Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 18-декабры № 767

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 343, 2012-жылдын 10-январындагы № 2,
2013-жылдын 19-августундагы № 465, 2015-жылдын 13-майы № 288, 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 564, 2018-жылдын 22-мартындагы № 148 , 2018-жылдын 15-августундагы № 375 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин укук улантуучусу болуп эсептелээри белгиленсин.

3. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы» деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын;

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:

- аталышында жана бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» жана «Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы» жана «Мамлекеттик бажы кызматы» деген сөздөр менен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын.

4. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 72 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун аталышында жана бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- «жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жөнүндө» 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 168 токтомун» деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин желеги жана символикасы жөнүндө жобонун аталышында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызмат адамдарынын кийим формасы жана мүлктүк үлүш нормалары жөнүндө жободо «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматчыларына азык-түлүк паектун ордуна акчалай компенсациянын нормасы суткасына 256 сом өлчөмүндө белгиленсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын азык-түлүк паегунун ордуна компенсация төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фондунун каражаттарынан жүргүзсүн.

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-марттагы № 88 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июндун № 361 токтомунун 2-пункту.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.  

 

Премьер-министри

 

Д.Үсөнов

  

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу
СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-августундагы № 375 токтомунун редакциясына ылайык)

Описание: image001.jpg