Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-июлу УӨ № 125

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Визалык режимди либералдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкердик жана туристтик тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:

"Андорра

Аргентина

Бразилия

Ватикан

Вьетнам

Таиланд королдугу

Сауд Аравия королдугу

Мексика

Бириккен Араб Эмираттары

Сан-Марино

Филиппин";

- токтомдун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Тизмеге кирген чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын кирүү-чыгуу визаларын жеке кайрылуунун негизинде, 90 күнгө чейинки мөөнөткө "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерин каттоодон бошотуу менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын тиешелүү органдарынан алууга укуктуу экендиги белгиленсин.";

- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматына жүктөлсүн.".

2. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева