Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 164 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\ef30ec99-3130-4ddd-b62a-c456845e0802\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 3-марты №94

Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 23-мартындагы № 194, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373
токтомдорунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик жөнгө салуунун азыркы системасын Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан фактор катары, ал эми ушул чөйрөдөгү мыйзамдардын экономиканын заманбап талаптарына жооп бербей тургандыгын таанып, ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аткаруу бийлигинин органдарынын ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү иши мамлекеттик функцияларды аткарууну оптималдаштырууга жана ишкердик субъекттерине сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталууга тийиш экендиги аныкталсын.

Мамлекеттик функцияларды оптималдаштыруу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу ашыкча администрациялык тоскоолдуктарды жана экономикалык ишмердиктин субъекттеринин ишине ашыкча кийлигишүүнү жоюуга, ишкердик субъекттеринин чыгымдарын жана мамлекеттик каражаттарды кыскартууга, коррупциялык механизмдерди азайтууга, коомдун талаптарына жооп берген мыйзамдарды түзүүгө тийиш.

2. Экономикалык ишмердиктин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй ыкмалар менен гана жүргүзүлсүн:

- ишкердиктин субъекттерине жана объекттерине минималдуу милдеттүү талаптарды белгилөө;

- өндүрүш процесстерине жана продукцияларга минималдуу милдеттүү нормативдик-техникалык талаптарды белгилөө;

- белгиленген талаптардын сакталышын натыйжалуу контролдоону камсыз кылуу.

3. Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салууга багытталган Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдары "Ишкердикти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык кайрадан каралууга тийиш экендиги белгиленсин.

4. "Ишкердикти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

5. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

6. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругу менен түзүлгөн Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын укуктук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгы болуп аныкталсын.

8. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп 2-тиркемеге ылайык курамдагы Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун кесепеттерин баалоонун эксперттик тобу аныкталсын.

9. Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун кесепеттерин баалоонун эксперттик тобу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

10. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- кечиктирилбестен кароону жана кабыл алууну талап кылган чечимдердин долбоорлорун кошпогондо, ишкердикти жөнгө салган нормативдик укуктук актылардын долбоорлору алар кабыл алынганга чейин Ведомстволор аралык комиссияда милдеттүү тартипте каралууга тийиш. Ошол эле учурда нормативдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин оң корутундусу алынгандан кийин гана Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилиши мүмкүн;

- Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери "Ишкердикти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусу алынгандан кийин аткаруу бийлигинин органдары нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизет.

11. Ведомстволор аралык комиссия:

- ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун бардык формаларын кайрадан карап чыгууну камсыз кылсын;

- уруксат берүү-лицензиялоо чөйрөсүн оптималдаштырууну 2012-жылдын 1-майына карата аяктасын жана лицензиялардын, уруксат берүүлөрдүн жалпы санын кеминде 25 процентке кыскартуу жөнүндө сунуштарды киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 194 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүүнүн биринчи этабы (мындан ары - биринчи этап) 2012-жылдын 1-майынан башталаары аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 194 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүндө "Ишкердикти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.

14. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги:

- мыйзамдарды оптималдаштыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын;

- контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруунун принциптерин жана мамлекеттик контролдоочу органдардын толук тизмесин аныктаган нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

15. Бул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик "Ишкердикти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган чектерде аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн.

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссияга Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин эске алуу менен башкаруу схемасын, санын, милдеттерин жана функцияларын оптималдаштырууга багытталган аткаруу бийлигинин органдарын натыйжалуу башкарууну уюштуруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу сунушталсын.

17. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы № 196 "Мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжаларын баалоочу эксперттик топ жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 3-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы № 197-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 622-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-январындагы № 5-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 24-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 125 буйругу.

18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев