Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\44b4dbbf-5254-4c63-bde2-d831ac0b8735\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 16-марты N 109

Отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты жана салыктык эмес кирешелердин башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы N 104, 2012-жылдын 11-июнундагы N 393, 2013-жылдын 15-февралындагы N 73, 2013-жылдын 18-февралындагы N 85, 2013-жылдын 11-мартындагы N 125, 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503, 2013-жылдын 30-октябрындагы N 585, 2014-жылдын 8-августундагы № 460, 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 528, 2015-жылдын 7-июлундагы № 456, 2015-жылдын 9-октябрындагы № 698, 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190, 2016-жылдын 23-майындагы № 272 , 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 , 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 , 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ведомстволук нормативдик укуктук актыларды трансформациялоо боюнча талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн тиркелген формалары бекитилсин:

- Чакан ишкердик субъекттин бирдиктүү салык боюнча отчету (FORM STI-091) жана аны толтуруунун тартиби;

- (үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет элдик уюмдун кирешелерине салык боюнча отчет (FORM STI-106) жана аны толтуруу жана берүү тартиби;

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышын текшерүүнү жеринде өткөрүүгө укук берүү тууралуу жазма буйрук (FORM AUDIT STI-002);

- (алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы N 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-076);

- айыл чарбалык эмес багытындагы жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-077);

- Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын толтуруу жана берүү тартиби;

- салык төлөөчү тааныган салык карызын жеке акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү жөнүндө акт;

- пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөө (FORM STI-107) жана аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- белгиленген сумма түрүндө салыктарды төлөө жөнүндө контракт (FORM STI-057); жана аны толтуруунун тартиби;

- турак жай куруучулары үчүн белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө тууралуу контракт (FORM STI-126) жана аны толтуруунун тартиби;

- (он жетинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (он сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- атайын каражаттарга салык боюнча отчет (FORM STI-092) жана аны толтуруунун тартиби;

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы N 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы N 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы N 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешенин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-017) жана аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммасы жөнүндө маалымат (FORM STI-058) жана аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби;

- белгиленген суммадан көп, ашыкча төлөнгөн салыкты башка салык милдеттенмесине эсептөө жөнүндө корутунду (FORM STI-012) жана аны толтуруунун тартиби;

- белгиленген суммадан көп, ашыкча төлөнгөн салыкты бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутунду (FORM STI-013) жана аны толтуруунун тартиби;

- 2013-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөт боюнча пайда салыгынын алдын ала суммасынын такталган эсеби;

- салык төлөөчүлөр менен өз ара эсептешүүнү текшерүү актысы (FORM STI-035);

- пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча бонусту эсептөө (FORM STI-142) жана аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы N 104, 2012-жылдын 11-июнундагы N 393, 2013-жылдын 15-февралындагы N 73, 2013-жылдын 18-февралындагы N 85, 2013-жылдын 11-мартындагы N 125, 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503, 2013-жылдын 30-октябрындагы N 585, 2014-жылдын 8-августундагы № 460, 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 528, 2015-жылдын 7-июлундагы № 456, 2015-жылдын 9-октябрындагы № 698, 2015-жылдын 9-октябрындагы № 699, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190, 2016-жылдын 23-майындагы № 272 , 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 , 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык отчетторунун формаларын толтуруунун жана берүүнүн тартибин түшүндүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин салык төлөөчүлөр арасында жүргүзүүнү камсыз кылсын.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-091

Чакан ишкердик субъекттин бирдиктүү салык боюнча
ОТЧЕТУ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

Чакан ишкердик субъекттин бирдиктүү салык боюнча отчетунун формасын (FORM STI-091) толтуруу жана берүү
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 190, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Чакан ишкердик субъекттин бирдиктүү салык боюнча отчетун (мындан ары - Отчет) толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.

2. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

Отчет баруу тартибинде берилген учурда, Отчет эки нускада толтурулат, Отчеттун биринчи нускасы салык органында калат, Отчеттун экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.

Отчет почта аркылуу жиберилген учурда, Отчет салык органына эки нускада кабарлоо аркылуу заказдык кат менен жиберилет. Салык төлөөчү заказдык каттын жеткирилгендиги жөнүндө почта байланышынын кабарлоосун алат, бул Отчеттун берилгендигин ырастоо болуп саналат.

Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.

3. 001-уячада:

- эгерде Отчет отчеттук квартал үчүн биринчи жолу берилип жатса "алгачкы" уячасында "X" түрүндөгү белги көрсөтүлөт;

- эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн отчет берилип, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Отчетто оңдолсо, "такталган" уячасында "X" түрүндөгү белги көрсөтүлөт;

- эгерде отчет салык төлөөчүнүн жоюлгандыгына байланыштуу берилип жатса, "жоюлган" уячасына "X" түрүндөгү белги коюлат.

4. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.

5. 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт.

6. 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.

7. 107-уячада салык төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.

8. 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.

9. 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт.

10. 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.

11. 115-уячада салык төлөөчүнүн телефонунун номери көрсөтүлөт.

12. 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.

13. 201-уячада отчеттук квартал көрсөтүлөт.

14. 202-уячада отчеттук салык мезгили көрсөтүлөт.

2. Отчетту толтуруу тартиби

15. 300-уячада отчеттук квартал үчүн жумушчулардын орточо тизмелик саны көрсөтүлөт.

16. 050-уячада накталай формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча, соода жана өндүрүш чөйрөсүндөгү товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акча көрсөтүлөт.

17. 051-уячада накталай формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча, соода жана өндүрүш чөйрөсүндөгү бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

18. 052-уячада накталай формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча, соода жана өндүрүш чөйрөсүндөгү бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (050-уячанын мааниси х 051-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

19. 053-уячада накталай эмес формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча, соода жана өндүрүш чөйрөсүндөгү товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акча көрсөтүлөт.

20. 054-уячада накталай эмес формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча, соода жана өндүрүш чөйрөсүндөгү бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

21. 055-уячада накталай эмес формада төлөнгөн, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча, соода жана өндүрүш чөйрөсүндөгү бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (053-уячанын мааниси х 054-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

22. 056-уячада 052 жана 055-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.

23. 057-уячада накталай формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акча көрсөтүлөт.

24. 058-уячада накталай формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

25. 059-уячада накталай формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (057-уячанын мааниси х 058-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

26. 060-уячада накталай эмес формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акча көрсөтүлөт.

27. 061-уячада накталай эмес формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча бирдиктүү салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

28. 062-уячада накталай эмес формада төлөнгөн иштин калган түрлөрү боюнча бирдиктүү салыктын суммасы көрсөтүлөт, ал (060-уячанын мааниси х 061-уячанын мааниси) / 100% формуласы боюнча аныкталат.

29. 063-уячада 059 жана 062-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.

30. 064-уячада 056 жана 063-уячалардын маанилерине барабар болгон бирдиктүү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

31. Отчеттун төмөнкү бөлүгүндө Отчетко кол койгон адамдын толук аты-жөнү көрсөтүлөт.

32. 901-уячада салык органы Отчетту кабыл алган дата көрсөтүлөт.

33. 902-уячада Отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-106

 

 

Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салык боюнча
ОТЧЕТ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 272 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык көчүрмөсүн караңыз

 

Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салык боюнча отчеттун (FORM STI-106) формасын толтуруунун жана берүүнүн
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 272, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салык боюнча отчеттун формасын толтуруунун жана берүүнүн эрежесин аныктайт.

2. Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салык боюнча отчет төмөнкүлөрдөн турат:

а) Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салык боюнча отчеттон (FORM STI-106) (мындан ары - Отчет);

б) Отчеттун тиркемесинен (FORM STI-106-001) (мындан ары - Отчеттун тиркемеси).

3. Отчетту толтуруу Отчеттун тиркемесинен башталат.

4. Отчеттун тиркемесинде 1-8-графалардагы көрсөткүчтөрдүн аталыштарына ылайык отчеттук мезгилде жүргүзүлгөн чет өлкөлүк уюмдун кирешесинин төлөнгөн ар бир фактысы боюнча толук маалымат көрсөтүлөт.

5. Отчетто төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен Отчеттун тиркемесинде көрсөтүлгөн, төлөнгөн кирешелердин түрлөрү (коддору) боюнча жыйынды маалымат көрсөтүлөт:

- кирешелерди алышкан чет өлкөлүк уюмдардын санын (2-графа);

- төлөнгөн кирешенин жалпы суммасын (3-графа);

- кармалган киреше салыгынын жалпы суммасын (4-графа).

6. Отчеттун 3 жана 4-графаларынын "Бардыгы" сабындагы уячаларда көрсөтүлгөн маалыматтар Отчеттун тиркемесинин акыркы барагынын 7 жана 8-графаларынын "Бардыгы" сабындагы маалыматтар менен окшош болушу керек.

7. Көрсөткүчү болбогон учурда Отчеттун тиркемесинен тышкары, тиешелүү уячаларда "0" мааниси көрсөтүлөт. Отчеттун тиркемесинде бардык саптар боюнча көрсөткүчтөр болбогон учурда "0" мааниси "Кармалган киреше салыгынын суммасы" графасында гана көрсөтүлөт.

8. Отчетко ага кол койгон адамдын аты-жөнүн милдеттүү түрдө толук көрсөтүү менен жетекчи же аны алмаштырган адам же болбосо салык өкүлү кол коёт жана салык төлөөчүгө мөөрдү колдонуу талабы коюлса, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

2. Отчетту толтуруу тартиби

9. Отчетту толтурууда "алгачкы" же "такталган" 001-уячасында "X" белгисин көрсөтүү зарыл.

Эгерде Отчет квартал үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса - "X" түрүндөгү белгини "алгачкы" уячасында көрсөтүү керек.

Эгерде мурда ушул эле мезгил үчүн Отчет тапшырылып, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, "X" түрүндөгү белгини "такталган" уячасында көрсөтүү керек.

10. Отчеттун формасында ар бир сап боюнча төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аты-жөнү көрсөтүлөт;

3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;

4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;

5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;

6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл ж.б.) көрсөтүлөт;

7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;

8) 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;

9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;

10) 201-уячада отчет берилүүчү салык мезгили башталган дата көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: "01.01.2014";

11) 202-уячада отчет берилүүчү салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: "31.01.2014".

11. "Отчеттун тиркемесинин барактарынын саны" уячасында Отчеттун тиркемесинин барактарынын жалпы саны көрсөтүлөт. Мисалы: "001";

12. 203, 206, 209, 212, 215, 218 жана 221-уячаларда Отчеттун тиркемесине ылайык кирешелердин түрүнүн кодуна ылайык топтоштурулган чет өлкөлүк уюмдардын саны көрсөтүлөт.

13. 204, 207, 210, 213, 216, 219 жана 222-уячаларда төлөнгөн кирешенин жалпы суммасы, б.а. Отчеттун тиркемесине ылайык кирешенин түрүнүн коду боюнча аныкталуучу сумма көрсөтүлөт.

14. 205, 208, 211, 214, 217, 220 жана 223-уячаларда Отчеттун тиркемесине ылайык кирешенин түрүнүн коду боюнча кармалган салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

15. Отчеттун 2, 3, жана 4-графаларынын "Бардыгы" сабынын мааниси суммаланышы керек.

16. 901-уячада салык органы Отчетту кабыл алган дата көрсөтүлөт.

17. 902-уячада Отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.

3. Отчеттун тиркемесин толтуруу тартиби

18. 1-графада чет өлкөлүк уюмдун аталышы көрсөтүлөт.

19. 2-графада чет өлкөлүк уюмдун иш жүзүндө жайгашкан жери көрсөтүлөт.

20. 3-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык резидент өлкөнүн коду көрсөтүлөт.

21. 4-графада төмөнкү таблицага ылайык кирешенин түрүнүн коду көрсөтүлөт:

Кирешенин коду

Төлөнгөн кирешелердин аталышы

01

Дивиденддер жана пайыздык кирешелер

02

Камсыздандыруу төлөмдөрү

03

Автордук калем акылар, роялти

04

Жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелер

05

Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл аралык байланышта же ташууларда телекоммуникациялык жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелер

06

Дивиденддер жана пайыздар, жумуштардан жана/же кызмат көрсөтүүлөрдөн, лизингдик компаниялардан алынган киреше

07

Лизингдик компаниялардан алынган автордук калем акылар жана роялтилер

22. 5-графада чет өлкөлүк уюмдун салыктык катталган номери көрсөтүлөт.

23. 6-графада чет өлкөлүк уюмдун кирешеси төлөнгөн дата көрсөтүлөт.

24. 7-графада чет өлкөлүк уюмдун төлөнгөн кирешесинин суммасы көрсөтүлөт.

25. 8-графада чет өлкөлүк уюмдун кармалган салыгынын суммасы көрсөтүлөт.

26. 7 жана 8-графалардын "'Жыйынтык" саптарынын маанилери ар бир барак боюнча чыгарылышы керек.

27. 7 жана 8-графалардын "Бардыгы" сабында "Жыйынтык" саптарынын ар бир барагы боюнча суммаланган маанилери көрсөтүлүшү жана Отчеттун тиркемесинин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.

Отчеттун тиркемесинин ар бир барагынын жогорку бурчуна барактын номери коюлат. Мисалы: "001".

Отчеттун тиркемесинин ар барагынын аягына Отчетко кол койгон жетекчи же аны алмаштырган адам же болбосо салык өкүлү кол коёт жана салык төлөөчүгө мөөрдү колдонуу талабы коюлса, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

4. Кыргыз Республикасындагы булактан алынган, туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салык боюнча отчетту берүү тартиби

28. Отчет жана отчеттун тиркемеси кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

29. Отчет жана Отчеттун тиркемеси баруу тартибинде берилген учурда Отчет жана Отчеттун тиркемеси эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.

30. Отчет жана Отчеттун тиркемеси почта аркылуу берилген учурда, Отчет жана Отчеттун тиркемеси эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органына заказдык кат менен кайра кабарлоо аркылуу жиберилет. Отчет жана Отчеттун тиркемеси заказдык кат менен почта аркылуу берилген дата болуп кайра кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жиберилген дата саналат. Отчет жана Отчеттун тиркемеси тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Отчетту жана Отчеттун тиркемесин кабыл алган салык органынын кызматкери экинчи нускада Отчеттун жана Отчеттун тиркемесинин 901 жана 902-уячаларын толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калуучу Отчеттун жана Отчеттун тиркемесинин биринчи нускасында 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.

31. Электрондук документ түрүндөгү отчет жана отчеттун тиркемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

форма

 

 

 

 

 

AUDIT STI-002
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ
МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫ

Герб

ГОСУДАРСТВЕННАЯ НАЛОГОВАЯ
СЛУЖБА ПРИ ПРАВИТЕЛЬСТВЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына көчмө текшерүү жүргүзүү укугуна
БУЙРУК _______________ № _______

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык көчүрмөнү караңыз.

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-076
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Жер салыгы боюнча
МААЛЫМАТТЫК ЭСЕПТӨӨ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы N 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнүн формасын толтуруу
ТАРТИБИ (FORM STI-076)

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы N 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

Салык төлөөчү тааныган салык карызын жеке акча каражаттарынын эсебинен өндүрүү жөнүндө
АКТ

"__"__________ 20__-жыл _________________

20__-жылдын "__"__________ N______ жазма буйрукка ылайык ____________________ катышуусунда (чарбакер субъекттин кызмат адамынын, жеке ишкердин аты-жөнү)

____________________________ акт түздү. (СКнын кызматкеринин аты-жөнү, кызмат орду, кызматтык күбөлүгүнүн N)

Төлөтүү орду _________________________ (ишкананын ИСНи, аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү, дареги)

Жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды:

1. 20__-жылдын "__"_________ N_____ кабарлоого ылайык салык карызы _______ сомду түздү. (жазуу түрүндө)

2. Төлөтүү учурунда салык карызынын эсебине бардыгы _____________________________ сом төлөндү. (суммасы жазуу түрүндө)

_________________________________________________ (төлөм документинин аталышы, номери, датасы)

3. Салык карызы төлөтүү учурунда бардыгы ____________________________________ сомду түзөт. (жазуу түрүндө)

4. Кассадагы акча калдыктарын алуу актысына ылайык (акт тиркелген)

________________________________________________________ кассасындагы

(ишкананын ИСНи, аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү)

накталай акчанын калдыгы

_________________________________________________________ сомду түздү.

(жазуу түрүндө)

5. Бул акт менен салык карызын төлөтүү эсебинен ________________________ сом накталай акча каражаты төлөтүлдү. (жазуу түрүндө)

СКнын кызмат адамы (адамдары) ________ (колу) __________________________ (аты-жөнү)

Жетекчи (ишкер) ________ (колу) __________________________ (аты-жөнү)

Башкы бухгалтер ________ (колу) __________________________ (аты-жөнү)

Эскертүү: Накталай акча каражаттардын эсебинен салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздарын төлөтүү жөнүндө акт эки нускада түзүлөт: биринчи нуска салык органында, экинчи нуска салык төлөөчүдө калат.

 

N 1 тиркеме

_____________________________________________________________
(чарбакер субъекттин аталышы)
кассасындагы накталай акчанын калдыктарын алуу
АКТЫСЫ

"__"__________ 20__-жыл

N

Купюралар

Саны

Суммасы

1

2

3

4

1

5000 сом

 

 

2

1000 сом

 

 

3

500 сом

 

 

4

200 сом

 

 

5

100 сом

 

 

6

50 сом

 

 

7

20 сом

 

 

8

10 сом

 

 

9

5 сом

 

 

10

3 сом

 

 

11

1 сом

 

 

12

50 тыйын

 

 

13

10 тыйын

 

 

14

1 тыйын

 

 

15

Жыйынтыгы:

 

 

Текшерүү учурунда кассадагы накталай акча каражаттары _________________________________ (сан жана жазуу түрүндө)

__________________________________________________________ сомду түздү.

Салык органынын

кызмат адамы ______________ (колу) _____________________________ (аты-жөнү)

Чарбакер субъекттин жооптуу адамы ______________ (колу) _____________________________ (аты-жөнү)

Ишкананын жетекчиси ______________ (колу) _____________________________ (аты-жөнү)

Эскертүү: Накталай акча каражат калдыктарын алуу актысы эки нускада түзүлөт: биринчи нуска салык органында, экинчи нуска салык төлөөчүдө калат.

N 2 тиркеме

_____________________________________________________________
(чарбакер субъекттин аталышы)
кассасындагы чет өлкө валютасындагы накталай акча каражаттардын калдыктарын алуу
АКТЫСЫ

"__"__________ 20__-жыл

Казак тенгеси

Евро

10000 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

500 х ______ даана = ________ EURO

5000 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

200 х ____ даана = _________ EURO

2000 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

100 х ____ даана = _________ EURO

1000 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

50 х ____ даана = _________ EURO

500 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

20 х ____ даана = ________ EURO

200 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

10 х ____ даана = ________ EURO

100 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

5 х ____ даана = ________ EURO

50 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

1 х ____ даана = ________ EURO

20 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

Жыйынтыгы: __________________ EURO

10 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

 

5 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

Өзбек суму

1 х ___ даана = ____ ТЕНГЕ

 

Жыйынтыгы: _____________ ТЕНГЕ

 

 

Башка валюта

Салык контролунун учурунда кассадагы накталай акча каражаттары ________________________ сомду түздү. (сан жана жазуу түрүндө)

Салык органынын кызмат адамы ______________ (колу) __________________________ (аты-жөнү)

Чарбакер субъектисинин жооптуу адамы ______________ (колу) __________________ (аты-жөнү)

Ишкананын жетекчиси ______________ (колу) __________________________ (аты-жөнү)

Эскертүү: Чет өлкө валютасындагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын алуу акты эки нускада түзүлөт: биринчи нуска салык органында, экинчи нуска салык төлөөчүдө калат.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-107

 

 

 

Пайда салыгынын алдын ала суммасынын
ЭСЕБИ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык копиясын караңыз.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 9-сентябрындагы
N 503 токтому менен
бекитилген

"Пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөнү (FORM STI-107) толтуруунун жана берүүнүн
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503, 2016-жылдын 23-майындагы N 272, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул тартип Пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөнүн (FORM STI-107) формасын толтуруунун жана берүүнүн эрежесин аныктайт.

2. Пайда салыгынын алдын ала суммасы боюнча отчеттук мезгил болуп учурдагы жылдын биринчи кварталы, биринчи жарым жылдыгы, биринчи тогуз айы саналат.

3. Пайда салыгынын алдын ала суммасынын эсеби (мындан ары - Эсептөө) салык төлөөчү тарабынан салыктык катталган жери боюнча салык органына учурдагы салыктык мезгилдин ичинде үч жолу: 20-майга чейин, 20-августка чейин, жана 20-ноябрга чейин тапшырылат.

2. Эсептөөнү толтуруунун тартиби

4. 001-уячада:

1) эгерде отчеттук мезгилдин ичинде эсеп биринчи жолу тапшырылган болсо - "баштапкы" уячасында "X" белгиси түрүндөгү белги коюлат;

2) эгерде мурда ушул отчеттук мезгил үчүн эсеп тапшырылган болсо, бирок так эместиктер же каталар табылып, андан ары тапшырылган эсепте оңдолгон болсо, анда "X" белгиси "такталган" уячасында көрсөтүлөт.

5. Эсеп уячаларын толтуруу төмөнкүдөй жол менен жүргүзүлөт:

1) 102-уячада салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери көрсөтүлөт;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт;

3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;

4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттаган учурда статистика органы ыйгарган ИУЖКнын (ишканалар менен уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун) коду көрсөтүлөт;

5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;

6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан калктуу пункттун (облустун, шаардын, айылдын, поселоктун, конуштун ж.б.) аталышы көрсөтүлөт;

7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан дареги (көчөсүнүн аталышы, үйдүн, офистин, батирдин номери) көрсөтүлөт;

8) 115-уячада салык төлөөчүнүн телефон номери көрсөтүлөт;

9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.

6. 201 жана 202-уячаларда отчеттук мезгил көрсөтүлөт.

7. 203-уячада бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча эсептелинген салык салынуучу кирешелер көрсөтүлөт.

8. 204-уячада 203-уячада көрсөтүлгөн кирешелер менен байланышкан жана бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча эсептелинген чыгымдар көрсөтүлөт;

9. 205-уячада 203 жана 204-уячалардын ортосундагы айырма көрсөтүлөт. Эгерде 205-уячанын мааниси терс же "0" маанисине барабар болсо, анда 207-211-уячаларда "0" цифрасы көрсөтүлөт.

10. 206-уячада пайда салыгынын коюму көрсөтүлөт.

11. 207-уячада пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт (= 205 x 206).

12. 208-уячада мөөнөтү узартылууга тийиш болгон чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт, бирок 205-уячанын оң маанисинен жогору эмес.

13. 209-уячада пайда салыгынын коюму көрсөтүлөт.

14. 210-уячада пайда салыгынын суммасы көрсөтүлөт (= 208 x 210).

15. 211-уячада отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасы көрсөтүлөт (= 207 - 210).

16. 212-уячада мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайда салыгынын алдын ала суммасы көрсөтүлөт. Мында биринчи квартал үчүн "0" цифрасы көрсөтүлөт.

17. 213-уячада 213 = 211 - 212 уячаларда көрсөтүлгөн суммалардын ортосундагы оң, нөлдүк же терс арифметикалык айырма түрүндө пайда салыгынын суммасынын калдыгы көрсөтүлөт.

Эгерде мааниси терс болсо, 213-уячанын сол жагында жайгашкан атайын уячага "-" белгиси көрсөтүлөт.

18. "Ашык төлөөнүн суммасы" 214-уячасына 213-уячанын терс мааниси которулуп жазылат.

19. "Төлөнүүчү сумма" 215-уячасына 213-уячанын оң мааниси которулуп жазылат.

20. Эсепке салык төлөөчүнүн колу коюлат жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

21. 901-уячада салык органы Эсептөөнү кабыл алган дата көрсөтүлөт.

22. 902-уячада Эсептөөнү кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.

3. Эсептөөнү берүү тартиби

23. Эсептөө кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

24. Эсептөө баруу тартибинде берилген учурда, Эсептөө эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.

25. Эсептөө почта аркылуу берилген учурда, Эсептөө эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органына заказдык кат менен кайра кабарлоо аркылуу жиберилет. Эсептөө заказдык кат менен почта аркылуу берилген дата болуп кайра кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жиберилген дата саналат. Эсептөө тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Эсептөөнү кабыл алган салык органынын кызматкери экинчи нускада Эсептөөнүн 901 жана 902-уячаларын толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калуучу Эсептөөнүн биринчи нускасында 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.

26. Электрондук документ түрүндөгү эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

Пайда салыгынын алдын ала суммасын эсептөөнү толтуруу
ТАРТИБИ
(FORM SТI-082) жана (FORM SТI-083)

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы N 73 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-057
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Берилген сумма түрүндө салык төлөө боюнча
КОНТРАКТ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы N 125 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык копиясын караңыз.

Белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасын толтуруунун
ТАРТИБИ
(салык контрагы) (FORM STI-057)

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип пайда салыгына, салык салынуучу жеткирүүлөргө КНСке жана сатуудан алынган салыкка белгиленген суммалардын өлчөмүндө салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин суммаларын эсептеп чыгуу үчүн арналган, белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө тууралуу контракттын (мындан ары - Контракт) формасын (FORM STI-126) толтуруунун тартибин аныктайт.

2. Салык төлөөчү менен салык кызматынын органынын ортосунда макулдашылган контракт боюнча салык милдеттенмесин аткаруу ушул контракттын шарттарында белгиленген өлчөмдөрдө ай сайын, 15-числодон кийинки күнгө чейин ишке ашырылат.

2. Контракттын формасын толтуруунун тартиби

3. 101-уячада салык органынын коду, аталышы, ИСН, дареги көрсөтүлөт.

4. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.

5. 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы жана/же аты-жөнү көрсөтүлөт.

6. 104-уячада салык төлөөчүнүн почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.

7. 105-уячада салык төлөөчүнүн облусу, шаары, району, айылы көрсөтүлөт.

8. 106-уячада салык төлөөчүнүн көчөсүнүн/кичи районунун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери көрсөтүлөт.

9. 107-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт.

10. 108-уячада салык төлөөчүнүн ОКПО коду көрсөтүлөт.

Андан ары салык органынын аталышы, салыктык контракт анын атына түзүлгөн салык органынын жетекчисинин аты-жөнү жана салык төлөөчүнүн аты-жөнү же аталышы жана кызмат орду, салык төлөөчүнүн жетекчисинин аты-жөнү көрсөтүлөт.

11. "Контракттын предмети" деген I бөлүмдүн 1-пунктунда салык органынын аталышы, салык төлөөчүнүн аты-жөнү же аталышы жана объекттин жайгашкан дареги көрсөтүлөт.

12. "Салыктардын белгиленген суммасынын эсеби" деген IV бөлүктүн 2, 3, 4-тилкелеринде мурдагы тиешелүү мезгилдеги салык милдеттенмелеринин суммасы көрсөтүлөт.

13. 5-тилкеде мурдагы салык мезгилдеринин ичинен салык милдеттенмелеринин эң чоң суммасы көрсөтүлөт.

14. 6-тилкеде контракт боюнча салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт.

15. Эскертүүдө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 370-беренесинин бөлүгүнө ылайык турак жайды куруучуларды кошпогондо, мурдагы календарлык жылдагы салыктык милдеттенмелердин суммасынан 10 пайыздан кем эмес ашык өлчөмдө кабыл алынуучу кийинки контрактты кайра түзүүдөгү салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт.

16. Кошумча маалыматта салык милдеттенмесинин суммасына киргизилген объекттердин аталышы жана жайгашкан орду, имарат жайларынын аянты чарчы метр менен (соода, өнөр жай жайлары, банкет залы, кышкы/жайкы аянтчалар ж.б.), орундардын саны, өнөр жай кубаттуулугу жана контракт боюнча салык милдеттенмесинин суммасына таасир бере турган башка көрсөткүчтөр камтылат.

17. 204төн 215ке чейинки уячаларда тиешелүү мезгил үчүн пайда салыгы боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт.

18. 216-уячада пайда салыгы боюнча жыйынтык сумма көрсөтүлөт.

19. 218ден 229га чейинки уячаларда тиешелүү мезгил үчүн сатуудан алынган салык боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт.

20. 230-уячада пайда салыгы боюнча жыйынтык сумма көрсөтүлөт.

21. 232ден 243кө чейинки уячаларда тиешелүү мезгил үчүн салык салынуучу жеткирүүлөргө КНС боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт. Салык салынуучу жеткирүүлөргө КНСтин белгиленген суммасын эсептөө учурунда тараптардын макулдугу менен, сумма уячада кийинки айдан баштап көрсөтүлөт, бул жерде алдын ала эсептөөлөр боюнча түшкөн акчанын суммасы КНС боюнча белгиленген каттоо ченинен ашат.

22. 224-уячада салык салынуучу жеткирүүлөргө КНС боюнча жыйынтык сумма көрсөтүлөт.

23. 201 жана 202-уячаларда контракттын колдонулуу мезгилинин датасы көрсөтүлөт.

24. 901-уячада контрактты түзүүнүн датасы көрсөтүлөт.

25. "Макулдашылды" графасында милдеттүү түрдө жетекчинин аты-жөнү толтурулган, колу коюлган жана түп нуска оттиски менен мөөрү басылган тараптардын маалым даректери көрсөтүлөт.

FORM STI-126

Турак жай куруучулары менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө
КОНТРАКТ

Графикалык көчүрмөсүн караңыз.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)

Турак жай куруучулары үчүн белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасын толтуруунун
ТАРТИБИ
(FORM STI-126)

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип турак жай куруучулары үчүн белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасын толтуруунун тартибин аныктайт (FORM STI-126).

2. Турак жай куруучулары үчүн белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракт төмөнкүлөрдөн турат:

- турак жай куруучулары менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контракттын формасы (FORM STI-126);

- турак жай куруучулары менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контрактка "Салыктардын белгиленген суммасынын эсеби" тиркемеси (FORM STI-126-001).

3. Контракт боюнча салык милдеттенмесин аткаруу контракттын шарттары менен аныкталган өлчөмдөрдө ар бир айдын 15-күнүнөн кийинки күнгө чейин ай сайын ишке ашырылат.

2. Контракттын формасын толтуруунун тартиби

4. I бөлүмдө:

1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСН көрсөтүлөт;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы жана/же аты-жөнү көрсөтүлөт;

3) 104-уячада салыктык катталган орду боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;

4) 107-уячада салык төлөөчүнүн ОКПО коду көрсөтүлөт;

5) 112-уячада салык төлөөчүнүн почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;

6) 113-уячада салык төлөөчүнүн облусу, шаары, району, айылы көрсөтүлөт;

7) 114-уячада салык төлөөчүнүн көчөсүнүн/кичи районунун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери көрсөтүлөт;

8) 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;

9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;

10) 201 жана 202-уячаларда контрактты колдонуу мезгилинин датасы көрсөтүлөт.

5. II бөлүмүндө:

1) салык органынын аталышы, салыктык контракт түзүлүп жаткан салык органынын жетекчисинин аты-жөнү жана салык төлөөчүнүн аты-жөнү же аталышы жана ээлеген кызматы, салык төлөөчүнүн жетекчисинин аты-жөнү көрсөтүлөт;

2) 1-пунктунда салык органынын аталышы, салык төлөөчүнүн аты-жөнү же аталышы жана объекттин жайгашкан дареги көрсөтүлөт.

6. V бөлүмдө:

- 205тен 287ге чейинки уячаларда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 371-беренесине ылайык контракт боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышы көрсөтүлөт;

- 211, 218, 225, 232, 239, 246, 253, 260, 267, 274, 281 жана 288-уячаларда контракт колдонулган мезгилдеги жыйынтык суммалары көрсөтүлөт;

- 335-уячада турак жай куруучулар менен белгиленген сумма түрүндөгү салыктарды төлөө жөнүндө контрактка "Салыктардын белгиленген суммасынын эсеби" деген тиркемесинде (FORM ST1-126-001) көрсөтүлгөн сатылуучу турак жайлардын жалпы аянты көрсөтүлгөн.

7. 336-уячада (FORM STI-126-001) тиркемеде көрсөтүлгөн эсептөөлөрдөн контракт боюнча салык милдеттенмесинин жалпы суммасы көрсөтүлөт.

Мында (FORM STI-126-001) тиркеменин барактарынын санын көрсөтүү зарыл.

8. 900-уячада салык контрагынын номери көрсөтүлөт.

9. 901-уячада контракттын түзүлгөн датасы көрсөтүлөт.

10. 298-уячада салык органынын жетекчисинин ээлеген кызматы жана аты-жөнү көрсөтүлөт, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн колу коюлат.

11. 299-уячада салык төлөөчүнүн ээлеген кызматы жана аты-жөнү көрсөтүлөт, колу коюлат жана мөөрү болсо, аны менен бекемделет.

12. 297-уячада ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисинин аты-жөнү көрсөтүлөт, колу коюлуп, ал ыйгарым укуктуу салык органынын мөөрү менен бекемделет.

13. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 369-беренесине ылайык турак жай куруучулары менен контракт турак жай курулушунун ар бир объектиси боюнча өзүнчө түзүлөт. Турак жай курулушунун ар бир объектиси боюнча өзүнчө белгиленген сумманын эсептөөсү тиешелүү мамлекеттик органдардын берген документтерине ылайык, (FORM STI-126-001) тиркемеси боюнча толтурулат. Салык төлөөчүдө (турак жайды куруучуда) 4 же андан көп курулуш объектиси болсо, тиркемелер (FORM STI-126-001) керектүү санда толтурулат.

14. 330-уячада курулуштун бир объектиси боюнча чарчы метрлердеги турак жайлардын сатылган жалпы аянты көрсөтүлөт.

15. 331-уячада 1 чарчы метри 900 сомго барабар болгон белгиленген салыктын ставкасы көрсөтүлөт.

16. 332-уячада жергиликтүү кеңештер белгилеген зоналык коэффициент көрсөтүлөт.

17. 333-уячада курулуштун бир объектиси боюнча салык милдеттенмесинин суммасы көрсөтүлөт.

18. 334-уячада салыктарды, объекттин жайгашкан ордун, кабаттардын, подъезддердин санын, турак жай, турак жай эмес жайлардын аянтын, жер участогунун жалпы аянтын эсептеп чыгуу үчүн берилген тиешелүү документтердин тизмеги көрсөтүлөт.

19. 901-уячада эсептөөлөрдү түзүүнүн датасы көрсөтүлөт.

20. 298-уячада салык органынын жетекчисинин ээлеген кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.

21. 299-уячада салык төлөөчүнүн жетекчисинин ээлеген кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-092
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Атайын каражаттарга салык боюнча
ОТЧЕТ

Графикалык копиясын караңыз.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

Атайын каражаттарга салык боюнча отчетту толтуруу
ТАРТИБИ
(FORM STI-092)

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы N 125 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Тартип атайын каражаттарга салык боюнча отчетту (мындан ары - Отчет) толтуруу тартибин аныктайт.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы N 125 токтомунун редакциясына ылайык)

2. 102ден 111ге чейинки, 201, 202, 901 жана 902-саптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Салык отчеттуулук формаларын толтуруу жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык толтурулат.

2. Отчетту толтуруу тартиби

3. 301-сапта объектке салынган чегерүүлөрдүн, башкача айтканда алынуучу атайын каражаттардын көлөмү көрсөтүлөт.

4. 302-сапта салыктын ставкасы процент менен көрсөтүлөт.

5. 303-сапта төмөнкү формула боюнча: 301-сап х 302-сап/100 процент чегерилүүчү салык суммасы көрсөтүлөт.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-071
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Салык органы эсептеген салык милдеттенмесинин суммасы жөнүндө
КАБАРЛОО

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы N 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-044
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Мөөнөтүндө аткарылбаган салык милдеттенмесинин аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө
КАБАРЛОО

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы N 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-094
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Салыктардын, туумдардын, проценттердин жана салык санкцияларынын эсептелген жана/же азайтылган суммалары жөнүндө
КАБАРЛОО

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-мартындагы N 125 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-059
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармап калынган салыктын суммасы (проценти) жөнүндө
ОТЧЕТ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 460 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө отчеттун (FORM STI-059) формасын толтуруунун жана берүүнүн
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы N 585, 2014-жылдын 8-августундагы № 460, 2016-жылдын 23-майындагы N 272, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы женүндө отчеттун формасын толтуруунун жана берүүнүн эрежесин аныктайт.

2. Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармалган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчет (FORM STI-059) (мындан ары - Отчет) төмөнкүлөрдөн турат:

- Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармалган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчеттун формаларынан, FORM STI-059 (Кыргыз Республикасынын резиденттери боюнча);

- Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармалган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчеттун тиркемелеринен FORM STI-059-001.

3. Отчетту толтуруу отчеттун тиркемелерин толтуруудан башталат.

(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 460 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Отчетту толтуруу тартиби

4. 001-уячада:

1) эгерде отчеттук квартал үчүн Отчет биринчи жолу берилип жатса - "Х" түрүндөгү белги "баштапкы" уячасында көрсөтүлөт;

2) эгерде Отчет мурун бул отчеттук квартал үчүн берилсе, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Отчетто оңдолсо - "Х" түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт.

5. Отчеттун уячаларын толтуруу төмөнкүчө ишке ашырылат:

1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт;

3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;

4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;

5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;

6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун (облус, шаар, район, айыл ж.б.) аталышы көрсөтүлөт;

7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт;

8) 115-уячада салык төлөөчүнүн телефонунун номери көрсөтүлөт;

9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;

6. 201-уячада отчет берилүүчү салык мезгилинин башталган датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: "01.01.2014".

7. 202-уячада отчет берилүүчү салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: "31.01.2014".

8. 203-уячага Отчеттун FORM STI-059-001 тиркемелеринин акыркы барагынын "Бардыгы" деген 4-графасында көрсөтүлгөн төлөнгөн кирешелердин (пайыздардын) суммаларынын суммалык мааниси көчүрүлөт.

9. 204-уячага Отчеттун FORM STI-059-001 тиркемелеринин акыркы барагынын "Бардыгы" 5-графасында көрсөтүлгөн салыктын суммаларынын суммалык мааниси көчүрүлөт.

10. Отчеттун формасынын төмөнкү бөлүгүндө Отчеттун тиркемелеринин барактарынын саны көрсөтүлөт.

11. Отчетко салык төлөөчүнүн колу коюлат жана анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

3. Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө Отчеттун тиркемесин FORM STI-059-001 (Кыргыз Республикасынын резиденттери эместер боюнча) толтуруу тартиби

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 460 токтомуна ылайык
күчүн жоготту

4. Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармалган салыктын суммасы (пайызы) жөнүндө отчеттун тиркемесин толтуруу тартиби FORM STI-059-001

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 460 токтомунун редакциясына ылайык)

21. FORM STI-059-001 тиркемесинде кирешени төлөөнүн ар бир фактысы боюнча маалыматты көрсөтүү керек.

22. 1-графада төлөө булагынан киреше (пайыз) алган уюмдун аталышы же жеке ишкердин аты-жөнү көрсөтүлөт.

23. 2-графада уюмдун же жеке ишкердин ИСНи көрсөтүлөт.

24. 3-графада киреше (пайыздын) төлөнгөн датасы көрсөтүлөт.

25. 4-графада төлөнгөн кирешенин (пайыздын) суммасы көрсөтүлөт.

26. 5-графада кармалган салыктын суммасы көрсөтүлөт.

27. 4 жана 5-графа боюнча жыйынтык маанилери учурдагы ар бир барак боюнча чыгарылышы керек.

28. 4 жана 5-графалары "Бардыгы" деген сабындагы маани Отчеттун тиркемесинин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.

5. Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө отчетту (FORM STI-059) берүүнүн тартиби

29. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

30. Отчет баруу тартибинде берилген учурда, Отчет эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.

31. Отчет почта аркылуу берилген учурда, Отчет эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органына заказдык кат менен кайра кабарлоо аркылуу жиберилет. Отчет заказдык кат менен почта аркылуу берилген дата болуп кайра кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жиберилген дата саналат. Отчет тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Отчетту кабыл алган салык органынын кызматкери экинчи нускада Отчеттун 901 жана 902-уячаларын толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калуучу Отчеттун биринчи нускасында 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.

32. Электрондук документ түрүндөгү отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен

бекитилген

 

FORM STI-017

 

 

Cалык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө
МААЛЫМАТ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 272, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Графикалык көчүрмөсүн караңыз

 

Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-017) формасын толтуруунун жана берүүнүн
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 272,  токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-017) (мындан ары - Маалымат) формасын толтуруунун жана берүүнүн эрежесин аныктайт.

2. Маалыматта Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер менен байланышпаган жеке жактарга төлөнгөн бир жолку төлөмдөр көрсөтүлөт.

2. Маалыматтын формасын толтуруу тартиби

3. Маалыматты толтурууда "алгачкы" же "такталган" 001-уячасында "X" белгисин көрсөтүү зарыл.

Эгерде Маалымат отчеттук квартал үчүн биринчи жолу тапшырылып жатса - "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасында көрсөтүлөт.

Эгерде мурда Маалымат тапшырылып, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Маалыматта оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт.

4. Маалыматтын формасында ар бир сап боюнча төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы (аты-жөнү) көрсөтүлөт;

3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;

4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;

5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүмүн индекси көрсөтүлөт;

6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл ж.б.) көрсөтүлөт;

7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;

8) 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;

9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;

10) 201-уячада Маалымат берилүүчү квартал көрсөтүлөт;

11) 202-уячада Маалымат берилүүчү кварталдын жылы көрсөтүлөт;

12) 203-уячада Маалыматтын тиркемесинин акыркы барагынын 6-графасынын "Жыйынтык" сабынын мааниси көрсөтүлөт;

13) 204-уячада Маалыматтын тиркемесинин акыркы барагынын 7-графасынын "Жыйынтык" сабынын мааниси көрсөтүлөт.

5. "Тиркеменин барактарынын саны" уячасында Маалыматтын тиркемелеринин барактарынын жалпы саны көрсөтүлөт.

6. Маалыматка ага кол койгон адамдын аты-жөнүн милдеттүү түрдө толук көрсөтүү менен жетекчи же аны алмаштырган адам же болбосо салык өкүлү кол коёт жана салык төлөөчүгө мөөрдү колдонуу талабы коюлса, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

7. 901-уячада салык органы Маалыматты кабыл алган дата көрсөтүлөт.

8. 902-уячада Маалыматты кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.

9. Маалыматтын 102, 103, 104, 107, 901, 902-уячаларында көрсөтүлүүчү көрсөткүчтөр Тиркеменин ушул уячаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга окшош болушу керек.

3. Маалыматтын тиркемесин толтуруу тартиби

10. 1-графада салык мезгилинде кирешелер төлөнгөн жеке жактардын аты-жөнү көрсөтүлөт.

11. 2-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн эл аралык классификаторуна ылайык резидент өлкөнүн коду көрсөтүлөт.

12. 3-графада паспорттук маалыматтар, б.а. паспорттун сериясы, номери, берилген датасы жана ким тарабынан берилгендиги көрсөтүлөт.

13. 4-графада резидент өлкөдөгү жеке жактын салыктык катталган номери көрсөтүлөт.

14. 5-графада киреше түрүнүн коду төмөнкү таблицага ылайык көрсөтүлөт:

Кирешенин коду

Төлөнгөн кирешелердин аталышы

001

Жалдоодон алынган кирешелер

002

Жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча сый акылар

003

Дивиденддер

004

Роялти, анын ичинен интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануу укугун пайдалануудан жана (же) берүүдөн алынган кирешелер

005

Баалуу кагаздар менен операциялардан (баалуу кагаздардан ажыратуудан) алынган кирешелер

006

Юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүштөрдөн ажыратуудан алынган кирешелер

007

Кыймылсыз мүлктөн ажыратуудан алынган кирешелер

008

Башка кирешелер

15. Маалыматтын тиркемесинин 6-графасында төлөнгөн кирешелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.

16. Маалыматтын тиркемесинин 7-графасында кармалган киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

17. 6 жана 7-графалардын "Жыйынтык" саптарынын маанилери ар бир барак боюнча чыгарылышы керек.

18. 6 жана 7-графалардын "Бардыгы" сабында ар бир барак боюнча "Жыйынтык" саптарынын суммаланган маанилери көрсөтүлүшү жана Маалыматтын тиркемесинин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.

Маалыматтын тиркемесинин ар бир барагынын жогорку оң бурчуна ошол барактын номери коюлат.

Маалыматтын тиркемесинин ар бир барагынын аягына Маалыматка кол койгон жетекчи же аны алмаштырган адам же болбосо салык өкүлү кол коёт жана салык төлөөчүгө мөөрдү колдонуу талабы коюлса, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

4. Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматты берүү тартиби

19. Маалымат кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

20. Маалымат баруу тартибинде берилген учурда Маалымат эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.

21. Маалымат почта аркылуу берилген учурда, Маалымат эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органына заказдык кат менен кайра кабарлоо аркылуу жиберилет. Маалымат заказдык кат менен почта аркылуу берилген дата болуп кайра кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жиберилген дата саналат. Маалымат тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Маалыматты кабыл алган салык органынын кызматкери экинчи нускада Маалыматтын 901 жана 902-уячаларын толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калуучу Маалыматтын биринчи нускасында 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.

22. Электрондук документ түрүндөгү маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-058

Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммасы жөнүндө
МААЛЫМАТ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 272 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык көчүрмөсүн караңыз

 

Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын (FORM STI-058) формасын толтуруунун жана берүүнүн
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 272 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын (мындан ары - Маалымат) формасын толтуруунун жана берүүнүн эрежесин аныктайт.

2. Маалыматта аныкталбаган мөөнөткө (мөөнөтсүз) жана 5 жылдан ашпаган аныкталган мөөнөткө (мөөнөттүү эмгек келишими) түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан, б.а. бир нече жерде иштөөчү, бир жолку, сезондук жана ушул сыяктуу жумуштар боюнча кирешелерди алган жумушчулардан салык агенти тарабынан кармалган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары көрсөтүлөт. Бул Тартип патент боюнча иштеген адамдардын кирешелерине колдонулбайт.

2. Маалыматтын формасын толтуруу тартиби

3. Маалыматты толтурууда "алгачкы" же "такталган" 001-уячасында "X" белгисин көрсөтүү зарыл.

Эгерде Маалымат биринчи жолу тапшырылып жатса - "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасында көрсөтүлүшү керек.

Эгерде мурда ушул эле мезгил үчүн Маалымат тапшырылып, бирок кийин кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлүшү керек.

4. Маалыматтын формасында ар бир сап боюнча төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт;

3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;

4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;

5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;

6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл ж.б.) көрсөтүлөт;

7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;

8) 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;

9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;

10) 201-уячада Маалымат берилүүчү салык мезгили башталган дата көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: "01.01.2014";

11) 202-уячада Маалымат берилүүчү салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: "31.12.2014";

12) 203-уячада Маалыматтын тиркемесинин акыркы барагынын 4-графасынын "Бардыгы" сабынын мааниси көрсөтүлөт;

13) 204-уячада Маалыматтын тиркемесинин акыркы барагынын 5-графасынын "Бардыгы" сабынын мааниси көрсөтүлөт;

14) 205-уячада Маалыматтын тиркемесинин акыркы барагынын 6-графасынын "Бардыгы" сабынын мааниси көрсөтүлөт;

15) 206-уячада Маалыматтын тиркемесинин акыркы барагынын 7-графасынын "Бардыгы" сабынын мааниси көрсөтүлөт.

5. "Тиркеменин барактарынын саны" уячасында Маалыматтын тиркемесинин барактарынын жалпы саны көрсөтүлөт. Мисалы: "001".

6. Маалыматка ага кол койгон адамдын аты-жөнүн милдеттүү түрдө толук көрсөтүү менен жетекчи же аны алмаштырган адам же болбосо салык өкүлү кол коёт жана салык төлөөчүгө мөөрдү колдонуу талабы коюлса, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

7. 901-уячада салык органы Маалыматты кабыл алган дата көрсөтүлөт.

8. 902-уячада Маалыматты кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.

3. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактар боюнча кармалган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматтын тиркемесин толтуруу тартиби

9. 1-графада салык мезгилинде кирешелер төлөнгөн жеке жактардын аты-жөнү көрсөтүлөт.

10. 2-графада жеке жактардын ИСНи көрсөтүлөт.

11. 3-графада төмөнкү таблицага ылайык кирешенин түрүнүн коду көрсөтүлөт:

Кирешенин коду

Төлөнгөн кирешелердин аталышы

001

Салык салынуучу кирешелер

002

Салык салынбай турган кирешелер

12. 4 жана 5-графаларда төлөнгөн кирешелердин жалпы суммасы, анын ичинен материалдык пайда түрүндө көрсөтүлөт.

13. 6 жана 7-графаларда кармалган киреше салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт, анын ичинен материалдык пайдадан.

14. 4, 5, 6, 7-графалардын "Жыйынтык" сабынын маанилери суммаланышы жана ар бир барак боюнча чыгарылышы керек.

15. 4, 5, 6 жана 7-графалардын "Бардыгы" сабында "Жыйынтык" сабынын ар бир барак боюнча суммаланган маанилери көрсөтүлүшү жана Маалыматтын тиркемесинин акыркы барагында гана чыгарылышы керек.

Маалыматтын тиркемесинин ар бир барагынын жогорку бурчуна барактын номери коюлат. Мисалы: "001".

Маалыматтын тиркемесинин ар бир барагынын аягына Маалыматка кол койгон жетекчи же аны алмаштырган адам же болбосо салык өкүлү кол коёт жана салык төлөөчүгө мөөрдү колдонуу талабы коюлса, салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалыматты берүү тартиби

16. Маалымат кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

17. Маалымат баруу тартибинде берилген учурда Маалымат эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.

18. Маалымат почта аркылуу берилген учурда, Маалымат эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органына заказдык кат менен кайра кабарлоо аркылуу жиберилет. Маалымат заказдык кат менен почта аркылуу берилген дата болуп кайра кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жиберилген дата саналат. Маалымат тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Маалыматты кабыл алган салык органынын кызматкери экинчи нускада Маалыматтын 901 жана 902-уячаларын толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калуучу Маалыматтын биринчи нускасында 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.

19. Электрондук документ түрүндөгү маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.

5-тиркеме

 

FORM STI-012
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
 Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө
КОРУТУНДУ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык көчүрмөнү караңыз.

 

Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө корутундунун формасын (FORM STI-012) толтуруунун
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81, 278, 279-беренелеринин нормаларын ишке ашыруу максатында, салык органдары тарабынан жазылып берилүүчү Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө корутундунун формасын (FORM STI-012) (мындан ары - корутунду) толтуруунун тартибин аныктайт.

2. Корутунду аймактык салык органынын жооптуу кызматкери тарабынан төрт нускада таризделет. Корутундунун бардык нускалары аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилет. Корутундулар аткарылып бүткөндөн кийин корутундунун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органында калат, үч нускасы салык органына кайтарылат: ыйгарым укуктуу жана аймактык салык органдарына бирден нуска, салык төлөөчүгө бир нуска берилет.

3. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат", "Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө маалымат", "Салык органы тарабынан таризделди" секцияларынын уячалары аймактык салык органынын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.

4. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилди" секциясынын уячалары Борбордук казыналыктын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.

5. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилди" секциясынын уячалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.

6. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) 102-уячада - салык төлөөчүнүн ИСНи;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (мындан ары - аты-жөнү) же толук аталышы;

3) 104-уячада - салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жери боюнча салык органынын коду жана аталышы;

4) 112-уячада - айыл өкмөтүнүн коду жана аталышы.

7. "Ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүн башка салык милдеттенмесине чегерүү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) 300-уячада - салык төлөөчүнүн ашып кетүү, ашыкча төлөнгөн суммасы бар салыктын аталышы жана төлөмдүн коду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн/аймактык органынын аталышы, алыш-бериш эсебинин номери (аккумуляциялык), эсептин аталышы;

2) 301-уячада - салык төлөөчүнүн ашып кетүү же ашыкча төлөнгөн суммасы бар салыктын аталышы жана төлөмдүн коду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын аталышы, алыш-бериш эсебинин номери (аккумуляциялык), эсептин аталышы;

3) 302-уячада - эсепке алынууга тийиш болгон сумма (цифра жана сөз менен);

4) 303-уячада - таблицага ылайык, ашыкча төлөнгөн салыктын ашып кетүүсүнүн пайда болуу себебинин коду:

Себептин коду

Себептин аталышы

01

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 278-беренеси

05

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81-беренеси

07

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 279-беренеси

8. "Салык органы тарабынан таризделди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык органынын жетекчисинин аты-жөнү;

2) кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү, колу;

3) кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн корутундуну тариздеген инспекторунун аты-жөнү, колу;

4) 304-уячада - инспектордун идентификациялык номери;

5) 305-уячада - корутундуну тариздеген күн.

Корутундуга салык органынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.

9. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Борбордук казыналыктын жетекчисинин аты-жөнү;

2) аткаруучунун аты-жөнү, колу;

3) 401-уячада - корутундуну кабыл алуу күнү;

4) 402-уячада - аткаруу күнү.

Корутундуга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.

10. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин аты-жөнү;

2) аткаруучунун аты-жөнү, колу;

3) 501-уячада - корутундуну кабыл алуу күнү;

4) 502-уячада - корутундуну аткаруу күнү.

Корутундуга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-013
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Салыктын, салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө
КОРУТУНДУ

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык көчүрмөнү караңыз.

 

Ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутундунун формасын толтуруунун
ТАРТИБИ
(
FORM STI-013)

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81, 279, 281-беренелеринин нормаларын жана Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 16, 26 жана 29-беренелерин ишке ашыруу максатында, салык органы тарабынан жазылып берилүүчү Ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүн кайтарып берүү жөнүндө корутундунун формасын толтуруунун тартибин (FORM STI-013) (мындан ары - Корутунду) аныктайт.

2. Корутунду аймактык салык органынын жооптуу кызматкери тарабынан төрт нускада таризделет. Корутундунун бардык нускалары аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилет. Корутундулар аткарылып бүткөндөн кийин корутундунун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органында калат, үч нускасы салык органына кайтарылат: ыйгарым укуктуу жана аймактык салык органдарына бирден нуска, салык төлөөчүгө бир нуска берилет.

3. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат", "Салык төлөөчүнүн банкынын реквизиттери", "Ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө маалымат", "Салык органы тарабынан таризделди" секцияларынын уячалары салык органынын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.

4. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилди" секциясынын уячалары Борбордук казыналыктын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.

5. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилди" секциясынын уячалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жооптуу адамдары тарабынан толтурулат.

6. "Салык төлөөчү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (мындан ары - аты-жөнү) же толук аталышы көрсөтүлөт;

3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жери боюнча салык органынын аталышы жана коду көрсөтүлөт;

4) 112-уячада айыл өкмөтүнүн аталышы жана коду көрсөтүлөт.

7. "Салык төлөөчүнүн банкынын реквизиттери" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) 201-уячада - Банктын идентификациялык коду жана банктын аталышы;

2) 202-уячада - банктагы алыш-бериш эсебинин номери.

8. "Ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө маалымат" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) 300-уячада - салык төлөөчүнүн ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсү бар салыктын аталышы жана төлөмдүн коду, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бөлүмүнүн/аймактык органынын аталышы, алыш-бериш эсебинин номери (аккумуляциялык), эсептин аталышы;

- 302-уячада - салыктын, салыктык эмес кирешенин кайтарылууга тийиш суммасы (цифра менен жана сөз менен);

- 303-уячада - таблицага ылайык, ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүнүн пайда болуу себебинин коду:

Себептин коду

Себептин аталышы

05

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81-беренеси

07

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 279-беренеси

08

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 281-беренеси

09

Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 26-беренеси

9. "Салык органы тарабынан таризделди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык органынын жетекчисинин аты-жөнү;

2) кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальнигинин аты-жөнү, колу;

3) кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды кайра иштеп чыгуу бөлүмүнүн корутундуну тариздеген инспекторунун аты-жөнү, колу;

4) 304-уячада - инспектордун идентификациялык номери;

5) 305-уячада - корутундуну тариздөө күнү.

Корутундуга салык органынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.

10. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жетекчисинин аты-жөнү;

2) аткаруучунун аты-жөнү, колу;

3) 401-уячада - корутундуну кабыл алуу күнү;

4) 402-уячада - аткаруу күнү.

Корутундуга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.

11. "Аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органына берилди" секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин аты-жөнү;

2) аткаруучунун аты-жөнү, колу;

3) 501-уячада - корутундуну кабыл алган күн;

4) 502-уячада - корутундуну аткаруу күнү.

Корутундуга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органынын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен ырасталат.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-118

 

 

 

2013-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөт боюнча пайда салыгынын алдын ала суммасынын
ТАКТАЛГАН ЭСЕБИ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы N 503 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык копиясын караңыз.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-035
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

Салык төлөөчүлөр менен өз ара эсептешүүнү текшерүү
АКТЫСЫ

Графикалык копиясын караңыз.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-076" формасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

 

Графикалык копиясын караңыз.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

 

FORM STI-077" формасы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Мамлекеттик салык кызматы

 

 

 

Графикалык копиясын караңыз.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-мартындагы
N 109 токтому менен
бекитилген

Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнү толтуруу
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы N 393, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (мындан ары - эсептөө) төмөнкүлөрдөн турат:

1) Айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-076);

2) Айыл чарбалык эмес багытындагы жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-077).

3. Салык төлөөчү (жер участогунун менчик ээси же пайдалануучусу) жер салыгы боюнча эсептөөнү (FORM STI-076, 077) жер участогунун эсептик каттоодон өткөн жери боюнча тапшырат.

4. Салык төлөөчү эсептөөлөрдү тапшырууда (FORM STI-076, 077):

1) 001-ячейкада отчеттуулуктун түрүн "Х" белгиси менен белгилеп көрсөтүшү керек;

- "баштапкы" - отчеттуулук биринчи тапшырылганда көрсөтүлөт;

- "такталган" - салык төлөөчү мурун тапшырган эсептөөгө өзгөртүүлөрдү киргизген учурда берилет. Мисалы, такталган эсептөө арифметикалык катачылыктын негизинде салыктык милдеттенменин өзгөргөндүгүнө байланыштуу болгон учурда тапшырылат;

- "кошумча" - жыл ичинде алынган жер участогу боюнча салыктык милдеттенме пайда болгондо же сатып жиберген жер участогу боюнча салыктык милдеттенме азайган учурда берилет. Мисалы, жер участогун алынганда же сатылганда кошумча эсептөө берилет;

2) 201-ячейкада жер участогу боюнча маалыматтык эсептөөнү тапшырган жыл көрсөтүлөт.

2. Айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-076)

4. 1-графанын 301, 311, 321, 331, 341, 351, 361, 371, 381-ячейкаларында 1-таблицага ылайык жер участогуна ээлик кылууга же пайдаланууга укуктуу экендигине караштуу пайдалануучулардын коду көрсөтүлөт.

1-таблица

Код

Мүлктү пайдалануучу

С

Менчик ээси

ДС

Үлүштүк менчик ээси

НС

Менчик ээси эмес

5. 2-графанын 302, 312, 322, 332, 342, 352, 362, 372, 382-ячейкаларында айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча салык төлөөчүнүн жер участогунун жайгашкан жери көрсөтүлөт. Мисалы, Ысык-Көл обл., Ак-Суу району, Теплоключенка айылы.

6. 3-графанын 303, 313, 323, 333, 343, 353, 363, 373, 383-ячейкаларында укукту күбөлөндүрүүчү документте белгиленген жер участогунун жеке коду көрсөтүлөт. Укукту күбөлөндүрүүчү документ жок учурда "0" мааниси көрсөтүлөт.

7. 4-графанын 304, 314, 324, 334, 344, 354, 364, 374, 384-ячейкаларында укукту күбөлөндүрүүчү документтин маалыматына ылайык айыл чарба жерлердин түрлөрү боюнча жерлердин жалпы аянттары көрсөтүлөт.

Укукту күбөлөндүрүүчү документ жок учурда салык кызматынын тиешелүү органынын, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн актыга ылайык участканын жалпы аянты көрсөтүлөт.

8. 5-графанын 305, 315, 325, 335, 345, 355, 365, 375, 385-ячейкаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 343-беренесине ылайык салык салуудан бошотулуучу айыл чарба жерлеринин (гектар менен) түрү боюнча жерлердин аянты көрсөтүлөт.

9. 6-графанын 306, 316, 326, 336, 346, 356, 366, 376, 386-ячейкаларында жер салыгы салынуучу айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлердин аянты (4-графа - 5-графа), башкача айтканда 4-графанын 304, 314, 324, 334, 344, 354, 364, 374, 384-ячейкаларынын жана 5-графанын 305, 315, 325, 335, 345, 355, 365, 375, 385-ячейкаларынын маанилеринин айырмалыгы көрсөтүлөт.

10. 7-графанын 307, 317, 327, 337, 347, 357, 367, 377, 387-ячейкаларында жер участогун пайдаланууга укуктуу мезгил, башкача айтканда жер участогуна ээ болууга/пайдаланууга укуктуу айдын саны көрсөтүлөт. Мисалы, 12 ай; 6 ай; 3 ай.

11. 8-графанын 308, 318, 328, 338, 348, 358, 368, 378, 388-ячейкаларында Салык кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча белгиленген жер салыгынын тиешелүү базалык ставкалары (сом) көрсөтүлөт.

12. 9-графанын 309, 319, 329, 339, 349, 359, 369, 379, 389-ячейкаларында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген инфляция коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.

13. 10-графанын 310, 320, 330, 340, 350, 360, 370, 380, 390-ячейкаларында айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жер салыгынын суммасы (сом) (6-графа х 8-графа х 9-графа) көрсөтүлөт, мында 6-графадагы 306, 316, 326, 336, 346, 356, 366, 376, 386-ячейкалардын маанилери 8-графанын 308, 318, 328, 338, 348, 358, 368, 378, 388-ячейкаларынын маанилерине, 9-графанын 309, 319, 329, 339, 349, 359, 369, 379, 389-ячейкалардын маанилерине көбөйтүлөт.

14. 391-ячейкада салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

15. 392-ячейкада Салык кодекстин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө, ошондой эле 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төлөөдөн бошотулууга тийиш салыктын суммасы көрсөтүлөт. Мисалы, табигый кырсыктын негизинде жергиликтүү кеңештин чечими менен жер салыгын төлөөдөн бошотулат.

16. 393-ячейкада төлөнүүгө тийиш болгон айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жер салыгынын суммасы (сом), башкача айтканда 391 жана 392-ячейкалардын маанилеринин айырмалыгы көрсөтүлөт.

17. Салыктык милдеттенме бир календарлык жылга жетпеген мезгилдин ичинде жарактуу болсо, жер салыгынын суммасы ошол милдеттенме жарактуу болгон айлардын санына пропорциялуу эсептелинет, башкача айтканда жер салыгынын жылдык суммасы 12 айга бөлүнөт жана андан кийин алынган маани иш жүзүндөгү айлардын санына көбөйтүлөт.

Жер участогуна ээлик кылуунун иш жүзүндөгү мезгилинде төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы салык төлөөчү тарабынан укуктар мамлекеттик каттоодон өткөнгө чейин же каттаган мезгилде бюджетке төлөнүүгө тийиш.

1-мисал:

"А" дыйкан чарбасынын аянты 20 га болгон кайрак айдоо - жер участогу бар, 1 га кайрак айдоо - айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын ставкасы 56,5 сомду түзөт. 2011-жылдын 20-майында чарба тарабынан аянты 20 чарчы метр болгон жер участогу сатылган.

Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы боюнча салыктык милдеттенменин жылдык суммасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:

 

Салык = С х А х Ки

 

С - базалык ставка,

А - аянты,

Ки - инфляция коэффициенти

20 x 56,5 х 1 = 1130 сом

Маалыматтык эсеп

Аянт

Айлардын саны

Ставка

Ки

Төлөнүүчү салыктын суммасы

Баштапкы

20

12

56,5

1

1130

"А" дыйкан чарбасынын жер участогу 2011-жылдын 20-майында сатылгандыктан, ага ээлик кылбаган мезгил үчүн салыктын суммасы төмөнкү жол менен аныкталат:

Салык = салыктын жылдык суммасы / 12 ай х 7 ай, башкача айтканда салыктын суммасы 1130 / 12 x 7 = 659 сомду түзөт.

Ошону менен бирге салык төлөөчү тарабынан тапшырылуучу маалыматтык эсептөөдө төмөнкүлөр кошумча көрсөтүлөт:

- 001-ячейкада "Х" белгиси "кошумча" деген сөздүн каршысына;

- 900-ячейкада "Саткан күнү": 2011-жыл 20-май;

- "Аянты" деген графада сатылган участоктун аянтынын өлчөмү "минус" белгиси менен көрсөтүлөт;

- "Айлардын саны" графасында сатылган жер участогу боюнча ээлик кылбаган айлардын саны көрсөтүлөт;

- "Төлөнүүчү салыктын суммасы" графасында салыктык милдеттенме "минус" белгиси менен көрсөтүлөт.

Маалыматтык эсептөө

Аянт

Айлардын саны

Ставка

Ки

Төлөнүүчү салыктын суммасы

Кошумча

-20

7

56,5

1

-659,2

2-мисал:

"А" дыйкан чарбанын аянты 20 га болгон айдоо кайрак - жер участогу бар. 1 га кайрак айдоо - айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын ставкасы 56,5 сомду түзөт. 2011-жылдын 20-майында чарба тарабынан жер участогунун аянты 5 га болгон бөлүгү сатылган.

Жер салыгы боюнча салыктык милдеттенменин жылдык суммасы 1-мисалга окшош аныкталат:

20 x 56,5 х 1 = 1130 сом.

Маалыматтык эсеп

Аянты

Айлардын саны

Ставка

Ки

Салыктын суммасы

Баштапкы

20

12

56,5

1

1130

2011-жылдын 20-майында 5 га өлчөмүндө жер участогунун бөлүгү сатылгандыктан, ага ээлик кылбаган мезгил үчүн салыктын суммасы төмөнкү жол менен аныкталат:

56,5 сом/га - салыктын жылдык базалык ставкасы;

56,5 / 12 = 4,7 сом - 1 га үчүн салыктын айлык ставкасы;

5 х 4,7 х 1 = 23,5 сом - 5 га үчүн салыктын суммасы;

23,5 х 7 = 164,5 сом - 7 айдагы 5 га үчүн салыктын суммасы.

Ошону менен катар салык төлөөчү тарабынан тапшырылуучу маалыматтык эсептөөдө төмөнкүлөр кошумча көрсөтүлөт:

- 001-ячейкада "Х" белгиси "кошумча" деген сөздүн каршысына;

- 900-ячейкада "Саткан күнү": 2011-жыл 20-май;

- "Аянт" графасында сатылган участоктун аянтынын өлчөмү "минус" белгиси менен көрсөтүлөт;

- "Айлардын саны" графасында сатылган жер участогуна ээлик кылуудан ажыратылган айлардын саны көрсөтүлөт;

- "Төлөнүүчү салыктын суммасы" графасында "минус" белгиси менен салыктык милдеттенме көрсөтүлөт.

Маалыматтык эсеп

Аянты

Айлардын саны

Ставка

Ки

Салыктын суммасы

Кошумча

-5

7

4,7

1

-164,5

3-мисал.

"А" дыйкан чарбанын аянты 20 га болгон кайрак айдоо - жер участогу бар. 1 га кайрак айдоо - айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын ставкасы 56,5 сомду түзөт. 2011-жылдын 20-июнунда чарба тарабынан аянты 10 га болгон кайрак айдоо жер участогу алынган.

Жер салыгы боюнча салыктык милдеттенменин жылдык суммасы 1-мисалга окшош аныкталат:

20 x 56,5 х 1 = 1130 сом.

Маалыматтык эсеп

Аянты

Айлардын саны

Ставка

Ки

Салыктын суммасы

Баштапкы

20

12

56,5

1

1130

2011-жылдын 20-июнунда аянты 10 га болгон жаңы жер участогу алынгандыктан, ага ээлик кылган мезгил үчүн салыктын суммасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:

Салык = салыктын жылдык суммасы / 12 ай х 6 ай

10 x56,5 х 1 = 565 сом - салыктын жылдык суммасы;

565 / 12 х 6 = 282,5 сом - участоко факт түрүндө ээлик кылган үчүн салыктын суммасы.

Ошону менен катар салык төлөөчү тарабынан тапшырылуучу маалыматтык эсептөөдө кошумча төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- 001-ячейкада "кошумча" деген сөздүн каршысына "Х" белгиси көрсөтүлөт;

- 900-ячейкада "Алынган күнү": 2011-жыл 20-июнь;

- "Аянт" графасында алынган участоктун аянтынын өлчөмү;

- "Айлардын саны" графасында алынган жер участогу боюнча ээлик кылган айлардын саны көрсөтүлөт;

- "Төлөнүүчү салыктын суммасы" графасында салыктык милдеттенменин оң мааниси көрсөтүлөт.

Маалыматтык эсеп

Аянты

Айлардын саны

Ставка

Ки

Салыктын суммасы

Кошумча

10

6

56,5

1

282,5

4-мисал.

"А" жеке ишкер тарабынан 2011-жылдын 3-мартында аянты 30 га болгон сугат айдоо - жер участогу сатылып алынган. 1 га сугат айдоо - айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын 400 сомду түзөт.

Жер участогу 2011-жылдын 3-мартында алынгандыктан, ага ээлик кылуу мезгили үчүн салыктын суммасы төмөнкү жол менен аныкталат:

Салык салыктын жылдык суммасы / 12 ай х 9 ай

400 х 30 х 1 = 12000 сом - салыктын жылдык суммасы;

12000 / 12 х 9 = 9000 сом - участкага иш жүзүндө ээлик кылган үчүн салыктын суммасы.

Ошону менен катар салык төлөөчү тарабынан тапшырылуучу маалыматтык эсептөөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- 001-ячейкада "Х" белгиси "баштапкы" деген сөздүн каршысына;

- 900-ячейкада "Алынган күнү": 2011-жыл 3-март;

- "Аянты" графасында алынган участканын аянтынын өлчөмү көрсөтүлөт;

- "Айлардын саны" графасында алынган жер участогу боюнча ээлик кылган айлардын саны көрсөтүлөт;

- "Төлөнүүчү салыктын суммасы" графасында салыктык милдеттенменин оң мааниси көрсөтүлөт.

Маалыматтык эсеп

Аянты

Айлардын саны

Ставка

Ки

Салыктын суммасы

Баштапкы

30

9

400

1

9000

3. Айыл чарбалык эмес багытындагы жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөө (FORM STI-077)

18. 1-графанын 300, 313, 326, 339, 352, 365, 378, 391, 404-ячейкаларында 1-таблицага ылайык жер участогун пайдалануучулардын коду көрсөтүлөт.

19. 2-графанын 301, 314, 327, 340, 353, 366, 379, 392, 405-ячейкаларында салык төлөөчүнүн жер участогунун жайгашкан жери (район, шаар, айыл) көрсөтүлөт. Мисалы, Ысык-Ата району, Кант шаары: Аламүдүн району, Лебединовка айылы.

20. 3-графанын 302, 315, 328, 341, 354, 367, 380, 393, 406-ячейкаларында төмөндөгү 2-таблицага ылайык укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн пайдаланылып жаткан жер участогунда чарба субъектисинин ишкердик ишинин коду көрсөтүлөт.

Код

Участоктун тармактары

01

0101

Дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода мекемелери, а.и. аянты

 - 10 кв.метрден баштап;

0102

0103

0104

0105

- 10 кв. метрден баштап 20 кв. метрге чейин;

- 20 кв. метрден баштап 35 кв. метрге чейин;

 - 35 кв. метрден баштап 50 кв. метрге чейин;

- 50 кв. метрден баштап жана жогору

02

Чакан базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери

03

Мал, жем сатуу базарлары

04

Коомдук тамак-аш ишканалары

05

Мейманканалык ишмердик ишканалары

06

Банктар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары

07

Оюн-зоок мекемелери жана дискотекалар

08

Кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар

09

Авто май куюу станциялары

010

Нефти базалар

011

Авто токтоочу жайлар, автосервис ишканалары

012

Жарнама курулмалары

013

Эс алуу жана көңүл ачуу, спорт - ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү, жеке кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалары

014

Транспорт ишканаларынын административдик имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автостанциялар, темир жол вокзалдары

015

Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары

016

Кең өнөр жай ишканаларынын имараттары жана курулуштары, ошондой эле темир жол транспортунун жүктөө-түшүрүү станциялары, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык-коргоо зоналары

017

Иштелип жаткан кендер, шахталар, разрездер, күл төгүүчү жайлар

018

Геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери

019

Байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары

020

Илимий мекемелер, билим берүү мекемелери, саламаттыкты сактоо, маданият, балдардын-өспүрүмдөрдүн, дене тарбия - спорт мекемелери

021

Айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча - картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана башка айыл чарба багытындагы объектилер)

022

Коргонуу - спорт - техникалык уюмдар

21. 4-графанын 303, 316, 329, 342, 355, 368, 381, 394, 407-ячейкаларында укукту күбөлөндүрүүчү документтерде каралган жер участогунун жеке коду көрсөтүлөт. Укукту тастыктоочу документи жок учурда "0" мааниси коюлат.

22. 5-графанын 304, 317, 330, 343, 356, 369, 382, 395, 408-ячейкаларында укукту күбөлөндүрүүчү документтин маалыматы боюнча жер участогунун аянты (кв. метр менен) көрсөтүлөт.

Укукту күбөлөндүрүүчү документ жок учурда салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн актыга ылайык участканын жалпы аянты көрсөтүлөт.

23. 6-графанын 305, 318, 331, 344, 357, 370, 383, 396, 409-ячейкаларында Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салынуудан бошотулуучу айыл чарбалык эмес багыттагы жана калктуу конуштардын жерлеринин аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.

24. 7-графанын 306, 319, 332, 345, 358, 371, 384, 397, 410-ячейкаларында жер салыгы салынууга тийиш болгон жер участогунун (кв. метр менен) аянты (5-графа - 6-графа), башкача айтканда 5-графанын 304, 317, 330, 343, 356, 369, 382, 395, 408-ячейкаларынын жана 6-графанын 305, 318, 331, 344, 357, 370, 383, 396, 409-ячейкаларынын маанилеринин айырмалыгы көрсөтүлөт.

25. 8-графанын 307, 320, 333, 346, 359, 372, 385, 398, 411-ячейкаларында жер участогуна ээлик кылууга же пайдаланууга укуктуу айлардын саны көрсөтүлөт.

26. 9-графанын 308, 321, 334, 347, 360, 373, 386, 399, 412-ячейкаларында Салык кодексинин 339-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарбалык эмес багытындагы жерлер үчүн белгиленген жер салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.

27. 10-графанын 309, 322, 335, 348, 361, 374, 387, 400, 413-ячейкаларында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген инфляция коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.

28. 11-графанын 310, 323, 336, 349, 362, 375, 388, 401, 414-ячейкаларында жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленген зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.

29. 12-графанын 311, 324, 337, 350, 363, 376, 389, 402, 415-ячейкаларында Салык кодексинин 339-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ишкердикте пайдалангандыгына жараша жер участогунун салык салынуучу базасынын өзгөрүүсү эске алынган коммерциялык пайдалануунун коэффициенти Кк көрсөтүлөт.

30. 13-графанын 312, 325, 338, 351, 364, 377, 390, 403, 416-ячейкаларында салыктын суммасы (7-графа х 9-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа) көрсөтүлөт, мында 7-графанын 306, 319, 332, 345, 358, 371, 384, 397, 410-ячейкаларынын мааниси 9-графанын 308, 321, 334, 347, 360, 373, 386, 399, 412-ячейкаларынын маанисине, 10-графанын 309, 322, 335, 348, 361, 374, 387, 400, 413-ячейкаларынын маанисине, 11-графанын 310, 323, 336, 349, 362, 375, 388, 401, 414-ячейкаларынын маанисине жана 12-графанын 311, 324, 337, 350, 363, 376, 389, 402, 415-ячейкаларынын маанисине көбөйтүлөт.

31. 417-ячейкада жалпы сумма көрсөтүлөт.

32. 418-ячейкада Салык кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча төлөөдөн бошотулууга жаткан салыктын суммасы көрсөтүлөт.

33. 419-ячейкада төлөөгө салык суммасы, башкача айтканда 417 жана 428-ячейкалардын маанилеринин түрдүүлүгү көрсөтүлөт.

34. Салыктык милдеттенме календарлык жылга жетпеген мезгилдин ичинде жарактуу болсо, жер салыгынын суммасы ошол милдеттенме жарактуу болгон айлардын санына пропорциялуу эсептелинет, башкача айтканда жер салыгынын жылдык суммасы 12 айга бөлүнөт жана андан кийин алынган маани иш жүзүндөгү айлардын санына көбөйтүлөт.

Жер участогуна ээлик кылуунун иш жүзүндөгү мезгилинде төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы салык төлөөчү тарабынан укуктар мамлекеттик каттоодон өткөнгө чейин же каттаган мезгилде бюджетке төлөнүүгө тийиш.

1-мисал:

"А" дыйкан чарбасы тарабынан 2011-жылдын 20-июнь айында өндүрүш объектисин куруу (тегирмен) үчүн айыл чарба багытындагы эмес 1000 кв.м жер участогу сатып алынган. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын суммасы - 2,3 сом/кв.метр. Зоналык коэффициент 1ге барабар. Коммерциялык колдонуу коэффициенти 0,2.

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча салыктык милдеттенменин жылдык суммасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:

 

Салык = (С х А х Ки х Кз х Кк),

 

С - базалык ставка;

А - аянты;

Ки - инфляция коэффициенти;

Кз - зоналык коэффициенти;

Кк - коммерциялык пайдалануу коэффициенти;

2,3 х 1000 х 1 х 1 х 0,2 = 460 сом.

Жер участогу чарба тарабынан 2011-жылдын 20-июнунда сатып алынгандыктан, анда ага ээлик кылуу мезгили үчүн салыктын суммасы төмөнкү мааниде аныкталат.

Салык = салыктын жылдык суммасы / 12 ай х 6 ай

460 : 12 х 6 = 230 сом.

Ошону менен катар салык төлөөчү тарабынан маалыматтык эсептөөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- 001-ячейкада "Х" белгиси "баштапкы" деген сөздүн каршысына;

- 900-ячейкада "Алынган күнү": 2011-жылдын 20-июнь;

- "Аянты" графасында алынган участоктун аянтынын өлчөмү көрсөтүлөт;

- "Айлардын саны" графада алынган жер участогу боюнча ээлик кылган айлардын саны көрсөтүлөт;

- "Төлөнүүчү салыктын суммасы" графасында салыктык милдеттенменин оң мааниси көрсөтүлөт.

Маалыматтык эсеп

Аянты

Айлардын саны

Ставка

Ки

Кз

Кк

Салыктын суммасы

Баштапкы

1000

6

2,3

1

1

0,9

230

35. Салык төлөөчү тарабынан кайра эсептөөгө байланыштуу такталган эсеп берилген учурда, салыктык милдеттенменин өзгөргөндүгүн эске алуу менен айлар боюнча айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын суммасы "Эскертүү " деген жерге толтурулат.

2-мисал.

"Б" ишканасынын транспорт административдик имараты жайгашкан жерде аянты 867000 чарчы метр болгон жер участогу бар. Жергиликтүү райондук кеңештин чечими менен 2011-жылдын 20-май айында калктуу конуштун зоналык коэффициент кабыл алынган, анын мааниси 1,2 өлчөмдө белгиленген.

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча салыктык милдеттенменин жылдык суммасы белгиленген формула боюнча эсептелинет жана төмөнкү сумманы түзөт.

 

Салык = С х А х Ки х Кз х Кк

 

1,6 х 867000 х 1 х 1 х 0,9 = 1248480 сом - салыктын жылдык суммасы 1 зоналык коэффициенти колдонуу менен көрсөтүлөт.

Маалыматтык эсеп

Аянты

Айлардын саны

Ставка

Ки

Кз

Кк

Салыктын суммасы

Баштапкы

867000

12

1,6

1

1

0,9

1248480

Зоналык коэффициенттин мааниси жергиликтүү кеңеш тарабынан 2011-жылдын 20-май айында кабыл алынгандыктан, жер салыгы боюнча салыктык милдеттенме төмөнкү жол менен эсептелинет:

1,6 х 867000 х 1 х 1,2 х 0,9 = 1498176 сом - салыктын жылдык суммасы 1,2 зоналык коэффициентин колдонуу менен;

1248480 : 12 = 104040 сом - салыктын айлык суммасы 1 зоналык коэффициентин колдонуу менен;

104040 х 1,2 = 124848 сом - салыктын айлык суммасы 1,2 зоналык коэффициентин колдонуу менен;

104040 х 5 = 520200 сом - январдан майга чейинки мезгил үчүн салыктын суммасы 1 зоналык коэффициентин колдонуу менен;

124848 х 7 = 873936 сом - майдан декабрь айына чейинки мезгил үчүн салыктын суммасы 1,2 зоналык коэффициент колдонуу менен;

520200 + 873936 = 1394136 сом - жер салыгынын такталган жылдык суммасы зоналык коэффициенттеги өзгөрүүнү эске алуу менен.

Ошону менен катар салык төлөөчү тарабынан тапшырылуучу маалыматтык эсепте төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- 001-ячейкада "Х" белгиси "такталган" деген сөздүн каршысына;

- "Зоналык коэффициент" графасында өзгөртүлгөн коэффициенттин өлчөмү көрсөтүлөт;

- "Төлөнүүчү салыктын суммасы" графасында жер салыгынын такталган суммасы көрсөтүлөт.

Маалыматтык эсеп

Аянты

Айлардын саны

Ставка

Ки

Кз

Кк

Салыктын суммасы

Такталган

867000

12

1,6

1

1,2

0,2

1394136

Ошону менен катар салыктык милдеттенменин өзгөрүүлөрүн көрсөтүү менен "Эскертүү" толтурулат:

январь

февраль

март

апрель

май

июнь

Салыктын суммасы

104040

104040

104040

104040

104040

124848

 

июль

август

сентябрь

октябрь

ноябрь

декабрь

Салыктын суммасы

124848

124848

124848

124848

124848

124848

4. Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнү берүү тартиби

36. Эсептөө кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

37. Эсептөө баруу тартибинде берилген учурда эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат.

38. Эсептөө почта менен берилген учурда эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык төлөөчүдө калат, экинчи нускасы салык органына кабарлоосу бар заказдык кат менен жиберилет. Эсептөөнү заказдык кат менен почта аркылуу берүүнүн датасы болуп, кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу кайра жиберилген дата эсептелет. Эсептөөнү тапшыргандыгы тууралуу кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу берген учурда, эсептөөнү алган салык органынын кызмат адамы эсептөөнүн экинчи нускасындагы 901 жана 902-уячаларды толтурат жана салык органынын штампын коёт. Салык төлөөчүдө калган эсептөөнүн биринчи нускасына 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.

39. Электрондук документ түрүндөгү эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.

 

FORM STI-142

Пайдалуу казындылардын кендерин геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча бонусту
ЭСЕПТӨӨ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 272 токтомунун редакциясына ылайык)

Графикалык көчүрмөсүн караңыз

 

Пайдалуу казындылардын кендерин геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча бонусту эсептөөнүн (FORM STI-142) формасын толтуруунун жана берүүнүн
ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-майындагы № 272, 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин XI бөлүмүнө ылайык бонусту эсептөө жана төлөө, геологиялык запастар жана кендердин болжолдуу ресурстары, Кыргыз Республикасындагы пайдалуу казындылардын белгилери жана гидрогеологиялык скважиналарды бургулоонун тереңдиги жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн арналган Пайдалуу казындылардын кендерин геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча бонусту эсептөөнүн (FORM STI-142) (мындан ары - Эсептөө) формасын толтуруунун жана берүүнүн эрежесин аныктайт.

2. Эсептөө туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюм, ошондой эле кендерди пайдаланууга укуктуу жеке ишкер (мындан ары - салык төлөөчү) тарабынан түзүлөт. Бонус салыгын төлөөчү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү Эсептөөнү салык органына берет жана кендерди пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирбей эсептик катталган жери боюнча бонусту төлөйт.

3. Бонусту эсептөө төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык кендердин жана пайдалуу казындылардын белгилеринин категориялары жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык лицензиялык аянт жөнүндө;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казындылардын кендеринин тизмегине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир кенге өзүнчө аныкталуучу, конкурска коюлуучу пайдалуу казындылардын кендеринин бонусунун ставкасы жөнүндө.

4. Эсептөөгө салык төлөөчү кол коёт жана салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 46-беренесине ылайык Эсептөө салык өкүлү аркылуу берилиши мүмкүн.

Эсептөө эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин негизинде салык төлөөчүнүн кызыкчылыктарын коргогон ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлгөн жана берилген учурда Эсептөөгө өкүл кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

Эсептөө ишеним каттын негизинде салык төлөөчүнүн кызыкчылыктарын коргогон ыйгарым укуктуу салык өкүлү тарабынан түзүлгөн жана берилген учурда Эсептөөгө салык төлөөчү же ишеним катта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык салык төлөөчүнүн ишенимдүү адамы/өкүлү кол коёт. Коюлган кол Эсептөөгө кол койгон салык төлөөчүнүн/өкүлдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

5. Эсептөө кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.

Эсептөө баруу тартибинде берилген учурда Эсептөө эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.

Эсептөө почта аркылуу берилген учурда Эсептөө эки нускада толтурулат: биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органына заказдык кат менен кайра кабарлоо аркылуу жиберилет. Эсептөө заказдык кат менен почта аркылуу берилген дата болуп кайра кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча жиберилген дата саналат. Эсептөө тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен почта боюнча берилген учурда Эсептөөнү кабыл алган салык органынын кызматкери экинчи нускада Эсептөөнүн 901 жана 902-уячаларын толтурат жана салык органынын штампын коёт Салык төлөөчүдө калуучу Эсептөөнүн биринчи нускасында 901 жана 902-уячалар толтурулбайт.

Электрондук документ түрүндөгү эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте берилет.

Эсептөөнү электрондук түрдө берүү тартиби жөнүндө толук маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын www.sti.gov.kg сайтында жайгаштырылган.

2. I бөлүмдү толтуруу тартиби

6. 001-уячада:

1) эгерде Эсептөө биринчи жолу тапшырылып жатса - "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасында көрсөтүлөт;

2) эгерде мурда ушул эле салык мезгили үчүн Эсептөө тапшырылып, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Эсептөөдө оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт;

3) мурда ушул эле салык мезгили үчүн тапшырылган Эсептөөгө менчик үлүшүн өзгөртүү менен катышуучуну алмаштыруу, башка адамга өткөрүп берүү, аянтты кеңейтүү жана запастардын өсүшү бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилген учурда X" түрүндөгү белги "кошумча" уячасында көрсөтүлөт.

7. Эсептөөнүн уячалары төмөнкүдөй толтурулат:

1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;

2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы (аты-жөнү) көрсөтүлөт;

3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;

4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органдары тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;

5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;

6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл ж.б.) көрсөтүлөт;

7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, батирдин номери) көрсөтүлөт;

8) 115-уячада салык төлөөчүнүн байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;

9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;

10) 901-уячада салык органы Эсептөөнү кабыл алган дата көрсөтүлөт;

11) 902-уячада Эсептөөнү кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.

3. II бөлүмдү толтуруу тартиби

8. 190-уячада лицензияны алган дата көрсөтүлөт. Мисалы: "'01.05.2013".

9. 200-уячада жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катышуучуну алмаштыруу жана менчик үлүшүн өзгөртүү бөлүгүндө лицензиялык тиркемеге өзгөртүүлөр (каттоолор) киргизилген дата көрсөтүлөт. Бул уяча кошумча Эсептөөнү берген учурда гана толтурулат.

10. 201-уячада Эсептөө берилүүчү салык мезгили башталган дата көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: "01.05.2013".

11. 202-уячада Эсептөө берилүүчү салык мезгилинин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт: күнү, айы жана жылы. Мисалы: "30.05.2013".

12. 203, 206, 208 жана 210-уячаларда Эсептөөнүн III, IV жана V бөлүмдөрү боюнча бонустун жыйынтык суммасы АКШ долларында, ошондой эле катышуучу алмаштырылган учурда менчиктин ушул үлүшүнүн өзгөрүшүнө пропорционалдуу эсептелген бонустун суммасы көрсөтүлөт.

13. 204-уячада төмөнкү датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт:

1) лицензияны алган (алгачкы жана такталган Эсептөөнү берген учурда);

2) катышуучу алмашкан жана менчик үлүшү өзгөргөн (кошумча Эсептөөнү берген учурда).

14. 205, 207, 209 жана 211-уячаларда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.

15. 212-уячада 205, 207, 209 жана 211-уячалардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

4. Ill бөлүмдү толтуруу тартиби

16. 301, 308, 315, 322, 329, 336, 343, 350, 357, 364-уячаларда "√" белгиси менен өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кендердин категориялары коюлат.

17. 302, 309, 316, 323, 330, 337, 344, 351, 358, 365-уячаларда "√"  белгиси менен алдын ала бааланган кендердин жана пайдалуу казындылардын жана белгилеринин категориялары коюлат.

18. 303, 310, 317, 324, 331, 338, 345, 352, 359, 366-уячаларда лицензияга ылайык пайдалуу казындылардын аталыштары көрсөтүлөт.

19. 304, 311, 318, 325, 332, 339, 346, 353, 360, 367-уячаларда пайдалуу казындылардын өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.

20. 305, 312, 319, 326, 333, 340, 347, 354, 361, 368-уячаларда геологиялык запастардын жана болжолдуу ресурстардын саны көрсөтүлөт.

21. 306, 313, 320, 327, 334, 341, 348, 355, 362, 369-уячаларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык бонустун ставкасы миң АКШ доллары менен көрсөтүлөт.

22. 307, 314, 321, 328, 335, 342, 349, 356, 363, 370-уячаларда төмөнкү формула боюнча эсептелген бонустун суммасы миң АКШ доллары менен көрсөтүлөт:

307-уячанын мааниси = 305-уячанын мааниси х 306-уячанын мааниси;

314-уячанын мааниси = 312-уячанын мааниси х 313-уячанын мааниси;

321-уячанын мааниси = 319-уячанын мааниси х 320-уячанын мааниси;

328-уячанын мааниси = 326-уячанын мааниси х 327-уячанын мааниси;

335-уячанын мааниси = 333-уячанын мааниси х 334-уячанын мааниси;

342-уячанын мааниси = 340-уячанын мааниси х 341-уячанын мааниси;

349-уячанын мааниси = 347-уячанын мааниси х 348-уячанын мааниси;

356-уячанын мааниси = 354-уячанын мааниси х 355-уячанын мааниси;

363-уячанын мааниси = 361-уячанын мааниси х 362-уячанын мааниси;

370-уячанын мааниси = 368-уячанын мааниси х 369-уячанын мааниси.

23. 371-уячада III бөлүмдүн 307, 314, 321, 328, 335, 342, 349, 356, 363, 370-уячаларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

24. 371-уячанын мааниси сомго кайра эсептөө үчүн АКШ долларында "Бонустун суммасы жөнүндө маалымат" II бөлүмүнүн 203-уячасына көчүрүлөт.

5. IV бөлүмдү толтуруу тартиби

25. 401, 404, 407, 410, 413, 416, 419 жана 422-уячаларда айтылган аянттардын өлчөмү көрсөтүлөт.

26. 425, 428 жана 431-уячаларда бургулоонун тереңдигине жараша скважиналардын саны көрсөтүлөт.

27. 402, 405, 408, 411, 414, 417, 420, 423, 426, 429 жана 432-уячаларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык лицензиялык аянттын бонусунун ставкалары жана скважиналардын бонусунун ставкалары көрсөтүлөт. Бонустун ставкасы АКШ долларында көрсөтүлөт.

28. 403, 406, 409, 412, 415, 418, 421, 424, 427, 430 жана 433-уячаларда төмөнкү формула боюнча эсептелген бонустун суммасы АКШ доллары менен көрсөтүлөт:

403-уячанын мааниси = 401-уячанын мааниси х 402-уячанын мааниси;

406-уячанын мааниси = 404-уячанын мааниси х 405-уячанын мааниси;

409-уячанын мааниси = 407-уячанын мааниси х 408-уячанын мааниси;

412-уячанын мааниси = 410-уячанын мааниси х 411-уячанын мааниси;

415-уячанын мааниси = 413-уячанын мааниси х 414-уячанын мааниси;

418-уячанын мааниси = 416-уячанын мааниси х 417-уячанын мааниси;

421-уячанын мааниси = 419-уячанын мааниси х 420-уячанын мааниси;

424-уячанын мааниси = 422-уячанын мааниси х 423-уячанын мааниси;

427-уячанын мааниси = 425-уячанын мааниси х 426-уячанын мааниси;

430-уячанын мааниси = 428-уячанын мааниси х 429-уячанын мааниси;

433-уячанын мааниси = 431-уячанын мааниси х 432-уячанын мааниси.

29. 434-уячада IV бөлүмдүн 403, 406, 409, 412, 415, 418, 421, 424, 427, 430 жана 433-уячаларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.

30. 434-уячанын мааниси сомго кайра эсептөө үчүн АКШ доллары менен "Бонустун суммасы жөнүндө маалымат" II бөлүмүнүн 206-уячасына көчүрүлөт.

6. V бөлүмдү толтуруу тартиби

31. 501, 509, 517, 525, 533, 541, 549, 557, 565, 573, 581 жана 589-уячаларда "√" белгиси менен А+В+С1+С2+з/б кендин категориялары коюлат.

32. 502, 510, 518, 526, 534, 542, 550, 558, 566, 574, 582 жана 590-уячаларда "√" белгиси менен P1 категориясынын ресурстары коюлат.

33. 503, 511, 519, 527, 535, 543, 551, 559, 567, 575, 583 жана 591-уячаларда кендин аталышы көрсөтүлөт.

34. 504, 512, 520, 528, 536, 544, 552, 560, 568, 576, 584 жана 592-уячаларда пайдалуу казындылардын аталышы көрсөтүлөт.

35. 505, 513, 521, 529, 537, 545, 553, 561, 569, 577, 585 жана 593-уячаларда пайдалуу казындылардын өлчөө бирдиги көрсөтүлөт.

36. 506, 514, 522, 530, 538, 546, 554, 562, 570, 578, 586 жана 594-уячаларда А+В+С1+С2+з/б категорияларынын запасы же Р1 категориясынын болжолдуу ресурстары көрсөтүлөт.

37. 507, 515, 523, 531, 539, 547, 555, 563, 571, 579, 587 жана 595-уячаларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казындылардын кендеринин тизмегине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир кенге өзүнчө бекитилүүчү бонустун ставкасы көрсөтүлөт. Бонустун ставкасы миң АКШ долларында көрсөтүлөт.

38. 508, 516, 524, 532, 540, 548, 556, 564, 572, 580, 588 жана 596-уячаларда төмөнкү формула боюнча эсептелген бонустун суммасы миң АКШ доллары менен көрсөтүлөт:

508-уячанын мааниси = 506-уячанын мааниси х 507-уячанын мааниси;

516-уячанын мааниси = 514-уячанын мааниси х 515-уячанын мааниси;

524-уячанын мааниси = 522-уячанын мааниси х 523-уячанын мааниси;

532-уячанын мааниси = 530-уячанын мааниси х 531-уячанын мааниси;

540-уячанын мааниси = 538-уячанын мааниси х 539-уячанын мааниси;

548-уячанын мааниси = 546-уячанын мааниси х 547-уячанын мааниси;

556-уячанын мааниси = 554-уячанын мааниси х 555-уячанын мааниси;

564-уячанын мааниси = 562-уячанын мааниси х 563-уячанын мааниси;

572-уячанын мааниси = 570-уячанын мааниси х 571-уячанын мааниси;

580-уячанын мааниси = 578-уячанын мааниси х 579-уячанын мааниси;

588-уячанын мааниси = 586-уячанын мааниси х 587-уячанын мааниси;

596-уячанын мааниси = 594-уячанын мааниси х 595-уячанын мааниси.

39. 597-уячада V бөлүмдүн 508, 516, 524, 532, 540, 548, 556, 564, 572, 580, 588 жана 596-уячаларынын маанилеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт.

40. 597-уячанын мааниси сомго кайра эсептөө үчүн АКШ доллары менен "Бонустун суммасы жөнүндө маалымат" II бөлүмүнүн 208-уячасына көчүрүлөт.

1-мисал.

Кендерди пайдаланууга укуктуу "А" ЖЧК тиешелүү лицензияны алгандан кийин күрөң көмүр кенин иштетүү боюнча иш жүргүзөт.

Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган баштапкы Эсептөө (баланстык запастардын) берилген.

"А" ЖЧК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен бекитилген Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык Эсептөөнүн III бөлүмүн толтурат:

- 001-уячада "√" белгиси менен "алгачкы" белгиленет;

- "Өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кендер" 1-графасынын 301-уячасына "√" белгиси коюлат;

- "Пайдалуу казындынын аталышы" 3-графасынын 303-уячасында "Күрөң көмүр" көрсөтүлөт;

- "Өлчөө бирдиги" деген 4-графасынын 304-уячасында "млн т" көрсөтүлөт;

- "Запастардын саны" 5-графасынын 305-уячасында "5" көрсөтүлөт;

- "Бонустун ставкасы" 6-графасынын 306-уячасында өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган, күрөң көмүр - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык "1,0" көрсөтүлөт;

- "Бонустун суммасы" 7-графасынын 307-уячасында "5,0" (5000000 х 1,0 : 1000000) көрсөтүлөт;

- 7-графанын 371-уячасында 203-уячага көчүрүлө турган, ушул графа боюнча жыйынтык сумма "5,0" АКШ долларында көрсөтүлөт;

- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык лицензия алынган датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;

- 205-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген, 212-уячага көчүрүлө турган бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.

212-уячада көрсөтүлгөн бонустун суммасы кендерди пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштан 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.

2-мисал.

Кендерди пайдаланууга укуктуу "В" ЖЧК тиешелүү лицензияны алгандан кийин алдын ала бааланган запастар менен кен чыккан жерден мунай өндүрүү боюнча иш жүргүзөт.

Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган алгачкы Эсептөө (баланстык жана болжолдонгон запастардын) берилген.

"В" ЖЧК Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык Эсептөөнүн III бөлүмүн толтурат:

Баланстык эсеп боюнча:

- 001-уячада "√" белгиси менен "алгачкы" белгиленет;

- "Өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кендер" 1-графасынын 301-уячасына "√" белгиси коюлат;

- "Пайдалуу казындынын аталышы" 3-графасынын 303-уячасында "мунай" көрсөтүлөт;

- "Өлчөө бирдиги" 4-графасынын 304-уячасында "млн т" көрсөтүлөт;

- "Запастардын саны" 5-графасынын 305-уячасында "5" көрсөтүлөт;

- "Бонустун ставкасы" 6-графасынын 306-уячасында өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган мунай - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык "1,0" көрсөтүлөт;

- "Бонустун суммасы" 7-графасынын 307-уячасында "0,5" (5000000 х 0,1 : 1000000) көрсөтүлөт.

Болжолдонгон эсеп боюнча:

- "Алдын ала бааланган кендер жана пайдалуу казындылардын белгилери" 2-графасынын 309-уячасына "√" белгиси коюлат;

- "Пайдалуу казындынын аталышы" 3-графасынын 310-уячасында "мунай" көрсөтүлөт;

- "Өлчөө бирдиги" 4-графасынын 311-уячасында "млн т" көрсөтүлөт;

- "Запастардын саны/бургулоонун тереңдиги" 5-графасынын 312-уячасында "2" көрсөтүлөт;

- "Бонустун ставкасы" 6-графасынын 313-уячасында алдын ала бааланган мунай кени үчүн Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык "5,0" көрсөтүлөт;

- "Бонустун суммасы" 7-графасынын 314-уячасында "10,0" (2 x 5 : 1000000) көрсөтүлөт;

- 7-графанын 371-уячасында 203-уячага көчүрүлө турган, ушул графа боюнча жыйынтык сумма "10,5" (0,5+10,0) AKLU долларында көрсөтүлөт;

- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык лицензия алынган датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;

- 205-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген, 212-уячага көчүрүлө турган бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.

212-уячада көрсөтүлгөн бонустун суммасы кендерди пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштан 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.

3-мисал.

Кендерди пайдаланууга укуктуу жеке ишкер тиешелүү лицензияны алгандан кийин табигый каптоочу таш кендерин издөө боюнча иш жүргүзөт.

Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган алгачкы Эсептөө берилген.

Жеке ишкер Лицензиялык аянттын бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык Эсептөөнүн IV бөлүмүн толтурат:

- 001-уячада "√" белгиси менен "баштапкы" белгиленет;

- "Аталган аянттардын өлчөмү/скважиналардын саны" деген 2-графанын 419-уячасында "20" көрсөтүлөт;

- "Бонустун ставкасы" 3-графасынын 420-уячасында "500" көрсөтүлөт;

- "Бонустун суммасы" 4-графасынын 421-уячасында "10000" (20 х 500) көрсөтүлөт;

- 4-графанын 434-уячасында 206-уячага көчүрүлө турган, ушул графа боюнча жыйынтык сумма "10000" көрсөтүлөт;

- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык лицензия алынган датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;

- 207-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген, 212-уячага көчүрүлө турган бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.

212-уячада көрсөтүлгөн бонустун суммасы кендерди пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.

4-мисал.

Кендерди пайдалануу укугуна конкурс боюнча лицензия алган "А" ЖАК жалпы мамлекеттик маанидеги чалгындалган алтын кендерин иштетүү боюнча иш жүргүзөт.

Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган алгачкы Эсептөө (баланстык жана болжолдонгон запастардын) берилген.

"А" ЖАК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү, бонустун ставкасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир кен үчүн өзүнчө белгиленүүчү, конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу казындылардын кендеринин тизмегине жана Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык Эсептөөнүн V бөлүмү толтурулат:

Баланстык эсеп боюнча:

- 001-уячада "√" белгиси менен "алгачкы" белгиленет;

- "А+В+С1+С2+з/б категориясы" 1-графасынын 501-уячасына "√" белгиси коюлат;

- "Кендин аталышы" 1-графасынын 503-уячасында алтын кенинин аталышы көрсөтүлөт;

- "Пайдалуу казындынын аталышы" 4-графасынын 504-уячасында "алтын" көрсөтүлөт;

- "Өлчөө бирдиги" 4-графасынын 505-уячасында "т" көрсөтүлөт;

- "А+В+С1+С2+з/б категорияларынын запасы/Р1 категориясынын болжолдуу ресурстары" 6-графасынын 506-уячасында "50" көрсөтүлөт;

- "Бонустун ставкасы" 7-графасынын 507-уячасында өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган алтын - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык "60,0" көрсөтүлөт;

- "Бонустун суммасы" 8-графасынын 508-уячасында "3000,0" (50 х 60,0) көрсөтүлөт.

Болжолдуу эсеп боюнча:

"Р1 категориясынын ресурстары" 2-графасынын 510-уячасына "√" белгиси коюлат;

- "Кендин аталышы" 3-графасынын 511-уячасында жогоруда аталган Тизмекке ылайык алтын кенинин аталышы көрсөтүлөт;

- "Пайдалуу казындынын аталышы" 4-графасынын 512-уячасында "алтын" көрсөтүлөт;

- "Өлчөө бирдиги" 5-графасынын 513-уячасында "т" көрсөтүлөт;

- "А+В+С1+С2+з/б категорияларынын запасы/Р1 категориясынын болжолдуу ресурстары" 6-графасынын 514-уячасында "3" көрсөтүлөт;

- "Бонустун ставкасы" 7-графасынын 515-уячасында алтын - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык "1,0" көрсөтүлөт;

- "Бонустун суммасы" 8-графасынын 516-уячасында "3,0" (3 х 1,0) көрсөтүлөт;

- "Бонустун суммасы" 8-графасынын 597-уячасында 208-уячага көчүрүлө турган, ушул графа боюнча жыйынтык сумма "3003,0" (3000,0+3,0) көрсөтүлөт;

- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык лицензия алынган датага карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;

- 209-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген, 212-уячага көчүрүлүүчү бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.

212-уячада көрсөтүлгөн бонустун суммасы кендерди пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.

5-мисал.

Кендерди пайдаланууга укуктуу "МММ" ЖЧК тиешелүү лицензияны алгандан кийин таш көмүр кенин иштетүү боюнча иш жүргүзөт.

Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган алгачкы Эсептөө (баланстык запастардын) берилген, аны бергенден кийин ошол кен боюнча бонустардын ставкасы ката көрсөтүлүп, башкача айтканда, "2,0" санынын ордуна жаңылыштык менен "1,0" саны көрсөтүлгөн, ошондуктан, бул учурда "МММ" ЖЧК төмөнкүдөй түрдө толтурулган "такталган" Эсептөөнү берет:

- 001-уячада "√" белгиси менен "такталган" белгиленет;

- I бөлүм, ошондой эле II бөлүмдүн 190, 201 жана 202-уячалары алгачкы Эсептөөгө окшош толтурулат;

- Эсептөөнүн III бөлүмү Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык толтурулат:

- "Өндүрүштүк өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кендер" 1-графасынын 301-уячасына "√" белгиси коюлат;

- "Пайдалуу казындынын аталышы" 3-графасынын 303-уячасына "таш көмүр" көрсөтүлөт;

- "Өлчөө бирдиги" 4-графасынын 304-уячасында "млн т" көрсөтүлөт;

- "Запастардын саны" 5-графасынын 305-уячасында "10" көрсөтүлөт;

- "Бонустун ставкасы" 6-графасынын 306-уячасында өндүрүштүк өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган таш көмүр - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык "2,0" көрсөтүлөт;

- "Бонустардын суммасы" 7-графасынын 307-уячасында "20,0" көрсөтүлөт (10000000 * 2,0 : 1000000);

- 7-графанын 371-уячасында 203-уячага көчүрүлө турган, ушул графа боюнча жыйынтык сумма "20,0" АКШ долларында көрсөтүлөт;

- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык лицензияны алган күнгө карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;

- 205-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелинген, 212-уячага көчүрүлө турган бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.

212-уячада көрсөтүлгөн бонустун суммасы кендерди пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.

6-мисал.

Кендерди пайдаланууга укуктуу "К.С." АК тиешелүү лицензияны алгандан кийин акиташты өндүрүү үчүн акиташ кенин иштетүү боюнча иш жүргүзөт.

Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган алгачкы Эсептөө (баланстык запастардын) берилген жана бонус төлөнгөн. Эсептөөнү бергенден кийин катышуучулардын менчик үлүштөрүн өзгөртүү менен алардын курамы да өзгөргөн.

Ошондуктан, бул учурда "К.С." АК төмөнкүдөй түрдө толтурулган кошумча Эсептөөнү берет:

- 001-уячасында "√" белгиси менен "кошумча" белгиленет;

- I бөлүм, ошондой эле II бөлүмдүн 190-уячасы "алгачкы" Эсептөөгө окшош толтурулат;

- 200-уячада лицензиялардын тиркемеге ылайык менчик үлүшүн өзгөртүү менен катышуучу алмаштырылган дата көрсөтүлөт;

- 201 жана 202-уячаларда бонус төлөнүүгө тийиш болгон салык мезгили башталган жана аяктаган дата (30 күн) көрсөтүлөт;

- 210-уячада катышуучулар алмашкан учурда ушул менчик үлүшүнүн өзгөрүшүнө пропорционалдуу эсептелинген бонустун суммасы көрсөтүлөт;

- 204-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык лицензияны алган күнгө карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;

- 211-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелинген, 212-уячага көчүрүлүүчү бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт:

- 212-уячада жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катышуучуларды алмаштыруу жана алардын менчик үлүштөрүн өзгөртүү бөлүгүндө лицензиялык тиркемеге өзгөртүүлөр (каттоолор) киргизилген күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш болгон бонустун жыйынтык суммасы (сом менен) көрсөтүлөт.

7-мисал.

Кендерди пайдаланууга укуктуу "Д" ЖЧК тиешелүү лицензияны алгандан кийин жер алдындагы тузсуз сууну тандоо жана пайдалануу боюнча иш жүргүзөт.

Бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашылган алгачкы Эсептөө (баланстык запастардын) берилген.

"Д" ЖЧК Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин - бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык Эсептин III бөлүмүн толтурат:

- 001-уячада "√" белгиси менен "алгачкы" белгиленет;

- "Өндүрүштүк өздөштүрүүгө даярдалган, чалгындалган кендер" 1-графасынын 301-уячасына "√" белгиси коюлат;

- 3-графадагы "Пайдалуу казындынын аталышы" 303-уячасында "Жер алдындагы тузсуз суулар" көрсөтүлөт;

- "Өлчөө бирдиги" 4-графасынын 304-уячасында "1000 куб.м./сут." көрсөтүлөт;

- "Запастын саны" 5-графасынын 305-уячасында "10000" көрсөтүлөт;

- "Бонустун ставкасы" 6-графасынын 306-уячасында жер алдындагы тузсуз суу - Пайдалуу кен чыккан жердин жана анын белгилеринин бонустарынын ставкаларынын классификациялык таблицасына ылайык "13" көрсөтүлөт;

- "Бонустун суммасы" 7-графасынын 307-уячасында "130,0" (10000000 * 13000 : 1000) көрсөтүлөт;

- 7-графанын 371-уячасында 203-уячага көчүрүлө турган, ушул графа боюнча жыйынтык сумма "130,0" АКШ долларында көрсөтүлөт;

- 204-уячага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсуна ылайык лицензияны алган күнгө карата доллардын курсу сом менен көрсөтүлөт;

- 205-уячада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелинген, 212-уячага көчүрүлө турган бонустун суммасы сом менен көрсөтүлөт.

212-уячада көрсөтүлгөн бонустун суммасы кендерди пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей төлөнүүгө тийиш.