Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7096fb8e-26e5-44d6-8d0b-a74a2ef1c8d5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1992-жылдын 16-декабры № 1076-XII

 

Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын
1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78,
2001-жылдын 12-декабрындагы № 109,2002-жылдын 12-январындагы № 6,
2006-жылдын 6-декабрындагы № 199,2007-жылдын 22-мартындагы № 36,
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 16-июлундагы № 222,
2011-жылдын 7-июлундагы № 81
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн жана алардын иштешинин укуктук негиздерин аныктайт.

 

I Глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Эркин экономикалык зоналардын түшүнүгү, максаттары жана түрлөрү

 

Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар - бул:

- айрым региондордун жана жалпы республиканын экономикасын эмгектин эл аралык бөлүнүшүнө натыйжалуу тартуу;

- мамлекеттик жана жеке менчикке негизделген ата мекендик ишканалар менен уюмдардын материалдык жана акчалай каражаттары менен чет элдик капиталды интеграциялоонун базасында аймактан экономикалык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү;

- азыркы кездеги өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүү;

- ички рынокту продукциялар жана керектелүүчү жана өндүрүштүк багыттагы товарлар менен толтуруу;

- калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын айрым областтарынын, райондорунун жана шаарларынын аймагынан атайын бөлүнүп берилген өзгөчөлөнгөн жана тосмолонгон участоктор болуп эсептелет.

Эркин экономикалык зоналарда тышкы экономикалык жана чарбалык иш жүргүзүү жагында жеңилдиктерди караган өзгөчө укуктук режимдер жана эмгектик мамилелерди укуктук, жөнгө салууга тиешелүү алымчалар. жана толуктоолор белгиленет.

Эркин экономикалык зоналардын субъекттерине алардын катталуу датасына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймагында салык жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн акциздик товарларды алып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.

Эгерде кайра иштетилген продуктыларга карата биринчи төрт белги-

нин кайсынысынын болсо да деңгээлинде тышкы экономикалык ишмердиктин Товардык номенклатурасы боюнча кайра иштетүүнүн натыйжасында товардын классификациялык кодунда өзгөрүү болсо, эркин экономикалык зоналарда өндүрүлгөн товарларды эркин экономикалык зоналардын субъектилерине Кыргыз Республикасынын ички рыногунда сатууга уруксат берилет.

Эркин экономикалык зоналардын субъекттери ушул беренеде белгиленген ченемди бузгандыгы аныкталса, эркин экономикалык зоналардын дирекциясы аларды ЭЭЗдин субъектиси статусунан ажыратат.

ЭЭЗдин субъектиси статусунан ажыраган юридикалык жакка андан ары Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зонасынын аймагында катталууга жол берилбейт.

Мындан тышкары, ушул көрсөтүлгөн беренедеги ченемдерди бузуп сатылган товарларга чыгарылган өлкөсү боюнча бажы алымдарынын ставкасы колдонулат.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78, 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2007-жылдын 22-мартындагы № 36, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-берене. Эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн шарттары

 

Эркин экономикалык зона деп бөлүнгөн аймак жана аны ылайыкташтыруу ушул мыйзамга жана эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобого ылайык камсыз кылынат.

Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы ЭЭЗдин аймагын тосмолоону камсыз кылат же ЭЭЗдин субъектилеринин бажы контролу үчүн башка шарттарды түзөт. Тосмолоонун же бажы контролунун ылайык келүү шарттары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу бажы органдары тарабынан тастыкталат. Эгер көрсөтүлгөн шарттар тастыкталбаса, ЭЭЗдин субъектилерине жалпы салык режими коддонулат.

Эркин экономикалык зонанын тосулган аймагына мейманкана тибиндеги турак-жай фондунан башка турак-жай фондунун объектилерин жайгаштырууга жол берилбейт.

ЭЭЗдин тосмолонгон аймагынын ичине имараттарды жана курулмаларды жана алардын субзоналарын курууда ташып келинген материалдар бардык салык төлөмдөрүнөн бошотулат.

Эркин экономикалык зонанын чектери Кыргыз Республикасынын бажылык чек арасынын курамдык бөлүгү болуп, анын аймагы Кыргыз Республикасынын бажылык аймагынан тышкары, тышкы экономикалык иш-аракеттен башка, жайгашат.

ЭЭЗде өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары экспорттоодо ЭЭЗдин бул продукциясы Кыргыз Республикасынын бажы аймагында өндүрүлгөн продукция болуп саналат.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2002-жылдын 12-январындагы № 6, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-берене. Экспорттук өндүрүш зоналары

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

 

4-берене. Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу зоналары

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2 Мыйзамына ылайык алынып салынган)

 

5-берене. Эркин экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

 

Эркин экономикалык зоналарды түзүүгө жана анын ишине байланыштуу келип чыгуучу мамилелер ушул Мыйзам, салык мыйзамдары эркин экономикалык зоналар жөнүндө жоболор, эл аралык келишимдер жана макулдашуулар тарабынан жөнгө салынат. Эркин экономикалык зоналардын аймагында Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген мыйзамдары жана Эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобо колдонулат.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

II Глава
Эркин экономикалык зоналардагы өзгөчө укуктук режимдер

 

6-берене. Өзгөчө бажы режими

 

Эркин экономикалык зоналарда өзгөчө бажы режими колдонулат, ага эркин экономикалык зоналарга алып келинген товарларга, же реэкспорт үчүн арналган товарларга бажы алымдарын жокко чыгаруу, ошондой эле чек ара аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүп турушу, экспортко жана импортко тарифтик эмес чектөөлөрдү жокко чыгаруу кирет.

Эркин экономикалык зоналардын аймагынан Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып чыгуучу товарларга карата:

1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;

2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамына ылайык колдонулат.

Эркин экономикалык зоналардын аймактарында чыгарылбаган жана Кыргыз Республикасынын бажы аймактарына эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан алып келинген товарларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы алымдары, кошумча нарк салыгы жана акциздик салык салынат.

Бул режимди камсыз кылуу үчүн эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекциялары ыйгарым укуктуу бажы органы тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргелешип, бул зоналардагы бажы кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүн түзөт.

Эркин экономикалык зоналардын аймагы аркылуу экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды транзиттөө кандайдыр бир бажылык жеңилдиктерсиз жүзөгө ашырылат.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78 , 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

7-берене. Өзгөчө валюталык режим

 

Эркин экономикалык зоналардын аймагындагы өзгөчө валюталык режимде чет өлкөлүк валютаны эркин жүгүртүү, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдө жана юридикалык жактардын жана адамдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленүүчү эрежелерге ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө чет өлкөлүк валютаны эркин жүгүртүү каралат.

Эркин экономикалык зоналардын чет мамлекеттер менен эсептешүүлөрү тараптардын макулдашуусу боюнча кандай гана валюта болбосун жүргүзүлөт.

Эркин экономикалык зоналардын аймагында борбордук жана жергиликтүү бюджеттер менен валюталык эсептешүүлөрдүн жеңилдик берүүчү шарттары колдонулушу мүмкүн.

 

8-берене. Эркин экономикалык зоналардагы чарбалык жана тышкы экономикалык иштер жагындагы жеңилдиктер

 

Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө кызматтарын көрсөтүүчү эркин экономикалык зоналардын субъекттерин кошпогондо, чарбалык жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары (белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар) эркин экономикалык зонада иш-аракет жүргүзүү мезгилинде салыктардын, алымдардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүнөн бошотулат. Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы керектөө үчүн эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык кошумча нарк салыгы алынат. Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы керектөө үчүн кызмат көрсөтүүлөр болуп Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын аймагында кайсы болбосун жеке жактар сатып алуучу кызмат көрсөтүүлөр эсептелет. Эркин экономикалык зоналардын субъекттеринде жалданып иштеген жеке жактардан киреше салыгы жана социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынат.

Эркин экономикалык зонада чыгарылган продукцияны экспорттоо көлөмү ЭЭЗде жыл ичинде өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнөн 30 пайызынан ашпоого тийиш болгон продукция Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттолгондон башка учурларда квота жана лицензия алуудан бошотулат.

Кыргыз Республикасынын ички рыногуна керектөө үчүн кызматтарды көрсөтүүчү эркин экономикалык зоналардын субъекттерин албаганда, чарбалык жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары (белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар) жыл сайын эркин экономикалык зонанын (ЭЭЗдин) башкы дирекциясына салык боюнча жеңилдик бергендиги үчүн өзүнүн товар сатып өткөрүүдөн жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражатынын 0,1 процентинен 2 процентинен 2 процентине чейинки өлчөмдө акы төлөйт.

Берилген жеңилдик үчүн төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

Эркин экономикалык зоналардын субъекттеринде жалданып иштеген же-

ке адамдардан социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу взностору "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынат.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78, 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 16-июлундагы № 222, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

9-берене. Эркин экономикалык зоналарда эмгектик мамилелерди келишимдик жөнгө салуу

 

Кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу, эмгекке акы төлөөнүн, анын ичинде чет өлкөлүк валютада акы төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү, эмгектин жана эс алуунун режими зркин экономикалык зоналардагы ишканалардагы социалдык милдетин алуунун жана компенсация берүүлөрдүн маселелери менен чогуу алгандагы эмгектик мамилелер коллективдүү келишим (макулдашуу) жана жекече эмгек келишимдери (контрактар) аркылуу жөнгө салынат.

Коллективдүү жана жекече эмгек келишимдери бул ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин абалын Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан эмгек жөнүндө мыйзамдарда, ошондой Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган Эмгекти эл аралык уюштуруунун конвенцияларында каралган шарттарга салыштырганда начарлатпоого тийиш.

Чет өлкөлүк кызматкерлер тарабынан чет өлкөлүк валютада алынган эмгек акы салыктар төлөнгөндөн кийин тоскоолдуксуз чет өлкөгө которулат.

ЭЭЗдин субъекттеринин иши менен байланышкан маселелер, эркин экономикалык зонага кирүү уруксаты, уруксат кагаздарын толтуруу, бул зонага келүүгө жана иштөөгө уруксат алуу, ошондой эле ЭЭЗдин иши менен байланышкан башка маселелер ЭЭЗдин Башкы дирекциясы тарабынан жөнгө салынат.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

10-берене. Эркин экономикалык зоналардын ишин финансылоо

 

Эркин экономикалык зонанын иш жүргүзүшүн камсыз кылуу максатында зонанын бюджети түзүлөт, зонанын бюджетинин кирешесине зонанын администрациясынын карамагында болгон жерди, имараттарды жана курулуштарды ижарага берүүдөн келип түшкөн, алар тарабынан ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдөн келип түшкөн, зонанын заемдорун чыгаруудан келип түшкөн акчалар, ошондой эле приватташтыруу процессинде алынган каражаттардын бир бөлүгү чегерилет. Эркин экономикалык зоналардын бюджети Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.

Эркин экономикалык зоналардын инфраструктурасын жагымдуу абалга келтирүүнү финансылоо республикалык бюджеттин бөлүнгөн каражаттардын эсебинен (бюджеттик насыя берүү түрүндө да, ошондой эле өндүрүштүк жана социалдык инфраструктуранын артыкчылык берилүүчү объектилерин түзүүнү түздөн-түз инвестициялоо катарында да), ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана зоналардын иш-аракетинен түшкөн кирешелердин эсебинен жүзөгө ашырылат.

Республикалык бюджеттин каражаттарын тартуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган шарттарда жүзөгө ашырылат. Бюджеттик насыялар алынган учурда эркин экономикалык зоналардын аймагындагы бардык салык төлөөлөр жана алардын бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган тартипте жана белгилүү бир мезгилдин аралыгында эркин экономикалык зоналардын бюджетине түшөт.

Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу максатында өзү жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясынын бюджетинен 0,01 пайыз чегерүүлөрдү пропорциялуу жүргүзөт.

(КР 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78, 2006-жылдын 6-декабрындагы № 199, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

11-берене. Эркин экономикалык зонадан чыгып кетүүнүн жана ага келүүнүн тартиби

 

Эркин экономикалык зоналарда чет өлкөлүк граждандардын чыгып кетишинин жана ага келишинин жөнөкөйлөтүлгөн режими колдонулат.

Ар бир зона үчүн чыгып кетүүнүн жана ага келүүнүн айкын эрежелери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министерствосу тарабынан белгиленет жана зона жөнүндө Жободо жазылат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан финансылануучу атайын агентство түзөт.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

12-берене. Эркин экономикалык зоналарда жеңилдиктердин колдонулуу мөөнөтү

 

Жеңилдетилген салык салуу жана бажылык режим Кыргыз Республикасынын Салык кодекси кабыл алынган күндөн тартып 10 жыл бою колдонулат.

ЭЭЗдин субъектилеринде алардын финансылык-чарбалык иши жана салык салуунун маселелери боюнча ар кандай текшерүүлөр ЭЭЗдин башкы дирекциясына билдирүү менен жылына бир гана жолу бажы жана салык органдары тарабынан жүргүзүлөт. ЭЭЗдин субъектилеринин чарбалык ишине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзгөчө чечими болгондон башка учурларда, ар кандай мамлекеттик орган тараптан кийлигишүүгө жол берилбейт.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78, 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 16-июлундагы № 222, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81  Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

III Глава
Эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн тартиби жана аларды башкаруу

 

13-берене. Эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн жана жоюунун тартиби

 

Эркин экономикалык зона жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча түзүлөт жана жоюлат.

Эркин экономикалык зонанын чек арасы, анын иш жүргүзүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.

Ар бир эркин экономикалык зона жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

ЭЭЗдин Башкы дирекциясы юридикалык жак катары эркин экономикалык зонанын субъектиси болуп эсептелет.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-берене. Эркин экономикалык зоналарды башкаруу

 

Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы (дирекциясы) эркин экономикалык зонаны башкаруу органы болуп саналат.

Эркин экономикалык зонанын Башкы директору (директор) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык келишимдик шарттарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. Башкы директордун орун басары ЭЭЗдин Башкы директору тарабынан дайындалат.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-берене. Эркин экономикалык зоналардагы чет өлкөлүк инвестициясы бар ишканаларды каттоо

 

Эркин экономикалык зонадагы мурда иштеп жаткан же жаңыдан түзүлүп жаткан чет өлкөлүк инвестициясы бар ишканалар, ошондой эле эркин экономикалык зонанын аймагынан тышкары жайгашкан ишканалардын эркин экономикалык зонада мурда иштеп жаткан же жаңыдан түзүлүп жаткан филиалдары, бөлүмдөрү жана өкүлчүлүктөрү эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы (дирекциясы) тарабынан катталууга тийиш. Чет өлкөлүк инвестициясы бар чарба жүргүзүүчү субъектилерди каттоонун тартиби эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы (дирекциясы) тарабынан белгиленет.

ЭЭЗдин башкы дирекциясы ЭЭЗге субъект катары катталгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын салык органына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине билдирүүгө милдеттүү.

Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясына чекене соода жүргүзгөн жана ички рынокто ар кандай кызматтарды көрсөткөн чарба жүргүзүүчү субъектилерди эркин экономикалык зонанын субъектилери катары каттоого тыюу салынат.

(КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78, 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Акаев