Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\49622909-733f-4f8e-ad94-094be64ac548\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 26-февралы №117

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 5-сентябрындагы №532, 2011-жылдын 17-октябрындагы №648, 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 216 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык) 

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүдөй жарыялоолор расмий жарыялоо деп эсептелсин:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларын:

а) "Эркин-Тоо" гезитинде;

б) аталган мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттарында, буга ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын веб-сайттары кирбейт;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын:

а) айылдык аймактын, шаардын, райондун, облустун аймагында кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталуучу тиешелүү басылмаларда;

б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 216 токтомунун редакциясына ылайык)

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын:

а) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары» журналында;

б) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий веб-сайтында.».

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №532, 2011-жылдын 17-октябрындагы №648 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-сентябрындагы №532 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетти түзгөндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, ченем чыгаруу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларын жарыялоону каржылоо үчүн зарыл болгон каражаттарды карасын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-августундагы № 465 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жарыялоонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларын жарыялоо жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 25-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тивдик укуктук актыларын жарыялоо жөнүндө" № 681 токтомуна кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тивдик-укуктук актыларын жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы № 681 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тивдик-укуктук актыларын жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-декабрындагы № 681 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-февралындагы № 51 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.

5. Бул токтом "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жарыялоо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов