|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-июлу №430
"Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы №596 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы №596 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" деген I бөлүмүнүн "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу бөлүктөр (ички аскерлер, борбордук аппарат, ички иштер башкармалыгы, шаардык ички иштер бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмү)" деген бөлүмчөнүн 2, 5 жана 6-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги" деген II бөлүмдүн 1, 5, 7, 8 жана 9-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" деген III бөлүмдө:
13-пунктта "1994-жылдагы жана 2004-жылдагы үлгүлөрүндөгү" деген сөздөр жана цифралар "2004-жылдын үлгүсүндөгү" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14. Визаны тариздөө жана берүү";
- "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги" деген IV бөлүмдө:
1-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
"Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги" деген бөлүмчөнүн 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген V бөлүмүнүн 2 жана 3-пункттары жана "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу бөлүктөр (бирикмелер, бөлүктөр, мекемелер)" деген бөлүмчө күчүн жоготту деп табылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" деген VII деген бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмчө менен толукталсын:
"Балык чарба департаменти
1. Көлмөлөрдүн жана участкалардын балыкка молдугун эске алуу менен балык уулоо, балык өстүрүү жана балык запастарын өндүрүү максаттары үчүн пайдаланууга көлмөлөрдү жана балык уулоочу участкаларды берүү.
2. Өндүрүлүүчү, чыгарылуучу жана сатылуучу балыктардын, уруктанган икранын жана балык өстүрүүчү материалдардын сапатына лабораториялык анализдерди жүргүзүү.
3. Бак курулмаларын орнотуу жана пайдалануу максаттары үчүн балык уулоочу участкаларды бөлүү.
4. Товардык балыкты жана балык өстүрүүчү материалдарды өстүрүү үчүн көлмө фондун пайдалануу.";
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген VIII деген бөлүмдүн "Мамлекеттик фельдъегердик кызматы" деген бөлүмчөсүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген XII бөлүмдө:
"Мамлекеттик нотариалдык конторалар" деген бөлүмчө төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик нотариалдык конторалар
1. Маалымкатты, документтердин көчүрмөсүн алуу үчүн нотариалдык документтерди жана суроо-талаптарды жиберүү.
2. Нотариалдык иштерди жүргүзүү үчүн жеке адамдардын жана юридикалык тараптардын нотариусту чакыруусу.
3. Мамлекеттик нотариалдык конторалардын архивинде жеке нотариустардын нотариалдык документтерин кабыл алуу жана сактоо.
4. Электрондук нотариалдык реестр боюнча кызмат.";
"Атуулдук абалдын актыларын каттоо органдары" деген бөлүмчөнүн 1 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети" деген XX бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.
2. Тиркелген Көчүрүү кызмат наркынын бирдиктүү прейскуранты бекитилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
|
Премьер-министри |
И.Чудинов |
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Көчүрүү кызмат наркынын
БИРДИКТҮҮ
ПРЕЙСКУРАНТЫ
|
№ |
Кызматтын аталышы |
Өлчөм бирдиги |
Наркы, сом |
|
|
1. |
Көчүрүү |
бир барак |
1,50 |
|
Эскертүү: Акы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 3-пунктуна ылайык 5 барактан ашкан көлөмдөгү документтерди жана материалдарды (же алардын бөлүктөрүн) көчүрүүдө алынат.