Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 12-январы №12

Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87, 2013-жылдын 5-мартындагы № 110, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2015-жылдын 16-ноябры № 769, 2016-жылдын 4-июлундагы № 374, 2017-жылдын 14-июлундагы № 432, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2018-жылдын 5- апрелиндеги № 186 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык жана аткаруу бийлиги органдарын реформалоону жүргүзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана анын карамагында төмөнкүлөр иштей тургандыгы аныкталсын:

а) мамлекеттик агенттиктер:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;

- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-июлундагы № 374 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

- (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-июлундагы № 374 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик;

б) мамлекеттик кызматтар:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы);

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы;

в) фонддор:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;

г) инспекциялар:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87, 2013-жылдын 5-мартындагы № 110, 2014-жылдын 14-ноябры № 650, 2015-жылдын 16-ноябры № 769, 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 токтомдорунун редакциясына ылайык)

1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинде аткаруу бийлигинин башка органдары иштешет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында болоору жана анын контролунда иштей тургандыгы белгиленсин:

а) мамлекеттик органдар, мекемелер, уюмдар:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы;

- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту;

- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 110 токтомуна ылайык күчүн жоготту);

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги;

- “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси;

б) жалпыга маалымдоо каражаттары:

- "Кыргыз Туусу" басма үйү;

- "Слово Кыргызстана" басма үйү;

- "Эркин Тоо" гезити;

- "Жеткинчек" гезити;

- "Кырчын" журналынын редакциясы;

- "Байчечекей" журналынын редакциясы;

- Кыргыз Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы N 110, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 , 2018-жылдын 5- апрелиндеги № 186 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрге жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ө.Бабанов