Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\88cbd91e-aa91-4dbe-8b0b-ce585af05efb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 31-марты № 412-VI

Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариевдин маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Инвестициялык саясат өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларды тартууга жана ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кызыгарлык шарттарды түзүүгө багытталууга тийиш.

2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Программанын кабыл алынгандыгына карабастан (Өкмөттүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 129 токтому) Өкмөт тарабынан бизнес-коомдоштуктун катышуусу менен кеңейтилген форматта инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан жана Өкмөт тарабынан чечүүнү талап кылган инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын көйгөйлүү иштеринин маселелери талкууланган эмес.

Ишкердик субъектилеринин, айрыкча чет өлкөлүк инвесторлордун абалы татаал жана туруксуз бойдон калып, анын өнүгүүсүн уланткан жана ишке ашырууда мамлекеттик саясат жана колдоо зарыл болгон бизнес субъектилерин түзүүдөгү жана алардын иштөөсүндөгү административдик, техникалык жана финансылык тоскоолдук факторлору дагы эле сакталып келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасы жана эл аралык уюмдардын эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатына жана бизнес-чөйрөсүнө талдоолор (мониторинг) өлкөнүн экономикасынын өсүүсүнүн төмөндүгүнүн чечүүчү себептеринин бири инвестициялардын жетишсиз деңгээли болуп санала тургандыгын көрсөттү. Инвестицияларга дем берүү боюнча мамлекеттик программалардын жоктугу дүйнө жүзүндөгүдөй эле регионалдык масштабда да республиканын анча жогору эмес кызыгаарлык деңгээлинин төмөндөп бара жатышына алып келди.

Инвестициялык жагымдуу климатты түзүү маселелериндеги негизги милдеттердин бири - ишкердик иш аракеттерди жүзөгө ашыруудагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды кыскартуунун зарылдыгы болуп саналат. Буларга биринчи кезекте, мамлекеттин лицензиялоого жана уруксат алууга талабы, ошондой эле мамлекеттик контролдоочу органдардын өтө көп контролдук-көзөмөлдүк функциялары кирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Граждандык кодексте, "Инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка бир катар мыйзамдарда менчик укугун коргоону жөнгө салган ченемдердин болгондугуна карабастан иш жүзүндө инвесторлордун менчикке укуктарын коргоо деңгээли төмөн бойдон калып, инвестициялардын агымына тескери таасир тийгизүүдө.

Инвестициялардын минималдуу босогосунун 20 миллион сомго чейин азайышы жана инвесторлор үчүн айыл чарбасына, билим берүүгө, саламаттык сактоого, маданиятка жана инфратүзүмгө инвестициялык визаларды колдонуу чөйрөсүнүн кеңейиши иштиктүү активдүүлүккө дем берүүгө жана өлкөнүн экономикасына инвестициялык ресурстарды кошумча тартууга өбөлгө түзмөкчү.

IFC эл аралык финансы корпорациясы тарабынан Инвестициялык климатты жакшыртуу долбоорунун алкактарында өткөрүлгөн изилдөөлөрдөгү маалыматтар боюнча бизнес жүргүзүүгө тоскоолдук кылган факторлор: коррупция - 80%, мамлекеттин аракеттеринин ачык-айкындуулугунун төмөндүгү жана белгисиздиги - 79%, укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо - 62%, экспроприацияга, конфискацияга байланыштуу тобокелдиктер - 40%, жергиликтүү инвесторлорго салыштырганда чет өлкөлүк инвесторлорду дискриминациялоо - 39%, Өкмөт тарабынан контракттардын шарттарын бузуу - 27% болуп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк банктын бизнес жүргүзүү жөнүндө отчётунун маалыматтарына ылайык, Кыргыз Республикасы "Бизнес жүргүзүү" (Doing business) дүйнөлүк рейтингинде 2015-жылы 189 өлкөнүн ичинен "бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги" боюнча 67 орунду, 2014-жылы - 68 орунду ээлеген,  ал эми 2012-жылы 41 орунга ээ болгондугу инвестициялык климаттын начарлашын тастыктап турат.

Инвесторлорду сурамжылоолор көрсөткөндөй, салык мыйзамдарын колдонуунун ыраатсыз жүргүзүлүшү, көптөгөн салыктык текшерүүлөр республикага инвестирлөөнүн максатка ылайыктуулугуна шек туудурат. КНСти администрлөө тутуму, социалдык фондго камсыздандыруу чегерүүлөрү, акциз салыктары жана сатуудан салык бизнес үчүн оор түйшүк бойдон калууда.

IFСтин (Эл аралык финансы корпорациясынын) кичи жана орто бизнес (КОБ) сурамжылоосуна ылайык жеке ишкерлердин 83%зы жана КОБнын 81%зы салыктык текшерүүлөргө алынган, мында КОБ жылына орточо эки жолудан, жеке ишкерлер - жылына төрт жолудан инспекциялык текшерүүгө алынган. Салыктык текшерүүлөргө байланыштуу жеке текшерүүлөр, аларды кеңири камтуу жана кетирилген чыгымдар кичи жана орто бизнес үчүн жөнөкөйлөтүлгөн салык режимине оң натыйжага берүүдөн ашык колдонулат.

Өкмөт контролдоочу органдар тарабынан негизсиз жана кайталанма текшерүүлөрдүн санын кыскартуу, текшерүү жүргүзүүнүн кабыл алынган тартибин бузгандыгы жана аларды жүргүзүүдө кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын ашырып жибергендиги үчүн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин киргизүү боюнча радикалдуу чараларды жүзөгө ашырбайт.

Өкмөт тарабынан ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана коргоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга багытталган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин мониторинг тутуму жүргүзүлбөйт. Натыйжада - ишкерлерге зарыл маалыматтар берилбейт, бул инвестициялык климатты өнүктүрүүгө жолтоо болууда.

Бош турган жана пайдаланылбаган аянттарды, башпааналарды жана башка негизги фонддорду ишкердик субъектилерине жеңилдетилген негизде өткөрүп берүү тутуму жетишсиз өлчөмдө практикаланат, бул экономиканын өндүрүштүк секторуна тикелей инвестицияларды тартуу боюнча токтотуп тура турган фактор болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана өз чечимдеринин аткарылышын контролдоо жетишсиз жүзөгө ашырылып жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 10-мартындагы "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 24-сентябрындагы № 1396-IV токтомун аткаруунун жүрүшү жөнүндө" № 239-V токтомунун жана "Туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына тапшырма жөнүндө" 214-жылдын 6-мартындагы № 3889-V токтомунун кабыл алынгандыгына карабастан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын туристтик тармагын өнүктүрүү Концепциясы жана "Туризм жөнүндө" Мыйзамдын жаңы редакциясы Кыргыз Республикасынын туристтик тармагы чет өлкөлүк инвесторлор үчүн өтө кызыктуу болуп санала тургандыгын жана ал өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармагы болушу мүмкүн экендигин эске алуу менен бүгүнкү күндүн чындыгына туура келген иш аракеттер иштелип чыгыла элек.

Ошондой эле жогорку технологиялык жана илим сыйымдуу өндүрүштү түзүү жана өнүктүрүү жолу менен экономиканы инновациялык жактан өнүктүрүүнү камсыздоого багытталган Жогорку Кеңештин 2014-жылдын 25-июнундагы "Кыргыз Республикасынын индустриалдык-инновациялык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө" № 4262-V токтому да аткарылган жок.

Программалык камсыздоону иштеп чыгуу индустриясын өнүктүрүү максаттарында кабыл алынган 2011-жылдын 8-июлундагы № 84 "Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Мыйзам аткарылбай жатат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылдын 3-мартындагы өзүнүн "Ишкердик иш аракеттерди мамлекеттик жөнгө салуу жана ишкердик иш аракеттерди жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү тутумуна реформа жүргүзүү жөнүндө" № 94 токтому ишкердикти өнүктүрүү жолундагы көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды табуу, талдоо, баалоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчёт даярдоо жаатында токтомдору аткарылган жок.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциялардын себептерди четтетүү боюнча чаралар жөнүндө" № 215 Жарлыгы менен Өкмөткө бизнес-коомдоштук менен биргеликте республикада ишкерлерди колдоо, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча кошумча чараларды үч айлык мөөнөттө иштеп чыгуу тапшырылган. Бирок жогоруда белгиленген иш-чаралардын айрым пункттарын аткаруу боюнча белгиленген мөөнөттөрдө чаралар көрүлгөн жок.

Азыркы мезгилде тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды табуу жана болтурбоо боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актылар дагы эле кабыл алына элек. Ошондой эле, ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуунун (бизнес-омбудсмендин) кызмат ордун түзүү боюнча иштер жүргүзүлгөн жок.

Коррупциянын түпкү себептерин четтетүүдө, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун институттарынын жана жарандардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча күч аракеттерин топтоштурууну андан ары үзгүлтүксүз жүргүзүү максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 токтому менен 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планы бекитилген.

Мында, Экономика министрлигине Өкмөттүн катчылыгы (жумушчу органы) менен көрсөтүлгөн планды жана аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин уюштурууну жана координациялоону жүзөгө ашырган коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарын баалоо жана ишке ашыруу мониторинги боюнча иштер аныкталган. Бирок Өкмөттүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 364 токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн функциялар Өкмөттүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 токтому менен бекитилген Экономика министрлиги жөнүндө жободон алып салынып, Өкмөттүн Аппаратына өткөрүлүп берилген.

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик пландык иш-чаралардын мониторинги жана аны ишке ашырууну баалоо боюнча жогоруда көрсөтүлгөн функциялардын бири-бирин кайталоолору коррупцияны алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна жана өз мезгилдүүлүгүнө таасирин тийгизип жатат.

Мамлекет жана бизнес-коомдоштук өз ара пайдалуу өнөктөштүктө, тактап айтканда бизнес мыйзамдуу негиздерде иштеп жана төлөмдөрдү белгиленген тиешелүү мыйзамдардын негизинде төлөй тургандай, ал эми мамлекет мыйзамдарды сактоо менен бизнести ийгиликтүү жүргүзүү үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды камсыз кыла тургандай аракеттенүүлөрү керек.

Жогоруда баяндалганын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариевдин маалыматы эске алынсын.

2. Өкмөт:

инвестициялык климатты жакшыртуу жана ишкердикти өнүктүрүү максатында:

инвестицияларды тартуу, дем берүү жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыксын;

Өнүктүрүүнүн Россия-Кыргыз фонду менен бирдикте инвесторлор жана долбоорлордун демилгечилери менен Фонддун үлүштүк катышуу түрүндө же башка өз ара мамилелер формасында Өнүктүрүү фондунун каражаттарын пайдалануу менен инвестицияларды тартууга дем берүү механизмдерин иштеп чыксын;

мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонууну жандандырсын, бюджеттеги түйшүктөрдү төмөндөтүү максатында экономиканын артыкчылыктуу чөйрөсүнө жеке инвестицияларга колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чараларды иштеп чыксын;

айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчү чөйрөгө инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жандандырсын;

- Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча эл аралык тендер жарыяласын;

кичи ГЭСтерди жана башка энергиянын кайталанма булактарын куруу үчүн инвесторлорду тартуу жаатында ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бийликтин жергиликтүү органдары менен инвестордун өз ара аракеттеринин так тартибин, электр энергиясын сатып алуу механизмдерин, жер үлүштөрүн бөлүү иш чараларын иштеп чыксын;

кичи ГЭСтерди куруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча Чехия Республикасы менен макулдашууга кол коюу жол-жобосун аяктасын;

Көкөмерен жана Сары-Жаз сууларына беш ГЭС курууну аяктасын, ошондой эле аларды электр өткөргүч чубалгыларын курууну камсыздоо үчүн зарыл жабдуулар менен жабдысын;

Ош областындагы Ноокат шаарына канализация тутумун жүргүзүү боюнча чаралардын комплексин карасын;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 507 токтому менен бекитилген 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын кичи гидроэнергетикасын өнүктүрүү концепциясынын мониторингин жана аткарылышын баалоону жүргүзсүн;

тикелей инвестицияларды талап кылган бардык региондордогу мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жер участокторунун, өндүрүштүк башпааналардын жана токтоп турган ишканалардын тизмегин түзсүн жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлгөн объектилерди берүүнүн жана эксплуатациялоонун тартибин жана шарттарын иштеп чыксын;

үч айлык мөөнөттө ("Чайна Петроль Компани Джунда" мунайзат иштетүүчү заводу жана "Токмоктогу иштиктүү МЗЗ") үчүн чийки заттарды берүү боюнча стратегиялык өнөктөштү аныктасын, ошондой эле ички рынокту КММ менен толтуруу жана салык салуу базасын көбөйтүү максаттарында жогоруда көрсөтүлгөн объектилерди толук кубаттуулукта ишке киргизүү боюнча так чараларды көрсүн;

2016-жылдын 1-июлуна чейин электрондук визаларды берүүнү баштасын, инвесторлор үчүн айыл чарбасына, билим берүүгө, саламаттык сактоого, маданиятка, инфратүзүмгө инвестициялык визаларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтсин, ошондой эле виза алууга арыз берүү үчүн талап кылынган документтердин тизмегин кыскартсын;

төлөм жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана карызкор-субъектинин абалын жакшыртуу максатында реабилитация, санация жана реструктуризация жоболорун колдонуу механизмдерин жандандырсын жана өркүндөтсүн;

ишкерлик иш-аракеттер үчүн заманбап экономикалык шарттарга көнүккөн жана ыңгайлуу чөйрөлөрдү шарттаган салык, бажы жана башка мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштерди улантсын, мында салык мыйзамдарынын туруктуулук жана аныктык принциптери катуу сакталсын;

салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу жана мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш берүү үчүн Салык кодексинин ченемдериндеги карама-каршылыктарды табуу предметине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоону жүргүзсүн;

Товарларды тышкы рынокко өткөрүү максаттарында:

ЕАЭБдин тышкы чегараларындагы соода тоскоолдуктарын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарабынын өкүлү жана ЕАЭБге интеграция көйгөйлөрү боюнча координатор катары Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринин бирин аныктасын жана анын жоопкерчилигин көтөрсүн;

иш чаралар планын иштеп чыгуу менен Өкмөт тарабынан аныкталган ЕАЭБге катышкан мамлекет катары Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар бир артыкчылыктуу тармагына секторлорду өнүктүрүү багыттарын конкреттештирсин;

ЕАЭБдын рыногуна кыргыз товарларынын токтоосуз өтүшү боюнча иш-чаралардын кадам сайын планын эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын жана кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык контролду алып салуу боюнча так чараларды көрсүн;

республикалык бюджетке салыктык келип түшүүлөрдүн кыйла жоготууларына алып келген жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыктарын төмөндөткөн демпингтик баалар боюнча ЕАЭБге катышкан мамлекеттерден товарларды мыйзамсыз алып кирүүлөрдү кыскартуу боюнча жооптуу органды бир айлык мөөнөттө аныктасын жана так механизмдерди иштеп чыксын;

сертификациялоо сапатынын эл аралык стандарттарына жана айыл чарба азык-түлүктөрүн жеткирүү боюнча транспорттук-логистикалык комплекстердин курулушун ишке ашырууга шайкеш келген лабораторияларды курууга акча каражаттарын бөлүү максатында 2016-жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карасын;

тамак-аш азык-түлүктөрүнүн коопсуздугу маселелери боюнча ЕАЭБдин техникалык регламентин сактоонун алкактарында Кыргызстан тарабынан "Преференциялардын жалпы тутуму" статусун пайдаланууда мүмкүн болуучу тобокелдиктердин келип чыгышын азайтуу үчүн НАССР менеджментинин тутуму тууралуу ишкерлик субъектилерин маалымдоо боюнча көмөк көрсөтсүн;

жол кыймылы коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин административдик укук бузууларын жасоодо долбоорду ишке ашыруу алкактарында алынуучу айып пулдарды пайдалануунун эсебинен инвестицияларды тартпай туруп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорун андан ары өнүктүрүү жана өз алдынча киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карасын;

Инвестицияларды коргоо максатында:

Төмөнкүдөй чараларды көрсүн:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин жана Өкмөттүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378 тескемесине ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын чечимин аткаруу боюнча Жогорку Кеңешке 2016-жылдын 10-майына чейин алардын аткарылышы тууралуу маалымат берүү боюнча;

- "гильотин принцибин" колдонуу менен ишкердик иш-аракеттерге мамлекеттин административдик жана регулятивдүү түйшүктөрүн төмөндөтүү боюнча өткөрүлгөн иштер жөнүндө маалымдоо боюнча;

- ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуунун (бизнес-омбудсмендин) кызмат ордун түзүү боюнча;

- инновациялык жана өндүрүштүк мүнөздөгү ишкердик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлашкан уруксат берүү практикасына, лицензиялоого, сертификаттоого, каттоого, кыймылсыз мүлктү (турак жай эмес башпааналарды) ижаралоого байланыштуу төрөпейилдик тоскоолдуктарды четтетүү боюнча;

- коррупциянын алдын алуу жана мамлекеттик кызматчылардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максаттарында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү боюнча;

ЭЭАнын субъектилеринин жана Өкмөттүн алдында отчётту бекитүү менен ЭЭАнын башкы дирекциясынын туруктуу отчёттуулугун орнотсун;

интернет тармактарында жана ЖМКларда инвестициялык келечектүү жана маанилүү долбоорлорду, бул багыттагы мамлекеттик органдардын отчётторун, тендерлерди жана алардын жыйынтыктарын, мамлекеттик сатып алууларды жана башкаларды жарыялоолорду андан ары өнүктүрүү жана колдоо боюнча сунуштарды түзүү үчүн инвестициялык иштердин абалы жөнүндө аналитикалык маалыматтарды жалпыга жеткиликтүү жана туруктуу жаңылоо менен жайгаштыруу боюнча иштерди дайыма жүргүзсүн;

ишкерлер үчүн консультациялык кызмат көрсөтүү тутумун кеңейтүү, ишкерлер үчүн бирдиктүү Интернет-портал түзүү, ишкердик субъектилерин маалыматтык-консультациялык колдоонун инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында мамлекеттик колдоо чараларынын тутумун толуктап иштеп чыксын;

Жогорку Кеңешке төмөнкүдөй мыйзам долбоорлорун 3 айлык мөөнөттө киргизсин:

контролдоочу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүн кыскартуу жана бири-бирин кайталаган функцияларын четтетүү, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн эл аралык стандарттары каралган жана кийин тиешелүүлүгүнө жараша пландык текшерүүлөрдү болтурбаган иштердин санын кыскартуу боюнча;

- укукка сыйбаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча Салык, Кылмыш-жаза кодекстерине жана Кыргыз Республикасынын башка тиешелүү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча;

- текшерүүлөрдү өткөрүүгө, ошондой эле өндүрүш чөйрөсүндө чет өлкөлүк инвестициялар менен кайрадан катталган субъектилер үчүн салык каникулун белгилөөгө мораторий киргизүү боюнча;

- "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын жана жакынкы 10 жылда туристтик тармакты өнүктүрүү жана туризмди өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча Концепцияны иштеп чыгуу боюнча;

- инвестициялык талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча.

3. Улуттук Банк коммерциялык банктардагы кредиттерди жол-жоболоштуруу мөөнөттөрүн кыскартуу жана тартибин жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүү жөнүндөгү маселени иштеп чыксын.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы төмөнкүлөрдү бир айлык мөөнөттө иликтесин жана укуктук баа берсин:

- мамлекеттик бюджеттин чыгымдарына, ошондой эле МЗЗга зыян алып келген экономикалык кризистин шарттарында "Чайна Петроль Компани Джунда" мунайзат иштеп чыгуучу заводунун ишин токтотуу боюнча ЭККМКнын жана салык кызматынын кызмат адамдарынын аракеттеринин мыйзамдуулугун;

- "Зетцемент" ЖЧКсынын курулушуна уруксат документтерин берген жана Кемин районунун аймагында цемент заводунун курулушун токтоткон мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аракеттерине;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга чейин ишкердик субъектилерине карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын аракеттерине;

- мамлекеттик башкаруу органдары, айрыкча укук коргоо органдары (ЭККМК, МУККнын, КККсы, ИИМ) тарабынан ишкердик субъектилердин финансылык жана чарбалык иштерине кийлигишүүлөрүнүн негиздүүлүгүнө;

- кичи жана орто ишкердик субъектилерин пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө аларды уюштуруу жана өткөрүү мөөнөттөрүнүн негиздүүлүгүнө көңүл буруу менен мыйзамдарды мамлекеттик контролдоонун (көзөмөлдүн), муниципалдык контролдун сакталышын текшерүүлөрдү жүргүзсүн.

5. Өкмөт:

квартал сайын, 20-числого чейин, товарлардын экспорту жана импорту, анын ичинде Бажы бирлигине катышкан мамлекеттердин аймагына айыл чарба азык-түлүктөрүн өткөрүү боюнча маалыматты Жогорку Кеңешке берип турсун;

Аталган токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат 2016-жылын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетке (Н.Макеев) жүктөлсүн.

7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков