|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-январы № 16
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги
№ 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө
бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 "Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 4-пунктун үчүнчү абзацындагы "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:
"4-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары:
- социалдык жактан маанилүү негизги азык-түлүк товарларын сатуу боюнча базарлардагы жагдайга, анын ичинде облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөтүнүн маалыматтарынын негизинде байкоо жүргүзүшсүн;
- социалдык жактан маанилүү товарларга баалар жогорулаган учурда бул товарлардын бааларын кармап туруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине киргизишсин.
4-2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, башка шаарлардын жана айыл аймактарынын аткаруучу органдарына:
- өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн социалдык жактан маанилүү негизги азык-түлүк товарларын сатуу жарманкелерин, аларды өткөрүү үчүн шарт түзүү менен уюштуруу;
- социалдык жактан маанилүү негизги азык-түлүк товарларынын бааларын кармап туруу маселелери боюнча калктын жана ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушталсын.";
- 5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаментке" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктта:
биринчи абзацтагы "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын;
"анализдердин" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан киргизилген сунуштардын," деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына дүң-өткөрүү жана чекене бааларды түзүү жана колдонуу тартибинде:
4-пункттун тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы № 445 "Мамлекет башкаруучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, көрсөтүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык" деген сөздөр жана цифралар "Табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- 5-главанын аталышындагы "жана тарифтерди" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
Премьер-министр |
|
Ж.Сатыбалдиев |