Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 25-марты №184

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул типтүү Жобонун негизинде ченемдик укуктук актыларды каттоонун тартиби жөнүндө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булагын аныктоо.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов