Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\1ec900f7-761f-452b-9507-07c6bf79a2ea\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 29-сентябрындагы №219

«Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

«Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаалды жайгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы №50 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана кырдаалды жайгаруу боюнча чаралардын тиркелген программасы (мындан ары - Чаралар программасы) бекитилсин.

2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- Чаралар программасын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн;

- Чаралар программасынын аткарылышы боюнча маалыматты жалпылоо үчүн ай сайын, ар бир айдын 20сына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги Чаралар программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты ай сайын, ар бир айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева