Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\66a2460f-a58d-4ffe-bf54-1e8b5e501fe1\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ТОКТОМУ

2012-жылдын 25-сентябры № 643

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"2. Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери:";

- 3-пунктундагы "жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн" деген сөздөр ", алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкү мазмундагы 2-1 жана 2-2-пункттар менен толукталсын:

"2-1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөөрү жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашкандан кийин бекитилээри белгиленсин.

2-2. Бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу маалымат материалдарынын наркы иш жүзүндөгү сарптоолорго жараша белгиленет.".

- төмөнкү мазмундагы 6-1, 6-2, 6-3-пункттар менен толукталсын:

"6-1. Бул токтомду колдонуу төмөнкүлөргө таркатылбайт:

- мамлекеттик ишканаларга;

- өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, алардын белгиленген функцияларды түздөн-түз аткаруу боюнча түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнө.

6-2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө киргизүү критерийлерине шайкеш келбегендиктен Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кызмат көрсөтүүлөрү кирбей калган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери 2012-жылдын 31-декабрына чейин мурда түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерин бүтүрүшсүн.

6-3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чарбалык эсептин негизинде иштешкен жана акы алып кызматтарды көрсөтүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелерин республикалык бюджетте каржылоого которуунун максаттуулугу жана мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуш киргизсин.".

- жогору аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмесинде):

1-главада:

75, 76, 77, 78-пункттардын "Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" жана "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графаларындагы "КМ" аббревиатурасы "БИМ" аббревиатурасына алмаштырылсын";

116-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "белгиленген квотадан тышкары" деген сөздөр "квотадан тышкары" деген сөздөргө алмаштырылсын";

117-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "(окутуунун күндүзгү формасында)" деген сөздөр "(сырттан окуу формасында)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

глава төмөнкү мазмундагы 122-пункт менен толукталсын:

"

┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐

│122│Мамлекеттик эмес (штаттан       │   ӨКМ     │   ӨКМ    │Акы      │

│   │тышкаркы) авариялык-куткаруучу  │           │          │төлөмө   │

│   │түзүлүштөрдүн куткаруучуларын   │           │          │         │

│   │даярдоо, кайра даярдоо жана     │           │          │         │

│   │квалификацияларын жогорулатуу   │           │          │         │

└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘

";

2-главада:

1-пункттун "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "БИМ" аббревиатурасынан кийин ", ИИМ" аббревиатурасы менен толукталсын;

3-главада:

глава төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐

│4-1│Мамлекеттик программалардын,    │   ЖЭИМ    │   ЖЭИМ   │Акы      │

│   │өкмөттөр аралык жана башка      │           │          │төлөмө   │

│   │расмий макулдашуулардын         │           │          │         │

│   │алкагында жумуш издеген Кыргыз  │           │          │         │

│   │Республикасынын жарандарын чет  │           │          │         │

│   │өлкөдө ишке орношууга көмөк     │           │          │         │

│   │көрсөтүү                        │           │          │         │

└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘

5-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" жана "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графаларындагы "ИИМ" деген аббревиатура "ЖЭИМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;

25-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "жатак-үйлөрдө" деген сөздөр "социалдык стационардык мекемелерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

26-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "тобокел группасына тиешелүү болгон" деген сөздөр алып салынсын;

4-главада:

3 жана 5-пункттардын "Мамлекеттик тейлөөнү стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" жана "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графаларындагы "ТИМ" аббревиатурасы "ЖЭИМ" аббревиатурасына алмаштырылсын";

4-6-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

5-главада:

18-пункттун "Мамлекеттик тейлөөнүн аталышы" графасындагы "жана күбөлүктөрүн берүү" деген сөздөр алып салынсын, 18-пункттун "Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар" графасы "АЧжММ" аббревиатурасынан кийин "МКК менен бирдикте" деген сөздөр менен толукталсын;

19-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐

│19 │Карантиндик объекттерди         │   АЧжММ   │   АЧжММ  │Акысыз   │

│   │аныктоого айыл чарба жерлерин,  │           │          │         │

│   │көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн   │           │          │         │

│   │алынуучу продукциялар, үлгүлөрдү│           │          │         │

│   │алуу жана лабораториялык        │           │          │         │

│   │экспертизаларды жүргүзүү менен  │           │          │         │

│   │байланышкан ишканаларды жана ага│           │          │         │

│   │жанаша жайгашкан аймактарды     │           │          │         │

│   │пландуу изилдөө (энтомологиялык │           │          │         │

│   │экспертиза, гербологиялык       │           │          │         │

│   │экспертиза, фитопатологиялык    │           │          │         │

│   │экспертиза                      │           │          │         │

└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘

";

төмөнкү мазмундагы 19-1-пункт менен толукталсын:

┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐

│19-│Жеке жана юридикалык жактардын  │   АЧжММ   │   АЧжММ  │Акы      │

│1  │арыздары боюнча карантиндик     │           │          │төлөмө   │

│   │объекттерди аныктоого айыл чарба│           │          │         │

│   │жерлерин, көчөттөрдү, иши       │           │          │         │

│   │өсүмдүктөрдөн алынуучу          │           │          │         │

│   │продукциялар, үлгүлөрдү алуу    │           │          │         │

│   │жана лабораториялык             │           │          │         │

│   │экспертизаларды жүргүзүү менен  │           │          │         │

│   │байланышкан ишканаларды жана ага│           │          │         │

│   │жанаша жайгашкан аймактарды     │           │          │         │

│   │пландуу изилдөө (энтомологиялык │           │          │         │

│   │экспертиза, гербологиялык       │           │          │         │

│   │экспертиза, фитопатологиялык    │           │          │         │

│   │экспертиза                      │           │          │         │

└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘

";

25-пункттун "Мамлекеттик (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө көрсөтүүнүн шарттары" графасындагы "Акысыз" деген сөз "Акы төлөмө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкү мазмундагы 38-40-пункттар менен толукталсын:

┌───┬────────────────────────────────┬───────────┬──────────┬─────────┐

│38 │Жеке жана юридикалык жактардын  │   АЧжММ   │   АЧжММ  │Акы      │

│   │билдирүүсү боюнча ветеринардык  │           │          │төлөмө   │

│   │дары-дармек каражаттарынын      │           │          │         │

│   │натыйжалуулугуна жана           │           │          │         │

│   │коопсуздугуна экспертиза        │           │          │         │

│   │жүргүзүү                        │           │          │         │

├───┼────────────────────────────────┼───────────┼──────────┼─────────┤

│39 │Корутунду (сыноо протоколу)     │   АЧжММ   │   АЧжММ  │Акы      │

│   │берүү менен сатып алынуучу,     │           │          │төлөмө   │

│   │тапшырылуучу жана ташылып       │           │          │         │

│   │келинген эгиндин жана андан     │           │          │         │

│   │кайра иштетилген продуктулардын │           │          │         │

│   │сапатын лабораториялык аныктоо  │           │          │         │

├───┼────────────────────────────────┼───────────┼──────────┼─────────┤

│40 │Топография-геодезиялык, сүрөткө │   ГМРМА   │   ГМРМА  │Акы      │

│   │тартуу жана картографиялык иштер│           │          │төлөмө   │

│   │боюнча материалдарды берүү      │           │          │         │

└───┴────────────────────────────────┴───────────┴──────────┴─────────┘

";

6-главада:

2 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев