Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Жогорку Кенешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2017-жылдын 25-августундагы
№ 1836-VI токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам"
ПРОГРАММАСЫ

Кыргыздар дүйнөдө оймо-чийме менен ой-пикирин билдирүүгө жөндөмдүү элдердин бири болуп эсептелет. Ошондуктан биринчи бетте "кырк шак" деген кыргыздын сайма оюму сиволикалуу түрдө жайгаштырылган, ал токсон жип менен саймаланат. Алар жаңы мезгилге карай баруучу кырк кадамды билдирет. Бул жаңы доор биргелешкен күч-аракет жана өзгөрүүлөргө умтулуу аркылуу келет.

Кириш сөз

Абдан тез өзгөрүп жаткан тышкы шарттар өлкөбүз үчүн динамикалуу талаптарды коюуда. Өлкөбүз башкаруунун монополиялуу формаларынан баш тартып, мамлекеттин ишине коомчулукту кеңири тартуу менен өнүгүүнүн жаңы жолуна түштү. 2012-жылдан бери республиканын дээрлик бардык чөйрөсүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду, алардын көпчүлүгү кыйынчылык менен коштолсо да, жарандардын бакубаттуулугун арттыруу үчүн аларды милдеттүү түрдө ишке ашыруу керек эле.

Ошол эле учурда, эң негизгиси жарандардын мамлекетке ишеним артпаганын жана пессимисттик маанайын жоюу, туруктуу өнүгүп жаткан Кыргызстанда жаңы муундардын келечеги ийгиликтүү болоруна жана өзүнө болгон ишенимди күчөтүү керек болчу. Бул 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу аркылуу жетишилди.

Эгемендик жылдары Кыргыз Республикасы көптөгөн стратегиялык документтерди иштеп чыккан, аларда кырдаал терең талдоого алынып, өлкөнү экономикалык өнүктүрүү боюнча көптөгөн сунуштар камтылган. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштелип жаткан 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев негиздеген өлкө боюнча стратегиялык көз карашты, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн тандап алынган багытынын уланмалуулугун сактоосу зарыл жана ушул сунуштарды ишке ашыруунун этабына түздөн-түз киришүүгө тийиш, мунун өзү мамлекеттик органдардын ишинин өзгөрүүсүн билдирет.

"Жаңы доорго - кырк кадам" Өкмөттүн программасы 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун биринчи жана абдан маанилүү этабы болуп эсептелет. Программа өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарын имплементациялоо процессин программалык-максаттуу ыкмада жасоонун негизинде түзүлгөн.

Ар бир кадам Кыргыз Республикасынын экономикасындагы жана коомундагы бар болгон проблемаларды конкреттүү түрдө чечүүнү камсыз кылат. Өнүгүүнүн проблемаларынын чечилбегендиги Өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун чектеген бир катар факторлордун бар экендигин көрсөтүп турат. Финансылык ресурстардын жетишпегендигинен тышкары (бул өнүгүүнүн проблемаларынын себеби эмес, анын кесепети болуп эсептелет) проблемалар мамлекеттик башкаруу системасынын бардык деңгээлиндеги башкаруунун жана иштин методдорунун натыйжасыздыгынын айынан чечилбей келүүдө. Ресурстар жана күч-кубат проблеманы чечпеген чечимдерди аткарууга жумшалган учурлар бар.

"Жаңы доорго - кырк кадам" Өкмөттүн программасы 5 жылдын ичинде 40 баштапкы кадамдарды бир мезгилде жасоого эсептелген. Алар өлкөдөгү элдин жашоосун жакшыртууга багытталган. Программанын негизги мааниси болуп жаран/адам жана анын муктаждыктарын, укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле адамдын муктаждыктарына таянып башкаруунун жаңы түзүмүн калыптандыруу эсептелет. Пайда болуп жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга карабастан башкаруунун натыйжалуу системасы иштиктүү түзүлөт жана Программаны ийгиликтүү ишке ашыруунун кепилдиги болот. Ушуну менен бирге эле Программада орто мөөнөттүү келечекте өлкөнү өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчү тышкы, ички жана региондук чакырыктарга чара көрүү камтылган.

Саясий түзүлүштүн демократиялык негиздерин сактоо жана чыңдоо, социалдык-экономикалык системаны өнүктүрүү, санариптик трансформациялоо, региондук өнүктүрүү, курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери; тышкы саясатта - эгемендикти сактоо, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү, тышкы ынак достуктун мамилелерин камсыз кылуу жана региондук, глобалдык коопсуздукту бекемдөө маселелери зор мааниге ээ.

"Жаңы доорго - кырк кадам" Өкмөттүн программасы этап-этабы менен ишке ашырылат. 2017-жылдан тартып элди түйшөлткөн биринчи кезектеги маселелер чечилет:

- жумушсуздукту кыскартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү;

- экономикалык бакубаттуулукту жана бизнестин кыйла өз алдынчалыгын камсыз кылуу;

- жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин ортосундагы кандай гана болбосун түздөн-түз байланышты максималдуу түрдө жоюу;

- заманбап жана жеткиликтүү инфраструктураны, анын ичинде транспорттук, социалдык, ирригациялык жана санариптик инфраструктураны куруу;

- региондорду өнүктүрүү жана жер-жерлерде социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү;

- шаарларда жана калктуу конуштарда коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу;

- коррупцияны жоюу жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү;

- социалдык коргоону жана татыктуу жашоону камсыз кылуу.

Программада өнүктүрүүнүн комплексин түзүү каралган, алар экономиканы модернизациялоо үчүн аны зарыл сандагы ресурстар менен камсыз кылат. Ошол эле учурда өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жардамы Программанын үч маанилүү компоненттерин ишке ашыруу үчүн топтолот: "Таза Коом" санариптик трансформациялоонун программасы, "Таза суу" - таза суу берүү, "ирригацияны өнүктүрүү" - жаңы сугат жерлерин пайдаланууга берүү.

Бүгүнкү күндө бардык эл аралык сурамжылоолор көрсөткөндөй, элдин мамлекеттик институттарга болгон ишеничи өзгөрдү. Калкты түйшөлткөн коркунучтар, проблемалар жагында олуттуу өзгөрүүлөр болду. 2013-жылы жарандык согуштун чыгуусу (39%), туруксуздук (32%), демонстрациялар, көңтөрүштөр же революциялар (25%), ошондой эле өлкөнүн келечеги үчүн коркунуч (23%) өзгөчө кооптонууну жараткан.

2017-жылга алынган маалыматтарда алгачкы позицияларды экономикалык көрсөткүчтөр ээледи: жумушсуздук (52%), коррупция (40%), өлкөнү экономикалык өнүктүрүү (13%). Согуштан жана көңтөрүштөрдөн коркуу сыяктуу категориялар негизги кооптонууларга кирбей калды, себеби ушул позицияларды атагандардын саны жалпы маалыматтардын базасында статистикалык жактан маанилүү көрсөткүч берген жок. Туруксуздуктан корккондордун саны сурамжылоого катышкандардын болгону 2%ын түздү.

Мындан тышкары, жарандардын жашаган жеринде ыңгайлуулукту жана жашоонун сапатын жакшыртуу боюнча талаптары күчөй баштады. Бүгүнкү күндө элди түйшөлткөн негизги маселелер болуп жолдордун начардыгы, таза суунун жетишсиздиги, жумуш орундарынын жоктугу, бала бакчалардын жетишсиздиги, таштандыларды ташуу жана жарыктандыруу проблемалары эсептелет.

Ушуга байланыштуу Өкмөттүн Программасы жакынкы беш жылдыкта элдин бакубаттуулугун көтөрүү боюнча негизги маселелерди чечүүгө толугу менен арналат.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн азыркы этабынын кыскача жыйынтыктары (2010-2016-жылдар)

Өткөн 6 жылда коомдо, өлкөнүн саясий жана экономикалык турмушунда маанилүү өзгөрүүлөр болду, алар келечекте ийгиликтүү өнүгүүнүн негизи болуп берет.

Кыргызстандын ИДПсы 2010-жылдан бери 2,1 эсеге өстү (220дан 458 млрд. сомго чейин).

Республикалык бюджеттин өсүшү күчөгөн темпте болуп, 2010-жылдагы 50,3 млрд. сомдон 2016-жылы 115,8 млрд. сомго жетти же 2,3 эсе көбөйдү.

Бюджеттин чыгашасы 2016-жылы 136,7 млрд. сомго көбөйдү же 2010-жылга (61,0 млрд. сом) салыштырганда 2,2 эсе өстү.

Кыргызстан элдин жан башына ИДПнын өлчөмү боюнча 2015-жылдагы өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтингинде 143-орунду, 2015-2016-жылдары атаандаштыкка жөндөмдүүлүк деңгээли боюнча 102-орунду ээледи.

2010-2015-жылдары жумуш менен камсыз болгон элдин саны 108,4 миң адамга көбөйдү, ал эми жумушсуздук 1,0% азайды жана 7,6% болду.

Орто жана жогорку мектептердин мугалимдеринин орточо эмгек акысы 13613 сомго чейин өстү, бул 2010-жылга салыштырганда 3,6 эсеге көп, ал эми башталгыч класстардын жана МЧБУлардын мугалимдеринин орточо эмгек акысы 13824 сомго чейин өстү, бул 2010-жылга салыштырганда 4,3 эсе көп.

Баштапкы медициналык-санитардык жардам берген врачтардын эмгек акысы 2010-жылга салыштырганда 3 эсе өстү же 12184 сомго чейин жетти, ал эми стационарлардын персоналы үчүн 3,4 эсеге өсүп, 13827 сом болду.

Белгилей кетүүчү нерсе, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин кирешелери реалдуу өстү. Себеби 2011-2016-жылдары инфляциянын орточо жылдык деңгээли 5,1% түздү.

Мамлекет социалдык багыттагы бойдон калууда. 2010-жылдан бери билим берүүгө эле чыгымдар 21,9 млрд. сомго көбөйүп, 31.9 млрд. сомду түздү. Биз билим берүүнү каржылоонун көлөмү боюнча дүйнөнүн өлкөлөрүнүн биринчи он өлкөсүнүн катарына кирдик. Социалдык секторго чыгымдардын үлүшү өзгөргөн жок жана мамлекеттик бюджеттин бардык чыгымдарынын 50%ынан ашык болду.

2015-жылдан баштап ЕАЭСтин алкагында өлкөлөрдүн толук форматтагы жана натыйжалуу өз ара иштөөсү камсыз кылынды. Кыргыз Республикасы Европа Союзунан "ЖСП+" статусун алган дүйнөнүн 10 өлкөсүнүн бири болду.

2500 км ашык жол курулду жана реконструкцияланды.

Энергетикалык көз карандысыздык 500 киловольт "Датка" подстанциясын жана "Датка-Кемин" электр берүү линиясын пайдаланууга киргизүүнүн эсебинен камсыз кылынды, Бишкек шаарынын ЖЭБин ишке киргизүү стадиясында турат. Токтогул ГЭСинин жабдууларын алмаштыруу боюнча иштер башталды.

Соттук реформанын биринчи этабы аяктады. Соттук системанын бюджети акыркы жылдары эки жарым эсе өстү, анын ичинде судьялардын жана соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлдү.

Ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү багыт болуп эсептелет. 2016-жылдагы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү укук коргоо органдарынын ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсүн болтурбоого, ошондой эле бизнести текшерүүлөрдү Мамлекеттик салык инспекциясына өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берди.

Азыркы этапта өлкө туш болгон чакырыктар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда туруктуу өнүгүүнүн жолуна чыгуу үчүн негиздерди калыптандырууга жетиштик. Бул саясий туруктуулукка гана тиешелүү болбостон, кубаттуу экономикалык потенциал, эгемендүү жана жооптуу мамлекет түзүлдү дегенди билдирет.

Ошол эле мезгилде өлкөнүн потенциалынын көпчүлүк бөлүгү ишке ашырылбай калууда. Элдин жан башына ИДПнын деңгээли боюнча Кыргызстан Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдүн арасында акыркы орундардын бирин ээлейт. Региондук макроэкономикалык кырдаалга көп жагынан көз каранды болгон экономиканын сервистик модели биздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү олуттуу чектейт. Түзүмдүк дисбаланс жана институттук жактын начардыгы чарбанын мүнөзүн өзгөртүүгө мүмкүндүк бербей, эмгектин төмөн өндүрүмдүүлүгүн шарттап жатат. Инфраструктуралык жактан камсыз кылынбагандык менен байланышкан объективдүү кыйынчылыктар экономикалык натыйжалуулукту азайтып, масштабдуу өндүрүштү күчөтүүгө мүмкүндүк бербей келүүдө.

Азыркы мезгилде өлкө туш болгон чакырыктарды 4кө бөлсө болот:

Санариптик жактан артта калгандык. Санариптик технологияларды киргизүү төмөн деңгээлде. Айрым мамлекеттик органдар гана өз ишине, анын ичинде эл менен өз ара иштөөдө МКТ элементтерин киргизди. Мамлекеттик органдардын ведомстволук өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү системасы, регламенттерди формалдаштыруу сыяктуу базалык элементтердин жоктугу, коррупциялык чакырыктар МКТны системалуу түрдө киргизүүгө бөгөт болууда.

Экономикалык коопсуздук. Коомдогу экономикалык активдүүлүк мамлекеттин өнүгүүсүн жана бакубаттулугун камсыз кылат. Өлкөдө ишкердик потенциалды ачуу жана жарандардын экономикалык активдүүлүгүн көтөрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Буга карабай, жарандарыбыз жана ишкерлерибиз толугу менен легалдуу ишке өтүүдөн тартынчыктоодо, ал эми инвесторлор дагы эле кыргыз рыногуна кирүүгө аяр мамиле кылышат. Бул экономикалык чөйрөдө сакталган төмөнкү коркунучтар менен шартталган:

- ишкерлер менен өз ара иштеген мамлекеттик органдарга ишенимдин жетишсиздиги;

- уруксат берүүчү документтерди алуунун процессинин ашыкча бюрократташуусу;

- бизнеске жана бюджетке социалдык жүктөмдүн чоң болушу;

- толук көлөмдөгү экономикалык жана инженердик инфраструктура менен камсыз кылынбагандык;

- айыл чарба өндүрүшүнүн чекене товардуулугу жана азык-түлүк коопсуздугунун тобокелдиги;

- курулуштагы жана өндүрүштөгү стандарттардын жана техникалык талаптардын эскирүүсү;

- арзан жана узак мөөнөттүү ресурстарды алуунун чектелгендиги;

- мамлекет тарабынан инвестициялык долбоорлорду колдоо үчүн мүмкүндүктүн минималдуу болушу.

Социалдык коопсуздук. Кыргызстан социалдык багыттагы мамлекет бойдон калууда. Жыл сайын бюджеттен олуттуу каражаттар социалдык чөйрөнү күтүүгө жумшалат. Акыркы жылдары кырдаалды жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги бир катар чаралар кабыл алынды. Бирок кескин өзгөрүүлөр боло элек. Социалдык чөйрөдөгү коопсуздуктун негизги коркунучтары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- жакырчылыктын деңгээлинин сакталышы;

- эмгек акынын өсүш темпинин төмөндүгү;

- элдин социалдык инфраструктура менен жетишсиз камсыз кылынышы;

- мамлекеттин туруктуулугунун негизи катары орто класстын калыптануу процессинин басаңдоосу;

- эмгекке жөндөмдүү калктын контролго алынбаган ички жана тышкы миграциясы, жумушчу күчтүн кесиптешүүсүнүн төмөндүгү;

- коркунучтуу ооруулардын жайылышы;

- билим берүү секторунда сакталып жаткан гуманитардык жана экономикалык кесиптерге даярдоого багыт алуу.

Улуттук коопсуздук. Кыргызстан өзүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн ар бир этабында коркунучтар алардын реалдуулугуна жана кесепеттерине жараша аныкталып келген. Азыркы мезгилде мамлекеттин жана коомдун адекваттуу чара көрүүсүн талап кылган кыйла реалдуу коркунучтар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- мамлекеттик башкаруунун сакталып жаткан ишке жөндөмсүз системасы;

- кылмыштуулуктун, баңгичиликтин жана терроризмдин алдын алуунун жана аларга каршы күрөшүүнүн азыркы шарттарга туура келбеген механизмдери;

- МКТнын өнүгүүсүнүн жетишсиздиги жана өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинин начар корголгондугу;

- экосистеманын деградациясы, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу;

- азыркы учурдагы жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана аларды алдын алуу системасынын жетишсиз натыйжа берүүсү;

- коррупциялык тобокелдиктер.

Гүлдөп өнүгүүгө 40 кадам

Бүгүнкү күндөгү чакырыктарды эске алып, Программада өлкөнү узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн төмөнкү максаттары аныкталган.

1. Элдин экономикалык бакубаттуулугу:

- туруктуу жумуш орундарын түзүү, татыктуу эмгек жана туруктуу кирешелер;

- экономиканын эмгек сыйымдуу секторлорунун экспорттук потенциалын көбөйтүү;

- өлкөнүн региондорун өнүктүрүү.

2. Социалдык бакубаттуулук:

- элдин саламаттыгы жана билими;

- социалдык теңдик жана бекем үй-бүлө;

- маданий кайра жаралуу.

3. Жарандардын жашоосу үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрө:

- коомдук тартип;

- атуулдук (патриотизм);

- экологиялык коопсуздук.

Бул максаттар өлкөнү орто мөөнөттү жана узак мөөнөттүү келечекте өнүктүрүүнүн максаттуу индикаторлоруна жетишүүнүн процессин ачык-айкын түшүнүүнү жана аларга жетишүүнүн ыкмаларын камтыйт. "Жаңы доорго - кырк кадам" программасы 2040-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн келечектеги стратегиясын ишке ашыруунун биринчи беш жылдык мезгили болуп эсептелет. Программада берилген бардык кадамдар реалдуулуктун, өлчөөнүн жана конкреттүүлүктүн принциптеринин негизинде иштелип чыккан.

Ар бир "Кадам" иштин так чектелген жана белгилүү участогун камтыйт, бул ишке ашыруунун түшүнүктүү жана ачык-айкын процессин жеңилдетүүгө тийиш. Так максаттары жок эле милдеттердин тизмесин аткаруунун ордуна Өкмөт беш жыл өткөндөн кийин Программанын ар бир бөлүмүндө келтирилген конкреттүү натыйжаларды бериши керек.

Белгилей кетүүчү нерсе, "40" деген сан кыргыз эли үчүн терең мааниге ээ. Тарыхый жактан алганда 40 деген сан кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунда жана өнүгүүсүндө дайыма болуп келген.

Реформанын улуттук программалары

Өкмөттүн Программасы 9 стратегиялык программалык реформага негизделет, алар өз ара байланышкан. Алар жалпысынан өнүктүрүүнүн улуттук 9 программасынан турат жана 40 конкреттүү кадамды камтыйт. Алар 5 жылдын ичинде жарандардын жашоосун жакшыртууга өбөлгө болот.

Реформанын программалары өнүгүүнүн бардык үч максатына таасирин тийгизүүчү жааттардагы иштин абалын өзгөртүү боюнча иштөө дегенди билдирет. Алсак, реформанын улуттук 9 программасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:

I. Реформанын программасы "Таза Коом"

1-КАДАМ. Санариптик трансформациялоонун программасы

Акыркы жыйырма жылда техникалык инновациялар коомдогу жана мамлекеттик башкаруудагы өз ара иштөөнүн принциптерин кескин өзгөрттү, экономикалык багыттарды алмаштырды, курчап турган чөйрөдө иштөөнүн жана аны коргоонун жаңы ыкмаларын калыптандырды, жаңы чакырыктарды пайда кылды жана келечекти ачты. 2011-жылы башталган төртүнчү индустриялык революция өлкөлөрдүн аттандашуудагы деңизге чыгуунун географиялык артыкчылыгын, өндүрүштүн масштабынын жана арзан жумушчу эмгегинин артыкчылыктарын адам капиталынын чыгармачыл потенциалына жана массалык жекелештирүүгө, жеткирүүнүн ылдамдыгына алмаштырды. Бул өзгөрүү ири жана чакан мамлекеттер үчүн экономикалык өсүүдөгү тең мүмкүнчүлүктү пайда кылды.

"Таза Коом" - өлкөнү санариптик трансформациялоонун жалпы улуттук программасы, ал өлкөдөгү турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтыйт, ушул Программаны ишке ашыруунун башкы инструменти жана негизи болуп эсептелет. "Таза Коом" административдик процесстерди жана жол-жоболорду автоматташтыруу, ошондой эле санарип мамлекеттик кызмат көрсөтүү аркылуу адам факторунун таасирин азайтуу жолу менен мамлекеттик сектордогу коррупцияны жоюунун натыйжалуу инструменти болуп калат. "Таза Коом" төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- мамлекетке коррупцияны түп тамырынан бери жоюуга, процесстерди автоматташтыруунун натыйжасында бийликтин ар кандай бутактарынын ортосундагы өз ара иштөөнү жөнөкөйлөтүүгө, түйшүктүү ишти максималдуу автоматташтырууга жана чыгармачыл милдеттерге басым жасоого;

- бизнеске жагымдуу чөйрө жана жаңы экономикалык шарттарга ылайыкташуу үчүн стимул алууга, ишкананы атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жаңы баскычына чыгарууга, ошондой эле билим экономикасында новатордук чечимдерди түзүү жана колдонуу үчүн мейкиндикке ээ болууга;

- коомго алынган билимдерди өз алдынча ишке ашыра аларына, маянасы көп жумушта иштерине, жогорку сапаттагы медицинага жана адилет пенсиялык кирешеге ээ болооруна ишеним артууга;

- улутка өзүнүн улуттук наркын, маданий көп түрдүүлүгүн, республикада жашаган этностордун тилдерин сактоого, ошондой эле санарип дүйнөдө мындан ары өнүгүү үчүн мейкиндик алууга.

II. Реформанын программасы "Элиме кызмат"

Өткөрүлгөн Конституциялык референдумдун натыйжасында өлкөдө мамлекеттик башкаруунун системасын реформалоонун маанилүү этабы аяктады, ага бийликтин бутактарынын ортосундагы функционалдык ыйгарым укуктары өзгөртүү, укук коргоо жана сот системасын реформалоо кирди.

2-КАДАМ. Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо

Мамлекеттик башкаруунун системасына иштин принциптүү жаңы ыкмаларын киргизүү маанилүү, алар жаңы технологияларды пайдаланууга негизделип, мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун камсыз кылууга, кадрларды даярдоонун стандарттарын көтөрүүгө тийиш.

Жакынкы 5 жылдыкта Өкмөт мамлекеттик кызматты өнүктүрүү боюнча чараларды көрүүнү улантат, алар мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатууга, мамлекеттик кызматтын системасындагы коррупциялык укук бузууларды алдын алууга, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын жана беделин көтөрүүгө багытталат. Азыркы мезгилде мамлекеттик кызматтын системасы бир катар уюштуруучулук, материалдык, идеологиялык мүнөздөгү проблемаларга ээ.

Ошондуктан жакынкы мезгилде мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун көтөрүү, мамлекеттик кызматтын заманбап институтун калыптандыруу, өнүккөн мамлекеттик-кызматтык мыйзамдарды түзүү жана чечимдерди кабыл алуу процесстерин оптималдаштыруу боюнча бир катар кескин чараларды көрүү керек.

Өлкөнүн стратегиялык максаттарына мамлекеттик органдардын баш ийүүсүнүн түзүмү оптималдаштырылат, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн аппараттары, анын ичинде чарбалык функцияларды аткаргандары кыскартылат. Мамлекеттик базалык функцияларды кошпогондо, Өкмөттүн түзүмү өнүгүүнүн так аныкталган артыкчылыктарына жараша түзүлөт. Чечимдерди кабыл алуу жарандарга багытталат, кыйла сарамжалдуу жана натыйжалуу болуп калат.

Мамлекеттик ведомстволордун жарандар жана ишкерлер менен өз ара иштөөсү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун автоматташкан платформаларын киргизүү аркылуу кыйла ыңгайлуу болот. Бизнес менен өнөк болуп эл менен байланыштын каналы катары мобилдик тиркемелер түзүлөт. Этап-этабы менен мамлекет мамлекеттик башкаруунун ыйгарым укуктарын жана функцияларын аутсорсингге жеке секторго бере баштайт.

III. Реформанын программасы "Таза шайлоо - туруктуу мамлекет"

3-КАДАМ. Шайлоо процессин реформалоо

Демократиялык укуктук мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп таза жана эркин шайлоону камсыз кылуу эсептелет. Кыргызстандын коому жана саясий уюмдары эркин жана таза шайлоо бийликке келүүнүн демократиялык жолу экенин түшүнүүгө тийиш. Таза жана адилет шайлоо менен келген бийлик туруктуу жана күчтүү өлкөнү куруу, өлкөдө ачык жана адилеттүү саясий системаны түзүү үчүн бекем негиз болуп берет.

Жарандардын шайлоо укуктарын жана шайлоо органдарына элдин аялуу топторунун өкүлдөрүнүн, аялдардын, улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын реалдуу катышуусун камсыз кылуу үчүн мыйзамдардын ченемдерин өркүндөтүүнү улантуу зарыл. Өкмөт бардык аймактык шайлоо комиссияларын жогорку ылдамдыктагы байланыш каналдары, зарыл болгон заманбап жабдуулар жана добуш берүүнүн процессин байкоонун жаңы техникалык каражаттары менен камсыз кылат.

Шайлоо процесси жаатындагы реформаны мындан ары ийгиликтүү өткөрүү үчүн шайлоочуларды идентификациялоо боюнча жаңы форманы - шайлоочуларды биометрикалык технологиялар аркылуу идентификациялоону киргизүү сунушталган.

Мындан тышкары, келечекте "Таза Коом" улуттук программасынын алкагында мобилдүү жана электрондук платформалардын мүмкүндүктөрүн колдонуп, коомдун кыйла курч маселелери боюнча өз эркин түздүн-түз билдирүүнүн элементтерине өтүүнүн негиздери аныкталууда.

Шайлоочулардын добуштарын сатып алгандыгы үчүн жазаларды күчөтүү боюнча сунуштар киргизилет жана шайлоо иш-чараларына финансы каражаттарын чыгымдоого мониторинг жүргүзүүнүн реалдуу механизмдери сунушталат.

Элдик курултай институту иш жүзүнө ашырылат, ал мамлекеттик жана жалпы улуттук маанидеги маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жарандардын катышуусунун кеңири форматын камсыз кылууга арналат жана демократиялык механизмдерди кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

IV. Реформанын программасы "Күчтүү жарандык коом"

4-КАДАМ. Жарандык коомдун институттарын өнүктүрүү

Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасында 16 миңден ашык жарандык коомдун уюмдары иштейт. Алардын дээрлик 1/3 активдүү иш жүргүзөт. Өкмөттүк эмес сектор улуттук аң-сезимди жана элдин бекем жарандык позициясын чыңдоого кыйла олуттуу салым кошот.

Өкмөт жарандык коомдун заманбап моделин түзүү боюнча ишти жүргүзөт. Анда адамдын укуктарын, сөз эркиндигин, өзүн билдирүү жана өз алдынча иштөөнү коргоонун эл аралык системасынын бардык жетишкендиктери кыргыз элинин улуттук каада-салттары менен тыгыз байланышта камтылат.

Өкмөттүк эмес уюмдардын иши абдан ачык болот. Өкмөт социалдык жана гуманитардык багыттагы кыйла артыкчылыктуу программалар боюнча бюджеттик гранттарды берет. Өкмөт улуттук өкмөттүк эмес уюмдарды эл аралык каржылоонун ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылат. Жарандык институттар социалдык кызмат көрсөтүү боюнча кыйла натыйжалуу ишке дем берип, муниципалдык жана мамлекеттик түзүмдөргө реалдуу атаандаштыкты түзөт.

Өкмөт жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карандысыз иши, сөз эркиндиги жана маалыматты эркин таркатуу үчүн шарттарды түзөт. Ошол эле учурда атайылап жалган жана туура эмес маалыматты жарыялагандыгы үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Жарандык коомдун өкүлдөрүн мамлекеттик органдардын ишин контролдоого жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга коомдук талкуунун жана макулдашуунун инструменттери аркылуу тартуу боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлөт.

Долбоорду ишке ашыруу жетилген жарандык коомду калыптандырышы керек, ал укуктук мамлекетти жана демократиялуу коомду өнүктүрүүгө алып келет. Өсүп жаткан муун ар бир жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттин мыйзамдарын жана коомдун каада-салттарын сыйлоо духунда тарбияланат.

V. Реформанын программасы "Бел болчу билим. из калтыруучу илим"

5-КАДАМ. Мыкты мектеп

Кыргыз Республикасында окуучулар жетилип өсө турган билим, шык-жөндөмүнө ээ болуучу шарттар түзүлөт. Билим берүүнүн түрлөрүнүн көптүгү жашоо жолун тандоонун көптүгүн камсыз кылат. Өмүр бою билим алуунун концепциясы киргизилет. Ал Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүнүн негизи болуп калат.

Мектепте билим берүүнү мамлекеттик каржылоонун механизми кайра каралат. Географиялык абалына жана окутуу тилине жараша билим берүүнүн натыйжаларындагы теңсиздик билим берүүнүн мектепке чейинки жана мектеп уюмдарын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, жаңы стандарттарды, окутуунун методикасын жана окуу материалын киргизүү жолу менен жоюлат.

Билим берүү системасын башкаруунун сапатын жакшыртуу үчүн маалыматтык система иштей баштайт, башкаруу деңгээлдеринде маалыматтарды алмашуу автоматташтырылат. Билим берүүнүн стандарттарын кайра карап чыгуу билим берүүнүн мазмунуна туруктуу өнүгүүнүн маселелерин, анын ичинде анын социалдык аспекттин киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик, ошондой эле расмий, англис жана башка тилдерди билүү Кыргызстандын жана дүйнөнүн билим берүү ресурстарын кеңири пайдаланууга мүмкүндүк берет.

6-КАДАМ. Бел болчу билим

Билим берүү системасында кесиптик билим маанилүү орунду ээлейт. АӨК, жеңил өнөр жайы секторунда, ошондой эле өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон башка чектеш секторлордо башкаруу жана иштөө үчүн кадрларды даярдоо жүрөт. Кыргыз Республикасынын жогорку жана атайын окуу жайлары Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана эмгек рыногунун муктаждыктарынын негизинде жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого тийиш.

Ишкерлер менен өнөр жай компанияларынын жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын тыгыз байланышы түзүлөт. Кесиптик-техникалык билим берүү системасынын бир бөлүгү программисттерди даярдоого багытталат, бул өлкөнүн аймагында ири "IT-академиясын" түзүүгө алып келет. Квалификациялардын улуттук системасы киргизилет. Ал билимди таанууну, институттук механизмдерди, процесстерди, кесиптик көндүмдөрдү ыйгаруунун жана таануунун процесстерин, аны баалоону, сапатын камсыз кылат.

7-КАДАМ. Из калтыруучу илим

Илим жалпысынан прикладдык багытта болушу керек. Ал мамлекеттин саясатын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылган, так иштелип чыккан критерийлердин негизинде илимий демилгелерди колдоого мүмкүндүк берет.

Илим жаатындагы реформаны ийгиликтүү өткөрүү үчүн Улуттук илим фонду аркылуу каржылоо боюнча жаңы ыкма менен мамлекеттик тапшырыктын негизинде илимий долбоорлорду ишке киргизүүнү камсыз кылуу зарыл. Илимди каржылоо долбоордук негизде жана мамлекеттик тапшырык боюнча артыкчылыктуу багыттарга ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын реформалоону улантуу зарыл, анын ыйгарым укуктарынан административдик таасир берүү функциялары алынат.

Жакынкы жылдары илимий наамдардын жана даражалардын статусун калыбына келтирүүгө, ошондой эле чет өлкөдө берилген окумуштуулук даражаларын таанууга көңүл бурулат.

VI. Реформанын программасы "Бизнес менен бирге"

8-КАДАМ. Чакан жана орто ишкердикти колдоо

Өкмөттүн Программасы экономикалык прагматизм идеясына негизделет, ал өлкөнүн бардык экономикалык агенттеринин ортосундагы өз ара ишенимди жана мамлекет, эл, чакан жана ири ишканалардын ортосундагы тыгыз жана адилет кызматташтыкты, компромиссти билдирет.

Мамлекеттин саясаты чакан жана орто бизнести тез жана натыйжалуу өстүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, мамлекеттин айрым функцияларын жана ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө, уруксат берүүчү документтерди берүүнү, лицензиялоо, каттоо жана контролдоо функцияларын электрондук форматка которууга багытталат. Өлкөдө бизнести тейлөө борборлору ачылат, алар мамлекеттик органдардын лицензиялык-уруксат берүүчү документтерин бергенде "фронт офиси" болуп калат жана ишкерлерди коргоо, ишкердик демилгелерди илгерилетүү камсыз кылынат. Мамлекеттин ролу ЧОИлердин иштөөсү жана өзүн-өзү жөнгө салуусу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук базаны түзүүдө, демилгелерди колдоодо, техникалык стандарттар, лабораториялар менен байланышкан зарыл инфраструктураны түзүүдө болот.

Мыйзамдык деңгээлде "Бир өкмөт" принциби кабыл алынат, анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө башка мамлекеттик органдан алса боло турган кандай гана болбосун документтерди же маалыматты ишкерден суроого бардык мамлекеттик органдарга тыюу салынат. Чакан жана орто бизнестен салык алуу чөйрөсүн кескин реформалоо зарыл.

9-КАДАМ. Кыргызстанга инвестиция сал!

Инвестициялык бейишти түзүүдө инвестициялык мыйзамдарды реформалоо керек, анда инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттар, менчикти жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда инвестицияларды коргоо бекемделүүгө тийиш. Мындан тышкары, инвестицияларды тартууга талаптарды жеңилдетүү жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жеке-мамлекеттик өнөктөштүк жана инвестициялар боюнча мыйзамдар кайра каралат.

Инвестициялар боюнча мамлекеттик органга бардык инвестициялык саясатты координациялоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө жана өлкөдөгү инвестициялык лотторду түзүүгө зарыл болгон ресурстарды берүү жолу менен ири чет элдик инвесторлор үчүн "Бирдиктүү терезе" механизмин киргизүү зарыл.

Инвестициялык фонддордун жана финансылык институттардын натыйжалуу жана туруктуу иштөөсүнүн системасы түзүлөт. Мамлекеттик активдерди башкаруу жана аларды реабилитациялоого, модернизациялоого жана реконструкциялоого инвестицияларды тартуу боюнча ири улуттук корпорациялар өнүктүрүлөт.

Тышкы күч-аракеттер Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерин, анын ичинде соода өкүлдөрүнүн институтун тартуу менен мобилдештирүүгө жана ресурстарын ишке киргизүүгө жумшалат.

10-КАДАМ. Жеткиликтүү кредит

Экономиканын өнүгүүсү үчүн кыйла маанилүү фактор болуп финансы жана банк мыйзамдарын өнүктүрүү, жаңы финансы продукттарын киргизүү, анын ичинде стартап долбоорлорун каржылоону, венчурдук каржылоону, күрөөсүз жана башкаруу кредиттеринин инструменттерин, лизингдик операцияларды жана кооперативдик, ошондой эле каржылоонун ислам принциптери менен адистешкен кредиттик мекемелерин киргизүү эсептелет.

Басым банк секторунун адистешүүсүнө коюлат. Иштеп жаткандары менен катар эле кооперативдик, экспорттук, өнөр жайлык жана ипотекалык банктар пайда болот, алар экономиканы тармактык жана региондук колдоодо Өкмөт үчүн негизги инструмент болуп калат.

"Арзан турак жай" программасын ишке ашыруунун механизми кайра каралат, анын ичинде пайыздык коюмду алгылыктуу деңгээлге чейин жеткирүү маселеси каралат.

Өнүктүрүү бюджети өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү каржылоонун негизги инструментинин бири болот. Мамлекет финансылык сабаттуулукту көтөрүү маселесине көңүл бурат.

11-КАДАМ. Экспортту колдоо

Өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү жакынкы аралыкта экономиканы өнүктүрүүнүн флагманы болуп калат. Экспорттук саясатты илгерилетүүдө Европа Союзунун ЖСП+ жалпы преференциялардын программасын ишке ашыруу зор мааниге ээ. ЕАЭС менен интеграция жалпы рынокту өнүктүрүүнүн жаңы формаларына өтөт. Кытай менен соода мамилелерди өнүктүрүү боюнча иштер жигердүү жүргүзүлөт.

Экспортту колдоо боюнча адистешкен финансы институтун ишке киргизүү менен катар эле экспортерлорду колдоонун финансылык эмес, анын ичинде маалыматтык, коммуникациялык, институттук инструменттери киргизилет.

Продукцияны илгерилетүү тышкы экономикалык институттардын координацияланган жана максаттуу аракеттерин колдонуу, ошондой эле айыл чарбасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын, өнөр жай өндүрүшүнүн, жеңил өнөр жайдын жогорку сапаттагы продукцияларын, ошондой эле туризмди илгерилетүүнүн мыкты методдору жана технологиялары аркылуу камсыз кылынат.

Программаны ишке ашыруунун алкагында мыйзамдык база киргизилет, анда улуттук продукцияны тышкы рынокто илгерилетүүнүн мүмкүндүгү менен электрондук коммерцияны толук түрдө өнүктүрүү каралат.

VII. Реформанын программасы "Сапаттуу инфраструктура"

12-КАДАМ. Кыргыз Республикасындагы энергетика

Өнүккөн инфраструктура элдин жашоосунун сапатын камсыз кылуунун маанилүү элементи болуп эсептелет. Мындан тышкары, инфраструктурага инвестициялар жалпы экономика үчүн үч эселеген пайданы берет.

Энергетикалык сектор элдин жана экономиканын субъекттеринин энергетикага өсүп жаткан муктаждыгын толук канааттандырууга тийиш. Энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүнүн баштапкы этабында энергетикалык натыйжаны көтөрүүгө жана көмүртек эмес энергетиканы өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Өкмөттүн күч-аракети энергетикалык секторду финансылык жактан жакшыртууга жумшалат, анда артыкчылыктар сектордун активдерин курууга жана реконструкциялоого капиталдык салым салуу менен аныкталат. Өлкөнүн энергетика секторунда маалыматтык технологияларды өнүктүрүү маанилүү элемент болуп калат, бул акылдуу эсептегичтерди, аралыктан контролдоо системаларын жана бирдиктүү биллинг борборун киргизүүнү жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылат.

Электр энергиясын Түштүк Азия өлкөлөрүнө экспорттоо каралган "САSA-1000" долбоорун ишке ашыруу жаңы ири генерациялоочу кубаттуулуктарды жана энергиянын калыбына келүүчү булактарын курууга жеке инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет. Бул энергетика секторун өзүн-өзү тейлеген жана өзүн-өзү каржылаган деңгээлге чыгарууга дагы бир кадам болуп калат.

Натыйжада кубаттуулукту 2023-жылы 950 МВт чейин көбөйтүү пландалууда, ал эми энергетикалык системанын суммалык кубаттуулугу 4500 МВт ашат. Өкмөт жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатты даярдайт жана ишке ашырат. Тарифтердин деңгээли энергетика секторундагы өзүн-өзү актоонун деңгээлине жана элдин керектөөчүлүк муктаждыктарына туура келтирилет. Тарифтик саясатты өзгөртүү элдин жашоо деңгээлин көтөрүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуунун эсебинен мүмкүн болуп калат.

13-КАДАМ. Шаардык инфраструктура

Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү - биринчи кезекте жарандардын жашаган ыңгайлуу чөйрөсүн түзүү жана бизнести жүргүзүүнүн жагымдуу шарттарын камсыз кылуу мүмкүндүгү болуп эсептелет. Шаардык инфраструктураны модернизациялоону баштоо, суу берүү тармактарын жана газ чарбасын куруу жана реконструкциялоо, электр берүү линияларын өткөрүү, жарыктандыруу, спорт аянтчаларын жана эс алуу жерлерин куруу мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо үчүн биринчи кезектеги милдеттер болуп калат.

2-3 жылдын ичинде республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларында "Акылдуу шаар" долбоору ишке ашат.

Бөлүштүрүүчү газ түтүктөрүнүн тармагын куруу, жылуулук тармактарын, суу берүү системасын реконструкциялоо жана оңдоо, муниципалдык автожолдорду куруу жана реконструкциялоо жолу менен шаардын жолдорун жана тротуарларды абаттоо маселелерин чечүүгө чоң көңүл бурулат.

Турмуш-тиричиликтин катуу таштандыларын башкаруу системасын жакшыртуу жаңы санитардык полигондорду куруу, бар болгон таштанды төгүүчү жайларды рекультивациялоо, калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү боюнча заводду куруу жолу менен жүргүзүлөт.

 "Активдүү шаардык" сервисин иштеп чыгуу, электрондук муниципалдык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруу жана "Кыргызпочтасы" МИ системасында коммуналдык бирдиктүү эсептин долбоорун киргизүү аркылуу Өкмөт ЖӨБО менен бирдикте шаардыктардын муниципалитеттердин ишине активдүү катышуусун камсыз кылат.

14-КАДАМ. Транспорттук-жол инфраструктурасы

Кыргыз Республикасын туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айлантуу жана ага транспорттун жана логистиканын региондук борборунун статусун берүү транспорттук сектордогу негизги милдет болуп эсептелет.

Өкмөт күч-аракетин автомобилдик жолдорду реабилитациялоого жана сактоого, эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө жана автомобилдик жолдордун ички тармагын кеңейтүүгө жумшайт.

Түндүк-Түштүк альтернативдик автомобиль жолун куруу жана Бишкек-Ош, Түп-Кеген, Бишкек-Нарын-Торугарт, Кочкор-Арал, Ош-Баткен-Исфана-Худжант автомобилдик жолдорун реконструкциялоо менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун эл аралык өтмө транзити камсыз кылынат. Узундугу 445 км болгон Балыкчы-Каракол-Балыкчы (Ысык-Көл айланма жолу) автомобилдик жолун куруу жана реабилитациялоо аяктайт, ал Ысык-Көлдү айланып өтөт.

Ошондой эле "Таза Коом" программасынын алкагында "Электрондук транспорттук контроль" жана "Салмак-көлөм контролунун маалыматтык системасынын бирдиктүү борбору" маалыматтык автоматташтырылган системалары киргизилет.

Республиканын түндүк-түштүгүн байланыштырган ички темир жол тармагын түзүүгө, анын ичинде "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече" темир жолун курууга көңүл бурулат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоор өнүктүрүлөт, ал эл аралык темир жол коридорлоруна чыгууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда жолдун кыргыз участогун Торугарт-Достук (Ат-Башы ГЭСи) - Жалал-Абад маршруту боюнча куруу максатка ылайыктуу. Ал калктуу конуштардын жанынан автожолу менен электр берүү линиялары менен өтөт.

Мамлекет авиаташууларды аткарууну каалаган өлкөлөр үчүн транзиттик хабды өнүктүрүүгө шарттарды түзөт, бул аба эркиндигин максималдуу либералдаштырууга, ошондой эле рынокто улуттук жана чет элдик авиаташуучулардын иштөөсү үчүн тең шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Аба кыймылын жана аба мейкиндигин тейлөө системасы, ошондой эле жарандык авиациянын окуу жайлары ИКАО стандарттарына чейин модернизацияланат. "Ош" жаңы эл аралык аэропортун куруу, "Манас" аэропортун толук модернизациялоо, ошондой эле чакан авиацияны өнүктүрүү пландалууда.

15-КАДАМ. Таяныч шаарлардын базасында региондорду өнүктүрүү

Региондорду өнүктүрүү боюнча стратегияда региондорду өнүктүрүүнүн маселеси өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган иш-чаралардын система түзүүчү комплекси катары каралган: региондордун социалдык жана базалык инфраструктурасын камсыз кылуу; өзгөчөлүгүн эске алуу менен ар бир регионду өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо; региондук өнүктүрүүнүн бекитилген концепциясынын алкагында өсүш орундарын - таяныч шаарларды өнүктүрүү үчүн өнөр жай өндүрүшү, АӨК, токой чарбасы чөйрөсүндө ар бир региондун атаандаштык артыкчылыктарын аныктоо.

Региондорду өнүктүрүүнү башкарууда региондорду өнүктүрүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөр жана экономикалык жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн региондордун жоопкерчилиги деген принцип кармалат.

Таяныч шаарлары бизнес-пландоонун принциптеринде өнүктүрүүнүн натыйжалуу жана аткарылуучу программаларын кабыл алат. Ар бир регион биринчи кезекте экспортко багытталган белгилүү бир продукцияны чыгарууга адистешет.

Региондордун тургундары мамлекеттик кепилдик берилген кызмат көрсөтүүлөрдү, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттык сактоо системалары көрсөтүүчү кызматтарды бирдей алат. Элдин муктаждыктарын канааттандыруунун индекси киргизилет, ал жергиликтүү, райондук жана облустук маанидеги жетекчилердин ишин баалоого негиз болот.

16-КАДАМ. Таза суу

Элди таза суу менен камсыз кылуу саламаттыгы бекем улуттун кепилдиги болуп эсептелет. Өкмөт суу берүү, суу агызуу жана санитария кызмат көрсөтүүлөрүн элге максималдуу берүүнү таза суу менен жабдуунун борбордоштурулган системаларын өнүктүрүү, аларды пландоо, куруу жана пайдалануу аркылуу камсыз кылат.

Суу берүүнүн жана суу агызуунун абалын көтөрүү үчүн талап кылынган инвестициялардын көлөмү эл аралык жардамдын эсебинен табылат, алар максаттуу түрдө үч негизги компоненттин бири болгон "Таза суу" долбоорун ишке ашырууга жумшалат.

Жарандар суу өзгөчө баалуу улуттук ресурс экендигин жана таза суу берүүнүн системасын күтүү жана модернизациялоо жарандардын бул процесске дайыма катышып туруусун талап кылаарын түшүнүшү керек.

Аталган чараларды ишке ашырууда 5 жылдын ичинде Өкмөт айыл жергесиндеги кеминде 700,0 миң адамды борбордоштурулган коопсуз таза суу менен кошумча камсыз кылат, ал эми айылдын статусун алган райондук борборлордун тургундарынын 40%ы суу агызуунун кызматтары менен пайдалана алат.

VIII. Реформанын программасы "Тышкы саясат"

17-КАДАМ. Коопсуздукту жана экономикалык ишти камсыз кылуу - тышкы саясаттын негизги милдети

Тышкы саясатта башкы күч-аракет улуттук кызыкчылыктарды коргоого жана илгерилетүүгө, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу тышкы шарттарды түзүүгө багытталат.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын башкы принциптери катары тең салмактык, ырааттуулук, прагматизм, тең укуктуулук жана өз ара пайда аныкталат. Улуттук жана региондук коопсуздукту бекемдөө жана экономикалык дипломатияны илгерилетүү маселелерине көңүл бурулат.

Борбордук Азия өлкөлөрү, Россия, КЭР, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташуу, ошондой эле эл аралык жана региондук уюмдарга натыйжалуу катышуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Чет элдик рынокко улуттук товарларды илгерилетүү жана эркин сооданы колдоо, анын ичинде КР экономикасын ЕАЭСке интеграциялоо жана тоскоолдуксуз, алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз ЕАЭСтин алкагында толук форматтуу, натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө чоң көңүл бурулат.

Улуттук жана региондук коопсуздукту камсыз кылууга, анын ичинде БУУ, ЖККУ, ШКУ, ОБСЕ, ИКУ алкагында жана башка көп тараптуу форматтагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөөнү аяктоо жана чектеш мамлекеттер менен суу-энергетикалык маселелерди чечүү жолу менен камсыз кылууга зор көңүл бурулат.

18-КАДАМ. "Мекен-карт" улуттук демилгеси

Биздин өлкөгө биздин мурдагы мекендештердин келүүсүнө жана өлкөгө интеллектуалдык ж.б. капиталдын мүмкүн болуучу агымына жагымдуу шарттарды түзүү үчүн Өкмөт алардын Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсү жана жүрүүсү үчүн максималдуу ыңгай жана өзүнө тартып турган жагдайды түзүшү керек.

Өкмөттүн негизги күч-аракети Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандары үчүн визаны тариздөөдө консулдук жыйымдан бошотуу, каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 180 күнгө чейин узартуу, эмгектик ишти тийиштүү уруксатты тариздебестен жүргүзүү, өтө шашылыш учурда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынан акысыз пайдалануу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында социалдык обьекттерди жана өнөр-жайлык-өндүрүштүк багыттагы обьекттерди куруу үчүн жер участкаларды сатып алуу, ошондой эле ишкерлик иш менен алектенүү жана Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар эле орто жана жогорку билим берүү системасынан пайдалануу сыяктуу өзгөчө преференциалдык шарттарды берүүгө топтолот.

IX. Реформанын программасы "Мыйзамдын үстөмдүгү жана укук тартиби системасына ишеним"

19-КАДАМ. Укук коргоо системасын трансформациялоо

Мыйзамдын үстөмдүгү жана укук коргоо органдарынын ачык-айкын иши өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы стратегиялык негиздеринин бири болуп саналат. Өкмөт жазалоо практикасынын деңгээлин мындан ары азайтууну жана мыйзамдарды гумандаштырууну сунуш кылат. Ушуга байланыштуу кылмыштык жазалоо колдонулушу керек болгон көптөгөн финансылык жана экономикалык кылмыштар айып пул төлөө менен административдик иштердин катарына которулушу керек.

Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу өзгөчө орунду ээлейт, ал "Таза Коом" улуттук долбоорунун элементи болот. "Коопсуз шаар" долбоору "акылдуу шаарлар" шаарлардын санариптик трансформациялануу долбоорунун толук баалуу курамдык бөлүгү болуп калат.

Долбоор төмөнкү милдеттерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет:

- коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милициянын ишинин ыкчамдыгы жана натыйжалуулугу үчүн күнү-түнү видео байкоону ишке ашыруу;

- жолдордо штаттан тышкаркы жана авариялык кырдаалды болтурбоо үчүн транспорттук абалды күнү-түнү видео байкоо жүргүзүү жана баалоо;

- автомобиль жолдорунда окуяларды, транспорт каражаттарынын статистикасын жана идентификациясын автоматтык түрдө талдоо;

- окуяларды автоматтык түрдө талдоо жана издөөдө жүргөн адамдардын статистикасын топтоо жана инсандыгын идентификациялоо.

Укук коргоо системасына талаптагыдай контролдоону камсыз кылуу үчүн жазыктык-укуктук статистиканын автоматташтырылган электрондук системасын түзүү аяктайт, бул иштерди жаап-жашыруу мүмкүнчүлүгүн болтурбастан кылмыштуулуктун абалына объективдүү баа берүүнү камсыз кылат жана баштапкы этапта катталган кылмыштардын өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Укук коргоо системасынын сапаттуу кайра өзгөрүүсү системанын кылмыштуулукту алдын-алууга жана болтурбоого, ошондой эле коомдун корголуу деңгээлин жогорулатууга багытталган алдын-алуучулук мейкиндигине өтүүсүн камсыз кылат.

Өкмөт тарабынан сот системасын финансылоо деңгээлин сот системасын реформалоонун алкагында аныкталган нормативдерге чейин жеткирүү боюнча чаралар көрүлөт.

20-КАДАМ. Комплекстүү күрөшүү жана коррупцияны алдын-алуу

Акыркы жылдары мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынан болуп калган коррупцияга каршы күрөш улантылат.

"Таза Коом" улуттук долбоорду ишке ашыруу аркылуу мамлекеттик кызматты алуучунун жана чиновниктин тикелей байланышы болбойт, ал эми бүткүл мамлекеттик механизмдин ишинин негизин электрондук документ жүгүртүү аркылуу автоматташтыруу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү түзөт.

Мамлекеттик кызматчылар жыл сайын берүүчү декларациялардагы маалыматты текшерүүнүн аракеттүү механизми киргизилет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга өз кирешелеринин жана мүлкүнүн мыйзамдуулугун далилдөө жүгү жүктөлөт.

Саясий коррупцияны түп-тамырынан жок кылуу максатында Өкмөт тарабынан мамлекеттик кызматта кызыкчылыктардын кагылышуусун жана лоббизмди болтурбоо механизмдери сунуш кылынат. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына антикоррупциялык экспертизалоону өткөрүүнүн аракеттүү механизмдери киргизилет жана коррупциянын деңгээлин баалоонун ата мекендик ыкмасы иштелип чыгат.

Мамлекеттик сатып алуулардын улуттук системасы процессти толук автоматташтыруунун алкагында контролдоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана натыйжаларын баалоонун натыйжалуу системасын киргизүү жолу менен өркүндөтүлөт.

Жарандардын укуктук аң-сезимин өзгөртүүгө жана коррупциялык көрүнүштөргө сабырсыз болуу сезимин калыптандырууга багытталган кеңири масштабдуу жана агартуучулук иш өткөрүлөт.

Өнүктүрүү программасы

Белгиленген өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн 9 программалык реформалоону ишке ашыруу менен катар эле 9 өнүктүрүү программасы ишке киргизилет, анын ичинен 3 экономикалык өнүктүрүү программасы, 3 социалдык өнүктүрүү программасы жана 3 жарандардын өмүрү үчүн коопсуздукту жана жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу программасы.

А. Элдин экономикалык бакубаттыгы үчүн өнүктүрүү программасы

Жакынкы жылдары кырдаал тездетилген темпте өнүгөт. Жаңы шарттарда мамлекет бардык багыттар боюнча экономикалык бакубаттыкты жогорулатууга, аны өнүктүрүүгө жана жаңы экономикалык мамилелерди түзүүгө күчүн жумшайт. Программа өнөр жайды, агроөнөржай комплексин жана кооперацияны өнүктүрүү, туруктуу туризм жана жеңил өнөр жайынын кластерлерин өнүктүрүү сыяктуу өнүктүрүүнүн максаттуу багыттарына концентрациялоону карайт. Бул багыттарды өнүктүрүү өнүгүү институттарын түзүүнү, чакан жана орто бизнес үчүн административдик бөгөттөрдү төмөндөтүүнү, санариптик жана жашыл экономиканы өнүктүрүүнү, экономикалык инфратүзүмдүн, инвестициялык мыйзамдардын сапатын жакшыртууну, арзан жана узак мөөнөттүү финансы ресурстарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну карайт.

1-Өнүктүрүү программасы "Агроөнөр жай комплексин жана кооперацияны өнүктүрүү"

21-КАДАМ. Региондук кооперативдик агроөнөр жай комплекстерин түзүү

Өлкөнүн экономикасынын агроөнөр жай сектору өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, калктын иш менен камсыз болушунда жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүдө негизги сектор болуп саналат.

Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү ирилештирүүнүн алкагында пилоттук региондук кооперативдерде катышуучуларды тандоого конкурстук ыкманын жана "өндүрүш-сактоо-кайра иштетүү-сатуу" жолго коюлган логистикалык чынжырдын механизмдери жана критерийлери иштелип чыгат.

Айыл чарба кооперативдери майда фермерлердин институционалдык биригүүсүнө, кошулган нарктын чынжырынын бардык звенолорун интеграциялоонун эсебинен өндүрүштүк процесстерди оптималдаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

Фермерлерди бириктирүүгө өбөлгө болуучу мамлекеттик саясаттын инструменттери киргизилет жана кооперативдерди өнүктүрүүгө дем берүүнүн башка чаралары, атайын кредиттик продукттар, ошондой эле продукцияны жеңил сатууга өбөлгө болгон инструменттер иштелип чыгат.

Кооперативдерди колдоонун маалыматтык-консультациялык борборун түзүү маанилүү болот, ал кооперативдик бизнести жүргүзүүнүн ар кандай аспекттери жөнүндө калкка маалымат берет.

Мындан тышкары, сугат жерлеринин аянтын көбөйтүүгө жана тамчылатып сугаруу технологияларын киргизүүгө өзгөчө басым жасалат.

Ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоютту жана тоют кошумчаларынын мамлекеттик реестрин сертификациялоону киргизүү, каттоо жана жүргүзүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулат. Малды идентификациялоо жана малды эсепке алуунун маалыматтык системасын түзүү боюнча иш-чараларды аяктайт.

Айыл чарба секторунун экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн фитосанитардык, ветеринардык лабораториялар курулат.

Органикалык айыл чарба өндүрүшү өзүнчө өнүгүү алат. Ал экономиканын агрардык секторуна инновациялык технологияларды киргизүүнүн үлгүсү болуп кызмат кылат.

Өкмөт органикалык өндүрүш үчүн ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө жана фермерлерди айыл чарба өндүрүшүнүн органикалык ыкмаларына окутууга күч-аракетин жумшайт.

22-КАДАМ. Ирригацияны өнүктүрүү

Азыркы шарттарда суу кайсыл гана мамлекет болбосун экономиканын туруктуулугун аныктоочу башкы фактор болуп эсептелет. Кыргызстан ирригацияны өнүктүрүү үчүн олуттуу жер жана суу ресурстарына ээ.

Өкмөт Ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууну улантат. Ирригациялык инфраструктураны куруу, ошондой эле бар болгон ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо жана реабилитациялоо жакынкы беш жылдыкта 46 долбоорду ишке ашырууга багытталат. Аткарыла турган иштин алкагында Өкмөт 26 миң га жаңы сугат жерлерин пайдаланууга берүү, 39 миң га жерди суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, 20 миң га жердин мелиоративдик абалын жакшыртуу үчүн финансы ресурстарын табат. Натыйжада дээрлик 77 миң адам жаңы ирригациялык курулмалар менен сугат суусун ала алат жана дээрлик 100 миң адам сугат сууну алуусун жакшыртат.

Өкмөт суу ресурстарын башкаруунун жаңы заманбап технологияларын жана куруунун жаңы стандарттарын киргизүүгө дем берет, ал сугат сууну натыйжасыз пайдаланууну кыскартууга мүмкүндүк берет.

2-Өнүктүрүү программасы "Туруктуу туризм"

23-КАДАМ. Туруктуу туризм

Экспортко багытталган негизги секторлордун бири болуп туризм эсептелет. Өлкөнүн туристтик потенциалы тоо-лыжа тебүү жана курорттук туризм менен гана чектелбейт, аларды өнүктүрүү Өкмөттүн ишинде артыкчылыктуу бойдон калат.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, айылдык туризм регионду өнүктүрүүнүн жана туристтик кызмат көрсөтүүнүн экспортун күчөтүүнүн натыйжалуу механизминин бири болуп эсептелет. Айылдык туризм табийгаттын базасында жана экологиялык таза азыктарды пайдалануу менен ар кандай кызмат көрсөтүүнү билдирет.

Өкмөт жергиликтүү тургундарга пайда берүүчү, региондук экономиканы өнүктүрүүчү, жергиликтүү жумушчу күчтү окутуучу жана тартуучу, аймактын өзгөчөлүгүн эске алуучу, тарыхый-маданий мурасты жана наркты сактоочу туризмди өнүктүрүүгө басым коёт. "Геопарктагы" туризм айылдык элге жергиликтүү экономикалык базаны диверсификация кылууга мүмкүндүк берет жана алардын жашоосунун, өнүгүүсүнүн каражаттарынын кошумча булагы болуп калат.

Массалык туризмди активдүү өнүктүрүү менен катар эле экологияга таасирди азайтуу максатында премиум-класстагы туризм жигердүү илгерилетилет, ал кыйла көп кошумча нарк берет.

Өкмөт Кыргыз Республикасы үчүн экологиялык жана этностук туристтик багыттагы Борбордук Азиядагы жыл бою иштөөчү туристтик региондук борбордун имиджин иштеп чыгат.

3-Өнүктүрүү программасы. "Өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү"

24-КАДАМ. Өнөр жай өндүрүшүн кайра жандандыруу

Өнөр жай тармагын динамикалуу өнүктүрүү Кыргызстандын артыкчылыктуу багыты болуп эсептелет. Өнөр жай өндүрүшү энергетика менен бирдикте экономикалык өсүштүн жана республиканын региондук, дүйнөлүк экономикалык системага интеграциялануусунун негизи болот.

Кен казуу тармагы чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу чөйрөлөрдүн бири болуп эсептелет. Бул жаатта Өкмөттүн күч-аракети уруксат берүүчү документтерди берүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга, пайдалуу кен чыккан жерди чалгындоого инвестиция кылганда кенди иштетүүнүн артыкчылыктуу укугунун инструментин киргизүүгө багытталат.

Байытуу фабрикаларын куруу өлкөнүн аймагында кошумча нарктын чынжырын түзүүнүн реалдуу инструменти болуп калат. Өкмөт жергиликтүү калк менен кен казуучу ишканалардын ортосундагы чыр-чатактарды жоюу боюнча чараларды сунуштайт, ошондой эле инвестициялык бизнес-долбоорлорду ишке ашырууда заманбап технологияларды киргизүүнүн экологиялык коопсуздугу боюнча зарыл талаптарды киргизет.

Кыргыз Республикасынын нефти иштетүүчү секторунда улуттук нефти иштетүүчү ишканаларды модернизациялоого жана сапаттын жогорку экологиялык стандарттарына өтүүгө чет элдик өнөктөрдү тартуу үчүн шарттар түзүлөт. Өлкөнүн аймагында нефти продукттарын алуунун жаңы кубаттуулуктарын өздөштүрүү жана санын көбөйтүү боюнча ишти активдештирүү зарыл.

Негизги металлдарды өндүрүүнү өнүктүрүү өнөр жай продукциясынын импортун алмаштыруучу жана/же экспортко багытталган учурдагы иштеп жаткан жана токтоп турган ишканаларды модернизациялоого жана калыбына келтирүүгө инвестицияларды тартуунун эсебинен активдештирилет. Мамлекет салыктык жана инвестициялык режимдин өзгөчө шарттары менен инвестициялык атайын лотторду даярдайт.

Кыргызстанда курулуш материалдарын өндүрүүнүн көлөмүн мындан ары көбөйтүү жана курулуш индустриясынын өнөр жай базасын өнүктүрүү турак жай жана өнөр жай курулушунун көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы архитектуралык-курулуш системаларына өтүүгө, чийки заттан баштап даяр продукцияны чыгарууга чейинки кооперациялык жаңы байланыштарды түзүүдө жеткиликтүү каржылоону көбөйтүүгө багытталат.

Өкмөт өнөр жай өндүрүшүндөгү өз ишинин артыкчылыктуу багыттарында чогултуучу өндүрүштү түзөт жана өндүрүштүк процесске улуттук материалдарды киргизүүнү эске алуу менен чет элдик ишканаларды, ошондой эле өнөр жайдын жаңы тармактарын жайгаштырат.

Кыргызстан ЮНИДО менен бирдикте 2017-жылдын аягына чейин жакынкы 5 жылга өнөр жайды өнүктүрүүнүн деталдуу планын даярдайт. Ал ушул жааттагы стратегиялык негизги документ болуп калат. Мындан тышкары, өлкөлүк өнөктөштүк программасынын алкагында өнөр жай парктары жана өнөр жай зоналары боюнча долбоор ишке ашырылат.

25-КАДАМ. Кластерлерди жана жеңил өнөр жай долбоорлорун өнүктүрүү

Азыркы мезгилде тигүү тармагында турукташуу тенденциясы пайда болду. Тигүү-текстиль тармагынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшүнө Кыргызстандын ЕАЭСке кошулуусу да жакшы таасир берди, себеби бул тармак кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

Өкмөт өнөр жай кластерлерин түзүү жана ар кандай тармактарды, иштин түрлөрүн жана эл аралык долбоорлорду интеграциялоо аркылуу жеңил өнөр жайын жана тармактын экспорттук потенциалын өнүктүрүүнүн жаңы механизмин сунуш кылат.

Өкмөт чийки зат жана материалдарды жеткирүүчүлөр менен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ортосундагы, соңку керектөөчүлөр менен даяр продукцияларды чыгаруучулардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосундагы, өндүрүүчүлөр менен кластерди колдогон өкмөттүк институттардын ортосундагы байланыштарды жакшыртууга көмөк көрсөтөт.

Кластердик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн Өкмөт мамлекеттик саясаттын төмөнкү чараларын сунуш кылат:

- жеңил өнөр жайында жаңы технологияларды жана товарларды түзүүгө жана киргизүүгө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекеттик финансы институттарын пайдалануу;

- административдик жөнгө салуунун талаптарын азайтуу;

- жеңил өнөр жайы үчүн кадрларды даярдоого жана билим берүү системасына инвестициялар;

- инновацияларды тез илгерилетүү үчүн зарыл болгон чарбалык инфраструктураны түзүүгө көмөк көрсөтүү (жер бөлүп берүү, жолдорду куруу, жылуулук жана энергия үнөмдөө ж.б.).

Б. Социалдык өнүктүрүү программалары

Акыркы жылдары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө элдин социалдык жактан корголушун жакшыртканга, жашоо деңгээлин көтөргөнгө жана кызмат көрсөтүүнүн жаңы стандарттарын киргизүүгө мүмкүндүк берген ырааттуу өзгөрүүлөр болду. Эл аралык финансы институттары Кыргызстанды жакыр өлкө деп эсептебей калды. Беш жылда жакырчылык 4,5 эсеге кыскарды. Аз камсыз болгондугу боюнча жөлөкпул алган балдардын саны 2013-жылдагы 336 миңден 276 миңге чейин азайды. "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамы кабыл алынды. Бала бакчага барган балдардын саны 1,5 эсе өстү, республика боюнча ЖРТнын орточо баллы акыркы 3 жылда 104,9 балладан 115,4 баллга чейин өстү. Жаңы мектептерди куруу темпи күчөп жатат. Акыркы жылдары пенсиялардын өлчөмү өстү.

Бирок муну жетишсиз деп эсептейбиз. Ушул багытта ишти улантуу керек. Билим берүүнүн, саламаттык сактоонун сапаттуу кызмат көрсөтүүсүн, базалык социалдык кызмат көрсөтүүнү элдин алуусунун, маданий кайра жаралуунун маселелери мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууну талап кылат. Өкмөт сунуштаган чаралар өлкөдөгү социалдык өнүгүү боюнча маселелерди комплекстүү чечүүгө мүмкүндүк берет.

4-Өнүктүрүү программасы. "Сак-саламат калк"

26-КАДАМ. Саламаттыкка инвестициялар. Сергек жашоо образы

Өкмөттүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү башкы милдети болуп ооруларды алдын алууну жана саламаттык үчүн коопсуз чөйрөнү түзүүнү камтыган адамга, үй-бүлөгө жана мамлекетке, саламаттыкка инвестициялоонун натыйжалуу механизмдерин киргизүү жолу менен саламаттыкты башкаруунун жаңы системасын түзүү эсептелет.

Элди акысыз жана сапаттуу баштапкы медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча программаны Өкмөт "бирдиктүү терезе", коомдук саламаттык сактоо жана тез медициналык жардам принциби боюнча улантат. Адамдын жеке өзүнүн жоопкерчилигин күчөтүү менен саламаттык сактоонун камсыздандыруу механизмдерин, камсыздандыруу фонддорун активдештирүү саламаттык сактоону мындан ары өнүктүрүүнүн негизги шарты болуп калат. Ошол эле учурда жакырчылыкка батып кетүү тобокелдигисиз, өзгөчө элдин эмгекке жөндөмсүз, жакыр, аялуу катмарлары үчүн мамлекет медициналык кызмат көрсөтүүнүн, дары менен камсыз кылуунун коопсуздугун жана сапатын натыйжалуу жөнгө салууну күчөтөт.

Саламаттыгы үчүн жарандын жоопкерчилиги жеке капиталды тартуу аркылуу медициналык камсыздандыруунун механизмдерин өркүндөтүү менен коштолот.

Саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик саясатта жакшы тамактануунун маселелерине көңүл бурулат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында сергек жашоо образын пропагандалоо жүрөт.

27-КАДАМ. Саламаттык сактоонун инфраструктурасын модернизациялоо

Өзгөчө басым саламаттык сактоонун уюмдарын курууга жана реконструкциялоого жасалат. Жаңы ооруканалар курулат жана онкологиялык, жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдү, ошондой эле бала менен эненин өлүмүн азайтуу үчүн жаңы заманбап жабдуулар орнотулат.

Үй-бүлөлүк врачтын эмгегине акы төлөөнүн сунушталган механизмдери саламаттыктын көрсөткүчтөрү жана ооруларды алдын алуу менен байланышкан конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталууга тийиш.

Жалпы врачтык практиканын борборлорунун глобалдык бюджетинин шарттарында жан башына төлөө ыкмасын жана ар бир дарыланган учур үчүн каржылоону комбинациялоо саламаттык сактоонун финансылык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Өкмөт саламаттык сактоо уюмдарын лицензиялоодон медициналык кызматкерлер көрсөтүүчү медициналык кызматтарды лицензиялоого өтүүнү сунуш кылат. Медицинадагы атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн мамлекет тараптан шарттарды түзүү өзүбүздүн квалификациялык кадрларды өстүрүүгө гана жардам бербестен, алдыңкы технологиялары бар инвесторлорго медициналык рынокко чыгууга мүмкүндүк берет.

Маалыматтык технологияларды колдонуу медициналык персоналдын ишинин натыйжасын жана диагностиканын сапатын көтөрөт. Ушуга байланыштуу дарылоонун бирдиктүү стандарттары сакталат, медициналык кызмат көрсөтүүлөр чоң шаарларда жана калкы аз райондордо жеткиликтүү болуп калат.

5-Өнүктүрүү программасы. "Бекем үй-бүлө жана социалдык теңдик"

28-КАДАМ. Тең мүмкүнчүлүктөр - коомду өнүктүрүүнүн негизи

Элдин аялуу катмарларына мамлекеттик социалдык жардамдын чаралары алардын терс кесепеттери менен күрөшүүгө жана жеңилдетүүгө багытталбастан, алардын пайда болуусунун себептерин жоюуга багытталат.

Бул үчүн Өкмөт социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы стандарттарын иштеп чыгат, ал инфраструктурага жана аны күтүүгө багытталбастан, адамга багытталат. Социалдык инфраструктураны башкаруудан жана каржылоодон социалдык коргоонун сапатын, коопсуздугун, натыйжалуулугун башкарууга өтүү керек.

Өлкөдө балдар үйлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар болбошу керек. Өкмөт багуучу үй-бүлөлөрдүн институтун бекемдөө боюнча программаны иштеп чыгат. ЖӨБОго өткөрүп берүү механизми аркылуу жер-жерлерде социалдык кызматтарды альтернативдик интернаттык мекемелерге берүүнүн мүмкүндүгү жана ыйгарым укугу камсыз кылынат. Камкордук жана көзөмөлдөө маселелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кайра каралат.

Базалык минималдуу социалдык стандартты камсыз кылуу боюнча мамлекеттин кепилдиги толук көлөмдө, өзгөчө 16 жашка чейинки балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана балдарга, улгайган жарандарга берилет. Преференцияларды, жеңилдиктерди, үстөктөрдү, социалдык төлөмдөрдү социалдык коргоо аркылуу айрым категорияларга, өзгөчө жакыр эмес жана эмгекке жөндөмдүү жарандарга түзүү практикасы токтотулат.

29-КАДАМ. Татыктуу эмгек жана карылык

Жарандардын татыктуу эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү жана карылыкты бакубаттуу кылуу үчүн эмгектин, жумуш менен камсыз кылуунун жана элди пенсиялык камсыздоонун саясатын реформалоо Өкмөттүн маанилүү милдеттеринин бири болуп эсептелет. Бул контексттен алганда мыйзамдар, жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чаралары, эмгекке акы төлөө, пенсиялык камсыздоо маселелери кайра каралып чыгат.

Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган жумуш менен камсыз кылуу чараларынын комплексин сунуш кылат. Жумушсуздарды, өзгөчө жаштарды, аялдарды окутуу жана кайра окутуу боюнча программалар алдыңкы маалыматтык технологияларды пайдаланууга негизделиши керек. Жумуштуулуктун саясатын кайра карап чыгууда өзгөчө көңүл жаштарга бурулат.

Жумушсуздарга микрокредит берүүнүн бюджеттик программалары сакталат жана кеңейтилет. Жөлөкпулдарды алуунун ордуна жумушсуздар жана элдин социалдык аялуу катмарлары үчүн микрокредиттик ресурстарды даректүү жумшоо артыкчылык болуп калат. Эмгекке акы төлөө саясаты кайра каралат, анын негизги багыты эмгектин өндүрүмдүүлүгү болот. Демек, эмгек акынын татыктуу деңгээлде болушу татыктуу карылыкты камсыз кылууга тийиш.

Пенсиялык камсыздандыруу келечектеги карылыкка инвестициялоого дем берет жана эмгекке жөндөмдүү курактагы кирешенин деңгээлин компенсациялайт. Социалдык бюджетке азыркы салым келечекке кепилдик берет деген түшүнүк бардык кызыкдар тараптарда болушу керек. Пенсиялык реформаны баштап, пенсияларды көтөрүү керек, мында пенсияларга үстөктөрдүн жана компенсациялардын системасы менен байланышкан административдик чыгымдар алып салынууга тийиш.

Аскер кызматчыларына пенсиялык камсыздоо кайра каралат. Аскер кызматчыларынын кызмат өтөө жылын 30 жылга чейин көбөйтүүнүн эсебинен пенсиялык куракты көтөрүү сунушталат. Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздандыруу системасына киргизүү аскер кызматчыларынын татыктуу карылыгынын негизи болуп калат.

Өкмөт эл үчүн жеке пенсиялык фонддордун системасы аркылуу пенсиялык топтоолордун альтернативдик булактарын өнүктүрүү боюнча ишти жандандырат.

6-Өнүктүрүү программасы. "Маданияттуу жана билимдүү Кыргызстан"

30-КАДАМ. Маданият аймагы

Элдин бүгүнкү күндөгү муктаждыктары жарандардын маданият маселелерине кызуусунун артышы менен мүнөздөлөт. Кыргызстан кесиптик искусствону өнүктүрүүдө региондук борбор, маданий тартылуунун борбору болушу мүмкүн.

Мамлекеттик саясат элдин руханиятынын уланмалуулугун камсыз кылуу, өлкөнүн бирдиктүү маданий мейкиндигин калыптандыруу жана атаандаштыкка жөндөмдүү маданий менталитетти пайда кылуу аркылуу өлкөнү модернизациялоого негизделет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде маданий саясатты калыптандыруудагы жергиликтүү жамааттардын ролу аныкталат.

Арт-менеджмент форматындагы маданият мекемелеринин жетекчилиги үчүн азыркы жаштардан конкурстук негизде кадрларды пландуу түрдө даярдоо зарыл. Артисттердин чыгармачылыктагы өсүшү, алардын искусствого кошкон салымы маданият мекемелеринин ишин баалоо болуп калат.

Өкмөт кесиптик искусствону өнүктүрүү программасын иштеп чыгат, ал дүйнөгө, табийгатка жана адамга көз караштын аутенттик системасына, глобалдуу контекстте кыргыз маданиятынын нарк-насилин аныктаган маданий коддорго негизделет. Диний баалуулуктарды улуттук маданий контекстке интеграциялоо диний чөйрөдөгү узак мөөнөттүү саясаттын негизи болуп калышы керек.

Өлкөдөгү маданияттын өнүгүүсүн билдирүүчү белгилердин бири болуп анын кинематографиясынын абалы эсептелет. Өкмөт Борбордук Азиялык кино мектепти түзүү долбоорун ишке ашырууну сунуштайт. Бул Кыргызстанга постсоветтик мейкиндикте кино чөйрөсүндө алдыңкы орунга чыгууга мүмкүндүк берет. Кыргыз жана жалпы алганда борбордук азиялык кинону өнүктүрүүнүн жаңы деңгээлине өтүү бош жерде эмес, өткөн жылдарда пайда болгон улуттук кинематографиядагы мыкты салттарга таянуу менен болот.

КАДАМ 31. Алтай цивилизациясынын мурасы

2017-жылы "Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдери" форумун өткөрүү жана анын катышуучулары тарабынан кабыл алынган Декларация Евразия мейкиндигинде жашаган элдердин тарыхый, маданий байланыштарынын жалпылыгына таянуу менен ири евразия интеграциясынын алкагында өз ара иштешүүнүн жана кызматташуунун жаңы этабына өтүүгө негиз түздү.

Ушул демилгелерди ишке ашыруунун алкагында Алтайда "Алтай цивилизациясы" тарыхый-маданий борбору, ошондой эле Кыргыз Республикасында "Алтай цивилизациясын изилдөө институту" эл аралык илимий изилдөө борбору түзүлөт. Бул долбоорлор алтай цивилизациясынын элдеринин илим, билим берүү жана маданиятындагы жетишкендиктерин жалпылоо, комплекстүү эл аралык гуманитардык жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн базаны түзүүгө мүмкүндүк берет.

Алтай цивилизациясынын элдерин бириктирүү, орто кылымда Улуу Кыргыз каганатынын курамына кирген кеңири аймакта азыр жашап жаткан этникалык кыргыздарды колдоо кыргыздардын жана Евразия мейкиндигиндеги тектеш элдердин нарктуу маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Ошол эле мезгилде алардын тарыхынын, тилинин жана маданиятынын маселелерин жаңы методологиялык ыкмалардын негизине кароо Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө өбөлгө болот.

Бул долбоор алтай цивилизациясынын мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө салымын кошот, аны цивилизациялардын жана маданияттардын глобалдуу диалогунун бөлүгү катары келечектеги муундарга өткөрүп берет.

С. Коопсуздукту жана жагымдуу жашоо чөйрөсүн камсыздоо боюнча программалар

Мыйзамдын үстөмдүгү жана укук коргоо органдарынын ачык-айкын иши бул программанын башкы стратегиялык негиздеринин бири болуп саналат. Укук коргоо системасын реформалоо жазалоо тажрыйбасынын деңгээлин төмөндөтүүгө, мыйзамды гумандаштырууга, жарандар үчүн сот адилеттигине тоскоолдуксуз жетүүнү камсыздоого, медиация, профилактика жана алдын алуу институтун өнүктүрүүгө багытталат. Кылмыштын алдын алуу жана профилактикалоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктаган бирдиктүү ыкма иштелип чыгат.

Укук коргоо органдарынын улуттук системасын кайра куруу ар бир укук коргоо органынын ролун жана ордун аныктоо, башкаруу жана координациялоо системасын түзүү, аларды өз алдынча тазалоонун аракеттүү жана туруктуу механизмдерин киргизүү, ошондой эле иш принциптерин, тапшырмаларды аткаруунун, формаларын жана ыкмаларын кайра кароо аркылуу жүргүзүлөт. Кабыл алынган кадамдар өлкөнүн ар бир тургунунун коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыздоону, террордук коркунучтардын ыктымалдуулугун төмөндөтүүнү, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн эл аралык жана башка чакырыктарды камсыздоого тийиш.

7-Өнүктүрүү программасы. "Коопсуздук жана жагымдуу чөйрө"

32-КАДАМ. Чек ара коопсуздугу

Азыркы мезгилде чек ара коопсуздугун камсыздоо эл аралык терроризм жана экстремизмдин күч алып жаткан коркунучтардын, чечилбеген суу-энергетикалык проблемалардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын айрым чектеш мамлекеттер менен эл аралык укуктук жол жоболоштуруу аягына чыкпай жаткан шарттарында жүргүзүлөт.

Өкмөт тарабынан Борбордук Азия регионунда Кыргызстандын региондук чек ара коопсуздугун түзүүгө активдүү катышуусу, эффективдүү, интеграцияланган чек ара инфраструктураны түзүү камсыздалат. Окутуунун бирдиктүү системасын түзүү, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо кесиптик өсүшкө, иштин жана кызматтын сапатына жагымдуу таасирин тийгизет.

Чек ара кызматынын ишине жаңы заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттик чек арадан өтүүнүн электрондук системасын киргизүүгө, бизнестин экспорттук-импорттук бүтүмдөргө кеткен убактысын жана ресурстарын кыскартууга, ошондой эле маалымат алмашууну толук, анык жана өз убагында жүргүзүүгө, тергөөгө караштуу кылмыштык-куугунтуктоочу жосундардын фактыларын жана фигуранттарын берүүгө мүмкүндүк берет.

Чек аралык инфратүзүм чек ара коопсуздугун камсыздоонун бардык катышуучуларынын ортосунда интеграцияланат, бирдиктүү башкаруу системасынын алдында болот жана өзүнүн эффективдүүлүгүн пландуу өстүрөт.

33-КАДАМ. Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү

Болуп жаткан кырдаал, ошондой эле терроризм коркунучтары мамлекеттен жана коомдон терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн учурдагы чындыктарына дал келген шайкеш ыкмаларды талап кылат. Өкмөт тарабынан бардык субъекттерди, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын терроризмге жана экстремизмге каршы идеологияны таратуу жана күрөшүүнү профилактикалоодо борборлоштуруу жана координациялоону киргизүү камсыздалат.

Негизги басым мамлекеттин алдын алуучу ролуна жана жарандардын радикалдуу идеология жана экстремизм, терроризм жана экстремизм менен күрөшүүнүн жогорку технологиялык методдорун жана каражаттарын пайдалануу маселелери боюнча укуктук аң сезимин калыптандырууга жасалат.

Миграциялык контролду камсыздоо системасына курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жардыруучу заттарды жана башка кооптуу нерселерди киргизүү жана чыгаруу, колдонуу жана сатып алуу эрежелерин жана тартибин так регламенттөөгө мүмкүндүк берет.

Өкмөт чет мамлекеттер менен терроризмдик, экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды алдын алуу, терроризмдик, экстремисттик ишти жүргүзүүгө финансылык колдоо көрсөтүү жолу менен катышы бар уюмдарды жана адамдарды табуу, болтурбоо жана иликтөө боюнча тыгыз мамилелерди жайылтат жана бекитет.

34-КАДАМ. Киберкоопсуздук

Маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды тез өнүктүрүү жана аларды жарандардын күнүмдүк жашоосуна жана мамлекеттик башкаруу системасына активдүү жайылтуу, ошондой эле "Таза Коом" улуттук программасын толук ишке ашыруунун шартында киберкоопсуздукту камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ.

Киберкоопсуздук маселелери КР киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын бирдиктүү системасы үчүн алкактык негизди түзүү; киберкоопсуздук жана маалыматты коргоо чөйрөсүндө улуттук стандарттарды модернизациялоо; адамдык ресурстардын деңгээлин жана кадрдык потенциалды жогорулатуу; Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу боюнча улуттук кеңешти түзүү; КР кризистик маалыматтык инфратүзүмүн, анын ичинде инфратүзүм объекттерин жана маалыматтарды резервдөө аркылуу чечилет.

Өзгөчө көңүл компьютердик кылмыштуулук менен күрөшүү, компьютердик кылмыштарды иликтөө жана бул чөйрөдө эл аралык кызматташууну активдештирүүгө бурулат. КР Кылмыш-жаза кодексинде компьютердик криминалистиканын методдорун жана каражаттарын бекитүү камсыздалат.

КР Кылмыш-жаза кодексин жаңылоонун алкагында төмөнкүдөй кылмыштык киберкылмыштардын криминалдашуусу камсыздалат: маалыматка, дайындарга, тармактарга мыйзамсыз жетүүсү; маалыматтын, дайындардын бүтүндүгүнө мыйзамсыз кийлигишүү, маалыматтык системалардын ишине мыйзамсыз кийлигишүү; компьютердик түзүлүштөрдү талаптагыдай эмес колдонуу.

35-КАДАМ. Аскердик коопсуздук

Мамлекеттин аскердик коопсуздугу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн биринчи маанидеги маселе болуп саналат. Азыркы күндө Куралдуу Күчтөрдү жетишсиз финансылоо, начар материалдык-техникалык жана адамдык ресурстар менен байланыштуу проблемалар бар экендигин моюнга алуу керек.

Өкмөт тарабынан аскерлерди контракт жана чакыруу боюнча аскер кызматчылары менен комплектөөнү оптималдуу айкалыштыруу алууга багытталган чаралар сунуш кылынган. Армиянын турмушунан уставдан тышкары өз ара мамилелерди, мазактоо жана кемсинтүү фактыларын түп-тамырынан жоготуу керек. Бул максаттарда мындай укук бузуулар үчүн күнөөлүүлөрдү жазалоону катуулатууну, ошондой эле аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо боюнча чараларды жогорулатууну караган чаралардын комплекси кабыл алынат.

Армияда аракеттүү жарандык контроль камсыз кылынат. Ошондой эле аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн, ошондой эле аскер кызматынан бошонгон адамдардын социалдык проблемаларын чечүү боюнча программа улантылат.

Өкмөт жакынкы 5 жылда Куралдуу Күчтөрдүн базалык суроо-талаптарын камсыз кылууга жөндөмдүү аскер экономикасынын бардык тармактарын өркүндөтүү боюнча ички мамлекеттик концептуалдык негизди түптөйт.

8-Өнүктүрүү программасы. "Атуулдук"

36-КАДАМ. Мамлекеттик тил саясаты

Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө максаттары жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоодо мамлекеттик тил этностук таандыктыгына карабастан бардык кыргызстандыктар үчүн бириктиргич болушун талап кылат.

Программаны ишке ашыруунун баштапкы этабында Өкмөт тарабынан өлкөнүн билим берүү системасында "окутуу каражаты" катары кыргыз, орус жана чет тилдерди киргизүү үчүн финансы, билим берүүчүлүк жана башка ресурстарга керектөөлөрүнө кылдат талдоо жүргүзүлөт.

Өлкөнүн билим берүү системасынын бүт структурасы аны этап-этабы менен көп тилдүү билим берүүгө жана полимаданий тарбиялоого которууну эске алганда кайра каралат. 2020-жылга чейин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу системасына киргизүү боюнча иш аяктайт.

Өкмөт компьютердик окутуучу программаларды, кыргызча-чет тилдерде тилдик котормочуну, акысыз компьютердик тесттер менен улуттук Интернет-ресурстарды өнүктүрүүнү колдойт жана түзүүгө дем берет. Жарандардан мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди, анын ичинде этностук жамааттар үчүн эне тилин билүүнүн негизинде маданий-тил чөйрөсүнө туруктуу тартылуу сезимди калыптандырууга жетишүү маанилүү.

37-КАДАМ. "Кыргыз жараны"

Өлкөнүн биримдигине жетишүү, этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү Өкмөттөн жана ар бир жарандан олуттуу күч-аракетти талап кылат. Биргелешкен аракеттер жарандык бирдейликти калыптандырууга тоскоол болгон факторлордон арылууга, социалдык чыр-чатактарды тынчтык жол менен чечүү механизмдерин түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жарандык бирдейликти калыптандыруу саясий-укуктук жана социалдык-экономикалык интеграциялануунун негизинде өтөт. Бул жагында ар кандай этностордун өкүлдөрүнүн этностук, тилдик, маданий өзгөчөлүктөрүн сактоо жана өнүктүрүү менен "Кыргыз жараны" саясий жалпылыкка өлкөнүн жарандарынын интеграциялануусу маанилүү аспект болуп саналат.

Шайлоо системасы өркүндөтүлөт, ал мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына полиэтностук калктын ишеним деңгээлинин көрсөткүчү катары шайлоолордо катышуусун камсыз кылат. Мындан тышкары этностук азчылыктардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта өкүлчүлүгүн көбөйтүү боюнча чаралар көрүлөт. Көп түрдүүлүктү жана жарандык бирдейликти илгерилетүүнүн маанилүү шайманы көп тилдүү билим берүү системасын кеңейтүү болуп саналат.

Этностук жамааттардын өкүлдөрүнүн өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна толук баалуу катышуусун камсыз кылуу, бизнестеги ар түрдүүлүк жана этностук плюрализм, масштабдуу экономикалык долбоорлор коомдо саясий-укуктук жана социалдык-экономикалык интеграцияланууну жогорулатат.

9-Өнүктүрүү программасы. "Экологиялык коопсуздук"

38-КАДАМ. Экологиялык коопсуздук жана климатты адаптациялоо

Акыркы он жылда климаттын өзгөрүшү жана курчап турган чөйрө, экономика жана коом үчүн анын кесепеттери эл аралык жамааттын кыйла глобалдуу проблемаларынын бири болуп калды.

Ушуга байланыштуу Өкмөт тарабынан климаттын өзгөрүшүн болтурбоо жана климаттык туруктуулукту күчөтүү боюнча улуттук чараларды узак мөөнөткө көз карашын калыптандыруу, ошондой эле климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптациялоо боюнча чараларды ишке ашыруу сунушталууда.

Баштапкы этапта Өкмөт климаттын өзгөрүшү жагында 5 максаттуу программаны иштеп чыгат:

1) Суу ресурстарын адаптациялоо программасы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну өркүндөтүүгө, сугаруу технологияларынын суу-натыйжалуу жана суу-үнөмдөөчү жеңилдетилген кредиттик механизмдерди кеңейтүү аркылуу сарамжалдуу суу пайдалануунун экономикалык стимулдарын ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет;

2) Айыл чарбасын адаптациялоо боюнча программа органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүнө суу жана кыртыш үнөмдөөчү технологияларды мындан ары киргизүүгө, айыл чарба өндүрүшүн жайгаштырууну оптималдаштырууга жана адистештирүүгө багытталат;

3) Жаратылыш жана техногендик өзгөчө кырдаалдарды адаптациялоо боюнча программа аба-ырайынын коркунучтуу көрүнүштөрүнө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системаларын, калкты жана уюмдарды эртелеп билдирүү системаларын өркүндөтүүгө алып келет. Инфраструктуранын климаттык коркунучтуу көрүнүштөргө туруктуулугун камсыз кылуу үчүн курулуш нормалары күчтөндүрүлөт, ошондой эле аба-ырайы-климат тобокелдиктерин камсыздандыруу системасы киргизилет;

4) Саламаттыкты сактоо боюнча адаптациялоо программасы адамдардын аялуу топторун өз учурунда аныктоого, аларды эсепке алууга, диспансеризациялоого жана жагымсыз климаттык-метеорологиялык шарттар жөнүндө маалымдар кылууга, ошондой эле сезондук аспекттен алганда калктын жугуштуу ооруулар менен оорууларына, ичилүүчү суу жана тамак-аш продукттарынын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет;

5) Токойлорду жана биоартүрдүүлүктү адаптациялоо боюнча программа табигый жерлерди сактоого жана калыбына келтирүүгө эл аралык жамаатты тартуу менен чаралардын комплексин, ошондой эле социалдык токой өстүрүү жана жарандык сектор менен токойлорду биргелешип башкаруу механизмдерин киргизүүнү сунуштайт.

Координациялоону жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында Өкмөткө караштуу климаттык финансылоо боюнча адистештирилген катчылык түзүлөт.

39-КАДАМ. Экологиялык туруктуулук

Табийгат жана анын компоненттери Кыргыз Республикасынын улуттук баалуулугу, анын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп эсептелет.

Өкмөт аз калдыктуу жана ресурсту үнөмдөөчү технологияларга өткөндө иштеп жаткан өндүрүштөрдү мамлекеттик колдоо жана тиешелүү ченемдик укуктук базаны түзүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда катуу экологиялык талаптарды киргизүү боюнча иштерди жүргүзөт.

Тобокелдик критерийлеринин системасынын негизинде экологиялык аудиттин жана камсыздандыруунун механизми сунушталат. Олуттуу көңүл Ысык-Көл, Сары-Челек жана ушул багытта маанилүү болгон башка региондордун бөтөнчө экосистемаларын сактоого бурулат.

Ысык-Көлдүн айланасында тазалоочу курулмалардын тармагын долбоорлоо жана киргизүү маселеси өзгөчө колдоого алынат, ал өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, азыркы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестициялары тартууга дем берет.

Калдык сакталуучу жайлардын абалын инженердик-радиациялык изилдөөнүн комплекси боюнча ишти жүргүзүү зарыл. Кыргыз Республикасы уран калдыктарын жоюу боюнча демилгелерди эл аралык деңгээлде илгерилетет. Эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен калдык сактоочу жайларды кайра иштетүү боюнча механизм иштелип чыккан жана аларды реабилитациялоо боюнча иштер башталды.

Бажы алымдары, жашыл сатып алуулар, жашыл инвестициялар, продукцияны экологиялык маркировкалоонун стандарттарын жана жол-жоболорун киргизүү аркылуу жашыл технологияларды өнүктүрүүгө дем берүү боюнча чаралар сунушталат.

Калдыктарды башкаруунун системасын уюштуруу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу калдыктарды сорттоо жана экинчи жолу кайра иштетүү, таштанды иштетүүчү заводду, турмуш-тиричилик калдыктарын сорттоо жана жыйноо боюнча линияны куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо боюнча функцияны аутсорсингге берүү үчүн биринчи кадам болуп калат.

40-КАДАМ. Тоо-Токой

Азыркы мезгилде өлкөнүн экосистемасы өзүн-өзү калыбына келтирүүнүн чегине жетти. Бул кырдаал өлкөдөгү экологиялык баланстын бузулушунун коркунучун жаратат. Бул өз кезегинде адамдар жана тирүү жандыктар жашаган чөйрөнүн калыбына келгис болуп бузулушуна алып келиши мүмкүн. Кыргызстандын табигый экосистемасын калыбына келтирүү максатында Өкмөт Кыргызстандын аймагына токой массивдерин жана көп жылдык көчөттөрдүн плантацияларын отургузуу боюнча ишти жүргүзөт.

Өкмөт жеңилдетилген шарттарды, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди өлкөнүн аймагында мөмө-жемиш, жаңгак жана тез өсүүчү өнөр жай дарактарын тигүүгө кызыкдар болгон бизнеске жана жергиликтүү жамааттарга сунуштайт. Бул багытта Өкмөт жер пайдалануу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтөт, ал мал чарбасын, өсүмдүк чарбасын комплекстүү өнүктүрүүнү камсыз кылат жана бакча чарбасын жана көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Жыгач иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү жамааттарда бат өсүүчү пайдалуу дарактардын плантацияларын отургузуу жайылтылат жана ага дем берилет.

Корутунду

Ар бир 40 кадамдын алкагында 2018-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык максаттарына туура келген долбоорлор ишке ашырылат. Долбоордук ыкма 2040 стратегиясынын биринчи этабын ишке ашырууда конкреттүү натыйжаларга жетүүгө, мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө, ошондой эле ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. 40 кадамдын ар бири элибиз экономикалык жактан бакубат, социалдык жактан байгер болгон жана өзүн коопсуздукта сезген өлкөбүздүн жаңы дооруна карай жасалган ыкчам жана ишенимдүү кадам болуп калат.

Ар бир кадам Кыргыз Республикасынын экономикасындагы жана коомундагы бар болгон проблемаларды конкреттүү түрдө чечүүнү камсыз кылат. Өнүгүүнүн проблемаларынын чечилбегендиги Өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун чектеген бир катар факторлордун бар экендигин көрсөтүп турат. Финансылык ресурстардын жетишпегендигинен тышкары (бул өнүгүүнүн проблемаларынын себеби эмес, анын кесепети болуп эсептелет) проблемалар мамлекеттик башкаруу системасынын бардык деңгээлиндеги башкаруунун жана иштин методдорунун натыйжасыздыгынын айынан чечилбей келүүдө. Ресурстар жана күч-кубат проблеманы чечпеген чечимдерди аткарууга жумшалган учурлар бар.

Бул проблемалардын көптөн бери чечилбей келиши бул жагдайдан жеке кызыкчылыктарын канааттандырган кызыкдар топтордун да бар болушун билдирип турат. Бул проблемалардын чечилбей жатышы аларды аныктап, андан соң чечүүнүн жолун табууга мүмкүндүк берген жетиштүү билимдин жана көндүмдөрдүн жоктугун да билдириши мүмкүн. Түзүлгөн кырдаал конкреттүү максаты жок болгон, өнүгүүнүн жалпы багытын өзгөртпөгөн, натыйжасы төмөн чечимдерге жана проблемаларга күч-кубат жумшалып жаткан жагдайды да билдирет.

Проблемалардын көптөн бери чечилбей келүүсүнүн себептеринин аталган варианттарын эске алуу менен "Жаңы доорго - кырк кадам" программасы учурдагы кырдаалды өзгөртүүчү, толук чечилүүчү проблемаларды табууга багытталган. 40 кадамдын ар бири өлкөнү өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон чөйрөдөгү жана коомдогу фундаменталдуу өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчү болууга тийиш. Бул кадамдар аталган чөйрөдө бай тажрыйбасы бар эксперттердин тобу менен талкуулоонун, ошондой эле ассоциациялар, ведомстволор жага өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен консультациялардын негизинде аныкталды.

"Жаңы доорго - кырк кадам" программасын ишке ашыруу өлкөбүздүн жакынкы 5 жылда алдыга карай сапаттуу секирик жасоосуна мүмкүндүк берет. Программа 2023-жылга карата төмөнкү жалпы көрсөткүчтөргө жетишүүгө багытталат:

1) ИДПнын көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү;

2) элдин реалдуу акчалай кирешесин 2 эсеге көбөйтүү;

3) жакырчылыктын жалпы деңгээлин 15%га чейин азайтуу;

4) ПРООНдун Адам өнүгүүсүнүн индекси жогору болгон биринчи 80 өлкөнүн тизмесине Кыргызстанды киргизүү;

5) Дүйнөлүк банктын Бизнести жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча рейтингиндеги биринчи 30 өлкөнүн тизмесине Кыргызстанды киргизүү;

6) Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча биринчи 80 өлкөнүн тизмесине Кыргызстанды киргизүү;

7) Коррупцияны кабыл алуу рейтинги боюнча биринчи 80 өлкөнүн тизмесине Кыргызстанды киргизүү.