Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\ca1c5ab7-e35b-4643-85e8-24907770d897\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 8-декабры № 743

Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө

                                                       (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде мамлекеттик сырларды камтыган нормативдик укуктук актыларды эсепке алуу тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин тиешелүү долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

 (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун жана башка аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдоонун тартиби жөнүндө эрежелерди бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-январындагы № 4 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-апрелиндеги № 249 токтомунун 2-пункту;

- "Министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин, мамлекеттик комиссияларынын, администрациялык ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларын даярдоонун жана мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-мартындагы № 124 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдерди чыгаруу иш-аракетин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-октябрындагы № 617 токтомунун 5 жана 6-пункттары;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233 токтомунун 13-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-июлундагы № 349 токтомунун 1-пункту;

- "Министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик-укуктук актыларды даярдоо жана мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-мартындагы № 124 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-августундагы № 483 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-сентябрындагы № 665 токтомунун 2-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 687 токтомунун 1-пункту;

- "Министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин, мамлекеттик комиссияларынын, административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Нормативдик укуктук актыларын даярдоонун жана мамлекеттик каттоонун эрежелерин колдонуу боюнча жетекчиликти бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2003-жылдын 17-декабрындагы № 187 буйругу;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-сентябрындагы № 692 токтомунун 2-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-декабрындагы № 588 токтомунун 1 жана 2-пункттары;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 7-февралындагы № 70 токтомунун 1 жана 3-пункттары;

- "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укуктук актыларына текшерүү жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2009-жылдын 27-февралындагы № 48-а буйругу.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов