Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a491da18-9ca4-44d7-9132-71bbaabc6a19\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2001-жылдын 21-сентябры № 83

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 138, 2014-жылдын 2-июнундагы № 86, 2016-жылдын 20-майындагы № 67
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам мамлекеттик карыз алуу, зайымдарды тартуу, өздөштүрүү жана тындырууда, мамлекет кепил болгон карыздарды кошуп алганда, мамлекеттик карыздарды башкаруу боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу процессинде келип чыккан мамилелерди жөнгө салып, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин зайымдык каражаттарды тартуу, өздөштүрүү жана кайтаруу, ошондой эле мамлекеттик эмес карыздарды эсепке алуу жагындагы укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

1-глава
Жалпы жоболор

1-статья. Негизги түшүнүктөр

1. Мамлекеттик карыз - кредиттик келишим боюнча же мамлекеттин башка карыздык милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын өздөштүрүлгөн жана төлөнбөгөн ички жана тышкы мамлекеттик карызынын белгилүү мезгилдеги жалпы суммасы.

2. Карыздык милдеттенме - белгилүү акча каражаттарын карыз алышынын же тийиштүү сумманы келишимдерде көрсөтүлгөн товарлардын кызмат жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын толук же бир бөлүгүн төлөп берүү милдеттенмеси менен товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алгандыгынын фактыларын белгилеген кагаз формасындагы жана/же электрондук түрдө жазылган баалуу кагаздар, кредиттик макулдашуулар, кредиттик келишимдер, макулдашуулар жана башка милдеттенмелер боюнча милдеттенмелердин бардык түрлөрү.

3. Кредиттик макулдашуу - акча каражаты (товар же кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө зайым алуу максатында түзүлгөн жана аларды кайтарып берүү, пайыздарына кредиттик макулдашууда каралган башка чыгымдарды төлөө шарттарын камтыган зайымчы менен кредитордун ортосундагы келишим болуп саналган юридикалык документ.

4. Резидент - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары толук өлчөмдө жайылтыла турган Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн юридикалык же жеке жак.

5. Резидент эмес - туруктуу жашаган жайы же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган турагы бар, чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн же түзүлгөн юридикалык же жеке жак.

6. Мамлекеттик ички зайым - кредиттик макулдашуу же башка карыздык милдеттенмелер боюнча мамилелер, буларда кредитор катары Кыргыз Республикасынын резиденти чыгат, ал эми зайымчы катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү бийлик органдары чыгат.

7. Мамлекеттик ички карыз - белгилүү мезгилде Кыргыз Республикасынын кредиторлорунун - резиденттеринин алдында Кыргыз Республикасынын өздөштүрүлгөн жана төлөнбөгөн ички зайымдарынын же башка карыздык милдеттенмелеринин суммасы болуп саналган мамлекеттик карыздын ажырагыс бөлүгү.

8. Мамлекеттик тышкы зайым - кредиттик макулдашуу боюнча же башка карыздык милдеттенмелер боюнча мамилелер, аларда кредитор катары Кыргыз Республикасынын резиденти эмес чыгат, ал эми зайымчы катары Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгат.

9. Мамлекеттик тышкы карыз - белгилүү мезгилде Кыргыз Республикасынын резидент эмес - кредиторлорунун алдында Кыргыз Республикасынын өздөштүрүлгөн же төлөнбөгөн мамлекеттик тышкы зайымдарынын же башка карыздык милдеттенмелеринин жалпы суммасы болуп саналган мамлекеттик карыздын ажырагыс бөлүгү.

10. Кепилдик - карыз үчүн же башка жактар тарабынан милдеттенмелерди аткарбагандык үчүн жоопкерчилик тартууга милдеттенме. Кепил негизинен башкы карыз алуучу өкүлдүк кыла турган негизги кепилдиктен айырмаланып, башка жактардын карыз же аракети үчүн экинчилик жоопкерчиликти тартат.

11. Мамлекеттик кепилдик - мыйзамда же келишимде каралган кат жүзүндөгү милдеттенме, мунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген мөөнөттө зайымчы милдеттенмелерин аткарбаганда же тийиштүү түрдө аткарбаганда карызды толугу менен же бир бөлүгүн төлөп берүүгө кредиторлордун алдында милдеттендирилет.

12. Мамлекет алдында милдеттенмелери бар зайымчы - ар кандай карыздык милдеттенме боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн кредиттик келишим боюнча зайым алган резидент, бул милдеттенме боюнча ал зайымды пайдалануу жана кайтарып берүү жагынан тиешелүү талаптарга ылайык мамлекет алдында милдеттенмелерди кабыл алат.

13. Ички кредиторлор - кредиттик макулдашуу боюнча же башка карыздык милдеттенмелер боюнча каражат беришкен резиденттер.

14. Чет элдик кредиторлор - макулдашуу же башка карыздык милдеттенмелер боюнча каражат беришкен резидент эместер.

15. Мамлекеттик эмес зайымдар - кредиттик макулдашуу боюнча же башка карыздык милдеттенмелер боюнча ички же чет элдик кредиторлордон резиденттер алган акчалай каражат, баалуулуктар же кызмат көрсөтүүлөр.

16. Кепилге алынган мамлекеттик карыз - белгиленген мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кепилдиги болгон өздөштүрүлгөн же төлөнбөгөн мамлекеттик эмес зайымдардын суммасы.

17. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жыйынды карыз - белгилүү ай-күндө кредиттик макулдашуу же башка карыздык милдеттенме боюнча өздөштүрүлгөн жана республиканын төлөнбөгөн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес зайымдарынын суммасы.

18. Карыз алуу - зайымдык каражаттарды тартуунун зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алуу; зайымды алуунун тартибин жана шарттарын аныктоо, зайымды пайдалануу, төлөө жана тейлөө; сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорунун; милдеттенмелерди аткаруу кепилдиктеринин; зайым боюнча тийиштүү документтерди жазып-каттоо жана кол коюу; зайым келишимин ратификациялоо (мамлекеттик тышкы карыз алганда); зайым каражаттарын алуу; пайдалануу; тараптардын милдеттемелерди аткарышын эсепке алуу, контролдоо жана талдоо жол-жоболорун кошуп алганда зайымды тындыруу жана тейлөө процесси.

19. Зайымды тейлөө - зайымдын шарттарына ылайык негизги карызды тындыруунун эсебине төлөмдөрдү, пайыздарды, комиссиялык жана башка төлөөлөрдү жүргүзүүдө зайымчынын эсебиндеги зайымдын каражаттарын пайдаланууну эсепке алуу жана зайымчынын төлөөлөрдү жүзөгө ашырышы боюнча ыйгарым укуктуу органдын же банктын иши.

20. Карызды тындыруу - кредиторлор менен келишимдерди белгиленген тартипте зайымчынын өздөштүргөн карыз суммаларын бара-бара кайтарып берүү, белгиленген тартипте карызды түзгөн милдеттенмелерди аткаруу.

21. Мамлекеттик карызды төлөөнү камсыздандыруу фонду - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан түзүлгөн жана башкарылган фонд, анын эсебинде мамлекеттик карыз боюнча жана мамлекеттик кепилдиктер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн каражат топтолот.

22. Улуттук валюта - Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу төлөө каражаты болуп саналган кыргыз сому.

23. Чет элдик валюта - ар кандай башка чет элдик мамлекеттин валютасы же карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) камтыган эки же андан ашуун мамлекеттер пайдалануучу валюта.

24. Зайым валютасы - зайымды алуу жана кайтаруу, кредиттик макулдашууда каралган пайыздарды жана башка чыгымдарды төлөө үчүн зайымчы пайдаланган чет элдик же улуттук валюта.

25. Финансылык агент - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген финансылык уюм.

2-статья. Ушул Мыйзамды жөнгө салуунун предмети

Ушул мыйзамды жөнгө салуунун предмети мамлекет кепилдеген мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыз алуу жана ушундай карыз алуунун натыйжасында түзүлгөн мамлекеттик карызды жана мамлекеттик кепилдиктерди башкаруу, ошондой эле мамлекет кепилдебеген мамлекеттик эмес карыз алууну эсепке алуу болуп саналат.

3-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Президенти ратификациялаган мамлекеттер аралык келишимдердин жана башка актылардын ушул Мыйзамга карата артыкчылыгы

Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Президенти ратификациялаган эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында каралгандагыдан башкача эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

2-глава
Кыргыз Республикасында мамлекеттик карыз алуу

4-статья. Мамлекеттик карыз алуунун максаттары

Мамлекеттик карыз алуу төмөндөгүдөй максаттар үчүн жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын каржылоо;

2) мамлекеттик инвестицияларды каржылоо;

3) мамлекеттик карызга тийиши бар чыгымдарды жабуу жана мамлекеттик карызды кайтарып берүү;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка максаттар үчүн.

5-статья. Мамлекеттик карыз алуунун жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн негизги принциптери

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик карызды башкарууда, тышкы карызды жүзөгө ашырууда жана мамлекеттик гарантияларды берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден-бир агенти болуп саналат. Башка мамлекеттик ишканалар менен мекемелер, ошондой эле жергиликтүү администрациялар тышкы зайымдарды жүзөгө ашырууга жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө укугу жок.

2. Мамлекеттик карыздын жол берилүүчү эң чоң өлчөмү ички дүң продуктунун (ИДП) өлчөмүнөн ашпоого тийиш, ал эми мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү ички дүң продуктунун өлчөмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Мында мамлекеттик карыздын өлчөмүнө карата чечим ар жыл сайын тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын алтынын жана эл аралык резервдерин кошуп алганда мамлекеттин активдери жана ар кандай мүмкүн болгон же болочоктогу активдер мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиги үчүн күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ушундай милдеттенмелерди кабыл алуу же мындай милдеттенмелер каралгандан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.

5. Мамлекеттик карыз алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдын ала жактыруусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 2-июнундагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик карызды башкарууда төмөндөгүдөй ыйгарым укукка ээ:

1) эл аралык уюмдардан, банктардан, башка мамлекеттерден каражат карыз алууга, ошондой эле баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка карыздык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен ички жана тышкы рыноктордо карыз алууну жүзөгө ашырууга;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгарууну спецификациялоо жана шарттарын белгилөөгө;

3) ички жана тышкы рыноктордо республиканын мамлекеттик баалуу кагаздары менен операцияларды аткарууга;

4) Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн улуттук программаларга жана долбоорлорго кредиттерди алууга жана берүүгө;

5) мамлекеттик карыздын эсебин жүргүзүүгө;

6) зарыл карыз алууну пландаштырууга, карыз алуу боюнча программалардын долбоорлорун даярдоого;

7) зайымдарды берүүнү жана тындырууну, ошондой эле зайымдарга тийиштүү башка карыздык милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого;

8) кайра кредиттөөнү жүзөгө ашырууга;

9) карыздын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча, мамлекеттик карыздын түзүмүн өзгөртүү, мамлекеттик карыз алуу тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш чараларды даярдоого жана жүзөгө ашырууга.

7-статья. Мамлекеттик ички зайым

1. Мамлекеттик ички зайымды алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынат.

2. Баалуу кагаздар жана башка карыздык милдеттенмелер боюнча милдеттенмелерди кошуп алганда мамлекеттик ички зайымдын макулдашуулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган бардык жол-жоболорду өткөргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын финансы министри же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ыйгарым укук берилген расмий адам тарабынан кол коюлууга тийиш.

3. Мамлекеттик ички зайымга же башка карыздык милдеттенмеге тийиштүү юридикалык корутундулар Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан кол коюлууга тийиш.

4. Мамлекеттик ички зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык агенти аркылуу алынууга, төлөнүүгө жана кайтарылууга тийиш.

5. Ички зайымды тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана кайтаруунун жол-жобосу, ошондой эле процесске катышкан институттардын иш-милдеттери жана милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечиминде алдын ала каралууга тийиш.

8-статья. Мамлекеттик тышкы зайым

1. Мамлекеттик тышкы зайымды алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынат.

Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналган келишим эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ратификацияланууга жатат.

Кыргыз Республикасына кредиттерди берүү боюнча эл аралык келишим болуп саналбаган келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.

2. Тышкы зайымдын же башка карыздык милдеттенмелер финансы министри же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча ыйгарым укук берилген башка расмий адам тарабынан кол коюлууга тийиш.

3. Тышкы зайымга же башка карыздык милдеттенмелерге тийиштүү юридикалык корутундуларга Кыргыз Республикасынын юстиция министри кол коюуга тийиш.

4. Тышкы зайым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган финансылык агент аркылуу алынууга, төлөнүүгө жана кайтарылууга тийиш.

5. Тышкы зайымды тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана кайтарып берүүнүн жол-жобосу, ошондой эле процесске катышкан институттардын иш-милдеттери жана милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечими менен алдын ала каралууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 20-майындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Мамлекеттик кепилдиктер

1. Кредиттик макулдашуу боюнча ички же тышкы кредиторлорго берилген зайымдардын мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу жагынан чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.

2. Мамлекеттик кепилдик Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан кол коюлууга, ал эми кредитордун талабы боюнча кепилдик берүү жагынан юридикалык корутунду Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан кол коюлууга тийиш.

3. Алынган зайым боюнча мамлекеттик кепилдикти берүүнүн жол-жобосу, мамлекеттик кепилдиктер менен камсыз кылынган зайымдарды алуу жана төлөп берүү боюнча жол-жобо, ошондой эле ушул процесске катышкан тараптардын иш-милдеттери жана милдеттенмелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүгө тийиш.

10-статья. Мамлекеттин алдында милдеттенмелери бар зайымчылардын же мамлекеттик кепилдиктер боюнча зайымчылардын финансылык иш-аракетин контролдоо

1. Мамлекет алдында милдеттенмелери бар зайымчылар жана мамлекеттик бюджет каржылаган мекемелерден башка мамлекеттик кепилдиктер боюнча зайымчылар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөндөгүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) зайымды алганга чейин аудитордук корутундуларды;

2) зайымды жыл сайын пайдалануу жагынан аудитордук корутундуларды;

3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, болбосо мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчынын же зайымчылардын администрациясынын нускоолоруна ылайык бардык мезгил үчүн аудитордук корутундуларды.

2. Аудит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген лицензиясы бар аудитордук компания тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Аудит кызматтары аудитордук компания менен мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчынын же мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчынын ортосундагы контракттын негизинде көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчынын же мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчылардын каражаттарынан төлөнүүгө тийиш.

4. Мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчы же мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине аудитордук корутунду берүүгө милдеттүү.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчылар менен мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчылардын экономикалык жана финансылык иштерине көз салууга укуктуу.

6. Мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчылар же мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчылар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, аудитордук компанияга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу уюмдарга ошол уюмдар талап кылган документтерди берүүгө милдеттүү.

11-статья. Санкциялар

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу башка мекемелери милдеттенмелерин аткарбаган мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчынын карызды төлөп боюнча бюджеттин чыгымдарынын ордун толтурууну талап кылууга ыйгарым укукка ээ.

2. Эгерде мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчынын каражаты төлөнбөй калган суммаларды кайтарып берүү үчүн жетишсиз болсо, мындай суммалар мамлекет алдында милдеттенмеси бар карыз алуучунун башка активдери менен кайтарылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зайымчынын милдеттенмелерин аткарбагандыгынын кесепетинен чыгымдалган мамлекеттик чыгымдардын орду толтурулууга тийиш.

3. Эгерде ушул статьянын 2-пунктуна тиешелүү аракеттер жетиштүү болбосо, жана милдеттенмелер дагы эле аткарылбай калса, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчыга каршы банкроттук жол-жобосуна демилге көтөрүүгө ыйгарым укук берилет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ишканага банкроттук жол-жобого демилге көтөрүүгө ниеттенгендиги жөнүндө мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчыга кабарлоого тийиш. Кабарлоодо милдеттенмелер аткарылбагандыгы көрсөтүлүүгө тийиш жана зайымчы кабарда көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында милдеттенмелерин аткарбай турган болсо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги банкроттук жол-жобону аныктоо үчүн сотко кайрыла тургандыгы жөнүндө эскертүү камтылууга тийиш.

4. Эгерде мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчы кредиттик макулдашуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаса жана бул милдеттенмелер кепил катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылууга тийиш болсо, анда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик кепилдикти аткаруучу катары мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчыга каршы чараларды көрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген жол-жобого ылайык мындай милдеттенмелерди аткаруу үчүн чыгымдалган түздөн-түз жана кыйыр негиздүү чыгымдардын баарын кайтарып берүүгө тийиш.

5. Эгерде ушул статьянын 4-пунктуна тийиштүү аракеттер жетишсиз болсо жана милдеттенмелер аткарылбай кала берсе, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу башка мекемелери мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчыга каршы банкроттук жол-жобого демилге көтөрүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, болбосо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ыйгарым укуктуу башка мекемеси ишканага каршы банкроттук жол-жобого демилге көтөрүүгө өзүнүн ниеттенгендиги жөнүндө мамлекеттик кепилдик боюнча карыз зайымчыга кабарлоого тийиш. Кабарда милдеттенмелердин аткарылбагандыгы көрсөтүлүүгө тийиш жана мамлекеттик кепилдик боюнча милдеттенмелерин кабарда көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде аткарбаса Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу башка мекемеси банкроттук жол-жобого демилге көтөрүү үчүн сотко кайрыла тургандыгы жөнүндө эскертүү камтылууга тийиш.

6. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү банкроттук жол-жобону баштоо, мөөнөтү келген төлөөлөрдүн суммасына пайыздарды (жазапул санкцияларды) эсептөөгө мамлекет кызыктар эмес деп чечсе (мамлекет алдында милдеттенмеси бар зайымчыга мамлекеттик кепилдик боюнча зайымчыга кредиттик макулдашуунун баштапкы шарттарын карап чыгууну сунуш кылууну чечсе), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу башка мекемеси мындай чечимдин финансылык кесепеттерин баалоого тийиш жана белгиленген суммалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык учурдагы финансы жылынын бюджетинин чыгымдары катары эсептелүүгө тийиш.

7. Зайымды (же анын бөлүгүн) максатсыз пайдаланган учурда алуучу зайымды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

8. Эгерде зайымчы алынган зайымдык каражаттарды алты айдан ашуун максатына жараша пайдаланбаса, анда ал мамлекеттик карызды төлөөнүн камсыздандыруу фондусунун эсебинен бул мезгил ичинде карыздын суммасынын 5 пайызы өлчөмүндө жазапул төлөйт. Бул кредиттик макулдашууда каралууга тийиш.

9. Ушул статьянын 7- жана 8-пункттарында каралган санкциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген жол-жоболорго ылайык колдонулууга тийиш.

10. Санкциялар боюнча бардык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги ачкан мамлекеттик карызды төлөөнүн камсыздандыруу фондусунун эсебине киргизилүүгө тийиш. Бул эсептин каражаттары ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу өз ара мамилелерден келип чыккан бардык кырдаалдарды аткаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

12-статья. Мамлекеттик карызды эсепке алуу

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын аныктоо жана эсепке алуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик карыздын жана карыздар боюнча мамлекеттик кепилдиктердин Эсепке алуу китепчесин түзөт жана жүргүзөт.

2. Кыргыз Республикасынын зайымдык каражаттарынын пайдаланылышынын ачыктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын карызынын учурдагы абалы жөнүндө маалыматтар ачык болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын басылмаларында ар жылы жарыяланууга тийиш.

3-глава
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эмес карыз алуулары

13-статья. Мамлекеттик эмес карыз алуу

Мамлекеттик эмес карыз алуу мамлекеттик мекеме деген түшүнүккө туура келбеген Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен өз алдынча ар кандай валютада жана ар кандай формада жүзөгө ашырылат.

14-статья. Мамлекеттик эмес карыз алуу субъекттери

1. Мамлекеттик эмес зайымдар боюнча зайымчылар катары өз атынан келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын резиденттери чыгышат.

2. Кыргыз Республикасы мамлекеттик кепилдиги жок мамлекеттик эмес зайымдар боюнча Кыргыз Республикасынын резидент зайымчыларынын милдеттенмелерине жооп бербейт.

15-статья. Мамлекеттик эмес зайымдарды эсепке алуу

1. Мамлекеттик эмес тышкы карыз алууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын резиденттери мамлекеттик кепилдиги бар тышкы зайымдар жөнүндө келишимдерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, мамлекеттик кепилдиги жокторду - Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.

1-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик кепилдиксиз алынган чет өлкө насыялары жана займдары жана аларга теңештирилген милдеттенмелери боюнча карыздарды статистикалык эсепке алууну жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик кепилдиксиз алынган насыяларды жана займдарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен формага ылайык каттоону жүзөгө ашырат.

2. Товарларды тапшыргандык (иштерди аткаргандык), кызмат көрсөткөндүк үчүн 180 күндөн кечиктирбестен төлөөгө милдеттүү болгон учурдагы кыска мөөнөттүү соодалык же эсептешүү операциялары эсепке алынбайт.

3. Жыйынды тышкы жана ички карызга баа берүү үчүн баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын резиденттери эмитеттирген баалуу кагаздар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына беришет. Кыргыз Республикасынын резиденттери эмитеттирген баалуу кагаздарды эсепке алуунун тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-глава
Корутунду жоболор

16-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик карызы жөнүндө Кыргызстан Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., N 8, 240-ст.);

- 1991-жылдын 16-апрелиндеги N 415-XII "Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик карызы жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Мыйзамын иш жүзүнө ашыруу тартиби жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1991-ж., N 8, 241-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Акаев