Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 

 КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2011-жылдын
11-ноябрындагы № 727 токтому
менен бекитилген

Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө
ЖОБО

 

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700, 2014-жылдын 4-февралындагы № 73, 2014-жылдын 4-и.нундагы № 308
 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Бул Жобо адамдарга расымдык кызмат көрсөтүүнү компенсациялоо учурунда социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана сөөк коюуга жөлөкпулдарды дайындоо, төлөө тартиби, каржылоо өлчөмдөрү жана булактары каралган.

2. Бул Жобонун 1-пунктунда каралган жөлөкпул Кыргыз Республикасында жашаган жана иштеген адамдардын төмөнкү категориялары каза болгон учурларда дайындалат:

- иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдарга (мындан ары - кызматкерге) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- жеке ишкерлик кылган адамдарга (мындан ары - жеке ишкер) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- дыйкан (фермер) чарбасынын (мындан ары - ДФЧ) мүчөсүнө - ДФЧ башчысына он сегизге чыккан жана андан улуу мүчөсүнө же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турган, жумушсуз деген расмий статусу бар адамдарга (мындан ары жумушсуз) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө;

- социалдык жөлөкпул алган адамдарга;

- иштебеген, ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турбаган адамдарга (мындан ары - жумушсуз адам);

- пенсионерге же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө.

3. Салык төлөгөн же салыкты мурда төлөп койгон жеке ишкер адамдар, ДФЧнын мүчөлөрү, ошондой эле алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт.

4. Каза болгон адамдын багуусунда турган же каза болгон күнгө карата андан каражат алганга укугу бар жумушсуз адамдар деп төмөнкүлөр эсептелишет:

- эресеге жете элек балдар, анын ичинде жаңы төрөлгөн эмчектеги ымыркайлар (асырап алган балдар, өгөй уул жана өгөй кыздар), ошондой эле окутуунун күндүзгү формасы боюнча билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги билим берүү уюмдарында окуган он сегиз жаштагы жана андан өткөн, бирок жыйырма үч жаштан ашпаган курактагы окуучулар;

- он сегиз жашка чыга элек эже-сиңдилер, ага-инилер, неберелер, эгерде алардын жумушка жарамдуу ата-энелери жок болсо;

- эгерде адам каза болгон учурда ата-энеси, күйөөсү, аялы пенсия курагына жеткен болсо же ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп эсептелишсе.

Каза болгон багуучунун багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрү деп, эгерде алар анын толук багуусунда турушкан болсо (эгерде каза болгон адамдын таап берген каражаты бул адамдар үчүн жашап туруунун негизги жана туруктуу булагы болуп эсептелген болсо) таанылышат.

Жашы жете элек балдардын багууда турушу болжолдуу айтылат жана далилди талап кылбайт.

5. Эмгек акыга кошумча коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда, райондордо жашаган жана иштеген адамдар үчүн сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт.

6. Калкка социалдык жактан колдоо көрсөтүүнү жакшыртуу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен сөөк коюуга кошумча төлөмдөр (жөлөкпулдар) белгилениши мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Бул Жобо төмөнкүлөргө таркатылбайт:

- коргоо, улуттук коопсуздук, чек ара кызматы, жазаларды аткаруу, чукул кырдаалдар системаларынын курман болгон аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органынын, финансы полициясынын, бажы органдарынын кызматкерлерине, буга аталган күч ведомстволордун эркин жалданган адамдары кирбейт;

- жумуш милдеттерин аткаруу учурунда жаракат алганга, кесиптик ооруга чалдыкканга же ден соолугунун башкача бузулушуна байланыштуу каза болгон кызматкерлер. Эмгек мыйзамына ылайык жабырлануучунун каза болушуна алып келген зыянга жооптуу иш берүүчү анын сөөгүн коюуга кеткен зарыл чыгымдардын ордун жабууга милдеттүү. Чыгымдардын өлчөмү тараптардын же соттун макулдугу боюнча аныкталат;

- дайынсыз жок деп таанылган жана сот тараптан каза болгон деп жарыяланган адамдар;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттерди (КМШ) кошо алганда чет өлкөдө жашаган жана иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын каза болгон адамдары, эмгек мигранттары.

 

2. Жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби

 

8. Менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин, жеке ишкерлердин, ДФЧнын (мындан ары - иш берүүчүлөрдүн) өздүк каражаттары сөөк коюуга жөлөкпул төлөөнүн булагы болуп эсептелет.

9. Кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учур боюнча сөөк коюуга жөлөкпул эмгек келишими түзүлгөн каза болгон адамдын негизги жумуш орду боюнча (эмгек китепчеси анда турган) иш берүүчү тарабынан дайындалат жана төлөнөт.

Ошону менен бирге эле калкты социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына (мындан ары - социалдык өнүгүү башкармалыктары) отчет бергенден кийин жөлөкпулдардын суммасы иш берүүчүлөргө республикалык бюджеттин каражаттарынан кайтарылат.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Жөлөкпул алуучулар болуп туугандык даражасына карабастан, чындыгында сөөктү койгонун тастыктаган документтерди көрсөткөн үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же башка адамдар (мындан ары - арыз берүүчү) эсептелишет.

11. Бир нече негиздер боюнча сөөк коюуга жөлөкпул алганга укуктуу адамдарга (арыз берүүчүлөргө) алардын тандоосу боюнча бирөө төлөнөт.

Иштеген эки багуучусу (атасы жана энеси) каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпул алардын тандоосу боюнча бирөөнүн иш ордунан төлөнөт.

12. Кайрылганга эки жумадан ашпаган мөөнөттө, бирок каза болгондук тууралу маалымкат алты айдан ашпаган убакытта берилген учурда жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт.

1) Жөлөкпул төлөөдө доонун эскириши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган мөөнөткө ылайык белгиленет.

2) Алты ай өткөндө же башка талаш маселелер келип чыккан учурда, ошондой эле кайта алынган маалымкатты (дубликат) же каза болгондук тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн бергенде, жөлөкпул төлөө каржылаган органдардын (социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, пенсиялык социалдык камсыздандыруу органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) чечими боюнча жөндүү себептери бар бөтөнчө учурларда (катуу ооруганда, алсыз абалда калганда, өзгөчө кырдаалдарда, бөөдө кырсыктарда, маалымкат кечиктирилип берилгенде, соттук териштирүүлөрдө, опекундук же камкордукка алууда, жашаган жерин алмаштырганда) жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

13. Адам каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпул дайындоо жана төлөө социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкүлөр үчүн жүргүзүлөт:

- ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдарда каттоодо турган, жумушсуз адамдар же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү;

- жеке ишкерлер, патенттин же салык контрагынын негизинде иштегендер же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

- юридикалык жакты түзбөгөн ДФЧнын мүчөлөрү, анын ичинде жер үлүшүн ижарага берген же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү.

14. Бир аймактан башкасына көчүп келген ДФЧнын мүчөлөрү үчүн сөөк коюуга жөлөкпул, эгерде ал мурдагы жашаган жери боюнча жер салыгын төлөгөн болсо жана жеке менчигинде жер участогу бар болгон учурда алардын жаңы жашаган жери боюнча төлөнөт.

15. Адам каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпул дайындоо жана төлөө социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан республикалык бюджеттин же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төмөнкүлөр үчүн жүргүзүлөт:

- социалдык жөлөкпул алган адамдар;

- ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдарда каттоодо турбаган, иштебеген адамдар.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

16. Бул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар үчүн жөлөкпул каза болгон адамдын жашаган жери боюнча социалдык өнүгүү башкармалыктары тарабынан чындыгында сөөктү койгон арыз берүүчүгө төлөнөт.

17. Айрым учурларда, эгерде каза болгон адамды коюу Кыргыз Республикасынын башка аймагында жүзөгө ашырылса, анда сөөк коюуга жөлөкпул арыз берүүчүнүн өз каалоосу менен анын жашаган жери боюнча социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан төлөнүшү мүмкүн.

18. Пенсионер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү, ошондой эле жазага тарткан жайларда мөөнөтүн өтөп жүргөн пенсионер каза болгон учур боюнча жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдары (мындан ары - пенсиялык социалдык камсыздандыруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы) тарабынан дайындалат жана төлөнөт.

19. Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын стационардык социалдык мекемелеринде (улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн үй-интернаттарда, психоневрологиялык үй-интернаттарда) жашаган адамдар каза болгон учур боюнча сөөк коюуга жөлөкпул төмөнкүдөй тартипте төлөнөт.

1) Эгерде стационардык социалдык мекемеде жашаган адам пенсия алуучу болуп эсептелсе (курагы боюнча, майыптык боюнча, багуучусунан ажыраган учур боюнча), анда сөөк коюуга жөлөкпул пенсиялык социалдык камсыздандыруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен каза болгон адамдын жашаган жери боюнча иш жүзүндө сөөгүн койгон туугандарына же арыз берүүчүгө төлөнөт.

2) Эгерде пенсионердин сөөгүн коюу стационардык социалдык мекеме тарабынан ишке ашырылган болсо, сөөк коюуга жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынан пенсиялык социалдык камсыздандыруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан социалдык мекемеге төлөнөт (орду жабылат).

3) Тийиштүү документтерди (каза болгондук тууралуу маалымкатты же каза болгондук тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн, сөөк коюулганы жөнүндө актыны тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуу) бергенден кийин пенсиялык социалдык камсыздандыруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы стационардык социалдык мекеменин банкындагы эсептешүү эсебине сөөк коюуга жөлөкпулдун суммасын которот.

20. Эгерде стационардык социалдык мекемеде жашаган адам социалдык жөлөкпул алуучу болуп эсептелген болсо, анда сөөк коюуга жөлөкпул жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каза болгон адамдын туугандарына же анын жашаган жери боюнча чындыгында сөөгүн койгон арыз берүүчүгө республикалык бюджеттин же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

21. Эгерде социалдык жөлөкпул алуучунун сөөгүн коюу республикалык бюджеттен каржылаган стационардык социалдык мекеме тарабынан жүзөгө ашырылган болсо, сөөк коюуну уюштурууга чыгымдардын булагы болуп мекеменин бюджетинин чыгымдар сметасында каралган каражаттар эсептелет.

1) Стационардык социалдык мекемеде жашаган, пенсия же социалдык жөлөкпул алганга укугу жок адамдардын сөөгүн коюу социалдык мекеме тарабынан жүзөгө ашырылат (эгерде каза болгон адамдын сөөгүн туугандары алып кетпесе).

2) Бул максаттарга сарпталган чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынан стационардык социалдык мекеменин бюджетинде (чыгымдар сметасында) алдын-ала каралууга тийиш.

22. Жазага тарткан жайларда мөөнөтүн өтөп жүргөн пенсионердин сөөгүн коюу жазага тарткан мекеме тарабынан жүзөгө ашырылган болсо, бул мекемеге сөөк коюуга жөлөкпул төлөө (ордун жабуу) пенсиялык социалдык камсыздандыруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ушул Жобонун 19-пунктунда каралган тартипте жүргүзүлөт.

23. Каза болгон адамдар категорияларынын сөөгүн коюуга жөлөкпул төлөө үчүн бериле турган негизги документтердин тизмеси:

- сөөк коюуга жөлөкпул төлөө жөнүндө арыз;

- каза болгондук жөнүндө маалымкат (түп нускасы) жана турган аймагына карабастан жарандык абалды мамлекеттик каттоо актылары (ЗАГС) органы тарабынан берилген каза болгондук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын акыркы жашаган жеринен жана анын үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат;

- арыз берүүчүнүн (сөөктү койгон адамдын) жашаган жерин (каттоосун) көрсөтүү менен анын ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;

- каза болгон адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин жана арыз берүүчүнүн фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен чындыгында сөөктү койгон фактыны тастыктаган расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөтү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) маалымкат.

Чет мамлекеттердин тийиштүү органдары, анын ичинде КМШ катышуучу-мамлекеттер тарабынан берилген каза болгондук жөнүндө маалымкаттар Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн коюуга жөлөкпул төлөө үчүн негиз болуп эсептелбейт.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 токтомунун редакциясына ылайык)

24. Айрым категориядагы каза болгон адамдардын сөөгүн коюуга жөлөкпул төлөө үчүн жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге кошумча төмөнкүлөр тиркелет:

- жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү жана салык (ДФЧнын мүчөлөрүнүн же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн сөөгүн коюу учурунда) төлөнүшү жөнүндө маалымкат;

- патенттин көчүрмөсү (патент негизинде иштеген жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн сөөгүн коюу учурунда);

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана салык төлөнүшү жөнүндө салык органдарынан маалымкат (патент негизинде иштеген жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн сөөгүн коюу учурунда);

- каза болгон адамдын эсепте тургандыгы жөнүндө ишке орноштуруу кызматы тарабынан берилген маалымкат (жумушсуз адамдын сөөгүн коюу учурунда);

- социалдык жөлөкпул алганы жөнүндө социалдык өнүгүү башкармалыгынан маалымкат (социалдык жөлөкпул алган адам каза болгон учурда);

- каза болгон адамдын эсепте турбагандыгы жөнүндө ишке орноштуруу кызматы тарабынан берилген маалымкат жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштебеген адамдын сөөгүн коюу учурунда). Эмгек китепчеси жок же жоголгон учурда, анын жок экендигинин себеби жөнүндө түшүнүк кат берилет.

25. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан сөөк коюуга жөлөкпул дайындоо, төлөө жана каржылоо төмөнкү тартипте ишке ашырылат.

1) Социалдык жөлөкпул алган же иштебеген адамдын сөөгүн коюуга жөлөкпул дайындоо жана төлөө үчүн каза болгон адамдын жашаган жери боюнча социалдык коргоо башкармалыгына арыз берүүчү адам керектүү документтерди арызы менен берет.

2) Социалдык өнүгүү башкармалыктары жергиликтүү бюджеттен сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөө үчүн керек суммага табыштама даярдашат жана шаардык финансы бөлүмдөрүнө (башкармалыктарына) өткөрүп беришет.

3) шаарлардын мэриялары сөөк коюуга жөлөкпулдарды социалдык коргоо башкармалыктарына төлөө жөнүндө чечим чыгарышат жана финансы бөлүмдөрүнө (башкармалыктарына) керектүү каражаттарды регионалдык казыналыкта ачылган социалдык коргоо башкармалыктарынын эсептешүү эсебине которууну тапшырышат.

4) Регионалдык казыналык финансы каражаттарды социалдык коргоо башкармалыктарынын эсептешүү эсебине которот.

5) Социалдык өнүгүү башкармалыктары банктагы эсептешүү эсебинен акча каражаттарды алуу менен кассага кириштейт, андан кийин сөөктү койгон арыз берүүчүгө сөөк коюуга жөлөкпул дайындайт жана төлөйт.

6) Адамдардын сөөгүн коюуга каражат социалдык өнүгүү башкармалыктарынын бюджетинде алдын-ала каралган болсо, жөлөкпул төлөө шаарлардын мэрияларынын чыгарган чечимдерисиз эле даректүү социалдык өнүгүүгө багытталган бюджеттин чыгымдар сметасынын беренесинен ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Жөлөкпулдар ишеним кат боюнча же кызматкерлердин арызы боюнча төлөнүшү, банкка которулушу же байланыш филиалдары (анын ичинде убактылуу жашаган жери боюнча да) кайра жөнөтүлүшү мүмкүн.

27. Сөөк коюуга жөлөкпулду жөнөтүү боюнча чыгымдар жөлөкпулдун суммасынын эсебинен төлөнөт.

 

3. Жөлөкпулдун өлчөмү жана каржылоо булактары

 

28. Жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

1) Иштеген адам каза болгон учур боюнча өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн 100% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө;

2) Төмөнкүлөрдүн каза болгон учуру боюнча өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн 50% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө:

- патенттин негизинде же салык келишиминин негизинде иштеген жеке ишкер;

- юридикалык жак болуп түзүлбөгөн ДФЧнын башчысы же эрезеге жеткен мүчөсү;

- ишке орноштуруу кызматында эсепте турган жумушсуз адам;

- иштеген адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

3) каза болгон учур боюнча өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн 20% орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө:

- жеке ишкердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

- ДФЧнын башчысынын же эрезеге жеткен мүчөсүнүн багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;

- жумушсуз адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү.

4) Жобонун бул пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын сөөгүн коюуга жөлөкпулдарды каржылоонун булагы болуп республикалык бюджет эсептелет.

29. Жөлөкпул республикалык бюджеттин же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

социалдык жөлөкпул алган адам кайтыш болгон учурда – 30 эсептик көрсөткүчүнүн;

- иштебеген адам кайтыш болгон учурда - өткөн календарлык жыл үчүн республикада түзүлгөн орточо эмгек акынын 20 пайызы.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700, 2014-жылдын 4-июнундагы № 308 токтомдорунун редакциясына ылайык)

30. Жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

- пенсионер каза болгон учур боюнча пенсиянын он эселенген базалык бөлүгү өлчөмүндө;

- пенсионердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учур боюнча пенсиянын үч эселенген базалык бөлүгү өлчөмүндө.

31. Пенсиянын базалык бөлүгү, кепилденген эң төмөнкү киреше жана орточо айлык эмгек акынын өлчөмү көбөйтүлгөн учурда сөөк коюуга жөлөкпул жаңы өлчөмдө төлөнүшү тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

32. Сөөк коюуга жөлөкпул төлөө үчүн өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акы өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Эгерде өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акы өлчөмү ушул пунктта каралган тартипте белгиленбесе, анда мурда бекитилген орточо айлык эмгек акы өлчөмү колдонулат.

33. Жаңы белгиленген өлчөм боюнча сөөк коюуга жөлөкпул дайындоо жана төлөө төмөнкү учурларда ишке ашырылат:

- өткөн календардык жылда республикада түзүлгөн орточо айлык эмгек акы өлчөмү белгиленсе;

- ченемдик укуктук акт күчүнө киргенден баштап пенсиянын базалык бөлүгү жогорулатылса;

- ченемдик укуктук акт күчүнө киргенден баштап кепилденген эң төмөнкү киреше жогорулатылса.

 

4. Жөлөкпулдардын дайындалышына жана төлөнүшүнө жоопкерчилик жана аны контролдоо

 

34. Иштеген адамдын же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн сөөгүн коюуга жөлөкпулдун туура дайындалышына, алардын өз убагы менен төлөнүшүнө жана бул максаттарда каражаттардын чыгымдалышына иш берүүчү жооптуу болот, ал эми коомдук контроль профсоюзга же кызматкерлердин башка өкүлчүлүк органдарына (мындан ары - кызматкерлердин өкүлчүлүк органы) жүктөлөт.

35. Эгерде ашык төлөө эсептик жаңылуудан же жаман ниет менен кызматкер документтерди оңдоп койсо, жазууларды кырып өчүрсө ж.б. учурларда кызматкерге ашык төлөнгөн жөлөкпулдун суммасы кармалып калат.

36. Эсептик жаңылуунун кесепетинен ашык төлөөнү кайтаруу жөнүндөгү иш берүүчүнүн же социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими жөлөкпул дайындалган күндөн баштап үч айдан кечикпей чыгарылышы мүмкүн, ал эми жаман ниет менен кызматкер документтерди оңдоп койсо, жазууларды кырып өчүрсө - мөөнөт чектелбейт.

Эгерде кызматкер бул ишканада, уюмда, мекемеде иштебей калган болсо, анда ашык төлөнгөн жөлөкпулдардын суммасы сот аркылуу өндүрүлөт.

37. Кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын чечиминин негизинде ишкананын, уюмдун жана мекеменин эсептик бөлүгү (касса) аркылуу төлөнгөн сумманын өлчөмүнөн 20%дан ашпаган өлчөмдө жөлөкпулдарды же эмгек акыларды кийин төлөгөн учурда кармап калуу жүргүзүлөт.

38. Иш берүүчүнүн пикири менен макул болбогон учурда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы пайда болгон суроону чечүү үчүн эмгек боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органына кайрылат жана алардын чечими милдеттүү түрдө аткарыла турган чечим болуп эсептелет.

39. Жөлөкпулдарды төлөө боюнча колдонуудагы эрежелерди бузуу менен жүргүзүлгөн жана республикалык бюджеттин зыян тартышына себепкер болгон чыгымдар чегеримге алынбайт жана иш берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебине таандык болот.

Жөлөкпулдарды төлөөгө каражаттарды негизсиз эсептен чыгарууга жол берген, ошондой эле жөлөкпулдарды дайындоо учурунда жаман ниет менен күнөөлүү болгон адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартуу чаралары колдонулат.

40. Эгерде жөлөкпулду дайындоо учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамынын бузулушуна жол берилген болсо же төлөөгө берилген документтер туура эмес жазылса:

- кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен бирдикте иш берүүчү чечим кабыл алат;

- эмгек боюнча же социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акт түрүндө чечим кабыл алат.

41. Бул Жобонун 13- жана 15-пункттарында көрсөтүлгөн категориялардагы адамдардын сөөгүн коюуга жөлөкпулдардын туура дайындалышына, алардын өз убагында төлөнүшүнө жана каражаттардын бул максатта чыгымдалышына социалдык өнүгүү башкармалыктары жооптуу болушат.

42. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сөөгүн коюуга жөлөкпулдардын өз убагында каржыланышын камсыз кылышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына контролдук кылышат.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

43. Сөөк коюуга жөлөкпулдарды төлөөгө иш берүүчүлөрдүн чыгымдарын өз убагында каржылоого (ордун жабууга) жоопкерчилик ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына жүктөлөт.

44. Пенсионерлердин же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн сөөгүн коюуга жөлөкпулдардын туура дайындалышына, алардын өз убагында төлөнүшүнө жана каражаттардын бул максатта чыгымдалышына жоопкерчилик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.

45. Сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоонун, төлөөнүн тууралыгын жана кечиктирилишин контролдоо төмөнкүлөр үчүн ишке ашырылат:

- иштеген адамдар үчүн - эмгек боюнча ыйгарым укукка ээ мамлекеттик орган тарабынан;

- пенсионерлер жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү үчүн пенсиялык социалдык камсыздандыруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан.

46. Эмгек боюнча жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талап кылуулары боюнча иштеген адамдар жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн, кечиктирип төлөөнүн, каржылоонун, утурлама текшерүү жүргүзүүнүн шарттары менен макул болбогон учурда төмөнкүлөр боюнча документтер контролдоо үчүн берилет:

- сөөк коюуга жөлөкпул боюнча;

- эсептик-кассалык операциялар боюнча;

- буйруктар боюнча;

- эмгек келишимдери боюнча.

47. Сөөк коюуга дайындалган жөлөкпулдун туура эмес дайындалганы, төлөнгөнү же кечиктирип төлөнүшү боюнча адамдардын кайрылуулары эмгек боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарына, пенсиялык социалдык камсыздандыруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)

48. Жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө учурунда келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте чечилет.