Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2012-жылдын 15-марты № 176

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча
мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 8-июнундагы № 383, 2014-жылдын 8-июлундагы № 383, 2015-жылдын 23-апрели № 250,
2016-жылдын 30-ноябрындагы № 639, 2011-жылдын 22-августундагы № 473 , 2017-жылдын 4-июлундагы № 415 , 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 , 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 , 2019-жылдын 30-майындагы № 245 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө болгон чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүүчү жаңы, заманбап, натыйжалуу жана кесипкөй мамлекеттик органды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат, анын иши кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ыкчам-издөө иши, тергөө жана алгач текшерүү жолу менен аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга, ачууга жана тергөөгө багытталган аткаруу бийлигинин укук коргоо органынын статусуна ээ.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы № 493 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) жобосу 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансы полициясында) кызмат өтөө жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) тартиптик уставы 4-тиркемеге ылайык.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

24-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

төмөнкү мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:

 

27-1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы)

260

 

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013 - 2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөрүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) борбордук аппараты Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1 дареги боюнча жайгаштырылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) аймактык бөлүмдөрүн айрым мамлекеттик органдарды өзгөртүлүп түзүүнүн жана жоюунун жүрүшүндө бошогон имараттарга жайгаштырууну камсыз кылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы):

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (финансы полициясына) кызматкерлерди алуу жөнүндө жарыяны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын;

- жоюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарын кабыл алуу жөнүндө маселелерди белгиленген тартипте чечсин;

- бул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов

 

2-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү

боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясынын) башкаруу схемасы

 

 

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 415 токтомунун редакциясына ылайык)

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: 111894-1-1.png

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: 111894-2-2kyr.png

 

 4-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 15-мартындагы
N 176 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын)
ТАРТИПТИК УСТАВЫ

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 , 2019-жылдын 30-майындагы № 245 , 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Тартиптик устав кызматтык тартиптин мазмунун, Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы органдарынын кызматкерлеринин(*) кызматтык тартипти сактоо боюнча милдеттерин, сыйлоонун жана тартиптик айып берүүнүн түрлөрүн, аларды колдонуу боюнча начальниктеринин (командирлеринин) укуктарын, ошондой эле сунуштарды, билдирүүлөрдү, даттанууларды берүү жана аларды кароо тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы органдарынын(**) бардык кызматкерлери ушул Уставдын талаптарын бекем сактоого тийиш.

1-глава. Жалпы жоболор

1. Финансы полициясы органдарындагы тартип - бул бардык кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, Антта, Уставда, ошондой эле начальниктердин буйруктарында белгиленген тартипти жана эрежелерди бекем жана так аткаруусу.

2. Финансы полициясы органдарындагы тартип ар бир кызматкердин жогорку аң-сезимдүүлүгүн жана өзүнүн кызматтык милдетин жана тапшырылган иш үчүн жеке жоопкерчилигин терең түшүнүшүнө негизденет.

3. Финансы полициясы органдарынын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Антка берилгендик менен мамиле кылууга, Уставдын талаптарын жана начальниктердин буйруктарын так аткарууга, мыйзамды бекем сактоого;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү, жеке менчикти, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу кол салуулардан жана коомго каршы башка аракеттерден коргоо боюнча сак жана өз жанын аябай кызмат өтөөгө;

(*) Финансы полициясы органдарынын кызматкерлери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) органдарынын аттестацияланган курамы.

(**) Финансы полициясы органдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) бөлүмдөрүнүн бардык кызматкерлери.

- жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сыйлоого жана кылмыштуу кол салуулардан сактоого;

- патриот, кайраттуу жана чечкиндүү, адамкерчиликтүү, тартиптүү, негиздүү жана гумандуу, жөнөкөй жана сылык болууга;

- кызматына байланыштуу бардык кыйынчылыктарды жана айрылууларды чыдамкайлык менен көтөрүүгө, кызматтык милдетин аткарууда өз күчүн жана өмүрүн аянбоого;

- мамлекеттик жана кызматтык сырды сактоого;

- ишенип берилген куралды, мүлктү жана техниканы сактоого;

- чынчыл жана акыйкат, жоопкерчиликтүү жана ак ниет болууга, өзүнө жана башкаларга талап коё билүүгө, укуктарды бузууга жол бербөөгө жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбоого;

- квалификациясын ар дайым өркүндөтүүгө жана аң сезимин жогорулатып турууга;

- тартипти чыңдоодо жана уставдык тартипти камсыз кылууда начальниктерге көмөктөшүүгө, наамы жана кызматы боюнча улууларга урмат көрсөтүүгө, сылык болууга, белгиленген формадагы кийимди кийип жүрүү эрежесин сактоого;

- калыс сынды жана эскертүүлөрдү туура кабыл алууга, кетирилген кемчиликтерди өз учурунда моюнга алууга жана оңдоого;

- жолдошчулук милдетине бекем турууга, жамаатта жакшы моралдык-психологиялык кырдаалды жана өз ара ишеничтүү жана сый мамилени түзүүгө;

- кызматтан тышкаркы мезгилде өзүн татыктуу жана кадыр-барктуу алып жүрүүгө, коомдук тартипти жана коомдук моралдын жана этиканын нормаларын сактоодо үлгүлүү болууга, башкалардын тартип бузушун болтурбоого, коомдун жана жарандардын мыйзамдуу таламдарын каармандык менен коргоого;

- орой болбоого жана нормага жатпаган сөздөрдү айтпоого.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 245 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Финансы полициясы органдарында тартип төмөнкүлөр аркылуу жетишилет:

- финансы полициясы органдарынын кызматкерлерине жогорку жарандык позицияны, зарыл моралдык-эрктик жана ишкер сапаттарды, кызматтык милдетин аткарууга аң-сезимдүү мамилени тарбиялоо менен;

- дайыма күжүрмөн даярдыкта туруу жана капысынан чыккан маселелерди чечүүгө жөндөмдүүлүк аркылуу;

- баардык кызматкерлердин уставдык тартипти сактоосу менен;

- мыйзамды, уставдардын жана буйруктардын талаптарын кынтыксыз сактоону, жүктөлгөн функциялык милдеттерди аткарууга ар кимдин жеке жоопкерчилиги камсыз кылуу;

- начальниктин ага баш ийгендерге ар күндүк талап коюшу жана алардын аткарылышы контролдоосу, аларга дайыма камкордук көрүү, алардын адамдык кадыр-баркын урматтоо, ынандыруу жана мажбурлоо чараларын билгичтик менен айкалыштыруу жана туура колдонуу менен;

- кызматтык жана күжүрмөн даярдыкты так уюштуруу жана өздүк курамды аны менен толук камтууда.

5. Начальник өзүнө баш ийгендердин арасындагы кызматтык тартиптин абалы үчүн жоопкерчиликте болот. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоодо, Жобонун, анттын, уставдын, буйруктардын талаптарын кынтыксыз аткарууда дайыма аларга үлгү болууга, баш ийгендерде кызматтык милдетти, ар-намысты жана наабаттуулукту өнүктүрүүгө жана колдоого, татыктууларды жакшы демилгеси, кызмат боюнча аракети жана айырмаланганы үчүн сыйлоого, көңүлкоштук үчүн катаал болууга, өздүк курамдын арасындагы тартиптин жана моралдык-психологиялык жагдайдын абалын билүүгө, баш ийгендердин иштерин жетектөөгө, финансы полициясы органдарына жүктөлгөн функцияларды аткарууга, зыян келтириши мүмкүн болгон ар кандай иштерге дароо жана чечкиндүү бөгөт коюуга, өзүнө баш ийгендерди тарбиялоого, аларда өздүк кадыр-барк сезимин өнүктүрүүгө жана колдоого тийиш.

Инсанды урматтоо, кызматкерлердин социалдык жана укуктук жактан корголушуна кам көрүү - начальниктин маанилүү милдети.

Финансы полициясы органдарынын ар бир кызматкери анын укуктары, мыйзамдуу талаптары жана кызыкчылыктары корголоруна ишенимдүү болууга, начальниктин камкордугун сезүүгө тийиш.

Начальниктин тартипти кармоо боюнча иши берилген тартиптик айыптардын саны менен эмес, өзүнүн тартиптик бийлигин колдонуусу жана өзүнө түз баш ийген кызматкерлердин арасында кызматтык тартип бузууларга өз учурунда бөгөт коюлушу максатында өз милдеттерин аткаруусу жана тартиптин иш жүзүндөгү абалы менен бааланат.

Кызматтык тартипти бузгандардын бири дагы жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө тийиш эмес, бирок күнөөсүз бирөө дагы айып албашы керек.

Начальник өзүнө баш ийгендердин жеке сапаттарын изилдеп билүүгө, алардын арасында уставдык мамилелерди сактоого, жамаатты ынтымакташтырууга, баш ийгендердин кемчиликтеринин себептерин аныктоого жана алдын алууга, тартип бузуучуларга карата чыдамсыз мамиле жаралышына өзгөчө көңүл бурушу керек. Мында ал жамаатын коомдук таасир этүү күчүн бардык жагынан пайдаланууга милдеттүү.

6. Баш ийүүдөгү адамдар тартип бузганда начальник ага кызматтык милдеттерин эсине салып, мындай иштердин жол берилбестиги тууралуу эскертүүгө, ал эми зарыл учурларда жасалган чекилик иштин оордугуна жана күнөөнүн даражасына жараша айыптууга оозеки түрдө тартиптик айып берүүгө же ал чекилик тууралуу материалдарды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасынын кароосуна өткөрүп берүүгө тийиш.

7. Баш ийүүдөгү адам ачык түрдө моюн сунбай же каршылык көрсөткөн учурда начальник тартипти жана абалды калыбына келтирүү үчүн мыйзамдарда жана уставдарда белгиленген бардык мажбурлоо чараларын колдонууга милдеттүү.

8. Финансы полициясы органдарынын тартиптик айыпка дуушар болгон кызматкерлери эгерде алардын иш-аракетинде кылмыш курамынын белгилери болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотулбайт.

9. Оозеки алкыш түрүндө сыйлоо колдонуу же эскертүү жана сөгүш түрүндө тартиптик айып салуу учурларынан бөлөк, түздөн-түз начальниктин сунушу боюнча сыйлоо жана тартиптик айып чараларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы гана колдоно алат.

Түздөн-түз начальник болуп финансы полициясы органдарынын кызматкерлери кызматы боюнча убактылуу болсо да, баш ийишкен начальниги эсептелет.

Баш ийүүдөгү адамга жакыныраак начальник, анын түздөн-түз начальниги болуп саналат.

Кенже начальникке берилген тартиптик бийлик улук начальникке да дайыма таандык болот.

10. Финансы полициясы органдарында кызматы боюнча бири-бирине баш ийбеген кызматкерлери улук же кенже болушу мүмкүн. Улугу атайын наамдар менен аныкталат.

11. Финансы полициясы органдарынын кызмат боюнча бири-бирине баш ийбеген, кызматтык өз ара мамилелери начальник тарабынан аныкталбаган кызматкерлери чогуу кызмат өтөгөндө кызматы боюнча алардын улуусу, ал эми кызматтары тең болсо - наамы боюнча жогору турганы начальник болуп саналат жана ээлеген кызматы боюнча ага берилген тартиптик бийликтен пайдаланат.

12. Кызматты убактылуу ээлеп турганда, бул тууралуу буйрук менен жарыяланганда начальник убактылуу аткарчу кызматы боюнча тартиптик укуктардан пайдаланат.

13. Начальниктин буйругу кынтыксыз, так жана мөөнөтүндө аткарылууга тийиш.

2-глава. Финансы полициясы органдарынын кызматкерлерине карата колдонулуучу сыйлоолор

14. Сыйлоо кызматтык тартипти чыңдоонун жана тарбиялоонун маанилүү каражаты.

Ар бир начальник ага ушул Устав менен берилген укуктардын чектеринде кызматы боюнча жакшы демилгеси, аракети, айырмаланганы жана иштеги жакшы натыйжалары үчүн баш ийгендерди сыйлоого милдеттүү.

15. Финансы полициясы органдарынын кызматкерлерине карата төмөнкүдөй сыйлоолор колдонулат:

- алкыш жарыялоо;

- баалуу белек же акча менен сыйлоо;

- мурунку тартиптик жазасын алып салуу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) Грамотасы же Ардак грамотасы менен сыйлоо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төш белгиси менен сыйлоо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) ведомстволук медалы менен сыйлоо;

- мөөнөтүнөн мурда кезектеги атайын наам ыйгаруу же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир баскычка жогору кезектеги атайын наам ыйгаруу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ысымы жазылган ок атуучу жана миздүү курал жарак менен сыйлоо.

16. Кызматтык милдетин аткарууда эрдик, каармандык көрсөткөндүгү жана өтөгөн өзгөчө эмгеги үчүн финансы полициясы органдарынын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшү мүмкүн.

Сыйлоо чарасы катарында мурда берилген тартиптик айыпты мөөнөтүнөн мурда алып коюу да колдонулат. Кызматкердин бир жолкуда тартиптик бир гана жазасы алып салынышы мүмкүн. Берилген тартиптик жазаны сыйлоо катары мөөнөтүнөн мурда алып салуу менен катар бир эле мезгилде сыйлоонун башка түрлөрү колдонулбоого тийиш.

3-глава. Финансы полициясы органдарынын кызматкерлерине берилүүчү тартиптик жазалар

17. Финансы полициясы органдарынын кызматкери кызматтык тартипти бузгандыгы, башкача айтканда ага тапшырылган кызматтык милдеттерин аткарбаганы же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн ата төмөнкүдөй тартиптик жазалар берилет:

кенже, орто жана улук башкаруучу курамдагы адамдарга төмөнкүдөй тартиптик жазалар берилиши мүмкүн:

- эскертүү;

- сөгүш;

- катуу сөгүш;

- кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү;

- кызматынан төмөндөтүү;

- атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү;

- эмгек акысына кошумчаларды кармап калуу;

- ээлеген кызматынан бошотуу;

- финансы полициясы органдарынын ишинен кетирүү.

Финансы полициясы органдарынын төш белгиси жана башка сыйлыктары ыйгарылган финансы полициясы органдарынын кызматкерлери төш белгисинен жана башка сыйлыктарынан ажыратуу түрүндө тартиптик жазаланышы мүмкүн.

4-глава. Начальниктерди сыйлоо жана тартиптик айыптарды колдонуу боюнча укуктары

18. Начальниктер сыйлоо жана тартиптик айып чараларын аларга берилген укуктардын чектеринде оозеки түрүндө колдонушат. начальниктердин кызмат орундарынын жана алардын сыйлоо, тартиптик айып чараларын колдонуу боюнча укуктарынын тизмеси ушул Уставга тиркемеде аныкталган. Башка начальниктердин тартип боюнча укуктары тизмеде каралган начальниктин тартип боюнча укуктарына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы тарабынан белгиленет.

19. Эгерде начальниктин пикири боюнча финансы полициясы органдарынын кызматкерине анын укуктарынын чегинен тышкаркы сыйлоо чараларын колдонуу зарыл болсо, ал бул тууралуу өзүнүн жогору турган тике начальнигине өтүнүч кат берет, ал болсо сыйлоо тууралуу сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасына киргизет.

20. Эгерде начальник кол алдындагы кызматкер жасаган чекиликтин оордугуна байланыштуу тартиптик жаза берүү укугу жетишсиз деп санаса, ал күнөөлүүгө жаза берүү тууралуу өзүнөн жогору турган түздөн-түз начальнигине сунуш киргизет, ал болсо тартиптик жаза берүү тууралуу сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасына киргизет.

21. Өзүнө берилген тартиптик укуктан ашыкча пайдаланган же ушул Уставда каралбаган жазаны берген начальник ал үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми берилген жаза тикелей улук начальниги тарабынан алып салынат.

22. Эгер улук начальник кенже начальник тарабынан берилген жазалар жеңил болгондуктан кетирилген чекиликке ылайыксыз деп эсептесе аны жоюп, кыйла катуу жаза бере алат.

23. Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш, кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү, кызматынан төмөндөтүү, атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү, эмгек акысына кошумчаларды кармап калуу, ээлеген кызматынан бошотуу, финансы полициясы органдарынын иштен кетирүү түрүндөгү тартиптик жазалар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы тарабынан гана берилет.

5-глава. Өзгөчө учурларда тартиптик жаза колдонуу

24. Финансы полициясы органдарынын кызматкери темир жол, аба, суу же башка жолдордо баратканда, ошондой эле өргүүдө, иш сапарда же дарыланууда жүргөн учурда тартип бузганда, ал тартип бузуу жөнүндө белгилүү болгондо жергиликтүү финансы полициясы органынын начальниги тартип бузууну токтотууга чара көрөт жана болгон окуя жөнүндө ал адам иштеген жерге билдирет.

Тартип бузуу коомдук тартипти бузуу түрүндө болгон өзгөчө учурларда финансы полициясынын түзүмдүк органынын начальнигин күнөөлүүгө өз укуктарынын чегинде оозеки түрүндө тартиптик жаза колдоно алат жана ал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасына билдирет.

Финансы полициясы органдарынын кызматкери кызмат өтөгөн жерине келгенде ага берилген жаза жөнүндө тике начальнигине билдирүүгө тийиш. Берилген жаза жөнүндө билдирбеген адам ал үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

6-глава. Сыйлоо чараларын колдонуунун тартиби

25. Сыйлоо буйруктар менен жарыяланат. Алкыш буйрук менен да, оозеки да жарыяланышы мүмкүн.

Финансы полициясы органдарынын кызматкерине сыйлоо жөнүндө буйрук өзүнө, катардын алдында же чогулушта, ал эми кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жаза чарасы аларга баш ийген кызматкерлер жок учурда, өздүк ишине сөзсүз жазуу менен жарыяланат.

Сыйлоо чарасы финансы полициясы органдарынын айрым кызматкерине карата да, бөлүнүштөрдүн бүткүл өздүк курамына карата да колдонулушу мүмкүн.

Бир эле айырмалангандык үчүн кызматкерге бир гана сыйлоо чарасы жарыяланышы мүмкүн.

Сыйлоонун түрүн аныктоодо кызматкердин ээлеген кызмат орду боюнча өтөгөн кызматынын мүнөзү же артыкчылыгы, ошондой эле анын кызматка мурдагы мамилеси эске алынат.

26. Сыйлоо - ысмы жазылган курал менен сыйлоо кызматтык милдетин аткарууда эрдик, кайраттуулук жана аянбастык көрсөткөн, операциялык-кызматтык иште жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен өзгөчө айырмаланган офицерлерге жана мамлекетке жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансы полициясы органдарында өтөгөн өзгөчө кызматы үчүн ардактуу сыйлык болуп эсептелет.

Ысмы жазылган курал менен сыйлоо "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

Ысмы жазылган куралда тийиштүү жазуудан тышкары сыйланган адамдын атайын наамы, аты-жөнү көрсөтүлөт. Жазуу куралдын өзүнө же металл пластинкага жазылып, ал куралга, кынга же кобурага чапталат.

7-глава. Тартиптик жазаларды колдонуунун тартиби

27. Тартиптик жаза жасалган тартип бузууга жана күнөөсүнүн даражасына ылайык болууга тийиш. Жазанын түрүн жана ченемин аныктоодо: тартип бузуунун мүнөзү, тартип бузуу жасалган жагдай, тартип бузуучунун ал тартип бузууга карата катышы, айыптуунун мурдагы жүрүм-туруму, анын кызматка болгон мамилеси, кызматка болгон убактысы жана ченемдик актыларды жана кызмат өтөөнүн эрежелерин билүү деңгээли эске алынат. Бир эле тартип бузуу үчүн бир нече тартиптик жаза колдонууга же бир жазаны башкасы менен бириктирүүгө, күнөөлүүлөрдүн өздөрүн жазалоонун ордуна бөлүмдүн бүткүл өздүк курамына жаза колдонууга тыюу салынат.

Өзүнө берилген тартиптик бийликти ашыкча колдонгон адам, ал үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Кызматкер мурда берилген жазаны алына электе кайрадан тартип бузса же тартип бузуу кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жасалса начальник катуурак тартиптик жаза колдонот.

Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алардан мурда кызматтык териштирүү же текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш. Ал күнөөлүү адамдарды аныктоо жана тартип бузууга шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо максатында жүргүзүлөт.

Тартиптик жазаны жарыялаганда жаза колдонуунун себеби жана кызматтык тартипти бузуу эмнеде экендиги көрсөтүлөт.

Баш ийүүдөгү адамга кызматтык милдеттерин эскертүүдө же тартиптик жаза берүүдө начальникке баш ийүүдөгү адамдын адамдык баркын басынтышына же оройлук кылышына тыюу салынат.

Эгер тартип бузуу кызматкер ооруп жаткан, өргүүдө иш сапарда жүргөн учурда жасалбаса, тартиптик жаза кызматкер ооруп жаткан же өргүүдө же иш сапарда жүргөн учурда берилиши мүмкүн эмес.

Начальниктерге тартиптик жазаны аларга баш ийген кызматкерлердин көзүнчө жарыялоого тыюу салынат.

28. Бир нече адам тартип бузса, тартиптик жаза алардын ар бирине өз-өзүнчө берилет.

29. Кызматтык тартип бузууну коомдук уяткаруу максатында кызматкерлердин тартип бузуулары начальниктин чечими боюнча офицердик курамдын абийир сотунда жана кенже, орто башкаруучу курамдын абийир сотунда каралат.

30. Тартиптик жаза: эскертүү, сөгүш - оозеки же буйрук менен жарыяланышы мүмкүн. Калган айыптар буйрук менен жарыяланат. Буйрук менен берилген тартиптик айыптар буйрук менен гана же ушул Уставдын 40-пунктуна ылайык алынышы мүмкүн.

Берилген тартиптик жаза жөнүндө финансы полициясы органдарынын кызматкеринин өзүнө катарда же чогулушта, ал эми кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине 27-пунктка ылайык жарыяланат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)

31. Тартиптик жаза - кызматка толук ылайык эместиги жөнүндө эскертүү, кызматкер ээлеген штаттык кызмат орунда турган учурда жыл ичинде бир жолу колдонулат.

32. Кызмат ордун кичирейтүү, ээлеген кызматынан бошотуу же атайын наамын бир даражага төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза башка жаза чаралары күнөөлүүгө тийиштүү таасир этпеген учурда колдонулат.

33. Кызматкерлерди финансы полициясы органдарынан бошотуу тартиптик жазанын эң жогорку чарасы болуп эсептелет жана тартипти дайым бузгандык (кызматкер мурда берилген тартиптик жазаны алуу мөөнөтү бүтө электе тартип бузса) же финансы полициясы органдарында иштөө менен айкашпоочу тартип бузганы үчүн же белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечими боюнча колдонулушу мүмкүн.

34. Тартиптик жаза ошол тартип бузуу түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок ал аныкталган күндөн баштап 1 айдан кеч эмес, ал эми жазык иши жана/же жорук жөнүндө иш боюнча кызматтык териштирүү же текшерүү жүргүзүлгөн же сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн учурда - кызматтык териштирүү же текшерүү аяктаган же жазык иши жана/же жорук жөнүндө иш токтотулган күндөн тартып ошондой эле 1 айдан кечиктирбестен, күнөөлүүнүн ооруган, же өргүүдө же иш сапарында жүргөн учурун эсепке албастан берилүүгө тийиш. Абийир сотунун чечими боюнча тартиптик жаза чечим келип түшкөн учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.

Эгер тартип бузуу жасалган күндөн алты айдан ашык убакыт өтсө тартиптик жаза берилүүгө тийиш эмес.

Финансы полициясы органдарынын кызматкерине нөөмөт учурунда жасалган тартип бузуу үчүн тартиптик жаза нөөмөт тапшырылгандан же башка адамдар менен алмаштырылгандан кийин гана берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтому менен өзгөртүүлөр 34-пункттун расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.

35. Финансы полициясы органдарынын коллегиясынын жана ыкчам кеңешмесинин сыйлоо же тартиптик жаза берүү жөнүндө чечимдери буйруктар менен жарыяланат.

36. Кечиктирүүгө болбоочу өзгөчө учурларда финансы полициясы органдарынын тартип бузган кызматкерин ал кызмат боюнча баш ийген начальниги кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетиши мүмкүн.

37. Мас абалдагы күнөөлүүгө тартиптик жаза берүү, ошондой эле андан түшүнүк алуу ал соолукканга чейин кийинкиге калтырылат, мындай учурда финансы полициясы органдарынын кызматкери кызматтык териштирүү аяктаганга чейин кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилет.

Кызматкерде алкоголь же наркотик каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды колдонгондун белгилери аныкталган учурда жетекчилик андайды тийиштүү медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же актылар менен ырастоо боюнча чараларды көрөт.

38. Кызматкерге буйрук менен берилген тартиптик айып (эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш) эгер ал жаза берилгенден кийин бир жыл бою жаңы тартиптик жаза берилбесе алынды деп эсептелет, ал эми оозеки жаза бир ай өткөндөн кийин алынды деп эсептелет. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызматкер жаңы жаза албаса, анда ал тартиптик жазасы жок болуп саналат." жана андан ары текст боюнча.

Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш сыяктуу тартиптик жазасы бар кызматкерлерге сыйлоо чарасы катары жазаны мөөнөтүнөн мурда жоюу колдонулат, бирок эскертүү - 3 ай, сөгүш, катуу сөгүш - 6 ай, ал эми кызматка толук ылайыксыздыгы жөнүндө эскертүү 8 айдан кем эмес мөөнөттөн кийин алынат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)

39. Сыйлоо катары тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда жоюу ага тең же түздөн түз жогорку начальнигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасы тарабынан ишке ашырылат.

Улук начальниги берген тартиптик жазаны жоюу үчүн түздөн түз жогору турган начальникке тийиштүү өтүнүч менен кайрылат.

40. Оозеки берилгенден башка тартиптик жаза буйрук менен жоюлат, ал жөнүндө кызыкдар адамдын өзүнө, катарда турушканда же чогулушта айтылат.

Айыптын өзүнөн өзү жоюлушу берилген учурдан тартып 1 жылдан кийин ишке ашат.

41. Кызматынан төмөндөтүү түрүндө тартиптик жаза берилген кызматкерди сыйлоо, кызматтан жогорулатуу же кезектеги атайын наам ыйгаруу жөнүндө маселе ал жаза жоюлганга чейин каралбайт.

42. Атайын наамын бир баскычка төмөндөтүү түрүндө тартиптик жаза колдонулган учурда, эгер жазаланган кызматкер үлгүлүү иши жана кынтыксыз жүрүм-туруму менен оңолгонун далилдесе, мурдагы наамы андан төмөндөтүлгөндөн кийин бир жылдан кем эмес убакыттан кийин кайра калыбына келтирилиши мүмкүн.

43. Финансы полициясы органдарынын кызматкерлеринин мурдагы атайын наамдары ээлеген кызмат орундарына карабастан тартиптик жазасын жоюу менен бир учурда кайра калыбына келтирилет.

Мурдагы наамды кайра калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасынын буйругу менен ишке ашырылат.

44. Оозеки жарыялангандан башка бардык сыйлоолор жана тартиптик жазалар белгиленген тартипте эсепке алынууга тийиш.

8-глава. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүү тартиби

45. Финансы полициясы органдарынын ар бир кызматкери начальниктердин ага карата мыйзамсыз же адилетсиз иштери, кызмат боюнча белгиленген укуктары же артыкчылыктары бузулганы же тиешелүү үлүшкө канааттанбаганы жөнүндө жогору турган начальнигине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасына чейин билдирүү берүүгө укуктуу.

46. Финансы полициясы органдарынын кызматкери иште мыйзам бузулганын, кыянат пайдаланууларды, кемчиликтерди же финансы полициясы органдарынын ишине терс таасир этүүчү башка катачылыктарды көрсө ал жөнүндө инстанцияларга билдирүүгө же жогору турган начальнигине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) төрагасына чейин сунуш, билдирүү же даттануу берүүгө милдеттүү.

47. Сунуштарда, билдирүүлөрдө, даттанууларда коюлган маселелерди чечүүгө тиешеси жок начальник аларды үч күндөн кечиктирбестен тийиштүү жакка жиберет, ал жөнүндө арыз ээсине билдирет, эгер ал өзү келген болсо кайда барыш керектигин түшүндүрөт.

Арыздарды үстүнөн даттанылып жаткан начальниктердин кароосуна жиберүүгө тыюу салынат.

48. Кызматкерлердин даттануу берүүсүнө бөгөт коюуга жана ал үчүн жазалоого, куугунтуктоого же кызматта кысым көрсөтүүгө тыюу салынат.

Сунуш, билдирүү жана даттануу бергени үчүн баш ийген кызматкерге карата мыйзамсыз же адилетсиз иштерди жасаган начальник, эгер анын аракети кылмыштык жоопкерчиликке кириптер кылбаса, анда тартиптик жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

49. Билдирүүлөр жана даттануулар бир айга чейинки мөөнөттө, ал эми кошумча изилдөөнү жана текшерүүнү талап кылбагандары - дароо чечилет.

Билдирүүнү же даттанууну чечүү үчүн атайын текшерүү жүргүзүү, кошумча материалдарды алдыруу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда билдирүүлөрдү жана даттанууну чечүү мөөнөтү органдын начальниги же анын орун басары тарабынан өзгөчө тартипте бир айдан ашык эмес мөөнөткө узартылып, ал жөнүндө билдирүү же даттануу берген адамга маалымдалат.

Кошумча изилдөөнү талап кылгандан башка сунуштар бир айга чейинки мөөнөттө каралат.

50. Эгер коюлган бардык маселелер каралса, алар боюнча зарыл чаралар көрүлсө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жооп берилсе, сунуштар, билдирүүлөр жана даттануулар чечилди деп эсептелет.

Сунушта (билдирүүдө, даттанууда) баяндалган маселени канааттандыруудан баш тартылганы, аны берген кызматкерге жазуу жүзүндө же жеке кабыл алууда ченемдик актыларга шилтеме жасоо менен, баш тартуунун себептерин көрсөтүп, ошондой эле чыгарылган чечимге даттануунун жолун түшүндүрүү менен кабарланат.

51. Финансы полициясы органдарынын кызматкерлери атайылап жалган билдирүү же арыз бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы)
Тартиптик уставына
тиркеме

Финансы полициясы органдарынын начальниктеринин кызмат орундарынын жана алардын сыйлоо, тартиптик жаза берүү боюнча укуктарынын
ТИЗМЕСИ

N

Начальниктердин кызмат орундарынын аталыштары

Начальниктердин тартип укуктары

Сыйлоо көрсөтүү боюнча

Тартиптик жаза берүү боюнча

1

Төрага

Алкыш жарыялоо; баалуу белек же акча менен сыйлоо; баалуу белек менен сыйлоо; мурунку тартиптик айыпты алып салуу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) Грамотасы же Ардак грамотасы менен сыйлоо; төш белги менен сыйлоо; ведомстволук медаль менен сыйлоо; мөөнөтүнөн мурда же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир баскычка жогору кезектеги атайын наам ыйгаруу; ысымы жазылган миздүү курал менен сыйлоо

Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялоо; кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү; кызматынан төмөндөтүү; атайын наамын бир тепкичке эмгек акыга кошумчаларды кармап калуу; ээлеген кызматынан бошотуу; финансылык полиция органдарынан иштен бошотуу

2

Төраганын орун басарлары

Алкыш жарыялоо (оозеки), сыйлоого көрсөтүү жөнүндө сунуш киргизүү

Эскертүү, сөгүш жарыялоо (оозеки), тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизүү

3

Региондор аралык башкармалыгынын начальниги

Алкыш жарыялоо (оозеки), сыйлоого көрсөтүү жөнүндө сунуш киргизүү

Эскертүү сөгүш жарыялоо (оозеки), тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизүү

Эскертүү: төш белги менен сыйлоо, атайын наам ыйгаруу жана финансылык полиция органдарынын башка сыйлыктары түрүндө сыйлоо жана ушул белгилер менен наамдардан ажыратуу түрүндө тартиптик жаза берүү төш белги, башка сыйлыктар жөнүндө тиешелүү жоболордо жана ушул Тартиптик уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.