Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 13-майы № 215

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча
координациялык кеңеш жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 23-июлундагы № 515, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395,  2014-жылдын 4-июлундагы № 373, 2015-жылдын 23-сентябры № 658, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104, 2016-жылдын 17-майындагы N 261, 2016-жылдын 21-июлундагы № 410 , 2017-жылдын 10январындагы № 13, 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Экономикалык кырдаалдардын өзгөрүшүн координациялоону жана натыйжалуу жооп кайтарууну ишке ашыруу, макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты түзүүнүн механизмдерин чыңдоо, ошондой эле бул чөйрөдөгү жүргүзүлүп жаткан чаралардын ырааттуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ушул токтомго тиркемеге ылайык курамда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешинин катчылыгы болуп Экономика министрлиги аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы N 515, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 515 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат
боюнча координациялык кеңештин
КУРАМЫ

 

(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 23-июлундагы № 515, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395,  2014-жылдын 4-июлундагы № 373, 2015-жылдын 23-сентябры № 658, 2016-жылдын 3-мартындагы № 104, 2016-жылдын 17-майындагы N 261, 2016-жылдын 21-июлундагы № 410 , , 2018-жылдын 30-январындагы № 65
токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кеңештин төрагасынын орун басарлары;

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика министриорун , Кеңештин төрагасынын басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;

(абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн
2011-жылдын 13-майындагы
№ 215 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы N 515, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 658, 2017-жылдын 10-январындагы № 13, 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

Кеңеш өз жыйындарына катышуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын Кеңештин курамына кирбеген жетекчилерин тартууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү, өндүрүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана чарбакер субъекттердин жетекчилери Кеңештин жыйындарына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими боюнча чакырылышы мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кеңештин максаты жана милдети

Кеңештин негизги максаты макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу аркылуу Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн турукташтыруу жана ага жетишүү болуп саналат.

Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты түзүүнүн механизмдерин чыңдоо;

- Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык жана инвестициялык саясатын жалпы координациялоону жана ишке ашыруу процессин башкарууну камсыз кылуу;

- ички жана тышкы социалдык-экономикалык кырдаалдардын өзгөрүүсү менен байланышкан алдын-алуучу чараларды иштеп чыгуу;

- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын жана пландарын иштеп чыгуу жана аткаруу процессинде демографиялык факторлорду эсепке алууну камсыздоо;

- макроэкономикалык саясатты түзүүдө Кыргыз Республикасында демографиялык тенденцияларга чара көрүү боюнча мамлекеттик башкаруу түзүмдөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугунун керектүү деңгээлин камсыз кылуу;

- мамлекеттик органдардын инвестициялык иш-аракеттерди чектөөчү негизсиз административдик чараларды киргизүүсүнө жол бербөө;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- аткаруу бийлигинин органдарынын, чарбакер субъекттердин чет өлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамдарды пайдалануу боюнча иштерин, ошондой эле бул иш-аракеттердин натыйжалуулугу үчүн контролдоону ишке ашырууну координациялоо;

- республикага экономикалык жардам берип жаткан чет өлкөлүк инвесторлор, чет өлкөлүк мекемелер жана уюмдар менен иштөөнүн натыйжалуу системасын түзүү;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана чет өлкөлүк инвесторлор менен келишимдерди жана макулдашууларды түзгөн учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо;

- экономиканын артыкчылыктуу тармактарына жана социалдык чөйрөгө, ошондой эле республиканын белгилүү бир аймактарында инвестициялоону жүзө ашыруучу инвесторлорго жана чет өлкөлүк инвестициялардын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттик программаларга (долбоорлорго) ылайык инвестициялык жеңилдиктерди берүү тууралуу сунуштарды кароо;

- республиканын экономикасы үчүн артыкчылыктуу чет өлкөлүк инвестицияларды, экономикалык жардамдарды тартуу жана аларды пайдаланууну контролдоо боюнча долбоорлорду кароо.

Кеңештин чечими сунуштама мүнөзгө ээ.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 658, 2017-жылдын 10-январындагы № 13, 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кеңештин иш-милдети

Кеңештин негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- макроэкономикалык жана инвестициялык саясат чаралары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкүлөргө тиешелүү чечимдерин алдын ала карап чыгуу:

макроэкономикалык стабилдүүлүккө;

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

экономикалык жардамды жана чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу жана пайдалануу артыкчылыктарын аныктоого;

эл аралык финансылык институттар жана донор-өлкөлөр колдогон социалдык-экономикалык программаларды турмушка ашырууга;

- демографиялык болжолду кошкондо Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана жылдык болжолдоолорун кароо;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- өнүктүрүүнү пландоодо демографиялык факторлорду эсепке алууну кыйла натыйжалуу ишке киргизүү үчүн калкты жайгаштыруу жаатында өнүктүрүү саясатын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;

- Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн тармактык жана региондук программаларында демографиялык факторлорду эсепке алууга системалуу талдоо жүргүзүү;

- демографиялык факторлорду эсепке алуу менен өнүктүрүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү максаттарын, милдеттерин жана параметрлерин оңдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен берилүүчү чет өлкөлүк инвестицияларды, ошондой эле экономикалык жардамдарды жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун жана пайдалануунун артыкчылыктарын аныктоо;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- мамлекет менен жеке менчиктин өнөктөштүгүнүн маселелерин кароо;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аныктоочу макроэкономикалык жана инвестициялык саясаттын башка маселелерин кароо.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 658, 2017-жылдын 10-январындагы № 13, 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Кеңештин ыйгарым укуктары

Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн, ошондой эле Кеңештин жыйынына каралып жаткан маселе боюнча чакырылган адамдарды угууга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү тарабынан же башка кызыкдар тараптардын Кеңештин кароосуна сунуш кылынган маселелери боюнча чечим кабыл алууга;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө Кеңеш тарабынан каралып жаткан маселе боюнча милдеттерди чечүүнү сунуштоого;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизүүгө;

- Координациялык кеңештин алдында туруктуу иштөөчү техникалык топторду, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүүгө.

5. Кеңештин ишин уюштуруу

Кеңештин жыйындары макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты ишке ашыруу процесстерин координациялоону жана башкарууну камсыздоо зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештин жыйыны эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.

Өзгөчө учурларда Кеңештин кароосуна киргизилип жаткан маселелерди кароо оперативдүү тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында Кеңештин чечими протоколдук чечимдин долбоору Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси менен, ошол эле учурда милдеттүү түрдө Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылгандан кийин кол коюлууга тийиш.

Кеңеш алар боюнча чечим, ушул Жобо менен анын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алат. Добуштар тең чыгып калган учурда Кеңештин төрагасы добуш берген чечимди кабыл алынат.

Кеңештин чечими протокол түрүндө иштелип чыккан сунуштар же рекомендациялары менен таризделет.

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Кеңештин иш-аракетин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык жактан камсыздоону Кеңештин катчылыгы ишке ашырат.

Кеңештин катчылыгы Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин депозитарийи болуп саналат.

Кеңешти жоюу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими боюнча ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы N 515, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2017-жылдын 10-январындагы № 13, 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6. Кеңештин катчылыгынын иш-милдети

Катчылык төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:

- Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо, кабыл алынган чечимдерди аткарууну жана Кеңештин мүчөлөрү менен иштиктүү байланыштарды колдоону уюштуруу;

- социалдык-экономикалык өнүгүүнүн моделдерин иштеп чыгууну жана пайдалануу, Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтар базасын түзүү;

- жалпыга маалымдоо каражаттарында экономикалык саясатты жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоону ишке ашыруунун жыйынтыктарын жарыялоо;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кеңештин чечимдерин, рекомендацияларды жана сунуштарды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо;

- ички иш кагаздарын, анын ичинде протоколдорду, чечимдерди жана Кеңештин иши менен байланышкан башка документтерди жүргүзүү жана сактоо;

- башка иш-милдеттерди ишке ашыруу.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-январындагы № 13, 2018-жылдын 30-январындагы № 65 токтомдорунун редакцияларына ылайык)