Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\661f6d58-3d23-49ae-9aab-6b21bf3e4d1a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 26-июну № 5389-V

Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө

Мыйзам долбоорлорун жол-жоболоштурууда мыйзам чыгаруу техникасынын каражаттарын, эрежелерин жана ыкмаларын пайдаланууда бирдейликти сактоо жолу менен мыйзам актыларынын жогорку сапатын камсыз кылуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускама бекитилсин (тиркелет).

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иши мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу менен байланышкан кызматкерлерди мыйзам чыгаруу техникасы боюнча Нускаманы колдонууга окутуу программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу чараларын кабыл алсын.

4. "Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускамасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы № 1064-III токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары

Б. Мамырова