Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 28-марты № 213

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пунктундагы "жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнө" деген сөздөр "регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коомдук кабылдамалар жөнүндө жободо:

- 2-пунктундагы "жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмү" деген сөздөр "регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жарандардын кайрылуулары жана коомчулук менен байланышуу сектору" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 138 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын коомдук кабылдамалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 182 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов