Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\74e4a95a-3372-4347-b5bd-90ed9a93ff13\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 токтомунун редакциясына ылайык)

2013-жылдын 21-октябры № 575

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгын эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 23-июлундагы № 367 "Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеринин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик компьютердик тармакта мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеринин Регламентинде:

4.1 жана 5.1-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 11 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана башка мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык," деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;

- 1-3-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3 жана 5-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосунда:

27-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:

1-тиркеменин жыйырма алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу";

2-тиркеменин "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы" деген бөлүм төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы

Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары

Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусунун орун басары

Бөлүм башчы, бөлүм башчынын орун басары

Сектор башчысы.".

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибинде:

3 жана 4-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:

112-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 107-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1 жана 2-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына" деген сөздөр ар түрдүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүчү кызмат орундарынын жана адамдардын тизмесинде:

40 жана 41-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"40. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу жана анын орун басарлары.

41. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери.";

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускамада:

2 жана 12-пункттардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 56-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1 жана 2-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 129-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев