Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\834bf177-3ef6-42e0-94b1-7e7638aaa0b5\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 4-декабры № 812

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271, 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

аталышында жана 1-пунктунда түрдүү жөндөмөдөгү "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Банкрот иштери боюнча департамент жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталышында жана 1 жана 2-пункттарында түрдүү жөндөмөдөгү "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтомдун тиркемесинде:

аталышында жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономика министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9-пункттагы, 11-пункттун үчүнчү абзацындагы жана 12-пункттун биринчи абзацындагы "жана монополияга каршы саясат" деген сөздөр алып салынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев