Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2011-жылдын
11-ноябрындагы № 727  токтому
менен бекитилген

Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо,
төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө
ЖОБО

 

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700, 2013-жылдын 8-майындагы № 261
2014-жылдын 4-февралындагы № 73, 2015-жылдын 3-апрели № 192 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Бул Жобо иштеген жарандарды убактылуу эмгекке жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар менен камсыздоо максатында иштелип чыккан жана аларды дайындоо жана төлөө тартибин жана өлчөмүн карайт.

Бул Жобо коргоо, улуттук коопсуздук, чек ара кызматы, жазаларды аткаруу, өзгөчө кырдаалдар системасындагы аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, баңгизатка контролдук кылуу боюнча органдардын, финансылык полициянын, бажы органдарынын кызматкерлерине жайылтылбайт, буга аталган күч ведомстволордун эркин жалданган адамдары кирбейт.

Ушул Жобону колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге катышуучу өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жана иштеген чет элдик жарандарына таркатылат.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-апрели № 192 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

жөлөкпул - убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт учурлары келип чыкканда мыйзамдарда белгиленген өлчөмдө жана шарттарда жүргүзүлүүчү төлөм;

эмгекке жарамсыздык баракчасы - ооруп калуу, травма, кош бойлуулук жана төрөт учурунда адамдардын убактылуу эмгекке жарамсыздыгын ырастаган документ;

эмгек акыга кошумча акынын коэффициенти (же эмгек акыга райондук коэффициент) - бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик кепилдик жана компенсация;

жалпы эмгек стажы - болгон тыныгууларга карабастан эмгектик жана башка коомдук-пайдалуу иштин суммалык узактыгы.

кесиптик катуу оору - өндүрүштүк зыяндуу факторлордун бир жолку (бир жумушчу сменадан ашпаган убакыттын ичиндеги) таасиринен кийин келип чыккан оору.

3. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнөт:

- иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган адамдарга;

- жеке ишкерлерге;

- дыйкан (фермер) чарбаларынын (мындан ары - ДФЧ) мүчөлөрүнө.

4. Жөлөкпулдарды алууга укук төмөнкүдөй:

- кызматкерлер үчүн эмгек мамилелери келип чыккан күндөн тартып келип чыгат жана эмгек келишими аяктаган күнү токтотулат;

- жеке ишкерлер - салык төлөгөн, патент алган же салык контрагын түзгөн айдан тартып келип чыгат жана алардын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганда токтотулат;

- ДФЧнын мүчөлөрү - жер участогуна жеке менчик укугу белгиленген учурдан тартып келип чыгат.

5. Жумушсуздун расмий статусуна ээ болгон, ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - ишке орноштуруу кызматы) эсепте турган жарандарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындалат.

6. Ишке орноштуруу кызматында эсепте турбаган, иштебеген адамдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөнбөйт.

7. Эгерде кызматкер эмгекке жарамдуулук калыбына келген, майыптуулук белгиленген, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү аяктаган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен жөлөкпул үчүн кайрылган болсо, ал дайындалат.

Бул жөлөкпулдардын доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.

8. Иш берүүчүнүн, жеке ишкердин, ДФЧнын (мындан ары - иш берүүчүлөр) өз каражаттары (кирешесинин же эмгек акы фондунун) жөлөкпулдарды төлөөнүн булагы болуп саналат:

- бардык жумуш күндөр үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча;

- алгачкы он жумуш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча (он биринчи жумушчу күнүнөн тартып жөлөкпул республикалык бюджеттен төлөнөт).

Мында бардык жумуш күндөрү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду толугу менен иш берүүчү төлөйт, ал эми он биринчи жумушчу күндөн тартып төлөнгөн жөлөкпулдун өлчөмүнүн орду социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын райондук жана шаардык калкты социалдык өнүгүү башкармалыктарына (мындан ары социалдык өнүгүү башкармалыктары) отчет берилгенден кийин иш берүүчүлөргө республикалык бюджеттин каражаттарынан толтурулат.

Иш берүүчү он биринчи жумушчу күндөн тартып жөлөкпулдун суммаларынын ордун республикалык бюджеттен толтуруу үчүн социалдык өнүгүү башкармалыктарына отчет бербей туруп, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду толук өлчөмүндө өз каражаттарынын эсебинен төлөп берүүгө укуктуу.

 (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700, 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

9. Эмгек акыга үстөк акылардын коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда (мындан ары - бийик тоолуу шарттарда) жашаган жана иштеген адамдар үчүн жөлөкпулдардын өлчөмү ушул коэффициенттерди колдонуу менен аныкталат.

Бийик тоолуу шарттарда иштеген, борбордук (же башкы) офиси бийик тоолуу шарттарда кирбеген региондо турган иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган адамдарга жөлөкпул эмгек акыга үстөк акыларды (мындан ары - райондук коэффициенттерди) эске алуу менен эмгек акыдан эсептелет.

10. Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген калкка эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө үстөк акылардын коэффициенттеринин өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2. Жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө шарттары

 

11. Жөлөкпул дайындоого негиз болуп белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы саналат.

Эгерде эмгекке жарамсыздык баракчасы жоголуп кетсе, жөлөкпул анын дубликаты боюнча берилиши мүмкүн.

12. Жөлөкпул төмөнкү учурларда берилет:

- ооруганда жана мертингенде;

- үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн жана баланы багууда;

- карантинде;

- санаторий-курорттук дарыланууда жана медициналык реабилитациялоодо;

- протездөөдө (ортопедиялык);

- кош бойлуулук жана төрөттө.

13. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул ооруганда же мертингенде берилет.

1) Эмгекке жарамсыздыгын жоготкон бүткүл мезгилдин ичинде Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясы (мындан ары - МСЭК) майыптуулукту белгилегенге чейин. Убактылуу эмгекке жарамсыздык пайда болгон күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин (120 күн) же үзгүлтүк менен беш айдан ашпаган (150 күн) убакытка жалпы жонунан акыркы он эки айдын ичинде узакка ооруган адамдар көрсөтүүлөр бар болгон учурда МСЭКке күбөлөндүрүүгө жөнөтүлөт.

2) Кургак учук менен ооруп калуудан улам эмгекке жарамдуулугун он эки айга чейин жоготкондорго. Адамда жашоо-турмушка туруктуу чектөөлөрдүн белгилери келип чыккандыгы талашсыз болгон учурда кургак учуктун айрым формалары болгон учурда, эки ай стационардык дарылоодон кийин МСЭК майыптуулуктун тиешелүү тобун белгилейт.

3) Жагымдуу клиникалык жана эмгектик болжолдун, жүргүзүлүп жаткан дарылоонун натыйжалуулугунун учурунда убактылуу эмгекке жарамсыздыктын төрт айынан кийин жаранды күбөлөндүрүүдө эмгекке жарамсыздык баракчасы МСЭКтин чечими менен эмгекке жарамдуулук толук кайра калыбына келгенге чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык келип чыккан күндөн тартып жалпы узактык боюнча сегиз айдан ашпаган мөөнөткө узартылат.

4) Айрым учурларда (мертинүү, реконструктивдүү операциялардан кийинки абал) сегиз айдан кийин боюнча кайталап күбөлөндүрүү учурунда эмгекке жарамсыздык баракчасын МСЭКтин чечими менен он эки айга чейин узартылат.

5) МСЭКке алда канча эрте жөнөтүүгө оорулуу адамда Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын негизинде эмгекке туруктуу жарамсыздыктын белгилери келип чыкканы талашсыз болгон учурда жол берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 261 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн, баланы багуу жагынан эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул үй-бүлөнүн багууну түздөн-түз жүзөгө ашырган бир мүчөсүнө (иштеген адамга) - бардык жумуш күндөрү үчүн иш берүүчүнүн өз каражаттарынын (кирешенин же эмгек акы фондунун) эсебинен төмөнкүдөй учурларда берилет.

1) үч календарлык күнгө чейинки мөөнөткө амбулатордук-клиникалык шарттарда дарылоону алган үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөсүн жана он төрт жаштан улуу оорулуу өспүрүмдү багуу боюнча врачтык-консультациялык комиссиянын чечими боюнча - жалпысынан жети календарлык күнгө чейинкиден ашпайт;

2) амбулаториялык дарылануу учурунда жети жашка чейинки оорулуу баланы багуу боюнча - оору күчөгөн бүткүл мезгилге же эгерде медициналык корутунду боюнча көбүрөөк мөөнөт талап кылынбаса, он төрт календарлык күнгө чейинки мөөнөткө жети жаштан ашкан баланы багуу боюнча өнөкөт оору күчөгөн учурда ремиссия келип чыкканга чейин;

3) стационардык дарылануу учурунда жети жашка чейинки оорулуу баланы багуу боюнча - дарылануунун бүткүл мөөнөтүнө, жети жаштан улуулардыкы - багуу зарылчылыгы жөнүндө кеңейтилген врачтык-консультациялык комиссиянын корутундусунан кийин;

4) кандын оор илдеттеринен, зыяндуу шишиктен, күйүп калуудан жапа чеккен, адамдын иммунтартыштык вирусу (СПИД) жуккан он төрт жашка чейинки оорулуу балдарды багуу боюнча - стационарда болуунун бүткүл мезгилине;

5) баланы иш жүзүндө багып жаткан иштеген адамга жөлөкпул бир жарым же үч жашка чейинки баланы же он сегиз жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы баккан эне ооруп калган учурда ал бага албаган дарылоонун бүткүл мезгилине;

6) бир эле учурда эки же андан ашык бала ооруп калганда үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн багуу боюнча жөлөкпул бир эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча берилет;

7) бир эле учурда эки бала ооруп калганда бир баланы багуу боюнча жөлөкпул - биринчи жабылган эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жана экинчи баланы багуу боюнча жөлөкпул иштен бошонуу күндөрүнө дал келген күндөрдү эсепке албастан, берилген башка эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча берилет. Мындай учурлар бир жагдай боюнча эмгекке убактылуу жарамсыздыктын уландысы деп эсептелет.

15. Санаториялык-курорттук дарылануу үчүн жиберилген иштеген адамдарга эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул иш берүүчүнүн өз каражаттарынын (кирешенин же эмгек акынын) эсебинен негизги акы төлөнүүчү жана кошумча өргүүлөрүнө жетпеген күндөрдүн санына жана үч календарлык күнгө чейин санаторийге же курортко жол жүрүү мезгилине берилет.

1) Кызматкер негизги акы төлөнүүчү жана кошумча өргүүлөрүн санаторийге же курортко кеткенге чейин пайдаланганда жана иш берүүчү эмгек акыны сактабастан көрсөтүлгөн өргүүгө барабар күндөрдүн санына өргүү бергенде жөлөкпул санаториялык-курорттук дарылануу зарылчылыгы дарылап жаткан врач тарабынан белгиленген шартта негизги акы төлөнүүчү жана кошумча өргүү күндөрүн кемитүү менен дарылануу жана жол жүрүү мөөнөтүнө берилет.

2) Он сегиз жашка чейинки курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланын санаториялык-курорттук дарылануусуна иштеп жаткан адамды жибергенде, аны жекече багуу зарылчылыгы жөнүндө медициналык корутунду болгон учурда жол жүрүү убактысын эске алуу менен баланын санаториялык-курорттук дарылануусунун бүткүл мезгилине ата-эненин бирине (камкордукка алуучуга) жөлөкпул берилет.

3) Миокарддын курч инфарктынан, аортокоронардык шунтирлөөдөн, жүрөктүн аневризми боюнча тез кийлигишүүдөн кийин саламаттык сактоо уюмдарынын санаторийине дарыланууга жиберилген иштеген адамдарга жөлөкпул санаторийде болгон бүткүл убакыт үчүн берилет.

16. Карантин учурундагы жөлөкпул инфекциясы бар оорулуулар менен байланышта болгон же бактерия ташуучу болгон кызматкерди четтетүү учуруна төлөнөт.

17. Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборуна (мындан ары - Реабилитациялоо борбору) жаткыруу менен протездөө (ортопедиялык) учурунда жөлөкпул стационарда болгон бүткүл мезгилге жана дарылануу жерин жол жүрүп барып-кайра келген бардык учурга берилет.

18. Врачтык-консультациялык комиссиянын же ал жокто саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин бекитүүсү менен дарылоочу врачтын корутундусу менен иштеген адамды башка ишке которуу белгиленген учурда жөлөкпул 60 календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө төлөнүшү мүмкүн.

1) Эгерде жаңы ишке мурдагыдан аз төлөнсө, анда жөлөкпул эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча которуу мезгилине, бирок эки айдан ашпаган убакытка берилет.

2) Жөлөкпул ушул Жобонун 42- жана 59-пунктарына ылайык эсептелет, бирок анын өлчөмү аткарып жаткан иши боюнча эмгек акы менен бирдикте которууга чейинки эмгек акынын өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. Бардык учурларда жөлөкпул иштеген адамга мурдагы иши боюнча тиешелүү болгон жөлөкпулдун өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес.

3) Ушул пунктта көрсөтүлбөгөн башка ооруларга байланыштуу ден соолук абалы боюнча иштеген адамды башка ишке которуу зарыл болгон учурда жөлөкпул берилбейт.

19. Кесиптик оорудан улам убактылуу эмгекке жарамсыздык келип чыккан учурда жөлөкпул кесиптик оору учурун тергөө жөнүндө акт бар болгон учурда дайындалат.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды дайындоо учурунда кесиптик оорулар деп "Кесиптик оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 14-июлундагы № 285 токтому менен бекитилген кесиптик оорулардын тизмесинде көрсөтүлгөн оорулар саналат.

20. Эмгектик мертинүүдөн (травма, күйүп калуу, үшүк алуу ж.б.) улам убактылуу эмгекке жарамсыздык келип чыккан учурда жөлөкпул "Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 токтому менен бекитилген өндүрүштөгү кырсык жөнүндө акт (Н-1 формасы) бар болгон учурда дайындалат.

1) Кырсыкка башка учурда (тиричиликте, ишке бараткан же келаткан жолдо, мамлекеттик коомдук милдеттерди жана башкаларды аткаруу учурунда) кабылса, жөлөкпул кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы иш берүүчүнүн өкүлү менен бирдикте кырсыктын кырдаалын айкындагандан жана актыны түзгөндөн кийин дайындалат.

2) Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.

3) Эмгектеги мертинүүнүн айынан убактылуу эмгекке жарамсыздыкка төмөнкүдөй кырсык учурлары кирет: травма, катуу кесиптик оорулар жана уулануу, жылуулуктан жапа чегүү, күйүп калуу, үшүк алуу, сууга чөгүп кетүү, чагылган тийүү, жаныбарлар жана курт-кумурскалар менен контакттын натыйжасында зыян келүү, ошондой эле жаратылыш кырсыктарынын (жер титирөөнүн, жер көчкүнүн, суу ташкындоонун, бороондун жана башкалардын) учурунда ден соолуктун башкача бузулушу.

4) Өндүрүш менен байланышкан эмгектик мертинүүнүн кесепетинен келип чыккан кызматкерлердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы төмөнкүдөй учурларда аныкталат:

- эмгек милдеттенмелерин аткарган учурда (анын ичинде иш сапардын учурунда), ошондой эле иш берүүчүнүн тапшырмасы болбосо да, ишкананын таламында кандайдыр-бир аракеттерди жасаганда;

- иш сапар жерине баратканда жана кайра келатканда;

- иш берүүчү берген автотранспортто жумушка бараткан же жумуштан келаткан жолдо;

- ишкананын аймагында же ишкананын аймагынан тышкары жерде жумуш убактысынын (анын ичинде белгиленген тыныгуу) ичинде, ошондой эле өндүрүш куралдарын, кийимдерди жана башкаларды иретке келтирүү үчүн зарыл болгон убакытта, жумуш башталаар алдында жана ал аяктагандан кийин, ошондой эле жумуштан тышкары убакта, дем алыш жана майрам күндөрү иштерди аткаруу учурунда, өткөрүү жерине карабастан ишембиликти, жекшембиликти өткөрүүдө, ишкана шефтик жардам көрсөткөндө;

- кызматкерди белгиленген тартипте жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын (апааттардын, кырсыктардын жана башкалардын) кесепеттерин жоюуга катышууга жана мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткаруу менен байланышкан башка иштерге жөнөткөн же тарткан учурда;

- смена ортосундагы эс алуу учурунда алмаштыруучу (автотранспортто алмаштыруучу айдоочу, поездде рефрижератордук секциянын коштоочусу же механиги ж.б.) катары транспорт каражатында баратканда, смена ортосундагы эс алуу учурунда вахталык ыкма менен иштөөдө, ошондой эле вахтадан жана кеме иштеринен бош учурда кемеде жүргөн учурда;

- иши тейленүүчү объекттердин ортосунда орун которуп жүрүү менен байланышкан кызматкер жолдо баратканда жумуш убактысында, ошондой эле иш берүүчүнүн тапшырмасы боюнча иштеген жерине бараткан учурда;

- жеке транспорт каражатында анын түрүнө (суудагы, жүк ташуучу, араба ж.б.) карабастан жумуш учурунда, аны өндүрүштүк максаттарда же иш берүүчүнүн тапшырмасы боюнча пайдалануу укугуна иш берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү же оозеки буйругу бар болгон учурда.

5) Өндүрүш менен байланышпаган эмгектик мертинүүнүн айынан келип чыккан кызматкерлердин убактылуу эмгекке жарамсыздыгы комиссиянын чечими менен таанылат, эгерде:

- ал, укук коргоо органдарынын корутундусу боюнча, жапа чеккен адам жазык жагынан жазаланууга тийиш болгон жосундун белгилерин камтыган жосунду атайылап жасаганда келип чыкса;

- анын бирден-бир себеби жапа чеккен адам алкоголду, баңгилик, уулуу жана башка ушундай заттарды пайдалангандыгы болуп саналса; уюмга таандык болгон транспорт каражаттарын, жабдууларды, механизмдерди, шаймандарды өз эркинче пайдалануу же иш берүүчүнүн уруксаты болбой туруп жеке максаттарда кандайдыр-бир буюмдарды жасоо; материалдык байлыктарды уурдоо.

6) Адамдын өмүрүн сактоо боюнча жарандын парзын аткаруу, мамлекеттик, жамааттык жана башка менчикти коргоо учурунда, ошондой эле эмгектик иш менен байланышпаган укук тартибин коргоо учурунда жана өрттөгү аракеттердин жана жаратылыш кырсыктарынын учурунда донордук функцияларды аткарууга байланыштуу эмгекке жарамдуулугун жоготуу иш менен байланышкан кырсыктын кесепетинен эмгекке жарамдуулугун жоготууга теңештирилет.

21. Иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ооруп калгандыгына байланыштуу эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул майыптуулугунун тобуна карабастан ушул Жобонун 42 жана 59-пункттарына ылайык берилет.

1) Мында I жана II топтогу (III топ кирбейт) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жөлөкпул катары менен эки айдан ашык эмес жана календарлык жылда үзгүлтүктөрү менен үч айдан ашык эмес берилет.

2) Эгерде иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамда эмгекке жарамсыздыктын себеби кесиптик оору же эмгектик мертинүү болсо, анда жөлөкпул айыкканга чейин же майыптуулуктун тобун кайра карап чыкканга чейин, бирок календарлык жылда төрт айдан ашык эмес берилет.

22. Бир эле учурда эмгекке убактылуу жарамсыздыктын эки жана андан ашык учуру (түрү) келип чыккан иштеген адамдарга жөлөкпул бир гана эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча берилет.

23. Эгерде эмгекке жарамсыздык баракчасы узартылса, ошондой эле дарылап жаткан врач көрсөткөн ишке чыгуу датасы дем алыш күндөрүнө туш келсе, мында кызматкер ишке чыкпастан ооруганын улантса, анда мындай учурлар эмгекке убактылуу жарамсыздыктын уландысы деп эсептелет.

1) Эгерде кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздыктан кийин ишке чыгып, кийинки күнү ооруп калган учурда, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жаңыдан ооруган жагдай катары эсептелет.

2) Эгерде кызматкер адегенде убактылуу эмгекке жарамсыз болсо, ал эми дарылануусу аяктагандан кийин (эмгекке жарамсыздык баракчасы жабылгандан) ишке чыкчу күндөн тартып үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн же баланы багып карагандык боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздык улантылган учурда убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жаңыдан ооруган жагдай катары эсептелет.

24. Кызматкер ар жылдагы кезектеги жана кошумча өргүүлөрдө жүргөн учурда ооруп калышынан, мертинишинен улам эмгекке убактылуу жарамсыздык келип чыккан учурда жана эмгекке жарамсыздык баракчасы болгон учурда эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул ушул Жобонун 42-, 58- жана 59-пункттарына ылайык берилет. Мындай учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ар жылдагы акы төлөнүүчү өргүү узартылууга тийиш.

25. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул, ошондой эле үй-бүлөнүн оорулуу мүчөсүн же баланы багуу боюнча жөлөкпул кызматкерлерге төмөнкүдөй учур үчүн берилбейт:

- баланы багуу боюнча өргүүдө жүргөндө;

- алар берген арыз боюнча эмгек акыны сактабастан өргүүдө жүргөндө;

- кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөндө;

- эмгек акы төлөөнү токтотуу менен иштен (кызматтан) четтетүүдөн улам кызматкер иштебегенде;

- мезгилдүү медициналык текшерүүнү жүргүзгөндө, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарынын стационарына жаткырылганда;

- өндүрүштөн ажыратуу менен орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окууга байланыштуу берилген кошумча өргүүнүн учурунда;

- аскердик кызматка чакырылганда;

- аскердик же окуу жыйындарында;

- иштен укукка жат бошотуу жөнүндө талаштын учурунда;

- камакта жүргөндө жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндө.

26. Эгерде убактылуу эмгекке жарамсыздык ушул Жобонун 25-пунктунун онунчу абзацында көрсөтүлгөн кырдаалдар аяктагандан кийин да улантылса, эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул кызматкер ишке киришүүгө тийиш болгон күндөн тартып берилет.

27. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулдар төмөнкү кызматкерлерге төлөнбөйт:

- эмгекке убактылуу жарамсыздык болоордун алдында себепсиз атайы ишке келбегенде;

- жумуштан же башка милдеттерден качуу максатында өзүнүн ден соолугуна атайылап зыян келтиргенде;

- эгерде эмгекке убактылуу жарамсыздык алкоголдук, баңгилик же токсиндик мас болуудан улам келип чыкса;

- эгерде эмгекке убактылуу жарамсыздык алар кылмыш жасап жаткан учурда алган мертинүүнүн айынан келип чыкса;

- соттун аныктамасы боюнча мажбурлап дарылоо учурунда (буга психикалык оорулуулар кирбейт).

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)

28. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул аялдарга төмөнкүчө берилет:

- ойдогудай төрөттүн учурунда узактыгы 126 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 56 календарлык күн);

- татаал төрөт жана эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда - 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 70 календарлык күн).

1) Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төмөнкүчө берилет:

- ойдогудай төрөттүн учурунда узактыгы 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 70 календарлык күн);

- татаал төрөт учурунда - 156 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 86 календарлык күн);

- эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда - 180 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 110 календарлык күн).

2) Кош бойлуулуктун 30-жумасынан кийин болгон төрөттө жана тирүү бала туулган учурда жөлөкпул 140 календарлык күнгө (төрөткө чейин 70 календарлык күн жана төрөттөн кийин 70 календарлык күн) берилет, ал эми бала өлүү туулганда же ал төрөттөн кийинки алгачкы жети күндүн ичинде чарчап калган учурда жөлөкпул болгону 70 календарлык күнгө берилет.

3) Үч айга чейинки курактагы баланы асырап алган учурда жөлөкпул 70 календарлык күнгө, ал эми бир эле учурда эки жана андан ашык баланы асырап алган учурда 110 календарлык күнгө берилет. Мында жөлөкпул асырап алган күндөн тартып калган 70 же 110 календарлык күнгө берилет.

29. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эмгекке жарамсыздык баракчасы менен тастыкталган кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн бардык жумушчу күндөрү үчүн төмөнкүдөй убакыт үчүн берилет:

- эмгек келишими колдонулган мөөнөт;

- акы төлөнүүчү негизги жана кошумча өргүүлөрдө болуу;

- аялдын бала бир жарым жаштан же үч жаш куракка жеткенге чейин баланы багуу боюнча өргүүдө болгон;

- иш берүүчүнүн демилгеси боюнча берилген эмгек акыны сактабастан өргүүдө болгон;

- иш берүүчүнүн күнөөсүнөн улам, ошондой эле иш берүүчүгө жана кызматкерге байланышпаган себептер боюнча токтоп турган (кызматкер жазуу жүзүндө эскертилген жана токтоп турган убакыт үчүн акы төлөнгөн).

30. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кызматкерлерге төмөнкүдөй убакыт үчүн берилбейт:

- алардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акыны сактабастан өргүүдө болгон;

- эмгек акы төлөөнү убактылуу токтотуу менен иштен (кызматтан) бошотуудан улам кызматкер иштебеген;

- мезгилдүү медициналык текшерүүнү жүргүзгөн, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарынын стационарына жаткыруу менен жүргүзгөн;

- өндүрүштөн ажыратпастан орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окууга байланыштуу кошумча өргүү;

- аскердик же окуу жыйындарында;

- иштен укукка жат бошотуу жөнүндө талаштын.

31. Эгерде кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү ушул Жобонун 30-пунктунун жетинчи абзацында көрсөтүлгөн кырдаалдар аяктагандан кийин да улантылса, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул кызматкер ишке киришүүгө тийиш болгон күндөн тартып берилет.

32. Салык органдарында катталбаган жана салык төлөбөгөн иш берүүчүлөр, жеке ишкерлер, ДФЧы кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду бардык жумушчу күндөр үчүн өз каражаттарынын (эмгек акы фондунун же кирешесинин) эсебинен төлөйт.

33. Жөлөкпул кызматкерге иш берүүчү (эмгек китепчеси анда турган) менен эмгек келишими түзүлгөн негизги иштеген жери боюнча дайындалат жана төлөнөт.

34. Кызматкер ишке чыккан күнү эмгекке жарамсыздык баракчасын берет. Эгерде эмгекке убактылуу жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү дагы улантылса, берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы боюнча жөлөкпул төлөнүшү мүмкүн.

Иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасына эмгекке убактылуу жарамсыздык мезгили же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, дем алыш күндөрү жөнүндө, эмгек акы жөнүндө, кызматкердин жалпы иш стажы жөнүндө жана башка маалыматтарды белгилерди жазат, колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрөт.

35. Жөлөкпулдар эмгек акы менен бир учурда жана ошол эле мөөнөттө төлөнөт. Кызматкер дарылануу үчүн кургак учук санаторийине жиберилген учурда жөлөкпулдар ушундай эле тартипте төлөнөт.

36. Кызматкер каза тапкан күнгө карата алынган жөлөкпулдар аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле каза тапкан адамдын багуусунда болгон адамдарга бул мамилелерди тастыктаган документтерди көрсөткөндө берилет.

37. Жөлөкпулдар ишеним кат боюнча же кызматкерлердин арызы боюнча төлөнүшү, банкка которулушу же байланыш филиалдары (анын ичинде убактылуу жашаган жери боюнча да) кайра жөнөтүлүшү мүмкүн.

38. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду жөнөтүү боюнча чыгымдар жөлөкпулдун суммасынын эсебинен төлөнөт.

39. Эмгекке жарамсыздык баракчалары (төлөнгөн жана төлөнбөй турган) жана жөлөкпулдарды төлөө үчүн сунуш кылынган бардык башка документтер (маалымкаттар, актылар жана башкалар) ишкананын, уюмдун жана мекеменин бухгалтериясында бардык башка документтерден өзүнчө сакталат.

40. Жөлөкпул алууга укук берген иш стажын аныктоо үчүн негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат. Эмгек китепчеси жок болгондо, ошондой эле эмгек китепчесинде иш стажын аныктаган 2003-жылдын июлуна чейинки зарыл жазуулар жок болгон учурларда иш стажын ырастоо үчүн маалымкаттар, буйруктардын көчүрмөлөрү, жазуу жүзүндөгү эмгектик жана жарандык-укуктук келишимдер жана аларды аткаргандыгы жөнүндө белгилери бар макулдашуулар жана иштин мезгилдери жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер кабыл алынат.

41. Жалпы иш стажына төмөнкүдөй мезгилдер киргизилет:

- эмгек китепчесинде көрсөтүлгөн эмгек иши;

- эгерде кызматкерлер жогорку же орто окуу жайына киргенге чейин иштеген болсо, алардын окуу жайлардагы окуусу;

- коргоо, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздуктун, чек ара кызматынын, мамлекеттик күзөттүн, өзгөчө кырдаалдардын, жазаны аткаруунун, атайын байланыштын, финансылык полициянын, бажы органдарынын системасындагы кызмат;

- иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде болгон адамдардын баланы багуу боюнча өргүүдө болушу.

 

3. Жөлөкпулдардын өлчөмдөрү

 

42. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөө бардык иш күндөрү үчүн иш берүүчүнүн өз каражаттарынын (эмгек акы фондунун же кирешесинин) эсебинен төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

1) Эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө төмөнкүлөргө:

- эмгек акысы (же кирешеси) айына 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдарга;

- эмгектеги майыптыгынын же кесиптик оорунун натыйжасында ооруган адамдарга (анын ичинде бул оорулар күчөп же өтүшүп кеткенде);

- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу иштеген жана жашаган адамдарга;

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына;

- СССРди коргоо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин жана кызматтык милдеттерди аткаруу учурундагы, ошондой эле Афганстанда же согуш аракеттери жүрүп жаткан башка мамлекеттерде аскердик кызматты өтөө учурундагы жараттын же контузиянын, майыптыктын же оорунун айынан майып болгон адамдарга;

- башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышкан адамдарга;

- Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюу иштерине ажыратуу зонасынын чегинде же ушул кыйроонун башка жумуштарына 1986-1989-жылдары катышкан адамдарга;

- нур оорусу менен ооруган адамдарга;

- канды жана анын компоненттерин дайыма акысыз тапшырган донорлорго (эркектер - жылына кеминде төрт жолу, аялдар - жылына кеминде үч жолу) канды жана анын компоненттерин акыркы жолу бергенден кийинки он эки ай бою;

- залалдуу шишик менен ооруган адамдарга;

- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамдарга;

- I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган адамдарга, Советтер Союзунун баатырларына, Социалисттик Эмгектин баатырларына, үч даражадагы Даңк орденинин жана үч даражадагы Эмгек Даңкы орденинин кавалерлерине;

- "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелерге.

2) Жогоруда көрсөтүлгөн категорияга кирбеген адамдарга алгачкы он жумуш күнү үчүн жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө берилет:

- 5 жылга чейинки жалпы иш стажы бар кызматкерлерге орточо эмгек акынын өлчөмүнүн 60 пайызы;

- 5 жылдан 8 жылга чейинки жалпы иш стажы бар кызматкерлерге орточо эмгек акынын өлчөмүнүн 80 пайызы;

- 8 жыл жана андан ашык жалпы иш стажы бар кызматкерлерге орточо эмгек акынын өлчөмүнүн 100 пайызы.

Он биринчи жумушчу күндөн тартып айына 50 эсептик көрсөткүч эсебинде.

3) (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)

43. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле үч айга чейинки курактагы баланы асырап алгандагы жөлөкпул төмөндөгүдөй тартипте төлөнөт:

- алгачкы он жумуш күнү үчүн айына эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө иш берүүчүнүн өзүнүн каражатынын эсебинен (кирешенин же эмгек акы фондунун эсебинен), он биринчи жумуш күндөн тартып 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу жашаган жана иштеген адамдарга эмгек акынын (кирешенин) 100 пайызы өлчөмүндө бардык жумушчу күндөр үчүн.

44. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан төмөнкүлөргө дайындалат жана төлөнөт:

- жумушсуздун расмий статусу бар, иш менен камсыз кылуу кызматында эсепте турган адамдарга бардык жумушчу күндөр үчүн;

- юридикалык жакты түзбөстөн патенттин негизинде же салык контрактынын негизинде иштеген жеке ишкерлерге он биринчи жумушчу күндөн тартып;

- юридикалык жакты түзбөгөн, анын ичинде жер үлүшүн ижарага тапшырган ДФЧнын мүчөлөрүнө он биринчи жумушчу күндөн тартып.

ДФЧга мүчө болгон, бир региондон башкасына көчкөн аялдар, эгерде ал жер участкасына жеке менчикке ээ болсо жана мурдагы жашаган жери боюнча жер салыгын төлөсө, жаңы жашаган жери боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)

45. Ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда туруктуу жашаган жана иштеген адамдарга үстөк акылардын коэффициенттери жөлөкпулдун жалпы өлчөмүнө белгиленет.

46. Эгерде бул иш берүүчү кабыл алган кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен иш берүүчүнүн ортосундагы жамааттык келишимде айтылган болсо, жөлөкпулдардын өлчөмдөрү иш берүүчүнүн өз каражаттарынын эсебинен көбөйтүлүшү мүмкүн.

Эмгек мыйзамдарында белгиленген кызматкерлердин укуктарынын жана кепилдиктеринин деңгээлин төмөндөткөн шарттар жамааттык келишимге, макулдашууга же эмгек келишимине киргизилбейт.

 

4. Жөлөкпулдарды эсептөө

 

47. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар алгачкы он жумушчу күн үчүн кызматкердин негизги иштеген жери боюнча анын иш жүзүндөгү эмгек акысынан (кирешесинен) эсептелет.

Жөлөкпул эсептелген иш жүзүндөгү эмгек акынын суммасына эмгек акынын бардык түрлөрү, анын ичинде салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү кармаганга чейин эсептелген бош турган учур үчүн акы киргизилет.

Бийик тоолуу шарттардагы жана алыскы зоналардагы, анын ичинде киреше салыгы алынбай турган кен казып алуучу ишканалардагы иш үчүн белгиленген кызматкерлердин эмгек акысына үстөк акылар жана райондук коэффициент жөлөкпулдарды эсептөө үчүн эмгек акыны эсептөө учурунда эске алынат.

48. Эгерде жергиликтүү ченемдик актыда же жамааттык келишимде башкасы каралбаса, эмгекке убактылуу жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү мезгилинде болуп өткөн эмгек акыга өзгөртүүлөр жөлөкпулду эсептөө учурунда эске алынбайт.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)

49. Эмгек акы системасында, сыйлоо жөнүндө жоболордо, жамааттык келишимдерде каралган, эсептешүү мезгилинде эсептелген сыйлык акылар (негизги эмгек акы, үстөк акылар, кошумча акылар, сыйлыктар) жөлөкпулдарды эсептөө үчүн орточо эмгек акыны эсептөө учурунда эске алынат.

1) Орточо эмгек акыны эсептөө учурунда сыйлык акылар алар эсептелген айдын эмгек акысына кошулат, башкача айтканда, эмгек акыга эсептик ведомостко ылайык кириштелет.

2) Эсептен кызматкердин эмгекке убактылуу жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, ар жылдагы жана кошумча акы төлөнүүчү өргүүдө болушу, ошондой эле ушул Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн себептер менен байланышкан иш мезгилдери чыгарылат.

50. Эмгек акыга кирүүчү кошумча акылардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Эмгек акыга кирүүчү кошумча акылардын тизмесин бекитүү жөнүндө" 1999-жылдын 26-июлундагы № 408 токтому менен бекитилген.

51. Бир жыл үчүн иштин жыйынтыктары боюнча сыйлык акы (он үчүнчү эмгек акы) жана иштеген жылдары (иш стажы) үчүн бир жылда эсептелген бир жолу берилүүчү сыйлык акы орточо эмгек акыны эсептөө учурунда 1/12 өлчөмүндө, ал эми кварталдык сыйлыкты эсептөөдө эсептөө убактысына карабастан эсептик мезгилдин ар бир айы үчүн 1/3 өлчөмүндө эсепке алынат.

Эгерде кызматкер эсептик мезгилде кызматкер толук эмес жумушчу ай иштеген болсо, жөлөкпулду эсептөө учурунда он үчүнчү эмгек акы иш жүзүндө иштелген убакытка пропорциялуу орточо эмгек акыны эсептөө үчүн эске алынат.

52. Эгерде кызматкерде кош бойлуулук жана төрөт боюнча эмгекке убактылуу жарамсыздык кварталдын жыйынтыктары боюнча эсептелген жана берилген сыйлык акыдан же он үчүнчү эмгек акыдан кийинки мезгилде келип чыккан болсо, бул сыйлык акылар тиешелүү мезгил (ай же квартал) үчүн жөлөкпулду эсептөө үчүн иш жүзүндөгү эмгек акынын (кирешенин) эсебине кошулат. Буга байланыштуу кварталдык сыйлык акыны же он үчүнчү эмгек акыны эске албастан төлөнгөн бардык жумушчу күндөр үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул жана алгачкы он жумушчу күн үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар кайра эсептелүүгө тийиш.

Республикалык бюджеттин каражаттарынан кош бойлуулук жана төрөт боюнча он биринчи жумушчу күндөн тартып төлөнүүчү жөлөкпул кайра эсептелүүгө тийиш эмес. Жумуш берүүчү төлөмдөрдүн айырмасын өздүк каражаттардын эсебинен төлөөгө укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700, 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

53. Кызматкерде үч же андан ашык айдын ичинде толук эмгек акы жок болгон учурда жөлөкпул кызмат орундарынын тизмесинде же эмгек келишиминде белгиленген кызматтык айлык акыдан (ставкадан) эсептелет.

54. Эгерде кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү келип чыгаар алдында үч ай бою толук эмес эмгек акы алган болсо, анда жөлөкпул иштеп берилген жумуш күндөрү үчүн иш жүзүндө эсептелген эмгек акыдан эсептелет.

55. Балдар бир жарым жылга же үч жылга чейин аларды багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге, алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кайталап (анын ичинде эки жолудан ашык, бирок жалпысынан алты жылдан ашык) кеткен учурда, алгачкы он жумушчу күн үчүн жөлөкпул штаттык кызмат орундарында белгиленген кызматтык айлык акыдан (ставкадан), он биринчи күндөн жумушчу күндөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүчтөн эсептелет.

Бала бир жарым жашка же үч жашка (жалпысынан алты жылдан ашык) чыкканга чейин аны багуу боюнча өргүүдө болгон кызматкерлерге алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча кайталап өргүүгө кеткенде жөлөкпул ишке чыкканда жана кеминде бир ай иштегенде төлөнөт.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

56. Эгерде баланы багуу боюнча өргүүдөн же эмгек акыны сактабастан өргүүдөн чыккандан кийин эмгектик милдеттерин аткарууга киришкен кызматкер үч айдан аз иштеген болсо, алгачкы он жумушчу күн үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү боюнча жөлөкпул - иш жүзүндө эсептелген эмгек акыдан жана иштелген жумуш күндөрүнөн, он биринчи жумушчу күндөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүчтөн эсептелет.

57. Жөлөкпулду эсептөө учурунда орточо эмгек акыны эсептөө үчүн төмөнкүлөр эске алынбайт:

- эмгек акы системасына кирбеген бир жолку мүнөздөгү төлөмдөр (бир жолку сыйлык акылар, пайдаланылбаган өргүү үчүн компенсация, чыгуу жөлөкпулу, саламаттык сактоо үчүн жөлөкпул, бош турган убакыт үчүн компенсация);

- башка уюмда, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча айкалыштыруу боюнча иш үчүн акы;

- кызматкердин кызматтык (функциялык) милдеттерине кирбеген иш үчүн акы;

- акы төлөнүүчү ар жылдагы негизги жана кошумча өргүүдө болгон учурда төлөнүүчү орточо эмгек акынын суммасы.

Акы төлөнүүчү ар жылдагы негизги жана кошумча өргүүлөрдө жүргөн учурда төлөнгөн орточо эмгек акынын суммасы эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөө үчүн эсепке киргизилбейт, анткени ар жылдагы өргүү убактысы үчүн эмгек акы жана анын иш орду эсептелбейт, бирок сакталат. Буга байланыштуу жөлөкпулдарды эсептөө үчүн өргүүнүн алдындагы үч ай үчүн орточо айлык эмгек акы эсептелет, буга кызматкер акы төлөнүүчү ар жылдагы өргүүдө жүргөн ай кирбейт.

58. Убактылуу (бир айлык акы, күндүк же сааттык ставка) жана иштегенине жараша (иштеп берүү, же эгерде жумуш убактысын эсепке алуу мүмкүн болбосо) эмгек акысы бар кызматкерлерге жөлөкпулду эсептөө үчүн туруктуу кошумча акыларды жана убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү келип чыгаар алдында алынган, үч айлык иш мезгили үчүн кошумча акыларды жана үстөк акыларды эске алуу менен эмгек акы эсепке алынат.

59. Жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо бир күндүк эмгек акы ушул Жобонун 58-пунктунда көрсөтүлгөн эмгек акыны эсепке алынган (иштелген) үч айдын иш жүзүндө иштелген жумуш күндөрүнүн (жумуш күндөрү) санына бөлүү менен аныкталат.

Жөлөкпулдун суммасы бир күндүк орточо эмгек акыны убактылуу эмгекке жарамсыздык же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү убагындагы жумуш күндөрүнүн санына ай сайын көбөйтүү менен аныкталат, мында ушул Жобонун 42-, 43- жана 44-пункттарынын ченемдери колдонулат.

60. Кызматкерлердин айрым категорияларына убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөлөкпул же кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калган күнгө чейинки же кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кетээр алдындагы акыркы үч ай ичиндеги иш жүзүндөгү эмгек акыдан кошумча төлөөлөрдү эске алуу менен эсептелет.

1) Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине жөлөкпул негизги иштеген жери боюнча иш жүзүндөгү эмгек акысынан эсептелет.

2) Мектепке чейинки, мектептен тышкары билим берүү уюмдарында, башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында иштеген педагогикалык кызматкерлерге жөлөкпул эсептөө үчүн бир уюмда иштин бардык түрү боюнча иш жүзүндөгү педагогикалык иштери үчүн алган эмгек акысынын өлчөмү эсепке алынат.

3) Мектепке чейинки, мектептен тышкары билим берүү уюмдарынын, башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын Жобонун ушул пунктчасында көрсөтүлгөн, бир эле учурда ошол эле уюмда окутуучулук же башка педагогикалык иштерди аткарган жетекчилерине жана башка кызматкерлерине жөлөкпул сааттарын (окутуучулук, педагогикалык иш) кошуу менен эмгек акысынын өлчөмүнөн эсептелет.

4) Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ректорлоруна, проректорлоруна, кафедра башчыларына, окуу бөлүмдөрүнүн башчыларына, профессордук-окутуучулук курамына жана жетектөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналына кирген башка кызматкерлерине жөлөкпул бир уюмдагы иш жүзүндөгү эмгек акысынан эсептелет.

5) Саламаттык сактоонун дарылоочу-алдын алуучу жана санитардык-эпидемиологиялык уюмдарынын жана дарыканалардын, социалдык камсыз кылуу мекемелеринин, балдар үйлөрүнүн, жетим балдар, акыл-эси жана дене-түзүлүшүндө кемчилиги бар балдар үчүн жатак мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын, МСЭКтин, соттук-медициналык экспертизанын медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерине, ошондой эле Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай кайрымдуулук коомдорунун медициналык айымдарына иштин бардык түрү боюнча бир уюмдагы иш жүзүндөгү иштери үчүн алган эмгек акысынан эсептелет.

6) Эмгек акысына автордук (оюн коюу) сыйлык акы кошулуучу же эмгек акысы автордук (оюн коюу) сыйлыктын ставкасы (баасы) боюнча берилүүчү жазуучуларга, сүрөтчүлөргө, газета жана журналдардын, басмаканалардын, радио жана телекөрсөтүүнүн редакцияларынын, башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин чыгармачыл кызматкерлерине эмгек акыга убактылуу эмгекке жарамсыздыгы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар автордук (оюн коюу) сыйлыгынан ишти эске алуу менен иш жүзүндөгү эмгек акысынын өлчөмүнөн эсептелет.

7) Белгилүү бир норманы аткарганда кызматтык маяна (ставка) алуучу кызматкерлерге (артисттер жана башкалар) жөлөкпул алардын убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүнүн алдындагы айдын биринчи күнүнө карата акыркы үч календардык айдын эмгек акысынан эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)

 61. 60-пунктта көрсөтүлгөн кызматкерлерге жөлөкпул эсептөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акынын жана жөлөкпулдун жалпы суммасы бул Жобонун 59-пунктуна ылайык эсептелет.

62. Вахталык ыкма боюнча иштеген адамдарга эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 6 күндүк иш жумасы режиминде иштеген катары эсептелет.

63. Эгерде кызматкер алты күндүк иш жумасы режиминде иштесе, анда эсептөө үчүн эмгекке убактылуу жарамсыздык болор алдындагы үч ай үчүн иш жүзүндө иштеген (жумасына 6 жумушчу күн) күндөр эске алынат.

64. Негизги иш ордун сактоо менен ишти аткаруу үчүн башка ишканага убактылуу которулган кызматкерге бул мезгил үчүн жөлөкпул аткарылуучу иш үчүн эсептелген эмгек акыдан жалпы негиздерде эсептелет.

65. Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул бул Жобонун 42жана 58-пункттарына ылайык төмөнкүлөргө эсептелет:

- иштеп жаткан пенсионерлерге;

- чоң кишилерди кошумча кесиптик билим алуу (кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу) үчүн иш берүүчү (эмгек акысын сактоо менен өндүрүштөн ажыратуу менен) жөнөткөн иштеген адамдарга окутуу мезгилине анын эмгек акысын эске алуу менен (стипендиясын эске албастан);

- өндүрүштүк практиканын мезгилинде акы төлөнүүчү жумуш орундарына же кызматтарга киргизилген жогорку, орто кесиптик окуу жайдын студенттерине, окуучуларына - практика бүткөнгө чейинки убакытка;

- студенттик отряддардын мүчөлөрүнө жөлөкпул отрядда белгиленген эмгек акысынан эсептелет жана иштеген жеринен берилет;

- ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда альтернативдүү аскердик кызмат өтөгөн адамдарга.

66. Юридикалык жакты түзбөстөн патенттин же салык контрактынын негизинде иштеген жеке ишкерлердин алгачкы он күнү үчүн эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөө үчүн эмгек акы төмөнкүдөй тартипте аныкталат.

1) Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү эмгекке убактылуу жарамсыздык пайда болгонго чейинки бир ай үчүн патенттин наркы же календарлык жыл үчүн салык контрактында көрсөтүлгөн салыктын өлчөмүнүн 1/12ин түзөт. Орточо айлык эмгек акыны эмгекке жарамсыздык айындагы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдөгү жумушчу күндөрдүн санына бөлүү менен бир күндүк орточо эмгек акы аныкталат, андан жөлөкпул эсептелет.

2) Жөлөкпулдун суммасы бир күндүк орточо эмгек акыны эмгекке жарамсыздык мезгилиндеги кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдөгү жумушчу күндөрдүн санына көбөйтүү менен аныкталат. Мында жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо эмгек акынын өлчөмү ушул Жобонун 42- жана 43-пункттарында каралган чектөөлөрдөн жогору болбойт.

3) Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун суммасы он биринчи жумушчу күндөн тартып ушул Жобонун 43- жана 44-пункттарына ылайык эсептелет.

67. Айыл чарба ишканаларында эмгекке убактылуу жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар эмгек келишимдерин түзгөн кызматкерлерге төлөнөт. Мындай учурда жөлөкпулду эсептөө үчүн змгек акы ушул Жобонун 58- жана 59-пункттарына ылайык аныкталат.

1) Эгерде айыл чарба иштеринин айрым мезгилдеринде кызматкер ишти аткарбаган болсо, бул мезгилдерге жөлөкпул төлөө каралбайт.

2) Эгерде эмгекке убактылуу жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү айыл чарба иштеринин ар башка мезгилдерине туура келсе, жөлөкпул ушул Жобонун 69-пунктуна ылайык эсептелет.

68. Юридикалык жакты түзүү менен иш жүргүзгөн ДФЧнын кызматкерлеринин орточо бир күндүк эмгек акысы, ошондой эле жөлөкпулунун суммасы ушул Жобонун 58- жана 59-пункттарына ылайык эсептелет.

69. Эгерде иштин шарттары боюнча жылдын айрым мезгилинин (сезонунун) ичинде эмгекке ар кандай акы төлөө белгиленсе, жөлөкпул үстүдөгү жылдын эмгек акынын суммасы алда канча жогору болгон башка сезонундагы иштин убактысы үчүн кызматкерге эсептелген эмгек акынын суммасынан эсептелет.

70. ДФЧнын мүчөлөрү үчүн алгачкы он жумушчу күн үчүн эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акы анын эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир мүчөсүнө эсептелет. Өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзгөн, ошондой эле жер үлүшүн ижарага берген ДФЧнын мүчөлөрүнүн (мурунку жыл үчүн төлөнгөн) жер салыгынын жылдык суммасы эмгек акынын жалпы жылдык фондун түзөт.

1) ДФЧнын жашы жеткен эмгекке жарамдуу мүчөлөрүнө жана 12 айга бөлүнгөн эмгек акынын жалпы жылдык фонду ДФЧнын мүчөсүнө орточо айлык эмгек акыны түзөт.

2) Андан жөлөкпул эсептеле турган орточо күндүк эмгек акы ДФЧнын эмгекке жарамдуу мүчөсүнүн орточо айлык эмгек акысын бир айдагы, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдөгү жумушчу күндөрдүн санына бөлүү менен жолу менен аныкталат. Мында жөлөкпул эсептөө үчүн эмгек акынын өлчөмү айына 5 эсептик көрсөткүчтөн аз жана ушул Жобонун 42-43-пункттарында каралган чектөөлөрдөн жогору болушу мүмкүн эмес.

3) Он биринчи жумушчу күндөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун суммасы ушул Жобонун 43- жана 44-пункттарына ылайык эсептелет.

71. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөө учурунда жумушсуздун орточо айлык эмгек акысы айына 10 эсептик көрсөткүчтү түзөт.

1) Жөлөкпул эсептеле турган орточо күндүк эмгек акы эмгек акынын орточо айлык өлчөмүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн айындагы жумуш күндөрүнүн санына бөлүү аркылуу аныкталат.

2) Жөлөкпулдун суммасы ушул Жобонун 43-, 44- жана 45-пункттарынын ченемдерин колдонуу менен орточо күндүк эмгек акыны кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн мезгилиндеги жумуш күндөрүнүн санына көбөйтүү аркылуу ай сайын аныкталат.

72. Түзөтүү иштерине, эркинен ажыратуу менен соттолгон эмгектенген адамдарга жөлөкпул бул Жобонун 42-, 43- жана 58-пункттарына ылайык берилет.

Көрсөтүлгөн адамдарга жөлөкпул соттун өкүмү менен белгиленген кармап калууну алып салуу менен эмгек акысынан эсептелет.

73. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду эсептөө суммаларды тегеректөө менен жүргүзүлөт. Жөлөкпулдун жыйынды (жалпы) өлчөмүн эсептөө учурунда, эгерде тыйын калдыгынын суммасы 1 тыйындан 50 тыйынга чейинкини түзсө, анда тыйын калдыгынын чоңдугу нөл болот, эгерде тыйын калдыгынын суммасы 50 тыйындан 90 тыйынга чейинкини түзсө, анда 1 сомго чейин тегеректелет.

 

5. Жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө үчүн жоопкерчилик жана ага контролдук кылуу

 

74. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды туура дайындоо, эсептөө, аларды өз учурунда төлөө жана бул максаттарга каражаттарды чыгымдоо үчүн жоопкерчиликти иш берүүчү тартат, ал эми коомдук контролдук кылуу кызматкерлердин кесиптик бирликтерине же башка өкүлчүлүктүү органдарына (мындан ары - кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы) жүктөлөт.

75. Жөлөкпулдардын кызматкерлерге ашыкча төлөнгөн суммалары төмөнкүдөй учурларда өндүрүп алынат:

- эгерде ашык төлөө кызматкер тарабынан эсептик жаңылуудан же жаман ниет менен (документтерди оңдоп койгондо, жазууларды кырып өчүргөндө ж.б.) жасалганда;

- кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү аяктагандан кийин кызматкер жумушка чыкканда.

76. Ушул Жобонун 75-пунктунда көрсөтүлгөн себептер боюнча ашыкча төлөөнү кайра кайтаруу жөнүндө иш берүүчүнүн же социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими жөлөкпул дайындалган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен чыгарылышы мүмкүн, ал эми кыянаттык кылуунун натыйжасында - мөөнөтү чектелбейт.

1) Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү аяктаганга чейин кызматкер мөөнөтүнөн мурда ишке чыккан учурда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун отчет боюнча которулган (кайра кайтарылган) суммалары иш берүүчү тарабынан социалдык өнүгүү башкармалыгынын эсептешүү эсебине кайтарылат.

2) Эгерде кызматкер тиешелүү ишканада, уюмда, мекемеде иштебесе, жөлөкпулдардын ашыкча төлөнгөн суммалары сот тартибинде өндүрүп алынат.

77. Иш берүүчүнүн пикирине макул болбогон учурда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы келип чыккан суроону чечүү үчүн эмгек боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кайрылат.

78. Кармап калуу төлөнүүчү сумманын өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпаган өлчөмүндө кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын чечиминин негизинде ишкананын, уюмдун жана мекеменин эсептешүү бөлүгү (кассасы) аркылуу жүргүзүлөт.

79. Колдонуудагы эрежелерди бузуу менен жүргүзүлгөн жана республикалык бюджетке зыян келтирген жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдар эсепке кабыл алынбайт жана иш берүүчүнүн өз каражаттарынын эсебине кирет.

Жөлөкпулдарды төлөөгө каражаттарды негизсиз эсептен чыгарууга жол берген, ошондой эле жөлөкпулдарды дайындоо учурунда кыянаттык үчүн күнөөлүү адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чаралары колдонулат.

80. Эгерде жөлөкпулдарды дайындоо учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилсе же төлөөгө сунуш кылынган документтер туура эмес толтурулса:

- иш берүүчү менен кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы тарабынан бирдиктүү чечим кабыл алынат, ал протокол түрүндө таризделет;

- эмгек боюнча же социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан чечим акт түрүндө таризделет.

81. Эмгекке жарамсыздык баракчасын берүүнүн негиздүүлүгүн текшерүүнү - саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ал эми өндүрүштүк зарылчылык менен байланышкан кырдаалдарды аныктоону талап кылган айрым учурларда комиссиялар жүзөгө ашырат, алар врачтардын же саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусу менен иш берүүчүлөр тарабынан түзүлөт.

1) Эмгекке жарамсыздык баракчасын негизсиз жана туура эмес берүү үчүн жоопкерчиликти врачтар жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тартат.

2) Негизсиз же мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен берилген эмгекке жарамсыздык баракчаларын акы төлөөгө берилген учурда жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу күнөөлүү адамдардын эсебинен жүргүзүлөт.

82. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө иш берүүчүлөрдүн чыгымдарын өз учурунда каржылоо (ордун толтуруу) үчүн жоопкерчиликти социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана социалдык өнүгүү башкармалыктары тартат.

83. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоонун, төлөөнүн тууралыгына жана создуктурууга эмгек боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук кылат.

84. Иштеген адамдар дайындоонун жана төлөөнүн шарттарына, создуктурууга, каржылоого, кайчы текшерүүнү жүргүзүүгө макул болбогон учурда эмгек боюнча жана социалдык өнүгүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча иш берүүчү контролдоо үчүн төмөнкүлөр боюнча документтерди беришет:

- эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпулдар;

- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;

- эмгек акы;

- эсептик-кассалык операциялар;

- жумуш убактысын эсепке алуу табелдери;

- буйруктар;

- эмгек келишимдери.

85. Эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун туура эмес дайындалышына, дайындалган жөлөкпулду иш берүүчү төлөшүнө же создуктурушуна адамдардын кайрылуулары эмгек боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органына берилет.

86. Жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө учурунда келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилет.