Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Реквизиты Ссылающиеся документы
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\aa9f2318-d558-4f47-88ef-478c9b1d164f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 2012-жылдын 10-февралы № 87

Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу
уюштуруу чаралары жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 367, 2012-жылдын 12-июнундагы № 410,
2012-жылдын 25-декабрындагы № 851 , 2013-жылдын 23-сенятябрындагы № 520, 2014-жылдын 14-ноябры № 650
токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында иштөөчү мамлекеттик башкаруу органдарын аныктоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин укук улантуучусу болуп эсептелет, мында мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүп берилет;

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп эсептелет;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек жана Ош шаарлары боюнча аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери кызматка Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна макулдашуу боюнча дайындалат жана бошотулат.

3. Функциялар төмөнкүдөй өткөрүп берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга:

көзөмөлгө алынчу объекттерде техникалык регламенттердин жана башка нормативдик укуктук актылардын белгиленген талаптары аткарылышын көзөмөлдөө боюнча функциялар - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитариялык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен, саламаттык сактоо жана ичүүчү суу объекттерин көзөмөлдөө боюнча функциялардан башкалары (менчигинин формасына жана ведомстволук тиешесине карабастан);

өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтан;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча жоюлуп жаткан мамлекеттик агенттиктин этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукциянын сапатын жана коопсуздугун контролдоо боюнча функциялары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга:

өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функциялар - Кыргыз Республикасынын өзгөртүп түзүлгөн Жаратылыш ресурстар министрлигинин Өнөр жайлык коопсуздукту көзөмөлдөө жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынан, өнөр жайлык коопсуздук боюнча экспертизалоо жана өнөр жайлык коопсуздук боюнча долбоордук документтерди макулдашуу, иши опурталдуу өндүрүштүк процесстерге байланышкан кызматкерлерди окутуу, лицензияларды, уруксаттарды, жардыруучунун күбөлүктөрүн берүү жагындагы функциялардан башкалары;

архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функциялар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктен, куруу-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө уруксаттарды берүү боюнча функциялардан башкалары;

айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоону контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функциялар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен;

өрт жана радиациялык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функциялар - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктен жана Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттиктен;

санитардык-техникалык коопсуздукту контролдоо боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 367 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Тиешелүү функциялары менен өткөрүлүп берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын курамына:

Кыргыз Республикасынын өзгөртүп түзүлгөн Жаратылыш ресурстар министрлигинин Жерлердин пайдаланылышын жана корголушун мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы;

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция - 2012-жылдын 1-июлунан баштап;

Кыргыз Республикасынын өзгөртүп түзүлгөн Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин Мамлекеттик эмгек инспекциясы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин курамына - Кыргыз Республикасынын өзгөртүп түзүлгөн Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин Айылды суу менен камсыздоо департаменти;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин курамына - Кыргыз Республикасынын өзгөртүп түзүлгөн Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту;

- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 851 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын курамына - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаменти.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 367, 2012-жылдын 12-июнундагы № 410, 2012-жылдын 25-декабрындагы № 851,
 
2013-жылдын 23-сенятябрындагы № 520 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө монополияга каршы жөнгө салуу функциялары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 4 штаттык бирдиги эмгек акы төлөө фонду менен берилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябры № 650 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жоюлуп, функциялары төмөнкүлөргө өткөрүп берилсин:

- этил спиртин чыгарууну жана жүгүртүүнү лицензиялоо, алкоголдуу продукция чыгарууну жана жүгүртүүнү (өндүрүш же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензиялоо, этил спиртин жана алкоголдуу продукциянын импортун лицензиялоо, этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгаруунун жана жүгүртүүнүн көлөмүн декларациялоо, этил спиртинин жана алкоголдуу продукциянын импортун квоталоо, этил спиртин жана алкоголдуу продукциянын жасалышын жана жүгүртүлүшүн контролдоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына;

- этил спиртинин, алкоголдуу жана спирттүү продукциянын сапатын жана коопсуздугун контролдоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга;

- этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине.

6. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги эки апталык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

7. Министрликтердин жана ведомстволордун, облустардын мамлекеттик администрацияларынын алдындагы бардык капиталдык курулуш башкармалары (ККБлар) жоюлуп, мамлекеттик каражаттын эсебинен каржылануучу объекттерди куруу боюнча "Бирдиктүү заказчы" функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке берилсин.

8. Ушул токтомдун 1, 2, 3, 4, 5-пункттарында аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери эки апталык мөөнөттө төмөнкүлөрдү киргизишсин:

- жоболордун, башкаруу схемаларынын жана штаттык сандын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна;

- ченемдик укуктук актыларга ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды;

- өзгөртүп түзүлүүчү мамлекеттик органдардын активдерин жана пассивдерин белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү үчүн жумушчу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуштарды;

- ушул токтомдон келип чыгуучу бардыгын камтыган чараларды көрүшсүн.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

жетинчи абзацындагы "жер казынасы" деген сөздөр "геология" деген сөзгө алмаштырылсын;

онунчу абзацындагы ", иштеп жаткан жана жаңы ГЭСтер бөлүгүндө башкаруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине өткөрүп берүү менен," деген сөздөр алып салынсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун г) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;".

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.

12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов