учукка каршы уюмдардын медициналык жана башка кызматкерлери узактыктагы 14 календарлык күндүк кошумча өргүүгө, эмгек акысына кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө үстөк акы алууга укуктары бар.

Кургак учук боюнча өлкөдөгү же айрым региондогу өзгөчө эпидемиялык кырдаал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан граждандардын кургак учук менен ооруган учурларын өз убагында табуу үчүн медициналык кызматкерлерге материалдык кызыктыруу чаралары колдонулушу мүмкүн.

 (КР 2005-жылдын 14-мартындагы № 51, 2006-жылдын 31-июлундагы № 138, 2016-жылдын 30-июнундагы № 94 , 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VIII бөлүм
Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы

 

24-статья. Кыргыз Республикасынын калкты кургак учуктан сактоо жагындагы эл аралык кызматташтыгы

Кыргыз Республикасынын калкты кургак учуктан сактоо жагында башка мамлекеттер менен кызматташтыгы Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

(Бөлүк КР 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 21-апрелиндеги N 16, 2019-жылдын 26-февралындагы N 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IX бөлүм
Корутунду жоболор

 

25-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

26-статья. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү;

- министрликтер менен администрациялык ведомстволордун ушул Мыйзамга каршы келген өздөрүнүн ченемдик актыларын кайра кароолорун жана алып салууларын камсыз кылуу тапшырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Акаев