|
ЦЕНТРАЛИЗОВАННЫЙ БАНК ДАННЫХ ПРАВОВОЙ ИНФОРМАЦИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | |
| Документ | Реквизиты | Ссылающиеся документы |
|
Редакция: кыргызча | на русском |
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-сентябры № 586
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы №
596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан
мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө"
токтомуна
толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, көмчө булгоочу каражаттардын айлана-чөйрөнүн абалына антропогендик таасирин азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- "XVI. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттик" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Автотранспорттун түтүнүндө көмүртектин оксидинин концентрациясын аспап менен өлчөө жана түтүн белгиленген нормаларга ылайык болсо экоталон берүү.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылсын.
|
Премьер-министр |
И.Чудинов |